Эмнеге менин суроомо дале жооп жок!
ЖКнын экс-төрагасы Ахматбек Келдибеков түз байланышта 27-февраль, дүйшөмбү күнү саат 12:00дөн 14:00гө чейин.
#62 28 February 2012 - 13:44
Мен баарын жогоруда түшүнүктүү кылып, кыргыз тилинде жазгам.
Эгер түшүнгүсү келбегендер, эмоцияларын кармай албагандар дагы бир ирет ашыкча сөздөрдү жаза турган болсо таарынмай жок!
Эгер түшүнгүсү келбегендер, эмоцияларын кармай албагандар дагы бир ирет ашыкча сөздөрдү жаза турган болсо таарынмай жок!
#63 01 March 2012 - 16:20
Саламатсызбы Ахматбек мырза. Менин суроом томондогучо.
Сиз менин билгенимче Алай-Датка волейболдук командасынын президентисиз.
Волейболчуларга кандай шарт тузуп дегеле ушул клубтун онугушуно койгон максаттарыныз кандай. Мен ошол волейболчулар менен таанышмын. Бир эки оюнчу Россияга турмуштун айынан иштегени кетип жатышат. Ошолорду алып калып, шарт тузуп алып калса болобу келечекте олкобуздун желегин желбирете турган спортмендер болуп чыгаттыр.
Спорт, айрыкча командалык спорт чоң каражатты талап кылган нерсе. “Алай Датка” деп ошол Алай менен Оштон чыккан мыкты волейболчулардытандап алып түзгөнбүз. Мен аларга формасын алып берип, машыгуу залын сүйлөшүп бергем. Колумдан келишинче жардам берип жүрөм.Бирок ар бирине бирден батир, унаа алып беришке азыр кудурет жетпейт.Келечекте ал да болот,. Команданын ийгиликтери жакшы. Жогорку лигаларда ойноп, 1-2орундарды багынтып жатат. Алар жашоо-шартынан кыйналыпжатышса, мен жардам бергенге даярмын. Жакынкы күндөрдө команда менен жолугушам, ошондо баарын сүйлөшөм.
#64 01 March 2012 - 16:26
4)Бакиевтердин убагында салык комитеттин мыкчып турган кезинизде Сопу-коргон айылына атаныз Келдибек Белекбаевтин атын койдуруп алганыныз туурабы???????
?? Албетте мен атанызды жаман киши деп айтпайм бирок копчулук сопулуктар буга каршы экенине карабай (албетте сизге барып айта албайт) бир чон тарыхта сопу-коргон деген ат менен калган айылга кара кучко салып атаныздын атын койдуруп алганызга кандай ойдосуз. Же эмне дагы бир 10-жыл бийликте турсанар тууганыныз М.Султанов экоонор алай районун да атын озунордун бир тууганынардын атынан койдурасынарбы?
(себеби силер бир беш алты тууганынарды маселе котортуп анан эл айтып атат деп эле бийлигинерге салып койдуруп койосунар ал жагы белгилуу)
Эгерде сиз менин атамдын тарыхын, кылган ишинбилбесеңиз, китептен таап окуңуз. Бул 2005-жылы элдин сунушу менен болгон иш. Бакиевсиз эле, парламенттин чечими менен кабыл алынган. Мен айтат элем, сиз сопу-коргондук эмессиз же бузукусуз. Булбаягыдай дежур суроо. Сопу-Коргон айылы бүгүнкүгө чейин сакталган.“Келдибек Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтү” деп мурунку аты да, кийинки аты дагыжазылып турат.
#65 01 March 2012 - 16:47
2) Ош Аэропортундагы корупцияларды кантип жойсо болот? ушул эле суроону Бабановго да берилген болчу, бирок эч нерсе болбогондой иштеп жатышат Аэропортто,
лично мен скырытая камерага тартып алгам доказательство бар, кааласаныз сайтынызга жуктоп коём.
3) Атамбаевди кандай адам катары коросуз? эгерде Атамбаев олко башчысы болуп 2 моонот турса, Кыргызстанды озгорто алабы и гарантия бере аласызбы?
3) Атамбаевди кандай адам катары коросуз? эгерде Атамбаев олко башчысы болуп 2 моонот турса, Кыргызстанды озгорто алабы и гарантия бере аласызбы?
2) Менин сайтыма жүктөп коюңуз, эгер далил болсо, сөзсүзтүрдө жазасын алышы керек. Ош шаары, биздин Конституцияга ылайык, экинчиборборубуз. Ош аэропорту менен "Манас" аэропортун замандын талабына ылайыктехникалар менен жабдышыбыз керек. Чекарадан биринчикадам таштап өткөн адамдын мамлекетке болгон алгачкы таасирлениши ошол жерденбашталат. “Аэропортто болбогон нерсе үчүн туристтерденакча алат, аларды кыйнайт” деп көп айтылат. Антсе, ал турист экинчи жолу келбейт, туурабы?
Өнүккөн өлкөлөрдө паспорт көзөмөлдөөдөн, бажы постунан кантип өткөнүңдү сезбейделе каласың. Биз да ошол деңгээлге жетишибиз керек. Азыр депутаттар демилге көтөрүп жатышат, 40тан ашык өлкөгөвизасыз кирүү маселеси боюнча. Буга да шылтоо таап жатышпайбы, “визасыз болсо,террорчулар кирип кетет” деп. Террорчулар эч качан каттоодон өтүпкирбейт өлкөгө. Эч коркпостон биз мамлекетти ачышыбызкерек. Ошондо консулдук, чек ара, бажыкызматтарындагы коррупция жоголот.
3) Эми бул экөөбүздүн ортобузда болгон сөздөр, экөөбүздүнортобузда калган иш. Атамбаев айткан сөзүн аткара албайт, аткарган эмес. Алэкөөбүз иштешип жүргөн учурда мага көпчүлүк айтчы эле “бул киши алдап кетет”деп. Мен ишенген эмесмин. Мына, убакыт көрсөттү. Ишине ийгиликкаалайм. Эгерде Кыргызстанды өнүктүрүп, өстүрүп, алдыга сүйрөп кетсе, “хвала ичесть”.
Ошол эле Акаев буга куугунтук жасаган, Бакиев куугунтук жасаган.Бүгүнкү күндөгү анын иши, ошондой куугунтуктарды кайра жасап жатканы эчкандай рамкага сыйбайт. Анткени өзү көргөн кыйынчылыкты “эми мен башкагакөрсөтүшүм керек, туура эмес болсо да жасашым керек” деген ой-пикири туураэмес. Бул оюнан кайтышы керек.
Мен таң калам, мейли, биз жакында эле оппозицияболдук. Бирок бизден башка деле көптөгөн адамдар өз ой-пикирлерин айтып жатышат.Атамбаевдин же Бабановдун парламенттеги эмес, эл арасындагы оппозицияларга“биздин кандай аткара албаган жумушубуз бар? Кандай ишти аткараалбай жатабыз?” деп, алар менен ой-пикир алмашканын уктуңузбу? Ким көрдү? А буга чейинайтышчу эмес беле, “бизди бийлик укпайт, биз менен сүйлөшпөйт, оюбузду укпайт”деп. Унутуп калыштыбы азыр? Бул баягы Шералы хандын чокоюндай болуп жатат да.Булардын чокоюн да маңдайына илип коюш керек экен. Адам бийликке келгенде эле унутуп калаттурбайбы. Сөзсүз түрдө чокоюн илип коюш керек.
#67 12 March 2012 - 10:39
Мен кыргызча түшүндүрдүм,
Ахматбек мырза телефон аркылуу суроолорго жооп берип жатып бул жактагы суроолорго жетишпей калды.
Ахматбек мырза өзү интернетке тез тезден кирип тураарын айтып, калган суроолорго да жооп берээрин билдирген. Бул жөнүндө да жогоруда кып кыргызча жазгам.
Кеп түшүнбөгөн Tooluk, applemac аттуу колдонуучулар 10 күнгө банга кетишти.
Ахматбек мырза өзү интернетке тез тезден кирип тураарын айтып, калган суроолорго да жооп берээрин билдирген. Бул жөнүндө да жогоруда кып кыргызча жазгам.
Кеп түшүнбөгөн Tooluk, applemac аттуу колдонуучулар 10 күнгө банга кетишти.

Супер-Инфо
super.kg
видео











