3 аш кашык каймак, 1 чай кашык май, 1 чай кашык лимондун суусун аралаштырып, чачыңызга сүйкөңүз. 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жакшылап жууп салыңыз.
Өңү өчкөн чачтар үчүн:
200 гр тимьяндын кайнатмасына 1-2 жумуртканын сарысын кошуп, чачыңызга сүйкөңүз. 20 мүнөттөн кийин жууйсуз.
Чарчаңкы чачтар үчүн:
1 авокадону майдалап, ботко абалына келтирип, ага 2 аш кашык зайтун майын аралаштырып, чачыңызга сүйкөйсүз. Бир канча убакыттан кийин жакшылап жууп коюңуз.
Абдан кургак чачтар үчүн:
1-2 жумуртканын сарысына 1 аш кашык зайтун майын (оливковое масло) кошуп, чачыңызга сүйкөйсүз. Чачтын түбүнө көбүрөөк басым жасаңыз. Таасир бериши үчүн жарым саат күтө туруңуз.
Майлуу чачтар үчүн:
1 жумуртка менен 1 / 2 стакан чалкандын тундурмасын аралаштырып, чачыңызга сүйкөйсүз да башыңызды баштык менен, анын үстүнөн жылуу сүлгү менен ороп, бир саат жүрөсүз. Анан суу самын (шампунь) менен жакшылап жууп саласыз.
Морт чачтар үчүн:
200 гр пивого 1-2 жумуртканын сарысын кошуп, чачыңызга сүйкөйсүз. Чачыңыз узун болсо каражаттардын өлчөмүн көбөйтүңүз.
Бардык чачтар үчүн:
Кефирди чачка жана баштын терисине сүйкөп койсо болот. Ал майдын бөлүнүп чыгышын жөнгө салып, кургак чачтар үчүн да, майлуу чачтар үчүн да пайдалуу болот. Андан сырткары азыктандыруучу заттарга бай.
Чачты күчтөндүрүү үчүн:
20 мл бадамдын майы, 20 мл ромашканын тундурмасы жана 1 аш кашык балдын аралашмасын сүйкөйсүз. Бир аз сүт же жумуртканын сарысын кошуп койсо да болот. Жылуу суу менен жууп саласыз.
Чачты жаркыратуу үчүн:
1 байлам майдаланган петрушка, 1 чай кашык арак жана 2-3 чай кашык зайтун майынын аралашмасын чачтын түбүнө сүйкөп полиэтилен шапкасын кийип, үстүнөн жылуу сүлгүнү ороп аласыз. Бир сааттан кийин суу самын менен жууп, анан 1 литр сууга 1 аш кашык уксус кошулган аралашма менен жууйсуз.


Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 21 Декабрь 2011 - 01:10