Суперстан: Монолог. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • > Суперстандын архиви
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (978 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 67
  • 68
  • 69
  • 70
  • 71
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...

#1361 Пользователь офлайн   tokitok   29 Январь 2012 - 20:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 272
  • Катталган: 01 Август 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2025 21:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Bishkek

Ден-соолуктун кымбаттыгын жашоонун канчалык таттуу экенин оорубай жургондо сезе албайсын билсен дагы Аллах-талламдан ушунчалык ден-соолукту суранарымды билген эмесмин.мен жашап келдим убакыт мн жарышып бирок эмне учун ким учун мынча жанталашып мага эмне жетпей атты эле билинбей мектепти бутконумо 5 чи болуп калды бирок эмне таптым шаардан оору таптым айыккым келет жашагым келет билем канчалык сабырдуу,акылдуу болбоюн жашоодо чон умут болсо да апакемди аясам да оорулу болуп жашай албай оз жанымды кыйсам кк жаным менин чыдап тур оорубачы алтыным мен азыр алсызмын мага жардам бере кор кучтуу боло кор сен учун мен бармын мен болбогон оору учун бул дуйнодон оз колум мн кетким келбейт кудайым тезирээк айыктыра кор кундон кунго терпениям жоголуп баратат менин куноолорумду кечир азыр намаз окуй албайм мамамды аячы мен ага азыр жардам бере албайм анан озумо айтам айыкканда да жашоону ден-соолукту барктап журом адамдарга жардам берем. Мени сынабачы суранам озумо кайтып келейинчи!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1362 Пользователь офлайн   solnyshko   30 Январь 2012 - 17:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 27 Июл 2025 20:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Мен келдим дагы,,,бирок бул сапар озумдун жан дуйномдо болуп жаткан кандайдыр бир сезимдер жонундо айтканы.....Кечээ эле келдим озумдун туулган жеримден...келе жатып,бир нерсемди калтырып,денемдин бир мучосу калып кеткендей болуп,аябай кыйналдым... ыйлагым келди,самолетко отурганча аркамды кайра-кайра карадым жалдырап....бироо калып кетип аткандай,бирок каяктан,мени менен коштошкон эч ким жок эле....Самолеттко чыгып,бир эжеден суранып,орундарыбыз менен алмашып алалы деп,айнектин тубуно отурдум,анан учуп баратканда, тоолорду,булуттарды карап атып,ошолорго окшош болгум келди...айнекти ачып озумду булаттарга таштагым келдим,эмнеге экенин озум дагы билбейм....... тушунбооойм. ...эххххххх.Эмнеге мынча озумду кыйнайм?эмнеге мен ушундаймын? дайыма ой толго менен жашайм,же ойлоп атып ошол ойдун тубуно жетсем экен....же бир пайда чыкса экен...жок чыкпайт,андан дагы кучойт,коп ойлоном.коп кыжалаат болом....же мен жондон-жон эле кыйнаймынбы озумду?жададым ....бар жоктон жададым....кээ бирде жашагым келбей кетет....Бирок алдыда дагы канча деген бактылуу кундор кутуп турганын элестетип,кайра баарына корунуп,ошол бактылуу кундорго жетем,созсуз жетем деп,озумду убактылуу ойлорго алдырбоого, кыйынчылыктардын алдында озумду алсыз сезгим келбейт....Жашайм деп жашагым келет....
Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1363 Пользователь офлайн   MaRmeLaDka   31 Январь 2012 - 18:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 130
  • Катталган: 01 Июль 09
  • Соңку аракети: 26 Ноя 2019 20:16
  • Жынысы:Аялзаты

Адам кечиримдүү болуш керек экенин аябай жакшы билем жана колумдан келишинче кечиргенге аракет кылам. Бирок бир адамды, көзү өтүп кетсе да кечире албай койдум... Ал адам мага абдан көп жардам берген, мени чындыгында чын дилинен жакшы көргөн инсан эле... Ошондо мен атамдан айрылып, апам жалгыз кыйналып жүргөн кезде ал адамдын бизге карата кылган соккусун көтөрө албадым. Ошол кезде мага чындыгында опора, мени колдоп, мени эсиме келтире турган адам керек болгон... Балким, ошол адамдын жардамына да муктаж элем.. Ал баарын тескерисинче кылды. Кайдагы болбогон акча, буюм деп көп адамдардын көңүлүн оорутту. Ушунчалык менин көңүлүмдү эч ким ооруткан эмес. Апам менин жашоодогу эң кымбат, баа жеткис ыйык адамым. Менин ыйык адамыма кылган нерсесин угуп-билип мен Кудайга жалбарып күнү-түнү ыйлагандан башка аргам жок болгон ошондо. Кудайга салгам баарын. Мен канчалык көңүлүм ооруп. жаным сыздап турса да жамандык кылган жокмун, баарын сабырдуулук менен жеңдим. Бирок жүрөгүмдөгү такты кетире албадым, кечире албадым. Менден башка баары кечирип коюшту, анткени ал адам бул дүйнөдө жок эми... Бир гана мен!!! Кудайдын алдында мен да күнөөкөр болуп жатам, билем... Бирок... Кезинде эгиз козудай чоңойгон курбум менен да ошонун айынан араздаштык, жүрөгүм баарынан муздап калыптыр. Ал канча жолу унуталы, кечиришели деди, бирок... мага ошондо аябай жардам керек болуп жаткан чакта жанды кейитишкен. .. Мен Апамды аябай жакшы көрөм. Бир тал чачын түшүрткүм келбейт. Келечекте да көп нерселерди ойлойм...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1364 Пользователь офлайн   Modeshanyi   31 Январь 2012 - 19:12

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 35
  • Катталган: 28 Июнь 11
  • Соңку аракети: 16 Мар 2014 00:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:gde hochu

Men seni jakwy korom,suiom dep ele aityp kele jatam. Birok joluga elekbiz,biri biribizdi koro elekbiz. Koruwkondo kandai bolot eken,4yn ele suiup kalamby je jakpai kalsan4y. je men jakpai kalsam4y, emne bolot? Kudaidan tileim ekoobuz omurubuzdun akyryna 4eiyn birge kylywyn. Seni tapkanyma suiunom seni baarynan kyzganam, en kerektuu adamsyn. sen menen suilowkondo kyila es alyp alam,daiym suilowum kelet e4 ka4an 4ar4abaim. Tez kelse eken biz joluguwa turgan kun.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1365 Пользователь офлайн   Strateg   01 Февраль 2012 - 02:51

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 003
  • Катталган: 11 Июль 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2014 10:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Туман. Калын туман каптап турган учур азыр жашоомду. Кун корунбойт. Анда санда гана кундун Жарыгы табышмактуу, кайдан, кантип откону белгисиз,жол корсотуп турат. Бул Жарыгым очуп калса эмне кылам? Бул Жарыгым очуп калса кайда барам? Эч качан очпогун деп андан суранам. Бирок ал угат болду бекен...
```
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1366 Пользователь офлайн   adalsvards   01 Февраль 2012 - 18:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Жөө тумандай каптайм сени...)))

Сага кайсы түс жагат? Ак, кара, жашыл, сары, көгүшпү, кооой, же кызгылтымбы ыя? :) Чынында, тамаша болчу. Балким, жылмаюу жараттым. Кубанычтамын.

Кеп... эмне жөнүндө? Бир жолу кайдан адашып түстөрдүн психологиясын окуп чыккан элем. Анан көп нерсе дал келип калды. Эмне дебейсизби?

Акыркы бир-эки жылдан бери мени жок дегенде, аптасына бир жолу көргөндөргө жаңылык, балким сенсация болор, хыхы, бирок мен бииир кезде КЫЗЫЛ менен КЫЗГЫЛТЫМдын чоң фаны болчумун. Вааай, ошол тентектиз кез. Жол чырагы сыяктуу, сары, кызыл, жашыл, жөн эле алыстан жазбай тааныган адам мен элем. Маанай ошондой экен ошол кезде, кийин ойлонсом... Бирөө мени "веснушкам, менин, радугам, менин" деп эркелетчү. :)

Анан эле баягы сезимдер өчө баштаганда, түстөр да жоголо берди. Бая болот го түркүн түстүү бор менен жолго сүрөт тартышат жаш балдар... Дал ошол сыяктуу, көз жаш жамгыр болуп жаай берип, анан мына сага деп, артынан кар, борошон, шамал, куюн... Кыскасы күн тийбеди, мага түстүү бор берген адам болбоду! Бир кезде тартылган жолдогу картина өчүп отуруп, эч нерсе калбады, боз асфальт!

Кызылдан кийин акырын кызгылтымга өткөм. Ханбийкенин түсүнө. Көрсө, бой көтөрүпмүн, тоотпостукка салдымбы, ханбийкенин капризи кармагандай. .. Анан эки жылдай кызыл менен сарынын ортосундагы ОРАНЖЕВЫЙ менен "оорудум" . Бекеринен эмес! Дарттын түсү сары болот деп коюшат. Психологиялык көз караштан, оранжевый активдүүлүктүн белгиси, бирок жардам бербеди. Анан акка өттүм, күнөөсүздүктүн чакырыгындай. .. Периште экениме эч ким ишенбеди. Анан мына сага деп КАРАга айландым. Караны көпкө кийдим. Жамандыктын белгисиндей болуп. Алыс кылсын, бирок аза күткөндөй эле жүрдүм. Муну менен кандайдыр бир деңгээлде жан-дүйнөдөгү болгон нерсенин жашыргым келди окшойт. Эсиңиздеби, мектептеги тактай. Жыл бою ак менен жазыла берип, чийилип бүтчү, анан жайында ремонтко берген акчабызга жаңыдай кылып 1-сентябрга КАРАга боеп коюшчу эле...

Азыр андай кандай? Кара азайып бара жатат, бирок БОЗмун. Жөө тумандай. Асфальт жолдой. Жомогу өчүп калган...

Бирок эң жакын арада БОЗдон да чыгайын деп турам. Анткени билинбей отуруп, сени да жүдөтүп бүтмөй болдум. Жөө тумандай болуп, сенин дүйнөңдөн алыс болом деп, билинбей кайра жакындап алганымды аңдадым. Жоктоймун, бирок бармын. Коюу болуп каптап алгам. Менин айымдан күндүн нуру да өтпөй калды сага... Жакында жаз келет. А мен туманды чечем.

Хыхы... каалайсыңбы, кайра кызыл кийем? А? Хоть "Радуга" ? :)


Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1367 Пользователь офлайн   Merischka   02 Февраль 2012 - 01:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 712
  • Катталган: 23 Июль 10
  • Соңку аракети: 11 Июл 2012 17:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:TESKEJ ALA TOO

Кызыл тамга - ак барак

чон уйдун чаатырында, кара баштыка салынып чан басылып жаткан дептерлердин арасындагы мин барыш баскан, бырышынан Ди Каприода таанылбай калган дептер эмнени гана камтып жатканын откон убакыт жана мен гана билем...ал бырыш дептер...кимдир бироо учун от тамызуучу кагаз болсо мен учун ал эн биринчи таза сезимдеримдин кубосу. Ар бир баракчасындагы саптар ырлар, муштумдай болгон журогумду лезвие менен кесип, тып тып тамган кан менен жасылган, козумон аккан жаш бетимди сыйпап аралап дептериме муздак мондур болуп тамчылаган. ..
сага болгон сезимимди, суйуумду бир болушуп ал дептер менин курбум болгон. Журогумдун эн биринчи назик нуру болуп жанганынды ал ырлардын баары сага арналган, билесинби? жок сен аны билбейсин... мени али кичине бала дэп сен тэнине да алган эмессин. Сен менин сезимдериме кулуп кана койдун жок жылмайып кана...Эх ошо сен билсен!! ! Менин сезимдериме, жылмайып карап койгонун эмнеге гана тете экенин! Карындаш куурчагын менен ойноп турчу деген коз карашынды мен окуп еле турчумун...

Мейли ал убакытта сенда менин жашоомо кирип, бир кара дептеримдин саптарында оорун алып, журогумдун канын соруп, жоопсуз так калтырып кеткенине да рахмат айтам...сен мени унутсан керек... бирок сен менин дептеримдесин. ..

Всем большое спасибо, за проведенное время в супер инфо...я влюбилась в ВРЕМЯ и я не хочу ее больше терять...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1368 Пользователь офлайн   Merischka   02 Февраль 2012 - 02:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 712
  • Катталган: 23 Июль 10
  • Соңку аракети: 11 Июл 2012 17:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:TESKEJ ALA TOO

Жан дуйномду морозилнике киргизип, тонутуп салса!!! Балким ошондо гана жылуулуктун баркын билет белен. Же ээрибес муз бойдон калып калаар белен...

Всем большое спасибо, за проведенное время в супер инфо...я влюбилась в ВРЕМЯ и я не хочу ее больше терять...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1369 Пользователь офлайн   akusya   02 Февраль 2012 - 09:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 051
  • Катталган: 21 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 30 Мар 2016 20:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

Бугун атамдын туулган куну.... Туптуура 50 жашка толуп жатат.... А мен куттуктай албайм....Журогум 3-4 кундон бери эч эле оордунда эмес сизди ойлой берип кысылып сыгылып башымды жерге салган бойдон эле ойго чомулуп эле журом жалгыз калган убактарда... Сагындым сагындым ... ата сизди сагындым...Тируу атамдын неге жанында эмесмин, неге эркелеп элдин кыздарындай журбойм, бул жашоону мага тартуу кылгандан кийин апам экоонор неге бирге болбойсунар, суйунуп куйунуп бизге чогу чон дем-куч, акыл насаат, аталык милдетинизди неге аткарбадыз жаныбызда болуп ............
.......Жашоо улана берет, токтоп калбайт.....
..................... Кайда болсонуз да аман-эсен, ден соолукта, оорубай, жаман создон жаман коздон алыс болуп эле уй булонуз менен бейкут омур сурунуз, Чон ата, Тай ата болуп небере чоборолорунуздун урмат сыйын корунуз ... Кудайым сизди колдосун .......

"Мен да, мен да ...Бактылуу болгум келет..."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1370 Пользователь офлайн   Likvidator   03 Февраль 2012 - 08:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Эх... Ушул кантип болсун ? Жашоо озгоруп баратабы же адамдар озгоруп баратабы ? " Заманан бору болсо , бору бол . Тулку болсо , тулку бол " деген созду карманып алышканбы баары ? Адамдардын саткындыка , туруксуздука берилип баратканы мени окундурот . "Жашоо учун курошуу " десе эле , жашоо учун бардык жаман нерсеге баруу керек эмес да . Баары эле бири-бирине окшошкусу келет . А мен эч кимге окшогум келбейт . Мени сатып кетсе да , мен эч кимди сатпайм . Мен америкага суктанбайм. Мен оруска суктанбайм . Аларга окшошууну каалабайм . Мен КЫРГЫЗ бойдон калууну каалайм . Мен АДАМ бойдон калууну каалайм .
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1371 Пользователь офлайн   Evelet   04 Февраль 2012 - 02:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Кыш. Кыштын акыркы айы. Кыш ушунчалык суук болгонун биринчи жолу сезишим. Ушунчалык суук экен канчалык калын кийинбейин, жылуу тошокко оронбоюн, кыштын суугу соогумо отуп жатат. Жек кором эми кышты... Жек кором!...
Аска-зоом кулады... Бир дарактын тамыры кыйылды... Ээн таалаада калгандай болуп жатам... Жол алыстыктын азабы ушул тура.
Мээримдуу карап эми мени эркелетбейсиз. .. Капаланганда акылдуу созунуз менен совет бербейсиз... Эми сизди эч качан коро албайм... Бирок, мени бир нерсе кубандырат мен сизге куюп койгондой окшошмун. Озумду кузгудон коргондо сизди коргондой болом. Ошондуктан сизди эч качан журогумдон чыгарбайм... Эч ким чыгара да албайт! Сиз бизди таштап Муздак жер кучактап жатып калдыныз... Бул да Аллахтын жазымы экен, башка айла бары бизде? Оо дуйно коздоп сапар алдыныз... Сапарыныз байсалдуу болсун. Аллах сизге бейишинен орун берген болсун АТАКЕ...

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1372 Пользователь офлайн   Mondur   04 Февраль 2012 - 12:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 244
  • Катталган: 19 Январь 12
  • Соңку аракети: 02 Мар 2020 12:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалган дүйнө...

.....Тан атып эшикке чыга сени коруп журогумду кубаныч каптады...жузумду тостум сага,журогумдогу суйунучумду сезсин деп аста жылмайып алдым..акыры мен сени куто берчумун,мына келгенине 2 айдан ашты,бирок сенин,дагы саналуу кундордон кийин кетишинди ойлосом,конулум кирдей тушконсуйт. ..Анткени сен баардык адамдарга озундун аруулугун,тазалыгын м.н жагасын,капачылыктан кирдеген журокторго тазаруу тартуулайсын тагыраак айтканда ошого жан уройсун,аракеттенесин. .Кийинип алып сенин коштоондо уйдон чыктым...айланам, бут жан дуйном сен м.н курчалганына Жаратканга шугурчулук айтып,астаа коз чаптырып,сулуулугуна суктанып бараттым..
Эстейсинби. .мектепте окуп жургондо сен мени эч,эч эч да ушутчу эмессин..менин кол кабымды курбу кыздарым кийип алышчу эмес беле ээ эстединби?мен азыр да ушубойм,азыр да жылуу бойдонмун,дагы эле конулумдогу сага деген актыкты бекем сактап журом...сени жамандыкка ыраа корбой,сени бироо жаман десе,ич-ичимден сага жан тартып,озумчо эле жан уройм..себеби сен мага коп жакшылыктарды, ийгиликтерди ээрчитип келгенсин,дагы деле мага тартууларын коп болот го дейм буйруса...быйыл да мени куру калтырган жоксун рахмат сага...кызык биз бири-бирибизди кантип тандадык экен ээ...сен мени тандадын бекен же мен сениби?жоок сен жалпыга бирдейсин..мен сени биринчи тандаган болсом керек деп ойлоп калам..мумкун мен сага кайдыгер эместигимди баамдап мага конул буруп,мени ушутпой жургондурсун. ..ким билет...бирок сени баарыбир жакшы кором-АППАК КАР,баарыбир сени жакшы кором-КЫШ,буга себеп...мен сенин январь айында торолгонум да болушу мумкун чыгаар..
Баса сен эч кимди капа кылбачы ээ макулбу,эч кимдин козун суулаба..билесин го мен азыр деле ыйлаак,боорукермин. .сени жектеп аккан коз жашты корсом,боорум ооруп ыйлаганга чейин барам...суранам сенен..эч кимди капалантпа...
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1373 Пользователь офлайн   Janayim   04 Февраль 2012 - 13:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 25 Март 10
  • Соңку аракети: 13 Янв 2014 09:05
  • Жынысы:Аялзаты

Журок ыраазы баарына!! !
Кимге муктаж болсом, ошолор үчүн жашайм...
Кимге толук ишенсем, алар менен гана дос болом...
Ким мени бааласа, аларга чексиз ыраазымын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1374 Пользователь офлайн   ona   04 Февраль 2012 - 16:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 004
  • Катталган: 10 Март 09
  • Соңку аракети: 05 Сен 2023 14:21
  • Калаасы:Кыргызстанымда жашайм

"Жылдыз" дуу адамдардан чарчадым айланамдагы. .. Жашоону неге татаалдантып алабыз? тим эле жердин киндигин алаканыбызга мыкчып алгансып...Буга чейин,же мындан кийин кантип жашап, иштеп кун корушоор экен,кокус азыркы абал оз нугунан чыкса... тушунбойм..же мен бирдемеге "зацикливаться" этип алып,"чужой монастырга" озумдун "уставым" менен кирип жатамбы? Тушуно албай келем...



"Не плачь, потому что тот, кто заставил тебя плакать, не достоин твоих слез.
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1375 Пользователь офлайн   solnyshko   04 Февраль 2012 - 21:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 27 Июл 2025 20:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Мурун "жакшы адамдар бул жашоодон тез кетет"деп айтышса коп деле ишенчу эмесмин....жакын адамдарымдан айрылган сайын,чындап эле жакшы адамдар тез кеткенине ишенип калдым...дагы ойлоп коем,анда эмне адам жаман болуш керекпи?

Жакында эле дагы бир аябай жакшы коргон,алтындай байкемден айрылдым....Эжемдин жолдошу болсо дагы,аны "жезде" дебей "байкем" деп айтчумун,ал мен учун байкемдей эле...Эч кимге жамандыгы жок,аябай ак конул,боорукер, даже ашыкча ак конул жан эле.Уйуно барсан,эжем калып эле,озу чай кое коюп,"ал же ,ич"деп,ар кандай нерселерди айтып берип,эч зээриктирбей, жаркылдап кулуп турчу эле.....Эжем кээде мени урушуп калчу:"Байке" дебей жезде" десен боло?бироолор укса эмне дейт?"деп. ..."Башка адамдын ою мени кызыктырбайт, байке деп айтам эле,омур бою,байкемдей кором,жезде деп айтпайм"деп калчумун..... .

Бугун куран окутушту,эжемдин уйуно баргыча,даярданып бардым кандай соз айтарымды... ..уйуно киргенден кийин эле,эжем мени кучактап,ыйлап: "сени башкача жакшы корчу,бою узун,смуглая, симпатичнаяяя карындашым деп айтчу,айрылып калдым байкенден,эми кантип жашайм?эми кантем?"деп сыздап ыйлады....Мен да кучактап,уйуно баргыча,даярданып айтам деген созумду айта албай калдым...." Айланайын эже,арты кайрылуу болсун,жаны бейиштен болсун!" деп айткым келди....бирок айта албадым.....эжеме кошулуп ыйлайын деп дагы ыйлайй албадым....же башымдан мындай кундор откон учунбу,айтор, эжем сыздап,уну калбай мени кучактап ыйлап атса да,мен унчукпай оозумдан соз чыкпай тура бердим,ошол кезде ушунчалык журогум муз,таш болуп калганын сездим....Эжем копко ыйлады,жада калса сооротконго, конулун которгонго бир жакшы созумду айта албадым.....Каттуу кучактап тура бердим...акыры озу сооронуп," кел отур"деп ,менин жаныма отурду....Анан отуруп байкемдин кылыктарын эстеп баштадык....Кээде мага айтып калчу:"озум сага Кашкулак таап берем"деп, эххх ал Кашкулак дегени "Куйоо бала"дегени болчу...ошол созун эстеп алып,ичим ачышып кетти....Ичимден, дагы нараазы болуп отурдум Жаратканга, :"Кайсыл кылган жамандыгын учун жанына алып кеттин,кандай гана жакшы адам эле,мындай жароокер,ак конул адамды коргон эмесмин"деп. ...Бирок канчалык ыйлагым келсе дагы,бир тамчы коз жаш акпады....Анан озумдун Атакем каза болгон кунду эстеп отурдум....мурун эстегенде,ыйлап кирчумун,же кечке ыйлай бергенгеби? жаш чыкпай калыптыр...Атакемди эстеп ушунча ыйлай берип,жашымдын баардыгын туготуп койдумбу?озумо тан калып отурдум...Бир жолу эле журогум катып калыптыр..... эххххххххх :"Байке Жаткан жериниз жайлуу,жаныныз Бейиштен болсун!Кудайым билип-билбей кылгын куноолорунузду кечирсин! "..............

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1376 Пользователь офлайн   ANELKA   05 Февраль 2012 - 04:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 253
  • Катталган: 13 Январь 11
  • Соңку аракети: 27 Авг 2018 21:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Аравия!

Сыноо дуйносу... Эч качан окунбоймун. Кайгырбаймын. Эгерде мен окунсом, кайгырсам сага баш ийбегендик болуп саналат. Билемин, сен баарынан улуу затсын, сага эч ким тен келе албайт. Аллахым, сен жалгызсын! Канчалык куноо кылсак да, сен ырайымдуу,кечиримдуу, мееримдуу жана боорукеерсин! Кечиресин...
Убактылуу,отоор дуйно биз учун эмес...ойноп куло албадым...Сенин кулчулугун астында, озундун туура жолунду издеп журомун... Кана эми баары муну тушунсо... Максатым, акырет, туболук бейиш ачкычын табуу...Жиберген пайгамбарын, козубуздун кареги Мухаммед(САВ) айткандай: эки кундук бул дунуйо силер учун эмес, ага азгырылып жаратканды, жана убада кылып койгон бейиш бакчасын унутуп салбагыла, ага кулчулук кылуу менен омур сургуло...Коз коруп,кулак укпаган турдуу неематка толо, туболук жаннат бакчалары силерди кутуудо...
Аллахым, ушул айтылган создордо амал кылууну барыбызга насип кылгын! Амин !!!

Сулуудан коркпойм, уусунан корком чачуучу.
Жоктуктан корпойм, достуктан корком сатуучу.
Ырлардан коркпойм, ыймандан корком качуучу.
Олумдон коркпойм, корумдон корком жатуучу.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1377 Пользователь офлайн   solnyshko   05 Февраль 2012 - 17:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 27 Июл 2025 20:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Кечир мени....билем сен менден бир коп нерсени умуттонуп,ишенип журосун....Бирок сенин аппак,таза,чын суйууно мен татыктуу эмесмин....билбейм эмне учун сени менен дагы деле суйлошуп журом?...сага эч нерсе деп соз бергим келбейт!сени менен жон гана Дос болуп жургум келет...бирок сен ага ыраазы болбойсун... .кеч боло электе токтотуп калайын дейм...бирок сенин конулунду ооруткум келбейт.....кийин кеч болот.....билем. ..кеч болсо дагы мен кыйналбайм. ...себеби мен сени суйбойм...сен деле мени суйуушунду каалабайм,андыктан сенден суранам,мени суйбой эле койчу...менин кайсыл мунозумду жактырдын экен?баардыгына копол мамиле кылсам,озумчул болсом,эч кимди угуп баш ийбесем,айткан дегенимди бербеген кок бет адам болсом,кайсыл сапатым сага жакты экен?

Кундо мага чалганында, негедир журогум ооруй берет,озумду жек коруп кетем....сени менен жакшыыы суйлошуп жургонум учун...сен мен куткон,мен суйом,менин экинчи жарым болот деген бала эмессин,бирок сени менен мен, адамгерчиликтуу, аябай жакшы ,ак конул,боорукер, тушунуктуу,жонокой адам болгонун учун суйлошом..... ..ошол учун дагы озумду жаман коруп кетем,мен сага татыктуу жар болуп бере албайм....сенин оюндагыдай адам эмесмин...неге тушунбойле кайра мага жакындай бересин???.... кийин окунуп каласын...сага кантип айтам:"жок кечир,мен баары бир сеники боло албайм!" деп.........сага озумду болушунча жаман жактан корсотконго аракет кылдым эч эле конулун калбады.....кайра эле мага байланып баратасын... сагындым,коргум келет...качан келесин?деп. ...эхххххх .кантип менден конулунду калтырам..... ???

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1378 Пользователь офлайн   Demon   05 Февраль 2012 - 23:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 517
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 27 Янв 2014 05:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Анкара

Азыр жашап жаткан мейманкананын алдында тузулушу жомоктогу корунушту элестеткен, ортосунда арча, газон, гулдор анан отургучтар жайгашкан аралчасы бар кичинекей бассейн бар, мынадн уч кун мурунку ызгаарда тонуп калган эле суусу, бирок кун канчалык чайыттай ачылып, канчалык ысыбасын тиги тон эрип кетпей, дагыле жылгаяк болуп турат... Ошол бассейндин абалын азыркы ички дуйномо окшоштуруп койдум, тегеректе жакшы окуялар болуп атса да менин ичим тонуп калган бойдон кала берди, анткени башка адамдарга жардам келгим келбей калды, жакшы суйлосон да жаман суйлосон да баари бир жакпайсын го озу адамзатка, мына ушундай абалда журом... мурун кыбыраган кумурсканын аракетинен да маани маныз чыгарып, жашоодо умтулуп анан колдон келишинче жардам бериш керек экенине ишенип жашайт элем, азыр мындай нерселер максатсыз сезилип калды, кайра тиги кумурсканы олтуруп салчу болдум кээде байкамаксан болуп а кээде атайлап олтуром, бутум менен эзгилеп салам... билбейм эмнеге экенин бирок жан дуйном ойгонгусу да жыргалчылыкка батуусу да каалабайт, а бирок баарибир кыйналарын сезет, башкалар эмне дешсе дешсин мага эми баарыбир, тонгон боюнча калсам калыптырмын да мындан эмне болмок, аалам омкорулум, асман кулап жер антарылып кетет беле...? мен эле жаман болоюнчу ушу, а калгандар адамдар жакшы болушсун... ошол жакшы адамдардын арасында мен жамаан болуп журойун, билбейм эмне деп жазганымды тушунбойм, а бирок мен жаман адам экениме ишендим, эки уч кун мурун бул далилденди, колумдан келген жакшылыкты кылуудан качтым, бир созумду аядым, мына ушул таш боорлугума карабай журогум жылт этип ысып койбоду, тонгон боюнча калды... демек буга чейин озумду жакшылардын арасында коруп, калп болсо да жакшы адам болумуш болуп журуптурмун, башка адамды алдасан да озунду озун алдай албайт экенсин, эми ишендим жаман адам экениме, канчалык аракет кылсам да ошол бойдон кала берет окшойм озгорбой, жоок озгором, жакшы адам болсо болот мына ошон учун узактап окуп журом да десем да ички дуйном буга ишенбей койду, ойлорум, журогум, акыл эсим баары биригип мага каршы чыгып атат, "сен жамансын" дешти ... чын эле айтышат бирок!!!
Баркымды билгендердин эсиндемин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1379 Пользователь офлайн   Merischka   07 Февраль 2012 - 07:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 712
  • Катталган: 23 Июль 10
  • Соңку аракети: 11 Июл 2012 17:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:TESKEJ ALA TOO

...ары же бери болбой, мен экоонун ортосунда турдум. Желип кирген муздак аба жана болмого батпай бук болуп кеткен жылуу аба...экоо бири бирин сагынгансып кучакташып же очу бар баатырлардай болуп алп урушуп согушуп жатышты. А мен болсо бул корунуштун кубоосумун жана куноосумун. ..Жок!!! Менда дал алардай сагынганмын. ..мына бугун, азыр козго саярдык тун ортосунда келди...келди. Кабагы буркок кара тундун, козунон тонуп тамган жашы бугун куюлуп жаткандай... ушу сени мен кутком, жаны жылга кутком, билесинби! !! кутком...бирок бугун келдин, рахмат! Оба биздин шаарда бугун КАР, аппак кар ))) А мен сооко тиэр муздакка карабай, тереземди ачып алып кара асмандан куюлуп тушуп аткан аяз каарларын, козум менен тосуп алып жаттым...

Всем большое спасибо, за проведенное время в супер инфо...я влюбилась в ВРЕМЯ и я не хочу ее больше терять...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1380 Пользователь офлайн   KYRGYZ KULunu   08 Февраль 2012 - 17:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 145
  • Катталган: 25 Февраль 09
  • Соңку аракети: 29 Фев 2012 18:02
  • Жынысы:Белгисиз

Ай караган текедей, кутуу, кутуу азабы, кыйналдым журогум эзилди. Кокко кара булут толот бирок, ал жаан токпойт, билет андай нерсе болбойт, кара так болуп гана, ал кокто кала берет, сезет баарын сезет, билет ал адамды, тамырлашым деген созум бар, суйот ал кокту карап суйуусун арнай албайт, кутом суйуусун корсотобу деп. Эмнеге ал сезимдерип бир кокко арнай албайт? Кутуу азабы! Сыягы ишенбейт! Белек куткон баладай. Шам болуп куйгон отту очурбо, ошол нерсе жарык берет, журогуно сакта, эмнеге кутуу ушунчалык сыздатат кыйнайт? Болобу, болобу таза тунук суйуу жана ага акыбети, кайра кайтып келеби берген суйуун?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстандын архиви
  • Кийинки тема →

  • (978 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 67
  • 68
  • 69
  • 70
  • 71
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Авг 2025 01:29

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: