Кыргыз алфавитин латынчага өткөрүүгө мен каршымын. Тескерисинче биздин алфавитти өнүктүрүү керек. Мисалы чыныгы кыргызча сөздөрдө "щ", "ц", "ь", "ъ" тамгалары колдонулбайт. Бул тамгаларды алып салса болот, бизге канчалык тамганын аз жана саз болгону жакшы. Бул максатта йоттошкон тамгаларды да ("я", "е", "ю", "ё") алып салса болот. Менин билишимче "е" тамгасы нукура кыргызча сөздөрдө жок. "кыйал" деп жазсам ката жазган болом, бирок окуган адамга ошол эле тыбыштардан турган сөздөрдү түшүндүрүп атпайбы. Эгерде "щ", "ц", "ь", "ъ" тамгалары кандайдыр бир кыргызча которулушу жок болгон сөздөрдө айласыздан колдонулуп жаткан учуру болсо аны башка жол менен чечиш керек.
Менин оюма койсо "ф" менен "х" тамгаларын деле алып салат болчумун. Тилекке каршы бул тамгалар жаңы сөздөрдө жана адамдын аттарына колдонулуп жатат. "х" тамгасын мен үч учурда колдонулганын байкадым: эшекти "хы" деп айдаганда, "ха ха ха" деп күлгөндү сүрөттөп жазганда жана "пахта" деген сөздө.
"в" тамгасын тыбышын агнлисче "w" тамгасынын айтылышындай кылып өзгөртүү керек. Көп учурларда "в" деп жазган менен ан так айтпайбыз, мисалы "Авазбек .ж.б", ошондо бир катар сөздөрдөгү "б" тамгасы да "w" тамгасына өтөт.(Кыргызчада "в" га өтөт). Мисалы, иш жүзүндөгү далилерден келтирсем: "обончу" , "аба ырайы", "ооба" деген сөздөр. Мына ушундай сөздөрдү тизмесин түзүп жаттатыш керек. Алар көп эмес, чет тилдерди окуганда "өзгөчө" ("исключение" , "istisna", "exception" )сөздөрдү окуп жаттап эле журбөйбүзбү.
Мына ушул тамгаларды алып салсак Кыргыз тилинде аз, саз жана ыңгайлуу алфавит пайда болмок.
Менин тилди жакшы билген форумчуларга суроом: "ф", "х", "в" тамгалары боюнча жана "А" тамгасы менен катар ă тамгасын да жаратса болобу? Мисалы мен "алча" деген сөздө ă ны колдоном. "х" тамгасынын кыргызчада дагы каерде колдонулат?
Билдирүүнү түзөткөн: Tendik: 18 Январь 2012 - 19:24