Суперстан: Балачактын "орус жөө жүрүшү" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Балачактын "орус жөө жүрүшү" Аида Касымалиеванын блогунан алынды

#1 Пользователь офлайн   adalsvards   11 Январь 2012 - 15:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Аида эженин ушул ой-толгоосун жазганы аябай жаккандыктан, кыргызча которуп, биздин форумга да илип коюуну туура көрдүм. Оригиналында орус тилинде жазылган, англисчеси да бар.

Автор: Аида Касымалиева

Аталышы: "Балачактын "орус маршы"

Тарыхы: 29.11.2011

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: adalsvards: 11 Январь 2012 - 15:29

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   adalsvards   11 Январь 2012 - 15:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Орусиядагы орус эмес баланын жашоо тажрыйбасы.

24-июль, 2011-жыл. Домодедово.

Сүрөт

Бермет учуп келди. Учуп келди! Менин жанымда 17 килограммдык таза бакыт турат.

- Апа, эми биз экөөбүз оруспуз да ээ?

- Эмне үчүн?

- Биз деген Москвадабыз го,- деп ал аэроэкспрессте тактады.

- Жок.

- Анда эмне үчүн биз бул жерде жашайбыз, мында орустар көп экен, карасаң!

- Ооба, Бишкекке караганда көбүрөөк.

- Алар - Света эжеге окшош экен. Бул жерде баары Света эжедей.

- Бул маанилүү эмес. Биз бул жерде убактылуубуз, мен мында иштейм. Биз - кыргызбыз.

- А, мен түшүндүм. Орустар Бишкекке, а биз бул жакка келебиз. Алмашып жатабыз, бул ушундай оюн.

Акыркы ойду ал метродо биздин мигранттарда көргөн сайын кайталачу. Эми ал үчүн жаңы оюн пайда болду - жолду катар мекендештерди эсептөө - кээде жети станцияда 300гө чейин жетчү.


Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Arstan   11 Январь 2012 - 16:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 069
  • Катталган: 06 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 05 Фев 2024 03:56
  • Жынысы:Эркек

Сонун жазылыптыр чымырап кеттим,дагы барбы?
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   adalsvards   11 Январь 2012 - 16:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Бир жолу Балашихада

Бермет келгенге чейин мен Балашихага жумуштан кийин кечинде келип, эрте менен ал жерден Москвага жөнөчүмүн. "Щелковская" станциясына чейин автобуста 50 мүнөт, кийин дагы "Тверская" станциясына дейре 40 мүнөт. Эгерде жолдо тыгын болбосо, бир тарап бир жарым саатты алат.

Менимче, жаңы үйлөрдү жаш үй-бүлөлөр үчүн курушкан. Бул жерде баары окшош - кочкул сары. Кээде окшош кочкул сары үйлөрдөн окшош жаш балдарды ээрчиткен окшош энелер чыккандай сезилет.

Биз баштыктарды таштап, дароо эле сейилдөөгө чыктык. Менин элдин баарынын тилин тапкан Берметим Бишкектеги чоочун адамдардын жылмаюусуна көнүп калгандыктан, баардык энелер менен учураша баштады. Ага көп ирет жооп беришкен жок. Бир дагы жылмаюу көрбөдүк.

Биз ошол биринчи күнү Подмосковьеге өзүбүздү жоготуп койгондой, кайгылуу кайттык. Убакыттын өтүшү менен (бир аптанын ичинде) ал өзү ойногонго көнүп, чоочун адамдар менен учурашууну токтотту.

- Ой, байке банан жеп жатат, апа, мен дагы жейм.

- Ооба, жеп жатам, ишиң болбосун - деп ал киши Берметке ачууланып өттү.

"Твиттерде" ошол күнү: "Бул тууралуу жазгым келген эмес. Бирок Берметтин келиши менен көчөлөргө чыга баштадым. Биз - чоочунбуз, башкабыз. Бир дагы жылмаюу жок. Жаш балдар апаларынын жек көрүүсүн туурап жатышат".

Кийинки күнү Бермет башка бир кызга барып, астейдил тааныша баштады. Жооп иретинде дайымкыдай түшүнбөстүк жана унчукпай коюу болду. Көп өтпөй "Маша! Менин жаныма кел деп жатам!" деген ачуу айкырык угулду.

"Алар мени менен ойнобой жатышат, мен Бишкекке кетем, өзүмдүн досторума - Акэркеге, Мээримге, Айдайга, Артурга, Машага..."

Асман кулап түштү. Асманда учуп бара жаткан самолет дагы. Планета орбитасынан чыгып, чыйыры жок чексиздикке сүзүп кетти - балким, менин ошол учурдагы абалымды ушинтип гана баяндоого болмок.

Убакыттын өтүшү менен диалогдор даярдалып калгандай:

- Мени менен эч ким ойнобой жатат.

- Алар болгону сени менен тааныш эмес, Бем.

- Алар ачуулуу.

- Жакында бала бакчада баары ордуна түшөт. Көп курбу табасың!

- Эмне үчүн алар мени менен ойногусу келбейт? Мен жанына барсам, алар жооп беришпейт?

- ...

Тактап коеюн, Бермет орус тилинде мага караганда жакшыраак сүйлөшөт. Жана Бишкекте анын түрдүү улуттагы достору бар. .


Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   adalsvards   11 Январь 2012 - 16:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Короодогу гетто

Биз эркелетип коюлгандай аталыштуу райондо жашайбыз. "Солнышко" аялдамасы, "Поле Чудес" микрорайону, алар жүрөктөгү муздактыкты жылыткандай.

Экинчи күнү биз баардык короону кыдырып чыгып, үйдүн жанындагысына токтолдук. Биз Бема экөөбүз жалгыз. Айланадагы көз караштар бизди сүрүп чыгарып, "чоочун, чоочун, чоочун" деп өз ара шыбырашышат.

Скамейкага олтуруп, башкаларды карай баштадым.

Кавказдар үйүлүп чогуу чыгышат. Балдары орусча сүйлөшпөйт. Алар өзүнчө бир скамейкага отурушту. Орус апалар башкасында. Үчүнчүсүндө биз Бермет экөөбүз отурабыз.


Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   adalsvards   11 Январь 2012 - 16:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Ушул тажиктер

Кийинки күнү кемпирлер отурган скамейкада бош орун калыптыр. Анын бирөөсү ачуусу мени карап, тажиктердин канчалык "сасык" экенин, алардын "тарбиясыз" жүрүм-турумун, "түнү кыйкырышканын" , эрте менен балконго кантип "өзүнүн сасык жууркандарын" илишерин айтып баштады. Ал мени тажик деп ойлоптур.

Чынында үйлөрдө өзбектер көп - эмгек мигранттары, кара жумушчулар. Эми ошолордун орусча сүйлөбөгөн балдары аянтчалардан куулгандай жүрүшөт. Ал эми тажиктер болсо жок.

Бир жолу мен сантехникти чакырдым, анан телефон аркылуу даректи түшүндүрө баштаганда, ал "мында бир гана чуркалар жашайт" деп арызданды.

Кызыгы, 10 мүнөттөн кийин мен эшикти анын алдында ачканда, ал өзүн ыңгайсыз да сезип койгон жок.


Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   adalsvards   11 Январь 2012 - 16:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Кара Эмма

Бермет бала бакчадан биринчи күнү келип, кечинде менден сурап калды: "Апа, менде баары капкара: чачым дагы, көздөрүм дагы, терим дагы".

Мен бир мүнөткө токтоп калдым, бирок ашканадан ишенимдүү жооп узаттым: "Ооба, алтыным, биз экөөбүз кара сулууларбыз" . Мен бул фразаны кайдан таап алганын сүрүштүргөн да жокмун.

Бала бакчадагы эки айдын ичинде бир дагы курбу табылбады.

"Сен биз менен эмессиң, биз сени менен ойнобойбуз" ,- деген Бермет бир жолу ыйлап, минтип Вика менен Даша жекиргенин айтты.

Мен бир гана өзүмдүн балам үчүн жакшылык кааладым. Андыктан бул бала бакчадан кетерде торт да алып келе албадым. Анын ордуна мен директорго өзүмдүн арызымды айтууну чечтим. Сүйлөшүү күтүлгөндөй бир сааттык кыйкырууга айланды, ал мен Билим берүү министрлигине айтам деп коркутканга чейин баш ийгиси келбеди.

"Эгерде бир нерсе туура эмес болсо, кечирим сурайм",- деп ал араң ооз учунан айтып, Бермет менен коштошуп да койгон жок.

Ошол күнү биз үйгө келип, Нью-Йорктон сатып алган куурчак Эмманы колго алдым. Эмма - Берметтин бою менен тең, тармал чачтуу "афроамерикалык" .

Анан үчөөбүз "Поле Чудес" районунда сейилдедик. Бул биздин толеранттуулук үчүн жана ксенофобияга каршы үнсүз перформансыбыз болду.

Лифтте бизге жаш жубайлар кошулуп калды жана жек көрүү дайыма абаны оор кылып жиберет. Бала ыйлап жатты, ал эми семиз кожойке биздин Эмманы карап туруп, баласына: "Маймыл болбочу!" ,- деп бурк этти.

Билдирүүнү түзөткөн: adalsvards: 11 Январь 2012 - 16:39

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   adalsvards   11 Январь 2012 - 17:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Үйгө

4-ноябрда мен "Орус маршын" чагылдырдым. Берметтин курагындагы кызды ийнине отургузуп алышып: "Москва москвалыктар үчүн! Орусия орустар үчүн!" деп кыйкырып жатышты. Кыз дагы, башкалар дагы бет кап кийип алышкан. Кавказдарды жана башка "келгиндерди" жек көргөн демонстранттардын арасынан коляска менен жүргөн көп ата-энелерди көрдүм. Жана бул жерден кетүү керектигин жакшы түшүндүм.

Учуп кетердин алдында мен терезеден үйлөрдөгү чырактарды карап отурдум. Туштагы үйдө үч жарыгы күйүп турган терезе. Мен өзүмдү алсыз сезип, аба жетпегендей болуп кетти. Мен Берметтин бирөө тараптан байланган пикир менен өсүшүн каалабайм. Ал өзүн эмнедендир кем сезишин каалагым келбейт. Менин укмуштай акылдуу кызымда баары болушу керектей жакшы.

Мен эч нерсени түшүнбөйм. Биз Дубайда жашадык, ал жакта да бала бакчага барганбыз. Анда түрдүү түстөгү, түрдүү көздүү балдарды жакшы көрүшөт. Бул кадыресе. Ал жакта арабдар сенин балаңдын башынан сыйпап, ага карап жылуу жылмайышат. Анда кысталбай, аба жутса болот. Биз Бишкекте жашадык, мында да эч ким бөлүнбөйт жана эч ким бөлбөйт.

Мени бир гана Подмосковьеде УШУНДАЙ деп ишендиришет, ал эми Москвадагы адамдардын баары дурус дешет. Алар мени өтө көп ойлонгонумду жана гиперсезимталсың деп айтышты. Мен 5 чакырымдын ичинде, айрыкча Москвада адамдар ак көңүл боло калышат деп ойлобойм.

Буга себептер бар деп актанышат. Бул ачуулук эмес, жөн гана чарчоо деп ишендиришти. А мага баары бир. Азыр биз учуп кетип жатабыз. Эртеңкини эртең ойлоном. Москвадагы эки жарым айдан кийин Берметтин салмагы 17 эмес, 19 килограмм болуп калдым. Анын экөөсүнүн бири бул - сөзсүз түрдө капалык.

"Мен Москваны жаман көрөм, мындагы адамдар өтө ачуулуу", - деген Бермет Россия менен коштошту.

Аида КАСЫМАЛИЕВА.




Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   USSR   11 Январь 2012 - 17:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жакшы жазыптыр... Башынан эле сыйлайм Аиданы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Demon   11 Январь 2012 - 17:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 517
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 27 Янв 2014 05:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Анкара

билдирууну жактырдым, айрыкча кабарчынын озуно жараша, котормочунун да озуно жараша стили бар экендигин байкадым... айтайын дегеним Кыргыз айымдарынын калеми курч :applause:
Баркымды билгендердин эсиндемин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Таллас   11 Январь 2012 - 17:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения adalsvards (11 Январь 2012 - 17:17) жазган:

Үйгө
А мага баары бир. Азыр биз учуп кетип жатабыз. Эртеңкини эртең ойлоном. Москвадагы эки жарым айдан кийин Берметтин салмагы 17 эмес, 19 килограмм болуп калдым. Анын экөөсүнүн бири бул - сөзсүз түрдө капалык.


Сүрөт
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   adalsvards   11 Январь 2012 - 18:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Өкүнүчтүү. .. Мен бул блогду окугандан кийин көпкө дейре өзүмө келе албай жүрдүм. Эмнеге? Ооба, билем бул бир эле Бермет, бирок Орусияда миңдеген "Берметтер" бар. Өздөрүн экинчи сорттой көрүп чоңойгон жаш балдар...

Мен өмүрүмдө (транзит менен Шереметьево аэропортунда беш-алты саат отурганымды эске албаганда) Москванын көчөлөрүн аралап жүргөн эмесмин, бир да жолу орусиялыктар (орустар эмес!) мени антип теше карабаган. Мени шектенүү менен караган башка улуттун адамынан ачуу сөз укпаган жаным, Берметке окшогон миңдеген кыргыз жаш балдарга боорум ачыды.

Ксенофобия! Бир сөздөн жүрөк зыркырайт. Билем бул маселени заматта чечип коюу мүмкүн эмес. Чыдамдуу бололучу, сабырдуу бололучу...

Пы.Сы. Чыгына албай жүрүп, материалды бүгүн котордум. Анткени жергебиздеги акыркы учурда орун алган (Андарак, Жаңы-Жер) окуялары түйшөлттү.


Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   LoLoPePe   12 Январь 2012 - 03:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 875
  • Катталган: 13 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 19 Мар 2024 03:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:рес. Cyперстан\ г. LoLo\ ул. PePe\ кв. 2

uau bravo ech kachan bir nerseni mynchalyk berilip okugan emesmin... Okup atyp elestetip ozumchole bashka aalamda jurdum. Jakshy jazylyptyrСүрөт

Если на вопрос "Как дела?", человек отвечает "Нормально", значит вы не входите в сферу его доверия.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Bolo   12 Январь 2012 - 09:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 226
  • Катталган: 25 Май 10
  • Соңку аракети: 09 Мар 2017 13:33
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:г. Бишкек

Мунун баары убактылуу.
Кыргыздардай кең пейил калк дүйндө чанда болсо керек.
Мен К Ы Р Г Ы З М Ы Н !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Delicacy   13 Январь 2012 - 12:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 293
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 22 Мар 2016 21:54
  • Жынысы:Белгисиз

мммм керемет жазылыптыр.
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   dina   13 Январь 2012 - 12:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Окуп алып, өлкөбүздө чалчаңдап жүргөн океңдерди жээрип кеттим. Абдан аянычтуу...
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Strateg   13 Январь 2012 - 13:21

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 003
  • Катталган: 11 Июль 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2014 10:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Авторго да, котормочуга да баракелде!
```
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Leanor   11 Февраль 2012 - 01:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 332
  • Катталган: 21 Июль 11
  • Соңку аракети: 09 Авг 2021 18:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Планета Земля

Автор,азамат! Аида экообуз бир мектепте окуганбыз,бирок ушундай таланты бар экенин билбептирмин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   akusya   27 Август 2012 - 11:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 051
  • Катталган: 21 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 30 Мар 2016 20:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

Эххххххххх. ...............
"Мен да, мен да ...Бактылуу болгум келет..."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   kipchak   27 Август 2012 - 11:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 871
  • Катталган: 19 Январь 12
  • Соңку аракети: 08 Сен 2014 23:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жалал-Абад

Кейиштүү,өтө кейиштүү..... заман келет бизге да күн тийет.



"First think then speak."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 18:23

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: