Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#1321 09 Январь 2012 - 07:59
Жаныңа баргым келди...мөңгүлөр жай келгенде эрип, тамчыдан суу болуп куралып агып жөнөөр ээле...ошол мөңгүнүн суусуна окшоп сени көздөй аккым келди...
Кантип жүрөт экенсиң бөтөн эл бөтөн жерде...сагындым. ..бүтпөс болду го бул куса...бул сагыныч...
Мурдагы шаң толгон шайыр дүйнөңдү калыбына келтирүү керек...бир эле жылмайууңа бар дүйнөмдүн баарын берээр элем...билдирчи кабарыңды, кайсыл күнү асманымда Айым болуп жанаарыңды. ..сен - менин тилек гүлүмсүң...
#1322 09 Январь 2012 - 09:35
Билдирүүнү түзөткөн: Likvidator: 09 Январь 2012 - 09:37
#1323 09 Январь 2012 - 09:48
Сизге азырынча оозеки эскертүү!
Бул темада кимдир бирөөнүн билдирүүсүнө жооп жазууга, суроо берүүгө ж.б маанидеги билдирүүлөрдү таштоого тыюу салынат.
#1324 09 Январь 2012 - 10:06

#1325 09 Январь 2012 - 11:19
Бирок кээде жашоомдо бир нерсе жетишпегендей болуп, негедир куса болуп, менин жан дүйнөмдү, мени бүткүл бойдон тушүнуп, жүрөгүмдөгүнү айттырбай түшүнгөн адам жетишпегендей сезилет. Башкача айтканда мага стимул берип, мендеги ачылбай жаткан мүмкунүлуктөрдү ачууга, менин жашоомду шаңга бөлөгон бир нерсе, мүмкүн чыгармачыл адамдарга керек болгон "илхом" же "муза" жетишпей жаткандай. Бирок бул нерсеге менин жашоомдо орун барбы?
Мүмкүн бул зеригүүдөн келип чыккан ой деп ойлоп кетем. Колдогу алтындын баркы жок дегендей, биз жаныбызда жүргөндөрдү, азыркы жашообузду баалай албай, кийин аттиң деп бармак тиштеп өкүнүп калышыбыз толук ыктымал.
Билбейм....... ......
#1326 09 Январь 2012 - 12:58

Кимге толук ишенсем, алар менен гана дос болом...
Ким мени бааласа, аларга чексиз ыраазымын...
#1327 09 Январь 2012 - 14:00
Билдирүүнү түзөткөн: solnyshko: 09 Январь 2012 - 14:43
#1328 10 Январь 2012 - 04:19
#1329 10 Январь 2012 - 15:14

тушунбой калдым, оорлошуп баратат го негедир ... кандай чечим кылсам экен ...кайсы жолду тандасам экен ...
Эх, ушундай эле жок болуп кетким келип журот да... Жараткан мени унута корбо ... куч бер кандайдыр бир чечим чыгара ала тургандай кылып, мени чымыркантып, чыйралтып ,туз жолго тушуруп койчу сураныч....

Билдирүүнү түзөткөн: akusya: 10 Январь 2012 - 15:15
#1330 10 Январь 2012 - 15:32
Чындыгында баары тең андай эмес.
Акыркы күндөрү эч качан маанай жок жүрөм.
Айылга барып чоң апамды көрүп келгенде. Айыгып кетет деп канчалык үмүт койсок да. Тилекке каршы доктурлар алып барсак эч кандай жардам бере албайбыз деп айтканда өзүңдү жаман сезип калат экенсиң.
Чоң апам аябай арыктап, баса албай алганым көргөндө жүрөк сыдырылып, ооруп кетет.
Айтта турганга сөз да таппай да калат экенсиң.
Билдирүүнү түзөткөн: Programmer: 10 Январь 2012 - 15:33
#1331 10 Январь 2012 - 20:13
Uwunu unutpanyz........
MEN SIZDI SUIOM JANYM!!!
#1332 11 Январь 2012 - 02:09
#1333 11 Январь 2012 - 03:50
Азыр телефонуму тиктеп олтурам. Сага чалганга даабайм. Жон гана сага айткым келет: Жаным, мен сенин бактылуу болушунду гана каалайм. Мага бул дуйнодо андан ашкан бакыт жок. Мен сени суйом!!!
#1334 11 Январь 2012 - 09:30
#1335 11 Январь 2012 - 13:06
Эмне үчүн адам ой-кыялдан коркуш керек? Коркпош керек, ой-максат менен жашоо зарыл да, анан эмнеге мен корком? Ойлор, ойлор сансызсың, кыялдар кыялдар учкунсуң... Мен кыялдан коркпой, ойдон коркчу болдум. Жан дүйнөм билинбей кээде жашып коет, жанчып коет, жеп коет мени. 3 ай болду, эмне үчүн уйку жоктун жообун тапкандай болдум? Мемиреп уктап жатсам болбогон шыбыртка да ойгонуп кетем, анан уктай алсам эмне? Мен эски жылга баарын таштадым, эски жылда жан дүйнө буулукту, буюкту, болду, жетишет! Жанырган жылда мени менен кулак-мурдум, көзү-башым, баары эсептешиши керек! Мен мээге ишенип, жүрөктү тыңдайм, калганың жиниме тийбегиле. Уйку, ой, түш, силер мени коркута албайсыңар деп урушуп койдум. Көңүлүмдү, кабагымды күлкү сен ачасың, ошондуктан тишим, ууртум оорубагыла, уктуңарбы?! Жүзүмө не десем экен, сен жылмай, жарык бол, бирок терини кургатып, бырыш кылсаң өзүңө кыйын өрдөктүн майы менен болсо да былчылдатып шыбап салам. Ошо...
#1336 11 Январь 2012 - 16:07
#1337 11 Январь 2012 - 17:19
Билдирүүнү түзөткөн: BIA: 11 Январь 2012 - 17:21
#1338 11 Январь 2012 - 21:03
#1339 11 Январь 2012 - 21:55
#1340 12 Январь 2012 - 10:40
Бир байкем айткандай "америкалык врачтар айта берет"-деген созу чын болсо экен... Ата-энемдин, бир туугандарымдын, досторумдун жузун корбой чет жакта соогум калышын эч каалабайт элем... Тагдырдын тамашасы менен бул илдетти озум тиленип алдым окшойт... Бул дартымды уй-буломдон эч ким билбейт айткан эмесмин бироосуно дагы. Билбегени жакшЫ айткан кундо да тушуноор Адам бары? Менин куноолорум учун бул да аз!!!