Кимдер келип, ким кетти,
Кимиси калып, ким качты?
Топурап баары той кылып,
Түгөйүн, жарын ким тапты?
Сенин аман экениң
Кубандырат Андора
Угушумча кетти элең
Жашаганы бир азга
Жакпадыбы ал жак да
Кинодогу Пандора???
Жазганы өзү кандай кеп
Эмнеле бул алжыйт деп
Болбостурсуң сен капа
Биртике эттим тамаша
Болбосом да бюро башчысы
Элестетип өзүмдү
Айлыбыздын катчысы
Жооп жазып азырынча
Тосуп алайын Андорду
Бул кылганым, ишимди
Туура деп эми түшүнөөр
Акын айылдын чоңдору
Болгондун баарын айтканга
Кимдин кетип а кимдин
Калганын эми жазганга
Бошобойт го колдору
Эми болсун кеп баштан
Окуп чыгып аз аздан
Айтылуу айтыш айылды
Бөлүп койдум үч доорго
Өзүңдүн дооруң билгенге
Кабарың угуп жургөнгө
Кызыгып жатсаң окуурсуң
Многу жерди эле бассаң
Бирок,
Мен билгенден айылда
Бизден мурун оо башта
Үй-бүлөө бар курулган
Алар акем и жеңем
СССР менен Айдашка
Анан алардан кийин
Той болгондо жок экенмин
Шай жеңемди алып качкан
Билбепмин Стратег экенин
Мына ушул жаштардан
Башка жок да табышкан
Эки жаш деген татыктуу
Наамга атын салышкан
Өзүң келдиң вот эми
Сени эңсеп самашып
Сулуулугуна суусашып
Бака теректей куурашып
Жүрсөм деп сага жарашып
Жигиттин эми баарысы
Жашы дагы, карысы
Келип калса айылга
Ошондо кызык башталар
Жанданып айыл кайра
Айтмакчы Ликви кыз издеп
Жүргөн чагы бул тапта
Анан дагы жаңы акын
Мөндүр деген ат менен
Кирип келген откон апта
Жазып калат билдируу
Эки акын кез кезде
Алардын бироо Бурана
Бири Смс Арома
Тиги жактын акесин
Окутуп жургон бир акын
Уксан керек озун да
Кабарын биздин Такештин
Байкелерге кыз пыз таап
Ал да журот айылда
Мына ушундай жаңылык
Андош сага айтылчу
Дагы келип турарсын
Суроолор болсо кайрылчу

Супер-Инфо
super.kg
видео













