Суперстан: Кыргыздардан кимдер чыккан? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыргыздардан кимдер чыккан?

#41 Пользователь офлайн   Таллас   03 Декабрь 2011 - 16:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Ордо кутумдарынын башында анын мурдагы саясий өнөктөшү Алымкул аталык турганын да кошо кетүү керек. Саясат, бийлик дегенде кечээги үзөнгүлөшүн сатып кетүү жадагалса, өмүрүн кыюу ошол кезде эле мода болгон турбайбы. А азыркылардын эч кандай күнөөсү жок )). Болгону алар тарыхты кайталаганы эле болбосо..

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   Таллас   03 Декабрь 2011 - 16:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения Azados (06 Апрель 2011 - 23:11) жазган:

Кыргыздардан кыргыздар чыккан. Айрым учурда киргиздер.



Просмотр сообщенияTakeshbek (02 Декабрь 2011 - 21:40) жазган:

Кыргыздан мен дагы чыккам!! !


Темага олутуу карасаңар!
Эгер кайсы бир инсанды жаза кетүү максатыңар жок болсо, анда теманы жөн гана булгай берүү өзүн-өзү сыйлаган форумчунун кылар иши эмес экенин белгилей кетейин.

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   Таллас   03 Декабрь 2011 - 16:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения alirun (22 Ноябрь 2007 - 16:04) жазган:

20-кылымдын искусство адамдарынан:
Бубусара Бейшеналиева, Калый Молдобасанов, Сабира Кумушалиева, Саякбай Каралаев, Сагынбай Орозбаков, Асанкалый Керимбаев, Ырысбай Абдыкадыров, Татыбубу Турсунбаева, Орозбек Кутманалиев, Советбек Жумадылов ж.б.
Коомдук ишмерлер: Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев, Медеткан Шеримкулов, Насирдин Исанов, Жумабек Ибраимов, Султан Ибраимов ж.б.

Уландысы бар...


Рахмат!
Бирок, жазып кеткен инсандар тууралуу бир-эки ооз сөз жаза кетсеңиз дагы жакшы болмок.

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   Таллас   03 Декабрь 2011 - 16:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения serche (06 Апрель 2011 - 18:32) жазган:

Салижан Жигитов!


Просмотр сообщенияamantur (06 Апрель 2011 - 21:08) жазган:

Тата Улан


Просмотр сообщенияProgrammer (06 Апрель 2011 - 21:50) жазган:

Сүймонкул Чокморов


Просмотр сообщенияNarynbek (07 Апрель 2011 - 00:33) жазган:

Байтик баатыр,Шабдан баатыр,Айтышарга теңи жок акын Жеңижок чыккан Кыргыздан.Сибирден жөө качып келген Токтогул акын бар.Жаңыл мырза,Зууракан кайназарова чыккан

Кана алардын өмүр таржымалы? Сүрөт
Көптөр буларды билгени менен, мисалы, Токтогулду атын укканы менен аны жазуучу деп жүргөндөр окуп калса, балким, билип алаар беле? Сүрөт

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   USSR   03 Декабрь 2011 - 16:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Таллас (03 Декабрь 2011 - 16:15) жазган:

Ордо кутумдарынын башында анын мурдагы саясий өнөктөшү Алымкул аталык турганын да кошо кетүү керек. Саясат, бийлик дегенде кечээги үзөнгүлөшүн сатып кетүү жадагалса, өмүрүн кыюу ошол кезде эле мода болгон турбайбы. А азыркылардын эч кандай күнөөсү жок )). Болгону алар тарыхты кайталаганы эле болбосо..


Албетте, Алымбек датканын өлүмүнө Алымкулдун түздөн-түз тиешеси бар. Алымбектен кийин аталык болуп Алымкул бийликке келиши муну далилдейт. Тарых кайра кайталанып, андан көп өтпөй, Ташкен дубалдарынын алдында Алымкул өзү киши колдуу болот эмеспи... Туура айтасың, бийлик канча адамдын башын жутту. Бирок, кээлери Алымбек даткадай болуп улуттун сыймыгына айланса, а кээ бирлери... өкүнүчтүү...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   Таллас   03 Декабрь 2011 - 17:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

USSR аке, бирок, бул экөөбүз талкууламыш болуп жаткан маалыматты мен бир гана Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" романындагы окуялардын сүрөттөлүшүнө таянып жазып жатам. Сиз тарыхый булактардан алып жаздыңызбы же сиздин деле таянган булагыңыз ошол элеби? Дегеним, адабия чыгармада сүрөттөлгөн окуя тарых чындыгына дайыма эле төп келе бербейт эмеспи. Ошону тактап койсоңуз жакшы болор эле.

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   USSR   04 Декабрь 2011 - 06:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Таллас (03 Декабрь 2011 - 17:36) жазган:

USSR аке, бирок, бул экөөбүз талкууламыш болуп жаткан маалыматты мен бир гана Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" романындагы окуялардын сүрөттөлүшүнө таянып жазып жатам. Сиз тарыхый булактардан алып жаздыңызбы же сиздин деле таянган булагыңыз ошол элеби? Дегеним, адабия чыгармада сүрөттөлгөн окуя тарых чындыгына дайыма эле төп келе бербейт эмеспи. Ошону тактап койсоңуз жакшы болор эле.


Тарыхчылар датка атабыздын өлүмү жөнүндө эки ача пикирде. Анткени, тарыхый булактарда эки башкача жазылып жүрөт. "Туркестанские ведомости" гезити " өлүм жазасына тартылып эл алдында дарга асылгандыгы тууралуу жазат. Акадамик Плоских жана Мокрынин да жогорку позицияны карманышат. Колпаковский болсо, киши колдуу болуп өлгөнүн кабарлайт.Чокан Валиханов "ордо оодарышында, 1863-жылы, атаандашы Алымкул тарабынан өлтүрүлгөн" деп тастыктайт. Ал эми датканын урпактарынын айтысуу боюнча, Алымкул аталыктын жашыруун буйругу менен Чотон деген неме өлтүргөн. Дал ушул версия ыраматылык Төлөгөн аксакал тарабынан колдонулса керек эле.
ШахМурадды такка көтөрүп, аталык даражага жетишкени Алымбектин саясий өнөктөштөрүнө жакпай калган. Анткени ошол учурда Алымкул тарапта жер жайнаган кыпчак уруулары болуп, саясий салмагы, таасири Алымбектен кем эмес болчу. Алымбектен кийин Алымкул аталык болгондугунан жана ошол кездеги ордодогу бийлик талашуу методдорунан улам, Алымкулдун жашыруун буйругу менен Алымбек өлтүрүлгөн дегенге толук негиз бар.
Ал эми көпчүлүк алдында (публично) дарга асылгандыгы тууралуу айтылган маалыматтарга мен анча ишеним арта бербейм. Мындай өлүм жазасы анжиян жана аркалык кыргыздарды түп көтөрмөк да, элет бүтүндөй биригип, датканын кегин кууй турган болсо... Муну түшүнгөн айлакер Алымкул ишти тымызын бүтүргөн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   Таллас   04 Декабрь 2011 - 07:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

А бали-и, рахмат!
Чынында пайдалуу маалымат экен. Муну мен билчү эмесмин.

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   USSR   04 Декабрь 2011 - 07:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Атаке баатыр Тынай бий уулу. Сарыбагыш уруусунун бийи, 1738-жылы туулган. 18-кылымдын башында Ысык-Көл, Чүй, Талас өрөөндөрүн жуңгарлар ээлеп, кыргыздар түштүккө жер которушкан. Тынай бий карамагындагы эли менен Анжияндын тегерегинде жашап калышат. Көп өтпөй жуңгар ханы өлүп, хандыктан ырк кете баштайт. Ушул учурдан пайдаланган Атаке баатыр жана башка кыргыз уруулары жунгарларды Талас, Чүй, Көл жеринен сүрүп чыгышат. 1785-жылы таяныч издеп орус императоруна элчи жөнөткөн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   USSR   04 Декабрь 2011 - 07:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Абдрахман Күчүк уулу.
1785-жылы жазында Абдрахман жана Шергазыны Атаке бий орустарга элчи жиберет. Ошол жылдын 23-августунда эки элчи Омск шаарына келишет. 1787-жыл, кыш айында бул экөө Екатерина II императрица тарабынан кабыл алынышат. Кайра кайтып келе жатып, 1789-жылы Петропавл шаарында Абдрахман Күчүк уулу каза болгон.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   Aydashka   04 Декабрь 2011 - 15:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Таттыбүбү

Таттыбүбү – элдик кыз, эл арасынан суурулуп чыккан таланттардын бири. Ошондуктан, эл дайыма эскерип, анын жомоктогу кыздардай болгон сулуулугу менен талантына дайыма таазим этишет жана сыймыктанышат. Элибиздин маңдайына бүткөн таланттуу артист Таттыбүбүнүн бу дүйнө менен кош айтышып арабыздан кеткенине бир топ мезгил өтүп кеткенине карабай, эл арасында али күнчө анын талантына таазим кылып, жомоктогу периштедей болгон сулуулугуна тамшана суктануу менен эскеришип, аны жүрөктөрүнүн тереңине сактап келишет. Таттыбүбүнү жүрөк сыздабай, адилетсиз тагдырга “аттиң” деп жан кейибей эстөөгө болбос...
Таттыбүбүнүн жарык дүйнөгө келген жери – Жумгал районунун Чаеккыштагы. Атасы Турсунбаев Мырсаалы Токтогулдун эң кенже окуучусу болгон. Ал өз алдынча күү чыгарган киши эле. Анын чыгармалары кыргыз радиосунун “Алтын фондуна” жазылып калган. Энеси Калыйбүбү колу иштүү чебер, адамгерчиликтүү, жөнөкөй, акылдуу аял эле. Анын жасаган оюм-чийимдерине, туш кийиздерине, шырдактарына Чаектеги элдин баары тамшанчу.
Таттыбүбүнүн эмгеги бааланбай, ага сыйлык берилбей калган күндө деле, анын аты сахнада жана кинодо жараткан образдары аркылуу элдин эсинде сакталып калды.
Таланттуу айым театр сахнасында: Ч. Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” спектаклинде Аселдин, М. Байжиевдин “Ар бир үйдө майрам”, “Байыркы жомок” спектаклдеринде Мадина менен Зулайканын, К. Маликовдун “Осмонкул” тарыхый драмасында Бүбүнүн, В. Шекспирдин “Ромео менен Жульеттасында” Жульеттанын, А. Токомбаевдин “Өлбөстүн үрөнүндө” Төрөкандын ролун эң жогорку деңгээлде аткарып элдин эсинде калса, экрандагы: “Ак Мөөрдөгү” Мөөрдүн, “Отко таазимдеги” Уркуянын, “Кызыл алмадагы” Бейтааныш сулуунун элесин берип, түбөлүк эл арасында жашай бермекчи. Эл дайыма өз кызын муундан-муунга өткөрүп эскерип,ысымын элдик тарыхта түбөлүккө калтырышмакчы.

Прикрепленное изображение: imgres.jpgjpg]Прикрепленное изображение: imgres.jpg
★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   USSR   08 Декабрь 2011 - 19:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Абдыкадыр Орозбек уулу.
1889-жылы Маргалаң уездинин Охна кыштагында (азыркы Баткендин Кадамжай району) туулган. Жумушчу-дыйкан кыймылынын мүчөсү, совет бийлигинин орноосуна активдүү катышкан. Граждандык согушта Кызыл Армия бөлүкчөсүнүн командири. 1919-23 жж. Чимион, Вуадиль, Мархамат ревкомдорунун төрагасы.1925- жылы обисполкомдун төрагасы,1927- 37 жж. Кыргыз АССРнин ЦИК төрагасы. Советтик Кыргызстандын эң туңгуч башкаруучусу. Жалган жалаа менен камалып, өлүм жазасына буюрулат. 1938-жылы катуу оорудан жапа чегип көз жумган. 1956-жылы гана күнөөсү акталган.(реабилитацияланган)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   USSR   09 Декабрь 2011 - 15:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Рахманкул-хан Жапаркул уулу.
Качан төрөлгөнү белгисиз, памир-алайды жердеген тейит уругунан. Советтик бийликке каршы чыгып, Атажуртун которууга аргасыз болгон. Жакын туугандары, кол алдындагы жоокерлери- башаягы 3000дей киши менен алгач Кытайдын Синьцзянъна көчөт. Кытайда коммунистер бийликке келгенден кийин Оогандын Памирине көчөт. Ооган падышасы Мухамед Закир шах менен жакындашып, кыргыздарды салыктан жана аскер кызматынан бошотууга жетишет. 1979-жылы Советтик аскерлер Ооганга басып киргенде, Пакистандын Килгит деген жерине кыргыздарды көчүрүп барат. Бирок ал аймактын ысык климаты тоолук кыргыздарга такыр туура келбейт эле. 1980-жылы Түркия мамлекети тарабынан Ван аймагына көчүрүлөт. 1990-жылы рак оорусунан улам каза болгон.
Кыргыздардын акыркы ханы. Тегине карап эмес, жеке инсандык сапаттарына карап, эл тарабынан шайланган жападан-жалгыз кыргыз ханы. Оогандын 4-даражадагы Кызыл Жылдыз орденинин ээси, аскерлери менен чекараны коргоп турганы үчүн, ооган падышасы тарабынан "Пасибани Памири" (Памирдин сакчысы) деген расмий титулга татыган. Рахманкул-хандын өмүр таржымалы, башкаруу системасы, ошо менен бирге эле памирлик кыргыздарды көптөгөн чет өлкөлүк илимпоздор изилдешкен. Бирок, хандын Атажурту болгон Кыргызстан тарыхчылары бул боюнча алгылыктуу иш алып бара алышпады.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   Aikala   27 Декабрь 2011 - 14:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 585
  • Катталган: 01 Январь 11
  • Соңку аракети: 24 Сен 2018 23:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кызыктуу да,кулкулуу да тема экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   Progressive   27 Декабрь 2011 - 17:33

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 47
  • Катталган: 28 Апрель 11
  • Соңку аракети: 10 Сен 2014 09:24
  • Жынысы:Белгисиз

Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева сыяктуу президенттер чыккан.
Кымбат сөз кыска айтылат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   aminali   03 Январь 2012 - 06:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 020
  • Катталган: 06 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2023 15:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Italia,Sardegnia.

Кегети айылынан Караев Жуманаалы деген чыккан азыр кызы келини жолун улап жатат.Сынган чыккан кол-буттарды даарылап,белгилүү табып болчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   dek   04 Январь 2012 - 12:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 111
  • Катталган: 31 Март 10
  • Соңку аракети: 01 Янв 2013 16:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:алтынсай

Тайлак Анантай баатырларды эмне эч ким жазган жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   USSR   04 Январь 2012 - 13:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Тайлак жана Атантай баатырлар Нарынды жердеген саяк уруусунан. 1820-жылы Жахангир баштаган кытай аскерлери Акталаага кол салып, жүзгө чамалаш адамды өлтүрүп, малды алдына салып айдап Кашгарга кайтышат. Артынан кууп жеткен Тайлак кытайлардын баарын кырып, баатыр наамга татып, элге тааныла баштайт. Тайлак баатыр 20 жылдай убакыт ичинде Кокон баскынчыларына каршы күрөш жүзгүзгөн. 1830-жылы кокондуктардын Куртка чебине кол салышат. Тилекке каршы, Тайлак мн Атантай колго түшөт. Көп өтпөй эркиндикке кое берилишет. Кегин ичине сактаган бир туугандар 30-жылдардын аягында Куртка чебин талкалашат. Кокондон келген тыңчынын колунан уу ичип, атактуу баатыр 42 жашында көз жумат. Сөөгү Куртка жана Нарын дарыяларынын кошулган жерине коюлган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   dioro   11 Январь 2012 - 20:00

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 107
  • Катталган: 26 Июнь 11
  • Соңку аракети: 13 Сен 2012 22:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Суперстан!

Чолпонбай Тулебердиев! 1922ж ,13 -апрелде Талас облатында,мурунку Чымгент азыркы баатырдын атынан коюлган Чолпонбай айылында туулган.1941ж 363-чу атуучу полк 160-чы атуучу дивизия 6-чы армия Воронеж фронту. кандай эрдик кылганын айтпасам деле билсенер керек.
анда мен алган сыйлыктарын ,жазып кетейин.

1.Советер Союзун Баатыры
2.Орден Ленина
Баатырдын эстеликтери :
Бишкек шаарын да
Селявн Воронеж областы
Киров Воронеж областы
Баатырдын атынан аталган :
1.кичи мекени Чымкент (азыркы Чолпонбай айылы)
2.Бишкек шаарындагы кочо
3.Селявное кыштагы Воронеж областын дагы мекетеп
4. Давыдовка кыштагы Воронеж облатын дагы мектеп
5. №2 мектеп Нововоронеж шаары Воронеж областы
6. Лиски шаарын дагы кочо

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: Чолпонбай тулебердиев..jpg

Билдирүүнү түзөткөн: dioro: 11 Январь 2012 - 20:04

  • Милдет! Намыс! Ата Мекен!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   dioro   11 Январь 2012 - 20:18

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 107
  • Катталган: 26 Июнь 11
  • Соңку аракети: 13 Сен 2012 22:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Суперстан!

Каныбек Осмоналиев. 1953ж,19-ноябрь Кемин районунда туулган.Кыргыз Совет ооратлети,Олимпиада оюнун женучуусу 1980ж Москвада откон оюнда.Дуйнонун торт жолку чемпиону,европанын 2 жолку чемпиону ооратлетика боюнча.
  • Милдет! Намыс! Ата Мекен!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Авг 2025 00:25

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: