Суперстан: Толик сынчынын сынынан өткөн концерттер - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жылдыздар жана биз
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Толик сынчынын сынынан өткөн концерттер

#121 Пользователь офлайн   akusya   15 Февраль 2012 - 15:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 051
  • Катталган: 21 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 30 Мар 2016 20:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

Эх унунон секет жагат та жагат оллло ...
Оркунун озсун негедир дайыма шайыр дайыма адамын конулун ар тарапка бурган озгочо Жан...

"Мен да, мен да ...Бактылуу болгум келет..."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   akusya   16 Февраль 2012 - 09:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 051
  • Катталган: 21 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 30 Мар 2016 20:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

Сүрөт Турмушка чыгыптыр,:менин жүрөгүм: Майрамбек деген Мырзанын өмүрлүк жары болуптур...Сүрөт
Кармашкан колунар узулбосун, бактылуу, таалайлуу, келечетеги эл сыймыктаган балдар кыздардын ата энеси болушуна тилектешмин, озундун да оркунун озсун...
СүрөтСүрөтСүрөт
"Мен да, мен да ...Бактылуу болгум келет..."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   Gulyas   21 Февраль 2012 - 18:54

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 09 Февраль 12
  • Соңку аракети: 22 Май 2012 23:59

Ооба МИРБЕК тей таланттуу ырчы жок Кыргызстанда. Анын унун кайра кайра уккун келет. Ырларынын маанисине соз жок... Бар бол МИРБЕК бай бол. Суйунтуруп журо бер бизди (мени айрыкча)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   nazgul8076   02 Март 2012 - 18:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 514
  • Катталган: 11 Январь 12
  • Соңку аракети: 19 Июн 2013 12:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош шаары

Унундо болсо соз жок, Жакшы ырдайт. Шайыр кыз турбайбы анда, куло эле берет го....  
Балам бактым-балам базарым!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   erik06068   02 Март 2012 - 18:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 531
  • Катталган: 15 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Мар 2020 14:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Далайбург

Башка ырчылардан айырмаланып турат, шайыр, майрам кыз. Жанында жургон адамдар зерикпесе керек ал менен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   akusya   07 Март 2012 - 09:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 051
  • Катталган: 21 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 30 Мар 2016 20:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

Буйруса кош бойлуу экенине карабай жеке Концерт бергени жатат экен, аншлаг менен отсун демекчимин ...
Аман эсен коз жарып алышынды каалайм ...:менин жүрөгүм::менин жүрөгүм::менин жүрөгүм::менин жүрөгүм:
"Мен да, мен да ...Бактылуу болгум келет..."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   ХАНЗАДА   07 Март 2012 - 13:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 04 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 22 Окт 2013 14:27
  • Жынысы:Белгисиз

Нена. Мммм кайсы ыры бар эле, эч эстей албай койдум. Бир эмес, эки кун концерт коет экен, кызык, кайсы, канча ырын ырдайт экен? "нарыдан жазган салам кат" анан "махабат" деген дагы бир ырын кошпогондо! !!????!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   Likvidator   13 Март 2012 - 10:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Бактылуу болушсун ! Сахнаны таштабастан чыгармачылык жаата да ийгиликтерди жаратышыны каалайм !
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   Fekus   20 Март 2012 - 18:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 280
  • Катталган: 12 Август 11
  • Соңку аракети: 04 Дек 2020 15:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Бул ырчынын бир да ырын угуп корбогон экенмин. Жандуу ырдаса сыйга татыктуу. Алга. бактылуу бол. жашоодо ар-дайым жандуу ийгиликтерди багындыр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   Толик Сынчы   30 Март 2012 - 16:57

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 47
  • Катталган: 06 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 30 Мар 2015 12:04

<div><font size="5"> <b>«ТЕКИЛА» ЖАНДУУ ЫРДАДЫ, БИРОК ЫСЫК БОЛБОДУ №490 23-март - 29-март, 2012-ж.</b>< /font></div>< div><br></ div>
Концерт болгон күн – 20-март
Башталышы –19: 30 (30 мүнөт кечикти)
Кадырлуу конок – Казакстандан келген «Текила» тобу
Көрөрмандар – Спорт Ордосунун 90 пайызы
Алпаруучулар – «Тумар» радиосунун ди-джейлери – Азамат Эркинбаев жана Аслан Адилбеков

Бул ирет радиодон тынбай кулак кагыш кылып жаткан «Текила» тобунун концертине аттандым. Ал «Тумар» радиосунун туулган күнүнө карата уюштурулду. Концерт тоос кушту туураганбы же тоодакты туурап кийинишкенби, айтор, жарым жылаңач кийинген кыздардын бийи менен ачылды. Кантер экен деп карап отурсам, жок, жакшы бийлешти.
Кечени колго алган ди-джейлер Азамат Эркинбаев менен Аслан болушту. Аслан бул ролго бир аз жаштык кылат өңдүү, сөздөрдө чалынып, өзүн ыңгайсыз сезип жатканы билинип турду.
Эл концертке эмнеге келмек эле? Өзгөчө бир нерсе көрүп, эс алып кетүү үчүн келет да. А менде 14-февралдагы «Non-Stop`тун» концертин көрүп отургандай сезим болду башында. Сахнанын жасалгасы, атүгүл кимден кийин ким чыгарын билип отурдум. Ошол концерттегидей эле Абир Касенов, Амир Аскаров, Бураш, Алихан, Чолпонай, Омар, Акбар Сүйүнбаев менен Мирлан Абдраев, «Non-Stop» дуэти, Эрнест Жоошев жана башкалар.
Бул ырчыларды угуп отуруп, кезекте Казакстандан келген топ бар экенин унутуп коюпмун. Сырдуу дүңгүрөгөн музыканын коштоосунда сахнада «Текила» тобунун эки кызы пайда болду. Үчүнчүсү ооруп калган имиш. Эки кыз: бири ак, бири кара кийинип алып 12 ырды катары менен жандуу үндө ырдап салышты! Биздин ырчылардын «Спорт Ордосунда жандуу ырдаганга шарт жок» деп какшагандарына жооп катары кыздардын жандуу ырдаганын мактабасам болбос. Топтогу Роза «мен кыргыз кызымын» деп ичти жылытты. Адатта, Казакстанга чакырык алган кыргыз ырчыларына «казакстандыкмын деп чык» же «улутум казак деп чык» деген сунуштар айтыларын угуп жүрбөйбүзбү. Англисче, казакча, орусча жакшы ырларды жогорку деңгээлде аткарган «Текиланы» азаматтар деп айта алам. Анткени концерттин аягында эл чыгып бийлеп, топ менен кошо ырдап да жиберишти. Болгону, бул топтун саналуу гана ырын билет экенбиз. Бизде хит болгон «На восток» ыры менен коноктор концертти бүтүрүштү.
Сөзүмдүн соңун «Тумар» радиосун куттуктоо менен аяктагым келди. Туулган күнүңөр кут болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   Modeshanyi   30 Март 2012 - 17:55

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 35
  • Катталган: 28 Июнь 11
  • Соңку аракети: 16 Мар 2014 00:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:gde hochu

Zna4it, kyrgyz yr4ylary janduu yrdai albaile, janduu yrdaganga wart jok dep wyltoolop koyuwat ekenda ee? Uyat uyat.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   Evelet   30 Март 2012 - 19:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Биздин ырчылар деле жандуу ырдашса болмок. Кай жерде болбосун магинтафон коюп алып ырдашат (баары эмес албетте)
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#133 Пользователь офлайн   KGTaLaS   30 Март 2012 - 20:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 297
  • Катталган: 24 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 21 Дек 2012 20:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каалаган жерде...

Ундору жок болсо кантип жандуу ырдашатСүрөт








Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я НАЙДУ ЗАМЕНУ КАЖДОМУ!Зато тех кто остается Я ЛЮБЛЮ БОЛЬШЕ ЖИЗНИ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#134 Пользователь офлайн   Sanjarbratt   30 Март 2012 - 21:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 243
  • Катталган: 18 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 15 Апр 2020 23:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:CYЛYКТY

баары эле ошентип деле ырдай алышпайт да бир жагынан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#135 Пользователь офлайн   nazgul8076   07 Апрель 2012 - 12:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 514
  • Катталган: 11 Январь 12
  • Соңку аракети: 19 Июн 2013 12:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош шаары

Жандуу ун менен ырдаганы келгенде, кыйла эле ырчы терилип калат го чиркин......... ..
Балам бактым-балам базарым!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#136 Пользователь офлайн   Elit   11 Май 2012 - 09:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 256
  • Катталган: 18 Июль 10
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 16:14
  • Жынысы:Аялзаты

Кыз бурак Бишкекте концерт берип жатыптыр го. Ким барды оюнарды жазбайсынарбы, кандай болгонун. Барбасак да баргандай бололу. Бул концертке мурунку ырчылары да катышмак болуш керек эле ээ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#137 Пользователь офлайн   Arstan   16 Май 2012 - 15:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 069
  • Катталган: 06 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 05 Фев 2024 03:56
  • Жынысы:Эркек

Кыз-Бурак тобу такыр эле очуп кетти го,жакшы жаны ырларын уга элекмин. Кенже,Гулнара, Айжамал учоо кеткенден кийин негедир суз болуп калды.
Концертке барбагадан кийин эч нерсе айта албайм.

О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#138 Пользователь офлайн   Толик Сынчы   24 Май 2012 - 16:27

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 47
  • Катталган: 06 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 30 Мар 2015 12:04

<div><font size="5"> <b>«ГҮЛШАЙЫРДЫН САДДАМ ХУСЕЙНДЕН АЙЫРМАСЫ ЖОК...» №498 18-май-24-май, 2012-ж.</b>< /font></div>
Башталышы – 14:00 (10 мүнөт кечикти)
Билет баасы – 500 сом
Көрүүчүлөр – Филармониянын 90 пайызы
(9-майда)
Алпаруучулар – Чыңгыз Мырзаев, Эркин Рыскулбеков
Мыкты номер – Гүлшайыр Садыбакасованын аткаруусундагы “Ошол менин элге кошкон үлүшүм” ыры менен Зейнеп Шакееванын аткаруусундагы “Он сегиз жаш” аттуу ыр
Бул жолу “Кыз-Бурак” тобунун 35 жылдык мааракелик концерти болорун эшитип, филармонияны көздөй аттандым. Эл “кыргыздар сөзсүз бир саатка кечигип келишет” деген сөзгө арданып калганбы, айтор, бул жолу сахна ачылганча жайгашып, тынчып отуруп калды. Залдагы көрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгүн улуу муундар түзгөнүн белгилеп кетпесем болбос. Концерт элге эстетикалык ырахат тартуулап, купулга толду. "Бу Толик эмне эле ырчыларды жамандай берет?" дегендерге жооп катары "Кыз-Бурактын" концертинен үлгү алгыла демекмин. Жакшыны жакшы деш керек. Гүлшайыр Садыбакасова катуу чуркап даярдык көргөнү көрүнүп турат.
Салтанатты “Кыз-Бурактын” алгачкы курамындагы кыздар аспаптарда ойноп ачып беришти. Гүлшайыр эже барабанда ойноп, “Ошол менин элге кошкон үлүшүм” ырын созгондо эл тикесинен туруп кол чапты го, чиркин! Бирок мага “Кыз-Бурактын” мурунку “көзүрлөрү” көп ырдап, азыркы жаштарына микрофон тийбегендей туюлду. Гүлшайыр эжекеси аларга "атайын келгенден кийин ар бириңе эркин микрофон" деп койгонбу, анысын биле албадым.
35 жыл аралыгында 300дөй кызды тарбиялап туурунан учурган Гүлшайыр айымдын 280 күйөө баласы бар экен. "281-күйөө баласы мен болом, ошон үчүн концертти алып барып жатам да" деп Эркин Рыскулбеков ырчынын короосуна таш ыргытып өттү, Сайкалга көзү түшүп жаткандай.
Конок катары келген Зейнеп Шакеева “Он сегиз жашты” ырдаганда зал муюп гана отуруп берди. Бүткөндө кол чаба берип алакандын ысыганын айтпа. Мааракеге “АГК” тобунан Гүлнара Калдарова гана келди. Гүлнара ырдап жатканда көйнөгүнүн этеги бут кийиминин такасына илинип, ойда жүдөдү дейсиң. "Чалынып жыгылып кетпесе экен!.." деп менде жан жок. Мен эле эмес, "чалынып уят болбосо экен..." деп бүткөнчө элдин көзү Гүлнаранын көйнөгүндө болду.
Мааракени куттуктап Айчүрөк Иманалиева, Абидин Темиров, Алтынай Нарбаева, Ильяз Абдыразаков, Алишер Тоотаев, Рахман Разыковдор келишиптир. Рахман акебиз тамашалап: “Бу Гүлшайырдын Саддам Хусейн менен Хосни Мубарактан айырмасы жок. "Кыз-Бурактын" алмашпаган президенти болду. Алардан өзгөчөлүгү, буга оппозиция жок да. Чыкса деле алардын моюнун кайрып коёт”,- деп элди кыраан-каткы күлкүгө бөлөдү. Салтанаттын соңунда элдин туруп кол чапканына Гүлшайыр Садыбакасова ыраазы боло жашып да алды. Аягында "Кыз-Бурак" үчүн өз бактысын өгөйлөп, садага чапканынын жыйынтыгы жемиштүү болгонуна кубанып, мен да үйгө көңүлдүү кайттым.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#139 Пользователь офлайн   Толик Сынчы   24 Май 2012 - 16:29

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 47
  • Катталган: 06 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 30 Мар 2015 12:04

АРСЕН ЫРЧЫЛАРДЫ КОНОК КЫЛДЫ №498 18-май-24-май, 2012-ж
Өткөн жумада, бүткүл Кыргызстан Улуу Жеңиш майрамын белгилеп жатканда Бишкекте бир нече жагымдуу иштер болуп өттү. Ырлары, чыгармачылыгы менен бир нече муунду өстүрүп келе жаткан “Кыз-Бурак” тобу түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгын белгилеп, Кыргыз улуттук филармониясында чоң концерт берди. Ал эми чоң сахнанын босогосун аттаганына 2 жылдай болгон Арсен Кыргыз улуттук драма театрында алгачкы жеке концертин тартуулады. Мен мындайды өткөрүп иймек белем, бардым, экөөнө тең.
Арсендин концерти боло турган залга киргенимде эле көзүмө жаштар учурады. Бек Борбиевдин же Ильяз менен Мирбектин концерттерине улуусу-кичүүсү аралаш келишет. А бүгүн көзүмө кылкылдай тизилген жаштар урунду, арасында орусу, корейи да жүрөт.
Концерттин билет баасы, кечиккен-кечикпегени тууралуу бүгүн сөз кылбай эле коюуну чечтим. Анткени 2 саатка жетип-жетпеген концертте баарыбыз кол чаап, кошо ырдагандан бошобой, убакыттын кандай өткөнүн билбей калдык. Арсен – азамат! “Алгачкы концерти да, бара-бара оңдолот” дегизбей, мындай иштерди көптөн бери уюштуруп жүргөндөй көрсөттү өзүн.
Сахнанын жасалгасы эмес, “чү” дегенде эле кыркалата тизилген музыканттар көңүлдү бурду. Концерт башталгандан аягына дейре жандуу үндө өтүп, бир да ирет “ий, ушинтип үнү жетпей кыйналгандан көрө фонограмманы эле пайдаланса болмок” деген ойду жараткан жок. Азыр жандуу үн менен концерт берүү модага кирбедиби. Бул абдан жакшы нерсе. Бирок мындайга али көнө элек ырчыларыбыз кээде ушунчалык көрүүчүнү жүдөтөт дейсиң, үнү жетпей чыйылдап, өңү-башы бырышып... “Ий, фонограмма менен эле ырдачы, жакшысы, сапаттуу үндү угуп кетели” деп жибертет адамды. Бүгүн андай болбоду.
Айтмакчы, Арсенден дагы бир жаңылык көрдүм. Мен ырчы дегендин баарын конокко чакырыптыр. Жок, аты – жеке концерт, заты – ашар концерт кылып эмес. Бул күнү ырчылардын баары залда көрүүчү болуп отурушту. Андайды дайым эле көрө бербейсиң да. Гүлнур Сатылганова, Аида Кулуева, Сайра Момунбаева, Нена, Съездбек Искеналиев, Замир Мырза, Анжелика күйөөсү менен, Бактыгүл Бадыева, Омар, Мирбек Атабеков, айтор, баары келишти. Көрүүчү болгон ырчыларга жакты белем, шатырата кол чаап, Арсенди коштоп кыйкыра ырдап, бийлеп да отурушту. Бул күнү Арсен өзү эле эмес, сахнага чыккан коноктору да жандуу үндө ырдашты. Өзгөчө кол чабуу, албетте, Арсен менен Айбектин аткаруусундагы “Чувства мои” ырына жана Омар менен Арсендин дуэтине болду. Омар тамагы кырылдай ооруп турганына карабай ырдады.
Бул күнү сахнага чыгып, “Күндөр жаңырат”, “Сени сүйөм” деген ырларын аткарып берген Мирбек Атабеков өзгөчө жылмаюуну жаратты. Баланын бактылуу экени көзүнөн, сөзүнөн, ар бир кыймылынан байкалып турду.
Баса, расмий түрдө кеченин алып баруучусу Эрмек Нурбаев болду. Бирок баштан аяк Арсен өзү сүйлөп, эл менен баарлашып жатканы жагымдуу маанай жаратты. Оо, дагы бир нерсени айтпай өтө албасмын. Залдагы элди ордунан козгоп бийлетүү үчүн да талант керек эмеспи. Арсен так секирип, көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыта бийлеп жүрдү.
“Толик сынчыга эмне болгон? Ал жалаң сын айтчу эмес беле?” деген ойлор жаралып калса, кечиресиздер, туугандар. Ооба, мүчүлүштүктөр болбой койгон жок, экранда ырчылардын аты-жөнү ката жазылып калган же болбосо Арсендин эң эле атактуу ырынын текстин саамга унута түшүп, “ла-ла-ла” деп абалдан чыгып кеткен учурлары болду. Мунун баарын концерттин жалпы шаңы, залдагы элдин көтөрүңкү маанайы жууп кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#140 Пользователь офлайн   Elit   24 Май 2012 - 18:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 256
  • Катталган: 18 Июль 10
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 16:14
  • Жынысы:Аялзаты

:applause:эн сонун болгон экен ээ.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жылдыздар жана биз
  • Кийинки тема →

  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 57 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 57, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 28 Авг 2025 02:23

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: