Суперстан: Латын арибине өтөлүбү? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Латын арибине өтөлүбү?

#21 Пользователь офлайн   Tendik   18 Январь 2012 - 19:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 290
  • Катталган: 18 Март 09
  • Соңку аракети: 01 Май 2014 23:01
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бул тема башка жерге жылдырылган болсо шилтеме берип коесуздарбы. .

Кыргыз алфавитин латынчага өткөрүүгө мен каршымын. Тескерисинче биздин алфавитти өнүктүрүү керек. Мисалы чыныгы кыргызча сөздөрдө "щ", "ц", "ь", "ъ" тамгалары колдонулбайт. Бул тамгаларды алып салса болот, бизге канчалык тамганын аз жана саз болгону жакшы. Бул максатта йоттошкон тамгаларды да ("я", "е", "ю", "ё") алып салса болот. Менин билишимче "е" тамгасы нукура кыргызча сөздөрдө жок. "кыйал" деп жазсам ката жазган болом, бирок окуган адамга ошол эле тыбыштардан турган сөздөрдү түшүндүрүп атпайбы. Эгерде "щ", "ц", "ь", "ъ" тамгалары кандайдыр бир кыргызча которулушу жок болгон сөздөрдө айласыздан колдонулуп жаткан учуру болсо аны башка жол менен чечиш керек.
Менин оюма койсо "ф" менен "х" тамгаларын деле алып салат болчумун. Тилекке каршы бул тамгалар жаңы сөздөрдө жана адамдын аттарына колдонулуп жатат. "х" тамгасын мен үч учурда колдонулганын байкадым: эшекти "хы" деп айдаганда, "ха ха ха" деп күлгөндү сүрөттөп жазганда жана "пахта" деген сөздө.
"в" тамгасын тыбышын агнлисче "w" тамгасынын айтылышындай кылып өзгөртүү керек. Көп учурларда "в" деп жазган менен ан так айтпайбыз, мисалы "Авазбек .ж.б", ошондо бир катар сөздөрдөгү "б" тамгасы да "w" тамгасына өтөт.(Кыргызчада "в" га өтөт). Мисалы, иш жүзүндөгү далилерден келтирсем: "обончу" , "аба ырайы", "ооба" деген сөздөр. Мына ушундай сөздөрдү тизмесин түзүп жаттатыш керек. Алар көп эмес, чет тилдерди окуганда "өзгөчө" ("исключение" , "istisna", "exception" )сөздөрдү окуп жаттап эле журбөйбүзбү.
Мына ушул тамгаларды алып салсак Кыргыз тилинде аз, саз жана ыңгайлуу алфавит пайда болмок.
Менин тилди жакшы билген форумчуларга суроом: "ф", "х", "в" тамгалары боюнча жана "А" тамгасы менен катар ă тамгасын да жаратса болобу? Мисалы мен "алча" деген сөздө ă ны колдоном. "х" тамгасынын кыргызчада дагы каерде колдонулат?

Билдирүүнү түзөткөн: Tendik: 18 Январь 2012 - 19:24

Армансыз өткүң келсе убакытты туура пайдалан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Tendik   18 Январь 2012 - 19:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 290
  • Катталган: 18 Март 09
  • Соңку аракети: 01 Май 2014 23:01
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бул тема башка жерге жылдырылган болсо шилтеме берип коесуздарбы. .

Кыргыз алфавитин латынчага өткөрүүгө мен каршымын. Тескерисинче биздин алфавитти өнүктүрүү керек. Мисалы чыныгы кыргызча сөздөрдө "щ", "ц", "ь", "ъ" тамгалары колдонулбайт. Бул тамгаларды алып салса болот, бизге канчалык тамганын аз жана саз болгону жакшы. Бул максатта йоттошкон тамгаларды да ("я", "е", "ю", "ё")алып салса болот. Менин билишимче "е" тамгасы негизи нукура кыргызча сөздөрдө жок. Эгерде "кыйал" деп жазсам ката жазган болом, бирок окуган адамга "кыял" дегенди түшүндүрүп атпайбы. Эгерде "щ", "ц", "ь", "ъ" тамгалары кандайдыр бир кыргызча которулушу жок болгон сөздөрдө айласыздан колдонулуп жаткан учуру болсо аны башка жол менен чечиш керек.
Менин оюма койсо "ф" менен "х" тамгаларын деле алып салат болчумун. Тилекке каршы бул тамгалар жаңы сөздөрдө жана адамдын аттарына колдонулуп жатат. "х" тамгасын үч учурда колдонулганын байкадым: эшекти "хы" деп айдаганда, "ха ха ха" деп күлгөндү сүрөттөп жазганда жана "пахта" деген сөздө.
"в" тамгасын тыбышын агнлисче "w" тамгасынын айтылышындай кылып өзгөртүү керек. Көп учурларда "в" деп жазган менен ан так айтпайбыз, мисалы "Авазбек .ж.б", ошондо бир катар сөздөрдөгү "б" тамгасы да "w" тамгасына өтөт.(Кыргызчада "в" га өтөт). Мисалы, иш жүзүндөгү далилерден келтирсем: "обончу" , "аба ырайы", "ооба" деген сөздөр. Мына ушундай сөздөрдү тизмесин түзүп жаттатыш керек. Алар көп эмес, чет тилдерди окуганда "өзгөчө" ("исключение" , "istisna", "exception" )сөздөрдү окуп жаттап эле журбөйбүзбү.
Мына ушул тамгаларды алып салсак Кыргыз тилинде аз, саз жана ыңгайлуу алфавит пайда болмок.

Тилди жакшы билген форумчуларга менин суроом: "ф", "х", "в" тамгалары боюнча жана "А" тамгасы менен катар ă тамгасын да жаратса болобу? Мисалы мен "алча" деген сөздө ă ны колдоном. "х" тамгасы кыргызчада дагы каерде колдонулат?

Билдирүүнү түзөткөн: Tendik: 18 Январь 2012 - 19:30

Армансыз өткүң келсе убакытты туура пайдалан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   za.MiR   18 Январь 2012 - 19:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 718
  • Катталган: 01 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 30 Дек 2012 02:38
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бан

"х" тамгасы мммууах-хх.. .деп кыздын оозунан же бетинен өпкөнүңдө колдонулат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   za.MiR   18 Январь 2012 - 19:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 718
  • Катталган: 01 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 30 Дек 2012 02:38
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бан

ШаХта,БаХтияр, БаХа,куран окулганда көбүнчө "х" тамгалары кездешет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   za.MiR   18 Январь 2012 - 19:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 718
  • Катталган: 01 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 30 Дек 2012 02:38
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бан

Латынча жазгандарга жакшы түшүнө бербейм.
М: "ч" тамгасын,4 цифрасын коюп жазышат экен.Жаңы тамгаларды ойлоп табышпаса эле болду!
Кирил тамгасы жакшы!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   EmMiR   18 Январь 2012 - 22:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 880
  • Катталган: 12 Январь 11
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2012 10:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Колуңду эшикке кыпчып алганда "Хырч" деген үч чыгат!
Агетте: "Мхы", - деп жазгандар жолугат.
Хи-хи-х леп күлгөндөр, хаха тепкендер, Хосни Мубарак жөнүндөгү ушак-айың кептерди жазганда жана айтканда колдонулат ))

"В уащщета, хрен с ним" дегендер да бар!

"Хай, Хиллари Клинтон" дегендерди эмне кылабыз анда? )) Ал жагын да байкаштыра жүрүү керек.

Ёттошкон тамгалар колдонулган сөздөрдү жазганда "аз жана саздыктын" ордуна "береке келип калуусу турган кеп. Мисалы, "Мен сенин коёууу чачыңды кырып койойун" деген суйлөмдө мен аж целый ("Ц" деген тамга ны колдонуп койойун да )) ) 3 тамгага убакыт короттум. А убакыт деген акча да.. А акчаны пахта менен алмаштыра албайсың..


Ошондуктан, бүгүнчө реформаңарды токтото турсаңар!

"Нукура кыргыз тилинде сүйлөйм" дегендер глубоко ашибаться этишет. Анткени, кыпкыргызча сүйлөйүн деген күндө да, баары бир араб, перс, грек, латын, немис сөздөрү всйо равно аралашып кетишет, жубарымбекбер десе.

Ал тургай жанагы теңирчилер айтып жатышпайбы: "Ой, Аллах, Аллах дей бербей, мындай Теңир дейли, Умай эне дейли", - дешип.. Хе-хе-хе, чын-чынына келген, тил илимин билгендердин айтуусуна таяна турган болсок, бу, кашайгыр "Умай" деген сөз өзү араб тилинен келип биздин төрүбүзгө балчайып отуруп алган турбайбы. Анан биз аны менчиктештирип. . свой кылып алганыбыз да укук полесине сыйбайт го?. Эртең арабдар патент коргоочуларга кайрылса, кайсы жамачы чапаныбыздын этегин кыркып беребиз, ийа, нукура кыргыз туугандарым?

Кайсы бир тилчи айткандай: "тил - бул тирүү нерсе. ал дайыма өсүп өнүгүп, башка тилдер менен ассисмиляция (тилиа араң келди эй) болуп турат", - дейт. Орус тили деле канча язык менен жуурулушкан. Жанагы орустардын теңирчиси Задорнов менен орус тилчилердин дебатын көрдүңөр беле?. Ошондо, байкуш орус "теңирчиси" Задорновдун абийири Вимбиллдандын кефириндей эле төгүлдү го чиркин. Ошондуктан, эсибиз барда, ансыз да жыртык жана жамаачы жтегибизди жаап, ар кайсы жактан келген тилдерди "лам" дебей колдоно берели..

Жазуу жөнүндө айта турган башка кеп.. ал үчүен орхон-энесай жазууларын (иореглифтерге окшошуп кетсе керек ээ) үйрөнүп чыгыш керек болуп калат.
Ансыз да кириллицаны кыйрата албай жатып.. латынга өтөбүз деген ура жана псевдопатриотторго. . саламатчылык тилеп кетүүменен өзүмдүн бреогенераторумду токтотоюн..

Ушу..

Эми, мени урушуп жата бергиле, айланып, тегеренип сальто ашып кетейин патриотторум!

Бөлкө нан барбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Tendik   19 Январь 2012 - 12:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 290
  • Катталган: 18 Март 09
  • Соңку аракети: 01 Май 2014 23:01
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

англис тилинде 26 эле тамга бар, миллиондогон сөздөзрдү жаза алышат. Дүйнөлүк тил болуусунун негизги себептеринин бири да ушул деп ойлойм.
Йоттошкон тамгалар 2 тамганы бириктирип атпайбы, андай болсо башка ар 2 тамганы бириктирип бир тамга жасап коюп көп тамгаларга убакыт коротпой калбайлыбы. ..

Жообунарга рахмат.

Башка тамгалар жөнүндө да айтсанар: "ц", "щ", "ь", "ъ", "w" "a"

"целый" , "шахта" деген сөздөр орусча. Эгерде "ц", "щ", "ь", "ъ" тамгалары катышкан орусча сөздөрдү колдонсок демек биз орус тилинде сүйлөп жаткан болобуз. Бул сыяктуу Башка тилдерден келген сөздөрдү ошол тилдин тамгасы менен жазсак болот. Мисалы: "Volkswagen Passat үлгүсүндөгү авто унаа сатам" деген сүйлөмдө англисче сөз колдонулуп жатат. Кыргызча жазчу болсок Волксваген деп жазмакпыз (Фольксваген деген сөз орус тилинен бизге келген, орусчадан бизге көп дүйнө өлкөлөрүнүн аталыштары да бурмаланып келген). Чынында Волксваген деп жазуу туура эмес. Себеби бизде "w" тыбышын берген тамга жок. Ошондуктан эгерде сиз, мисал катары айтайын, кыргызчада "х" тамгасы жок болуп "шахта" деген сөздү "шакта" деп жазып койсонуз, өтө таң калыштуу болуп көрүнбөш керек. Себеби Volkswagen деген сөздү так жаза албаган сыяктуу эле абал болуп атат.

Ошол эле "х" тамгасы боюнча дагы бир суроо: "Аллах" , "Халал" , "Харам" деген сөздөр пайда болду. Биз кичинебизден эле "Адал", "Арам", "Алла" деп сүйлөп келгенбиз го. Биздин ата энелерибиз деле ошентип сүйлөчү.

Буну менен "х" тамгасын кереги жок дебейм, "ц", "щ", "ь", "ъ", тамгалары катышкан сөздөр башка тилде болсо ошол тилде жазыла бериш керек деген ойдомун. Бизде болсо "тс", "тш", деп эле колдонсо болот, себеби бул тамгалар орус лексикасында кездешүү жыштыгы жетишээрлик деңгээлде болгон муктажыктан пайда болгон, баардык тамгалар тилден ага болгон муктаждыктан келип чыгыш керек. "ц", "щ", "ь", "ъ", тамгалары орус тилинен келип кыргыз тилине сиңип калган сөздөрдө кездешет, бирок кездешүү жыштыгы өтө сейрек, жөнөкөй тил менен айтканда көп деле колдонбойбуз. Демек "тс", "тш" деп жазсак болот.

Билдирүүнү түзөткөн: Tendik: 19 Январь 2012 - 13:06

Армансыз өткүң келсе убакытты туура пайдалан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Таллас   19 Январь 2012 - 14:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Цитата

Ошол эле "х" тамгасы боюнча дагы бир суроо: "Аллах" , "Халал" , "Харам" деген сөздөр пайда болду. Биз кичинебизден эле "Адал", "Арам", "Алла" деп сүйлөп келгенбиз го. Биздин ата энелерибиз деле ошентип сүйлөчү.


Анда, азандын текстин кандайча кылып айтып калабыз?
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   wumida   19 Январь 2012 - 15:08

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 070
  • Катталган: 02 Июль 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2021 22:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Эн ыйык жер....

Просмотр сообщения EmMiR (18 Январь 2012 - 22:03) жазган:

Колуңду эшикке кыпчып алганда "Хырч" деген үч чыгат!
Агетте: "Мхы", - деп жазгандар жолугат.
Хи-хи-х леп күлгөндөр, хаха тепкендер, Хосни Мубарак жөнүндөгү ушак-айың кептерди жазганда жана айтканда колдонулат ))

"В уащщета, хрен с ним" дегендер да бар!

"Хай, Хиллари Клинтон" дегендерди эмне кылабыз анда? )) Ал жагын да байкаштыра жүрүү керек.

Ёттошкон тамгалар колдонулган сөздөрдү жазганда "аз жана саздыктын" ордуна "береке келип калуусу турган кеп. Мисалы, "Мен сенин коёууу чачыңды кырып койойун" деген суйлөмдө мен аж целый ("Ц" деген тамга ны колдонуп койойун да )) ) 3 тамгага убакыт короттум. А убакыт деген акча да.. А акчаны пахта менен алмаштыра албайсың..


Ошондуктан, бүгүнчө реформаңарды токтото турсаңар!

"Нукура кыргыз тилинде сүйлөйм" дегендер глубоко ашибаться этишет. Анткени, кыпкыргызча сүйлөйүн деген күндө да, баары бир араб, перс, грек, латын, немис сөздөрү всйо равно аралашып кетишет, жубарымбекбер десе.

Ал тургай жанагы теңирчилер айтып жатышпайбы: "Ой, Аллах, Аллах дей бербей, мындай Теңир дейли, Умай эне дейли", - дешип.. Хе-хе-хе, чын-чынына келген, тил илимин билгендердин айтуусуна таяна турган болсок, бу, кашайгыр "Умай" деген сөз өзү араб тилинен келип биздин төрүбүзгө балчайып отуруп алган турбайбы. Анан биз аны менчиктештирип. . свой кылып алганыбыз да укук полесине сыйбайт го?. Эртең арабдар патент коргоочуларга кайрылса, кайсы жамачы чапаныбыздын этегин кыркып беребиз, ийа, нукура кыргыз туугандарым?

Кайсы бир тилчи айткандай: "тил - бул тирүү нерсе. ал дайыма өсүп өнүгүп, башка тилдер менен ассисмиляция (тилиа араң келди эй) болуп турат", - дейт. Орус тили деле канча язык менен жуурулушкан. Жанагы орустардын теңирчиси Задорнов менен орус тилчилердин дебатын көрдүңөр беле?. Ошондо, байкуш орус "теңирчиси" Задорновдун абийири Вимбиллдандын кефириндей эле төгүлдү го чиркин. Ошондуктан, эсибиз барда, ансыз да жыртык жана жамаачы жтегибизди жаап, ар кайсы жактан келген тилдерди "лам" дебей колдоно берели..

Жазуу жөнүндө айта турган башка кеп.. ал үчүен орхон-энесай жазууларын (иореглифтерге окшошуп кетсе керек ээ) үйрөнүп чыгыш керек болуп калат.
Ансыз да кириллицаны кыйрата албай жатып.. латынга өтөбүз деген ура жана псевдопатриотторго. . саламатчылык тилеп кетүүменен өзүмдүн бреогенераторумду токтотоюн..

Ушу..

Эми, мени урушуп жата бергиле, айланып, тегеренип сальто ашып кетейин патриотторум!



:good: :good: :good:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   stafs   20 Январь 2012 - 11:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 633
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 04 Мар 2013 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Дениздин ары жагында

Азаматсынар! Катуу талкуу журуп атканго...:applause:
Мен да Лира атйкандай, мурда латын тамгасына отуу жонундо туура деп ойлоп калчуу, анан чет элде журуп, дуйного, жашоого болгон коз карашын осуп, коп байкап, салыштырп криллица эле жакшы экен деп калдым.

Тил канчалык-жазганга оной, суйлогонго женил болсо ошончолук жашкы.
Бирок азыр мамлекеттик тилге озгортуу киргизуудо анча-мынча бийликке таянып, тил законун зордку менен кабыл алган учурлар да жок эмес... абдан окунучтуу.
Мисалы: мен студент кезимде аттуу-баштуу эле агай, сабак отуп атканда китептен жузун коп алчуу эмес, себеби грамматиканын баарын жаттап алууга мумукун эмес, ал эми мисалды кенен келтирсе болот деп калчуу :батан:. Агайыбыз мамлекетибизде тил закондорну кабыл алууда коп эле роль ойногон, бирок ошого жараша билим денгээли жоктой эле сезиле берчуу себеби, ал агайга салыштырмалуу башка агайыбыз аз убакта пайдалуу, коп маалыматтары бере алчуу эле. :good:

Кыргыз эли коп жылдан бери крилицага отуп, калыптанып калды.
Ал эми латин тамгасына отуу учун коп мамлекеттик акча керектелет. Себеби закон кабыл алуу, тил маданиятын реформалоо, китептерди кайра башынан басып чыгаруу канча деген эмгекти, акчаны талап кыларын озунор деле жакшы тушуносунор. ..
Ал эми латын тамгасына отуу менен англис тилин тез уйронууго шарт болобу деген да жакшы ойлор бар. :give_rose:





  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   andormeda   20 Январь 2012 - 12:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 784
  • Катталган: 14 Май 08
  • Соңку аракети: 26 Окт 2023 00:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Би City - 3Dвятое царство

Латын латындарга буюрсун :crazy-girl:
˙·٠•●♥●•٠·˙ Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Arstan   20 Январь 2012 - 14:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 069
  • Катталган: 06 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 05 Фев 2024 03:56
  • Жынысы:Эркек

Озубуздун эле тилде жазалычы,орусча аралашса деле мейли,конуп калганбыз да.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Tendik   20 Январь 2012 - 15:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 290
  • Катталган: 18 Март 09
  • Соңку аракети: 01 Май 2014 23:01
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Азандын сөздөрүн нукура арапча айта беребиз да, себеби азан арап тилинде. Баса, Арап деген кыргызча сөз болуш керек, орустардан келген Арабия, Арабы деп..Биз жазганда Арабдар деп жазган менен Араптар деп эле айтабыз да.

Латын арибине өтүү англис тилин билүүгө көп түрткү бербейт.

Кыргыз тилин сактап калуу үчүн мектептерден башташ керек деп бийликтегилер айтып атышат. Менин оюм, мектептен колдон келишинче көп тилдерди үйрөтүп чыгыш керек, кыргыз тилин биринчи орунда үйрөтүш керек. Азыркы заманда тил боюнча эң оор маселе кыргыз тилин билип билбегенде эмес, билип туруп да аны колдонбой жатканбыгыбызда. Т.а. кыргыз тилин колдонуу чөйрөлөрү бардык коомдук тармактарды камтыш керек.

Билдирүүнү түзөткөн: Tendik: 20 Январь 2012 - 15:11

Армансыз өткүң келсе убакытты туура пайдалан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   serche   21 Январь 2012 - 11:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 655
  • Катталган: 24 Февраль 11
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 19:51
  • Жынысы:Аялзаты

Кезегинде мусулманчылыктын таасири менен арап жазмасына оттук. 18-кылымда Кокон хандыгынын учурунда фарсы тилин мода катары кабылдасак, кийин 1924-жылдан 1941-жылга чейин латын жазмасын оздоштурдук. Андан сон орус таасири менен орус тилине жана кирилл тамгасына ото качтык. Ошентип оз нарк-насилибизди кол жоолук кылып келе жаткандыгыбыз эч кимге жашыруун деле эмес.
НУРАК АБДЫРАХМАНОВдун "УЛУУ БАЯНынан"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   serche   21 Январь 2012 - 11:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 655
  • Катталган: 24 Февраль 11
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 19:51
  • Жынысы:Аялзаты

Мен озум айта турган болсом, форумда латын ариби менен жазгандарды окубайм...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   Таллас   21 Январь 2012 - 12:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения serche (21 Январь 2012 - 11:39) жазган:

Мен озум айта турган болсом, форумда латын ариби менен жазгандарды окубайм...


tuura kylyp jatasyn Сүрөт
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Evelet   21 Январь 2012 - 12:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Просмотр сообщения Таллас (20 Январь 2012 - 23:25) жазган:

tuura kylyp jatasyn Сүрөт

:crazy-girl: men da tuura kylat etenmin da anda xexe

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   LoLoPePe   21 Январь 2012 - 13:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 875
  • Катталган: 13 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 19 Мар 2024 03:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:рес. Cyперстан\ г. LoLo\ ул. PePe\ кв. 2

latyn alfavitinde komp. mob. jana oshogo okshogon buyumdarda shakyldatyp ele terem jada kalsa krilica menen tereda albaim birok kagazga jazganda ekoosu aralashyp ketet da internetti elestetip ketkende lat. tamgalaryn aralashtyryp alam da anan jazyp butup jazgan nersemdi kaira okuganda okui albai judop ele basyp jurom.Сүрөт Eger latyn alfavitine otsok internette da kyrgyz tili keniri tarkamak bele tigi agent degen paleketti komp. kochurup atkanda uz. dep ozbek tilin da korup kalamda anan Kyrgyz tili ushul ozbekterdikinen emnesi kem bizdin tildi da kirgizip koiushsagoo dep mechtaitetetlemda anan apama aitsam anda komp. koshumcha klaviaturalar kosholup ө, ң, ү ushul uch tamga koshulush kerek azyrky kezde ru. en. alfavitteri keniri koldonulgandyktan kopchuluk latyn tamgalardy koldongon olkolordun tili da internettke koshulup kalgan degenine dagy oilonup jurom da kz. uz. tilderi latyn alfavitin koldongondukatn alardyky koshulup bizdin tildi koshuu uchun kop ozgoruulor talap kylynat eken da dep

Если на вопрос "Как дела?", человек отвечает "Нормально", значит вы не входите в сферу его доверия.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   Likvidator   23 Январь 2012 - 02:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Латын алфабитине ото турган болсок орусташып бараткан тилибизди алдын-алган болот элек. Мен ушундай ойлойм. Озбектер ушул жол менен оз тилини сактап калуунун жолун табышты эле . Жыйынтыгы жакшы болгондой туру бар.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   Demon   24 Январь 2012 - 15:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 517
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 27 Янв 2014 05:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Анкара

Латын арибине отуунун кереги деле жок менимче, ансыз деле латын арибин уйронуп атабыз да мектепте, кирил алфавитин окуганды биринчи уйронгондор башка ариптерди да окуй алат, ал эми латынга конуп калгандар болсо кирилди окуй албай калат экен ... бир туркмондун абалына озум кубо болдум, ал да айтат: "кирилде окуй алат элем мурун эми болсо латынга биротоло конуп калып кыйналтам" , ошого кирил алфавити эле жарашчудай бизге ... Программер балким туура айтып жаткандыр орусташып кетуусунон куткара алабыз деп, бирок латынчадан да кире турган создордун да тиешеси болбой койбойт да, фарсташып кетсечи дегенден алысмын го бирок тилдин тагдыры баары бир озгорууго мажбур болот ...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июн 2025 09:57

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: