Бир эне бар баласынан зарланар
Бир бала бар энесинен арданар
Бир тамчы жаш тозок отун өчүрсө
Бир тамчы сүт гүл бейишке айланар
- (2 )
-
- 1
- 2
Жеңишбектин "жемиштери" Кандай гана ыр саптары э?!
#21 16 February 2012 - 17:08
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#22 16 February 2012 - 17:09
Кереметпи аялзаты мынчалык?
Келет булар кылым бою ырдалып.
"Бизди таштаар сулуулар" , - деп жүрөбүз,
Бизди күткөн сулуулардан кур калып.
P.S. Акыркы саптагы сулуулар - бейиштин сулуулары жөнүндө экен. Мен башында туура эмес түшунүп алыптырмын.
Келет булар кылым бою ырдалып.
"Бизди таштаар сулуулар" , - деп жүрөбүз,
Бизди күткөн сулуулардан кур калып.
P.S. Акыркы саптагы сулуулар - бейиштин сулуулары жөнүндө экен. Мен башында туура эмес түшунүп алыптырмын.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#23 29 February 2012 - 20:19
“Чарчоону чарчатам”, - деп чаалыгамын
Дартыман дартым менен айыгамын
Ми ң жолку каректеги жаш аркылуу
Бир жолку айыбымдан арыламын
Оң колум Айды кармап турса дагы
Тагдырдын жазганына багынамын
Гүлдөрдүн арасына качсам деле
Күн сайын бир тикенге кабыламын
Үстү ачык кең ааламда жашап жүрүп
Үстү бек бир күн топо жамынамын
Дартыман дартым менен айыгамын
Ми ң жолку каректеги жаш аркылуу
Бир жолку айыбымдан арыламын
Оң колум Айды кармап турса дагы
Тагдырдын жазганына багынамын
Гүлдөрдүн арасына качсам деле
Күн сайын бир тикенге кабыламын
Үстү ачык кең ааламда жашап жүрүп
Үстү бек бир күн топо жамынамын
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#24 08 March 2012 - 14:03
Жан дүйнөмдү Сага гана ашык кыл
Жүрөгүмдү Сага гана жашык кыл
Жаратканым Жаратканым Аллахым
Жамалыңды бир көрүүнү насип кыл
Чөйрөң кандай бурадар?
#25 23 March 2012 - 21:16
Ыйла жүрөк, ыйлай турган өзүңсүң.
Ыйлап карек күнөөлөргө өкүнсүн!
Жаан сымал төгүлүшүп көз жаштар,
Жалбырттаган тозок отун өчүрсүн..
Ыйлап карек күнөөлөргө өкүнсүн!
Жаан сымал төгүлүшүп көз жаштар,
Жалбырттаган тозок отун өчүрсүн..
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#26 02 April 2012 - 01:55
Булут болуп көккө чейин барышкан
Ыйык кылып өзүлөрүн табышкан
Жаздыгына гүлдүн жытын себишип
Жакындарын жакут төшөп багышкан
Эртенкинин тамырына балта чаап
Эл бакчусун торго камап чалышкан
Эсеп берер кыяматты унутуп
Эл бактысын менчик кылып алышкан
Карабасып күнү бүтүп турса да
Кан тактыдан колу чыкпай карышкан
Уудан кайткан тайгандардай шыйпаңдап
Увазирлер жалган айтып жагышкан
Түбүн түшкүр падышалар жолу ушул
Түбөлүктүү бактысынан тайышкан
Көкүрөктөр түпкүрүнөн үн чыгат
Качан келет калкка күйөр даанышман
Үшүк алган жан дүйнөлөр жылыбай
Үмүт кана бүлбүл жанат алыстан
Ыйык кылып өзүлөрүн табышкан
Жаздыгына гүлдүн жытын себишип
Жакындарын жакут төшөп багышкан
Эртенкинин тамырына балта чаап
Эл бакчусун торго камап чалышкан
Эсеп берер кыяматты унутуп
Эл бактысын менчик кылып алышкан
Карабасып күнү бүтүп турса да
Кан тактыдан колу чыкпай карышкан
Уудан кайткан тайгандардай шыйпаңдап
Увазирлер жалган айтып жагышкан
Түбүн түшкүр падышалар жолу ушул
Түбөлүктүү бактысынан тайышкан
Көкүрөктөр түпкүрүнөн үн чыгат
Качан келет калкка күйөр даанышман
Үшүк алган жан дүйнөлөр жылыбай
Үмүт кана бүлбүл жанат алыстан
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#27 15 April 2012 - 00:07
Бирөөгө.
.
Келерсиң деп эшигимди ачык койдум,
Кек сактабай алдына азык койдум.
Мейман болуп кетерсиң, балким, бvгvн,
Мен өзүңө бир жоолук сатып койдум.
Эл сын айтса чычалап жер тепкилеп,
“Эркекмин”, - деп турчу элең “эркекмин”, - деп.
Эгер аял болгондо жүрмөк элен,
Эртели кеч эриңден келтекти жеп.
Жигит деген жигитче сыныш керек,
Жигит деген сөзүнө туруш керек.
Эки сүйлөп шайтандай жашаганча,
Эртерээк бул дүйнөдөн жылыш керек.
Сезимдерден жаш болуп куланамын,
Сени баккан энеңден уяламын.
Жообум ушул акыркы мамилеңе,
Жоолугуңду алып кет суранамын..
Келерсиң деп эшигимди ачык койдум,
Кек сактабай алдына азык койдум.
Мейман болуп кетерсиң, балким, бvгvн,
Мен өзүңө бир жоолук сатып койдум.
Эл сын айтса чычалап жер тепкилеп,
“Эркекмин”, - деп турчу элең “эркекмин”, - деп.
Эгер аял болгондо жүрмөк элен,
Эртели кеч эриңден келтекти жеп.
Жигит деген жигитче сыныш керек,
Жигит деген сөзүнө туруш керек.
Эки сүйлөп шайтандай жашаганча,
Эртерээк бул дүйнөдөн жылыш керек.
Сезимдерден жаш болуп куланамын,
Сени баккан энеңден уяламын.
Жообум ушул акыркы мамилеңе,
Жоолугуңду алып кет суранамын..
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#28 15 April 2012 - 00:08
Десе,
Аалы
акын
мындай
деп кошуп
коюптур
:
Жигит болбос жүрөгү "эл " демейин ,
Ичи тарга айла жок. Мен не дейин?
Алардан мен да далай жабыркагам,
Анда эмесе юбкасын мен берейин!
Жигит болбос жүрөгү "эл " демейин ,
Ичи тарга айла жок. Мен не дейин?
Алардан мен да далай жабыркагам,
Анда эмесе юбкасын мен берейин!
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#29 31 May 2012 - 10:44
Ак жоолугун белендеп камдап койсо,
Юбкасын Аалы байке тандап койсо,
Койноксуз эркек сорой ушуп турат,
Ак создун ызгаарын айдап койсо,
Анда мен бир ''лямканы' ' кийгизейин,
Кантейин койнок деген ''жалка' ' болсо...
Юбкасын Аалы байке тандап койсо,
Койноксуз эркек сорой ушуп турат,
Ак создун ызгаарын айдап койсо,
Анда мен бир ''лямканы' ' кийгизейин,
Кантейин койнок деген ''жалка' ' болсо...
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#30 03 June 2012 - 19:53
Jurokton chykkan sonun yrlar eken maga jakty "men uchun jan ber". Chyndygynda mekenibiz yilap turat ,ar biribizdin mildetibiz ata jurtka salym koshuu! Saisatchylarybyzda echak bet kalbai kalgan ,oshon uchun jashtarga orun bergile.Sizderdi tern urmattap kytaidan AYBEK!
#31 13 June 2012 - 19:11
Лямка берер спонсор бар турбайбы
конок даа бир буюмга зар турбайбы
шиш таклуу бир туфли мен берейин
жалан аяк конокту калтырбайлы
конок даа бир буюмга зар турбайбы
шиш таклуу бир туфли мен берейин
жалан аяк конокту калтырбайлы
#32 14 July 2012 - 19:37
ҮЧ АРМАН
Биринчи арман
Ойлор-ойлор, башка батпай күч алган
Кымбат, улуу кыргыз элек
Көк асмандан кут алган
Бабаларым баркты сактап
Бузбай таза наркты сактап
Бизге чейин жол салган
Бирок азыр билбей келем
Сапар тартсам кош аягым
Санаалардан тушалган
Көкүрөккө батпайт экен
Аягы эч түгөнбөгөн
Ааламдагы бүт арман
Антсе дагы айткым келди
Алдыңарга үч арман
БИРИНЧИ АРМАН
Кантип корбойм, кантип укпайм
Каным бирге, жаным бирге Кыргыз элди?
Ушул улуу кыргызымдын
мээрими зор мекенине
Кимдер келди
Үстөк-үстөк азапты үйгөн келди
Өз төрүндөй өтүгүн илген келди
Балдарыңды өз динден чыгарышкан,
Пачкалаган акчага сугарышкан
Бурмаланган туура эмес диндер келди
Жашыңды да, карыңды да
Жинди сууга азгырган жиндер келди
Жинди кылган кыргыздарды
Жинди суу деп айтпаска аргам барбы?
Калп деп айтчы калааңарда, айлыңарда
Ичпеген чалдар барбы?
Ичкиликти унутушуп
Иштеген балдар барбы?
Ичип жатат балакатка толгон бала жаңыдан
Ичип жатат босогодо төрдө отураар карыя
Ичип жатат эжелер да жеңелер
Калбагансыйт уят, намыс, ары да
Ала-Тоомду каптагансыйт
"Арак" аттуу дарыя
Касиеттүү мекенимде
турчу эле го кут жанып
Урпактарды ойлобостон
ушунчалык уктадык
Кагылайын кымыз жыттуу мекеним
Баратпасын арак, түтүн жыттанып
Айтчы аталар кычкыл сууну
кыйбай неге татасың
Кыдыр салган жолду көрбөй
кыйшык неге басасың
Кыбылага бутту керип
Кудай берген кутту жээрип
Кесирленип жатасың
Нарктуу дастан, санжырыдан кеп салбай
Наспайыңды атасың
Салт кармаган аталардын
сакалынан арак турса куюлуп
Мен алардын кантип алам батасын?
Чыркыраган бул дүйнөдө
Чындык аз да жалган көп
Кубаныч аз, арман көп
Ылайыгы эч келбеген
Кыргыздардын арасында
Ырым жырым андан көп
Кекиртекке шылтоо кылып
Көргөн жерде ичишкен
Өнөр болду өргө чапкан
Өлгөн жерде ичишкен.
Жамандыкта жаман сууну
Журтум неге койбойсун
Акыбалын арбактардын
Журтум кандай ойлойсун
Арак менен көңүл айтып
Айткылачы арбактарды
Журтум неге кордойсун?
Акылгы кел ичкен жандар
Акыл болсун укканың
Тарбиябы кичүүлөргө
Ачкыл сууну жутканың
Өзүңдү өзүң өрткө салып
Өзөгүңдү бузбагын
Арак менен арам болот жегениң
Арам болот кусканың
Арак-арак дей берсеңер
Бечел болот балдарың
Безери болот кыздарың
Эй Кыргызым!
Башка жерден эч бир душман издебе
Арак сенин душманың
Арагыңды ойлобостон
Талабыңды ойлогун
Учуруңду ойлобостон
Тукумуңду ойлогун
Кумарынды ойлобостон
Убалыңды ойлогун
Келечекте келе турган туягыңды ойлогун.
Дарты күчтүү ушул арак
Дагы эмнени айтмакмын
Түпкүрүнө жетсек деймин
Тилек менен максаттын
Аркты эч ким жеңген эмес
Жеңген бирөө бар болсо
Алтын медал такмакмын!
Ич аракты ошончолук эгер бийик бааласаң
Ич аракты өзүңдү-өзүң кыргыз дебей
Айбан кылып тандасаң
Ич аракты урпактардын манкурттугун кааласан!
Аллах бизди жаратаарда
Чындык бол деп жараткан
Акыл берип адам кылып
КЫРГЫЗ бол деп жараткан
Түшүнгүлө ичке жандар
Түпкү атабыз өлгөн эмес арактан.
Билесиңер арак-арак кол бутубңду шал кылат
Торт аяктуу мал кылат
Көкүрөгүң тар кылат
Билесиңер ысык болсоң муздатат
Узун болсоң кыскартат
Катуу болсоң жумшартат
Түбү келип тушунгүн
Түбөлүккө уктатат
Арак менен өтө албайсың төргө да
Чыга албайсың өргө да
Баса албайсың жерге да
Жага албайсың элге да
Көз жумган соң бүттү дебе
Арак үчүн жазасы бар аллахтын
Тынч жаткырбайт көргө да
Биз КЫРГЫЗбыз ийри жолду түзөгөн
Жыртылганды бүтөгөн
Мен Кыргызмын кыргыз үчүн чындыкты айтып
Күчөгөнүм күчөгөн
Жаратканга дуба кылам
Ичкендерди чыгаргын деп шишеден
Канча жоону жеңген Кыргыз
Аракты да жеңээрине ишенем!
Биринчи арман
Ойлор-ойлор, башка батпай күч алган
Кымбат, улуу кыргыз элек
Көк асмандан кут алган
Бабаларым баркты сактап
Бузбай таза наркты сактап
Бизге чейин жол салган
Бирок азыр билбей келем
Сапар тартсам кош аягым
Санаалардан тушалган
Көкүрөккө батпайт экен
Аягы эч түгөнбөгөн
Ааламдагы бүт арман
Антсе дагы айткым келди
Алдыңарга үч арман
БИРИНЧИ АРМАН
Кантип корбойм, кантип укпайм
Каным бирге, жаным бирге Кыргыз элди?
Ушул улуу кыргызымдын
мээрими зор мекенине
Кимдер келди
Үстөк-үстөк азапты үйгөн келди
Өз төрүндөй өтүгүн илген келди
Балдарыңды өз динден чыгарышкан,
Пачкалаган акчага сугарышкан
Бурмаланган туура эмес диндер келди
Жашыңды да, карыңды да
Жинди сууга азгырган жиндер келди
Жинди кылган кыргыздарды
Жинди суу деп айтпаска аргам барбы?
Калп деп айтчы калааңарда, айлыңарда
Ичпеген чалдар барбы?
Ичкиликти унутушуп
Иштеген балдар барбы?
Ичип жатат балакатка толгон бала жаңыдан
Ичип жатат босогодо төрдө отураар карыя
Ичип жатат эжелер да жеңелер
Калбагансыйт уят, намыс, ары да
Ала-Тоомду каптагансыйт
"Арак" аттуу дарыя
Касиеттүү мекенимде
турчу эле го кут жанып
Урпактарды ойлобостон
ушунчалык уктадык
Кагылайын кымыз жыттуу мекеним
Баратпасын арак, түтүн жыттанып
Айтчы аталар кычкыл сууну
кыйбай неге татасың
Кыдыр салган жолду көрбөй
кыйшык неге басасың
Кыбылага бутту керип
Кудай берген кутту жээрип
Кесирленип жатасың
Нарктуу дастан, санжырыдан кеп салбай
Наспайыңды атасың
Салт кармаган аталардын
сакалынан арак турса куюлуп
Мен алардын кантип алам батасын?
Чыркыраган бул дүйнөдө
Чындык аз да жалган көп
Кубаныч аз, арман көп
Ылайыгы эч келбеген
Кыргыздардын арасында
Ырым жырым андан көп
Кекиртекке шылтоо кылып
Көргөн жерде ичишкен
Өнөр болду өргө чапкан
Өлгөн жерде ичишкен.
Жамандыкта жаман сууну
Журтум неге койбойсун
Акыбалын арбактардын
Журтум кандай ойлойсун
Арак менен көңүл айтып
Айткылачы арбактарды
Журтум неге кордойсун?
Акылгы кел ичкен жандар
Акыл болсун укканың
Тарбиябы кичүүлөргө
Ачкыл сууну жутканың
Өзүңдү өзүң өрткө салып
Өзөгүңдү бузбагын
Арак менен арам болот жегениң
Арам болот кусканың
Арак-арак дей берсеңер
Бечел болот балдарың
Безери болот кыздарың
Эй Кыргызым!
Башка жерден эч бир душман издебе
Арак сенин душманың
Арагыңды ойлобостон
Талабыңды ойлогун
Учуруңду ойлобостон
Тукумуңду ойлогун
Кумарынды ойлобостон
Убалыңды ойлогун
Келечекте келе турган туягыңды ойлогун.
Дарты күчтүү ушул арак
Дагы эмнени айтмакмын
Түпкүрүнө жетсек деймин
Тилек менен максаттын
Аркты эч ким жеңген эмес
Жеңген бирөө бар болсо
Алтын медал такмакмын!
Ич аракты ошончолук эгер бийик бааласаң
Ич аракты өзүңдү-өзүң кыргыз дебей
Айбан кылып тандасаң
Ич аракты урпактардын манкурттугун кааласан!
Аллах бизди жаратаарда
Чындык бол деп жараткан
Акыл берип адам кылып
КЫРГЫЗ бол деп жараткан
Түшүнгүлө ичке жандар
Түпкү атабыз өлгөн эмес арактан.
Билесиңер арак-арак кол бутубңду шал кылат
Торт аяктуу мал кылат
Көкүрөгүң тар кылат
Билесиңер ысык болсоң муздатат
Узун болсоң кыскартат
Катуу болсоң жумшартат
Түбү келип тушунгүн
Түбөлүккө уктатат
Арак менен өтө албайсың төргө да
Чыга албайсың өргө да
Баса албайсың жерге да
Жага албайсың элге да
Көз жумган соң бүттү дебе
Арак үчүн жазасы бар аллахтын
Тынч жаткырбайт көргө да
Биз КЫРГЫЗбыз ийри жолду түзөгөн
Жыртылганды бүтөгөн
Мен Кыргызмын кыргыз үчүн чындыкты айтып
Күчөгөнүм күчөгөн
Жаратканга дуба кылам
Ичкендерди чыгаргын деп шишеден
Канча жоону жеңген Кыргыз
Аракты да жеңээрине ишенем!
#33 14 July 2012 - 19:39
2- АРМАН
Биздын кыргыз сулуу кыздар жөнүндө
Кыз дегенде гүл кулпурат көңүлгө
Кыздар барда дүйнө сулуу көрүнөт
Бул чындыкты чыгара албайм төгүнгө
Каникейдин баштап кеткен жолу бар
Кыз Сайкалдын, Курманжанжын таштап кеткен жолу бар
Ушул улуу энелердей боло албай
Азыр кыздар кандай катты шоруңар
Кыргыз кыздын ыймансызын ким көргөн
Доллар үчүн көчөлөрдө днен сатып күн көргөн
Баары турат эмне жетпейт буларга
Заманага шылтоо кылат
Заман эмес адам пейли бузулган
Бирөө барбы угаарга?
Же сулуулар алмаштыбы
Кыргызстанды, кырыгыздарды, намыс-арды
Беш мүнөттүк кумарга?
Түз кете албай туңгуюкта телчишкен
Кыргыз турса акча үчүн
Кытайлады ээрчишкен
Кайдан көрөм мөлтүрөгөн аруу, таза
Кыргыз кыздын элесин?
Сонун болбой минип алса
Сойкулуктун кемесин
Жүрөгүнө кадап алса
Бетсиздиктин жебесин
Бул күн эмес Үркүндө да Ажарлар
Талкан үчүн саткан эмес денесин
Эй сулуулар! Жеңил ойлуу сулуулар!
Жан бакканга бул жашоодо миң жол бар
Баарынан да адам үчүн
Адал чындык бир жол бар
Денеңердин баасы канча айткыла
Алаарыңар жүз доллар
Же бир доллар
А базарда итер турат эң арзаны
Миң доллар!
Эй сулуулар!
Көрүнгөнгө чыкпасынчы тамтыгың.
Келечекте энесинер
Мен силерден көргүм келет
Аялзаттын артыгын
Чет өлкөгө, чет элдерге, өз элдерге
Дене саткан кыздарга мен каршымын
Оо сулуулар, оо бото көз сулуулар
Ойлонгула жакшылап
Акча, дүйнө убактылуу азгырат
Журок карыйт дене т алыйт
Сойкулук бул келечегиң таш кылат
А көрөкчо издегиле бактыны
Адал жолдо издесеңер
Бакыт жолун ачтырат
Бактылуулук оңой эмес чыдаш керек
Кудай дагы сабырдууну жактырат
Эй сулуулар оо бото көз сулуулар
Силер үчүн кыргыздардын көөдөнүнө
Арман деген таш кулап
Карек бүтүп жүрөктөрдөн жаш кулап
Денеңерди америкага. Арабдарга, кытайларга сатканча
Кыргыздардын короосунда
Күң болгонуң жакшыраак
Же силерди бакканга байлар жокпу?
Же силерди алганга жандар жокпу?
Кыргыз үчүн кыргыздар күйүп жансын
Кыргыз кызын кыргыз алсын
Кудайдан уруксат бар
Алсын алсын алсын алсын
Ичиңерден чыккан бала
Кытай болуп төрөлгөнчө
Кыргыз болуп бизде калсын
Биздын кыргыз сулуу кыздар жөнүндө
Кыз дегенде гүл кулпурат көңүлгө
Кыздар барда дүйнө сулуу көрүнөт
Бул чындыкты чыгара албайм төгүнгө
Каникейдин баштап кеткен жолу бар
Кыз Сайкалдын, Курманжанжын таштап кеткен жолу бар
Ушул улуу энелердей боло албай
Азыр кыздар кандай катты шоруңар
Кыргыз кыздын ыймансызын ким көргөн
Доллар үчүн көчөлөрдө днен сатып күн көргөн
Баары турат эмне жетпейт буларга
Заманага шылтоо кылат
Заман эмес адам пейли бузулган
Бирөө барбы угаарга?
Же сулуулар алмаштыбы
Кыргызстанды, кырыгыздарды, намыс-арды
Беш мүнөттүк кумарга?
Түз кете албай туңгуюкта телчишкен
Кыргыз турса акча үчүн
Кытайлады ээрчишкен
Кайдан көрөм мөлтүрөгөн аруу, таза
Кыргыз кыздын элесин?
Сонун болбой минип алса
Сойкулуктун кемесин
Жүрөгүнө кадап алса
Бетсиздиктин жебесин
Бул күн эмес Үркүндө да Ажарлар
Талкан үчүн саткан эмес денесин
Эй сулуулар! Жеңил ойлуу сулуулар!
Жан бакканга бул жашоодо миң жол бар
Баарынан да адам үчүн
Адал чындык бир жол бар
Денеңердин баасы канча айткыла
Алаарыңар жүз доллар
Же бир доллар
А базарда итер турат эң арзаны
Миң доллар!
Эй сулуулар!
Көрүнгөнгө чыкпасынчы тамтыгың.
Келечекте энесинер
Мен силерден көргүм келет
Аялзаттын артыгын
Чет өлкөгө, чет элдерге, өз элдерге
Дене саткан кыздарга мен каршымын
Оо сулуулар, оо бото көз сулуулар
Ойлонгула жакшылап
Акча, дүйнө убактылуу азгырат
Журок карыйт дене т алыйт
Сойкулук бул келечегиң таш кылат
А көрөкчо издегиле бактыны
Адал жолдо издесеңер
Бакыт жолун ачтырат
Бактылуулук оңой эмес чыдаш керек
Кудай дагы сабырдууну жактырат
Эй сулуулар оо бото көз сулуулар
Силер үчүн кыргыздардын көөдөнүнө
Арман деген таш кулап
Карек бүтүп жүрөктөрдөн жаш кулап
Денеңерди америкага. Арабдарга, кытайларга сатканча
Кыргыздардын короосунда
Күң болгонуң жакшыраак
Же силерди бакканга байлар жокпу?
Же силерди алганга жандар жокпу?
Кыргыз үчүн кыргыздар күйүп жансын
Кыргыз кызын кыргыз алсын
Кудайдан уруксат бар
Алсын алсын алсын алсын
Ичиңерден чыккан бала
Кытай болуп төрөлгөнчө
Кыргыз болуп бизде калсын
#34 14 July 2012 - 19:40
Үчүнчү арман тил жөнүндө
Буга чейин айтты далай акындар
Антсе дагы айта турган акым бар
Кыргыз болуп төрөлгөндөр
Кыргыз болуп жаралгандар
Кыргыз тилин унутууга
Айтчы кандай акың бар?
Кыргыз туруп орусчалап сүйлөгөн
Өз баласын орусчалап тилдеген
Кыргыз туруп кыргыз тилин сүйбөгөн
Араңарда кыз-уландар жокпу же
Салам менен приветтин айырмасын билбеген
Ырчылар да сынчылар да
Орусчалап үндөгөн
Казактарды карагыла
Казакча гой жырлары
Өзүбекти карагыла
Өзүбекче ырдады
Орусчалап сүйлөгүн деп
Орусчалап бийлегин деп
Силерди ким кыйнады?
Чет тилди да үйрөнөлү
Анын дагы сүйлөй турган жери бар
Ата-Бабам айтып келген
Ар нерсенин чеги бар
Айткылачы кырг ыздарым
Ала-Тоодо кыргыз тилдин
Кай жеринен кеми бар?
тил кармаган тизгиниңди
Кай тарапка ыргыттың?
тил жоголсо билбейсинби
Жоголоорун кыргыздын?
Таза туруп баттык окшойт санаага
Ак нерсени алмаштырдык карага
Ата дешти алмаштырдык папага
Эне дешти алмаштырдык мамага
Башка тилдер минип жүро Мерседес
Кырыгз тили минип калган араба
кыргыз дебейм
Көксөбөгөн кырыгз үчүн максатты
Кыргыз дебейм
сатып жүргөн өз мекенин там ташты
Кыргыз дебейм
Элди бөлгөн жерди бөлгөн айгакты
Кырогыз дебейм
Өз кызына аңги болгон акмакты
Түн да көрксүз
Асмандагы жылдызсыз
Жер да көрксүз
Ала-Тоодо кыргызсыз
Кырылбаган кыргызым
Кырылбаган келе жаткан кыргызбыз
Кырыз келген Ала-Тоодо төрөлүп
кыргыз келген ак бешикке бөлөнүп
Неберелер көбөйүп
Чоң аталар ат үстүндө
Небересин өңөрүп
кырыгыз келген арчалардай соолубастан көгөрүп
Кыргыз келген Ала-тоодо кыргыз болуп төрөлүп
Кыргыз болуп төрөлүп
Кыргыз болуп төрөлүп
Кыргыз болуп төрөлөлүк
Келгилечи КЫРГЫЗ бойдон өлөлүк!! !!
Буга чейин айтты далай акындар
Антсе дагы айта турган акым бар
Кыргыз болуп төрөлгөндөр
Кыргыз болуп жаралгандар
Кыргыз тилин унутууга
Айтчы кандай акың бар?
Кыргыз туруп орусчалап сүйлөгөн
Өз баласын орусчалап тилдеген
Кыргыз туруп кыргыз тилин сүйбөгөн
Араңарда кыз-уландар жокпу же
Салам менен приветтин айырмасын билбеген
Ырчылар да сынчылар да
Орусчалап үндөгөн
Казактарды карагыла
Казакча гой жырлары
Өзүбекти карагыла
Өзүбекче ырдады
Орусчалап сүйлөгүн деп
Орусчалап бийлегин деп
Силерди ким кыйнады?
Чет тилди да үйрөнөлү
Анын дагы сүйлөй турган жери бар
Ата-Бабам айтып келген
Ар нерсенин чеги бар
Айткылачы кырг ыздарым
Ала-Тоодо кыргыз тилдин
Кай жеринен кеми бар?
тил кармаган тизгиниңди
Кай тарапка ыргыттың?
тил жоголсо билбейсинби
Жоголоорун кыргыздын?
Таза туруп баттык окшойт санаага
Ак нерсени алмаштырдык карага
Ата дешти алмаштырдык папага
Эне дешти алмаштырдык мамага
Башка тилдер минип жүро Мерседес
Кырыгз тили минип калган араба
кыргыз дебейм
Көксөбөгөн кырыгз үчүн максатты
Кыргыз дебейм
сатып жүргөн өз мекенин там ташты
Кыргыз дебейм
Элди бөлгөн жерди бөлгөн айгакты
Кырогыз дебейм
Өз кызына аңги болгон акмакты
Түн да көрксүз
Асмандагы жылдызсыз
Жер да көрксүз
Ала-Тоодо кыргызсыз
Кырылбаган кыргызым
Кырылбаган келе жаткан кыргызбыз
Кырыз келген Ала-Тоодо төрөлүп
кыргыз келген ак бешикке бөлөнүп
Неберелер көбөйүп
Чоң аталар ат үстүндө
Небересин өңөрүп
кырыгыз келген арчалардай соолубастан көгөрүп
Кыргыз келген Ала-тоодо кыргыз болуп төрөлүп
Кыргыз болуп төрөлүп
Кыргыз болуп төрөлүп
Кыргыз болуп төрөлөлүк
Келгилечи КЫРГЫЗ бойдон өлөлүк!! !!
#35 19 July 2012 - 03:14
Ылайланган эстеп алып өтк
өн
үн
Ыйласа да жаш чыкпаган көздөрүм
Карап туруп суктанамын баладай
Каалашынча булут жамгыр төккөнүн
Жан дүйнөлөр жыты келсе кубанган
Жамгырлардан гүлдөр чыгат буралган
Акыйкат жаш тозок отун өчүрсө
Андай көз жаш барбы менде биле албайм
Чөлгө айланып махабаттын талаасы
Чаңкап турган көңүлдөргө жарачу
Бүт ааламга бакыт төгөр асмандан
Булут болбой калганымды карачы...
Ыйласа да жаш чыкпаган көздөрүм
Карап туруп суктанамын баладай
Каалашынча булут жамгыр төккөнүн
Жан дүйнөлөр жыты келсе кубанган
Жамгырлардан гүлдөр чыгат буралган
Акыйкат жаш тозок отун өчүрсө
Андай көз жаш барбы менде биле албайм
Чөлгө айланып махабаттын талаасы
Чаңкап турган көңүлдөргө жарачу
Бүт ааламга бакыт төгөр асмандан
Булут болбой калганымды карачы...
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#36 19 July 2012 - 03:17
Ушунчалык уйку учкашып уйкусурайм
Уулангандар укташууда уйкусунан
Ууздай уул улам улам улутунат
Урушкандай узактатып упчусунан
Уулангандар укташууда уйкусунан
Ууздай уул улам улам улутунат
Урушкандай узактатып упчусунан
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#37 19 July 2012 - 03:22
Пайгамбардын айткандарын сөз дегин
Билгенден да билелегин көп сенин
Ыйман менен сезгенинде тозокту
Ыйлагандан чарчайт эле көздөрүң
Билгенден да билелегин көп сенин
Ыйман менен сезгенинде тозокту
Ыйлагандан чарчайт эле көздөрүң
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#38 17 August 2012 - 15:50
Оо, убакыт тездиги ай..
Орозо учуп кеттиби ай?
Кылычтан курч экен го
Кыяматтын мезгили ай.
Ишене албай турам чын,
Ишенген журок сурансын.
Кудайым Рамазандан
Күнөөсүз кылып чыгарсын!
Орозо учуп кеттиби ай?
Кылычтан курч экен го
Кыяматтын мезгили ай.
Ишене албай турам чын,
Ишенген журок сурансын.
Кудайым Рамазандан
Күнөөсүз кылып чыгарсын!
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#39 22 December 2015 - 19:51
Бироолор эске тушкондо,Баардык башты ызааттап,Сыйлагым келет коноктоп. Бироолор эске тушкондо,Кара ташты кучактап,Ыйлагым келет шолоктоп. Женишбек Жумакадыр.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео












