Кош бойлууларга кеңеш Кыз-келиндерге кенеш
#101 09 Январь 2012 - 18:57
#102 09 Январь 2012 - 19:12
#103 09 Январь 2012 - 23:53

Балдардын ден-соолугуна кам көрүү жонундо жакшы маалыматтарды окуп калып, бул жакка жазууну туура кордум.
Эмдөө
Балдарды көк жөтөл, кептөөр, селейме (столбняк), баланын шал оорусу сыяктуу ооруларга каршы эмдөөдөн өткөзүүнү эстен чыгарбоо керек.
Толук сактануу үчүн көк жөтөл, кептөөр, селейме (столбняк), баланыншал оорусуна каршы эмдөөнү бир айда эки жолу (3 маал) алуу керек. Акыркы эмдөөдөн бир жыл өткөндөн кийин кайрадан эмдөө керек.
Балдарда көп кездешүүчү оорулар
Төмөндө сөз кылган оорулар балдарда айрыкча ымыркайларда абдан көп кездешет. Жалпысынан алганда бир жашка толо элек же болбосо кандайдыр бир себептер менен ден-соолугу начар болуп төрөлгөн балдар көбүнчө мындай оор дарттарды көтөрө албай чарчап калган учурлар көп кездешет. Андыктан кандайдыр бир оорунун белгилери пайда болоору менен бейтапканага кайрылганыңыз оң!
Ысытма
Эгерде баланын дене табы 39 градустан ашып кетсе тез эле туталакка же мээнин жабыркашына алып келиши мүмкүн. Ысытманы түшүрүү үчүн парацетамол таблеткасынын тиешелүү дозасын берип, кийимдерин чечип салуу менен бирге денесине мелүүн сууну чачып, суюктукту көбүрөөк берүү керек. Ошондой эле мелүүн бөлмөдө баланын жылаңач денесин чарчы менен желпип шамалдатуу жардам берет. Ысытма ар кандай инфекциянын белгиси болгондуктан тез жардамга кайрылып тийиштүү кеңештерди алууну эстен чыгарбаңыз!
Каны аздык (Анемия)
Баланын өңү кубарып, кабактары киртейет жана тишбүйлөөсү менен тырмактары бозорот. Топурак же бор сыяктуу нерселерди жегиси келип, шайы кетет. Каны аздыктын себеби, тамак-аштын курамында темирдин жетишпегендиги, өнөкөткө айланган ичеги оорулары жана мите курт, безгек болуп эсептелет.
Ымыркайлар менен бир жаштан өткөн балдарга темир кошулмасы бар таблеткаларды берүүнүн керекги жок. Тескерисинче суюк түрүндөгүсүн берген оң. Ошондой эле темирге бай эт, жумуртка сыяктуу азыктарды берүү жакшы жыйынтыктарды берет.
Кулак оорусу жана кулак инфекциясы
Турмушта кулагына кебез тыгылган балдарды көп эле кездештирүүгө болот. Анткени кулак оорусу жаш балдарда абдан көп кездешет. Кулак инфекциясы суук тийгенден же мурун бүтүп кыйналганда бир нече күн өткөндөн кийин башталат. Баланын эти ысып, биржагын тынбай тырмалай берет. Кээ бирде кулактан ириң агып, кусушу мүмкүн. Мындай белгилер пайда болору менен дароо кечктирбей ооруканага кайрылуу кеңештелет.
Дарылоо: Пеницилин же Ко-тримоксазол өңдүү антибиотиктер жардам берет.
3 жашка чейинки балдарга ампицилин берген жакшы. Ал эми ооруну басаңдатуу үчүн парацетамол же ибупрофен таблеткалары туура келет.
- Кулак каналында же көңдөйүндө инфекциянын бар экенин билүү үчүн кулакты акырындап чоюп көрүңүз. Эгер оорутса анда кулак каналында ириң бар экенин түшүндүрөт.
- Кулактагы ириңди тазалоо үчүн кебез колдонуу керек. Таякча же жалбырак сөңгөгү сыяктуу заттар менен тазалоо коркунучтуу.
- Кулагынан ириң аккан балдарды тез-тез жуундуруп турган туура. Ал эми айык кандан кийин эң аз 2 жума жуундурбаш керек.
"Кызыл жүгүрүк"
(ревматизм)
"Стрептоктук ангина" менен жабыркаган балада 1-3 жума өткөндөн кийин башталат. Бул дарт абдан коркунучтуу жана бала өмүрүнө чоң коркунуч туудурат. Ошондуктан кандай гана оору түрү болбосун ар дайым алдын алып жүргөн оң.
Белгилери: - Бала ысытмалап муундары ооруйт жана шишип, кызарып чыгат.
- Теринин астында дөмпөктөр же ийри кеткен кызыл сызыктар пайда болот.
- Оорунун өтө оор учурларында бала алсырайт, дем алуусу оордошот, жүрөгү да оорушу мүмкүн.
Даарылоо: Эгер бала кызыл жүгүрүк оорусуна чалдыкса тезинен кечиктирбей, дарылоонун кыргызча жолдорун колдонбой туруп бейтапканага барууңуз керек. Анткени бул оору бала денесинде өөрчүп, жүрөккө аябай чоң зыян келтирет.
- Аспириндин чоң дозасын берүү керек. 2-жашар балага 300 мг таблеткадан 2-3 төн 6 маал ичсе болот. Эгер таблетка дозасы күчтүү боуп кетсе оорулуунун кулактары шуулдай башташы мүмкүн. Мындай учурда аспирин дозасын бир аз азайтуу керек.
- Пенициллин да колдонсоңуз болот, бирок врачтын кеңешин алууну да унутпаңыз.
#104 10 Январь 2012 - 17:44
Башкошкондон кийин бойго болуп калуудан сактануучу каражаттарды колдонбой, ортоэсеп менен 2 жыл бою жыныстык мамиледе жашап, анан балалуу боло албаганжубайларды тукумсуз нике деп айтабыз.
Учурдагыстатистикалык маалыматтар боюнча ар бир жүз жуп жубайдын 20 пайызы балалуу боло албайкелишет.
Тукумсуздукэркекте көп кездешеби же аялдабы?
Тукумсуздуккаэркек да, аял да күнөөлүү болушу мүмкүн. Баласыз жубайлардын 25 пайызы эркектердин, 25пайызы аялдардын ден-соолугуна байланыштуу. Ал эми жубайлардын 50 пайызы экөөнүн теңден-соолугунан көз каранды.
Адамдакайсы себептерден улам тукумсуздук келип чыгат?
ВОЗдун (Бүткүл дүйнөлүксаламаттык сактоо уюму) классификациясы боюнча азыркы убакта тукумсуздуктунэркектерде 16, аялдарда 22 ар кандай себептери бар.
Эркектердинтукумсуз болушунун себеби эмнеде?
Эркектинжыныс мүчөсүнүн сезгениши, жынысмүчөсүнүн өсүп калыптануусунун бузулушу жана айрым бир башка орган системаларынынооруусу эркектин тукумсуз болуусуна алып келет.
Кайсыоорулар тукумсуздукка алып келет?
Тукумсуздуккаалып келген оорулар көп. Ошондой болсо да мунун баарын беш группа менен карасак болот:
Эркектинжыныс органынын сезгениши. (простатит, уретрит, орхит, эпидидимит ж.б.у.с.ооруулар)
Урук жүрүптуруучу түтүктөрдүн бүтүп, тосулуп калуусу.
Варикоцеле(жумуртканын кан айлануусунун бузулушу)
Гормондукжөнгө салуунун бузулушу.
Жыныстыккарым- катнаштык жактан жабыркоолор.
Эркектинжыныс мүчөсүнө эмнелер терс таасирин тийгизет?
Айлана-чөйрөнүн терстаасири:
-
тамак-ашменен келүүчү химиялык уу заттар -
күйүүчүмайлар менен дайыма тыгыз иштөө -
учуучухимиялык заттар менен дайыма иштөө (м: малярлар) -
темирширетүүчү жумушта көп убакыт бою иштөө -
дары-дармектикөп ичүү (м: антибиотик, нитрофуран ж.б.) -
Радиоактивдүүзаттар. Көп жолу алган рентген нурлары да терс таасирин тийгизет.
Жаман өнөкөткөайланып кеткен жоруктар: баңгичилик, аракечтик, тамеки тартуу. Бул заттаргабайланып калган ошол адамдын укум-тукуму (балдары же неберелери) тукум куучулуккасиетинин жоголушуна жана тубаса майып наристелердин төрөлүүсүнөсебепчи болот.
Токсико-инфекциялыкфакторлордун терс таасири: - жугуштуу оорулар: тепме, бруцеллез, кургак учук,тиф. - жыныстык мүчө аркылуу жугуучу оорулар: хламидий, гонорея,трихоманда ж.б. - организмдеги башка органдардын оорусу: гепатит.
Нерв-психикалыкфакторлор: ашкере кайгы-капа, өзүн-өзү басынтуу, коркуу. Мындай абалдар бир ганажыныстык мүчөгө гана эмес бүтүндөй организмге терс таасирин тийгизет.
Ичкисекреция бездеринин кызматынын бузулушу. Дарыгердин кеңешинетаянбай туруп ар түрдүү гармондук дарыларды өзалдынча көп колдонууорганизмдин гармондук дарыларга көз каранды болуп калуусуна жана тукумсуздукка алыпкелет.
Гипертерамия: жыныс органдарын өтө эле ысык, жылуу кармоо (ысык ваннада көпкө болууж.б.) урукка терс таасирин тийгизет. Эркектин уруктугунун температурасы дененин температурасынан 2-3 градуссельцияга төмөн болууга тийиш. Калтаны өтө ысык кармоо урук клеткаларынын өлүпкалышына алып келет.
Тукумкуучулук аркылуу өткөн тубаса генетикалык бузулуулар. Биз жогорудаайткан көп факторлор буга себепчи болот. (аракечтик, баңгичилик, радиация ж.б.)
Жыныстык мүчөлөрдүн ар түрдүүтравмилалы.
Уруктукаутоимундук бузулуулар: Айрым бир эркек балдардын жумурткасынын бирөөсү, жеэкөө тең калтасында жок болот. Анткени кээ бир жаш балдар төрөлгөндө бир,же эки жумурткасы түшпөй,чаткаяктагы каналынын ичинде калат. Бул абал «крипторхизм» деп аталат. Андыктанэркек бала төрөлөөрү менен бардык ата-энелер анын эки жумурткасын көрүшүкерек. Эгер жок болсо, тезинен уролог дарыгерге кайрылуу зарыл. Эгер убагындакайрылса, крипторхизмдитолук дарылоого болот.
Жыныстыкжактан кандай жабыркоолор тукумсуздукка себепчи болушу мүмкүн?
Жыныстыккарым- катнаштан жабыркаган жубайлардын тукумсуз болуп калышынын негизги себеби– бул импотенция. Импотенция – бул жыныстык жактан шал болуу.
Тукумсуздуктундагы бир башка себеби – эркектин уруктугу сыртка түшпөстөнтабарсыкка өтүп кетет. Мындай тукумсуздуктун түрү тескери жол (ретрограрный путь) деп айтылат.
Наристенинтубаса тукумсуз болуп төрөлүшүнө эмнелер себеп болот?
Медициналыккөз караш мененкараганда баланын тубаса тукумсуз болуп төрөлүшүнө ата-эне себепкер. Биз жогоруда айткандай6 баңгичилик, аракечтик, айлана-чөйрөдөгү уу заттар, радиоактивдүүзаттар уруктук бездерге терс таасирин тийгизип, наристенин тукумсуз төрөлүүсүнө алыпкелет.
Ар бирата-эне келечекте баласынын ден-соолугу чың, акыл-эстүү, ыймандуу болуусун самайт. Ошондуктан түйүлдүкпайда болгондон баштап эне да, ата да өтө кылдат кам көрүшүзарыл. Химиялык ар түрдүү уулуу заттар, тамеки тартуу, аракечтик, айлана-чөйрөнүн терс көрүнүштөрү да түйүлдүккө терстаасирин бербей койбойт. Түйүлдүк пайда болгондон баштап, эненин ролу эбегейсизчоң.
#105 12 Январь 2012 - 03:37

Жаңы төрөлгөн наристенин башкы милдети – курчап турган жаңы чөйрөнүн шарттарына көнүү болуп эсептелет. Көп өтпөй балага суу ичириш керекпи же жокпу деген качантан бери келе жаткан маселеге сиз дагы туш келесиз. Кээ бир дарыгерлер эненин сүтү жетишерлик сууга ээ, ичирүүнүн кереги жок дешсе, экинчилери сөзсүз суу берип туруу керек деп айтышат. Эгерде сиз суу ичирип жаткан болсоңуз, шире же кыям кошуп таттуу кылбай эле коюңуз. Жай мезгилинде баланы сейилдөөгө кыркы чыккандан кийин эле алып чыкса болот. Сейилдөөнүн узактыгы 10-15 мүнөттөн ашпайт. Суук күндөрү 5-10 мүнөт жетиштүү болот. Күн сайын балага аба ваннасын жасап турсаңыз жакшы жыйынтык берет. Мисалы, кийимдерин алмаштырып жатканда бир азга жылаңач жаткызып коюңуз. Бул чөйрөнүн климатына, өзгөчөлүктөрүнө көнүүгө көмөк болот.
Жаңы төрөлгөн наристе көп учурда эмбрион сымал, бүрүшкөн абалда жатат, колу-буту жыйылган, манжалары муштумуна түйүлүп турат. Эгерде көмкөрөсүнөн жаткырсак, башын бир азга көтөрүп турат. Ушул куракта баланын “соруу” (эмчек эмет), “кармоо” (сөөмөйүңүзду сунсаңыз шарт кармайт) сыяктуу аракеттери активдүү болот. Ал эми көрүү жана угуу сезимдери анча өнүгө элек. Наристенин көзү тумандап, көз карашын токтото албайт. Экинчи айдын башталышы менен тааныш үндөрдү ажыратып, жүздөрдү таанып калат. Жашоосунун 10-12-күнүнөн тартып эле баланы көмкөрөсүнөн жаткыра баштаңыз. Эмизүүнүн алдында же тамактангандан 15-20-мүнөт өткөндөн кийин күнүнө бир нече жолу кайталап туруу абзел. Бул процедураны наристелер жактырышпайт, ошондуктан алгач 2-3-мүнөттөн баштап, кийинчерээк 20 мүнөткө чейин жеткирсеңиз болот. Бул биринчи кезекте моюн жана курсак булчуңдарынын калыптануусуна жана ичиндеги желдердин тарашына көмөктөшөт.
Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 12 Январь 2012 - 03:41
#106 12 Январь 2012 - 03:46

Жаш ата-энелерге:
Төрөтканадан келгенден кийин киндиктин бүтүшүнө өзгөчө көңүл буруңуз. Күнүнө эки ирет кебез тампону, перекис менен тазалаш керек. Андан соң бриллиант жашылын сүйкөйсүз. Көбүнчө бир аптадан кийин эле киндик кургап, баланы жуунтууга мүмкүн болуп калат. Ал эми киндик жарааты сууланышып турса, киринтпей коё турганыңыз оң. Эгерде нормага ылайык бүтүп жаткан болсо, баланы күн сайын уктаар алдында бир убакытта жуунтурууну адатка айлантыңыз. Баланын териси өтө назик болгондуктан, кайнаган сууну (!) жылым-ылык кылып (30-35 градустун тегерегинде), ага атайын дары чөптөрдүн кайнатмасын кошуп (Аз өлчөмдө гана! Дарыгериңизден кеңеш алыңыз!) жана атайын кичинекей чүрпөлөргө арналган самын менен жуунтуруңуз. (Жонсонс Бейбинин жаңы төрөлгөн балдарга арналган сериялары сапаттуу келет). Киринтип бүткөндөн кийин чүрпөңүздү жумшак сүлгүгө ороп, андан соң атайын сүйкөөчү май менен денесине назик массаж жасап, кийимдерин кийгизиңиз. Бала жаткан бөлмөнүн, кийимдердин, жалаяктарынын таза болушуна өзгөчө көңүл буруңуз!
Алгачкы айларда керемет көп убакытты уктап өткөзгөндүктөн, ортодо ойгонгон учурда көңүлүн көтөрүү маанилүү. Кадимки физиологиялык талаптарын канаатандыргандан тышкары балага мээрим жана жылуулук берүү да өзгөчө маанилүү. Ал үчүн бала менен сүйлөшүп, ага кайрылганда атын айтып кайрылыңыз. Уктаарда сөзсүз бешик ырын ырдаганды унутпаңыз. Ушул учурда бала үчүн сиздин сөздөрүңүз эмес, интонацияңыз маанилүү. Ага болгон сүйүуңүздү билдирип туруңуз, анткени наристелер өтө сезимтал болушат. Ушул себептен дагы бала жаткан үйдө урушуп-талашууга, жогорку тондо сүйлөшүүгө тыюу салынат.
Алгачкы айларда дээрлик бардык балдардын ичи ооруп, апаларын кыйнашат. Мунун себеби, баланын ички органдары жай иштегендиктен, тамак-аш ичегилерден жай темпте өтөт. Баланын оорусун женилдетиш үчүн курсакты сааттын жебесинин айлануусунда укалоо керек. Эгерде баланын ыйлаганы токтобосо, жалаякты төрт бүктөп, үтүк менен басып ысытып, ичине жапса болот. Башкысы өтө ысытпаңыз (!), анткени кереметтин териси өтө назик болгондуктан, күйүп калышы дагы мүмкүн.
Көпчүлүк ата-энелер балдардын көп кускандыгын айтып бейтапканага кайрылышат. Тилекке каршы, баланын кусканы нормалдуу көрүнүш, ошол эле учурда патология да болушу мүмкүн. Алгачкы айларда наристенин кусканына эмне себепкер экендигин аныктоо кыйынырак. Бул көп эмип алганда же туура эмес эмизгендин, ошондой эле ичегилердин жакшы жетилбегендигинен да болот. Жетилүүсү бир калыпта болуп, алгачкы үч айда куса турган болсо өтө деле коркунучтуу эмес.
Эмип жатканда наристеңиздин аба жутуп алуусунан этияттаныңыз. Анкени кусканы ого бетер күчөшү мүмкүн. Эсиңизде болсун: 3 айдан соң баланын кусканы токтошу керек! Үч айдан жогорулаганда деле тез-тез куса берсе, дарыгерге кайрылуу зарыл.
Баланын дени сак өсүшү үчүн тазалык жана таза аба эн керектүү шарт болуп эсептелет. Бөлмөнү кез-кез желдетип туруңуз. Балага ылайыкталган бөлмөдө аба, жарык жетиштүү болуп, керектүү гана эмеректер коюлущу зарыл. Баланы коюнга алып жаткандан дагы, өзүнчө керебетте жатышы сизге дагы, чүрпөгө дагы ыңгайлуу.
Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 12 Январь 2012 - 03:56
#107 13 Январь 2012 - 14:05
#108 16 Январь 2012 - 15:54
#109 16 Январь 2012 - 22:18

Дени сак бала төрөлүш үчүн, анын ата-энесинин ден-соолугу чың болуш керек. Дегеле, эмчек жашындагы балдарга өзгөчө көңүл бөлүү керек, себеби, алардын иммундук системасы чала өнүккөн учур болот. Айрыкча сасык тумоо эпидемиясы башталганда бала менен башка кишилердин байланышын азайтуу керек (бул конокко барбоо же чакырбоо, коомдук жайда обочолонуу). Физиологиялык өсүүсүн кылдат көзөмөлдөө абдан зарыл. Албетте, салмагы, бою, баш ченеми, көкүрөк ченеми жана заңын, заарасын күнүгө байкоо абзел. Кичинекей өзгөрүү болсо тезинен текшерүү зарыл. Ал эми эмдөө ымыркайды жугуштуу оорулардан сактайт. Эмделген бала ооруп калса, ооруну жеңил көтөрөт жана тез сакаят. Мүмкүн болушунча аба ырайынын шартына жараша сейилдөө керек, ошондой эле гигиена эрежелерин так аткарыңыз.
#110 16 Январь 2012 - 23:12

Наристенин салмагын аныктоо таблицасы:

Боюнун өсүүсүн чейрек менен эсептейбиз.

Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 16 Январь 2012 - 23:34
#111 18 Январь 2012 - 00:36
#112 26 Январь 2012 - 18:50
Aydashka (20 Октябрь 2011 - 23:00) жазган:
Ашкабактын чийки уругун (куурулбаганын) кабыгынан ажыратып, идишке салып, абдан майдалап алыңыз. Алынган масса канча болсо, ошончо суу кошуңуз. Сүттөй суюктук келип чыгат. Эми суюктуктун жарымынан келе тургандай өлчөмдө бал кошуп аралаштырың ыз. Масканы күнүгө 30 мүнөттө н коюу керек. Акыры бет агарып чыга келет.
Петрушканын 100 грамм уругун 0,5 литр аракка салып, 2 аптага караңгы жерге тыныктырып алуу кажет. Анан даяр тундурманы беттеги тактарга сүйкөө керек. Жаңы петрушканын өзүн да жеп, тамырын чайноо да пайдалуу.
Рахмат Айдашка еже .Мен кош бойлуу кезимде бетиме так тушо баштаган,азыр балам бир жарым жашар азыр деле кете елек ,сиздин кенешинизди окудум Куда кааласа жасаймынКудайым шыпаасын берип тагым кетсе сулууеле келин болсом керек деп ойлойм.
#113 28 Январь 2012 - 12:15
egemberdievagulbara (26 Январь 2012 - 18:50) жазган:
Сизге да рахмат,egemberdievagulbara !Эгер жазылган кенештер сиздерге пайдасын тийгизсе,мен кубанычтамын.
#115 30 Январь 2012 - 23:59
Айыз учурундагы оору
Ар бир айым айызы келгенде ооруну сезет. Айырмасы, ал оору биринде жеңил болсо, экинчисинде катуу болот. Бизди ай сайын кыйнап турган бул оорунун себептери жана аны кантип басаңдатуу тууралуу төмөнкү макалада сөз болот.

Себептери
Белгилүү болгондой, ай сайын аялдардын организминде жумуртка клеткасы бышып жетилет. Эгер бойго бүтүү болбосо, ал өлөт. Ал эми организм өзүндөгү ашыкча нерселерден арылууга аракет жасайт: жатындан керексиз ткандарды жана суюктукту бөлүп чыгарат. Ашыкча нерселер жакшы бөлүнүп чыгыш үчүн бул учурда организм булчуңдардын жыйрылуусуна жардам берүүчү простагландин аттуу затты иштеп чыгарат. Эгер бул зат өтө эле көп иштелип чыкса, анда оору менен коштолот. Бул албетте, айыз учурундагы оорунун жалгыз эле себеби эмес, мындан башка да төмөнкүдөй себептери бар:
Гинекологиялык оорулар. Эгер айымдын ички жыныс органдары сезгенген болсо, жыныс органында инфекция болсо, анда айызы келген учурда айым катуу ооруну сезет. Бойго бүтүүдөн сактоочу спираль да оорунун бир себеби болушу мүмкүн.
Физикалык кыймылдын аздыгы. Көп кыймылдабай бошоп калган булчуңдар организмдеги ар кандай өзгөрүүлөрдү оор көтөрөт. Андыктан, айыз келгенге чейин спорт менен машыгуу керек.
Тукум куучулук. Эгер сиздин апаңыз айызы келген учурда ооруга кабылса, анда ушул эле көрүнүш сизде да кайталанат.
Кальцийдин жетишсиздиги. Организмде кальцийдин жетишсиздиги да айыз учурунда ооруну жаратат. Мындай учурда курамында кльций көп азыктарды көбүрөөк пайдалануу керек. Кальций сүт жана сүт азыктарында, брокколи капустасында, төө буурчакта, бадамда көп.
Магнийдин жетишсиздиги. Магний булчуңдардын калыптагыдай иштешине таасир этет. Эгер организмде магний жетишсиз болсо булчуңдар жыйрылып, айыз учурунда оорутууга жеткирет.
Ооруну басаңдатуунун ыкмалары
- Ысык ваннага түшүңүз
- Бүктөлгөн чүпүрөктү үтүктөп же бөтөлкөгө ысык суу куюп алы ошону ооруган жериңизге басыңыз. Бул жыйрылган булчуңдарды бошоңдотуп, ооруну азайтат.
- Туздуу, майлуу, таттуу, ошондой эле сүт азыктарын азайтыңыз. Айрыкча айызыңыз башталаарына бир жума калганда. Ал эми жашылчаларды көбүрөөк жеңиз.
- Чөп чайлар, мисалы, ромашканын чайы да оорунун басаңдашына жардам берет.
- Курамында кофеин бар коюу кара чай, кофе, шоколад сыяктуу азыктардан жана алкоголдон качыңыз. Кофеин ооруну күчөтөт, ал эми алкоголдук ичимдиктер суюктуктун бөлүнүп чыгышын жайлатат.
- Айыз келип жаткан учурдагы ашыкча кыжырдануу, жинденүү, стресс болуу - ооруңузга оору кошот. Андыктан, өзүңүздү тынч алып жүргөнгө аракет кылыңыз.
- Такыр эле оору басылбай койсо, анда таблетка ичүүгө туура келет. Анальгин, баралгин, спазган, но-шпа ооруну басат, бирок буларды көп ичүүгө болбойт.
#116 31 Январь 2012 - 01:33

Бир жашка чейинки баланын өнүгүү этабы
Албетте ар бир баланын жөндөмү ар башка. Бирок баланын акыл-эсинин өнүгүү этабы негизинен төмөнкүдөй тартипте кетет. Эгер сиздин 1 жашка чейинки балаңыз болсо, салыштырып көрүңүз...
1 айлык бала:
- Чоң адамдын бетин жана ачык түстүү буюмдарды аныктайт
- Чоң адамдын сүйлөгөнүнө жооп кылып жылмая баштайт
- Курсагынан жаткан калыбында башын көтөрүүгө жана кармаганга аракет кылат.
2 айлык бала:
- Кадимкидей сергек болуп, үстүндө илинип турган оюнчуктарын карайт
- Оюнчуктарынын кыймылын ээрчип карайт
- Адамдын же буюмдардын үнүн укканда кыймылын токтотуп тыңшап калат
- Аны менен сүйлөшкөндө жылмаюусу менен дароо жооп берет.
3 айлык бала:
- Чоң адамдын бетине көз карашын токтотуп, анын сүйлөгөнүнө кулак салып калат
-Чоң адамдын сүйлөгөнүнө кубаныч менен жооп берет: жылмайып, колу-бутун тыбырчылатып, кандайдыр бир үндөрдү чыгарып жана башка.
- Yстүндө илинип турган оюнчуктарына кокусунан колу менен тийип алат
- Көмкөрөсүнөн бир нече мүнөткө чейин жатып, башын жакшы кармап калат
- Тигинен көтөргөндө башы шылкылдабай, жакшы кармалат.
4 айлык бала:
- Yн чыккан жакты башын буруп карайт
- Көп жылмаят, катуу үндөрдү чыгарат, көп кыймылдайт
- Аны менен ойногондо катуу күлөт
- Yстүндө илинип турган оюнчуктарын көңүл коюп карайт, сыйпалап көрөт, тарткылайт
- Ээмп жатканда апасынын эмчегин же бөтөлкөнү кармап алат.
5 айлык бала:
- Жакын адамдарын чоочундардан айырмалай билет
- Чоң адамдын өзүнө карата кандай тон менен сүйлөп жатканын айырмалайт
- Сергек кезинде кандайдыр бир обонго салып узакка чейин "ырдайт"
- Шылдырактарын даана, көпкө чейин колунда кармап турат.
- Көмкөрөсүнөн көпкө чейин жата берет
- Далысынан курсагына оодарылат
- Кармап турса түз турат.
6 айлык бала:
- Муундарды өз-өзүнчө айта баштайт
- Оюнчуктарын өзү алып, көпкө чейин аны менен ойнойт
- Курсагынан далысына оодарылат
- Манеж менен жыла баштайт
- Тамакты кашык менен жеп калат.
7 айлык бала:
- Көпкө дейре бир нерселерди балдырап, бир муунду кайра-кайра кайталай берет
- "Кана тобуң"(шылдырагың, шапкаң ж.б )? деген суроого жооп кылып, эки жагын карап издеп калат. Такай бир орунда турган буюм болсо таап да келет
- Көп жана жакшы жылып калат.
8 айлык бала:
- Ар кандай муундарды катуу жана кайра-кайра кайталап айтат
- Чоңдордун үйрөтүүсү боюнча ар кандай кыймылдарды кыла баштайт(колуңду бер, мурдуң кана? ж.б.)
- Сергек маалында оюнчуктары менен көпкө чейин ойнойт. Аларды көңүл коюп карайт, бири-бирине кагыштырат ж.б.
- Отурган абалынан өзү жатып, жаткан абалынан отура алат
- Колу менен бир нерсеге жөлөнүп, өзү турат
- Бир нерсеге жөлөнүп басат
- Өзү колуна кармап, нанды жей алат
- Чоң адам кармап турган пияладан өзү ичет.
9 айлык бала:
- Чоң адамды туурайт, анын артынан муундарды кайталайт
- "Кана?" деген суроого жооп кылып кайсы жерде турганына карабай бир канча буюмду таап келет
- Өзүнүн атын билет, чакырган жакка бурулат
- Ар бир буюмдун өзгөчөлүгүнө жараша мамиле кылат: топту тебет, машинаны айдайт ж.б.
- Чоң адам кармап турган пияланы өзү да жеңил кармап, пияладан жакшы ичип калат
10 айлык бала:
- Чоңдорду туурап, алар кандай үн чыгарса ошону кайталай алат
- Чоңдор кайсы оюнчугун сурабасын таап, алып келет.
- Оюндарды билип калат. Мисалы "ку-ку" деген сөзгө апасынын бетине бекинет.
11 айлык бала:
- Алгачкы сөздөрдү айта баштайт: "ав-ав" , "ме" ж.б.
- Кубиктерди биринин үстүнө экинчисин коюп, пирамиданы жасай алат.
- Өз алдынча тура алат.
12 айлык бала:
- Жаңы муундарды оңой эле туурайт
- 10 чакты сөз айтат
- Түшүнгөн сөздөрүнүн саны көбөйөт. Эч кандай кыймыл-аракетсиз эле бир нече буюмдун аталышын жана жакындарынын аттарын билип калат.
- Өз алдынча басып калат
- Пияланы өзү кармап ичет.
#117 03 Февраль 2012 - 19:13
jipara86 (18 Январь 2012 - 00:36) жазган:
Туура мен да кошулам.
#118 04 Февраль 2012 - 07:13
#119 04 Февраль 2012 - 16:14
#120 18 Февраль 2012 - 00:02

Кош бойлуулук учурундагы стресс баланын астма менен төрөлүүсүнө алып келет
Стресс - тирүү организмдин иштөөсүндөгү бөлүп алып салууга мүмкүн болбогон бир бөлүк. Ал адамдын айлана-чөйрөнүн оор шартына көнүүсүнө, такай алмашып турган дүйнөдө жашап кетүүсүнө жардам берет. Кош бойлуулук жана төрөт стрессиз өтпөйт. Атүгүл баары жакшы болуп, аял канчалык бактылуу болгон күндө да ал чоң стрессти башынан өткөрөт.
Стресстин булактары
Стресстин булагы болуп стрессорлор эсептелинет. Стрессор - бул стрессти чакыруучу жагымсыз шарттар. Аны шарттуу түрдө экиге бөлүп койсо болот: физикалык жана психологиялык деп. Физикалык стрессорлор түздөн-түз организмге таасир этет (суук, ысык, ачкалык, чаңкоо, чарчоо ж.б). Эгерде адам жакшы тамактанбаса, уйкусу канбаса, аз кыймылдаса дене физикалык стресске кабылат.
Психологиялык стрессорлорду эмоционалдык чыңалуулар чакырат. Бул калп, таарыныч, коркуу, социалдык статус, жоопкерчиликтүү жумушту аткаруудагы убакыттын жетишсиздиги - булардын баары стрессорлор. Ал эми кош бойлуу аялдагы негизги стрессорлор - күтүлбөгөн жана каалабаган кош бойлуулук, болочоктогу балага кам көрүү тууралуу ойлор, баланын жана өзүнүн ден-соолугуна кабатырлануу, төрөттөн коркуу сыяктуу факторлор болушу мүмкүн.
Кош бойлуу эненин стресске кабылуусу түйүлдүккө кандай таасир этет?
Бойдон түшүү. Кош бойлуулук учурундагы ар кандай стрессордук факторлор бойдон түшүү коркунучун жогорулатат.
Аз салмакта төрөлүү. Кош бойлуулуктун алгачкы үч айындагы жумуштагы стресс баланын аз салмакта төрөлүшүнө себеп болот. Ошондой эле түнкү смендеги жумуштун зыяны тууралуу унутпоо зарыл. Уйкусуз түндөрдүн айынан аялдын организми эмчек рагынын алдын алууга жардам берүүчү мелатонин затын аз бөлүп чыгарат.
Интеллект.Энеси бош бойлуу кезинде көп стресске түшкөн баланын нерв системасы бош болот жана мындай балдардын интеллекти башка теңтуштарыныкына караганда төмөн болот. Бул стресстен пайда болгон кортизол гормонунун санынан көз каранды. Анын саны канчалык көп болсо, баланын интеллекти ошончолук төмөн болот деген жыйынтыкка келишкен медицина кызматкерлери.
Коркоктук. Баланын коркок болуп калышы да дал ушул кош бойлуулук кездеги стресске байланыштуу.
Аутизм. Оор стресс кош бойлуулуктун 24-28-жумаларында өзгөчө кооптуу. Бул учурдагы стресс баланын баш мээсинин калыптанышына терс таасирин тийгизет. Натыйжада, изилдөөлөр көрсөткөндөй, аутизм менен ооруган балдар төрөлөт. Аутизм - психикалык оору. Мындай ооруга чалдыккан баланы реалдуу чөйрө таптакыр кызыктырбай, айланасындагы адамдар менен сүйлөшүүнү каалабайт, эмоциясы жок, өзү менен өзү болуп калат.
Астма. Кош бойлуу кезинде санаа тартып, кандайдыр бир нерселер үчүн тынчсызданып, стресске кабылган айымдардын 60 пайызынан тубаса астма менен ооруган балдар төрөлөт деген жыйынтыкка келишкен окумуштуулар.
Изилдөөчүлөр стресс гормонун көбөйтүүгө баарынан көп таасир этүүчү стресстин түрүн аныкташкан. Көрсө, кош бойлуу аялдын өнөктөшү аялга катуу мамиле жасагандан келип чыккан стресс эң зыяндуу болуп эсептелинет экен. "Эгер кош бойлуулук кезинде аялдардын стресске кабылуусу азайса, балдардын көптөгөн неврологиялык жана психологиялык ооруларынын алдын алган болот элек" дешет изилдөөчүлөр. Андыктан, урматтуу мырза, сиздин болочок балаңызды көтөрүп жүргөн жубайыңызды сактаңыз! Ал сиздин көңүл бурууңузга, камкордугуңузга муктаж.
Стресстен арылууга жардам берүүчү бир нече ыкмалар бар:
Стресстен арылуунун эң эле жакшы жолу - бардык нерсени сырттан кабыл алуу. Тынчсыздануу сиздин ичиңизде жатпоого тийиш. Туугандарыңыз жана жакындарыңыз менен сүйлөшүп, аларга өзүңүздү эмне тынчсыздандырып жатканын айтыңыз.
Уйку - стресс менен күрөшүүдөгү эң жакшы дары. Кызыктуу, пайдалуу жана активдүү иш-аракетиңизден сырткары уктап эс алууну унутпаңыз.
Жылуу ванна же душ да сизди чыңалуудан чыгаруучу жол. Жатаарда душ кабыл алсаңыз, жакшы уктайсыз.
Активдүү жашоо образы стресске жол бербейт. Врачтын макулдугу менен спорттун кайсы бир түрү менен машыгуу, сейилдөө, китеп окуу жана башка көңүл ачуулар сизди алаксытып, стресске кабылтуучу жагымсыз учурлар тууралуу унуткартат.
Стресстен арылтуучу азыктар
Брокколи капустасы. В тобунун витаминдерине каныккан дагы бир азык - брокколи капустасы. Бул пайдалуу витаминден тышкары брокколи капустасы фолиевой кислотага да каныккан. Бул болсо өз кезегинде стресстен арылтат, депрессиядан сактайт.
Быштак. Быштак В2, В12 витаминдерине бай. Эртең менен жеген быштагыңыз күнү бою тынчсызданбай жүрүшүңүзгө өбөлгө түзөт.
Балык. Балыктын көп эле түрүндө В тобунун витаминдери бар. Өзгөчө В6, В12 витаминдери стресс менен жакшы "күрөшөт" .
Уйдун эти. Уйдун эти темирге, В тобунун витаминдерине жана цинкке бай.
Коон. Коон - С витамининин эң сонун булагы. Бул витамин стресс жана депрессия менен күрөшүүдө негизги ролду ойнойт.
Бадам. Бадам В2, Е витаминдерине жана магний менен цинкке бай. В тобунун витаминдери серотонин гормонун бөлүп чыгарат. Бул гормон болсо маанайды жөнгө салып, стресстен арылтат. Ал эми Е витамини стресстин жана жүрөк ооруларынын негизги "күнөөкөрү" болгон эркин радикалдарды бир калыпта сактайт. Бирок, бадамды бир жегенде көптөн жебеш керек - ал аябай майлуу жана калориялуу. Зыянсыз май болсо да ашыкча салмакка баарыбир салымын кошот.
Сүт. Сүт да стрессти чакыруучу эркин радикалдардын тең салмактуулугун сактап туруучу касиетке ээ.