Жин, албарстылар тууралуу Мен эле корко беремби коркконго кош корунот болуп?
#41 25 Январь 2012 - 19:00
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я НАЙДУ ЗАМЕНУ КАЖДОМУ!Зато тех кто остается Я ЛЮБЛЮ БОЛЬШЕ ЖИЗНИ!
#45 26 Январь 2012 - 00:00
#46 26 Январь 2012 - 00:14
DoctorVOROBEI (26 Январь 2012 - 00:00) жазган:
Курандан билгениңди оку шатыратып. Менимче, ар бир эле өзүн мусулман деп эсептеген адам "Фатиха" жана "Ихлас" сүрөсүн билет болушу керек. Мына ошолорду өлгөндө эле окуй бербей, жин-шайтандардан коргонуу максатында да окуп жүрсө болот. Так көрсөтмөлөрдү бере албайм. Мен мындай олутуу суроолордо (маселелерде) сөзсүз далил менен жооп бергенге аракет кылгандыктан азыр андай-мындай деп жаза албайм. Бул сүрөлөрдө Ислам дининин негизи (Бир гана Аллахка сыйынуу керектиги) берилгендиктен Ихлас сүрөсүн үч жолу окуу - бул "Куранды толук окуп чыгууга тете" деген сөздөр бар.
"Ийааканъ буду уа ийааканаъ стааъиин" - "Сага гана сыйынабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз"
Эгер, "Фатиха" сүрөсүн билсең, анда дал ушул сөздөр бар. Негизи, Курандын кайсы бир сүрөсүн жаттап жатканда анын мааниси жана чечмеленишин түшүнүп жаттаса жүрөккө тез жана терең сиңет дагы, адамдын ошол айтылган сөздөргө маани берип окуусу дагы жакшы болот..
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 26 Январь 2012 - 00:29
#47 26 Январь 2012 - 00:15
1. Ислам дининин фарздарын толук жана так аткаруу, өзгөчө Таухидди (Лаа илааха илла Алла) билип жана аны кармануу, ширктен, чоң күнөөлөрдөн жана тыюу салынган нерселерден алыс болуу, мурдагы күнөөлөрү үчүн Алла Тааладан кечирим суроо керек, анткени жиндердин адамдарга зыян кылуусу Алла Тааланын эрки боюнча болот.
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 26 Январь 2012 - 00:23
#48 26 Январь 2012 - 00:16
а) «Ихлас», «Фалак», «Нас» сүрөөлөрүн эртең менен кечинде окуу.
б) Пайгамбардын дуасы: «Аъузу бикалимаатиллаахи – аттааммаати мин шарри маа холак» (Аллахтын толук сөздөрү менен Ал өзү жараткан нерселердин кесиринен сактоосун Алладан сурайм). Эртең менен, кечинде үч жолу жана ар дайым.
в) Пайгамбардын дуасы: «Бисмилла- хиллазии лаа ядурру махасмихи шай-ун филь-арди ва лаа фиссамаа-и ва хува ссамиъуль ъалиим» (Алланын ысымы менен, жердеги жана асмандагы эч бир нерсе зыян кылбайт, Ал Угуучу жана Билүүчү» . Эртең менен, кечинде үч жолу.
г) Пайгамбардын балдары коргоо үчүн айткан даусы: «Уъизукумаа бикалимаа-тиллаахи- ат-тааммати мин кулли шайтоонин ва хаамматин ва мин кулли ъайнин лаамматин» (Мен экөөңөрдү Алланын толук сөздөрү менен силерди бардык шайтандардан, зыякеч курт-кумурскалардан (жыландардан) жана жаман көздөн сакташын сурайм).
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 26 Январь 2012 - 00:17
#49 26 Январь 2012 - 00:17
«Жиндердин көздөрү менен менин үммөттөрүмдүн ортосундагы тосмо бул – «Бисмилла».
#50 26 Январь 2012 - 00:18
5. Үйгө кирээрде жана чыкканда, ажаатканага кирээрде жана чыкканда, мечитке киргенде жана чыкканда үзгүлтүксүз түрдө көрсөтүлгөн дуа жана зикрлерди айтып туруу.
6. Ар бир намаздан кийин «Аят аль-Курсини» окуу жана ошондой эле «Ихлас», «Фалак», «Нас» сүрөөлөрүн уктаардын алдында окуп, андан соң алаканга үйлөп, бүт денеге сүртүү, «Аят аль-Курси» менен «Бакара» сүрөөсүнүн акыркы эки аятын окуу керек. Айша, андан Аллах ыраазы болсун, айтты:
«Пайгамбар, ага Алланын салават-саламдары болсун, уктаарда алакандарын бет алдына бириктирип, анан Курандын акыркы үч сүрөөсүн окуп, аларга үйлөгөн соң бети-башынан баштап бүт денесин сүртүп, ушуну үч жолу кайталачу».
(Бухари)
#51 26 Январь 2012 - 00:19
8. Ийиндерге, жаракаларга жана ар кандай боштуктарга заара кылганга болбойт аткени булар жиндер жашай турган жайлар.
9. Жиндердин адамдарга зомбулук, зулумдук кыла турган учурларынан сак болуу:
А) Адам катуу ачуусу келгенде: «Аъуузу биллахи-минаш- шайтоонир-рожиим» – деп айтып, андан соң даарат алуусу керек.
Б) Алладан башка эч кимден коркпоо керек. Жаратылган макулкутардан жүрөгү менен катуу коркуу жиндерге жол ачат.
В) Камырабастыктан жана күнөөлөрдөн сактануу үчүн ар дайым Алланы эстеп, анын ысымдарын айтып туруу керек, аткени Мухаммад майгамбар, ага Алланын салават-саламдары болсун, мындай деп айткан:
«Алланы эстеп жүр, Ал сени сактайт».
Г) Бир нерсени каалоодон жана бир нерсеге берилүүлөрдөн сактанып, ар нерседе өзүнүн чегин билүү.
#52 26 Январь 2012 - 00:21
11. Бийиктиктен кулаганда же болбосо жерге оор нерсени ыргытканда «Бисмилланы» айтуу керек.
12. Үч күндө бир жолу «Бакара» сүрөөсүн окуп туруу жакшы болот.
13. Жиндерди денеден чыгаруу үчүн зайтун майына (оливка майы) Куран аяттарын окуп дем салып, адан соң ошол дем салынган майдан бир кашып ичүү керек жана дем салынган май менен бүткүл денени толук сүртүү керек. Бул дарылоо ыкмасы эң негизгилердин бири болуп эсептелүү менен жатаар алдында жасалат жана жин толук чыгып кеткенге чейин улантылуусу зарыл. Алалашмасы жок таза зайтун майы гана дарыланууга жарактуу.
#53 26 Январь 2012 - 00:26
1.4. Эркек киши жубайына жакындык кылардын алдында төмөнкү дубаны:
Би-сми- Лляхи, Аллахумма, джанниб-на-ш- шайтана ва джанниби-ш-шайтана ма разакта-на!
Мааниси: “Бисмилла. О, Аллах, бизден жана бизге ырыскы кылып берер нерселериңден шайтанды алыстат”
айтса, Аллах Таала болочок перзентин шайтандын зыянынан сактайт.
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 26 Январь 2012 - 00:28
#54 26 Январь 2012 - 00:28
2.1. Бала төрөлгөндө оң кулагына азан, сол кулагына икоома айтылат.
Абу Рофи (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: “Алланын элчиси (ага Алланын салават, саламдары болсун) кызы Фатима төрөгөндө (небереси) Хасан ибн Алинин оң кулагына азан айтканын көрдүм"
[Абу Дауд жана Тирмизи риваяты]
Хасан Ибн Алиден риваят айтты: “Алланын элчиси (ага Алланын салават, саламдары болсун) айтты: “Кимде бала төрөлсө, оң кулганына азан, сол кулагына икоома айтса, андан (баладан) Умму Сибян (балдарга зыян берүүчү жин) алыс болот”.
Бул хадистен маалым болгондой баланын кулагына азан, икоома айтуудан ага зыян берүүчү Умму Сибян деп аталган жиндердин түрүнүн зыяндыгынан бала кутулат.
Азан, икоомалардын пайдаларынан: бала туулганда эле алгачкы сөзү – Алланы тааныткан, улуктаган, жалгыз гана Сыйынылуучу Зат экенин, Анын акыркы адамзатка жөнөткөн пайгамбары Мухаммад (ага Алланын салават, саламдары болсун) экенин билгизген сөздөрдү угузуу. Хадистерде келгендей качандыр азан айтылса, ал жерден шайтан качат. Демек, баланын кулагына азан айтылса, андан жамандыктын башаты болгон шайтан качып, балага жакшылык келип, дүйнөгө келген алгачкы убагын шайтандан арылып жашоого жол салып берилет.
#55 26 Январь 2012 - 00:39
#56 26 Январь 2012 - 09:44
" Албарсты, илешме дегендер барбы? " аттуу тема бар, бирок ал тема менен бул теманын мааниси башка деген ой менен бириктирген эмесмин.
Бул жакта кеп жин, шайтандар тууралуу болуп жатат, ал жакта албарсты жөнүндө.
Теманы жакшы билгениңер, бириктирип коюу керек десеңер бириктирип коем.
#57 26 Январь 2012 - 14:50
#58 26 Январь 2012 - 15:26
Demon (26 Январь 2012 - 14:50) жазган:
Рахмат!
"Жин, шайтандар тууралуу." жана "Албарсты, илешме дегендер барбы?" темалары бириктирилип, аталышы "Жиндер менен байланыш" деп өзгөрдү.
#59 26 Январь 2012 - 15:39
Кимге толук ишенсем, алар менен гана дос болом...
Ким мени бааласа, аларга чексиз ыраазымын...
#60 26 Январь 2012 - 17:33
AGAT (26 Январь 2012 - 09:44) жазган:
" Албарсты, илешме дегендер барбы? " аттуу тема бар, бирок ал тема менен бул теманын мааниси башка деген ой менен бириктирген эмесмин.
Бул жакта кеп жин, шайтандар тууралуу болуп жатат, ал жакта албарсты жөнүндө.
Теманы жакшы билгениңер, бириктирип коюу керек десеңер бириктирип коем.
Туура кыласыз, анан менин да билдирүүмдү өчүрүп салыптырсыз.
Жиндер деле адам сыяктуу жашашат экен. Мурда Кудайга баардыгы сыйынып турушчу экен. Анан Кудай Шайтанды оттон жараткандан кийин жин-шайтандар өзүнчө бөлүнүп кетишиптир.