Ыр сабында жашаган махабат.... Жашайт го эми жүрөктөрдү жаралап.
Ыр сабындагы жаңырыктар Сүйүү ырлары, жүрөк сырлары
#22 17 November 2011 - 19:05
Темир канат балапаным
Талбасын канаттарың
Каргыш тийгир канкорлорго
Капаланып таарынбагын
Каракчынын кылганына
Кейибе, моюн сунба
Кайрылбай ал тарапка
Келечекке кадам ташта
Жырткычтан алыс качкын
Жыгылба, чарчабагын
Жарыкты багыт алган
Жаңылбасын кадамдарың
Кага бер канаттарың
Кадамың чарчабасын....
Талбасын канаттарың
Каргыш тийгир канкорлорго
Капаланып таарынбагын
Каракчынын кылганына
Кейибе, моюн сунба
Кайрылбай ал тарапка
Келечекке кадам ташта
Жырткычтан алыс качкын
Жыгылба, чарчабагын
Жарыкты багыт алган
Жаңылбасын кадамдарың
Кага бер канаттарың
Кадамың чарчабасын....
#23 17 November 2011 - 23:06
Сен элең келечек кыялым
Сен элең жалынып сураарым
Эми мен кимге арнап ыр жазып
Кимге айтам сактаган сырларым
Сен элең обондуу ырларым
Сен элең түгөнбөс сырларым
Буулуктум, үн чыкпай көөдөндөн
Ааламга кантип мен сыйамын
Сен элең жүрөктөн сыйлаарым
Сен элең сезимим, жыргалым
Кантемин, мен эми кантемин
Өзүңдү башкага кыйбаймын
Сен элең, сен элең жарымым
Жашоомо нур чачкан жарыгым
Кеттиң го, кылчайып кайрылбай
Жалгызмын, мен эми жалгызмын
Сен элең тагдырдын белеги
Сен элең сүйүүмдүн кереги
Узаган бактылуу күндөрдү
Жараткан кайрадан береби....
Сен элең жалынып сураарым
Эми мен кимге арнап ыр жазып
Кимге айтам сактаган сырларым
Сен элең обондуу ырларым
Сен элең түгөнбөс сырларым
Буулуктум, үн чыкпай көөдөндөн
Ааламга кантип мен сыйамын
Сен элең жүрөктөн сыйлаарым
Сен элең сезимим, жыргалым
Кантемин, мен эми кантемин
Өзүңдү башкага кыйбаймын
Сен элең, сен элең жарымым
Жашоомо нур чачкан жарыгым
Кеттиң го, кылчайып кайрылбай
Жалгызмын, мен эми жалгызмын
Сен элең тагдырдын белеги
Сен элең сүйүүмдүн кереги
Узаган бактылуу күндөрдү
Жараткан кайрадан береби....
#25 19 November 2011 - 23:13
Ырлардын мааниси өтө терең бирок,өтө кайгылуу экен((((( Авторго кошулуп кайгырып кеттим... Келечекте жакшылыктарды гана каалаймын!
Жизнь-театр.
..
#26 20 November 2011 - 08:23
Неге, неге, неге??? Жашооо мындай??? :-((
Кыргызшаа сизге таазим. Соз айта албайм. Ырларынызды баарын бирдейинен окуп чыга албай койдум. Эртен дагы улантам окуп. Кучтуу болунуз, баары отот. Жашоо уланат )).
Кыргызшаа сизге таазим. Соз айта албайм. Ырларынызды баарын бирдейинен окуп чыга албай койдум. Эртен дагы улантам окуп. Кучтуу болунуз, баары отот. Жашоо уланат )).
Одиночество - это когда ты окружен замечательными людьми, которые любят тебя и понимают, но у каждого из них есть кто-то ближе, чем ты.
#27 21 November 2011 - 13:50
Алтыным агам
Асылым агам, ардагым
Ашыктык отун
Арзууңду неге айтпадың?!
Кечирчи мени
Кечирчи эми күчүгүм
Көз тийет деп
Көрсөтпөй каткам күнү-түн...
Жан биргем агам
Жалгызым агам, жарыгым
Жашырдың неге
Жүрөктө күйгөн жалының?!
Кечирчи мени
Кечирчи эми ак таңым
Кетет деп уурдап
Көңүлгө бекем каткамын...
Асылым агам, ардагым
Ашыктык отун
Арзууңду неге айтпадың?!
Кечирчи мени
Кечирчи эми күчүгүм
Көз тийет деп
Көрсөтпөй каткам күнү-түн...
Жан биргем агам
Жалгызым агам, жарыгым
Жашырдың неге
Жүрөктө күйгөн жалының?!
Кечирчи мени
Кечирчи эми ак таңым
Кетет деп уурдап
Көңүлгө бекем каткамын...
#28 21 November 2011 - 18:44
Кубанганда кошо күлүп
Жылуу мээрим чачкандар
Күн батканда жол көрсөтүп
Акыл-насаат айткандар
Эч жамандык
Көрбөгүлө жандай көргөн адамдар!
Кайгырганда тең бөлүшүп
Кошо азап тарткандар
Ай тутулуп турган кезде
Өчкөн шамды жаккандар
Бар болгула
Бай болгула жанга жакын адамдар!
Жаза басып жыгылганда
Колун сунуп баргандар
Жылдыз түшсө жылмайышып
Жакшы тилек айткандар
Жашай берсин
Жашай берсин жакшы көргөн адамдар!
Жылуу мээрим чачкандар
Күн батканда жол көрсөтүп
Акыл-насаат айткандар
Эч жамандык
Көрбөгүлө жандай көргөн адамдар!
Кайгырганда тең бөлүшүп
Кошо азап тарткандар
Ай тутулуп турган кезде
Өчкөн шамды жаккандар
Бар болгула
Бай болгула жанга жакын адамдар!
Жаза басып жыгылганда
Колун сунуп баргандар
Жылдыз түшсө жылмайышып
Жакшы тилек айткандар
Жашай берсин
Жашай берсин жакшы көргөн адамдар!
#29 23 November 2011 - 15:45
Күн бүркөлсө, албууттанып
Жээкке урган урган толкундай
Тынчыбаган тентек сезимдер
Негедир бүгүн токтоп турат жай
Жан-дүйнөмдө
Кечээ болгон бороон-чапкын
Ордун таштап соккон желге акырын...
Алыска көз чаптырам
Айланамды боз мунарык каптаган...
Тааный албай кыйналам
Алыста улам узап бара жаткан
Көп караандын арасынан...
Кыйкырсам үнүм чыкпай
Эмне болгон...капырай. ..
Кайра кайра умтуламын
Апасын ээрчиген жаш баладай...
Кайып болду...сиңип кетти мунарыкка
Талпындым... балапандай.. .
Аңгыча үн угулду кулагыма
“Ал сени сүйөт...сени гана!!!
Кыйнабагын. ..жайына ташта...
Өзүң деп соккон жүрөк
Кайрылып келет, бир күнү кайра...”
Токтодум...артынан ээрчибедим
Ишенип сүйүүсүнө, жүрөгүнө...
Кайрылып келет дедим...
Ордумда катып калдым
Кыймылсыз... тоңгон муздай...
Эч нерсе жок...эч ким дагы...
Баары кетти, учкан куштай...
...оор күрсүндүм...
Кулактан кетпейт табышмак үн
“Сабыр кыл...күткүн
Ал сени сүйөт, кайрылат бир күн...”
Жээкке урган урган толкундай
Тынчыбаган тентек сезимдер
Негедир бүгүн токтоп турат жай
Жан-дүйнөмдө
Кечээ болгон бороон-чапкын
Ордун таштап соккон желге акырын...
Алыска көз чаптырам
Айланамды боз мунарык каптаган...
Тааный албай кыйналам
Алыста улам узап бара жаткан
Көп караандын арасынан...
Кыйкырсам үнүм чыкпай
Эмне болгон...капырай. ..
Кайра кайра умтуламын
Апасын ээрчиген жаш баладай...
Кайып болду...сиңип кетти мунарыкка
Талпындым... балапандай.. .
Аңгыча үн угулду кулагыма
“Ал сени сүйөт...сени гана!!!
Кыйнабагын. ..жайына ташта...
Өзүң деп соккон жүрөк
Кайрылып келет, бир күнү кайра...”
Токтодум...артынан ээрчибедим
Ишенип сүйүүсүнө, жүрөгүнө...
Кайрылып келет дедим...
Ордумда катып калдым
Кыймылсыз... тоңгон муздай...
Эч нерсе жок...эч ким дагы...
Баары кетти, учкан куштай...
...оор күрсүндүм...
Кулактан кетпейт табышмак үн
“Сабыр кыл...күткүн
Ал сени сүйөт, кайрылат бир күн...”
#30 24 November 2011 - 17:41
Ак жарганда келеби деп таңда күтөм
Булбул болуп кеттиби деп бакта күтөм
Балык болуп сүзүп жүрсө дарыяда
Деңизге кетпесин деп сайда күтөм
А балким аккуу болуп кеткендир деп
Ар күнү жалгыз келип жээкте күтөм
Алтын казык жылдыз болуп көрүнөөр деп
Асылымды күүгүм талаш кечте күтөм
Түшүмдө көрөмбү деп түндө күтөм
Келээр деп балким бүгүн, күндө күтөм
Күтүү-үмүт, махабат да, күтүү-сүйүү
Күдөр үзбөй бассам турсам, күтүп жүрөм!
Булбул болуп кеттиби деп бакта күтөм
Балык болуп сүзүп жүрсө дарыяда
Деңизге кетпесин деп сайда күтөм
А балким аккуу болуп кеткендир деп
Ар күнү жалгыз келип жээкте күтөм
Алтын казык жылдыз болуп көрүнөөр деп
Асылымды күүгүм талаш кечте күтөм
Түшүмдө көрөмбү деп түндө күтөм
Келээр деп балким бүгүн, күндө күтөм
Күтүү-үмүт, махабат да, күтүү-сүйүү
Күдөр үзбөй бассам турсам, күтүп жүрөм!
#31 26 November 2011 - 16:52
Үлпүлдөп асма чырак араң күйөт
Үйдүн ичи көрүнбөй күүгүмдөнөт. ..
Үшүгөнсүп, кылдары чыйрыккандай
Үнү чыкпайт комуздун да, күңгүрөнөт. ..
Ача миздүү, шилтенгенин алып түшчү
Ай балтам да эскирип, дат баскандай...
Азанап, туйлап турчу аргымагым
Ач калгансыйт. ..негедир чарчагандай. ..
Кындан чыкпай суурусам, кыйнады го
Кылычымдын мизи мокоп, эскиргендей. ..
Кумайыгым ийне жутуп алган окшойт
Карап койот аялуу...жекиргендей. ..
Бутага таамай тийбей учкан жебе
Бүгүн жаанын мээлегичи кыйшайгандай. ..
Балбал ташка өзүн уруп алган окшойт
Бүркүтүмдүн тырмагы да чорт сынгандай...
Жандай көргөн жакын адам кетип калды
Жоготкондой маанисин, жашоо супсак...
Жапкылачы үстүмдү, үшүп жатам...
Жылуулук жок, баратат денем муздап...
Үйдүн ичи көрүнбөй күүгүмдөнөт. ..
Үшүгөнсүп, кылдары чыйрыккандай
Үнү чыкпайт комуздун да, күңгүрөнөт. ..
Ача миздүү, шилтенгенин алып түшчү
Ай балтам да эскирип, дат баскандай...
Азанап, туйлап турчу аргымагым
Ач калгансыйт. ..негедир чарчагандай. ..
Кындан чыкпай суурусам, кыйнады го
Кылычымдын мизи мокоп, эскиргендей. ..
Кумайыгым ийне жутуп алган окшойт
Карап койот аялуу...жекиргендей. ..
Бутага таамай тийбей учкан жебе
Бүгүн жаанын мээлегичи кыйшайгандай. ..
Балбал ташка өзүн уруп алган окшойт
Бүркүтүмдүн тырмагы да чорт сынгандай...
Жандай көргөн жакын адам кетип калды
Жоготкондой маанисин, жашоо супсак...
Жапкылачы үстүмдү, үшүп жатам...
Жылуулук жок, баратат денем муздап...
#32 28 December 2011 - 19:54
Кишинеп, тыбырчылап
Күлүктөй терим чачып
Күтүүгө чыдам жетпей
Күйүгөт, жүрөк кагып
Кыргыйды көргөндөгү
Коендой безип, качып
Кубанчымды бөлүшүүгө
Кудуңдап сага шашып
Коозунан тоо гүлүнүн
Колума кармап алып
Жаңылык айтуу үчүн
Жаныңа барганымда
Жарылчудай, сүйүнүчтөн
Жакшы кабар айтканымда
Мээримсиз карап койдуң
Мелтиреп, муздай катып
Маңдайга бир чапкандай
Муздадым, күлкүм качып
Мурдагы жылуулук жок
Муңайдым, өңдөн азып...
Күлүктөй терим чачып
Күтүүгө чыдам жетпей
Күйүгөт, жүрөк кагып
Кыргыйды көргөндөгү
Коендой безип, качып
Кубанчымды бөлүшүүгө
Кудуңдап сага шашып
Коозунан тоо гүлүнүн
Колума кармап алып
Жаңылык айтуу үчүн
Жаныңа барганымда
Жарылчудай, сүйүнүчтөн
Жакшы кабар айтканымда
Мээримсиз карап койдуң
Мелтиреп, муздай катып
Маңдайга бир чапкандай
Муздадым, күлкүм качып
Мурдагы жылуулук жок
Муңайдым, өңдөн азып...
#33 30 December 2011 - 00:19
Сен барда секелегим
Серпилип сезимдерим
Суутулган аргымактай
Секирип, бир ордумда тура албай
Сагынсам да, ойго батпай
Санаа жок, азап тартпай
Сары күз келсе дагы
Сезилип жашыл жаздай
Сен элең болгон дүйнөм
Сулуулугуң толгон Айдай
Суктанчум дидарыңа
Сугум артып, моокум канбай
Саманчынын жолундагы
Сүйкүмдүү топ жылдыздай
Себелеп жааган жаандай
Саамайыңдан назик сылай
Сүйүүнүн деңизинде
Сүзүп жүргөм сени жандай
Жашырынып кеткениңде
Жалооруп, жолун таппай
Жаңы үйрөткү жаш кунандай...
Жалтаңдап чочуп турам
Жазмыштын тарткылаган
Жетегине моюн сунбай...
Жар боорунда жарганаттай
Жарыкта көрө албай
Жүдөдүм таштак жолдо
Жылаңайлак чуркагандай
Жүрөмүн жылгаларда
Жоголгон изиң таппай...
Серпилип сезимдерим
Суутулган аргымактай
Секирип, бир ордумда тура албай
Сагынсам да, ойго батпай
Санаа жок, азап тартпай
Сары күз келсе дагы
Сезилип жашыл жаздай
Сен элең болгон дүйнөм
Сулуулугуң толгон Айдай
Суктанчум дидарыңа
Сугум артып, моокум канбай
Саманчынын жолундагы
Сүйкүмдүү топ жылдыздай
Себелеп жааган жаандай
Саамайыңдан назик сылай
Сүйүүнүн деңизинде
Сүзүп жүргөм сени жандай
Жашырынып кеткениңде
Жалооруп, жолун таппай
Жаңы үйрөткү жаш кунандай...
Жалтаңдап чочуп турам
Жазмыштын тарткылаган
Жетегине моюн сунбай...
Жар боорунда жарганаттай
Жарыкта көрө албай
Жүдөдүм таштак жолдо
Жылаңайлак чуркагандай
Жүрөмүн жылгаларда
Жоголгон изиң таппай...
#34 02 January 2012 - 18:22
Кароосуз калган тамдын
Тешилген чатырындай
Дүйнөмдө бүтүн жер жок
Чоң энемин ун элеген калбырындай. ..
Аз эле өткүн жааса
Чучукка өтүп кетет
Тып..тып...тамган тамчысындай
Кароосуз калган тамдын
Эскирген каалгасындай
Эшиги жан-дүйнөмдүн
Кыйчылдап, дат баскандай
Кыжырга тийип кетет
Күчөнүп тартсам дагы
Же ачылбай...же жабылбай...
Кароосуз калган тамдын
Терезеде сыныгындай
Жарака кеткен дүйнөм
Чачылган, тымтыракай
Чыдайын десем дагы
Жаралар чыркыратат. ..
Жанымды жай алдырбай...
Кароосуз там жанында
Ээси жок ач күчүктөй
Алыстан караан көрсөм
Куйругум шыйпаңдатам
Жаныма сен келчүдөй...
Көрүнчү, көрүн эми
Булуттун арасынан чыккан Күндөй!
Тешилген чатырындай
Дүйнөмдө бүтүн жер жок
Чоң энемин ун элеген калбырындай. ..
Аз эле өткүн жааса
Чучукка өтүп кетет
Тып..тып...тамган тамчысындай
Кароосуз калган тамдын
Эскирген каалгасындай
Эшиги жан-дүйнөмдүн
Кыйчылдап, дат баскандай
Кыжырга тийип кетет
Күчөнүп тартсам дагы
Же ачылбай...же жабылбай...
Кароосуз калган тамдын
Терезеде сыныгындай
Жарака кеткен дүйнөм
Чачылган, тымтыракай
Чыдайын десем дагы
Жаралар чыркыратат. ..
Жанымды жай алдырбай...
Кароосуз там жанында
Ээси жок ач күчүктөй
Алыстан караан көрсөм
Куйругум шыйпаңдатам
Жаныма сен келчүдөй...
Көрүнчү, көрүн эми
Булуттун арасынан чыккан Күндөй!
#35 03 January 2012 - 15:28
Күнсүң десем, көтөрүлдүң бийиктерге
Айсың десем, аяк баспай, асман жиреп
Аңдабадың... .Күнүңдүң да, Айыңдың да
Жер болбосо жарыгы кимге тиет...
Жылдыз десем, жымыңдадың көөдөн керип
Жаныңа жакындатпай, көктү өрлөп
Түшүнбөдүң. ..караңгы түн болбосо
Асмандагы жылдызыңды кимдер көрмөк...
Айсың десем, аяк баспай, асман жиреп
Аңдабадың... .Күнүңдүң да, Айыңдың да
Жер болбосо жарыгы кимге тиет...
Жылдыз десем, жымыңдадың көөдөн керип
Жаныңа жакындатпай, көктү өрлөп
Түшүнбөдүң. ..караңгы түн болбосо
Асмандагы жылдызыңды кимдер көрмөк...
#37 11 January 2012 - 22:15
Таңдар атат
Күн да батат
Жер эне да өз огунда жай айланат
Он беш күн көрүнбөгөн
Орок сымал ийилип Ай жаңырат
Жашыл жай сары күзгө ордун берип
Мезгилдер да токтоп калбайт
Бир күн тийсе, бирде кар жаайт
Терезе жанындагы теректерде
Чымчыктар да учуп-конуп күндө сайрайт
Эненин кучагында ымыркай да
Эмчек сурап кээде ыйлайт
Эмизип койгондон соң
Элжиреп ал да уктайт...
Баары өзгөрүп, баары алмашат...
Эч бир нерсе токтоп калбайт...
Бир гана мен...кара таштай
Бир ордумдан козголо албай
Айдоонун четиндеги каракчыдай
Турамын кыймылдабай. ..
Бир гана мен...
Бир ордумда турам токтоп
Тынымсыз өзгөрүлгөн
Ызы-чуу бул ааламда сени жоктоп....
Күн да батат
Жер эне да өз огунда жай айланат
Он беш күн көрүнбөгөн
Орок сымал ийилип Ай жаңырат
Жашыл жай сары күзгө ордун берип
Мезгилдер да токтоп калбайт
Бир күн тийсе, бирде кар жаайт
Терезе жанындагы теректерде
Чымчыктар да учуп-конуп күндө сайрайт
Эненин кучагында ымыркай да
Эмчек сурап кээде ыйлайт
Эмизип койгондон соң
Элжиреп ал да уктайт...
Баары өзгөрүп, баары алмашат...
Эч бир нерсе токтоп калбайт...
Бир гана мен...кара таштай
Бир ордумдан козголо албай
Айдоонун четиндеги каракчыдай
Турамын кыймылдабай. ..
Бир гана мен...
Бир ордумда турам токтоп
Тынымсыз өзгөрүлгөн
Ызы-чуу бул ааламда сени жоктоп....
#38 12 January 2012 - 23:08
Мөңгүнүн эриген тамчысындай
Сага гана тамгым келди...
Тамчылардан куралган тунук суудай
Сени карап аккым келди...
Сагындым абдан...сагындым сени...
Билдирип дайыныңды, кабар бер эми...
Сага гана тамгым келди...
Тамчылардан куралган тунук суудай
Сени карап аккым келди...
Сагындым абдан...сагындым сени...
Билдирип дайыныңды, кабар бер эми...
#39 13 January 2012 - 08:14
Кыш чилдеси...эшикте шамал улуп
Жол көргөзбөй кар учуруп...көздү камайт
Демейде караан көрсө үрүп чыкчу
Жаман күчүк куйругуна башын катат...
Кыштоодогу жепирейген чакан үйдө
Чоң энем да негедир жомок айтпайт...
Чыйрыккансып. ..улам улам үшкүрүнсө
Чыдабай, очокко отун таштап
Олтурам...көзүм албай, отту карап
Кыштын суугу...очокто от ойго тартат
Махабатым кыш чилдеде чыйрыкпасын. ..
Жүрөктүн очогуна от жагайын
Үмүтүм үшүбөсүн...суук өтпөсүн...
Күтүүнүн жуурканына жамынайын...
Жол көргөзбөй кар учуруп...көздү камайт
Демейде караан көрсө үрүп чыкчу
Жаман күчүк куйругуна башын катат...
Кыштоодогу жепирейген чакан үйдө
Чоң энем да негедир жомок айтпайт...
Чыйрыккансып. ..улам улам үшкүрүнсө
Чыдабай, очокко отун таштап
Олтурам...көзүм албай, отту карап
Кыштын суугу...очокто от ойго тартат
Махабатым кыш чилдеде чыйрыкпасын. ..
Жүрөктүн очогуна от жагайын
Үмүтүм үшүбөсүн...суук өтпөсүн...
Күтүүнүн жуурканына жамынайын...
#40 17 January 2012 - 10:39
Келем деген
"Бар дүйнөмдү сизге гана берем" деген
Дайыны жок...
Эмне учун келбеди экен...
Жанынызга барам деген
"Баары жогум жалгыз сизге арнайм" деген
Жоголду го...
Ал оюнан кайткан белем....
"Бар дүйнөмдү сизге гана берем" деген
Дайыны жок...
Эмне учун келбеди экен...
Жанынызга барам деген
"Баары жогум жалгыз сизге арнайм" деген
Жоголду го...
Ал оюнан кайткан белем....

Супер-Инфо
super.kg
видео












