Урматтуу форумчулар!
Баарыбыз билгендей Феликс Кулов озу коп нерсени коргон саясатчы. Бир маалда генерал болуп министр болгон анан Акаев убагында абакка камалып 24 март тонкоруш болгондо эркиндикке чыгып акталды анан Курманбек Бакиев менен тандем тузду бирок тандеми копко созулган жок. Ошол маалда тандем тузбой эле президенттик шайлоо барганда женип кетмек. Бирок ал Бакиевге алданып калган.
Анан Гэстердин жетекчиси болуп журду 7 апрельге чейин. Андан кийин Ар Намыс темир калканы деген лозунг менен парламентке отту.
Атамбаев менен премьер-министр ордун талашып премьер болтурбай койгону учун коалиция кошулбай оппозицияга отту.
Азыр аракет кылып жатыптыр кантип ошо коалицияны ыдыратсам деп Ата Мекен менен союз тузуп.
Озум премьер-министр болсом деп турат.
Силер Феликс Кулов жонундо дагы эмне деп айталасынар.
Ал киши жонундо оз ойлорунарды жазыныз.
Феликс Кулов Жонундо соз
#1 14 Март 2011 - 12:08
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#2 14 Март 2011 - 12:26
Кыргызча так суйлой албгандыгындан башка бул инсан жонундо эч теке билбейм (бул убакытка чейин каякта иштеген, эмне менен алектенгенин албетте билем, бирок адамдык сапаты мен учун ачылбаган кен).
#3 14 Март 2011 - 12:31
Айрым саясатчыларга окшоп, керсейген мүнөзү жок, баары менен жөнөкөй. Ал эми саясий жашоосуна токтолсок, былтыркы жылы орусиячыл багытта пиар-кампания алып барганы жаккан эмес. Кээде ылдый, кээде төмөндү да башынан өткөргөн Феликс Шаршенбаевич Кыргызстандагы аты бар саналуу саясатчылардын бири... Бирок айылда жашаган кыргыздардын арасында кадыр-баркы жокко тете. Жакынкы президенттик шайлоодо дагы кандай фокустардын ичинен чыгары да күмөн...
Эбак эле боштук ээлеп, баары күйгөн...
Бир гана Эрк шыбырайт "Алга!",- деп.
Бир гана Эрк шыбырайт "Алга!",- деп.
#4 15 Март 2011 - 00:25
Урдум ушул Кулов суловунду ушул эле калды эле !!!Озубуздун кыргыз чинониктер жыргатпашган ушул орустун колунан келеби???Ушуну КЫРГЫЗСТАНга жолотпой кубалаш керек болчу!!!
Дагы уялбай ушуну жакшы коргондор бар экен арабызда, тобо кылдым!!
!Ким деги бул озу !!! "Темир калканын"
-башына каптап кубалаш керек........!
!!!!!
!!!!!
!!!!!
!
Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
#5 20 Март 2011 - 14:19
Кулов кыргыз эле го.Болгону кыргызча жакшы суйлой албайт.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#6 20 Март 2011 - 18:49
Билбейм баары эле бийликке жетпей калса эле корунгонду суйлой беришет. Ал бийликке келсе мындан да жаман болот
#7 20 Март 2011 - 19:59
#8 21 Март 2011 - 13:11
Takeshbek (20 Март 2011 - 19:59) жазган:
Жакшы эмес эле суйлой албайт ал кыргызча!
!! Аа кыргызча суйлой албаганды кантип кыргыз деп айтууга болот!!!
!
Угущумча ал накта кыргыз эмес экен Калпы чынбы билбейм. Ошон учун кыргызча суйлой албайт экен.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#9 21 Март 2011 - 21:04
Ыраматылык Салижан агай ( Жигитов) бир кезде минтип айткан экен: "Англис тилинин жыты да жок Египетте деле аристократиясынын балдары өзүнүн тилин билбейт экен. Индиядагы аристократтардын балдары деле ошондой, бирок алар өз өлкөсү үчүн өлчөөсүз чоң иштерди аткарып жатат. Пакистанды мамлекет кылып курган Мухамед Жина өз тилин билген эмес, Жавахарлал Неру, кызы Индира Ганди, небереси Раджив Ганди да өз тилинде сүйлөй албаган, алар Индия үчүн эмне деген гана кызматтарды кылбады?"
Ушуну окуп алып ойлонуп калат экенсиң!??
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#10 21 Март 2011 - 22:51
Барс (21 Март 2011 - 21:04) жазган:
Ыраматылык Салижан агай ( Жигитов) бир кезде минтип айткан экен: "Англис тилинин жыты да жок Египетте деле аристократиясынын балдары өзүнүн тилин билбейт экен. Индиядагы аристократтардын балдары деле ошондой, бирок алар өз өлкөсү үчүн өлчөөсүз чоң иштерди аткарып жатат. Пакистанды мамлекет кылып курган Мухамед Жина өз тилин билген эмес, Жавахарлал Неру, кызы Индира Ганди, небереси Раджив Ганди да өз тилинде сүйлөй албаган, алар Индия үчүн эмне деген гана кызматтарды кылбады?"
Ушуну окуп алып ойлонуп калат экенсиң!??
Биздикилер озунун тилин бигендер деле кыйратпай жаткан да куйуп кетесин да жон эле!!!
Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
#11 23 Март 2011 - 12:08
Биздин мамлекет, тартип жетей жатат! Менин оюмча ФФеликс Шаршенбаевич тартип жакшы кармайт деген оюм бар! Бир созу мага жакпай калган, зоновский законду киргизиш керек дегени! Ошондон кийин аны сыйлабай калгам...
ККыргызча билеби билбейби, КРди онуктурушсо эле болот эле!

Конок уйлор: Хуторок жана Каган
Швейцарияда эс алуу
Швейцарияда эс алуу
#12 24 Март 2011 - 16:24
Куловдун апсы калмак ал кыргыз эмес.
Shah сука. Programmer USSR стукачтар. Эркек эмес эле ит
#13 24 Март 2011 - 23:09
Кулов "жараксыз"
болуп келген,
"жараксыз" бойдон калат…
Рысбектен корккон "темир генерал…"
Учурда 63 жашты багындырып, чачын ак бубак баскан Кул атанын небереси, кадимки Феликс Шаршенбаевич тууралуу учкай кеп кылууну эп көрдүк. Эске сала кетчү нерсе, учкай гана деп турабыз, эпадам узун сөз кыла турган болсок, гезитибиздин 16 бети да аздык кылып калары турган иш.
Кулов мырза Союз учурунда өз кесиби менен, тактап айтканда, ИИМде иштеп, эгемендүүлүккө кол созуп турган кезде, аталган министрликтин биринчи орун басары, 90-жылдардын башында Акаев президенттик такка олтурган соң, анын эң сүймөнчүктүү адамына айланып, бат эле министр болуп чыга келет. 1992-жылы биринчи вице-премьер министр, 1993-1997-жылдары Чүй облусунун губернатору, 1998-жылы УКМКнын төрагасы, 1999-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп шайланып, бул майлуу кызматта да бир жылга жакын иштеген. Кыскасы, Акаевдин биринчи 10 жылдык бийлигинин тушунда ФШКнын иштебеген иши, ичпеген "ашы", чычпаган "ташы" калган жок деп айтсак жарашат. Бирок гүлдөн гүлдү тандаган аарыдай болуп, кызматтан кызматка көтөрүлгөн Феликс мырза, көп кызматта иштесе да, көзгө көрүнө тургандай, оозго алына тургандай алгылыктуу иш жасаган эмес. Муну Акаевдин бийлиги тыкыр иликтеп чыгып, губернатор жана мэр, УКМКнын төрагасы болуп турган кезде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бир нече тик учактарды саткандыгын жана миллиондогон сомдорду жеп койгондугун сот аркылуу далилдеп, 10 жылга камакка алган. Куловго байланышкан миллиондор маселеси аз-аздап унутулуп баратса да, тик учактар маселеси али күнчө козголуп келатат. Өткөн жумада эле "Азаттыктын" "Интернет эрөөлүнө" чыккан ФШКга бир окурман: "Кыргызстандын эки тик учагы Судан өлкөсүнө сатылгандыгы" тууралуу маалымат бар экендигин суроо катары узатты эле, капталдан качыра берилген бул суроого карт бөрү саясатчыбыз "билбейм" деп ийин куушуруп кутулуп кеткендей болду. Ал маселени катардагы окурмандар билип аткандан кийин, ошол кезде колуна эки тизгин, бир чылбырды чырмап, "ороп" жүргөн ФШКнын "билбей калышы" таң калычтуу да, күлкүлүү да болуп турат.
Ошентип, темир тор артында беш жыл жаткан Кулов абакта жаткан кезинде Акаев менен "муздак" мамилеге (1999-жылы) өтө баштаган кезде, түзө койгон аты бар, заты жок "Ар-Намыс" деген партиясы жана саясаттагы тарапташтары аркылуу элге тынымсыз актанып, мунун баары "кара пиар" экендигин жарыялай бергендигинен улам, коомчулук аны моралдык жактан колдоп, ага "темир генерал" деген каймана ат ыйгарган. Ал 2005-жылдагы төңкөрүштүн аркасы менен азаттыкка чыгып, КурСалиевич менен мандемдүү тандем түзүп, өзү эңсеген өкмөт башчылык кызматын басып жыгылат. Бирок ФШК бул кызматта да оңдуу иштей албай койгондугун Эштекбайдын энөө баласынан бери билет. Оңдуу иштемек тургай, жүргүзгөн ишинин баары каңырсып саясат гана жыттанып турган. Маселен, ошол эле ЖКнын депутаты Тынычбек Акматбаевди Молдовановкадагы абакка атайы буйрук менен жиберип, ал буйруктун азабынан Акматбаев Батукаев Азистин колунан ажал табат. Кримчөйрөнүн аталыгы аталып келген айтылуу Рысбек агасынын өлүмүнө түздөн-түз Куловду күнөөлөп, Ак үйдүн алдына миңдеген адамдарды алып чыгып, Куловдун чыгышын талап кылат. Рысбектин сүрүнөн корккон ФШК ал менен жолугууга кудурети жетпей койгондугунан улам, "темир генералдын" аброю төмөндөй түшөт. Ошондон бери ФШК чындыгында эле темир генерал болбой калгандыгын иш жүзүндө, кала берсе ташка тамга баскандай аныктап келатканы жалпыга маалым.
Элди да, экономиканы да ойлогон эмес…
"Кеп чынынан бузулбайт" демекчи, ФШК чыңырып чычаласа да, биз чындыкты гана айтууга милдеттүүбүз. Чынында эле Куловдун саясатта өз кызыкчылыгын ойлогон ойрондордун алдыңкы сабында турарын ММКлар байма-бай чагылдырып келет. Куловдун премьер-министр болуп турган кезиндеги өнүгүүгө чоң мүмкүнчүлүгү бар өлкөнү талаада калтыра турган бир эле аракетин айтсак жетиштүү. Тактап айтканда, анын бул аракети буту үзүлгөнчө, таманы жешилгенче, чачы ак кардай агарганча чуркаган ХИПК программасы эле. Эгер Куловдун бул акылы менен Кыргызстан ХИПКке кирсе, эмдигиче, эгемендүү Кыргызстан Африкадагы Сомали өлкөсүнүн аянычтуу кейпин кийип калмак. ХИПК ырын ырдап жүрүп чарчадыбы, айтор, акыркы убакта аз айтып калды. Бул маселени азыр Куловго окшоп ар-намысы "түгөнүп" калса да, ар-намысчы болуп чыга келген Акылбек Жапаров деген жапалдаш бойлуу, кыска ойлуу саясатчыбыз жаагы талыгыча "какшанып" ырдагандан тажабай келет. Кыскарта чапканда, ФШКнын "Американы ачкансыган" ХИПКке киргизүү идеясы кандайынан ойлосоң да "элди да, экономиканы да ойлогон эмес" деген эркин ойго жетелейт…
Баяман Эркинбаев,
Үсөн Кудайбергенов
жана ФШК
Маркум Баяман менен Үсөн жана Тынычбек мырза ФШК Кыргыз Өкмөтүн өзү билгендей калчап турган кезде өмүрлөрү менен кош айтышты. Ү. Кудайбергенов биздин бүгүнкү "каарманыбыздын" жакын досу эле. 2005-жылкы төңкөрүштө: "Түрмөдөн чыксам, Акаев өлтүрүп коет, чыкпайм"- деп бүрүшүп жаткан ФШКны түрмөдөн түз эле толкуган элдин алдына алып келген да, өкмөт башчылыкка түрткөн да Үсөн агабыз болчу. Үсөн агабыз өлтүрүлгөндөн кийин Феликс мырзанын: "Кудайбергеновду өлтүргөндөрдү "тезек кургаганча" табабыз" деп элге жана эң башкысы досунун арбагына берген убадасы аткарылбай унутта калды. Убадасын аткармак тургай, ошончо мансап, ошончо байлыкка чиренип турса да, Үсөн аганын жардам сурап кайрылышкан үй-бүлөсүн (жок дегенде анын эстелигин ачышканга жардам бербесе да) моралдык жактан колдоп койгондун ордуна алардан жаа бою качкандыгын "Форум" гезитине Үсөн аганын карачечекей иниси айтып берген эле. Сөзгө да, доско да туруксуз экендигин далилдеген ФШК жакында эле "Азаттык" аркылуу Үсөн аганы "Рысбек Акматбаев өлтүргөн" - деп, эч далили жок эле жар салды. Негизгиси генерал погонун тагынып жүргөн адамда талапка ылайык далилдер болуусу кажет. Коомчулукка белгилүү болгондой, Рысбек менен Үсөн мырзанын ортосунда талаштуу маселе жок эле. Атактуу каскадерду анын үй-бүлөсү Бакиевдер өлтүрткөнүн айтып эле келатат. Буга карабастан, ФШК эски тандемдешин "коргоп" келаткандай түр көрсөтөт.
Тынычбек мырза тууралуу жогоруда жаздык. Баяман тууралуу да учкай кеп кыла кетели. Баяман мырза атылардын астында шектүү адамдарды ачык айтып, өкмөт башчысы катары өзүнө жардам сурап кайрылгандыгын ал атылгандан кийин коомчулукка сенсация кылып, андан жардамын "аяп" койгондугун билгизип койгон. Деги эле, ФШК Бакиев менен тандемдеш болуп ал Кыргыз Өкмөтүн жетектеп турган кезде кыргыздын жогоруда аты аталган жана Рысбек Акматбаев, Раатбек Санатбаев сыяктуу кыраан жигиттери "белгисиз себептер" менен биринин артынан бири о дүйнөгө аттанышкан.
Эне тилин билбеген элин сүйүп жарытпайт…
Феликс мырзанын атасы, милициянын полковниги Шаршенбай аксакалдын баласына "атка така кактырбай" кеткендиги өкүнүчтүү. Тактап айтканда, аксакал куракты кууп жетип калган генералдын ушу күнгө чейин кыргыз туруп кыргыз эмес, "киргиз" бойдон калганы, анын патриотсуздугунан жана улутту улут кылган тилге карата "муздак" мамилесинен кабар берет. Чудинов сыяктуу кыргыз тилди "ана үйрөнөм, мына үйрөнөм" деп элди алдагандан да тажабады. Анан калса, кыргыз тилди билбей туруп, кыргыз тил боюнча мыйзамдын "белин сындыра" тебелеп, ажолукка аттангандан тажабаган дымагы да өзүнчө чоң сөз. Кыргыз тилин үйрөнө албастыгын, ал тургай аны орус тилиндей "сүйө албастыгына" көзү жеттиби, айтор, акыркы күндөрү, ажолукка барбай тургандыгын, өкмөт башчылыгына гана бара тургандыгын байма-бай айта баштады. Мунун дагы бир себеби катары, президенттин ыйгарым укуктары мурункудай көп болбой кыскарып, ал укуктар өкмөт башчылыгына берилгендигин айтсак болот. Бул жолу ажолукка аттанганы менен, аракетинен майнап чыкпасын билет. Кийинки шайлоодо курагы 65тен ашып кетет. Ошону менен ФШКнын ажолукка болгон дымагына мыйзамдуу түрдө чекит коюлат. Ажолуктан көрө, өкмөттүн эки тизгин, бир чылбырын мыкчый кармап, өзүнөн 25 жаш кичүү экинчи аялын жана карыганда көргөн уулун моокум кана жыттап, "жыргап" жатууну эп көрүп турган кези.
Деги эле, эне тилин барктабаган адам, элин да барктай албастыгы алмустактан бери карай айтылып келаткан анык сөз. Бул жагынан алып караганда, ФШК элди башкарууга мурун эле, "жараксыз" экендигин далилдеп койгон болчу, эми деле "жараксыз" бойдон кала бере тургандыгын турмуш өзү көрсөтүп турат. Кыскасы, ФШКнын саясат айдыңында жеңиши аз, жемиши жок соңку дүрмөтү гана калды десек болот.

#15 28 Март 2011 - 12:39
Мен деле өз убагында Куловду колдогом 2005 жылы ал абактан чыкканда.
Ошо маалда президент болууга да мүмкүнчүлүгү да бар болчу шайлоо катышса Бакиевди женип кетмек.
Себеби Бакиев караганда авторитетти аябай чоң болчу.
Бирок Бакиевге алданып тандемге макулдугун берди. Мына ошондо акырындап авторитети күндөн күнгө түшө баштады.
Рысбек менен Тыныбек Акматбаевдердин өлүмүнө тиешеси бар деп азыркы күнгө чейин айтылып жатат.
Себеби Рысбек Рысмакбаев каза болгондон кийин Жаныш Бакиевге генерал наамын ыйгарган.
Анан азыр кантип эле коалиция ыдыратып өкмөт башчы болсом деп турганын тилеги бар.
Мындай карап көрсө өз кызыкчылыгына гана иштеп жатат.
Эл жөнүндө ойлогон жок.

#16 28 Март 2011 - 17:44
Кулов жинди манкурт аны 
салыш керек

Shah сука. Programmer USSR стукачтар. Эркек эмес эле ит
#17 09 Апрель 2011 - 00:09
#18 31 Январь 2012 - 14:20
Азыр кайда, эмне кылып журот?
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#19 31 Январь 2012 - 15:09
Куловду "Ар намыс" деген партиядан чыгарып салган деген чынбы?
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#20 01 Февраль 2012 - 11:11
Куловду саясатчы катары баалабайм. Ушул убака чейин эл учун жасаган бир да ишини укпадым да, корбодум.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!