"Азгырылып " дептирсиз, азгырылгандын аягы жаман нерсе менен бутуп калбайбы.
Как будто кыргызга тийгендердики эле аягы жомоктогудай бүтүп жаткансып. Кыргыздын эркектери аялдарына кээде айбанга кылгандай мамиле кылышат...
Өткөндө бир видео көрдүм, Россиядагы кыргыз жигиттери бир келинди кармап алып, кордоп жатышыптыр. "Эмнеге кордошуптур? " деп атсаңар керек, эмнеге болмок эле, тиги шордуу келин кыргыз жигиттерин карабай, башка улуттар менен жүргөн имиш. Жүрсө ал жүрүп жатат да, тиги эркектерде эмне жок, иши канча?! Тим эле эки сөзүнүн бири сөгүнүшөт, тигини чечинтип алып "аты-жөнүңдү айт, б...." деп коркутуп атышат. Келин болсо жалбарып жатат...
Бул видеону көрүп мен албетте келинге боорум ачыды, куру намыска берилип, бирөөнү кордоп жаткан эркек сөрөйлөрдүн эмнесин колдоюн? Оозго алгыс сөздөрдү сүйлөгөнү аз келгенсип, бир катынды 2-3 кордогону үчүнбү?!

Супер-Инфо
super.kg
видео

















