Арбагыла акындар
Айтыш ырга жакындар
Ачуу-таттуу сүйлөшүп
Азилдешкен такымдар!
Айылга келсем баш багып
Бейтааныш көбү акындар
Бапырап эле чуу түшүп
Бакылдап ырдап жаткандар,
Баштагыдай ырдабай
Башымда аттай арман бар,
Эски малдын көзү деп
Эрмектеш адам өзү деп
Салам берсем Айдайга
Бурбады көңүл саламга,
Тырнакча да баркым жок
Айланган окшойм айбанга?))
Кыргыз элим дегенде
Душманга болгон бийик чеп
Кайда жүрөт жоголуп
Жанагы Ликви деген иничек?
Кыз эле кыз деп мекилдеп
Форумга тентип кеткенби?
"Кыз сыры" деген айылга
Алмашып "Айтыш"
мекенди,
Алтындай жигит Ликвинин
Жок кемчилик айыбы,
Анан неге издетип
Табылбады айымы?
Же тымызын билдирбей
Кыздарды чаап жатабы?
Кышка тоют кылгандай
Тамбашка жыйып жатабы?
Кантсе да иним аман бол
Замана жаман болгон соң
Сен дагы анда жаман бол)))
Лөкүлдөп кыз кууп жүрбөстөн
Айтышка деле келип тур,
Бул жакта деле кыздар бар
Ошолорго ыр букет
Анда-санда берип тур.)))
Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.
#1522 17 February 2012 - 13:32
Алейкум салам Сысыры,
Акындардын айылына ,
Келипсин тогуп коп ырды .
Бул айылга жете албай ,
Ашкандайсын коп кырды .
Келе калып айылга ,
Ачыпсын го коп сырды .
Ачып салып сырымды ,
Баштадын го сен чырды .
Акем экен деп сыр ачсам ,
Айылга айтып салдын го .
"Бабник " экен деп ойлошсо ,
Уятка мен калдым го .
Кыз издеп аран жургондо ,
Бутумдан сен чалдын го.
Кыз таппай калсам мен эгер ,
Балээге сен калдын го .
Кыз издесем мен эгер ,
Сага издеп жатканым ,
Сысырыга ылайыктуусун
Кармабай жатат капканым .
Анча-мынча кармаса ,
Сага жакпайт тапканым .
Бугун бироону корсотом ,
Аны жаны чапкамын .
Жакпаса да уйлонгун ,
Эми артка качпагын .
Озунду жаш корсотуп ,
Жашынды эми сатпагын .
Уйлонбосон быйыл сен ,
Айылга да батпайсын .
Уйлонуп алсан быйыл сен ,
Тундо жалгыз жатпайсын .
Жагып калса женекем ,
Аны дайым мактайсын .
Коркутуп алса женекем ,
Аны дайым жактайсын .
Кызганчак болсо женекем ,
Кочодо жалгыз баспайсын .
Кучтуу чыкса женекем ,
Керек болсо ушул ,
Акындыкты таштайсын .
Акындардын айылына ,
Келипсин тогуп коп ырды .
Бул айылга жете албай ,
Ашкандайсын коп кырды .
Келе калып айылга ,
Ачыпсын го коп сырды .
Ачып салып сырымды ,
Баштадын го сен чырды .
Акем экен деп сыр ачсам ,
Айылга айтып салдын го .
"Бабник " экен деп ойлошсо ,
Уятка мен калдым го .
Кыз издеп аран жургондо ,
Бутумдан сен чалдын го.
Кыз таппай калсам мен эгер ,
Балээге сен калдын го .
Кыз издесем мен эгер ,
Сага издеп жатканым ,
Сысырыга ылайыктуусун
Кармабай жатат капканым .
Анча-мынча кармаса ,
Сага жакпайт тапканым .
Бугун бироону корсотом ,
Аны жаны чапкамын .
Жакпаса да уйлонгун ,
Эми артка качпагын .
Озунду жаш корсотуп ,
Жашынды эми сатпагын .
Уйлонбосон быйыл сен ,
Айылга да батпайсын .
Уйлонуп алсан быйыл сен ,
Тундо жалгыз жатпайсын .
Жагып калса женекем ,
Аны дайым мактайсын .
Коркутуп алса женекем ,
Аны дайым жактайсын .
Кызганчак болсо женекем ,
Кочодо жалгыз баспайсын .
Кучтуу чыкса женекем ,
Керек болсо ушул ,
Акындыкты таштайсын .
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#1523 17 February 2012 - 13:49
Демон деген баатыр бар
Шайтанды коюп аватар
Шайтандаган каапыр бар,
Эки кулач тили бар
Түгөнбөгөн кеби бар,
Чапташкан супер-желимдей
Тили узун, ажаан келиндей,
Түрмөк-түрмөк ыр жазат
Күнү-түнү эринбей.
Келген-кеткен баарына
Асылып турат чекеден,
Демон деген лакапты
Койбосо керек бекерден,
Бу кеп дегениң Демондо
Арзан окшойт текейден?
Таарынба, Демон, акеңе
Мунун баары тамаша,
Көпчүлүк элдин көзүнчө
Уят кылба ираса,
Жакшы көрүп иним деп
Азилдеше ырдадым,
Акем мени минтти деп
Чубалбасын чырларың,
Кантсе да айтыш айылда
Эки акындын бирисиң,
Бирок, миң тополоң кылсаң да
СССРге инисиң,
Азамат иним Демонум
Кандай бакыт мага да
Сендей ини болгону,
Атка алмашкыс кунансың
өсөөр жигит-улансың,
Түгөнбөй ырың, айтышың
Илхамга илхам улансын!
Шайтанды коюп аватар
Шайтандаган каапыр бар,
Эки кулач тили бар
Түгөнбөгөн кеби бар,
Чапташкан супер-желимдей
Тили узун, ажаан келиндей,
Түрмөк-түрмөк ыр жазат
Күнү-түнү эринбей.
Келген-кеткен баарына
Асылып турат чекеден,
Демон деген лакапты
Койбосо керек бекерден,
Бу кеп дегениң Демондо
Арзан окшойт текейден?
Таарынба, Демон, акеңе
Мунун баары тамаша,
Көпчүлүк элдин көзүнчө
Уят кылба ираса,
Жакшы көрүп иним деп
Азилдеше ырдадым,
Акем мени минтти деп
Чубалбасын чырларың,
Кантсе да айтыш айылда
Эки акындын бирисиң,
Бирок, миң тополоң кылсаң да
СССРге инисиң,
Азамат иним Демонум
Кандай бакыт мага да
Сендей ини болгону,
Атка алмашкыс кунансың
өсөөр жигит-улансың,
Түгөнбөй ырың, айтышың
Илхамга илхам улансын!
#1524 17 February 2012 - 13:51
эхххх окуп тан калдым....ушунчанын баарын кантип жазып атасынар .....
Только злые люди, зла боятся!
#1525 17 February 2012 - 22:13
Эми болду ардагым
Жаман созго барбагын
Чынын айтсам сени менен
Корс айтуудан чарчадым
Эми башка акынга
Кездешерин каалаймын
Акындыгын эске алып
Ырларынды баалаймын.
Жаман созго барбагын
Чынын айтсам сени менен
Корс айтуудан чарчадым
Эми башка акынга
Кездешерин каалаймын
Акындыгын эске алып
Ырларынды баалаймын.
Саламатпы капыстан
Кирип келип айылга
Тили менен топурак
Тозду кошо сапырган
Кайтпасбегим карыптан?
Сага жоопту мен издеп
Отурбадым тизелеп
Жерди деле чукубайм
Сөз тапканга чиймелеп
“Чу” десе келет уйкашып
Сөздөр өзү ийкемдеп
Кайтпасым кам санаба
Сөзүңдү ойлоп жалганда
Арыктап деги азбадым
Саясатты сүйлөбөй
Туура кылдын акыным
Баарибир мага кызыксыз
Экенин өзүң байкадың
Жанымда шерик болоруң
Кубандырат агажан
Ашыкча болсо кез кезде
Мени колдоп коёюруң
Бешигиңе асылып
Тербеткен жерим жок болчу
Жаман ойлор бириндеп
Кандайча мээңе көп толду
Улуу экениң сезгенмин
Ошентсе да сабырың
Сыноону мен эңседим
А бирок мени өзүңдү
Сыйлабайт экен дебегин
Жок эле жерден санаркап
Кайгы камды жебегин
Айтышта бирок кызыктуу
Кеп козголсун дегендей
Ырлар менен төпөштөп
Көрүнгөн тушка тебемин
Сага айтаар советим
Билип жүргүн айылда
Айтылган кептин тамаша
Же азил эле экенин
Башталбай туруп айтышуу
Камданыпсың качууга
Жок жерден сен алдырып
Болор болбос ачууга
Башкасына сен мени
Кездештирчү ринкте
Судьясыңбы эмине?
Же болбосо өзүмдү
Албадыңбы теңиңе?
Атйкандарым жакпаса
Улуулугуң сен кылып
Бурбайсыңбы айтыштын
Жолун оңго ыргытып
Тез эле кетип калчудай
Же калдыңбы тытылып?
Жеңди жаңылу түргөндө
Өзүмө теңтуш табылып
Деп айылда жүргөндө
Жарым жолдо өнөрүң
Таштап кетчү сен кандай?
Кайра келгин башкадан
Кеп куралы отуруп
Сени менен бет маңдай!
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#1526 17 February 2012 - 22:32
Салам берсем Айдайга
Бурбады көңүл саламга,
Тырнакча да баркым жок
Айланган окшойм айбанга?))
Саламынды байкабай
Калган экем капырай
Капа болуп таарынып
Келиптирсин СыСыРай
Эми ардагым түшүнчү
Жоготком окшойт мурунку
Таш омкоргон күчүмдү
Байкасан керек сен деле
Аксакал жок айылда
Жаштардын баары бирбирден
Тытышып жатат бакыра
Жаштарды ал жарашпас
Жооруктан жүрүп кайтарып
Сенин жазган ырынды
Корбоптурмун апкаарып
Кеч кордум сенин безилдеп
Жазгандарын тегиздеп
А бирок айтсам чынымды
Мен да улап ырымды
Окшошуп эле калыпсын
Кукулдаган короздой
Жерди тыткан жем издеп
Айтышсак бекен экообуз
Пайдалуу болсун созубуз
Деген ойду кыялды
Жазыптырсын ырларды
Айтышса айтыш куралы
Шылтоо менен жаштарга
Баш каш болуп туралы
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#1527 17 February 2012 - 23:01
"Классташым"
Айдай аманбы?
Келтире айтам саламды!
Ыр жазуу өнөр жагынан
Таң калтырдың адамды.
Жазалбайм такыр ырды деп
Айтчу элең го далай кеп,
Азыр болсо айтышта
Айдай-башчы, Айдай-шеф.
Сүйүүсүн айтып сүйрөлүп
Жигиттер жазат тизилип
Жообуңду берип жакшылап
Койбопсуң го бир "жибип" ?
Жеңе болуп шакылдап
Баарын мында жеңипсиң,
Мугалим болуп такылдап
Адебин колго берипсиң,
Алдыңан ким чыкса
Ыр менен бетке "тебипсиң" ,
Калемпир,мурч, туз дегендин
Баарын эле себипсиң,
Атаандашты мат кылып
өзүңдү өлө сезипсиң,
Негизи кыйын адамсың,
Баарын эле жайлайсың
Айтышсакпы экөөбүз?
Сунушка кандай карайсың?
Келтире айтам саламды!
Ыр жазуу өнөр жагынан
Таң калтырдың адамды.
Жазалбайм такыр ырды деп
Айтчу элең го далай кеп,
Азыр болсо айтышта
Айдай-башчы, Айдай-шеф.
Сүйүүсүн айтып сүйрөлүп
Жигиттер жазат тизилип
Жообуңду берип жакшылап
Койбопсуң го бир "жибип" ?
Жеңе болуп шакылдап
Баарын мында жеңипсиң,
Мугалим болуп такылдап
Адебин колго берипсиң,
Алдыңан ким чыкса
Ыр менен бетке "тебипсиң" ,
Калемпир,мурч, туз дегендин
Баарын эле себипсиң,
Атаандашты мат кылып
өзүңдү өлө сезипсиң,
Негизи кыйын адамсың,
Баарын эле жайлайсың
Айтышсакпы экөөбүз?
Сунушка кандай карайсың?
Дал ушул жазганынды
Окубапмын кашайып
Кечирип кой классташым
Айтышалы макулмун
Сунушка жакшы карадым
бирок сенче жазалбайм
таланттын тысы менде жок
билем го эгер сен жазсан
созун сенин болот ок
Ага дагы макулмун
Четке какпай сунушту
Вызовунду алайын
Kукулдатпай озунду
Kерегине жарайын
Бук болуп калган озуно
Зерикпей эми карайын
Бир эбин таап колуна
Kарматамын сазайын...
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#1528 17 February 2012 - 23:36
Демон деген баатыр бар
Шайтанды коюп аватар
Шайтандаган каапыр бар,
Эки кулач тили бар
Түгөнбөгөн кеби бар,
Чапташкан супер-желимдей
Тили узун, ажаан келиндей,
Шайтанды коюп аватар
Шайтандаган каапыр бар,
Эки кулач тили бар
Түгөнбөгөн кеби бар,
Чапташкан супер-желимдей
Тили узун, ажаан келиндей,
Ассалоому алейкум
Менин жөлөнөр аскам
Кандайс СССР акам?
Алгач чымчып ар тарап
Ыр жазыпсыз өзүмө
Кылгансып эми акарат
Артынан кайра мактапсыз
Иниңизди жактапсыз
Бир сөз менен айтканда
Кыйтырлыкты колдонуп
Мат кылып мени таштапсыз
Тополоң сизге салганга
Акым бар акем билесиз
Кантсе да сезем жүрөктө
Бир болоор тилектерибиз
Сиздей көсөм даанышман
Адамдарга муктаж да
Көркү көп мамлекетибиз
Ошентсе да азилди
Улантып эми жазайын
Өзүң бар кезде акебай
Эркелеп эми алайын
Сизге да тийсем катуурааак
Мунумду аке кечиресиз...
Тилимди менин көргөндөй
Жазыптырсыз кулачтап
Каапырсың да дептирсиз
Көрүнгөнгө ушактап
Керек болсо өзүңүз
Ошол ажаан келинсиз...
Айдашка сулуу акырын
Сазайыңды бериптир
Уйкуну бузган кукулдак
Корозго сени окшотуп
Кетиптир эми боздотуп
Образың сага жарашып
Калган экен акебай
Эми жүрбө жөжөдөн
Жемин чокуп талашып
Айтышты экөөң улантып
Тургула бизди кубантып
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#1529 18 February 2012 - 00:50
Алик алдым Айдашка
Австрия деген өлкөдөн
Сиңдисине жээнтек той
Баштайбыз келгин акындар
Урушканды токтоткун
Эки-экиден мушташпай
Акындардын айылын
Чаң тополң тоз кылбай
Андан көрө жар салгын
Жээнтек той жасап жатабыз
Сиңдисин жууп Айдашка
Суперстанга той берет
Омүрү узун болсун деп
Акын айылы бата тилейт
Кана эмесе баштайлы
Укпай калдым дебеңер
Калайык калк калың журт
Баарың калбай бүтүн кел
Австрия деген өлкөдөн
Сиңдисине жээнтек той
Баштайбыз келгин акындар
Урушканды токтоткун
Эки-экиден мушташпай
Акындардын айылын
Чаң тополң тоз кылбай
Андан көрө жар салгын
Жээнтек той жасап жатабыз
Сиңдисин жууп Айдашка
Суперстанга той берет
Омүрү узун болсун деп
Акын айылы бата тилейт
Кана эмесе баштайлы
Укпай калдым дебеңер
Калайык калк калың журт
Баарың калбай бүтүн кел
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#1530 18 February 2012 - 13:47
саламды айтып айылга
келим мен кейрада
акындар аманбы
ырларды тогуп жатабы
разна зазга чыгышып
эки экиден айтышып жатабы
чон акындар келиптир
сонун ырларын илиптир
анан эле Нарын брат
той баштаган турат
той болсо жакшыда
шылтоо кылып жыргайлыда
кана эмесе байкебай
тойдун убагын айткын ай
менде элден калбайын
ошол убакта келип калайын
акындар откорчу тойго да
менда кубо болуп калайын
тилин учунда моону бар
Демон деген досум бар
оозун ачса чуруган
болоттон курч созу бар
айтыштырда дайыма
женип чыкчуу жону бар
кандайсын досум Кайтпасым
ачуу тилин деле тартпадын
асыла берип ар кимге
бир куну уят болуп калбагын
онрунду дайым сылаймын
дос болгонго кубанычтамын
айта берип саясатты
классташыма деле жакпадын
кыз эле кыз деп кыйкырып
же бир кыз таппадын
омуру узун тема ачкан
чечендерди озуно таркан
СССР брат келипсин
сахалин деген аралдан
ырларын абдан керемет
окусан журок термет
Айдашко эжем келипсин
жаныртып айылды кетипсин
тамаша кылып СССРди
вызовун принямет этипсин
эми четтеп турайын
акындарды угайын
керетусун алардын
мээме бекем турайын
келим мен кейрада
акындар аманбы
ырларды тогуп жатабы
разна зазга чыгышып
эки экиден айтышып жатабы
чон акындар келиптир
сонун ырларын илиптир
анан эле Нарын брат
той баштаган турат
той болсо жакшыда
шылтоо кылып жыргайлыда
кана эмесе байкебай
тойдун убагын айткын ай
менде элден калбайын
ошол убакта келип калайын
акындар откорчу тойго да
менда кубо болуп калайын
тилин учунда моону бар
Демон деген досум бар
оозун ачса чуруган
болоттон курч созу бар
айтыштырда дайыма
женип чыкчуу жону бар
кандайсын досум Кайтпасым
ачуу тилин деле тартпадын
асыла берип ар кимге
бир куну уят болуп калбагын
онрунду дайым сылаймын
дос болгонго кубанычтамын
айта берип саясатты
классташыма деле жакпадын
кыз эле кыз деп кыйкырып
же бир кыз таппадын
омуру узун тема ачкан
чечендерди озуно таркан
СССР брат келипсин
сахалин деген аралдан
ырларын абдан керемет
окусан журок термет
Айдашко эжем келипсин
жаныртып айылды кетипсин
тамаша кылып СССРди
вызовун принямет этипсин
эми четтеп турайын
акындарды угайын
керетусун алардын
мээме бекем турайын
#1531 18 February 2012 - 23:03
ээээээээээээээ төгүшүңөр жакшы экен
ыраса мактап айтканда
элден чыккан чечендер
элине ырдап тургандай
шумдугуң токо жеңижок
суперге келип калгандай
арыштап кенен тулпардай
тез болгон мурда элибиз
аял кызы ууз болуп
үйлөрү турган жаркырап
жигити болгон шумкардай
көзү жалын өзү алгыр
тайманбай келген жоолордон
керегинче жан кыйган
ардайым болуп алдыда
кетенчиктеп калбаган
былжырап мурду куюлуп
маңбаш болуп турбаган
керек болсо үн кошуп
кубулжутуп ырдаган
асыл сөздөрүн тизмектеп
керегинче төгүшкөн
кетмен алып жаз келсе
жердин бетин сөгүшкөн
кооздоп токуп канатын
көркөмдүү кылып минишкен
иш кылганда былжырап
түрү суук болбогон
ар бир ишин кунт коюп
акыл менен жасаган
жакпаган экен баарына
киришсе ишке бел байлап
эптеп-септеп бүтүргөн
а селерге не болгон
болдуңарбы караңгы
же чоңоюп чел курсак
эмгектенбей иш этпей
уйкусурап күн кечке
атаңардын казынасына дардаңдап
э болоберет экен деп
баскычтарды эптеп басалбай
келемиштей жарыкта
ү ө нү издеп табалбай
же колду шилтеп койалбай
адамды жаман уялткан
кургурлар осурак экенсиңер чынында
сөздөрдүн кутун учуруп
жазганыңар не балаа
ой ахмактар адепсиз
мектепке кайра баргыла
тамгаларды үйрөнүп алгыла
чардаган жалкоо болсоңор
силерге накта миң камчы
ыр күткөндөр бактылуу
ыраса мактап айтканда
элден чыккан чечендер
элине ырдап тургандай
шумдугуң токо жеңижок
суперге келип калгандай
арыштап кенен тулпардай
тез болгон мурда элибиз
аял кызы ууз болуп
үйлөрү турган жаркырап
жигити болгон шумкардай
көзү жалын өзү алгыр
тайманбай келген жоолордон
керегинче жан кыйган
ардайым болуп алдыда
кетенчиктеп калбаган
былжырап мурду куюлуп
маңбаш болуп турбаган
керек болсо үн кошуп
кубулжутуп ырдаган
асыл сөздөрүн тизмектеп
керегинче төгүшкөн
кетмен алып жаз келсе
жердин бетин сөгүшкөн
кооздоп токуп канатын
көркөмдүү кылып минишкен
иш кылганда былжырап
түрү суук болбогон
ар бир ишин кунт коюп
акыл менен жасаган
жакпаган экен баарына
киришсе ишке бел байлап
эптеп-септеп бүтүргөн
а селерге не болгон
болдуңарбы караңгы
же чоңоюп чел курсак
эмгектенбей иш этпей
уйкусурап күн кечке
атаңардын казынасына дардаңдап
э болоберет экен деп
баскычтарды эптеп басалбай
келемиштей жарыкта
ү ө нү издеп табалбай
же колду шилтеп койалбай
адамды жаман уялткан
кургурлар осурак экенсиңер чынында
сөздөрдүн кутун учуруп
жазганыңар не балаа
ой ахмактар адепсиз
мектепке кайра баргыла
тамгаларды үйрөнүп алгыла
чардаган жалкоо болсоңор
силерге накта миң камчы
ыр күткөндөр бактылуу
#1532 19 February 2012 - 00:34
ээээээээээээээ төгүшүңөр жакшы экен
ыраса мактап айтканда
элден чыккан чечендер
элине ырдап тургандай
шумдугуң токо жеңижок
суперге келип калгандай
арыштап кенен тулпардай
тез болгон мурда элибиз
аял кызы ууз болуп
үйлөрү турган жаркырап
жигити болгон шумкардай
көзү жалын өзү алгыр
тайманбай келген жоолордон
керегинче жан кыйган
ардайым болуп алдыда
кетенчиктеп калбаган
былжырап мурду куюлуп
маңбаш болуп турбаган
керек болсо үн кошуп
кубулжутуп ырдаган
асыл сөздөрүн тизмектеп
керегинче төгүшкөн
кетмен алып жаз келсе
жердин бетин сөгүшкөн
кооздоп токуп канатын
көркөмдүү кылып минишкен
иш кылганда былжырап
түрү суук болбогон
ар бир ишин кунт коюп
акыл менен жасаган
жакпаган экен баарына
киришсе ишке бел байлап
эптеп-септеп бүтүргөн
а селерге не болгон
болдуңарбы караңгы
же чоңоюп чел курсак
эмгектенбей иш этпей
уйкусурап күн кечке
атаңардын казынасына дардаңдап
э болоберет экен деп
баскычтарды эптеп басалбай
келемиштей жарыкта
ү ө нү издеп табалбай
же колду шилтеп койалбай
адамды жаман уялткан
кургурлар осурак экенсиңер чынында
сөздөрдүн кутун учуруп
жазганыңар не балаа
ой ахмактар адепсиз
мектепке кайра баргыла
тамгаларды үйрөнүп алгыла
чардаган жалкоо болсоңор
силерге накта миң камчы
ыр күткөндөр бактылуу
ыраса мактап айтканда
элден чыккан чечендер
элине ырдап тургандай
шумдугуң токо жеңижок
суперге келип калгандай
арыштап кенен тулпардай
тез болгон мурда элибиз
аял кызы ууз болуп
үйлөрү турган жаркырап
жигити болгон шумкардай
көзү жалын өзү алгыр
тайманбай келген жоолордон
керегинче жан кыйган
ардайым болуп алдыда
кетенчиктеп калбаган
былжырап мурду куюлуп
маңбаш болуп турбаган
керек болсо үн кошуп
кубулжутуп ырдаган
асыл сөздөрүн тизмектеп
керегинче төгүшкөн
кетмен алып жаз келсе
жердин бетин сөгүшкөн
кооздоп токуп канатын
көркөмдүү кылып минишкен
иш кылганда былжырап
түрү суук болбогон
ар бир ишин кунт коюп
акыл менен жасаган
жакпаган экен баарына
киришсе ишке бел байлап
эптеп-септеп бүтүргөн
а селерге не болгон
болдуңарбы караңгы
же чоңоюп чел курсак
эмгектенбей иш этпей
уйкусурап күн кечке
атаңардын казынасына дардаңдап
э болоберет экен деп
баскычтарды эптеп басалбай
келемиштей жарыкта
ү ө нү издеп табалбай
же колду шилтеп койалбай
адамды жаман уялткан
кургурлар осурак экенсиңер чынында
сөздөрдүн кутун учуруп
жазганыңар не балаа
ой ахмактар адепсиз
мектепке кайра баргыла
тамгаларды үйрөнүп алгыла
чардаган жалкоо болсоңор
силерге накта миң камчы
ыр күткөндөр бактылуу
Келиптирсин тош кагып
Башка никти жамынып
Кыйынсынып сен бизге
Осурак кылып салыпсын
Бизди келип сындаган
Кандай былжырак немесин
Каттала калып жан калбай
Бок созунду жазыпсын
ушундан коро э бала
Кирсенчи оз атын менен
Кимге камчы экенин
Коробуз анан эл менен
Мынкылдабай сен бала
Жиниме коп тийбей жур
Эркексинби эркектей
Достойный озун алып жур!
Сүйүп сени жаркыным. Күйүп сага алтыным. Айтсам дагы арзыбайт. Бир сөз эмес алты миң.
#1533 19 February 2012 - 00:35
Ассалому алейкум
Той баштап жатсак айылда
Сын айтып келген сен кимсиң
кайдан чыга калдың сен
Өзүң баргын мектепке
Селерге эмес силерге
Деп жазганды үйрөнгүн
Жаңылбас жаак болбойт
мүдүрүлбөс туяк жок.
Сен ошону ойлонгун
Акындарга сын айтпай
Андан көрө дос болгун
Жээнтек той жасап айылда
Эртең союп.бүрсүгүнү тойго
келгин сен мында
Той баштап жатсак айылда
Сын айтып келген сен кимсиң
кайдан чыга калдың сен
Өзүң баргын мектепке
Селерге эмес силерге
Деп жазганды үйрөнгүн
Жаңылбас жаак болбойт
мүдүрүлбөс туяк жок.
Сен ошону ойлонгун
Акындарга сын айтпай
Андан көрө дос болгун
Жээнтек той жасап айылда
Эртең союп.бүрсүгүнү тойго
келгин сен мында
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#1534 19 February 2012 - 02:01
Sultan...
аша чаап кетпедиңизби?
Абайлап,бири-
бирибиздин көңүлүбүздү калтырбай жазышалы!
Жаңы катталган экенсиз,эрежелер менен жакшыраак таанышып алыңыз!
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#1535 19 February 2012 - 05:10
Салам жалпы туугандар
Алик алып тургандар
Кайра кирдим чыдабай
Бизге конул бургандар
Султан деген бир неме
Тийди бир аз жиниме
Тамгаларды уйротуп
Эрк бербеди тилине
Жанылардын жазасын
Берген Дели кайдасын
Айтып кетчи акындык
Создорундун тазасын
Эмне болду Демонбек
Чаккырайын кайдасын
Мага окшотуп соз менен
Бул айылдан айдасын
Султан болуп сен неге
Келе калдын эмнеге
Осурактан алыпсын
Деги акылын кем беле
Акмак депсин билбестен
Конулуно илбестен
Жемелепсин баарыны
Айтышууга келбестен
Мектепте сен окугун
Каталарын коп экен
Жакшырак ыр токугун
Акындыгын жок экен
Алик алып тургандар
Кайра кирдим чыдабай
Бизге конул бургандар
Султан деген бир неме
Тийди бир аз жиниме
Тамгаларды уйротуп
Эрк бербеди тилине
Жанылардын жазасын
Берген Дели кайдасын
Айтып кетчи акындык
Создорундун тазасын
Эмне болду Демонбек
Чаккырайын кайдасын
Мага окшотуп соз менен
Бул айылдан айдасын
Султан болуп сен неге
Келе калдын эмнеге
Осурактан алыпсын
Деги акылын кем беле
Акмак депсин билбестен
Конулуно илбестен
Жемелепсин баарыны
Айтышууга келбестен
Мектепте сен окугун
Каталарын коп экен
Жакшырак ыр токугун
Акындыгын жок экен
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#1536 19 February 2012 - 05:18
а селерге не болгон
болдуңарбы караңгы
же чоңоюп чел курсак
эмгектенбей иш этпей
уйкусурап күн кечке
атаңардын казынасына дардаңдап
э болоберет экен деп
баскычтарды эптеп басалбай
келемиштей жарыкта
ү ө нү издеп табалбай
же колду шилтеп койалбай
адамды жаман уялткан
кургурлар осурак экенсиңер чынында
сөздөрдүн кутун учуруп
жазганыңар не балаа
ой ахмактар адепсиз
мектепке кайра баргыла
тамгаларды үйрөнүп алгыла
чардаган жалкоо болсоңор
силерге накта миң камчы
ыр күткөндөр бактылуу
болдуңарбы караңгы
же чоңоюп чел курсак
эмгектенбей иш этпей
уйкусурап күн кечке
атаңардын казынасына дардаңдап
э болоберет экен деп
баскычтарды эптеп басалбай
келемиштей жарыкта
ү ө нү издеп табалбай
же колду шилтеп койалбай
адамды жаман уялткан
кургурлар осурак экенсиңер чынында
сөздөрдүн кутун учуруп
жазганыңар не балаа
ой ахмактар адепсиз
мектепке кайра баргыла
тамгаларды үйрөнүп алгыла
чардаган жалкоо болсоңор
силерге накта миң камчы
ыр күткөндөр бактылуу
эй Султан эээээээ Султан
кирип келип ашаткан
кайдан келген немесин
озунду крутой сезесин
жазыпсын ырынды
баш жагын жакшылап
анан окуй келсен кичине
кетипсин такыр ашачапкылап
калкымда бар жакшы кеп
угуп кой ал сага керек
ойноп суйлошондо
ойлоп суйло деген кеп
адепсиз даана сен болдун
келе калып жанылы
озунчо эле тын болдун
бизди келип сындачууу
бизге жаман соз айтчуу
дегисен кимсин озу
ушу жазгандарын созбу
акылман болуп кеттипсин
каталык сенда кетирипсин
ошон учун сындабай жургун
жаман соз мн ырдабай жургун
#1537 19 February 2012 - 10:31
Айтышка ыр жазам деп
Угуп турум далай кеп,
Чукугучтар бат иштеп
Чукудуңар мээни жеп,
Тийишем деп үчөөнө
Кутулбас чырга калдымбы?
Уюгуна аарынын
Адашып колум салдымбы?
Не болсо да шол болсун
Бекер карап турганча
Тамашалуу шоу болсун!
Анда эмесе чамданып
Сөз башынан баштайын,
Классташым Айдайдан
Ыр кезегин таштайын!
Саламга алик албастан
"Косякты" өзүң кетирдиң,
Күнөөңдү сезип койбостон
Эмнеле мынча секирдиң?
Жакшы сөздөн улабай
Корозго мени теңедиң,
Ай кокуй ай Айдайым
Тоок атка коносуң
Мындан нары сен эми,
Же унуттуңбу ортодо
Байланган биздин никени?
Бар экенин билгенде
Тилиңдин коко тикени
Токтотуп эле турмакмын
Ошондогу никени,
өлалбай өзүм жүргөндө
өткөрөм сени кимге эми?
Аял жакшы-эр жакшы
Макал бар элде айтылуу
Чукушпай качан жашайбыз
Эл катары бактылуу,
Нарктуу ырдан жазалы
Жетелеше басалы,
үлгү болуп баарына
Жакшы жашоо жашайлы.
Айтышам десең мен менен
Маанилүү сөздөн улагын,
Корозчо мени кыйкыртпай
Салмактуу сөздү чубагын,
Ошого карап мен дагы
Ырымды оңдоп ырдайын,
Келе кал эми батыраак
Айылдын чет жагынан
Кечинде күтүп турайын.
Угуп турум далай кеп,
Чукугучтар бат иштеп
Чукудуңар мээни жеп,
Тийишем деп үчөөнө
Кутулбас чырга калдымбы?
Уюгуна аарынын
Адашып колум салдымбы?
Не болсо да шол болсун
Бекер карап турганча
Тамашалуу шоу болсун!
Анда эмесе чамданып
Сөз башынан баштайын,
Классташым Айдайдан
Ыр кезегин таштайын!
Саламга алик албастан
"Косякты" өзүң кетирдиң,
Күнөөңдү сезип койбостон
Эмнеле мынча секирдиң?
Жакшы сөздөн улабай
Корозго мени теңедиң,
Ай кокуй ай Айдайым
Тоок атка коносуң
Мындан нары сен эми,
Же унуттуңбу ортодо
Байланган биздин никени?
Бар экенин билгенде
Тилиңдин коко тикени
Токтотуп эле турмакмын
Ошондогу никени,
өлалбай өзүм жүргөндө
өткөрөм сени кимге эми?
Аял жакшы-эр жакшы
Макал бар элде айтылуу
Чукушпай качан жашайбыз
Эл катары бактылуу,
Нарктуу ырдан жазалы
Жетелеше басалы,
үлгү болуп баарына
Жакшы жашоо жашайлы.
Айтышам десең мен менен
Маанилүү сөздөн улагын,
Корозчо мени кыйкыртпай
Салмактуу сөздү чубагын,
Ошого карап мен дагы
Ырымды оңдоп ырдайын,
Келе кал эми батыраак
Айылдын чет жагынан
Кечинде күтүп турайын.
#1538 19 February 2012 - 10:48
Ай Демонум,
Демонум
Бой тартып токтолбодуң,
Эс тартып чоңойбодуң,
Кошулуп Айдашкага
Мени да жөн койбодуң,
Элдердин акесиндей
Эс болуп инимсиң деп
Көрсөтпөдүм чоңдугум,
Кошулуп жеңекеңе
Акеңди чукуганың
Эмне деген кордугуң?
Корозго,келиндерге
Сен мени теңегидей
Түштү беле оордугум?
Эркелетип койгон сайын
Бошоп барат ооздугуң,
Оо кудай көрсөтпөгүн
Туугандын зордугун)))
Окуп жатсаң керек
Нервденип туталана
Же балким жиниң келип
Таарынып ызалана,
Акемди ит кылдым деп
Же балким маашырлана,
Тамаша сөз жаза берем
Анткени Демон иним
Чыныгы эркек бала.
Кээделе ойноп кетет
Анткени эрке бала,
Тийишип ырдай берем
Анткени болом ага,
Демондун ырын окуш
Ар дайым кызык мага.
Бой тартып токтолбодуң,
Эс тартып чоңойбодуң,
Кошулуп Айдашкага
Мени да жөн койбодуң,
Элдердин акесиндей
Эс болуп инимсиң деп
Көрсөтпөдүм чоңдугум,
Кошулуп жеңекеңе
Акеңди чукуганың
Эмне деген кордугуң?
Корозго,келиндерге
Сен мени теңегидей
Түштү беле оордугум?
Эркелетип койгон сайын
Бошоп барат ооздугуң,
Оо кудай көрсөтпөгүн
Туугандын зордугун)))
Окуп жатсаң керек
Нервденип туталана
Же балким жиниң келип
Таарынып ызалана,
Акемди ит кылдым деп
Же балким маашырлана,
Тамаша сөз жаза берем
Анткени Демон иним
Чыныгы эркек бала.
Кээделе ойноп кетет
Анткени эрке бала,
Тийишип ырдай берем
Анткени болом ага,
Демондун ырын окуш
Ар дайым кызык мага.
#1539 19 February 2012 - 11:23
Ассалоому алейкум ,
Акындардын айылы .
Коноко келип калып мен ,
Сурайын ал жайынды .
Той болот деп угуп мен ,
Бул жака чаптым тайымды .
Жентек тойду жеген сон ,
Айтышка баары дайынбы ?
Тойго келген коноктон ,
Султан деген ырдаптыр .
Осуп жаткан жаштарды ,
Озунчо бир сындаптыр .
Акындарды шылдындап ,
Аябай эле жыргаптыр .
Катуу сын айтып баарына ,
Тилини бир аз тыйбаптыр .
Уулуу созду жаадырып ,
Улуу созду кыйнаптыр .
Осуп жаткан жаштарды ,
Колдобой кайра кордосо ,
Акылга эч бир сыйбастыр .
Акын болсон айтышкын ,
Кордоо ырын жыйнаштыр .
Демон келсе айылга ,
Деминди бир аз кысаттыр ,
Дели келсе айылга ,
Делбектетип кыйнайттыр .
Кайтпас жигит келсе эгер,
Кыйратып сени тынаттыр .
Ушундай алптар турганда ,
Кордоо ырын жыйнаштыр .
Акындардын айылы .
Коноко келип калып мен ,
Сурайын ал жайынды .
Той болот деп угуп мен ,
Бул жака чаптым тайымды .
Жентек тойду жеген сон ,
Айтышка баары дайынбы ?
Тойго келген коноктон ,
Султан деген ырдаптыр .
Осуп жаткан жаштарды ,
Озунчо бир сындаптыр .
Акындарды шылдындап ,
Аябай эле жыргаптыр .
Катуу сын айтып баарына ,
Тилини бир аз тыйбаптыр .
Уулуу созду жаадырып ,
Улуу созду кыйнаптыр .
Осуп жаткан жаштарды ,
Колдобой кайра кордосо ,
Акылга эч бир сыйбастыр .
Акын болсон айтышкын ,
Кордоо ырын жыйнаштыр .
Демон келсе айылга ,
Деминди бир аз кысаттыр ,
Дели келсе айылга ,
Делбектетип кыйнайттыр .
Кайтпас жигит келсе эгер,
Кыйратып сени тынаттыр .
Ушундай алптар турганда ,
Кордоо ырын жыйнаштыр .
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#1540 19 February 2012 - 12:02
Кыздардын көп болушун
Самаган Ликви келдиңби,
Агентке далай бийкечти
Камаган Ликви келдиңби,
Коллекциясын кыздардын
Шурудай кылып тердиңби?
Анан кандай жыйынтык
Кылтакка бирди илдиңби?
Кызжандуу деген ооруңду
Кызарбай мага шылтадың,
Кой эми,сага буюрсун
Кыздарга илчү кылтагың!
Таап берип мага сулууну
Баштаба чуру-чууну,
Айдай деген "кобра" бар,
Көрсөтпөсүн кызыкты
Күйөөмдү бузган неме деп
Сызбасын сага сызыкты.
Жакаңды тытып тутамдап
Карматпасын колуңа,
Териңди сыйрып тетири
Салбасын анан жолуңа.
Балким мага кыз таап
Алаксытып бир азга,
Движение жасайм дедиңби
Башы бош калган Айдайга?
Самаган Ликви келдиңби,
Агентке далай бийкечти
Камаган Ликви келдиңби,
Коллекциясын кыздардын
Шурудай кылып тердиңби?
Анан кандай жыйынтык
Кылтакка бирди илдиңби?
Кызжандуу деген ооруңду
Кызарбай мага шылтадың,
Кой эми,сага буюрсун
Кыздарга илчү кылтагың!
Таап берип мага сулууну
Баштаба чуру-чууну,
Айдай деген "кобра" бар,
Көрсөтпөсүн кызыкты
Күйөөмдү бузган неме деп
Сызбасын сага сызыкты.
Жакаңды тытып тутамдап
Карматпасын колуңа,
Териңди сыйрып тетири
Салбасын анан жолуңа.
Балким мага кыз таап
Алаксытып бир азга,
Движение жасайм дедиңби
Башы бош калган Айдайга?

Супер-Инфо
super.kg
видео
















