Тарыхтагы кызыктуу фактылар. Билсең бөлүшө кет!
#21 05 January 2012 - 15:46
Ротшильддер демекчи... Булардын эки гана хоббиси бар болчу- акча жана кат ташуучу кептерлер. "Ким маалыматты башкарса- ал дүйнөнү башкарат"
деген накыл кеп дал ушул биртууган Ротшильддерге арналгандай.
1815-жыл, Ватерлоо салгылашуусу.
Согуштун жыйынтыгын бурмалап койгон Ротшильддер (бири Парижде,бири Лондондо) бир күндө 40 млн фунт стерлинг акча иштеп коюшкан.
#22 05 January 2012 - 15:56
Ал эми Ватерлоо салгылашуусу да тарыхтагы катачылыктардын бири экен. Салгылашуу Ватерлоодо болгон эмес. Француздардыкы боюнча- Мон-Сан-Жане салгылашуусу,
немистердики боюнча- Бель-Альянс салгылашуусу деп аталат.
Илгери биз мектепте окуган Бородино салгылашуусун француздар Москва-дарыядагы салгылашуу дешет тура.

#24 06 January 2012 - 19:00
1926-жылдагы Эл каттоодо СССРдин курамында 194 улут бар болсо, 1976-жылы 101ге азайган. Демек, 53 жылда 93 улут жоголгон.
#25 06 January 2012 - 19:02
16-кылымда Европада пайда болгон археология илими адегенде "көрүстөн тоногучтардан"
башталган.
#26 06 January 2012 - 23:49
Кайсы бир жылы, кайсы бир шаарда (так билбей жатам, өзүмдүн компьютеримде болгон бир статьядан окугам, тапканда сөзсүз жазып коём) христиан дин кызматкерлери чогулуп "аял - адамбы же жокпу?",
"дегеле, аялда жан барбы же жокпу?" деген кызуу маселени талкуулашкан 
586-жылы Францияда болгон экен бул окуя.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#27 09 January 2012 - 03:42
Гитлер туткундагы кишилерине бир гана тамеки(табак) анан арак эле бере бергиле деген,анткени ал экөө адамды акыр түбү өлтүрөөрүн билген.
#28 18 January 2012 - 19:07
Тауматауакатангиангакоауауотаматеатурипука-
капикимаунгахоронукупокануэнуакитанатаху (Taumatawhakatangihangakoauauotamateaturi-
pukakapikimaungahoronukupokaiwhenuakitanatahu) — бул өзгөчө ат Түндүк аралдарындагы анча чоң эмес кыркага мүнөздүү. бул дүйнөдөгү эң узун топонимдердин бири болуп саналат. Кыйын болсоң айтып көрчү
"Ийилгенге ийилгин башын жерге тийгиче
Кекейгенге кекейгин төбөң көкө жеткиче"
Кекейгенге кекейгин төбөң көкө жеткиче"
#29 18 January 2012 - 22:07
Тауматауакатангиангакоауауотаматеатурипука-
капикимаунгахоронукупокануэнуакитанатаху (Taumatawhakatangihangakoauauotamateaturi-
pukakapikimaungahoronukupokaiwhenuakitanatahu) — бул өзгөчө ат Түндүк аралдарындагы анча чоң эмес кыркага мүнөздүү. бул дүйнөдөгү эң узун топонимдердин бири болуп саналат. Кыйын болсоң айтып көрчү 
Эми ушул жазылгандар менен теманын максаты дал келет болду бекен деген ойго чөмүлүп отурайын!
Бөлкө нан барбы?
#30 04 February 2012 - 14:15
Орустардын эн атактуу княздары тюрки элдерине жээн болгону белгилуу. Мисалга алсак,князь Андрей Юрьевич. Москванын негиздоочусу Юрий Долгорукий жана кыпчак ханы Айепанын кызынын баласы. Томондо Герасимов тарабынан реконструкцияланган Андрей Юрьевичтин айкели. Бул аксакалды кантип орус деп айтабыз?))))
#32 29 April 2012 - 13:15
17-кылымдагы канкор аял - венгер графинясы Елизавета Батриди жаш кыздардын жылуу канына жуунганды адатка айландырган.
Канга жуунганда аял абдан ырахатка батчы экен. Бир эсе жаштардын ысык каны сулуулугумду арттырат деп ойлогон. Канкор аял 650 ишкер кыздарды курмандыкка чалган...
#33 13 April 2013 - 23:53
Жакында хистори деген каналдан белгилуу адамдардын сурлары деген берууну коруп калдым.Гитлер олуп калгандан кийн ордуна Гитлерге окшогон адам башкарып турган дешет.
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#34 18 April 2013 - 15:41
______Камчыбекти дарга асып келгенде ал отряддын башчысы Повало Шивиковскийден «эки ирекет намаз окуп алайын» деп өтүнгөн. Ал аны бошотуп намазын окуп бүткөндөн кийин дарга алып келип аскан. Аны дарга асканда чынжыр үзүлүп кеткен, ошондо Курманжан: «Жараткан Алла өзү актап жатат! Баламдын күнөөсү жок! Жаза бир! Баламды бошоткула» деп кайрылат, бирок экинчи жолу дарга асылып өлтүрүлөт...
.....
Турсунбай Өмүрзарков. Курманжан датка, Бишкек, 2003

Жаштыгын - элес албас куюн мезгилин, жигиттигин - жарышка тойбос курч кезин, карылыгын - тек гана бир арман го чиркин!
#35 07 March 2014 - 19:00
Гербдин келип чыгуу тарыхынан
.
Гербдердин атасы катары, байыркы мезгилден бери гербдин милдетин тамгалар аткарып келген. «Тамга» байыркы түрк сөзү болуп саналат. Ал «тавро», «клеймо», «мөөр» маанисинде колдонулат. Таандыктын белгиси, белгилүү уруу жайгашкан жердин чек арасы деген түшүнүтү берген. Бул термин сөздүктөрдө ар кандай чечмеленген. В. Далдын, Ф. Макстын, Т. Ф. Ефремованын жана Д. Н. Ушаковдун сөздүктөрүндө тамга «клеймо», «знак», штемпель», «рукоприкладный знак», «тавро татар, башкир, русских», менчик белгиси, мөөр, штамп, бажы төлөмдөрү деп берилет.
Алтын Ордонун мезгилинде бул термин Орто Азия, Чыгыш Европа, Орто жана Жакынкы Чыгышка, Кавказ жана Закавказьеге тарап, ал «хан документи», «мөөрү», «акча салыгы» деген маанини да түшүндүрө баштаган. Азыр славян тилдеринде кеңири колдонулуп жүргөн «таможня» деген сөздүн түпкү мааниси тамгага барып такалат. Тамга элдердин символикалары менен катар уруу менен уруктун келип чыгышын изилдей турган эң маанилүү булак катары кызмат кылат. Ал гербдин жана мөөрдүн ордуна колдонулган. Адамдын койгон колу да байыркы уруулук белги. Герб – мамлекеттин, шаардын өзгөчө белгиси, визиттик карточкасы. Гербдердин прообразы түрдүү аскердик чопкуттарда жана зоот кийимдерде түшүрүлгөн түрдүү символикалык белгилер, туулар, шакектер жана жеке буюмдар байыркы мезгилден бери колдонулуп келген. Негизинен алар уруулук белгилер жана символдор болгон. Байыркы түрк жана монгол элдеринде, анын ичинде кыргыз элинде да ушундай тамга салты сакталып калган.
.
Тамга – уруулук белги. Ал белги тууларда, эмблемаларда түшүрүлүп, ошондой эле жаныбарлардын терисине күйгүзүлүп басылган. Ал тургай, адамдардын денесине да түшүрүлгөн мындай белгилер жөнүндө тарыхый маалыматтар кездешет. Тамга байыркы түрктөрдө жана кыргыздарда уруунун же болбосо элдин гербин түшүндүргөн. Жөнөкөй жоокерлердин тамгасы болгон эмес. Аны алыш үчүн эмгек сиңирүү керек болгон. Тарыхта, мисалы, улуу монгол хандарынын тамгасы болуп, ал тамгаларды алар өздөрүнүн монеталарына түшүргөндүгү тууралуу маалыматтар бар. Аксак Тимурдун да тамгасы болгондугу жөнүндө маалыматтар бар. Ал эми орус элинде болсо тамгалар боярдык гербдердин жана туунун келип чыгышына алып келген. Тамга жолдуулукту жана күчтү символдоштурат. Н. А. Аристовдун жана Д. Н. Соколовдун пикирлери боюнча, тамгалар уруулук ишенимдер же болбосо коргоочу-духтардын сүрөттөлүштөрү катары колдонулуп, кийин ал уруулук жана үй-бүлөлүк менчик тамгага айланган деп эсептешет. Кыргыз урууулук бирикмелеринин турмушунда уруулук символика тамга, канаттуулар, дарактар, аскердик чакырыктар- ураандар уруулук түзүлүштүн ичинде пайда болуп, урук менен уруунун биримдигин символдоштурган. Уруулук түзүлүштүн жоголушу менен көптөгөн атрибуттар колдонуудан чыкты.
.
Тамгалардын келип чыгышы азыркы мезгилге чейин толук изилдене элек. Бирөөлөрү аны урууга тийиштүүлүктү түшүндүрөт дешсе, экинчилери ал басылган тамга менчиктин ээлигин, ошол нерсе, мал жана башкалар анын менчиги экендигин түшүндүрөт дешкен. Легенда, уламыш, санжыраларда тамгаларды Чынгыз хан тараткан деп айтылат. Чынында, бул туура эмес. Себеби тамга Чынгыз хандан мурун эле, ал жашаган мезгилде эле көчмөн элдердин турмушунда кездешкен. Чынында, тамга жерди кайра бөлүштүрүү учурунда Чынгыз хандын салыкчылары элдин так санын жана чогултулган салыктын көлөмүн билүү үчүн керек болушу мүмкүн.
Кузев XVII кылымда башкырлардын уруулук территорияларында устун орнотулуп, ага уруулук тамгасы күйгүзүлүп түшүрүлүшү эч ким чектен өтпөй, чек ара катары кызмат кылганын көрсөткөн. Бул маалыматтан тамгалар уруулук жайыт үчүн да чек ара катары кызмат кылганын көрөбүз. Негизинен мындай устун орнотуу менен түздүктөгү көчмөндөрдө жерди, жайытты бөлүштүрүшсө, тоолуу аймактагылар суунун, тоонун кыры, бел аркылуу бөлүштүрүшкөн.
Ар бир кыргыз уруусунун өзүнүн эн тамгасы болгон. Байыркы хуннулар, түрктөр, монголдор жана башка элдер өздөрүнүн гербдеринде бүркүттүн же болбосо алгыр куштун сүрөтүн түшүрүп алышкан. Бул салт кыргыз элинде XX кылымга чейин сакталып, кыргыз элинин бардык урууларынын менчик тамгасы болгон. Мисалы, кыргыз элинин бугу, сарыбагыш уруусунун тамгасы – жагалмай (жагалмай аттуу куштун учуп бараткан элеси), солто уруусунун тамгасы – ай тамга. Көчмөндөрдүн тамгасы өзгөрүлбөстүгү жана түбөлүктүүлүгү менен айырмаланган. Тамга жеке менчиктин белгиси эмес, убакыттын өтүшү менен уруулук менчиктин белгисинин да кызматын аткара баштаган. Эгерде уруу ичинде эл көбөйүп, бир нече уруктарга бөлүнө турган болсо, урукка жаңы тамга негизги уруулук тамгасына кошумча белги катары берилген. Муну тамгалардын окшоштугунун же болбосо урук, уруулардын бир убактарда боордоштугунун далили катары карасак да болот.
Тамга жылкыларга гана салынбастан, айрым учурларда үзөнгүгө да салынган. Талып Молдонун маалыматы боюнча, ар бир урук өз малынын башына, санына тамга салып жүргөн. Азыр да арык тамга, шапак тамга деп жылкысынын башына, санына тамга басып жүргөндөр бар экенин, ошондой эле ай тамга, кайчы тамга, кылыч тамга, орок тамга деген тамгалар бар экенин белгилеген. Ошондой болсо да, Талып Молдо өзү жашаган мезгилде тамгаларды колдонуу өз күчүн жогото баштаганын билдирип, Анжиян кыргыздары бул тамгалардан кабары жок экендигин белгилеген.
Кытайлык кыргыздардын үрп-адатын кеңири изилдеген Макелек Өмүрбай кыргыздарда мал чарбачылыгында эмгектенгендердин менчик малына эн салып багуу салты уруучулук мезгилде эле болгонун, бир уруунун малына бир түрдүү эн салынганын, эн салып ээлик кылганын айтып, эн салуу боюнча эмгек ырларынын үлгүлөрүнө токтолуп өткөн:
Тилекматтын тилмеси,
Ормонбайдын оймосу,
Тоймотбайдын малында
Топчуланма эни бар.
Абдан байкап билбесе,
Аздырып кетчү жери бар.
Ашкере турат кулакта
Аркарбайдын кыймасы,
Кошмок эн салып алыптыр
Коёнаалы сырдашы.
Кулагында кош тамга
Кубулжуган кош тамга,
Тумшугун тура кайраган,
Турбастан ачык таанылган.
Санына баскан тамгасы
Жарашат экен бодого.
Жылкыбыз азоо, үркүнчөөк,
Жыга тебет, жолобо.
Жакшынакай эн алдым,
Малың эми жоголбойт.
Өз малыңды талашкан
Акыры түбү оңолбойт.
.
Байыркы цивилизациянын көпчүлүгүндө гералдиканын айрым элементтери сакталган. Гомер, Вергилий, Плиний жана башка антикалык авторлордун эмгектеринде аскерлер, алардын кийимдери, курал-жарактары сүрөттөлүп, аларда да ушундай белгилер бөлөк элдерде да колдонулуп келгендиги айтылат. Легендарлуу баатырлардын, тарыхый адамдардын да өз кезегинде жеке эмблемалары болгондугу маалым. .
Мисалы, Александр Македонскийдин шлеминде – деңиз аты, Ахиллестин шлеминде – арстандын сүрөтү. Бирок бул эмблемалар жеке адамдарга тиешелүү болуп, мураска өткөн эмес. Гербдик аталыштын негизги шарты – герб укумдан тукумга мураска берилген кезде эмблема, тамгалар герб деп аталган. Ошондуктан бул белгилер герб деп аталган эмес.
.
Геральдика – тарых илиминин бир бөлүгү, гербдердин сүрөттөлүшү, гербдерди окуп-үйрөнүүчү илим.
Биринчи гербдер катары мөөр, медал, монеталардагы эмблемалар кызмат кылган. Мисалы, мөөр же болбосо штамп геральдика менен тыгыз байланыштуу. Мисалы, Байыркы Азия, Кытай, Ассирия, Вавилондо, Египетте мөөр орто кылымдардагы Европада документтердин аныктыгын текшерип туруу үчүн керек болгон.
Бул белгилер чопого басылган, же болбосо ташка оюлган папируска басылган. Б. з. ч. 3-миң жылдыкта Шумер мамлекеттеринде арстандын башы бар бүркүттүн сүрөтү түшүрүлгөн гербдер пайда болгон. Египеттики – жылан, Арменияныкы – арстан, Афинаныкы – үкү, Родостуку – роза, Самостуку – тоту куш, Коринифтики – канаттуу ат, Персияныкы бүркүт болгон. Кийинчерээк бүркүт Римдин гербине айланган. Византияныкы эки баштуу бүркүт, кийинчерээк мындай гербдерди европалык мамлекеттер, анын ичинде Россия да көчүрүп алган. Кийин ал белгилер мураска айланган, уруулук эмблемаларга – гербдерге айланган. Андан алардын сепилдерине, басып алган жерине тараган, андан шаар, мамлекеттердин гербдери пайда болгон.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#36 07 March 2014 - 19:30
СИМВОЛДОРГО АЙЛАНГАН МАКУЛУКТАР.
Макулуктар өзүнүн мүнөзүнө, өзгөчөлүктөрүнө жараша ар кандай символдордун ордун толуктап келет. Анда, ушул темага кайрылсак...
ПАНДА – Жапайы табиятты коргоо фондунун символу.
1929-жылы Кытайдын токойлорунда панда жашаары аныкталат. Аларды Америка же Европага алып келүү аракети дайыма пандалардын өлүм менен аяктаган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин гана пандага кандай мамиле жасаш керек экенин түшүнгөн кытайлыктар келишим менен аларды дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндөгү зоопарктарга өздөрү жеткире башташат. 1961-жылдын 11-сентябрында Жапайы табиятты коргоонун дүйнөлүк фонду түзүлөт (WWF – World Wildlife Fund). Ошол жылы Чи-Чи аттуу панда биринчилерден болуп Европага жеткирилген. Лондондун зоопаркында аны WWF’тин түзүүчүлөрүнүн бири, окумуштуу жана сүрөтчү-анималист Сэр Питер Скотт көрүп калат. Ушул сейрек кездешкен, жардамга муктаж жаныбар фонддун символу боло алат деп ойлойт. Мындан тышкары Сэр Скотт кара-ак түстөгү логотипти жаратуу оңой жана арзан болорун түшүнөт. Жылдар өтүп Чи-Чинин сүрөтү дүйнөлүк жаратылышты коргоо кыймылынын символу болуп калган. Азыр ал эң атактуу 6 логотиптин катарына кирет.
КӨГҮЧКӨН – тынчтыктын символу.
1949-жылдын 20-25-апрель күндөрү Парижде жана Прагада Тынчтыкты сактоону жактоочулардын дүйнөлүк конгресси болуп өткөн. Конгресстин эмблемасын испан сүрөтчүсү Пабло Пикассо тартып берген. Эмблемада зайтундун (оливка дарагы) бутагын тумшугунда көтөрүп бараткан ак көгүчкөн тартылган. 1956-жылы Москвада өтүүчү “жаштар жана студенттердин VI дүйнөлүк фестивалына карата шаарга көгүчкөндөр алынып келинсин” деген токтом чыгарылат. Жыйынтыгында, Москвада бир жыл ичинде көгүчкөндөрдүн саны 35 миңге көбөйөт. 1957-жылы аталган фестиваль өтүп, анын катышуучулары абага бир канча миң көгүчкөн учурушат. Ак көгүчкөндөрдү “тынчтык болсун” деген ниетте учуруу салты азыркыга чейин сакталып келет.
Сүйүүнүн символу – АК КУУЛАР.
Түгөйлөрдүн бири-бирине берилгендигинин символу – ак куулар. Анткени алар башка макулуктардан айырмаланып, өмүр бою бир гана түгөй менен жашап өтүшөт. Жубуна болгон берилгендигин жубу өлүп калганда да сакташат. Жубу ооруп же жарадар болуп калса аны карап, багат. Аны коркунучтан сактап, акыркы тамагын да ошого берет. Эгер өлүп калса, анда ак куулардын тобуна кошулуп жылуу жакка учуп кетип калбай, сүйүктүүсү өлүп калган жерде кала берет. Ошондуктан ак куулар жалгыздыктын да символу экени белгилүү.
Байыркы уламыштарга караганда, ак куулар өлүм алдында гана муңдуу үн чыгарышат. Ушундан улам “ак куунун ыры” деген түшүнүк калган. Мындай үндү уккан адамдар “анын жашоосу аз калыптыр” дешет. Сулуулугу, моюнунун узундугунан улам сулуулуктун символу катары каралып, сулуу кыздарды ак кууга салыштырып келишет.
ЖЫЛАН медицинага кантип келип калган?
Медицинада жыландын белги катары колдонулушу биздин заманга чейинки II миң жылдыкка барып такалат. Байыркы заманда медицинанын символу болуп уусуз кургак жыландар эсептелген. Ушул жыландар дарылоонун Кудайы Эскулап турактаган жайды жердөөчүлөр болгон. Алар имаратты кыдырып жүрө беришчү жана оорукчандардын жараларын ###### айыктырып кетишчү. Ошондуктан аларды римдиктер сыйлап, таазим кылып турушкан.
Чөйчөккө оролгон жылан эмблемасы азыр кеңири жайылган. Мындай символдун пайда болушу биздин заманга чейинки VIII-VI кылымга таандык. Грек уламышында ден соолуктун Кудайы катары эсептелген Гигиеянын чөйчөк менен жыланды эки колунда кармап турганы көрсөтүлөт. Биз көрүп жүргөн эмблеманы XVI кылымда атактуу врач Парацельс сунуштаган.
Бул белгинин чечмелениши азыркыга чейин талаш жаратып келет. Бир варианты чөйчөк дартты айыктыруучу жыландын уусу куюлган идиш. Ал эми жылан акылмандык, билим жана өлбөстүктүн белгиси катары каралат.
ЭШЕК да символ катары таанымал.
“Интернет Эксплорер” (веб-сайттарды ачып көрүү үчүн түзүлгөн программалар) деген сөздүн баш тамгалары «ИЭ» делип, эшектин кыйкырыгына окшош болгондуктан, Internet Explorer'ди “Эшек” дешет. Мындан тышкары АКШдагы 2 ири партиялардын бири демократиялык партиянын расмий эмес символу – эшек. Анткени эшек – тоскоолдуктарга туруштук берген өжөр жаныбар. Ал эми республикалык партиянын расмий эмес символу – пил. Ал күчтүүлүктү билдирет.
ЖАНА ДА...
Арстан – бийлик, бийиктик;
Ат – интеллект, ойдун күлүктүгү, убакыттын тездиги ;
Коён – коркоктук;
Ит – чыныгы достук;
Короз – сергектик;
Кумурска – эмгекчилдик, аракетчилдик;
Аары – эмгекчилдик, тартип;
Түлкү – куулук;
Акыра – жогорку статус;
Таш бака – узак жашоо менен байланыштырылат.

#37 07 March 2014 - 20:14
WALT DISNEY ЖОМОКТОР МЕКЕНИ.
“Уолт Дисней” компаниясы – дүйнөнүн көңүл ачуу өнөр жайындагы чоң корпорациялардын бири. Киностудиясы Голливуддагы ийгиликтүү, ири студиялардан болуп саналат. “Уолт Диснейдин” штаб-квартирасы АКШнын Калифорния штатындагы Бербанк шаарында жайгашкан.
ТАРЫХЫНАН:
1923-жылы Уолт Дисней АКШнын Калифорния штатынын Лос-Анжелес шаарына келип, агасы Рой менен 16-октябрда Голливудда «Дисней ага-инилеринин мультфильмдер студиясы» (кийин «Дисней студиясы» же «Дисней компаниясы» деп аталып калган) деген аталыштагы чакан анимациялык студия түзгөн. 1924-жылдын 1-мартында “Дисней” өзүнүн биринчи трюктар менен тартылган фильмин тартуулайт. Ал Льюис Кэрроллдун “Алиса укмуштуулар дүйнөсүндө” китебинен алынып, “Алисанын деңиз үстүндөгү күнү” деп аталган. “Дисней” Алисанын окуялары тууралуу 56 фильм тарткан.
МИККИ МАУС:
Микки Маусту Дисней Аб Айверкс аттуу аниматор менен чогуу ойлоп табышкан. Башында Мортимер болуп, кийин гана Микки Маус атын алган. Алгач Микки Маус 1928-жылы “Акылсыз аэроплан” деген үнсүз кинодо тартылган. Ошол эле жылы “Вилли кемеси” деген “Диснейдин” биринчи үндүү фильминин каарманы болгон. “Дисней” алгачкы жолу үн менен ушул чычканды чыгарган. Буга анын баш мультипликатору Аб Айверкстин салымы чоң.
«ДИСНЕЙ» КААРМАНДАРЫНЫН АТАГЫ:
Дисней өз каармандарынын атагын чыгаруу үчүн көп капитал коротчу. Экранга чыккандан кийин бул каармандар комикстердин беттеринде, миңдеген ар кандай предметтерде пайда боло баштайт. 1930-жылы “Диснейдин” каармандарына окшош оюнчуктар чыгарыла баштаган. Микки Маустун жана Дональд Дактын образдарын сааттарды, кийимдерди жана башка нерселерди жасалгалоодо колдонушкан. Алардын жардамы менен канча деген товарларды жарнама кылышты. Дисней чет жерлерге анын мультфильмдерин жана андагы каармандарды коммерциялык максатта колдонууга уруксат берген лицензия сатчу. Ушинтип, ал өз фильмдерине каражат табар эле.
КОМПАНИЯНЫН ЧӨЙРӨСҮ КЕҢ:
1950-жылы “Дисней” студиясы “Диснейленд” телепрограммаларын даярдай баштаган. 1955-жылы Калифорниянын Анахейм шаарында “Диснейленд- парк” деген аталыштагы көңүл ачуучу комплекс ачылган. Бул жерде балдар “Дисней” мультфильмдериндеги сүйүктүү каармандары менен бирге унутулгус сезимдерде көңүл ачышат. Бул аракеттер улантылып, “Дисней” өз чөйрөсүн дагы да кеңейте берген. Азыркы учурда 11 тематикалык парк, 2 аквапарк, бир канча телерадиоберүү түйүнү иштейт. Телевидение, туризм, кийим жана оюнчук чыгаруучу бизнеси жылына 22 миллиард доллар киреше алып келет. Компанияда 100 миңден ашык адам иштейт. “Форчун” журналы жарыялагандай, АКШдагы 100 чоң компаниялардын ичинен 53-орунда.
«АКЧА ТАБЫШ ҮЧҮН ФИЛЬМ ТАРТПАЙМ»
Уолтер Элайс Дисней 1901-жылы 5-декабрда Чикагодо кедей үй-бүлөдө туулган. 4 бир туугандын кичүүсү Уолтер атасына кичине кезинен эле жардам бере баштаган. Алгач ферма иштерине жардам берсе, кийин гезиттерди таратууда, соода иштеринде кол кабыш кылган.
Оюнчуктарды кыялында гана көргөн Уолтер сүрөт тартууну жакшы көрчү. Алгачкы ирет өз эмгеги менен 7 жашында акча тапкан. Анда ал кошунасынын атын сүрөткө тартып, 5 цент алган.
Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин жарнактык агенттикке сүрөтчү болуп орношот. Ошол жактан ал сүрөтчү Аб Айверксти жолуктуруп, кийин экөө чогуу студия ачып, 2 мүнөттүк жарнактарды тарта башташат. Тарткан фильмдери жергиликтүү гана кинотеатрларда көргөзүлчү. Акырында алар Голливуддун кино өнөр жайына жакын болуш үчүн студиясын Лос-Анжелеске көчүрүшөт. Мультипликация Дисней үчүн баңгизат сыяктуу болуп калат.
Кийин ал мультфильмдердин режиссёру болуу үчүн Голливудга жөнөйт. Голливуддан чоң атасынын гаражын пайдаланууга алып, анимациялык кыска метраждуу фильмдерди жасоого өтөт. Башында иш абдан начар жүрүшкөн. Бирок Дисней артка кайтпастан, ишин сүйүү менен уланта бергендиги үчүн биз көрүп тургандай ийгиликтерге жетишкен. Режиссёр катары 111 фильм тарткан, 576 тасманын продюсери болгон. Эмгектери 26 жолу «Оскар» жана башка көптөгөн сыйлыктарга татыган. Ал 1966-жылы 15-декабрда тамеки чегүүнүн айынан өпкөсүнөн рак болуп каза тапкан. “Мен акча табыш үчүн фильм тартпайм. Фильм тартыш үчүн акча табам” дечү ал.

Супер-Инфо
super.kg
видео