
Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#1381 09 Февраль 2012 - 10:06

#1382 09 Февраль 2012 - 10:36
Кудайга шугур менде баары жакшы, жакшы болот тагы ...
Бир туугандарым апамдын аманчылыгын ден соолугун суранып келем...
Калганы колдогу эле иш экен гооо...
Жакындарым дайыма жанымда болсо экен ....
Кулуп, кыялданып, назданып, кылыктанып, басып-туруп, суйлоп, жазып, тамактанып, иштеп, окуп, ачууланып жатам ---это значит Я ЖИВУ ...
Жашоо бул чексиз БАКЫТ...
МЕН БАКТЫЛУУМУН. ..
Билдирүүнү түзөткөн: akusya: 09 Февраль 2012 - 10:37
#1383 10 Февраль 2012 - 04:21
#1384 10 Февраль 2012 - 04:30
#1385 10 Февраль 2012 - 11:13

Билдирүүнү түзөткөн: Nazika_1990: 10 Февраль 2012 - 11:15
#1386 10 Февраль 2012 - 18:05
#1387 11 Февраль 2012 - 19:54

Билдирүүнү түзөткөн: solnyshko: 11 Февраль 2012 - 21:45
#1388 13 Февраль 2012 - 14:15
#1389 14 Февраль 2012 - 10:46
#1390 14 Февраль 2012 - 10:51
Эскертүү бере берип чарчадым. 2 күнгө банга!
Бул темадагы билдирүүлөргө сын, кеңеш ж.б. жазууга болбойт!
Цирк эсиме келип кетти.
#1391 15 Февраль 2012 - 13:20
кылып айтпачу нерсени деле айтып. Кыйналып кеттим,сызгаа малынып калдыыым

кулкучу кыз элем, эркелигим дагы калып баратат....эхххххх. ....эмнеге анчаа
кыйналдыым негееее???












#1392 16 Февраль 2012 - 14:08
#1393 16 Февраль 2012 - 21:34
Куттуктасаңар болот, кечээги күндөн баштап "эшек жашооо" старт алды менде... Эмнегеби? Мурун-мурун бир жомок окуган элем. Анда жараткан баардык жаныбарларга, анын ичинде адамга да өмүр берет. Биринчи болуп адам жетип келет экен... Көбүрөөк берип калабы деген үмүт менен. Жараткан: "Сен башкалардан өзгөчөсүң, баардыгын башкаруу үчүн акылдын кожоюнусуң. Жаныбарлар сага кызмат өтөшөт. Бири үйүңдү кайтарып, экинчиси сүт берип, үчүнчүсү отун-сууңду ташыйт... Андыктан 25 жыл берем",- дептир. Бул адамдын акылы чындап көбүрөөк болгондур, ичинен "эгер мен баарын башкарсам, мен үчүн баары кызмат кылса, анда 25 жыл аз" деп ойлонуп жатып, кайра жаратканга кайрылат: "Чоң рахмат... Бирок мен жаныңызда тура турсам болобу?" деген экен... Ал макул болуптур.
Кийин эшек келет. Ага жараткан: "Сен адамдын отун-суун ташып, өмүрүң өткүчө ага кызмат кылып өтөсүң. Этиң арам болуп, жемеленесиң, таяк көп жеп өтөйсүң...Мунун баарын эске алып, сага 40 жыл бердим" дептир. Эшек аябай наалып-кепчип: "Жашоом ушундай шордуу болсо, мага анча көп жаштын кереги жок" деген экен. Ортодон адам чыга калып, анын жарым өмүрүн ала калат. Кийин ит келет, ушундай эле окуя кайталанат. Андан ары маймыл, дале ушундай... Мына ошондон бери адам өз өмүрүн 25ке чейин өткөрүп, кийин эшектей болуп иштей баштайт экен (ата-энеси, үй-бүлөсү, балким мекени үчүн), андан ары ит короосун кандай берилүү менен кайтарса, адам да 45 жылдык өмүрүндө топтогон байлыгын коргоо үчүн жашай баштайт. Ит кара күнүн дайыма эсте түйүп, ашыкча сөөктөрүн жерге каткандай, адам да мансап чогулта баштайт. Соңунда маймыл. Адам картайып, алдан тайып, кыскасы кандайдыр бир деңгээлде маймылга окшоп калат сыңары... Бирок мен ушул жерине анча кошулбайм.
Бул аралыкта мени адам кылгандарга чексиз ыраазымын. Биринчи эжей-мугалимим (жайы жанатта болсун), "Тот Тоня", тай энем, алгачкы"шефиня" эже, анан албетте, учурда андан чоң сабак алып жаткан эже да бар. Биринчи эжей "Эльвираш, шашмалыгыңды токтот" дей берсе, "Тот Тоня" "таалыкпай эмгектене бер, түнбү-күнбү, анын үзүрүн качан көрөм деп күтпө... ал сөзсүз болот!" дечү, алгачкы "шефиня" сырдашым, кеңешчим, устатым... Ал эми азыркы кол алдында болгон эжем болсо, көп нерсеге көзүмдү ачты. Жерге жакындатып келет ушул күнгө чейин. Турмуштун ачуу чындыгын билдим ушул эже аркылуу. "Родственная душа"дай сезилет мага...
Күтпөгөн күн болду кечээ... Тааныбаган адамдар чалып таң калтырды. Чын дилден кубандым. Көңүлүм жылыды. Кимдир бирөөлөрдүн куттуктоосунан асманга көкөлөсөм, экинчи тарапты укканда көзгө жаш тегеренип кетип жатты. Ичимден "кечирип койчу мени" дедим. Оозумдан чыкпаса да, билем, ишенем, бизди тегеректеген периштелердин жардамы менен жетет сөздөрүм...
Эң кызыктуусу, инимдин "ачылышы" болду мен үчүн. Шашылыш сыртка чыгып баратсам, пальтомду карап: "Эльвира, кечээ эле тазалайм деп айттың эле го. Кара, арт жагына, ар нерсе жабышып калыптыр" деди дагы бир жолу. Анан кайра сөзүн оңдой: "Сен ушунуң менен бүтүндөй Эльвира деген дүйнөсүң. Тазалаба, окшошпой калат" деп салды. Мда!
Ооба, тышкы көрүнүшүм эмес, ички дүйнөмдүн таза болушу миң эсе маанилүү. Таң атпай ойгонуп, бетиме ар нерсе (аттарын да жатка билбегеним) шыбабайм, уктап алганым артык. Түшкө чейин чала уйкуда болом, шекерсиз-сүтсүз кара кофе да ойгото албайт. Анан фронт! Жумушумду чексиз жакшы көрөм. Буга атам "айыптуу" . Жакшы эсимде бар, 3-класстан баштап "Асаба" окуп баштагам. Балким, ушул жашта мактана турган "багажым" жалгыз - окуган гезиттер, журналдар жана китептер гана болсо керек! Атам ар бир окуган кыска текст болсо да, сабак чыгар дей берет. Мейли, атам менен апамдын "хирург болот кызым" деген тилегин актабасам да, өз жүрөгүм менен журналисттик тандап алуу аркылуу медиктердин "зыян келтирбе" деген улуу насаатын туу тутам.
Качандыр бир кезде... балким, "маймыл" (макакага окшошкум келмек) болуп калганда... жакшы бир чыгарма жазгым келет... кыска, бирок нуска... азырынча "чемодан" ар бир учураткан адамымдан алган сабактар менен топтолууда. .. Бүгүн мен баарлашкан ар бир адам келечектеги чыгарманын каармандарына айланат!
Пы.Сы. "Мен бармын!" - болбогон аталыш... Бирок мендей "боз чычкан" кезинде өтө коркунучтуу эле. Ошол учурда "25" - ашып өткүс чеп сыяктуу сезилген.
Билдирүүнү түзөткөн: adalsvards: 16 Февраль 2012 - 21:35
Жеңиш - менин тагдырым.
#1394 17 Февраль 2012 - 09:32


#1395 17 Февраль 2012 - 11:55
#1396 17 Февраль 2012 - 12:27

#1397 17 Февраль 2012 - 14:49
#1398 18 Февраль 2012 - 19:50
#1399 18 Февраль 2012 - 22:10
Кочодобу, маршруттабы, окуудабы же башка жайларда эмнегедир бироону издей берем... Журогумо жакын адамды издей берем... Бирок, ал ким экенин да билбейм...
Суйуу отуна баткым келет,
Суйуу даамын таткым келет... Суйгум келет... Кимди???...
#1400 19 Февраль 2012 - 18:45
ушунча убакыт өтсө дагы,сенин бул жашоодо жок экенине таптакыр ишенбейм..... .тээээ алыста жургөндөй сезилесин мага....өткөндө уйго жакшы маанай менен бара жаткам....анан уйгө жакындап калганда..үйдү көрүп эле журөгум ооруй тушту...үйдүн алдына келип,сени кадимкидей издедим....куттум. .азыр уйдөн чыга калат Атакем,бутун аксаңдатып, колумдагы оор сумкаларымды алып:"кызым жакшы келип алдынбы?жолдо кыйналбадынбы? кел эми уйгө кир,чай ич,курсагын да ачка болсо керек,ушубодунбу? эмнеге жылуу кийимдерди кийген эмессин,алыс жол журуп келдин"деп, айтат деп куттум... дайыма алыс жолдон келгенде,ошентип кутуп алчусун....ойлосом, мен сенин каза болгонуна дагы деле ишенбейт экенмин Атакем,эшиктин алдында турдум бир канча убакыт, итибиз дагы чоноюп калган экен,мени тааныбады окшойт...кечке уруп туруп алды.....анан байкуш мамам чуркап чыкты....мени коруп тан калды,кантип келип калдын?деп,. ....а мен жолго чыгып атам деп айткан эмес элем да....билесин го?уктабай,кечке уйго кирип-чыгып, кыжалаат болот....жолдон кантип келатат?курсагы ачпы?токпу?ушуп калбадыбы?жол кандай экен?жанында кандай адамдар бар экен?деп кечке ойлоно берет......ошентип дайыма ле кыжалат болуп,кайгыра бергенинен ,эсиндеби Атаке?сен мамама:"Асан кайгы"деп ат коюп койгон лен....анан кээде ошентип айтсан, Апакем жини келе берчу.:"эмнеге антесин?башка ат табылбадыбы? Эне болгондон кийин кыжалат болот,ойлонот" деп....
Ар дем алыш кундору, кыздарын,куйоо балдарын,неберелерин, келишип,бир столго отурганда 15-20 адам болуп кетчубуз,каткырып, бири-бирибиди тамашага салып,чогуу тамактанып. ...эххххх.....ошол бактылуу кундорубуз кайра келип калса эээ азыр Атаке.....
