Оомал төкмөл дүнүйөдө, бу, чиркин, "бол" десең - болбой, "болбо"
десең - болуп куураткан жалган дүнүйөдө адам болгондон кийин башка бирөөнүн кеңешине муктаж болосуң. Анткени, өзүңдүн башыңды бардык эле жакка жеткизе албайсың. Эми, андай башкатыйлар деле бар, өзүнүн башын өзүэптей алгандар. Ал эми мага окшоп эптей албагандар башка бирөөлөрдүн жардамына, кеңешине өзү каалабаса да муктаж болот окшобойбу.
Андыктан, "ушу күнгө чейин бирөөдөн алган кеңештерибиз (жакшы болобу же жаман болобу) тууралуу жаза кетсекпи?"
дейм.
Ар кимден алган кеңешим
#2 17 January 2012 - 16:48
Бир адам (атамдын досу) айткан эле:
- Адамдын шайтаны - адам. Андыктан, адамдын шайтандарынан абайла! Алар ар бир кадам сайын жолугат. Алардын тандай бил.
Албетте, өзүм деле жупунуланганым менен анча-мынча башым иштеген эле немемин. Келесоо деле болуп калган жерим жок. Мен өзүм деле кимди дос тутууну, кимден оолак болууну билсем дагы, азыр ойлоп көрсөм ошол кездеги бул берилген кеңеш туура берилиптир. Рахмат, ошол адамга!

Бөлкө нан барбы?
#3 17 January 2012 - 16:50
Дагы бири айтат:
- Байлардын балдары менен дос бол. Ошолор менен тааныш-билиш болуп жүрсөң, бирде болбосо бирде жардамы тийип калат.
Баш ийкегилемиш болгонум менен, (ал кезде жооп айтууга деле жарабасам керек, анын үстүндө улуу адам эле), ичимден катыра сөктүм: "Кыйратыпсың! Берген кеңешин". - деп.

#4 17 January 2012 - 17:09
Ишен,
бирок таянба,- деген бир жакшы досум. Тилекке каршы таянмак түгүл, баары бир ишеними жок адам болуп калдым.
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#5 17 January 2012 - 20:27
Шаарга жаңы келгенде байкем бир жакшыы кеңеш айткан эле.
- Эч кимге ишенбе. "Бирөө мага бирдеме кылып берет", - деп ишенбе. Кудайга ишен, анан өзүңө ишен. А башка бирөөгө көз каранды болуу күчтүү адамдардын сапаты эмес.
Мен анын кеңешин ар дайым эсте тутуп эч кимге ишенбей келем. Бирөө "бирдеме кылып берем", - деген күнд да, ар дайым экинчи вариантын караштыра жүрөм.
Анан, анын кеңешине ылайык андан жардам дагы сурабайм. Анткени, мен анын.. "анан мага бышаңдап келбе" дегенин түшүндүм эле. Эми, албетте, студенттик убакта, окууну жаңы бүтүп жаткан убакта ар кандай жардам берип турду мен суранбасам деле. Кыскасы, анын бул кеңеши, менин да башкаларга айтаарыма негиз болуп бере алат.

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#6 18 January 2012 - 00:55
Шайтандын Чонунан кичинеси жаман болот.-деп бир кичинекей дос балам айтты эле. Бирок, чындыгы жакшыле бар экен..))
Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
#7 18 January 2012 - 02:41
акыркы торт айдын ичинде мага айтылган кенештердин арасынан эн жагымдуусун айтайын эмесем...
тасаввуф савагында окуган бир ака дос мынтип айткан болчу: "Убакыттын кулу эмес, уулу бол", башкача айтканда дал ошол учурду мумкунчулугуно жараша жашап кал ... эми бул кенешимди силер да айтып жургуло Демон айттыле деп ...

Баркымды билгендердин эсиндемин...
#8 18 January 2012 - 11:01
Озундун арабанды озун тарт. Бироого тартырсан озун туртуп каласын. ( жашоонду озун башкара бил. Бироого башкарууну берсен озун ээрчип каласын)
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#9 18 January 2012 - 16:51
Ишенчээктигинди,
ак конулдугунду токтотпосон кийин коп жазасын тартып каласын дечу. Ошондой эле болот экен.
тоголок жерде, тоголок суроолорго бай болгон тоголок жашоо....
#10 18 January 2012 - 18:15
Ech kimge ishenbe dechu ele bir eje, anan ak yiylet birok synbait ,bitke ochoshup koinogundu otko salba dep apam aitchu ele.
Апакем менин кымбатым!
#11 19 January 2012 - 14:33
Бүгүн эрте менен болуп өткөн чогулушта:
"Бирөөгө накыл сөз же насаат айтуу, сенин ага карата жасаган жакшы мамилеңдей таасир калтырбайт" деген сөз кулагыма илинип калыптыр. Бөлүшкүм келди.
"Бирөөгө накыл сөз же насаат айтуу, сенин ага карата жасаган жакшы мамилеңдей таасир калтырбайт" деген сөз кулагыма илинип калыптыр. Бөлүшкүм келди.
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
#12 19 January 2012 - 14:48
Дил кутуна жазылган бир кенеш мага аябай жакты эле. Ал мындай болчу; " Бироо артындан суйлосо демек сен ал адамдан алдыда баратканындын белгиси".
Ушул соз мага аябай жакты.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#13 19 January 2012 - 20:06
Бир эже айтты эле:
*тажатма адамдан айрылгын келсе, ага акча берсен озу эле жоголуп кетет *деп.
Ошондой тажатманын бириси акча сурай калбаспы Кудай жалгап , сураган суммасынын жарымын бере салдым,кулак мээп тынчып эле калды да!

ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...
#14 20 January 2012 - 10:28
Апам: "Кечиримдуу бол! Кек сактасан-озуну озун уулаганын
"-дечуу
.
дагы "Атаны олтургонго- энени алып бер" деп коп насаттарын айтып калар эле, бала кезде апамын коп созуно баа берчуу эмесмин, эми бой жетип, турмуш куруп эми ошондо айткан ар бир созун, апамын мээримин, жакшылыктарын эстеп мин мертебе ыраазы болуп, ата-энемин ыраазычылыгын, БАТАсын алууга аракет кылам.

#15 21 January 2012 - 20:35
Апамын синдилери менен бир жакка барып калсан: "Бироонун уйуно барганда, ары-бери жагын карабай, берген чайын ичип, чай бербесе унчукпай кете бер, эч нерсесине кызыкба, баары бир ал сеники эмес..." -деп калчуу эле...
азыр да бироонукуно барсам да ушул создор кулагыма жанырып турат, ушундай жакшы тарбиядан улум, бироонун уй -жайына да, оокатына да, кийген кийимине да, эч нерсесине да кызыкпайм...
ушул ырыскыма шугур деп журом 
#16 02 February 2012 - 00:05
"Көп китеп окугандан көрө, бир китепти көп жолу оку."
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
#17 02 February 2012 - 12:04
Мен дайыма апама тигил мындай деп койду, ал мындай деп койду десем эле, апам эч нерсе болбойт, "бир кулагындан киргизип, экинчи кулагындан чыгарып кой", - деп кенешин берет. Анан коп нерселерге
деп койом.
"Озунду суй, сен озуно кандай мамиле жазасан, башкалар да, сага ошондой мамиле жасайт", - деп бир тааныш билерман кыз кенешин берди эле.
"Озунду суй, сен озуно кандай мамиле жазасан, башкалар да, сага ошондой мамиле жасайт", - деп бир тааныш билерман кыз кенешин берди эле.
Адам баласы оз бактысынын устаты!
#18 02 February 2012 - 20:42
Заманың бөрү болсо-бөрү бол,түлкү болсо-түлкү бол , а бүгүнкү заманга экөөсү да аз....
Өзүмдү сыйлайм,өзгөнү дагы....
#19 03 February 2012 - 14:34
"
Эч качан башка адамдарды озундой ойлобо!"
озумдой ойлоп,коп зыяны тиет башка адамдардын.
......
Только злые люди, зла боятся!

Супер-Инфо
super.kg
видео