Суперстан: Тери,чач,тырмак ж.б. кам коруу - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Тери,чач,тырмак ж.б. кам коруу

#61 Пользователь офлайн   Aydashka   20 Январь 2012 - 18:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Просмотр сообщения stafs (20 Январь 2012 - 17:02) жазган:

Студенттик кунумдо чачым коп тушуп жудодум эле, анан ишенип -ишенбей эле чалкан дын жалбырагынан 2-3 жолу маска жасап, чачым кадимкидей калыбына келип, коп тушбой калган.
Азыр да алыс жакта журсом да Кыргызстандан чалкандын курагтылган жалбырактарынан алдырып турам:good:

Чалкандын жалбырагы экологиялык жактан таза жана эн арзан, пайдалуу.

stafs туур айтасыз,чалкандын пайдалуулугу коп:
Чалкандын кургатылган жалбырагынан 3 аш кашык, ит мурундун данынан бир аш кашык алып аралаштырабыз. Даяр болгон кошулмадан 2 аш кашык алып, 0,5 литр кайнак сууга 3-4 саат демдеп коёбуз. Күнүгө жарым стакандан үч маал ичүү абзел. Бул маңыз эң биринчи кезекте организмди тазалайт. Жүзүңүздөргө бырыш түшүүдөн коргойт. Узак убакыт пайдалануу сөзсүз оң натыйжа берет.

Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 20 Январь 2012 - 18:02

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   zhoomart   20 Январь 2012 - 18:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 689
  • Катталган: 23 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 23:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Бетиңиз үчүн диета.
Жаңы түшкөн бырышты жана бүдүрдү балыктын жардамы менен кетирсе болот. Лосось, тунец жана скумбрия сорторунда Омега-3 жана Омега-6 деген майлуу кислоталар бар, ушулардын жардамы менен бырышты кетирсеңиз болот. Балыктын ордун фундук жана бадам ээлей алат.Ошондой эле күрүч, кара нан, макарондун каттуу сортунан көбүрөөк жеңиз.Ашыкча сантиметрлерди алуунун аракетинде көпчүлүгү менюдан майлуу тамактарды алып салышат. Жыйынтыгында бет кургап, түлөп кетет. Мындай учурда сиз оливка майын, авокадо жана жаңгакты рационуңузга киргизип койсоңуз арыктатат да, бетиңизди нормалдаштырат.
Баарынарга бакубат жашоо болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   zhoomart   22 Январь 2012 - 06:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 689
  • Катталган: 23 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 23:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Тырмак өстүрүүнүн ден соолукка зыяны.


Ар бир экинчи айым тырмактын ден соолукка зыянын билип-билбей жасалма тырмак өстүргөнгө өтүшөт. Чынында тырмактын организмге тийгизген залакасы, зыяны, дегеле тырмак жөнүндөгү толук маалыматты төмөндөн таба аласыз. Тырмак өстүрүү каяктан келип чыккан?
Тырмакты узун кылып өстүрүү модасы Кытайда пайда болгон. Ак сөөктөр, күнүгө майрамдап жүргөндөр гана тырмак өстүргөнгө мүмкүнчүлүк алышкан. 10-13 сантиметр узундукка жеткенде алтын же атайын кымбат таш менен тырмактарын чагып кыскартышкан. 1964-жылы Египетте Нианкханум менен Ханумхотеп коюлган көр табылып, каза болгон эки адам маникюр адиси болгонун аныкташкан. Негизи эле Египетте жакшы жашоодо жашаган айымдар тырмагын хна менен же болбосо ачык түскө боёгонду адатка айландырган. Египеттен жылып отуруп тырмак өстүрүү модасы Европага жайылган. Өзгөчө ХIХ кылымда Францияда чыпалактын тырмагын узун кылып өстүрүп, бирөөнүкүнө кирип баратканда такылдатпай, чыпалак менен чокунуп кирүү салты катуу өнүккөн. Эң биринчи чыныгы түстүү тырмак боёгучту 1932-жылы АКШдан Чарльз Ревлон деген адам ойлоп тапкан. Ал эми жасалма тырмакты элүүнчү жылдын жарымында Фред Слек аттуу адам ойлоп чыгат. Кээ бир маалыматтарга көз жүгүртсөк: Фред Слек тиш доктур болуп иштеп жүрүп, бир күнү манжаларын чаптырып, тырмагын түшүрүп алат. Эки айга жакын жумушка чыкпай үйдө отуруп, эриккенинен акрил (тиш доктурга керектүү каражат) менен тырмагынын үстүн чаптап, жасалма тырмак ойлоп тапкан.


Тырмактын ден соолукка зыяны.
Таза, тыкан алынган тырмак алда канча көзгө жакшы көрүнөт. Медиктердин далилдөөсүндө эң кир микробдорду алып жүргөн адамдын денесиндеги бөлүк- анын тырмагы. Тырмак тери, көз, чач сыяктуу эле абага зар. Тырмакты лак менен боёгондо жөнөкөй сөз менен айтканда тырмак "тумчугуп, дем албай" калат. Лак менен капталган тырмак күйүп, саргарып көрүнүшү начарлап, адамдын иммунитетинин алсызданышына да өбөлгө түзөт. Айрым айымдар "мен тырмагымды өстүрсөм да дайыма тазалап жүрөм" деген жаңылыш ойго жетеленишет. А чынында тырмактын өзү канча микроб экенине маани беришпейт. Тырмак өзү микроб болуп жатса анын асты кантип таза болсун?


Тырмак оору микоза деп аталат.
Буттун, колдун тырмак оорусу илимий тилде - микоза деп аталат. Бул оору менен жер шарындагы адамдардын төрттөн бир бөлүгү жапа чегип келет. Тырмактын астына кирген инфекция өөрчүп отуруп бүт денени каптап, адамдын жашоосун алда канча татаалдатышы мүмкүн. Аталган дарттын алдын алууга төмөнкү ыкмалар жардам берет: - Бирөөнүн бут кийимин эч убакта кийбеңиз. Өзгөчө жылаңач бутка дүкөндөрдөн бут кийимдерди өлчөп көрбөңүз. Анткени сиз бутуңузга кийип көрүп жаткан туфлини же өтүктү бир күндө бир нече адам кийиши мүмкүн.- Бассейндерде, спорт залдарда жылаңач баспаңыз. Жада калса душка түшөөрдө да атайын резинка бут кийим кийип алганыңыз оң.- Колуңузду боёордо, тырмактын түбүндөгү эттерди кесээрде бөлөк адамдардын куралдары менен колдонбоңуз.


Тырмак оорунун белгилери:
Тырмактын сырткы өңү өзгөрөт, башында өтө агарып же саргарып, айрым учурда кара-күрөң тартып кетиши да ыктымал. Тырмактын түбү жооноюп, учунан баштап түлөп кирет. Эгерде жогорудагы белгилер сизде байкалса анда:- Уксус кислотасы менен бут кийимдин ичин чүпөрөк менен сүртүп, кургатыңыз. - Маникюр жасаган шаймандардын баарын медициналык спиртке жарым саатан кем эмес чылап чыгыңыз. Тырмакка байланышкан ырымдар: - Жума же жекшемби күнү тырмак алсаң келе жаткан жума түйшүктүү, оор болот. Англияда бир жашка чыга элек ымыркайдын тырмагын кайчы менен эмес, энеси тиши менен кырчып алат. Себеби, тырмакты кайчы менен алса бала чоңойгондо ууру болуп өсөт деген ырымга катуу ишенишет. Британияда кыркылган тырмак менен чачты кошуп жердин түбүнө көмүшөт. Анткени, алардын түшүнүгүндө тырмакты жин-шайтандар алып кетип, тырмактын ээсине чоң зыян алып келет. Соломон аралында Угу уруусунда кыркылган тырмакты алачыктын кире беришине босогого көмүп коюшат. Себеби, босогого көмүлгөн тырмак үйдөн ынтымакты ыдыратпай, эшиктен жаман нерселерди киргизбей, үйдөгү "аба ырайды" бир калыпта кармап турат. Орус элдеринин кээ бир кыштактарында кары-картаңдар кыркылган тырмактарды өлөөр-өлгөнчө чөнтөгүнө салып жүрүшөт. Эмнеге дейсизби? Кийин алар тиги дүйнөгө барганда тоого чыгабыз деп эсептешет, ал эми тырмак тырмышып чыкканга чоң жардам берет.


Тырмак жөнүндө кызыктар…
Аулеттик аялдар корзина өргөндө сөзсүз түрдө тырмагын өстүрүшкөн. Өмүр бою корзина токуй беришип, манжаларга ашыкча күч келгендиктен бара-бара колдору ичкерип кеткен. Генри Хайнцанын фабрикасында бадыраң тазалап иштеген айымдарга атайын ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Тагыраак айтканда 1 жумада бир жолу кызматкерлерге бекер маникюр жасатып берген. Бүгүнкү күндө аялдар эле эмес, эркектер да тырмагын өстүрүп, боёшот. Мисалы, Антонио Бандерос, Дэвид Бэкхем, Квентин Тарантино жана башкалар. Алексей Некрасов карта ойногонду жакшы көрчү, анын колдонгон эрежелеринин бири: карта ойноордон мурда атаандашынын тырмагын карачу, эгер анын чыпалагынын же жок дегенде эле бир манжасынын тырмагы узун болсо оюнду дароо токтоткон. Себеби, тырмак картаны алмаштырып, алдаганга жакшы шарт түзөт.


Пайдалуу кеңештер Лимон тырмакка кам көрүүгө жардам берет
Лимондун ширеси колдун кургап, жарылышын алдын алат. Кандай жумуш кылбаңыз, лимонду тең жарымынан кесип алып колуңузду сүртсөңүз жакшы жыйынтык берет. Картошка аарчып кол карарганда да лимондун ширеси карарган такты бат кетирет. Андан сырткары тырмактын түбүндөгү никотинди кетирүүгө лимондун маңызы жардам берет. Ал үчүн бир күндө үч-төрт маал лимонду ширеси менен сүртүп туруңуз. Эгерде тырмагыңыз сынып жатса анда сизге С витамини менен кальций жетишпейт. Кальцийди көбөйтүп, тырмактын сынышын токтотуш үчүн лимондун маңызы менен тырмакты сүртүп, томаттын, сабиздин ширесин ичип туруңуз. Эң негизгиси лимондун маңызы тырмактын көрүнүшүн жакшыртат, Эстен чыгарбоочу эң негизги эреже-лимондун маңызын ашыкча колдонсоңуз тырмак жарылып кетиши мүмкүн.

Эгерде тырмак кемирмей адатка айланса…
Медиктердин айтымында, тырмак кемирүү жаш өзгөчөлүгүнө көз каранды. Тырмакты тынымсыз кемире берүү адат- онихофагия деп аталат. Өзгөчө бул адат кичинекей балдарга мүнөздүү. Тырмак кемиргенде организмге инфекциялар кирип, ар кандай ичеги оорулар пайда болот. Кызыгы, Пушкин менен Гитлердин бала кезинде тырмагын кемирмей адаты бар болчу экен.

Билдирүүнү түзөткөн: zhoomart: 22 Январь 2012 - 06:26

Баарынарга бакубат жашоо болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   zhoomart   22 Январь 2012 - 06:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 689
  • Катталган: 23 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 23:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Денеда жазды сагынат...


Тери да сууктан, шамалдан, кыш мезгилинен чарчайт. Камкордукту самайт. Жаз көңүлүңүзгө жакшы маанай тартуулап, аны менен бирге келбетиңизге да маанилүү жардам бергиңиз келсе, анда бул жакка кулак төшөңүз.
Тери да сууктан, шамалдан, кыш мезгилинен чарчайт. Камкордукту самайт. Жаз көңүлүңүзгө жакшы маанай тартуулап, аны менен бирге келбетиңизге да маанилүү жардам бергиңиз келсе, анда бизге кулак төшөңүз.
Биринчи кадам.
Тамак-ашыңызга көңүл бөлүңүз. Оор, сиңимдүүлүгү кыйын тамактан качыңыз. Балык, жаңгак, цитрус азыктарын, С жана А поливитаминдерин көбөйтүңүз.
Экинчи кадам.
Күнүнө 1,5-2 литрден суу ичиңиз. Жетиштүү суюктуктун жоктугунан тери кургап, тез карыйт.
Үчүнчү кадам.
Косметика колдонууда өтө кылдат болуңуз. Өзүңүздүн териңизге гана ылайыктуу крем колдонбосоңуз, бетиңиз аркандай жол менен бузула баштайт.
Төртүнчү кадам.
Мүмкүнчүлүгүңүз бар болсо сулуулук салонуна барып, косметикалык массаж алыңыз. Мындан тышкары, ал жердеги адистер сизге керектүү процедуралардын жолун айтып беришет. Массаж алып туруу шлактардан, токсиндерден арылууга жардам берип, кандын жүгүрүшүн жакшыртат, бырыштарды жоготот.
Бешинчи кадам.
Көңүлдү сергитүүчү, нерв системасына жакшы таасир берүүчү өсүмдүктөрдү дарыканадан сатып алып, кайнатмасын же өзүн ваннага кошуп, сергиңиз. Мисалы: бергамот, мелисса, базилик, лаванда.

Билдирүүнү түзөткөн: zhoomart: 22 Январь 2012 - 06:41

Баарынарга бакубат жашоо болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   anjelei   22 Январь 2012 - 06:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 450
  • Катталган: 15 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Мар 2015 05:13
  • Жынысы:Аялзаты

Рахмат, Жоомарт, сонун пайдалуу маалыматтарды алдым. Сүрөт
Одиночество - это когда ты окружен замечательными людьми, которые любят тебя и понимают, но у каждого из них есть кто-то ближе, чем ты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Aydashka   24 Январь 2012 - 21:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Беттин формасына карата чач жасалганы кантип туура тандаш керек экендиги жөнүндө жакшы маалымат окуп калып,сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүм:

Бетиңизге карап чач жасалганы тандаңыз

Сүрөт

Сүйрү бет
Эгер сиздин бетиңиз сүйрү болсо, сүйүнсөңүз болот. Себеби, мындай формадагы бет идеалдуу деп эсептелинет. Ошондуктан сүйрү беттерге баардык чач жасалгалар жарашат. Бирок, бир эске сала кетчү жагдай, эгер маңдайыңыз алыс болсо, сөзсүз көкүл коюп жүрүшүңүз керек.

Тегерек бет
Эгер бетиңиздин формасы тегерек болсо, ар кандай чач жасалгаларды жасап тажрыйба жүргүзсөңүз болот. Бир гана эскерте кетчү учур, тегерек беттүүлөр бетин толугу менен ачып жүрүүсүнө болбойт. Ошондой эле узун жана түз түшүрүлгөн көкүлү бар чач сизге жарашпайт. Өтө кыска кыркылган чач дагы сиз үчүн эмес. Сизге тепкич болуп жасалган чачтар жарашат. Маңдайыңыз толугу менен жабылган көкүлдөн качыңыз. Мындай көкүл бетиңизди кыскартып көрсөтөт. Көкүлүңүздөгү чач сейрек кездешсе жакшы. Үч бурчтуу бет
Мындай формадагы беттер үчүн узун чач эң жарашыктуу болуп эсептелинет. Ошондуктан кыска чач жасалгаларды унутуп деле коюңуз. Эгер кыска чачты кааласаңыз да, чачтын учтары бетиңизди жаап турушу керек. Жок дегенде ээкке чейинки узундуктагы чач жасалга менен жүрсөңүз жарашыктуу. Ошондой эле, эгер чачыңыз өзү тармал болсо, өтө кыска кырктырбаш керек. Аны менен кошо чачты эч качан артка тарабаңыз.

Төрт бурчтуу бет
Төрт бурчтуу беттер – бул кемчилик эмес. Бирок, сиз дагы ажарлуу болууну кааласаңыз, чачыңыздын узундугу ийиниңиздин айланасында болгону жакшы. Ошондой эле чачыңыз тармал болобу, түз болобу, көкүлү менен саркеч чач жасалгалар жарашат. Трапеция формасындагы бет
Мындай формадагы беттердин маңдайы кең. Ошондуктан бетти анча-мынча жапкан тармалдары бар чач жасалга жарашыктуу. Ошондой эле чачтын узундугу ээктен ылдый түшпөш керек.
Чач жасалга тандоодо беттин формасынан сырткары анын түзүлүшүнө да маани бериш керек.

Мурун
Эгер сиздин мурдуңуз узун болсо, сизге барпайган, узун көкүл жарашат. Ал эми мурдуңуз теңирекей болсо, чачыңызды артка карай тараңыз. Кичинекей мурундуулар үчүн көкүлү жок тармал чач жарашыктуу. Кең мурундар чачын маңдайынан жогору көтөрүп алышса жарашат.

Көз
Эгер сиздин көздөрүңүз бири-биринен алыс жайгашса, сейрек тармал көкүл жарашат. Ал эми көздөрүңүз бири-бирине жакын жайгашса, чачыңызды жогору көтөрүп, эки четин бир аз барпайтып, бет жакка узунунан түшүрүп коюңуз.

Моюн
Мойну узундар узун чач менен жүрүшсө жакшы. Ал эми мойну кыскалар мойнун ачык алып жүргөнгө аракет кылыш керек.

Кулак

Кулагы чоңдор аларды жарымына чейин чачы менен жаап жүрүшү керек.

Бой
Эгер боюңуз узун болсо, башты чоң көрсөтүү үчүн барпайган чач жасалга менен жүрүңүз. Ал эми боюңуз кыска болсо, анда боюңузга жараша да башыңыз кичинекей көрүнүшү үчүн өтө барпайбаган чач жаслагаларды жасаңыз.

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   Aydashka   31 Январь 2012 - 01:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Сүрөт
Бырышка каршы 7 азык
Бетке бырыштын түшүшү - бул табигый көрүнүш. Бардык адамдардын бетине бырыш түшөт, бирок, кимдир бирөөгө эрте, кимдир бирөөгө кеч. Ал эми бырыштын алдын алуу, анын түшүшүн кечеңдетүү, кыскасы, өзүбүздү канча бир убакка жашартуу - бул өзүбүздүн гана колубуздагы нерсе.

1. КАПУСТА
Жаш көрүнүүнү кааласаңыз, күнүмдүк тамактануу рационуңуздан капустаны үзбөңүз. Француз окумуштууларынын изилдөөлөрү көрсөткөндөй, бул жашылчанын курамындагы лютеин аттуу антиоксидант бырыштар менен күрөшөт. Натыйжалуу жыйынтыкка ээ болуу үчүн күнүнө 10 мг лютеин, башкача айтканда, 57 г капуста кабыл алуу зарыл.

2. БУУРЧАК ӨСҮМДҮКТӨРҮ
Соя, маш, гречка, буурчак сыяктуу өсүмдүктөр биздин организмибизде гиалурон кислотасы деп аталган карылыкка каршы затты иштеп чыгат экен. Окумуштуулардын айтымына караганда, адам төрөлгөндө анын организминде бул кислота жетиштүү өлчөмдө болот, ошондуктан, наристелердин терилери жылмакай келет. Жаш өткөн сайын ал азайгандан азая берет, бирок, бул маселени буурчак өсүмдүктөрү чечет. Андыктан, жаштыгыңызды көпкө сактайм десеңиз, болбоду дегенде күнүнө 2 кашык буурчак өсүмдүгүн колдонуңуз.


3. ҮНДҮКТҮН ЭТИ
Үндүктүн этинде тери үчүн маанилүү болгон карнозин аттуу белок бар. Эгер бетиңизде "каз тамандардын" пайда болуусун каалабасаңыз, жумасына 2-3 жолу үндүктүн этин жеп туруңуз.


4. КАРА ӨРҮК
Кара өрүк да организмдин картаюу процессин жайлатуучу азыктардын бири. Кара өрүктүн жаңысынан болобу, кургатылганынан болобу, күнүнө 5-6 даанадан жеп турган адам терисиндеги бырыштардын алдын алган болот.


5. КЫЗЫЛЧА
Көз карандысыз диетолог Кэрри Ракстон кызылчаны теринин картаюусуна каршы эң маанилүү азык деп атаган.

6. ОЛИВКА
Жакында эле австриялык изилдөөчүлөр оливка майын ким көп колдонсо, анын ошончолук бырышы аз болоорун далилдешти.


7. ШОКОЛАД
Ооба, шоколад тери үчүн эң пайдалуу. Германиялык окумуштуулар какаону пайдаланган соң териге кандын куюлушу жакшыраарын далилдешкен. Ошондой эле шоколад теринин №1-душманы болгон ультракызгылт нурларынан сактайт. Бирок кара шоколад гана мындай касиетке ээ.

Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 31 Январь 2012 - 01:25

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   Aydashka   31 Январь 2012 - 01:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Сүрөт
Бет териси үчүн кышкы маскалар
Беттин жакшынакай териси - айымдын жагымдуулугунун эң негизги көрсөткүчү. Сууктун түшүшү менен ал өзгөчө кам көрүүгө, кошумча азыктанууга муктаж болот. Андыктан, үй шартында кышкы маскаларды жасап, бетиңиздин абалына кам көрүңүз.
Төө буурчак маскасы
Ак төө буурчакты таза жууп, бир нече мүнөт сууга чылап коёсуз. Андан соң кайнатып бышырасыз. Вилка менен эзип, ага жарым лимондун ширесин сыгасыз жана бир чай кашык оливка майын кошосуз. Жылуу боткону бетиңизге 20 мүнөт койгон соң салфетка менен аарчып, жылуу суу менен жууп саласыз. Бул маска кургак беттерге жакшы. Ал бетти азыктандырат жана агартат.
Япон маскасы
Бул масканы жасоо эң оңой. Ал үчүн балды, унду, сүттү бирдей өлчөмдө аралаштыруу зарыл. Пайда болгон боткону таза жуулган бетиңизге жарым саат коёсуз. Андан соң ромашканын маңызы менен жууп саласыз. Терини тез картаюудан сактоо үчүн бул япон маскасын маал-маалы менен колдонуп туруу зарыл.
Ачытылган капуста маскасы
Ачытылган капустанын жалбырактары беттин терисин тазалайт жана жашартат. Бетиңизге жана моюнуңузга жалбырактарды коюп, 20 мүнөт жатасыз. Масканы алган соң мээлүүн суу менен жууп, азыктандыруучу крем коюп алуу зарыл.
Жумуртканын сарысы менен лимон маскасы
Бир жумуртканын сарысын көбүгүн чыгара чалып, ага бир лимондун ширесин сыгып кошосуз. Бул аралашманы бетиңизге сүйкөйсүз. Ката баштаганда дагы бир кабат, андан кийин дагы бир кабат сүйкөйсүз. Масканы жалпысынан 15 мүнөт кармап, андан соң муздак суу менен жууп саласыз. Бул маска майлуу беттерге ылайык келет. Эгер сиз да жасасаңыз, бетиңиздин тешикчелери жабыла түшкөнү дароо байкалат.
Алма маскасы
Бир алманын кабыгын аарчып, кубик кылып туурап, аны сүткө кайнатуу зарыл. Пайда болгон боткону жылуу калыбында бетиңизге 20 мүнөт коюп, андан соң мээлүүн суу менен чайкап саласыз.
Дрожж маскасы
Болжол менен 20 граммдай дрожжду 1 чоң кашык сүткө ээритип аласыз. Аралашманы бетиңизге сүртүп, кургаганча күтөсүз. Андан соң ромашканын маңызы менен жууп саласыз. Дрожж маскасы безеткиге жакын беттер үчүн жакшы.

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Aydashka   31 Январь 2012 - 23:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Сүрөт

Эрини кургагандар үчүн кеңеш
Курамында А витамини бар азыктардан көбүрөөк жеңиз: сабиз, боор, каймак май, быштак, жумуртка, балык майы. Түндөсү эриниңизге бал же бадыраң ширесин сүйкөп жатыңыз.
Ар күнү кечинде эриниңизге 1 кичине кашык быштак менен 1 кичине кашык сабиз ширесинин аралашмасын сүртүңүз. Бул эриниңизди жумшартат.
Эгер эриндериңиз өтө катуу жарылгандан улам канай баштаса, кечинде календула мазын, күндүзү түссүз гигеналык помада сүртүп жүрүңүз.
Алманы кырып, азыраак өлчөмдөгү сүткө кайнатасыз. Пайда болгон боткону калың кылып жарылып кеткен эриниңизге коюп, таза чүпүрөк менен жаап 30 мүнөт жүрөсүз. Бул процедураны күн сайын кайталаңыз.

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   Aydashka   18 Февраль 2012 - 00:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Сүрөт

Эриндер менен ооздун көлөмү ээси тууралуу көп нерсени айта алышат.

Чоң ооз
Чоң ооздуу адамдар тамак жегенди жакшы көрүшөт. Алардын тамакка эле эмес, бардык нерсеге табити чоң: физикалык, материалдык, интеллектуалдык баалуулуктарга. Чоң ооздун ээлери ар кандай адам менен тил табышып кетүүгө жөндөмдүү, мамилечил, кичипейил, боорукер болушат. Мындай адамдар эмоциясын ачык чагылдырганды жакшы көрүшөт. Адамдын оозу канчалык чоң болсо - ал ошончолук сүйлөөк. Дайыма жана баарынан өзүн биринчи планга чыгарганды сүйгөнү менен курулай мактанганды сүйбөйт. Ошондой эле чоң ооз камырабаган, чечкинсиз мүнөз тууралуу да айтып турат. Мындай адамдар көбүнчө өздөрүнүн ишенчээктигинин курмандыктары болуп калат. Айымдардын чоң ооздуулары үй кожойкеси болгонго караганда карьера жасаганга көп ыкташат.

Кичине ооз
Кичине ооздуу адамдардын тескерисинче, тамакка болгон табити сыяктуу өз ою менен сезимдерин чагылдыруусу да чектелүү. Ооз канчалык кичине болсо - адам ошончолук түнт. Ал адам ойлорун жашырып, каалап турган нерсесин да ичине катууга көнгөн. Мындай адамдарга катуулук, тактык, оор басырыктуулук, шектенүүчүлүк мүнөздөрү таандык. Алар бир нерсе айтаарда ошол сөздү ичинен таразалап, ойлонуп анан сүйлөшөт. Ошентип бир чечимге келгенче ыңгайлуу учурду өткөрүп да жиберишет. Кичине ооздуу адамдардын ички дүйнөсү бай болот, ошол ички дүйнөсү менен алышып, өзү менен өзү жүрө бергендиктен, сыртынан түнт көрүнөт.

Толук, кенен эриндер
Эгер бул айым өзүнө жаккан нерсесине - ал сумка болобу, эркек болобу, ага тезинен ээ болууну каалайт. Ал эркин, башкалардын өзү жөнүндөгү ойлору аны кызыктырып да койбойт. Ошондой эле энергиялуу. Мындай эриндүү айымдар демилгени өз колуна алуудан, жолугушууга эркекти өзү чакыруудан же телефон чалуудан уялбайт. Анын жашоосу дайыма кызыктуу нерселер менен коштолуп жүрөт. "Же азыр, болбосо, эч качан" - бул анын урааны.

Ичке, кенен эриндер

Мындай адамдар бардык нерсени алдын-ала пландаганды жакшы көрөт. Жаңы жылдык белектерди бир ай мурун алып койгондон тышкары сапарга да бир ай мурун даярданып, чемодандарын салыштырып коёт. Ушул процесстен ал ырахат алат. Бул айым коомчулуктун алдында эмоциясын чыгарганды жактырбайт, андыктан, ал көбүнчө муздак, түнт, бой көтөрмөдөй сезилет. Ал жактырган эркегинен көп деле сапаттарды талап кылбайт, эң негизгиси, ишенимдүү болсо болду.

Ичке, кичине эриндер
Бир орунда отура албаган мындай айым адреналинди, ар кандай жоруктарга туш болгонду жакшы көрөт. Репутациясын бузбоо үчүн башкалар баш тарткан тобокелчиликке бара алат. Анын күчтүүлүгү, эрктүүлүгү эркектерди чочутат.

Үстүңкү эрини астыңкысынан чоң
Мындай айым өзүнүкү туура экендигине 200 пайыз ишенгенден кийин гана бир ишке кадам таштайт. Бул максаттуу айым. Турмуштук кредосу - "Бардыгы же эч нерсе". Жумушун жарым жолдон таштап койгон адамдар анын кыжырын келтирет. Мындай айым көздөгөн нерсесине менменсингендик жана өзүн баалагандык сапаты менен оңой жете алат. Ал бардык лидерлик сапаттарга ээ. Кыялындагы эркектин да күчтүү амбицияга ээ болуп, өзүнүн жаңы бийиктиктерди багынтуусуна түрткү болуусун каалайт.

Асыңкы эрини үстүңкүсүнөн чоң
Ал дайыма көңүл борборунда болот, анткени, топтон өзгөчөлөнүп турат. Мындай айым өзүнө өзгөчө эркек керек экендигин билет, андай эркек жолукканга чейин убактысынын өтүп жатканына да кайыл. Ал эркегинин кемчилигине көп маани бербейт, аны биринчи көргөндө ким жагып калса, ошол эркек кызыктырат.

Үстүңкү менен астыңкы эрини бирдей
Өтө толук эмес, өтө ичке эмес мындай эриндер идеалдуу эриндер болуп эсептелинет. Мындай эриндердин ээлери колу ачык, чынчыл, чечкиндүү адамдар болушат. Бул адамдарга кырк жаштан кийин чоң ийгилик келет.

Бантик формасындагы эриндер
Мындай формадагы эриндер - чыныгы аялга таандык эриндер. Ал ээсиндеги сүйкүмдүүлүктү, наздуулукту, сезимталдуулукту, ошол эле учурда анткорлукту, калпычылыкты да билдирип турат. Ал эми эркектердеги мындай эрин көйрөңдүктүн жана жеңил ойлуулуктун белгиси. Бул адамдар көңүл борборунда болууну каалашат. Негизинен, алар аябай ак көңүл, кандай гана маселе болбосун чечүүгө жөндөмдүү келишет.

Кычыктары ылдый түшүп турган эриндер
Бул пессимизмдин белгиси. Мындай ооздун ээлери турмуштун ар кандай татаал кырдаалдарынан чыгууга өздөрүн жөндөмсүз деп эсептешет. Ошол эле учурда алар айланасындагыларды үстүнөн кароого, айыптаганга, уяткарганга жөндөмдүү.

Кычыктары өйдө көтөрүлүп турган эриндер

Мындай эриндерге ээ адамдар жашоону жана айланасындагыларды сүйүшөт. Андыктан алар менен тил табышуу дайыма жеңил.

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Miraika   20 Февраль 2012 - 14:40

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 08 Февраль 12
  • Соңку аракети: 21 Ноя 2018 23:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Майлуу чачтарга жана какачтардан кандай арылса болот?..Ушул жонундо да жаза кетсенер сураныч?? Мен ар кандай шампундар колдонуп кордум, бирок эч какачтан арыла албай жатам?Кенеш берсенер косметолог эжелер ж-а синдилер??... ....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   Aydashka   20 Февраль 2012 - 18:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Просмотр сообщения Miraika (20 Февраль 2012 - 14:40) жазган:

Майлуу чачтарга жана какачтардан кандай арылса болот?..Ушул жонундо да жаза кетсенер сураныч?? Мен ар кандай шампундар колдонуп кордум, бирок эч какачтан арыла албай жатам?Кенеш берсенер косметолог эжелер ж-а синдилер??... ....

Miraika ушул эле темага жакшыраак коз жугуртуп карасаныз,жооп табасыз!
★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   muslimkg   21 Февраль 2012 - 07:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 469
  • Катталган: 02 Февраль 12
  • Соңку аракети: 01 Ноя 2019 16:42
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жалалабат

Айдашка жана Жоомарт кенешиниздерге чоооон рахмат мага керектуу нерселерди билип алдым озу чачымда тушуп эмне кылышымды билбей аттым эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   nazgul8076   06 Март 2012 - 14:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 514
  • Катталган: 11 Январь 12
  • Соңку аракети: 19 Июн 2013 12:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош шаары

Бар болгула, чоон рахмат, кандай гана керектуу маалыматтарды алдым...Коктон издегеним жерден табылып. :kiss2:
Балам бактым-балам базарым!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   Aydashka   24 Март 2012 - 01:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Сүрөт
Замира Молдошевадан кеңештер:

1.Чарчаган көздү калыбына келтирүү үчүн көзүңүздүн айланасына кыргычтан жаңы эле өткөрүлгөн картошкадан маска жасасаңыз болот. 10-15 мүнөт коюлган маска көздүн айланасындагы бырыштарды жазат, күн сайын жасалган макияждан чарчаган көздүн назик терисин эс алдырат.

2.Каш тергенде оору сезилбеш үчүн териңизге крем сүртүп алыңыз. Ашыкча кремди кебез менен сүртүп салсаңыз болот, болбосо, каш тергич сыйгалана берет.

3.Бака жалбыракты кайнатып, анын маңызын муздаткычка тоңдуруп коюңуз да, ар күнү эртең менен ошол муз менен бетиңизди сүртүңүз. Бул бетиңиздин клеткаларын жандандырып, майда жараттардан арылтат.

4.Кандай гана крем болбосун, аны бетти жуугандан кийин жок дегенде 15 мүнөттөн кийин коюңуз.

5.25 жаштан өткөн бардык аялдар үчүн күн сайын бет үчүн көнүгүү жасоо пайдалуу: манжаларыңыздын учу менен бетиңиздин бардык бөлүгүн 5 мүнөт ургулаңыз. Бул кан айланууну жакшыртат, терини жандандырат, бырыштын пайда болушунун алдын алат.

6.Күз-кыш айлары үчүн эң жакшы маска болуп бал жана оливка майы маскалары эсептелинет. Аларды аралаштырып (1:1) колдонсо да болот, өз-өзүнчө колдонсо да болот. 10-15 мүнөт бетке коюп, андан соң самынсыз жылуу сууга жууп салуу керек.

7.Ар кандай маскаларды коёордо бетиңизди 10 мүнөт бууга тоссоңуз, маска жакшы таасир этет. Андан кийинки процедура: калың таза кездемени ысык сууга малып сыгып, бетиңизге жабыңыз. Ушундан соң гана каалаган маскаңызды жаба бериңиз.

8.Майлуу беттерди шалфейдин,ромашканын маңыздары менен сүртсө болот.

9.Жылтырап турган майлуу меттер менен күрөшүүдө курамында спирт бар каражаттарды колдонууга болбойт. Ал теринин сырткы катмарын кургатканы менен маселени чечүүгө жардам бербейт.

10.Ээктин астындагы "экинчи ээкти" кичирейтүү үчүн төмөнкү процедураны күн сайын жасаңыз: 1 чай кашык туз кошулган 1 стакан сууга малынган сүлгү менен ээгиңизди жана моюнуңузду 3-5 мүнөт чапкылаңыз.

11.Териси бырышып, бошоң тарта баштаган моюндар үчүн маска: аябай жакшы бышкан бананды эзип, моюнуңузга жабыңыз да, 10-15 мүнөттөн соң жылуу суу менен жууп салыңыз.

12.Жылуу суу толтурулган ваннага бир стакан сливканы же майлуу сүттү кошуп жиберип, ошол сууга чайынсаңыз, бул курган терини жумшартуучу жана тазалоочу эң жакшы каражат болуп эсептелинет.

13.Ваннадагы сууга кошулган жаңы сыгылган апельсиндин ширеси болсо терини жандандырып, серпилгич кылат.

14.Чыканактын катып калган терисин жумшартуу үчүн лимонду тең ортосунан бөлүп, чыканагыңызды бул "чөйчөккө" 10-15 мүнөт салып туруңуз.

15.Колдун териси үчүн азыктандыруучу маска: 1 жумуртканын сарысын, 1 чоң кашык бал, 1 чай кашык овсянка унун аралаштырыңыз. Аны калың кылып колуңузга сүйкөп, кебезден жасалган кол байпак кийип түнү бою, жок дегенде бир нече саат кармаңыз.

16.Териси катып, жарылып кеткен буттар үчүн маска: 200 грамм сүткө орточо көлөмдөгү бир алманы 30 мүнөт кайнатасыз. Андан соң аны эзип, боткосун таза жуулган бутуңузга сүйкөйсүз. 15-20 мүнөттөн соң жылуу суу менен жууп саласыз.

17.Эгерде бут кийимиңиз өйкөп, бутуңуз кабарып кетсе, аны лимон менен дарылоого болот. Жатаарда кабарган жериңизге лимондун кабыгын ички бетинен коюп, байпак кийип алыңыз. Эртең менен тери оңой сыйрылат.

18.Эгерде бутуңуз көп тердесе,
бутуңузду жумасына 2 жолу муздак суу менен жууп туруңуз.

19.Эгерде чачыңыз жука болсо, аны кубаттуу жана барпагай кылуу үчүн цинкке, кальцийге бай тамактардан көбүрөөк жеңиз.

20.Какачка каршы элдик каражат: 1 баш пияздын эң сырткы кабыгын 0,5 литр кайнак сууга 15 мүнөт демдеп коёсуз. Бул маңыз менен бир ай бою чачыңызды жуугандан кийин чайкайсыз.

21.Чачыңызды фендин жылуу абасы менен кургатыңыз. Ысык абасы чачты бузат.

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   Miraika   20 Апрель 2012 - 13:59

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 08 Февраль 12
  • Соңку аракети: 21 Ноя 2018 23:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Рахмат,кенешиниздергеСүрөт !!!Дагы да болсо пайдалуу кенештер жаза кетсениздер? Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: AGAT: 23 Апрель 2012 - 15:44

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   Aydashka   20 Апрель 2012 - 15:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Miraika, кызыл түстү колдонууга болбойт,эреже менен жакшыраак таанышыңыз. Сизге эскертүү!
★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   zvezdo4ka   25 Апрель 2012 - 15:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 15 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2013 22:25
  • Жынысы:Аялзаты

салам баарынарга, жакшы тема экен кыздарга эн керектуу, мен алдын ала кечирим сураймын, бирок форумда тиешелуу тема таппай ушул жерде токтолдум, автордон жана эле колдонуучулардан сурайын дегеним (темага тиешеси жоктой туюлат, ошентсе да сурайын,) мен озум негизи эле арыкчырай келген кыздарданмын, анан турмушка чыккандан кийин эч эле семире албадым, торогондон кийин семирип кетесин дешкенинен куттум эле, бирок балам 2 жашка чыкса да эч эле семире албай койдум (айрымдарына кулкулуу угулса керек), эми коп эмес балчайып семируу эмес, но 6-8 кг кошсом жакшы болмоооооок, андыктан жардам берип кенешинерди сураймын. дагы да болсо темага ылайык келбесе кечирим сураймыыынн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   Aydashka   25 Апрель 2012 - 16:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Просмотр сообщения zvezdo4ka (25 Апрель 2012 - 15:40) жазган:

салам баарынарга, жакшы тема экен кыздарга эн керектуу, мен алдын ала кечирим сураймын, бирок форумда тиешелуу тема таппай ушул жерде токтолдум, автордон жана эле колдонуучулардан сурайын дегеним (темага тиешеси жоктой туюлат, ошентсе да сурайын,) мен озум негизи эле арыкчырай келген кыздарданмын, анан турмушка чыккандан кийин эч эле семире албадым, торогондон кийин семирип кетесин дешкенинен куттум эле, бирок балам 2 жашка чыкса да эч эле семире албай койдум (айрымдарына кулкулуу угулса керек), эми коп эмес балчайып семируу эмес, но 6-8 кг кошсом жакшы болмоооооок, андыктан жардам берип кенешинерди сураймын. дагы да болсо темага ылайык келбесе кечирим сураймыыынн

zvezdo4ka суроолоруңузга мобул жерден жооп таба аласыз!

Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 25 Апрель 2012 - 16:03

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   Aydashka   02 Май 2012 - 16:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Бырышка каршы 7 азык
Бетке бырыштын түшүшү - бул табигый көрүнүш. Бардык адамдардын бетине бырыш түшөт, бирок, кимдир бирөөгө эрте, кимдир бирөөгө кеч. Ал эми бырыштын алдын алуу, анын түшүшүн кечеңдетүү, кыскасы, өзүбүздү канча бир убакка жашартуу - бул өзүбүздүн гана колубуздагы нерсе.
Сүрөт
1. КАПУСТА
Жаш көрүнүүнү кааласаңыз, күнүмдүк тамактануу рационуңуздан капустаны үзбөңүз. Француз окумуштууларынын изилдөөлөрү көрсөткөндөй, бул жашылчанын курамындагы лютеин аттуу антиоксидант бырыштар менен күрөшөт. Натыйжалуу жыйынтыкка ээ болуу үчүн күнүнө 10 мг лютеин, башкача айтканда, 57 г капуста кабыл алуу зарыл.

2. БУУРЧАК ӨСҮМДҮКТӨРҮ
Соя, маш, гречка, буурчак сыяктуу өсүмдүктөр биздин организмибизде гиалурон кислотасы деп аталган карылыкка каршы затты иштеп чыгат экен. Окумуштуулардын айтымына караганда, адам төрөлгөндө анын организминде бул кислота жетиштүү өлчөмдө болот, ошондуктан, наристелердин терилери жылмакай келет. Жаш өткөн сайын ал азайгандан азая берет, бирок, бул маселени буурчак өсүмдүктөрү чечет. Андыктан, жаштыгыңызды көпкө сактайм десеңиз, болбоду дегенде күнүнө 2 кашык буурчак өсүмдүгүн колдонуңуз.


3. ҮНДҮКТҮН ЭТИ
Үндүктүн этинде тери үчүн маанилүү болгон карнозин аттуу белок бар. Эгер бетиңизде "каз тамандардын" пайда болуусун каалабасаңыз, жумасына 2-3 жолу үндүктүн этин жеп туруңуз.


4. КАРА ӨРҮК
Кара өрүк да организмдин картаюу процессин жайлатуучу азыктардын бири. Кара өрүктүн жаңысынан болобу, кургатылганынан болобу, күнүнө 5-6 даанадан жеп турган адам терисиндеги бырыштардын алдын алган болот.


5. КЫЗЫЛЧА
Көз карандысыз диетолог Кэрри Ракстон кызылчаны теринин картаюусуна каршы эң маанилүү азык деп атаган.

6. ОЛИВКА
Жакында эле австриялык изилдөөчүлөр оливка майын ким көп колдонсо, анын ошончолук бырышы аз болоорун далилдешти.


7. ШОКОЛАД

Ооба, шоколад тери үчүн эң пайдалуу. Германиялык окумуштуулар какаону пайдаланган соң териге кандын куюлушу жакшыраарын далилдешкен. Ошондой эле шоколад теринин №1-душманы болгон ультракызгылт нурларынан сактайт. Бирок кара шоколад гана мындай касиетке ээ.

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 28 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 28, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 21:20

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: