Кыздар эле эмес мен деле байланам кээде.
Агентке байланган кыздар? коз карашынар?
#41 10 January 2012 - 10:19
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#42 10 January 2012 - 11:50
коз карашым туз эле агенте коп отурган кыздарга,жаман деле эмес ,оз убагында чээги менен колдонуушса.
кээ бир кыздар уялып озун оюн айта албайт ,а агентен сырдашып айта беришет.
- Милдет! Намыс! Ата Мекен!
#44 11 January 2012 - 18:53
Чөйрөң кандай бурадар?
#45 11 January 2012 - 23:21
Агентке байланганга бир себеп бар , бирок акыркы кундору мен байланбай эле агент мага байланганы журот чуркап артымдан )))
Пайдасынан зыяны кобуроок боло баштады корунот ,озумчо эле четтеп баратам . Агентке сарптаган убакытты пайдалуу нерсеге багыттаганым жакшы болоор.
Пайдасынан зыяны кобуроок боло баштады корунот ,озумчо эле четтеп баратам . Агентке сарптаган убакытты пайдалуу нерсеге багыттаганым жакшы болоор.
ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...
#47 13 January 2012 - 13:27
Агент убакытты ото коб алат озун да билбей каласын
уважаю всех кроме себя. Теперь все будет наоборот....
#48 13 January 2012 - 13:40
Сагынган дос туугандарын менен кабарлашып жазышканы жакшы да,анан агентте жашап алгандар жаман да,жакпагандар,
согунгондор,
блогко коп жазгандар автоматтык турдо игнорго которулушат.
Ал эми агентке ашыкча эле байланган кыздарга жарашпайт го дейм
Барпылыктар рулит))
#49 13 January 2012 - 13:40
Агент бул жакшы нерсе да,тел зв эткенге акчан жетпесе айылдагы ата энен менен кунуго байланышып турасын,досторун менен жакын.Зыяны мектептеги балдарга тийип атпайбы сабагына жакшы каршпай жатышат.Кыздар деле чеги менен отурушат оз убакыттырына карап.
Я живу, как умею. Ни о чем не жалею. Нахожу и теряю. И с нуля начинаю. Я бы Вам рассказала.
Да меня не спросили. Как порой предавали, даже те, кто любили. Только я не сдавалась. Я сквозь слезы смеялась. И чтоб там не случилось. Я собой оставалась
#50 22 January 2012 - 17:27
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#51 22 January 2012 - 17:28
Mail.Ru Agent – бул интернет аркылуу билдирүүнү ыкчам алмашууга мүмкүнчүлүк түзгөн акысыз программа. Ал Mail.Ru компаниясы тарабынан 2003-жылы ишке киргизилген.
Агенттин негизги кызматы - адамдарды интернет аркылуу бири-бири менен байланыштыруу.
Бул программа адамдарга бир катар жакшы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан. Ошол эле маалда “агенттин” пайдасы-зыяны тууралуу коомчулукта кайчылаш пикирлер айтылып келет...
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#52 22 January 2012 - 17:28
Mail.Ru компаниясынын тараткан маалыматы боюнча ай сайын Mail.Ru Agent программасына 21 миллиондон ашуун адам кирип-чыгып турат. Ар мүнөт сайын онлайны күйүп турган 3 миллиондон ашык колдонуучуну көрүүгө болот. Агентке арбалгандар арабызда аз эмес
Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинин 2010-жылы билдирген маалыматы боюнча Mail.Ru, Twitter, Odnoklassniki, Facebook сайттарына катталгандардын саны 900 миң адамды түзгөн. Ал эми өспүрүмдөр жана студенттер арасында өзгөчө популярдуу сайт деп Mail.Ru табылган. 2010-жылдагы жыйынтык боюнча ага катталгандардын саны 300 миңден ашык экени көрсөтүлгөн. Бишкек шаарындагы kloop.kg социалдык сайтынын башкы редактору Бектур Искендер: “Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Mail.Ru Agent деп аталган интернет программанын жигердүү колдонуучулары мектеп окуучулары жана студенттер. Ошол эле убакта агентти колдонгон орто курактагы белгилүү бир сандагы адамдар да бар”, - деди.
Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинин 2010-жылы билдирген маалыматы боюнча Mail.Ru, Twitter, Odnoklassniki, Facebook сайттарына катталгандардын саны 900 миң адамды түзгөн. Ал эми өспүрүмдөр жана студенттер арасында өзгөчө популярдуу сайт деп Mail.Ru табылган. 2010-жылдагы жыйынтык боюнча ага катталгандардын саны 300 миңден ашык экени көрсөтүлгөн. Бишкек шаарындагы kloop.kg социалдык сайтынын башкы редактору Бектур Искендер: “Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Mail.Ru Agent деп аталган интернет программанын жигердүү колдонуучулары мектеп окуучулары жана студенттер. Ошол эле убакта агентти колдонгон орто курактагы белгилүү бир сандагы адамдар да бар”, - деди.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#53 22 January 2012 - 17:30
Шаар аралап, “Агентти кимдер колдонот?” деп сурамжылап да чыктык... Чын эле, акысыз программага арбалгандар - мектеп окуучулары жана студенттер болуп чыкты. Илгис 4-класста окуйт. “Агентти кантип колдоносуң?
” десек, “классташтарым менен кат жазышам, тапшырмаларымды аткарганда колдоном. Математика сабагынан эсеп чыгара албай кыйналсам, агентти ачып кыздардан жардам алам”, - деди. Гүлзада Искендерова борбор калаабыздагы № 93-Арча-Бешик орто мектебинде мугалим. Ал “Окуучуулар агентти 4- 5-класстан баштап кеңири пайдаланышат.
Окуучуларга сабак учурунда телефонду пайдаланууга тыюу салабыз ”- дейт.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#54 22 January 2012 - 17:31
Жогорку окуу жайларда деле абал ушундай. Агентти ар бир экинчи студент колдонот. Айрым студенттер сабакта отуруп алып деле агент менен алектенген учурлары кездешет. Агент кызыксыз, же түшүнуксүз сабактан куткарат дешет алар.
Кор болгон мүнөттөр
Туруктуу агентчилердин 50-60 пайызы күнүнө жок дегенде бир маал агентте убакыт өткөрөөрүн айтышат. Анда убакыт өткөрүү сааттары да ар ким үчүн ар түрдүү. Биздин сурамжылоого катышкандардын дээрлик көбү күнүнө бир же эки саат агентте отураарын билдирди. Ошол эле учурда агентте ченеминен ашыкча отургандар да кездешет. Айрымдар бир күндүн жарымын, же дээрлик он эки саатын агент үчүн арнай тургандарын жашырышпайт.
Кор болгон мүнөттөр
Туруктуу агентчилердин 50-60 пайызы күнүнө жок дегенде бир маал агентте убакыт өткөрөөрүн айтышат. Анда убакыт өткөрүү сааттары да ар ким үчүн ар түрдүү. Биздин сурамжылоого катышкандардын дээрлик көбү күнүнө бир же эки саат агентте отураарын билдирди. Ошол эле учурда агентте ченеминен ашыкча отургандар да кездешет. Айрымдар бир күндүн жарымын, же дээрлик он эки саатын агент үчүн арнай тургандарын жашырышпайт.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#55 22 January 2012 - 17:32
Агенттеги жашоо кеч киргенде башталат. Бүгүнкү күндө агентте жазышкандардын көпчүлүгү дал ушул убакытты тандашат. Анткени, кээ бир жаштар эс алуунун ордуна түнү бою агентте убакыт өткөрүүнү тандашат. Айрым колдонуучулар кеч жаткандыктан эртеси уктап калып сабагынан, же ишинен кеч калган учурлар да аз эмес. Бишкек шаарындагы “Нураалы” медициналык борборунда эмгектенген дарыгер Кубанычбек Жанышбаев: “Адам негизинен норма боюнча 8 саат укташы керек. Биринчиден,
түнкү убакытта агент же ушуга окшогон нерселер менен алектенип аз уктоо, же уктабай коюу уйку режиминин бузулушуна алып келет. Уйку толук болбосо, же аз уктаса анда адам стресс, депрессия ооруларына кабылат. Экинчиден, көп убакыт бою компьютер, же телефон менен отуруу адамдын көзүнө зыян. Көздөр талып ооруп, кызарганга чейин барат. Бул нерсе бара бара көздүн көрүүсүнүн начарлашына алып келет.”-деди.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#56 22 January 2012 - 17:37
Американын Бирмингем университетинин психологдору адамдар менен мамиле куруу, же достор менен алакада болуу жана мамилелерди бекемдөө максатында түзүлгөн социалдык сайттар адам психикасына эч кандай зыян алып келбестигин айтышат. Ал эми “Шанс” психологиялык борборунунун психологу Майрам Кадырова: “Агенттин пайдалуу дагы зыяндуу дагы жактары бар” дейт. Пайдалуу жактары: достор менен дайыма тыгыз алакада болуу. Ошону менен бирге жаңы адамдар менен мамиле түзө билүү”-дейт.
Ал эми зыяндуу жактары деп буларга токтолду: ”Адам биринчиден убакыттын баалуулугун жоготот.Экинчиден,
баңги сымал көз карандылык пайда болот.Башкача айтканда, адам агентке кирбеген күнүн элестете албай калат. Үчүнчүдөн, өспүрүмдөрдүн же студенттердин окуп жаткан окуусуна кедергиси тиет. Алар агентке берилип, окуган сабактарына же тапшырмаларына маани бербей окуудан начарлайт. Төртүнчүдөн,
руханий жардылык пайда болот. Китеп окубайт, пайдалуу нерселерди үйрөнбөйт. Бул анын интеллектуалдык дээңгелин төмөндөтөт.
”
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#57 22 January 2012 - 17:41
Ал эми агент менен таанышуу максатында мамиле кургандардын айрымдары алданып калган учурлары да болот. Мисалы. Азамат Базарбаев 3 ай мурун бир сулуу кыз менен агентте таанышкан. Ортолорундагы мамиле жанданып бара-бара виртуалдуу сүйүүгө айланган. Бирок кийин жолугушууга келгенде кыз Азамат ойлогондой болбой калган. Көрсө, кыз өзүнүн нукура келбетин жашырып, агентке кайсы бир сулуу кыздын сүрөтүн жүктөп койгон экен.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#58 22 January 2012 - 17:42
Коомчулукта агент туралуу ар түрдүү ойлор айтылып келет. Айрымдар агентти “пайдасы жок убакытты текке коротуу”дешсе,
айрымдары “агентте отуруу кызыктуу жана көңүлдүү” экендигин далилдегилери келет. Ал эми убагында агентти катуу колдонуп, тажап калгандар да жок эмес. Алар үчүн анын ордуна башка социалдык тармактар менен билдирүү жазышуу алда канча популярдуу.
Бүгүнкү күндө көпчүлүк интернет адистер Агенттин эч кандай деле терс таасири жоктугун, болгону “аны туура жана ченеми менен пайдалана билүү керек”, - дешет.
Маалымат булагы: Аскто Оморов, "Манас" гезити
Карикатура: Айжамал Борисова
Маалымат булагы: Аскто Оморов, "Манас" гезити
Карикатура: Айжамал Борисова
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#59 23 January 2012 - 10:16
Ого. Мен мектепте окуп жургондо телефон дегенди алло дегенди эле билчимун
. Азыркы жашар катуу чыгышты го
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#60 24 January 2012 - 09:57
Азыр кобун эсе агентте суйлошуп жаткан кыздарды коруп калчу болдум, айрыкча автобуста, озу кыпчылып аран баратат да агентте журот. Кээде кулуп жылмайып койсо, кээде жини келип телефонун болгон кучу менен баскылап жаза баштайт. Очуруп салайын дейт, бирок агентке байланып калган. Макул дейли, уйуно жон барганча "узун жолду кыскартып"
- дегендей суйлошо берсин денизчи, ал ар бир адамдын оз иши, мени ойлондурган нерсе уйундо да агентте ушундай олтурган болсо, уй иштерин ким кылат? Буга дагы макул, агентке олтурбаган дагы бир адам бар дейли уйундо, уй оокаттарын кылган. А Сабаган ким окуйт десен?

Супер-Инфо
super.kg
видео




















