БИЗ КАЙДА БАРАТАБЫЗ ЖЕ ЫЙЛАП ТУРУП ЖАЗГЫМ КЕЛДИ КЫРГЫЗДЫ...
Ала-Тоонун таза абасындай, бирок, ыйга чыланган Тагдырбек мырзанын бул таза ойлору, андагы ачуу чындык, анын бетин баскан кара булут тилекке каршы Ала-Тообуздун асманында азыр да тургандай туюлат. Кудум, Шайлообек Дүйшеевдин мындан 23 жыл мурун жазган "Кайдыгерлик"
деген ыры күнү бүгүн жазылган абалда тургандай. Эл акыны Т.Бөрүбаевдин төмөнкү ыры да 8 жыл мурун эмес, кудум бүгүн жазылгандай.
..
- (2 )
-
- 1
- 2
Ыйлап туруп жазгым келди кыргызды... Тагдырбек Бөрүбаев
#1 22 January 2012 - 18:04
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#2 22 January 2012 - 18:05
Кыргыз үчүн жаздым ушул ырымды!
Ырлар болуп ыйга айланган сырымды.
Эзелтеден ар-намысты туу тутуп,
Эх, кыргызым, карыткансың кылымды!
Карап турам асман толгон жылдызды,
Ыйлап турам жазгым келип Кыргызды.
Тирүүлүктөн эчак баары кетишкен,
Же кыргызым асмандагы жылдызбы?!
Кана сенин акыл айткан Бакайың?
Акыйкатты сүйлөп турса баалайын!
Кана кыргыз Кошой болуп колдогон?
Аалым барбы мен тарыхка жазайын?!
Ырлар болуп ыйга айланган сырымды.
Эзелтеден ар-намысты туу тутуп,
Эх, кыргызым, карыткансың кылымды!
Карап турам асман толгон жылдызды,
Ыйлап турам жазгым келип Кыргызды.
Тирүүлүктөн эчак баары кетишкен,
Же кыргызым асмандагы жылдызбы?!
Кана сенин акыл айткан Бакайың?
Акыйкатты сүйлөп турса баалайын!
Кана кыргыз Кошой болуп колдогон?
Аалым барбы мен тарыхка жазайын?!
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#3 22 January 2012 - 18:06
Оңго-солго чарпылбаган көп элең,
Кекчил эмес кечиримдүү эл элең.
Уул-кызың бийиктикке умтулса,
Келечегин аркалаган бел элең!
Балдарыңа чыккынчылык кыласың,
Каймактарын түрмөлөргө тыгасың.
Эртеңкинин шыбагасын бүгүн жеп,
Келечектин сен тамырын кыясың!
Кыргыз деген уул-кызың көрүнбөйт,
Айтпасам да тарых муну төгүндөйт!
Өзөгүмдү өрттөп барат бир сезим,
Урпактардын келечеги көрүнбөйт!
Кекчил эмес кечиримдүү эл элең.
Уул-кызың бийиктикке умтулса,
Келечегин аркалаган бел элең!
Балдарыңа чыккынчылык кыласың,
Каймактарын түрмөлөргө тыгасың.
Эртеңкинин шыбагасын бүгүн жеп,
Келечектин сен тамырын кыясың!
Кыргыз деген уул-кызың көрүнбөйт,
Айтпасам да тарых муну төгүндөйт!
Өзөгүмдү өрттөп барат бир сезим,
Урпактардын келечеги көрүнбөйт!
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#4 22 January 2012 - 18:07
Мурдагыдай болбой калды карылар,
Качып-бозуп жүрөт кыргыз жакшылар.
Инсандарын карышкырдай кырышты,
Бийлик кылып эки жүздүү саткындар.
Жаштарымдын келечеги көктөсүн,
Толтурсун деп эртең кыргыз бөксөсүн.
Тилек айтпай кууланасың куу сакал!
Тарых сенин сакалыңды өрттөсүн!
Кеменгерлер үн-сөзү жок термелет,
Бирин-серин ардуу уулуң теригет.
Сыналгыдан, үналгыдан каткырып.
Бийлик үчүн жашоо болду керемет!
Качып-бозуп жүрөт кыргыз жакшылар.
Инсандарын карышкырдай кырышты,
Бийлик кылып эки жүздүү саткындар.
Жаштарымдын келечеги көктөсүн,
Толтурсун деп эртең кыргыз бөксөсүн.
Тилек айтпай кууланасың куу сакал!
Тарых сенин сакалыңды өрттөсүн!
Кеменгерлер үн-сөзү жок термелет,
Бирин-серин ардуу уулуң теригет.
Сыналгыдан, үналгыдан каткырып.
Бийлик үчүн жашоо болду керемет!
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#5 22 January 2012 - 18:08
Сокурдуктан айыга албай жүрөгүң,
Ошондуктан караңгыда күндөрүң.
Конок бийлеп кутургансып төрүңдө,
Эх Кыргызым, өз үйүңдө жүдөдүң!
Бийлик бизге келемиштей сезилип,
Чоңдоруң бүт казынаны кемирип!
Эх Кыргызым, чоң базарга айландың,
Жаш балдарың арабага чегилип!
Баары кетти эл-жер кезип талаага,
Эч ким калбай ыйык салттуу калаада.
Сезим сокур жан соогалап калышты,
Карапайым Кыргыз толуп базарга!
Ошондуктан караңгыда күндөрүң.
Конок бийлеп кутургансып төрүңдө,
Эх Кыргызым, өз үйүңдө жүдөдүң!
Бийлик бизге келемиштей сезилип,
Чоңдоруң бүт казынаны кемирип!
Эх Кыргызым, чоң базарга айландың,
Жаш балдарың арабага чегилип!
Баары кетти эл-жер кезип талаага,
Эч ким калбай ыйык салттуу калаада.
Сезим сокур жан соогалап калышты,
Карапайым Кыргыз толуп базарга!
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#6 22 January 2012 - 18:09
Таштандыда ымыркайга чалынып,
Нан издешет кайырчылар чаалыгып.
Киши жегич, баш кесерлер жана да,
Сойку бизге болбой калды жаңылык!
Көп кыздарың айласыз сойку болду,
Жаштарың бүт карачы жойпу болду.
Карыларың чоңдорго чокой болуп,
Чоң сөздөрүн кайтарган койчу болду!
Акты-ак деп кара кылды как жарган,
Намысың жок канжыгага баш сайган.
Дилсиз, тилсиз дудук болгон кыргызым,
Атуулуң жок туңгуюктан жол тапкан!
Нан издешет кайырчылар чаалыгып.
Киши жегич, баш кесерлер жана да,
Сойку бизге болбой калды жаңылык!
Көп кыздарың айласыз сойку болду,
Жаштарың бүт карачы жойпу болду.
Карыларың чоңдорго чокой болуп,
Чоң сөздөрүн кайтарган койчу болду!
Акты-ак деп кара кылды как жарган,
Намысың жок канжыгага баш сайган.
Дилсиз, тилсиз дудук болгон кыргызым,
Атуулуң жок туңгуюктан жол тапкан!
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#7 22 January 2012 - 18:10
Асманың аңтарылса ай дебейсиң,
Жериңди сатып жатса кой дебейсиң.
Жалкоосуң, оомалуусуң жалтактаган,
Бийликтин көзүн карап мемирейсиң.
Кырылганда тукум курут болбогон,
Ата-баба ар-намысын жолдогон.
Баатыр элең атка жеңил, тайга чак,
Алмустактан Ата-Журтун коргогон!
Кыргыз элең Бакай калпак кийинген,
Мылжың күлгөн кошоматты билбеген.
Көкүрөгүң ачык мырза калк элең,
Ханга эмес акылманга ийилген!
Жериңди сатып жатса кой дебейсиң.
Жалкоосуң, оомалуусуң жалтактаган,
Бийликтин көзүн карап мемирейсиң.
Кырылганда тукум курут болбогон,
Ата-баба ар-намысын жолдогон.
Баатыр элең атка жеңил, тайга чак,
Алмустактан Ата-Журтун коргогон!
Кыргыз элең Бакай калпак кийинген,
Мылжың күлгөн кошоматты билбеген.
Көкүрөгүң ачык мырза калк элең,
Ханга эмес акылманга ийилген!
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#8 22 January 2012 - 18:11
Кыздарың да баатырларга тең чыккан,
Тукумуңдун тазалыгын туу туткан.
Мөлтүр элең шылдыр аккан булактай,
Абийир үчүн намыстанып уу жуткан!
Эми кара, мурунку жок жамалың,
Кошоматчы шөмтүрөгөн абалың.
Тыңдай албай жоону эмес үйүңдү,
Ачылбастан турат сенин кабагың!
Тукумуңдун тазалыгын туу туткан.
Мөлтүр элең шылдыр аккан булактай,
Абийир үчүн намыстанып уу жуткан!
Эми кара, мурунку жок жамалың,
Кошоматчы шөмтүрөгөн абалың.
Тыңдай албай жоону эмес үйүңдү,
Ачылбастан турат сенин кабагың!
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#9 22 January 2012 - 18:12
Кийин тарых кечирбейт го кылмышың,
Чач ал десе баш аласың Кыргызым!
Эл арманын бөлүшкөндүн ордуна,
Өз элиңе душман болдуң тымызын!
Карап турам асмандагы жылдызды,
Ыйлап туруп жазып бүттүм бул ырды.
Тирүүлүктөн эчак баары кетишкен,
Же кыргызым асмандагы жылдызбы?!
Чач ал десе баш аласың Кыргызым!
Эл арманын бөлүшкөндүн ордуна,
Өз элиңе душман болдуң тымызын!
Карап турам асмандагы жылдызды,
Ыйлап туруп жазып бүттүм бул ырды.
Тирүүлүктөн эчак баары кетишкен,
Же кыргызым асмандагы жылдызбы?!
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#10 22 January 2012 - 19:32
Мааниси терен ыр саптары экен!
ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...
#11 22 January 2012 - 21:21
азамат экенсиз Таллас мырза. Журоко таасир бере турган керемет ырлар экен. Калеминиз курчуй берсин.
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#12 22 January 2012 - 22:25
азамат экенсиз Таллас мырза. Журоко таасир бере турган керемет ырлар экен. Калеминиз курчуй берсин.
Жакшылап абай салсаңыз мен теманын башында "Т.Бөрүбаевдин" деп белгилеп өткөм. Мен мындай ыр жаза турган чымындарым эчак эле учуп кетишкен. Тээ илгери чиймелемиш болчумун.. А, азыр жазбайм.
Ошондуктан сиздин бааңыз Тагдырбек Бөрүбаевге берилди деп эсептеп коё берели. Мен жөн гана окуган жеримден сууруп бул жакка коюп койгонум эле болбосо..
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#13 23 January 2012 - 01:14
#14 23 January 2012 - 02:15
Кыргыз элин оз элим деп айтчуулар.
Кыргыз жерин оз жерим деп басчуулар.
Бытыранды урууларга болунбой.
Бир женден кол, бир жакадан баш чыгар.
Узак мезгил синип келген сезимге.
Урук, уруу керек чыгаар кезинде.
Башында ой майдаланып баратса.
Манас деген бабан турсун ээсинде
Эл баалаган, эл шайлаган жакшылар.
Элдин жугун оп тартпасын алкынар.
Так журсонор ак журсонор ар иште.
Дал ошондо которулот баркынар.
Эл байлыгын не кылсамда озумо....
Алам деген, жулам деген кезинде.
Жаны гана 20 чыккан олкобуз.
Жаш баладай дайым турсун ээсинде.
Эмгекчил эл. Эличинде башчылар.
Кай бирин карт, кай биринер жашсынар.
Ыйман менен, ызат менен, иш менен.
Бир женден кол, бир жакадан баш чыгар!!! Б. Сарногоев.
Кыргыз жерин оз жерим деп басчуулар.
Бытыранды урууларга болунбой.
Бир женден кол, бир жакадан баш чыгар.
Узак мезгил синип келген сезимге.
Урук, уруу керек чыгаар кезинде.
Башында ой майдаланып баратса.
Манас деген бабан турсун ээсинде
Эл баалаган, эл шайлаган жакшылар.
Элдин жугун оп тартпасын алкынар.
Так журсонор ак журсонор ар иште.
Дал ошондо которулот баркынар.
Эл байлыгын не кылсамда озумо....
Алам деген, жулам деген кезинде.
Жаны гана 20 чыккан олкобуз.
Жаш баладай дайым турсун ээсинде.
Эмгекчил эл. Эличинде башчылар.
Кай бирин карт, кай биринер жашсынар.
Ыйман менен, ызат менен, иш менен.
Бир женден кол, бир жакадан баш чыгар!!! Б. Сарногоев.
Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
#15 23 January 2012 - 02:18
Жакшы тема экен жогорудагы ырлар чын эле аябай журокко жете тургандай экен.....
П.С. Мен дагы жазып койдум, шартка жооп береби Таллас байке?
П.С. Мен дагы жазып койдум, шартка жооп береби Таллас байке?
Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
#16 23 January 2012 - 02:39
Ушул ырларды таап чыгып бул жака илип койгон Таласка рахмат! Окуп алып соз менен айта албаган сезимдер мени курчап алды.Автор уруксат берсе биз да ушундай маанидеги ыр саптарын илип турсак жакшы болор эле.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#17 23 January 2012 - 02:56
Өллө толкунданып кайра кайра кайталап окудум, мааниси да терең экен
"Ийилгенге ийилгин башын жерге тийгиче
Кекейгенге кекейгин төбөң көкө жеткиче"
Кекейгенге кекейгин төбөң көкө жеткиче"
#18 23 January 2012 - 07:08
Жашоонун жалан терс жактарынан алынган ыр. Таллас, чындык ачуу болот дебей эле койунуз, коруп турам...
#19 23 January 2012 - 07:24
#20 23 January 2012 - 09:42
Оңго-солго чарпылбаган көп элең,
Кекчил эмес кечиримдүү эл элең.
Уул-кызың бийиктикке умтулса,
Келечегин аркалаган бел элең!
Балдарыңа чыккынчылык кыласың,
Каймактарын түрмөлөргө тыгасың.
Эртеңкинин шыбагасын бүгүн жеп,
Келечектин сен тамырын кыясың!
Кыргыз деген уул-кызың көрүнбөйт,
Айтпасам да тарых муну төгүндөйт!
Өзөгүмдү өрттөп барат бир сезим,
Урпактардын келечеги көрүнбөйт!
Кекчил эмес кечиримдүү эл элең.
Уул-кызың бийиктикке умтулса,
Келечегин аркалаган бел элең!
Балдарыңа чыккынчылык кыласың,
Каймактарын түрмөлөргө тыгасың.
Эртеңкинин шыбагасын бүгүн жеп,
Келечектин сен тамырын кыясың!
Кыргыз деген уул-кызың көрүнбөйт,
Айтпасам да тарых муну төгүндөйт!
Өзөгүмдү өрттөп барат бир сезим,
Урпактардын келечеги көрүнбөйт!
Кыргыздын акыркы 10-15 жылдыктагы турмушун, кандай абалга келип калганын бир нече ыр сап менен айтып коюптур го. Акындардын күчүнө таам берем. Кара сөз менен бир чоң китеп болчу ойду кыска - нуска айткан.
Терең ойго салат экен.
Мен К Ы Р Г Ы З М Ы Н !
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео













