Президент Барак Обама Ирандын Башкы банкы менен финансылык тармактарына каршы жаңы санкцияларды киргизген мыйзамга кол койду. Жаңы нормаларга ылайык эми чет элдик компаниялар ирандык нефт жана финансылык ишканаларбы,
же америкалык институттар менен кызматташабы – алдын ала тандоосу керек. Ирандын финансылык сектору менен кызматташкан өлкөлөрдүн башкы банктарына каршы Кошмо Штаттар тиешелүү санкцияларды киргизүүсү мүмкүн.
Президент Обама кол коюлган мыйзам АКШнын тышкы саясат жүргүзүү боюнча конституциялык нормаларына карама-каршы келсе дагы күчүнө кире тургандыгын өкүнүү менен билдирди.
Батыш өлкөлөрү Иран ядролук курал жасоодо деген шек менен бир катар экономикалык санцияларды киргизди.
Иран өкмөтү Ормуз кысыгына байланыштуу АКШдан кат алганын ырастады. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Рамин Мехманпарасаттын билдиришинче,
Тегеран Мамдепартаменттин каты менен таанышууда жана “зарылчылыгы болсо жообун берет”. Бирок каттын мазмуну жөнүндө эч кандай маалымат берилген жок.
Жума күнү “Нью-Йорк Таймс” гезити Вашингтон Ирандын көсөмү Аятолла Али Хаменейиге кат жолдоп, Ормуз кысыгын тосууга каршы аракетке түртөөрүн эскерткенин жазган.
Расмий Тегеран өткөн аптада Ирандын ядролук программасына каршы санкция күчөтүлсө же аскерий сокку урулса, Ормуз кысыгы жабылат деп коркуткан.
АКШнын Энергетика департаментинин эсебинче, дүйнө өлкөлөрү керектеген кара майдын 20 проценти Ормуз аркылуу ташылат.
Иран эгерде Батыш өлкөнүн мунай тармагына каршы санкция киргизе турган болсо, Перси булуңундагы коңшуларын мунай экспортун көбөйтпөөгө үндөдү. Катардык гезитке берген интервьюсунда Ирандын ОПЕКтеги өкүлү Мохаммад Али Хатиби Тегеран мунай экспортун арттырууну “достукка жатпаган кадам” катары бааларын эскертти. Европа Биримдиги жазалоочу чаралардын алкагында Ирандан мунай сатып албоо тууралуу алдын ала макулдашты.
АКШ баштаган Батыш мамлекеттери Тегеран тымызын түрдө атомдук куралдын үстүнөн иштеп жатат деп ырастоодо. Ислам жумуриятынын жетекчилиги муну чекте кагууда. Региондогу ири мунай өндүрүүчү - Сауд Арабия кардарлардын кара майга болгон талаптарын аткарууга даярдыгын буга чейин билдирген.
Кыскача айтканда эки мамлекет ортосундагы каршылыктар согуш айланып да кетиш мүмкүн болчудай болуп калды.
Ой пикирлеринер жазсанар.
АКШ менен Иран ортосундагы каршылык. Согушка айланып кетиш мүмкүнбү?
АКШ менен Ирандын каршылыгы: Согушка айланып кетиш мүмкүнбү?
#2 17 January 2012 - 01:04
Бул жерде АКШдан мурун Израиль отко май куюп жатат! Израиль, АКШ же НАТО мамлекеттери Ирандын жеке жашоосуна кийлигишуусуно кандай акысы бар? Израиль ким? Иран ким? Ирандын (Персия) тарыхына 5000жыл, Израильдин мамлекет болуп жаралганына 64-жыл боло элек. Ошого болбой чектешкен мамлекеттер менен душмандык катнашта. Биринчиден Израиль озунун коопсуздугуна (безопасность) коркуп жатат. Менин оюмча согуш болот. Иранда согуш башталса, Израильди коздой ракеталар учат. Андан болок теракттар абдан коп болот. Израильди жер жузунон жок кылып коюшу ыктымал.(кошуна мусулмандар жардам берсе)
#3 17 January 2012 - 08:21
АКШ баштаган Батыш мамлекеттери Тегеран тымызын түрдө атомдук куралдын үстүнөн иштеп жатат деп ырастоодо.
АКШ менен Иран ортосундагы каршылык. Согушка айланып кетиш мүмкүнбү?
[/quote]
Бул жөнөкөй эле шылтоо, 2003-жылы Иракта согушту башташты ушул эле шылтоо менен азыркыга чейин эч нерсе табышкан жок. Таба да албайт өзөктүк курал Иранда жок жакынкы келечекте жасай алышпаса керек.. Дүйнө жүзүн башкаруу үчүн бир нече адамдын кылган иштери жана жаратылыш ресурстары(нефть) керек баарынан да.
Буга чейин Ливияда жарандык согуш болду деп айтышты, чыныдыгында Ливия 10-15 НАТОго мүчө мамлекеттер менен согушту. Ирактын, Ливиянын сценарийи н Иранга колдонуу кооптуу себеби Ирандын армиясы күчтүрөөк башка араб мамлекеттерине караганда, Израилди жок кылып салышы мүмкүн.
Азыр ортодо турушат Иранда революция же согуш кылуу керек, батышка ыктаган бийлик келмейинче тынчыбайт бул нерсе. Революция кылууга мүмкүнчүлүк жок демек бир гана жол күч колдонуу.

#4 17 January 2012 - 15:56
Менимче, жөн эле интрига кылышып жатышат булар. Согушса эбак эле тытышып жатып калышмак. Ойлойм да, булар жөн гана бирин-бири душман деп көрсөткөнү менен чын-чынына келгенде "бир булактан суу ичкен эмелер" деп. Ким билет ай?..
Бөлкө нан барбы?
#5 17 January 2012 - 22:08
Жок Европа Ирандын нефтинен баш тарталбайт,
ансыз деле экономикалык кыйын абалдагы еврозонага эн кыйын болот.Ирандын мунайын эн коп импорттогон Кытай,Индия ЮАР бул санкцияга(АКШнын) кошулган жок...Демек Ирандын омуру улана бермекчи....Ал эми согушту азыр Иран да,АКШ да,Израиль да,Батыш олколору(НАТО)жана Жакынкы Чыгыш да каалабайт...
.
Өзүмдү сыйлайм,өзгөнү дагы....
#6 17 January 2012 - 22:36
Согушту ким каалайт, ким каалабайт - бул аябай интимдүү тема!
Жакшылап таразалай келген адам, кимдир бирөөгө согуш чоооң бир кирешенин булагы экенин таасын көрө алат. Бул айтып жаткандарыма тарыхтагы факттар күбө! Ал эми жоромолдотуп, табышмактатып отурбай эле АКШ га согуш эң бир керек нерсе экенин айтып кетүүмө көбүңөр эле макул болот болушуңар керек. Болбосо, согуш кереги жок болсо, бир жерин кысып өз үйүндө эле отура бербейби, туурабы?
Эмне кереги бар ал миңдеген чакырым алыстыкка өзүнуң ресурстарын коротуп "кимдир-бирөөгө жардам берем" деген атка конгон карышкырдын терисин жамынып алып койчо маарап?..

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#7 28 January 2012 - 19:57
Азыр дуйно кеп кылып жаткан,бул АКШ менен Ирандын ортосундагы акыбалын баарыныздар эле угуп жатсаныздар керек.Эгер Иранга согуш ачылса биз да ракета менен жооп алышыбыз мумкун дешет. анткени бизде Американын жук ташуучу транзитик борбору жайгашкан,деги кетире албай коюшту го .3дуйнолук согуш башталышы дешет ,озу бул америкалыктар адам эмес экен мусулмандарга эле азылышып Иракды Ливияны талкалашты .дагы 3-дуйнолук согуш Кыргызстанда башталып кетиши мумкун деген ушакты укканым бар. эмнеси болсо да Кудайым озу сактасын!
!!
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я НАЙДУ ЗАМЕНУ КАЖДОМУ!Зато тех кто остается Я ЛЮБЛЮ БОЛЬШЕ ЖИЗНИ!
#8 28 January 2012 - 21:10
Американы сууга чоктуруп жиберуунун жолун табуу керек болуп калды акыркы убакта . Урушту баштап коюп алсыз мамлекеттерди талкалай турган болду.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#9 28 January 2012 - 22:54
Американын базасын мурда эле жабып коюш керек эле. Эми кудай сактасын, согуш болуп кетсе Иран базага карай ракета учурат го.
#10 28 January 2012 - 23:32
Азыр дуйно кеп кылып жаткан,бул АКШ менен Ирандын ортосундагы акыбалын баарыныздар эле угуп жатсаныздар керек.Эгер Иранга согуш ачылса биз да ракета менен жооп алышыбыз мумкун дешет. анткени бизде Американын жук ташуучу транзитик борбору жайгашкан,деги кетире албай коюшту го .3дуйнолук согуш башталышы дешет ,озу бул америкалыктар адам эмес экен мусулмандарга эле азылышып Иракды Ливияны талкалашты .дагы 3-дуйнолук согуш Кыргызстанда башталып кетиши мумкун деген ушакты укканым бар. эмнеси болсо да Кудайым озу сактасын!
!!
Тема бириктирилди, ал эми сизге эскертүү
Мезгилден артта калбаңыз!
#11 29 January 2012 - 00:00
Согуш болбойт туугандар!
!! бул жөн эле мамлекеттер аралык нефти үчүн болгон кызыкчылык,
күрөш болуп жатат эки тарапта тең акылдуу кишилер бар алар согушту каалабайт!
!! Кудай сактасын!
!!
(Израиль туратко артында анткени дүйнөдөгү бир эле Ислам фундаментализми орногон мамлекет Иран болуп саналат ортодогу түшүнбөстүк келишпестик диниий себептерден да болуп жүрбөсүн)
(Израиль туратко артында анткени дүйнөдөгү бир эле Ислам фундаментализми орногон мамлекет Иран болуп саналат ортодогу түшүнбөстүк келишпестик диниий себептерден да болуп жүрбөсүн)
"Ийилгенге ийилгин башын жерге тийгиче
Кекейгенге кекейгин төбөң көкө жеткиче"
Кекейгенге кекейгин төбөң көкө жеткиче"
#12 06 February 2012 - 22:41
Америкадан мурда Израиль согуш ачам деп жатыптыр.Жаз айларында.Деги тынчтык эле болсо экен.Эки дөө кагышса,орто жолдо чымын өлөт болбой
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#13 21 February 2012 - 17:52
Согуш болчудай болуп турат. Бирок бул согуш чыгыш үчүн бир топ оор болот го.

Супер-Инфо
super.kg
видео