Жашынып тоо артына
Артынан кеттиң Күндүн
Дегенсип... “келип калам...
Жаңырган Айды күткүн”
Карааның сиңип кетти
Кучагына коюу түндүн
Дегенсип...кол булгалап
“Келем балким...таңды күткүн...”
Эртең дагы таң атаар деп
Күтүүнүн дагы бир түнүн узатамын...
Аз калды...Ай жаңырат жакында деп
Өзүмдү өзүм сооротомун.
..жубатамын.
. ..
Ыр сабындагы жаңырыктар Сүйүү ырлары, жүрөк сырлары
#42 19 January 2012 - 07:06
Баарына жай табылган бул кең дүйнө
Сезилип мага тардай
Чарчадым, ташыркадым
Такасы сынып калган чобур аттай...
Баары баткан бул ааламга
Калгансыйм, бир мен батпай...
Адашып, журтта калып...ээсин жоктоп
Аянычтуу улуган куу тайгандай...
Чочуркап карап турам бул чөйрөнү
Чогулган топ балага аралашпай
Обочо жалгыз турган
Бакчага жаңы барган балакайдай. ..
Баарына кызык болгон бул жашоодо
Кайдыгермин, эч нерсеге алаксыбай...
Ыраактан көз саламын
Тааныштардын арасында...бейтааныштай...
Сезилип мага тардай
Чарчадым, ташыркадым
Такасы сынып калган чобур аттай...
Баары баткан бул ааламга
Калгансыйм, бир мен батпай...
Адашып, журтта калып...ээсин жоктоп
Аянычтуу улуган куу тайгандай...
Чочуркап карап турам бул чөйрөнү
Чогулган топ балага аралашпай
Обочо жалгыз турган
Бакчага жаңы барган балакайдай. ..
Баарына кызык болгон бул жашоодо
Кайдыгермин, эч нерсеге алаксыбай...
Ыраактан көз саламын
Тааныштардын арасында...бейтааныштай...
#43 23 January 2012 - 06:24
термелген сыдырым соккон желге
теректер тынчтанышты кер киргенде
күн дагы кирип кетти уясына
калтырып бул ааламды, коюу түндүн кучагына
так секирген, оюнкараак таргыл мышык
узанып, уктап калды улагада
эне дагы үргүлөп бара жатат
эринбей жомок айткан бөбөгүнүн кулагына
чарчашыптыр, көр дүйнөнүн түйшүгүнөн
баары, баары...кетти окшойт эс алууга...
башын коюн жаздыгына, түн уйкуга...
бир гана мен...уктабаймын. ..эс албаймын...
бир гана мен...жазгандан чарчабадым. ..
ызанын, жек көрүүнүн, таарынычтын. ..
күтүүнүн, үмүт менен сагынычтын. ..
махабаттын. ..ыр саптарын...
теректер тынчтанышты кер киргенде
күн дагы кирип кетти уясына
калтырып бул ааламды, коюу түндүн кучагына
так секирген, оюнкараак таргыл мышык
узанып, уктап калды улагада
эне дагы үргүлөп бара жатат
эринбей жомок айткан бөбөгүнүн кулагына
чарчашыптыр, көр дүйнөнүн түйшүгүнөн
баары, баары...кетти окшойт эс алууга...
башын коюн жаздыгына, түн уйкуга...
бир гана мен...уктабаймын. ..эс албаймын...
бир гана мен...жазгандан чарчабадым. ..
ызанын, жек көрүүнүн, таарынычтын. ..
күтүүнүн, үмүт менен сагынычтын. ..
махабаттын. ..ыр саптарын...
#44 30 January 2012 - 05:43
Суук өтүп калган окшойт
Титиреп, чыйрыгамын
Калчылдап, кармана албай
Калтырап, кыйналамын
Кара мештен чыккан түтүн
Көзүмдү ачыштырат жаш агызып
Кара баскыр суу отун да
Күйбөй койду же жарытып...
Көзүмдү улам аарчып
Күрсүлдөп жөтөлөмүн
Колумда темир көсөө
Каланган суу отунду көсөөлөймүн
Улам үйлөйм ортодогу
Бүлбүл жанган кызыл чокту
Тутанта албай убарамын
Кара меште суу отунду....
..................... ...................... ...................... .........
Мээримсиздер суу себишкен сезим оту
Чартылтап, күйө албай калды түтөп
Жүрөктүн толтосунда сүйүү чогу
Түтөсө да өчпөдү, өчпөй жүрөт...
Алоолонтуп тутантаар деп сени күтөт...
Титиреп, чыйрыгамын
Калчылдап, кармана албай
Калтырап, кыйналамын
Кара мештен чыккан түтүн
Көзүмдү ачыштырат жаш агызып
Кара баскыр суу отун да
Күйбөй койду же жарытып...
Көзүмдү улам аарчып
Күрсүлдөп жөтөлөмүн
Колумда темир көсөө
Каланган суу отунду көсөөлөймүн
Улам үйлөйм ортодогу
Бүлбүл жанган кызыл чокту
Тутанта албай убарамын
Кара меште суу отунду....
..................... ...................... ...................... .........
Мээримсиздер суу себишкен сезим оту
Чартылтап, күйө албай калды түтөп
Жүрөктүн толтосунда сүйүү чогу
Түтөсө да өчпөдү, өчпөй жүрөт...
Алоолонтуп тутантаар деп сени күтөт...
#45 30 January 2012 - 15:23
Агызбачы көз жашыңды жүрөгүм
Азап тартсаң мен да кошо жүдөймүн
Азгырылып, махабаттай сезимге
Айтса болбой анан неге сүйөсүң
Сагынбачы, саргайбачы жүрөгүм
Сапырбачы санааларын дүйнөмдүн
Сокур сүйүү сезимине кул болуп
Сөз тыңдабай анан неге күтөсүң...
Бозорбочу, өңдөн азып жүрөгүм
Бир жылмайчы, мен каткырып күлөйүн
Бирге болуу буйрубаган сүйүүнү
Билбейм неге, неге күтүп жүрөсүң
Ылаң тийип, оорудуңбу жүрөгүм
Ызаланып, мен да кошо түтөймүн
Ырысыңа жазылбаган сүйүүнүн
Ысыгына, айтчы неге күйөсүң
Үшүдүңбү, титирейсиң жүрөгүм
Үстүңдөгү муздак карды күрөйүн
Үмүттөнүп, үшүк урган сүйүүдөн
Үзбөй койдуң, дале болсо күдөрүң
Ашыктыктын сээп кеткен үрөнүн
Алыстарда азыр сенин түгөйүң
Аллах өзү кечирсин деп тиленчи
Ала качкан акмактардын күнөөсүн...
Азап тартсаң мен да кошо жүдөймүн
Азгырылып, махабаттай сезимге
Айтса болбой анан неге сүйөсүң
Сагынбачы, саргайбачы жүрөгүм
Сапырбачы санааларын дүйнөмдүн
Сокур сүйүү сезимине кул болуп
Сөз тыңдабай анан неге күтөсүң...
Бозорбочу, өңдөн азып жүрөгүм
Бир жылмайчы, мен каткырып күлөйүн
Бирге болуу буйрубаган сүйүүнү
Билбейм неге, неге күтүп жүрөсүң
Ылаң тийип, оорудуңбу жүрөгүм
Ызаланып, мен да кошо түтөймүн
Ырысыңа жазылбаган сүйүүнүн
Ысыгына, айтчы неге күйөсүң
Үшүдүңбү, титирейсиң жүрөгүм
Үстүңдөгү муздак карды күрөйүн
Үмүттөнүп, үшүк урган сүйүүдөн
Үзбөй койдуң, дале болсо күдөрүң
Ашыктыктын сээп кеткен үрөнүн
Алыстарда азыр сенин түгөйүң
Аллах өзү кечирсин деп тиленчи
Ала качкан акмактардын күнөөсүн...
#46 01 February 2012 - 21:06
Муңга батып, сен да бир күн сагынсаң
Мени күтүп, бирок таппай чаалыксаң...
Мейкиндикке учуп кетти деп билгин
Мээрим издеп, жылдыздардын артынан
Чолпон жылдыз чакырыптыр. ..кетейин
Чарчасам да, таң атаарда жетээрмин
Чекелетпей, жанынан жай таап берсе
Чертип комуз, ырдап жүрө беремин
Асмандагы жаркыраган ар дайым
Алтын казык жылдызын мен табайын
Аркан кылып байлап алса казыкка
Арт тарапка кайрылбаймын, кайтпаймын
Үркүп жүргөн табышынан адамдын
Үркөр жылдыз арасына барайын
Үйүрүнө кошуп алса топ жылдыз
Үйүр алып ошол жерде каламын...
Же жетиген жылдызына барамын
Жымыңдашып, мен да кошо жанамын
Жалгыздатып, жээрибесе жекелеп
Жандарында жашап байыр аламын...
Сапар алган саманчынын жолунда
Сансыз жылдыз арасына кошушса
Санаасы жок, балким жашап калаармын
Сырдаш болуп, жылдыздарга кошуна...
Көрүп калсаң, кара түндө асмандан
Кулап кетип бир жылдыздын өчкөнүн
Кабарымды угузуптур деп билгин
Карыганын сапарымдын. ...бул дүйнөдөн көчкөнүм...
Мени күтүп, бирок таппай чаалыксаң...
Мейкиндикке учуп кетти деп билгин
Мээрим издеп, жылдыздардын артынан
Чолпон жылдыз чакырыптыр. ..кетейин
Чарчасам да, таң атаарда жетээрмин
Чекелетпей, жанынан жай таап берсе
Чертип комуз, ырдап жүрө беремин
Асмандагы жаркыраган ар дайым
Алтын казык жылдызын мен табайын
Аркан кылып байлап алса казыкка
Арт тарапка кайрылбаймын, кайтпаймын
Үркүп жүргөн табышынан адамдын
Үркөр жылдыз арасына барайын
Үйүрүнө кошуп алса топ жылдыз
Үйүр алып ошол жерде каламын...
Же жетиген жылдызына барамын
Жымыңдашып, мен да кошо жанамын
Жалгыздатып, жээрибесе жекелеп
Жандарында жашап байыр аламын...
Сапар алган саманчынын жолунда
Сансыз жылдыз арасына кошушса
Санаасы жок, балким жашап калаармын
Сырдаш болуп, жылдыздарга кошуна...
Көрүп калсаң, кара түндө асмандан
Кулап кетип бир жылдыздын өчкөнүн
Кабарымды угузуптур деп билгин
Карыганын сапарымдын. ...бул дүйнөдөн көчкөнүм...
#47 02 April 2012 - 16:54
Ачуу чындык, бир ооз сөзүң айтылган
Тикенектей, намысыма сайылган
Кайыл болуп баарына сүйүү күткөн
Сага эмес, мен өзүмө таарынам
Айткан сөзүң, октой болуп атылган
Абийирим тең бөлүнүп жарылган
Көңүл бурбай, тизелеп сүйүү күткөн
Намысы жок жүрөгүмө таарынам
Көңүлүмө өчпөс кара так салган
Намысты эмес, ашыктыкты тандаган
Азыткыдай, адаштырган ак жолдон
Абийирсиз ак сүйүүгө таарынам
Сыйкырчыдай, көзүм бойоп алдаган
Абийиримди арзан гана баалаган
Алып-сатаар соодагердей базарда
Сага эмес, махабатка таарынам...
Тикенектей, намысыма сайылган
Кайыл болуп баарына сүйүү күткөн
Сага эмес, мен өзүмө таарынам
Айткан сөзүң, октой болуп атылган
Абийирим тең бөлүнүп жарылган
Көңүл бурбай, тизелеп сүйүү күткөн
Намысы жок жүрөгүмө таарынам
Көңүлүмө өчпөс кара так салган
Намысты эмес, ашыктыкты тандаган
Азыткыдай, адаштырган ак жолдон
Абийирсиз ак сүйүүгө таарынам
Сыйкырчыдай, көзүм бойоп алдаган
Абийиримди арзан гана баалаган
Алып-сатаар соодагердей базарда
Сага эмес, махабатка таарынам...
#48 02 April 2012 - 16:58
Ызылдап, чаң учурган муздак желдин
Сезбестирсиң. ...үшкүрүгүм экенин...
Көөдөнүмдү жарып чыгып
Шамал болуп сага карай кеткенин...
Жазгы кечте нөшөрлөгөн ак жамгырдын...
Билбестирсиң. ..сүйүү ыйы экенин
Ээ-жаа бербей, жашын төгүп
Ак жаан болуп сага карай кеткенин...
Сезбестирсиң. ...үшкүрүгүм экенин...
Көөдөнүмдү жарып чыгып
Шамал болуп сага карай кеткенин...
Жазгы кечте нөшөрлөгөн ак жамгырдын...
Билбестирсиң. ..сүйүү ыйы экенин
Ээ-жаа бербей, жашын төгүп
Ак жаан болуп сага карай кеткенин...
#49 02 April 2012 - 16:59
Боштукта учуп журом....
Кошулуп, ыргагына соккон желдин
Тутунаар таяныч жок...
Бирде өйдө, бирде төмөн термелемин
Эч ким жок...ээн калгансыйт бүткүл дүйнө
Шуу үшкүрсөм...шуулдап жаңырыктайт
Элеңдеп кулак салам, жаңырып чыккан үнгө
Күн тутулуп, жарыгы өчүп барат
Калтырып ээн дүйнөнү коюу түнгө....
Сабагынан үзүлгөн жалбырактай
А мен болсо токтобой учуп жүрөм
Ээнсиреген бул ааламда сени таппай...
Кошулуп, ыргагына соккон желдин
Тутунаар таяныч жок...
Бирде өйдө, бирде төмөн термелемин
Эч ким жок...ээн калгансыйт бүткүл дүйнө
Шуу үшкүрсөм...шуулдап жаңырыктайт
Элеңдеп кулак салам, жаңырып чыккан үнгө
Күн тутулуп, жарыгы өчүп барат
Калтырып ээн дүйнөнү коюу түнгө....
Сабагынан үзүлгөн жалбырактай
А мен болсо токтобой учуп жүрөм
Ээнсиреген бул ааламда сени таппай...
#50 02 April 2012 - 17:01
Жаз келди...өрүк бүрдөп гүлүн ачты
Күн жаркырап жылуулугун, нурун чачты
Кыштан калган мунарыңкы жаратылыш
Жанданып, кайрадан жаңыланды
Жаз келди...куштар келди алыстагы
Сайрашат шаңга бөлөп айлананы
Кечееги бозоруңку кара жер да
Жашарып, жаз келгенде жашылданды
Ааламга жашоо берген жаздын демин
Баары көрдү...жалгыз гана мен сезбедим
Жагымдуу жыпар чачкан жаздын жытын
Баары жыттап....бир гана мен искебедим...
Негедир самап күттүм ушул жазды
Кабарын билдирээр деп, сени дагы
Сагындырып. ..зарыктырып. .же келбедиң
Саргайдым, жашылданбай. ..жаз келсе да
Санаага батып жүрөм...күндөн күнгө эскиремин...
Өзүмдү ысытса да Күндүн нуру
Какшатып, жан-дүйнөмдү чыйрыктырып
Көөдөндө турат дале кыштын суугу...
Күн жаркырап жылуулугун, нурун чачты
Кыштан калган мунарыңкы жаратылыш
Жанданып, кайрадан жаңыланды
Жаз келди...куштар келди алыстагы
Сайрашат шаңга бөлөп айлананы
Кечееги бозоруңку кара жер да
Жашарып, жаз келгенде жашылданды
Ааламга жашоо берген жаздын демин
Баары көрдү...жалгыз гана мен сезбедим
Жагымдуу жыпар чачкан жаздын жытын
Баары жыттап....бир гана мен искебедим...
Негедир самап күттүм ушул жазды
Кабарын билдирээр деп, сени дагы
Сагындырып. ..зарыктырып. .же келбедиң
Саргайдым, жашылданбай. ..жаз келсе да
Санаага батып жүрөм...күндөн күнгө эскиремин...
Өзүмдү ысытса да Күндүн нуру
Какшатып, жан-дүйнөмдү чыйрыктырып
Көөдөндө турат дале кыштын суугу...
#51 02 April 2012 - 17:04
“Аял назик...
Оорутуп жүрөктөрүн
Кыйкырып, катуу сөз айтпагыла!
Ал ишенчээк...
Жалган айтып, кыянат кылбагыла
Кыяматта жооп берээрсиң
Аялзатын аздектеп сактагыла!
Эркектерге тапшырган Алла Таала
Аялдар аманаты Жараткандын”
Дегени бар, Азирети Пайгамбардын. ..
Ооба, ооба...
Аял назик, аял ыйык...
Аялзаты көлдөй терең, тоодой бийик
Аял улуу, аял сулуу...
Аялзаты Айдай аппак, Күндөй нурдуу
Ардактап жүрөлүчү аялдарды
Анткени алар Алланын аманаты...
Оорутуп жүрөктөрүн
Кыйкырып, катуу сөз айтпагыла!
Ал ишенчээк...
Жалган айтып, кыянат кылбагыла
Кыяматта жооп берээрсиң
Аялзатын аздектеп сактагыла!
Эркектерге тапшырган Алла Таала
Аялдар аманаты Жараткандын”
Дегени бар, Азирети Пайгамбардын. ..
Ооба, ооба...
Аял назик, аял ыйык...
Аялзаты көлдөй терең, тоодой бийик
Аял улуу, аял сулуу...
Аялзаты Айдай аппак, Күндөй нурдуу
Ардактап жүрөлүчү аялдарды
Анткени алар Алланын аманаты...
#52 02 April 2012 - 17:07
Никесиз төрөлгөн бей күнөө бир наристе
Туулуп, кайра эле о дүйнө барат узап
Ыңаалап, энесинен эмчек сурап...
Жашоосу токтооорун билген өңдүү
Зээн кейитип...чырылдап ыйлап турат...
Дегенсип...“Энеке. ..калтырбачы таштандыга
Коркуп жатам...көзгө сайса көрүнгүс караңгыда
Ууз сүтүңө тойгум келет...эмизчи кучагыңда... ”
Таш жүрөк эне сөрөй...бөтөлкө ыргыткансып
Ыргытты...өз канынан жаралган наристесин. ..
Чырылдап байкуш бөбөк кала берди...
Жамынып таштандысын бөлөк жердин...
Көп өтпөдү...угулуп. ..улуганы жолбун иттин...
Үнү үзүлдү...бир күндүк наристенин. ..
Тебелетип намысын...сатышкан денелерин
Никесиз төрөп алып, ыргытып таштандыга
Каргышына калышкан...бир күндүк наристенин. ...
Ушундай күнгө калды...кыздары улуу элдин
--------
Жыйырма жаштардагы бир боз улан
Келе жатат жыгылчудай басып араң...
Колунда бир бөтөлкө...мыжыгып кармап алган
Эки-үч кадам таштап, кайра токтоп
Энтигип, ууртап койот, колундагы жинди суудан...
Кийиминде бүтүн жер жок
Бытыра ок тийгенсип, бүт жыртылган
Каңылжаарды жарып кетти
Жагымсыз жыт...буркураган. ..
Жалооруп колун сунат...тыйын сурап
Жолдон өткөн адамдардан. ..
Аңгыча басып келип милийсасы
Аябай койуп калды баштан ары
“Апа-а-а!” деди...акты жашы...
Кыргыз тура...!! ! Боорум экен!!!
Жүрөгүм бир саамга токтоп калды...
Арадан алты жыл өтсө дагы
Кулагымда жаңырыгы дале турат
Апакелеп...жан соогалап жалынганы...
--------
Тентиген жигиттерди терип жыйнаар
Аллахым, Кыргызга бир Манас берчи...
Кордолгон кыз-келинди коргоп чыгаар
Аллахым, Кыргызга кыз Сайкал берчи...
Туулуп, кайра эле о дүйнө барат узап
Ыңаалап, энесинен эмчек сурап...
Жашоосу токтооорун билген өңдүү
Зээн кейитип...чырылдап ыйлап турат...
Дегенсип...“Энеке. ..калтырбачы таштандыга
Коркуп жатам...көзгө сайса көрүнгүс караңгыда
Ууз сүтүңө тойгум келет...эмизчи кучагыңда... ”
Таш жүрөк эне сөрөй...бөтөлкө ыргыткансып
Ыргытты...өз канынан жаралган наристесин. ..
Чырылдап байкуш бөбөк кала берди...
Жамынып таштандысын бөлөк жердин...
Көп өтпөдү...угулуп. ..улуганы жолбун иттин...
Үнү үзүлдү...бир күндүк наристенин. ..
Тебелетип намысын...сатышкан денелерин
Никесиз төрөп алып, ыргытып таштандыга
Каргышына калышкан...бир күндүк наристенин. ...
Ушундай күнгө калды...кыздары улуу элдин
--------
Жыйырма жаштардагы бир боз улан
Келе жатат жыгылчудай басып араң...
Колунда бир бөтөлкө...мыжыгып кармап алган
Эки-үч кадам таштап, кайра токтоп
Энтигип, ууртап койот, колундагы жинди суудан...
Кийиминде бүтүн жер жок
Бытыра ок тийгенсип, бүт жыртылган
Каңылжаарды жарып кетти
Жагымсыз жыт...буркураган. ..
Жалооруп колун сунат...тыйын сурап
Жолдон өткөн адамдардан. ..
Аңгыча басып келип милийсасы
Аябай койуп калды баштан ары
“Апа-а-а!” деди...акты жашы...
Кыргыз тура...!! ! Боорум экен!!!
Жүрөгүм бир саамга токтоп калды...
Арадан алты жыл өтсө дагы
Кулагымда жаңырыгы дале турат
Апакелеп...жан соогалап жалынганы...
--------
Тентиген жигиттерди терип жыйнаар
Аллахым, Кыргызга бир Манас берчи...
Кордолгон кыз-келинди коргоп чыгаар
Аллахым, Кыргызга кыз Сайкал берчи...
#53 03 April 2012 - 15:12
Энеке, кайгырбачы,
бир күн келээр
Азап-муң, баары бизди таштап кетээр
Ак жолунан адашпай бара берсем
Аллах Таала бир күнү жардам берээр...
Энеке, бөлтүрүгүң көк жал болоор
Төмөндө эмес, бийиктерде чуркап жортоор
Улуганын укканда көк жалыңдын
Кирээрге ийин таппай чөөлөр коркоор...
Энеке, барчыныңа канат бүтөөр
Көк асманды мекендеп, учуп жүрөөр
Барчыныңды көргөндө таз жорулар
Тарпын таштап, алыстап, алар үркөөр...
Кулунуң күлүк болуп тапталаар
Чуркаса туягынан от чачыраар
Түн ортосу түндүктү жыга тарткан
Ууруларга узатпай жетип бараар...
Энеке, комузум да күүгө келээр
Черткенде жан-дүйнөңдү эргитээр
Толкуну таралып бул ааламга
Тоңуп калган жүрөктөрдү эритээр...
Энеке, акырында чындык калаар
Жакалап, намыссызды жарга такаар
Жашынып кете албас, башка жол жок
Жалыны, чындыктардын өрттөп жагаар
Каракчы мойнуна кур салып тураар
Жалганчы эстен танып жерге кулаар
Жашоонун бүгүнү бар...эртеңи да
Энеке, бир күн келээр...эсеп сураар...
Бүтөлөөр жаракасы жүрөгүмдүн
Жамалаар жыртыктары жан-дүйнөмдүн
Энеке, айлананы шаңга бөлөөр
Угулуп жаңырыгы күлгөнүмдүн. ..
Күн батып, таңдар атып, өтөөр айлар
Бүгүндөр артта калып, жыл айланаар
“Элимдин керегине жарайм!” деген
Энеке, убадалар аткарылаар. ..
Энеке, бир күн келээр, баары бүтөөр
Асманда жымыңдаган жылдыз өчөөр
Бул дүйнөгө эч ким түркүк болгон эмес
Бир күн келээр...о дүйнөгө баары көчөөр...
Сааты бүтүп, жалган дүйнө сапарымдын
Бир күн келээр...боз топурак жамынаармын
Энеке...балким өлбөс...жашай берээр
Эл аралап, эпкини ырларымдын...
Азап-муң, баары бизди таштап кетээр
Ак жолунан адашпай бара берсем
Аллах Таала бир күнү жардам берээр...
Энеке, бөлтүрүгүң көк жал болоор
Төмөндө эмес, бийиктерде чуркап жортоор
Улуганын укканда көк жалыңдын
Кирээрге ийин таппай чөөлөр коркоор...
Энеке, барчыныңа канат бүтөөр
Көк асманды мекендеп, учуп жүрөөр
Барчыныңды көргөндө таз жорулар
Тарпын таштап, алыстап, алар үркөөр...
Кулунуң күлүк болуп тапталаар
Чуркаса туягынан от чачыраар
Түн ортосу түндүктү жыга тарткан
Ууруларга узатпай жетип бараар...
Энеке, комузум да күүгө келээр
Черткенде жан-дүйнөңдү эргитээр
Толкуну таралып бул ааламга
Тоңуп калган жүрөктөрдү эритээр...
Энеке, акырында чындык калаар
Жакалап, намыссызды жарга такаар
Жашынып кете албас, башка жол жок
Жалыны, чындыктардын өрттөп жагаар
Каракчы мойнуна кур салып тураар
Жалганчы эстен танып жерге кулаар
Жашоонун бүгүнү бар...эртеңи да
Энеке, бир күн келээр...эсеп сураар...
Бүтөлөөр жаракасы жүрөгүмдүн
Жамалаар жыртыктары жан-дүйнөмдүн
Энеке, айлананы шаңга бөлөөр
Угулуп жаңырыгы күлгөнүмдүн. ..
Күн батып, таңдар атып, өтөөр айлар
Бүгүндөр артта калып, жыл айланаар
“Элимдин керегине жарайм!” деген
Энеке, убадалар аткарылаар. ..
Энеке, бир күн келээр, баары бүтөөр
Асманда жымыңдаган жылдыз өчөөр
Бул дүйнөгө эч ким түркүк болгон эмес
Бир күн келээр...о дүйнөгө баары көчөөр...
Сааты бүтүп, жалган дүйнө сапарымдын
Бир күн келээр...боз топурак жамынаармын
Энеке...балким өлбөс...жашай берээр
Эл аралап, эпкини ырларымдын...
#54 21 July 2012 - 13:54
Жоготуп алып, бул теманы таппай жүрдүм эле... издегеним табылды
Эн сонун, жогорку деңгээлде жазылган жүрөктөн чыккан ырлар... Кайгылуу, муңдуу, көзүңө жаш келтирип, адамды ойлонтууга аргасыз кылат. Эмнегедир "Кыргызшаа аябай капа болгондо ыр жазат окшойт" - деп ойлоп калдым...
Көөдөнүңүз өзүнчө эле ыр дүйнөө экен... Ырларыңыздан дагы көөп-көөп жазып, анан окурмандарыңыз менен бөлүшүп турасыз деген үмүттөмүн...
Эн сонун, жогорку деңгээлде жазылган жүрөктөн чыккан ырлар... Кайгылуу, муңдуу, көзүңө жаш келтирип, адамды ойлонтууга аргасыз кылат. Эмнегедир "Кыргызшаа аябай капа болгондо ыр жазат окшойт" - деп ойлоп калдым...
Көөдөнүңүз өзүнчө эле ыр дүйнөө экен... Ырларыңыздан дагы көөп-көөп жазып, анан окурмандарыңыз менен бөлүшүп турасыз деген үмүттөмүн...
#56 04 March 2013 - 09:27
БҮЧҮР БАЙЛАП ЖАЗДА КЕЛЕМ
Жыгылганда жүзүн үйрүп кеткендерди,
Көңүлүмө сыйдыра албай күндө жүдөп.
Кан тамырым дирилдеп араң кагат,
Оту өчкөн коломтодой быкшып түтөп.
Жалооруп чындык жатса көңүл бурбай,
Жалганды жандап кеткен адам көрдүм,
Жер үстүндө сыя албай тыбырчылап,
Жүз тирилип, жүз жолу кайра өлдүм...
Алдамчылар жык толгон бул ааламда,
Аба жетпей, алсырап күндө буулдум.
Жаңы эле тамтуң баскан бөбөккө окшоп,
Жүз жыгылып, жүз ирет кайра турдум...
Жылмайып, жүзү күлүп турса дагы,
Жүрөгүн дат баскандарга ызаландым.
Жайлоонун жаш баладай күнүнө окшоп,
Жүз жолу жашым төгүп, жүз чыйралдым...
Сунган колдун ордуна кагуу жеген,
Селсаяктай тентидим, азып-тоздум.
Жарымы жок жаңырган Айга окшоп,
Жүз жоголуп, жүз ирет кайра толдум...
Сабагына тутуна албай күз келгенде,
Саргайган жалбырактай күбүлсөм да.
Бак-дарактын боорунан жарып чыккан,
Бүчүр болуп келем кайра.. эрте жазда!!!
Жыгылганда жүзүн үйрүп кеткендерди,
Көңүлүмө сыйдыра албай күндө жүдөп.
Кан тамырым дирилдеп араң кагат,
Оту өчкөн коломтодой быкшып түтөп.
Жалооруп чындык жатса көңүл бурбай,
Жалганды жандап кеткен адам көрдүм,
Жер үстүндө сыя албай тыбырчылап,
Жүз тирилип, жүз жолу кайра өлдүм...
Алдамчылар жык толгон бул ааламда,
Аба жетпей, алсырап күндө буулдум.
Жаңы эле тамтуң баскан бөбөккө окшоп,
Жүз жыгылып, жүз ирет кайра турдум...
Жылмайып, жүзү күлүп турса дагы,
Жүрөгүн дат баскандарга ызаландым.
Жайлоонун жаш баладай күнүнө окшоп,
Жүз жолу жашым төгүп, жүз чыйралдым...
Сунган колдун ордуна кагуу жеген,
Селсаяктай тентидим, азып-тоздум.
Жарымы жок жаңырган Айга окшоп,
Жүз жоголуп, жүз ирет кайра толдум...
Сабагына тутуна албай күз келгенде,
Саргайган жалбырактай күбүлсөм да.
Бак-дарактын боорунан жарып чыккан,
Бүчүр болуп келем кайра.. эрте жазда!!!
#57 04 March 2013 - 10:19
КАРЕКТЕРДЕ КАТЫЛГАН СЫР
Күтүүсүз кабыл алган чечимден соң,
Билгим келип сурадым абалыңды.
Мукактанып “баары жакшы”десең дагы,
Каректерин чындыкты жашырбады...
Сөз үзүлдү... учугун улай албай,
Көз ирмебей, туруп калдык тиктешип.
Экөөбүздү курчаган жымжырттыкта,
Көз караштар көпкө турду сүйлөшүп...
Көздөрүм көздөрүңө суроо салды:
“Татынам, сен да мени сагындыңбы? ”
“Өзүңдү бир көрсөм деп канча күткөм”
Деген өңдүү каректериң балбылдады. ..
“Эсиңдеби, айткандарым асыл эркем,
Батырам бар дүйнөңдү, койнум кенен.
Бир күн келет... бакыттын таңы аткан.
Алыстарга алып сени кетем деген?”
“Кыялымда бирге учкан сени менен
Унутпадым сыр чечишкен узун түндү.
Өзүңө айта албай, тартынсам да
Чыдамсыз күтүп жүргөм ошол күндү...”
“Үмүттү...махабатты айдап чыгып
Кулпулап алгансыңбы жүрөгүңдү?
Күтүүнүн күнү бүтүп калды беле
Неге шаштын... сабырың түгөндүбү?”
“Кечирчи. .. убадама тура албадым,
Тагдырга моюн сундум... кабыл алдым.
Жаркырап биз күткөн Күн чыккан кезде,
Жароокерим, жаныңда боло албаймын...”
Көздөрүмдүн сөзү бүттү деген өңдүү,
Карабай, карегиңди алып качтың.
Көрсөткүң келбегенсип көз жашыңды,
Башыңды жерге салып бара жаттың...
#58 04 March 2013 - 11:00
КЫЗЫГЫҢ ЭРТЕ, ТАРАДЫ НЕГЕ?
“Багындым сага, арбалдым сага, бакытым сенде,
Бир өмүр бою сүйөмүн” деп айтпадың беле.
Батберектей, үзүлүп жиби, асманда учкан,
Бийиктеп учуп...билдирбей кеттиң дайныңды неге?
“Үндөшүм менин, сүйгөнүм менин, үмүтүм сенде,
Үчүнчү айда келемин” деп айтпадың беле.
Үкүдөй болуп, таң атканча уктабай күтсөм,
Үлпүлдөп жанган, үмүттүн шамын өчүрдүң неге?
“Карегим менин, кагылайын, көңүлүм сенде,
“Кызганып жүрөм, көзүңдү” деп айтпадың беле.
Кайырчы сымал... колумду сунуп жалооруп турсам,
Кылчайбай кеттиң... кызыгың эрте тарады неге?
“Багындым сага, арбалдым сага, бакытым сенде,
Бир өмүр бою сүйөмүн” деп айтпадың беле.
Батберектей, үзүлүп жиби, асманда учкан,
Бийиктеп учуп...билдирбей кеттиң дайныңды неге?
“Үндөшүм менин, сүйгөнүм менин, үмүтүм сенде,
Үчүнчү айда келемин” деп айтпадың беле.
Үкүдөй болуп, таң атканча уктабай күтсөм,
Үлпүлдөп жанган, үмүттүн шамын өчүрдүң неге?
“Карегим менин, кагылайын, көңүлүм сенде,
“Кызганып жүрөм, көзүңдү” деп айтпадың беле.
Кайырчы сымал... колумду сунуп жалооруп турсам,
Кылчайбай кеттиң... кызыгың эрте тарады неге?
#59 04 March 2013 - 11:10
БҮЧҮР БАЙЛАП ЖАЗДА КЕЛЕМ
Жыгылганда жүзүн үйрүп кеткендерди,
Көңүлүмө сыйдыра албай күндө жүдөп.
Кан тамырым дирилдеп араң кагат,
Оту өчкөн коломтодой быкшып түтөп.
Жалооруп чындык жатса көңүл бурбай,
Жалганды жандап кеткен адам көрдүм,
Жер үстүндө сыя албай тыбырчылап,
Жүз тирилип, жүз жолу кайра өлдүм...
Алдамчылар жык толгон бул ааламда,
Аба жетпей, алсырап күндө буулдум.
Жаңы эле тамтуң баскан бөбөккө окшоп,
Жүз жыгылып, жүз ирет кайра турдум...
Жылмайып, жүзү күлүп турса дагы,
Жүрөгүн дат баскандарга ызаландым.
Жайлоонун жаш баладай күнүнө окшоп,
Жүз жолу жашым төгүп, жүз чыйралдым...
Сунган колдун ордуна кагуу жеген,
Селсаяктай тентидим, азып-тоздум.
Жарымы жок жаңырган Айга окшоп,
Жүз жоголуп, жүз ирет кайра толдум...
Сабагына тутуна албай күз келгенде,
Саргайган жалбырактай күбүлсөм да.
Бак-дарактын боорунан жарып чыккан,
Бүчүр болуп келем кайра.. эрте жазда!!!
Жыгылганда жүзүн үйрүп кеткендерди,
Көңүлүмө сыйдыра албай күндө жүдөп.
Кан тамырым дирилдеп араң кагат,
Оту өчкөн коломтодой быкшып түтөп.
Жалооруп чындык жатса көңүл бурбай,
Жалганды жандап кеткен адам көрдүм,
Жер үстүндө сыя албай тыбырчылап,
Жүз тирилип, жүз жолу кайра өлдүм...
Алдамчылар жык толгон бул ааламда,
Аба жетпей, алсырап күндө буулдум.
Жаңы эле тамтуң баскан бөбөккө окшоп,
Жүз жыгылып, жүз ирет кайра турдум...
Жылмайып, жүзү күлүп турса дагы,
Жүрөгүн дат баскандарга ызаландым.
Жайлоонун жаш баладай күнүнө окшоп,
Жүз жолу жашым төгүп, жүз чыйралдым...
Сунган колдун ордуна кагуу жеген,
Селсаяктай тентидим, азып-тоздум.
Жарымы жок жаңырган Айга окшоп,
Жүз жоголуп, жүз ирет кайра толдум...
Сабагына тутуна албай күз келгенде,
Саргайган жалбырактай күбүлсөм да.
Бак-дарактын боорунан жарып чыккан,
Бүчүр болуп келем кайра.. эрте жазда!!!
Куш келдиңиз. Бул тема жанданганына кубанычтамын! Темадан жана окурмандын көңүлүнөн уламдан жаңы ыр саптары орун ала берсин.
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
#60 04 March 2013 - 11:37
АРАПТАН ЖАЗГАН САЛАМ КАТ
Энеке эсенсиңби, амансыңбы,
Алдырбай карылыкка, жүрөсүңбү?
Түйшөлүп, түн ичинде миң толгонуп,
Сагынып, кусаланып жүдөдүңбү?
Таң аткандан күн батканча жолум карап,
Карегиң агып түшүп соолудубу?
“Медерим кандай жүрөт” болду экен деп,
Мени ойлоп жан-дүйнөң оорудубу?
Агайын-туугандардан, ар кимдерден,
Сураштырып жүрөсүңбү кабарымды?
“Түшүмдө көрөөр бекем” деп тиленип,
Уктаарда дуба кылып жатасыңбы?
Мен жүрөм, араптардын бир жеринде,
Сагынып, Ата-Журтту, сени дагы.
Оозумдан кетпей жүрөт алигиче,
Тандырга өзүң жапкан нандын даамы.
Жүрөм Эне... араптардын арасында,
Абасын, суусун эңсеп Ала-Тоонун.
Жалгызсырап, мээримиңе суусап жатам,
Сезгим келип жылуулугун колдоруңдун. (10.11.2012, Амман, Иордания)
Энеке эсенсиңби, амансыңбы,
Алдырбай карылыкка, жүрөсүңбү?
Түйшөлүп, түн ичинде миң толгонуп,
Сагынып, кусаланып жүдөдүңбү?
Таң аткандан күн батканча жолум карап,
Карегиң агып түшүп соолудубу?
“Медерим кандай жүрөт” болду экен деп,
Мени ойлоп жан-дүйнөң оорудубу?
Агайын-туугандардан, ар кимдерден,
Сураштырып жүрөсүңбү кабарымды?
“Түшүмдө көрөөр бекем” деп тиленип,
Уктаарда дуба кылып жатасыңбы?
Мен жүрөм, араптардын бир жеринде,
Сагынып, Ата-Журтту, сени дагы.
Оозумдан кетпей жүрөт алигиче,
Тандырга өзүң жапкан нандын даамы.
Жүрөм Эне... араптардын арасында,
Абасын, суусун эңсеп Ала-Тоонун.
Жалгызсырап, мээримиңе суусап жатам,
Сезгим келип жылуулугун колдоруңдун. (10.11.2012, Амман, Иордания)

Супер-Инфо
super.kg
видео









