Жүрөктөн чыккaн ырлaр. Мага жаккан ыр саптары
#961 18 Январь 2012 - 05:10
#962 18 Январь 2012 - 06:35
Ким сураса мен бактылуу адаммын,
Жыттап алып кокуроктон баламын
Ушул менин ырыс-кешик байлыгым,
Кайдан издеп андан артык табамын.
Ким сураса толук дайым дунуйом,
Жолок болчу балам барда суйуном.
Уйго келсем чайын берип аялым,
Тосуп алат мээрим тогуп жузунон.
Эркелетчуу эн кенжеси уйумдун,
Келечектуу кызым менин умутум.
Атакелеп чуркап чыкса алдыман,
Унутулат ичимдеги куйутум.
Болсо деймин,,менин уйум чептен бек,
Мен жашабайм,мансап байлык эсептеп.
Тунонбогом мен кенчим уй-булоом,
Мен кутпоймун байлык,доолот эсептем. БИШКЕК шаары 1995жыл.
#963 18 Январь 2012 - 08:05
Delicacy (13 Январь 2012 - 10:23) жазган:
Канткенде бизде дагы тан агарат,
Журокту ойуп жаткан бир арман бар,
Кыргызда очуп барат намыс да ар,
Улуулугун эстеп корчу кыргыз элим,
Кансырай оксуп жатат ыйык жерин,
Качанга биз ушундай кыйналабыз,
Качан биз намыстанып чыйралабыз,
Болок элге,башка жерде басмырланып,
Калабы же улуу атын уйпаланып,
Ишенген эр жигитин сатса жерин,
Ишенген эр жигитин атса элин,
Эне деген,кыргыз деген атын булгап,
Митингде кыргыз аял журсо ураалап,
Аттинай улуулугун кайда калды,
Булганса,уйпаланса ата салты,
Керемет Ысык Колун мончо болуп,
Баратат кундон кунго азып соолуп,
Жеринден касиет барат качып,
Ишенген ажон турса кенин сатып,
Унутуп эне тилин,билбей баркын,
Уул,кызын турса эгер чанып салтын,
Касиетин кайда калды кайда калды,
Суроого жооп берер кыргыз барбы?
Мекениме арналган ырларды укка сайын, окуган сайын, журогум ан сайын жараланып, ан сайын оксуп барат. Аттин ай, колдон келер иш болсо, жасап алар элем, а бирок мен дениздин бир тамчы суусундай гана болгонуман алсызмын, колуман эч нерсе келбей, жардам бере албай, тили жок дудукча ичимен окусуп , арманга толуп, ыйлап-ыйлап сороломун...

Мекеним
Кечирекор, керегине жарабадым,
Кечирекор тарыхында калабадым!
Жон гана туулуп-осуп уяндан,
Бой жеткенде канат жайып алыстадым.
Аттин ай, колдон келер иш болсо...
Жасап алар элем деп ойлоп каламын.
Бирок мен дениздин бир тамчы
Суусундай болгонунан алсызмын.
Айтылбай армандарым ичте калып,
Тили жок дудукча оксуп келем.
Алыста журсом да кун откозуп,
Журогум мекенимде жашап келет!
Кечирекор, керегине жарабадым,
Кечирекор тарыхында калабадым!

Корея-2006.1.19

Билдирүүнү түзөткөн: stafs: 18 Январь 2012 - 19:44
#964 18 Январь 2012 - 15:56
Кечирчи, мен жайкы жаан боло албайм...
Кийиминди суу кылгым келбейт анткени...
Анан калса жер тубуно сиңип кетип жоголмок белем...
Кечир мени, ураган да боло албайм...
Антара койсом эгер сени күү менен...
Анан кайдан издеп таба алам...
Кечиргин мени ак булут болбогонум учун...
Шамалга алдырып ийбейин сени,
Асмандан келе албай түшүп...
Кечир жаным, дарыя да эмесмин жай аккан...
Тынчынды албай, сени козгобогонума
Ыраазы болсун ылайым жараткан..
Шүүдүрүмдүн тамчысындай боло албадым...
Тан эртелеп жолуңдан тосуп,
Колундан коомай кармабадым. ..
Кечирип кой, мен болгону адаммын!
Келгин куштай жылуу жакка учуп кете албайм..
Сени суйөм -ушул болгон айыбым .
#965 18 Январь 2012 - 17:40
Begimkyz (15 Январь 2012 - 14:39) жазган:
Карытып эчендеген кылымдарды,
Келатат Лейла, Мажнун суйуу балы,
... Кымбатым биз да арзуу тарыхында,
Кылымдап дастан болуп айтылалы.
Туруктуу махабаттын жарчылары,
Тариэл, Нестан жанган шам чырагы.
... Таалайым биз да экообуз мин бир тундой,
Тугонгус жомок болуп айтылалы.
Сыйкыры бул жашоонун башка барбы?
Зарина, Канаттардын баяндары.
Сыяктуу айтылады эл оозунда,
Сыймыктуу жубайлардын жарыктагы.
Бегимкыз керемет жазыпсын,
Арманды куч алдырып,
коздон жашты агыздын,
Алда качан умуту очкон журоко,
Дурт эттире умут отун жандырдын,
Журогумдун тупкурундо сакталган,
Бир кызды эстеп, ой колуно малындым,
Бактылуулук минуттарды шондогу,
Азыр энсеп,сагынгандан жашыдым.
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#966 19 Январь 2012 - 16:32
Суйуу сымал жанга шерик жар болбос
Суйчу мени мен да сени суйойун
Суйуу болсо дуйно бизге тар болбос!! !
#967 19 Январь 2012 - 16:44
Delicacy (18 Январь 2012 - 14:40) жазган:
Арманды куч алдырып,
коздон жашты агыздын,
Алда качан умуту очкон журоко,
Дурт эттире умут отун жандырдын,
Журогумдун тупкурундо сакталган,
Бир кызды эстеп, ой колуно малындым,
Бактылуулук минуттарды шондогу,
Азыр энсеп,сагынгандан жашыдым.
Рахмат! Сиздин да калеминиз курчуй берсин!
Баары жакшы, мен жаман...
#968 19 Январь 2012 - 18:07
Шашыла тез, тез басып барам уйго,
Бир бомж токтотту колдон алып,
Айланып бир куркону оторумдо,
Коздорун чылпак басып,он карайган,
Коркуп кеттим,чыкты деп кайсыл жайдан,
Калчылдап титирейт да суйлой албай,
Тартып алдым колумду ал кармаган,
Басып кеттим чынында жийиркене,
Январдын суугуна ичиркене,
А бирок кайта келдим аргасыздан,
Тигиге бериш учун аз маз тенге,
Кычыраган кыш ызгаары соок кажыйт,
Дендароо болуп калдым дуйно тарып,
Жыртык шым,жалгыз жемпир,бут кийим жок,
Чупурок байлап алган бутка танып,
Акча сундум,унчукпай карап туруп,
Жан дуйном ыйлап турду куушурулуп,
Козумдон бир тамчы жаш кулап тушту,
Ушкуруно "рахмат" деген созду угуп,
Кыргыз экен,ай арман ай кыргыз экен,
Мага окшогон бир жанда ырыскы издеген,
Бич болуптур,улуу элдин урпактары,
Таштандыдан чириндини терип жеген,
Башым ман карап турдум танып эстен,
Кете албай кайра кайтып жолум менен,
Жийиркенип таяк менен турткулошуп,
Эки мент суйролтуп алып кеткен,
Ошол бич такыр эле чыкпайт эстен,
Амал таап тируулой калды бекен,
Адашкан ак жолуна кайра тушуп,
Адамдык касиетин тапты бекен.
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#969 22 Январь 2012 - 11:31
Жашоону окшоштурдум кок денизге,
Адамды анда сузгон ак кемеге,
Мээримин тогуп турса кээде чалкып,
Кеээде толкуйт,жанды алып жемеге.
Ойлонуп ой тубуно жете албадым,
Жалган деп же жашоодон кече албайсын,
Кээ бирде периштеге жолдош болсон,
Адашып кээде шайтан жанындасын,
Катуусун корсон эгер азаптын,
Сабыр кыл сыноосудур Аллаhтын,
Эрктуу бол! Жаман иштин башаты,
Досу болбо! Кулу болбо арактын,
Биз издейбиз бул дуйнонун алтынын,
Умут кылбай бейиштин бир жарыгын,
Сезбейбизби же сезгибиз келбейби,
Кутуп тураар эки кулач кабырын,
Жалынабыз Кудайга эмес акчага,
Ишенебиз жылдыз толго,бакшыга,
Болбосо эгер журогундо ыйманын,
Келимени айтасын кантип жан чыгаарда.
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#970 22 Январь 2012 - 11:32
Жашоону окшоштурдум кок денизге,
Адамды анда сузгон ак кемеге,
Мээримин тогуп турса кээде чалкып,
Кеээде толкуйт,жанды алып жемеге.
Ойлонуп ой тубуно жете албадым,
Жалган деп же жашоодон кече албайсын,
Кээ бирде периштеге жолдош болсон,
Адашып кээде шайтан жанындасын,
Катуусун корсон эгер азаптын,
Сабыр кыл сыноосудур Аллаhтын,
Эрктуу бол! Жаман иштин башаты,
Досу болбо! Кулу болбо арактын,
Биз издейбиз бул дуйнонун алтынын,
Умут кылбай бейиштин бир жарыгын,
Сезбейбизби же сезгибиз келбейби,
Кутуп тураар эки кулач кабырын,
Жалынабыз Кудайга эмес акчага,
Ишенебиз жылдыз толго,бакшыга,
Болбосо эгер журогундо ыйманын,
Келимени айтасын кантип жан чыгаарда.
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#971 22 Январь 2012 - 16:38
Арабдын чөл ортосу “N” шаарында,
жарыгы жалт-жулт жанган кең барында,
отурабыз экөөбүз:
жаңы тааныш араб жигит Жамал деген,
жанында жаңы келген жана да мен.
Ал сурайт кыргыз жерин, кыргыз элин...
Бир жылдары Ысык-Көлгө келгендигин
шилекейи чууругудай, айтып жатат жомок кылып...
Мен угам, кондесcатор муздатканы даба болбой,
чекемден агып жаткан аарчып терим.
Аңгычакты портефелим алдым дагы,
анан шашпай шырт ача салдым дагы,
тумардай катып жүргөн ыйыктын ыйыгындай,
Сары-Челек көлүнүн түстүү сүрөттөрүн,
көрсөтмөккө ага сунуп калдым аны...
-Охохоо, бул кайсыл көл?
-Сары-Челек! !!
Мактанып айтып турдум элеп-желеп.
-Я Алла! Кандай кооз, кандай укмуш,
көп тура сулуулуктар мен көрө элек...
-Туздуубу Ысык-Көлдөй?
-Жоок, туптунук, таптаза суу.
-Кызганчу көл экен го аруу, мөлтүр,
Үстүнө конбосо деп аппак ак куу!
-Көркүнө суктанышып, суусунан ичишеби?
Өзүндөй таза кылып, адамдар күтүшөбү?
-Ой, анан ичишет да!.. (Мактанып кетип бир аз!)
А тургай чечинишип,
чөмүлүп түшүшөт да!
-Харрам!! !-деди-
Ушундай таза көлгө, ушундай мөлтүр көлгө,
Түшмөк түгүл,
Кирингенди ойлогон кандай жаман адам деги!..
...Ошентип, арабдын бир жигити
Сары-Челекке чөмүлүүгө дит бакканым үчүн,
Аны булгап жатканым үчүн,
Кызарта жемеледи.
..................... ...................... ......................
Шашпагыла, журтума барбасамбы,
Сары-Челекке чөмүлмөк турсун,
Бөтөлкөнү, кагазды туш келди таштагандарды кармасамбы,
кызылдай уят кылып,
акымды албасамбы?..
Карап тур!

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 22 Январь 2012 - 16:47
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#972 22 Январь 2012 - 17:36
Барс (22 Январь 2012 - 16:38) жазган:
Сары-Челекке чөмүлүүгө дит бакканым үчүн,
Аны булгап жатканым үчүн,
Кызарта жемеледи.
..................... ..................... . ..................... .
Шашпагыла, журтума барбасамбы,
Сары-Челекке чөмүлмөк турсун,
Бөтөлкөнү, кагазды туш келди таштагандарды кармасамбы,
кызылдай уят кылып,
акымды албасамбы?..
Карап тур!

Таштандыны тушкелди таштаганды.
Камчы менен кызылдай сабасамбы? ..
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 22 Январь 2012 - 17:39
#973 22 Январь 2012 - 17:42
Бул кылганыныз жакшы аке,
Кызартмак турсун андайды,
Ылай менен чап бетке,
Алыныз катуу жемеге,
Жараныз дагы кереке,
Гезитке жазып андайды,
Кылыныз катуу шерменде,
Ошондо келет эсине,
Баспай калат тетирге,
Бутун жипсиз байланыз,
Колго аны айданыз,
Тазаламака кол суусун,
Дежурный кылып шайланыз,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#974 24 Январь 2012 - 02:57
Адашпаста�� жан алган.
Айтылбас соз кылкан.
Акыйкат азыр жалган,
Ачылбас сыр курман.
Адилет калыс мыйзам.
Ар намыс жерде жаткан,
Абийир жок заман.
Азгырык изи шайтан.
Адаштырып рахат алган.
Ачуу чындык чалкан,
Анык соз бетке чапкан.
Ата эне сени тапкан,
Акысы зор бапестеп баккан.
Акылман иши балбан,
Ашыкпай олчоп тарткан.
Алдап баарын саткан,
Агынан кундо жуткан,
Акмактын жолу бузган.
Арпанын уну талкан,
Айылда чарба дыйкан.
Айыбын таап кылмыштан,
Ажырап эркинен пахан,
Азаттыкты самап жаткан.
Ата Мекен деп журок каккан,
Асабасын намыс туткан,
Азаматтар азайды журттан.
Аллахтын созу ыйык Куран,
Акыркы пайгамбар айткан,
Ак дини бул Исламды туткан.
Айрыбасын элди куттан,
Алакан жайып бата кылам.
Азапты сабырдуулук уткан,
Аракет мээнет бел бууган.
Аксакал созун кунт уккан,
Аманат ишин уланткан,
Аты олбос анын турмуштан.
Алыстан чыкпайт кек душман,
Арамза куулук кычышкан.
Айтчу созум коп буулуккан,
А бирок жан жок муну уккан!
Билдирүүнү түзөткөн: Romantic: 24 Январь 2012 - 03:04
#975 24 Январь 2012 - 02:59
Алым жетпеди барышка.
Арманым толду айтышка,
Ак барак бетине жазышка.
Караанына мен суусадым,
Калбады ичээр ууртамым.
Кайдасын менин булагым?
Кайгырып сенсиз кусамын.
Убакыт кеспей тунжурап,
Умтулам сага мен чуркап.
Ууртунан кулуп турасын,
Узак жолдо кол булгап.
Сабырым сынып чачырап,
Сагыныч эзди жалгыз сырап.
Сапарым сага тартылып,
Сезимим барат сени сурап.
#976 24 Январь 2012 - 03:02
Ызгаары согуп жатты кыштын.
Ыйман нуру аны жылытпай,
Ыйлап баратканы бир байкуштун.
Бербептир Кудай ага бактыны,
Бапестеп чонойткон эне атаны.
Басканы кочо ага эшик тор,
Батырбады журогуно башканы.
Жаралган сон бул жашоого,
Жараланып кен Ааламга батпады.
Жаш болсо да анын курагы,
Жалгандан озуно оорун таппады.
Жалгыздык илдети курчап алып,
Жандуйносун чийип булгады.
Жай таппай жузун бурганга,
Жараткандан калыс сурады.
Улбулдоп жанып жарыгы,
Умут шамы да ыйлады.
Унсуз бечара дербишти,
Ушкурук коодондо кыйнады.
Билдирүүнү түзөткөн: Romantic: 24 Январь 2012 - 03:03
#977 27 Январь 2012 - 15:10
(20-март 2010-жыл)
Тагдыр,турмуш, жашоо баары сенин коштоочун/
Тагдыр талдап,турмуш муштап жашоо-деген улануу/
Менде айла жок,сенде ар,чектен чыккан ташбоорсун/
А менин бар эрдигим-Айласыздан башым ийип багынуу.
Убакыт аргымагын минип алып/
Кыр ашат улам-улам изи калып/
Артына кайра кайтып келсе гана../
Куржунунда бирдемесин унуткарып.
Же чарчаппы,чаалыгыппы же азыппы/
Бассачы же кадам таштап аяр-аяр/
Бир саамга эле артын карап койсо гана/
Кормокко баскан жолун далай-далай.
Чын замандаш,мунун баары жомок да/
Ачкоз адам анда дагы тойбойт да/
Кылып кылык,кыл жип менен буумалап/
Кези келсе ондоп кайра коймок да..
Убакыт шашып алга,умут аны жандап/
Дал ошол умут мени жетелейт,дагы алдап/
Байкуш умут-ал болбосо журогум алсызданып/
Чыдай албай согуусунан токтоп калмак..
Жолум,оюм,башым толо ак тилек/
Максаттарым колдон суйойт жетелеп/
Кулагыма шыбырашат;" Ото аста бас,абайла/
Эне сутун али оозундан кете элек".
Жетем мен максатыма,мен себеби адаммын/
Алдан тайбайм,бекеммин, ак барактай адалмын/
Эх-хх убакыт окунтмокко сенин кайра озунду/
Карап тур...
Мээнет кылам,тешилгенче таманым!!!
#979 08 Февраль 2012 - 09:55
#980 08 Февраль 2012 - 14:45
Мен эми силер менен ойнобоймун,
Аргасыз силер менен коштошомун,
Качанкы кичинекей кара бала,
Эске алыш жигит болуп чонойгонун,
Кош эми мамалагым,ак жолтойум,
Мени эмес эми инимди ойнотосун,
Ыйласа кежирленип жер тепкилеп,
Сен эми ал инимди сооротосун,
Кош эми мени суйгон баатыр жолборс,
Сен мага балалыкта болдун жолдош,
Качанкы кара тундон корккон бала,
Жигит болгон,эми тундон такыр коркпос,
Ах менин жылтыр темир канатчаным,
Капа этпе мен оюнду азайткамын,
Соз берем бирок дайым эсте болот,
Кун нуруна чагылышкан канаттарын,
Кыялымда жандуу болгон чунак тайым,
Тентек кезде кырккамын куйрук жалын,
Балалыктан бактылуу бир элессин,
Эми инимди которгун ак тулпарым.
Мен эми силер менен коштошомун,
Таарынбашчы таштады деп ойлобогун,
Эч ким жокто жашырынып келип турам,
Билем дале силер учун бала бойдонмун.
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...