Салам байкем НАРЫНБЕК
Айтканыныз туура кеп
Акын деген айтышта
Акыйкаттык болсун деп
Куттум кыйла убакыт
Келсин акын ДЕЛИБЕК
Даярдыгым айтамын
Кайтпас болсом кайтамын
Делибектин акындык
Талантыны байкадым
Анда эмесе баарынар
Кубо болуп калынар
Айтышууда ак дилден
Койгулачы балынар
Досуке Дели кел эми
Чакырамын мен сени
Нарын байке айтыптыр
Айтышууга сени мени
Айлыбызда Ноорузду
Майрамдашып отуптур
Акындарым келер деп
Эли журтум кутуптур
Нурка,Нуура келишип
Нооруз дагы бутуптур
Замир мырза байкебиз
Колдогону келиптир
Нуура дагы кошулуп
Байге коюп бериптир
Нарын байке ортодо
Журиликке шериктир
Байгени деп айтышып
Жатат дебе досторум
Болгону мен айылды
Кызытууну коштодум
Бугун мына айылга
Жаз да келип калыптыр
Кыз-келиндер чогулуп
Сумолоктор салыптыр
Акындар да кошулуп
Кайнатышка барыптыр
Ыр кезегин досукем
Дели акын алыптыр
Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.
#1702 23 March 2012 - 09:56
Салам айтып келип калдым калкыма,
Тааныганга, тааныбаган, жалпыга,
Калайык калк Нооруз майрам кут болсун,
Ыраазымын ушул кыргыз салтына.
Бул майрам ынтымакты бекемдетип,
Элибиздин урмат-сыйын терендетип,
Сөз кылышат биздин ата-бабалар,
"Бул илгертен майрамдалып келген"-дешип.
Бул куну коноктун мен кордум камын,
Татпадым сумолоктун таттуу даамын,
Ушинтип конок менен чогуу откордум,
Жакшынакай жадыраган кунун жаздын.
Карадым , баарынызды тааныбадым,
Жаш элемин, анчалык каарыбадым,
Мурунтадан байкабай жургон экем,
Бар экенин айылын акындардын.
Баарынызга кутмандуу кун каалап кетем,
Буйруса бул айылга дагы келем........... .........
Тааныганга, тааныбаган, жалпыга,
Калайык калк Нооруз майрам кут болсун,
Ыраазымын ушул кыргыз салтына.
Бул майрам ынтымакты бекемдетип,
Элибиздин урмат-сыйын терендетип,
Сөз кылышат биздин ата-бабалар,
"Бул илгертен майрамдалып келген"-дешип.
Бул куну коноктун мен кордум камын,
Татпадым сумолоктун таттуу даамын,
Ушинтип конок менен чогуу откордум,
Жакшынакай жадыраган кунун жаздын.
Карадым , баарынызды тааныбадым,
Жаш элемин, анчалык каарыбадым,
Мурунтадан байкабай жургон экем,
Бар экенин айылын акындардын.
Баарынызга кутмандуу кун каалап кетем,
Буйруса бул айылга дагы келем........... .........
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#1703 23 March 2012 - 22:28
НАРЫНБЕК аке элениз
Сонун сунуштун ээси
Бышканы мына калыптыр
Саамалыгыныз момосу.
Амансызбы сиз Ага
Кыйналбай эле журоспу
Маарекеге баш болуп-
Калыстардын торосу?
Сиздин айткан сунушка
Кайдыгер болбой тигинтип
za.Mir деген азамат
Белсенип берешендикке
Алаканын жайыптыр
Ыр менен айтып созун да
Белендеп байге сайыптыр.
Нуура эжеке-асыл жан
Илгиртпей колдоп созунуз
Демоорчу мен болом деп
Куюлуштуруп ырында
Куттук айтып жазыптыр.
Дал ушулар себептуу
Коншу айылдан кээ бири
Айылга баш багыптыр
Айтыштын коркун ачыптыр
Майрам менен куттуктап
Таттуу тилек айтыптыр..
Эми..
Созунузго аралжы
Айтсам дегем томонку
Эки ооз кепти мен;
"Калыс" деген орунга
Озунуздун жанынызга
Сунуштайын деген элем
Айылдын баары баалаган
Тыкылдаган соз ээси-
АЙДАШКА деген эжекем
Айдашка асыл эжеке
Макул эле болсо эгер
Акындардын айтышчу
Мооноту канча болоорун
Кенешип силер чечсенер.
Жакшылап байкап талантын
Татыктуу делген акынга
Байгесин атап берсенер..
Сонун сунуштун ээси
Бышканы мына калыптыр
Саамалыгыныз момосу.
Амансызбы сиз Ага
Кыйналбай эле журоспу
Маарекеге баш болуп-
Калыстардын торосу?
Сиздин айткан сунушка
Кайдыгер болбой тигинтип
za.Mir деген азамат
Белсенип берешендикке
Алаканын жайыптыр
Ыр менен айтып созун да
Белендеп байге сайыптыр.
Нуура эжеке-асыл жан
Илгиртпей колдоп созунуз
Демоорчу мен болом деп
Куюлуштуруп ырында
Куттук айтып жазыптыр.
Дал ушулар себептуу
Коншу айылдан кээ бири
Айылга баш багыптыр
Айтыштын коркун ачыптыр
Майрам менен куттуктап
Таттуу тилек айтыптыр..
Эми..
Созунузго аралжы
Айтсам дегем томонку
Эки ооз кепти мен;
"Калыс" деген орунга
Озунуздун жанынызга
Сунуштайын деген элем
Айылдын баары баалаган
Тыкылдаган соз ээси-
АЙДАШКА деген эжекем
Айдашка асыл эжеке
Макул эле болсо эгер
Акындардын айтышчу
Мооноту канча болоорун
Кенешип силер чечсенер.
Жакшылап байкап талантын
Татыктуу делген акынга
Байгесин атап берсенер..
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
#1704 23 March 2012 - 23:16
Азамат иним Замирбек
Жыйынтык чыгар деп шаштырат
Бир эле күн айтышпай
Жумалап айлап айтышсак
Баарыбыз анда чогултуп
Байге сайып берели
Нуура сулуу кошулду
Калыстар дагы кошулса
Жардам берип биздерге
Супер акын аныктап
супер приз берели
тизме менен чакырып
айтыштырсак дегеним
Кандай дагы ойлор бар
Жазгыла мен кутөмүң
Жыйынтык чыгар деп шаштырат
Бир эле күн айтышпай
Жумалап айлап айтышсак
Баарыбыз анда чогултуп
Байге сайып берели
Нуура сулуу кошулду
Калыстар дагы кошулса
Жардам берип биздерге
Супер акын аныктап
супер приз берели
тизме менен чакырып
айтыштырсак дегеним
Кандай дагы ойлор бар
Жазгыла мен кутөмүң
Салам айтам баарына
Каарына да жашына
Деп салам бергенимдин себеби
Акындар ушинтип башташат
Акырын созду курашат
Акындык ырын ырдашат
Булбулдай болуп сайрашат
Акын айтыш уйуно
Конок болуп мен кирип
ырларын окуп акындардын
Чарчоомду басам,жакындарым
Акын болуш бир паста
Нарынбек байкедей болуш аста-аста
Акындарым,жакындарым
Сиздерге таазим кылам алтындарым
Чын дилимден айтканмын
Бирдик жонундо жазганмын
Баш байгени утунуз
Телге бирдик тушот деп
Аз убакыт куто турунуз
Мен бирдик салбасам
Атымды Айдашка коемун
Себеби Айдашка деген атты суйомун
Айдашка капа болбостур
Мага бан деп койбостур
Чынын айтсам тамаша
Чындыгына жараша
Айдашка менен НАрын байке
Аксакал болуп жаштарга
Жури болуп айтышкандарга
Чын дилиниздерден
Жакшы акынды танданыз
анан дагы...
Номерин мага жазсаныз
ПЫСЫ деген соз бар
Маанисин билбеген адам бар
Ал адам менмин
Акын эмесмин
Эки саат олтуруп
Торт соз жазат экенмин
Баарынарга рахматты
Жазып да кетейин
анда эмесе..
чындап кетейин
бирок,кайра келемин
#1705 24 March 2012 - 01:36
Ассалому алейкум
Айтышка келген
Акындарым аманбы
Кайтпас менен Делибек
Айтышууну баштаңар
Бир жума убакыт бөлунөт
Ар бир жуп акынга
кезек менен чакырып
Силерди биз турабыз
Айдашка келди жардамга
Калыс болуп берүүгө
Мөндүр сулуу да колдоп
Сунуштарын айтууда
Мөндүр менен айтышка
Кайсы жигит бет алат
кана эмесе алдыга
Акындарым алгала
укпай калган акындарга
Дарегине кат жазгыла
Делибекти тапкыла
Айтышка чакырып жатат
Нарынбек деп
кабарды катуу айткыла
ийгилик каалайм силерге
Чамдагыла анда эмесе
Айтышка келген
Акындарым аманбы
Кайтпас менен Делибек
Айтышууну баштаңар
Бир жума убакыт бөлунөт
Ар бир жуп акынга
кезек менен чакырып
Силерди биз турабыз
Айдашка келди жардамга
Калыс болуп берүүгө
Мөндүр сулуу да колдоп
Сунуштарын айтууда
Мөндүр менен айтышка
Кайсы жигит бет алат
кана эмесе алдыга
Акындарым алгала
укпай калган акындарга
Дарегине кат жазгыла
Делибекти тапкыла
Айтышка чакырып жатат
Нарынбек деп
кабарды катуу айткыла
ийгилик каалайм силерге
Чамдагыла анда эмесе
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#1706 24 March 2012 - 01:46
Мөндүр сулууга
Алик алдым сулуу кыз
Айтканында калет жок
айдашканы чакырдым
калыс болуп берүүгө
Баш айланып турганда
жакшы сунуш киргиздиң
Рахматымды айтамын
Сага кимди кошсом деп
мен ойлонуп жатамын
Ликви акын бар эле
Жакында сага үйлөнгөн
тамашалап жатамын
Жакын алба көңүлгө
экөөңөр дагы айтышта
жуп болуп ырдап берсеңер
Эмки кезек силерде
ликвини көргөң айткыла
айтышка келип айтышсын
байгеси да бар дегиле
Баарыңарды күтобуз
тизмеге келип жазылып
Кетсеңер болот дагы эле
Купуяга жазгыла
Чиймелеп коем тизмеге
Алик алдым сулуу кыз
Айтканында калет жок
айдашканы чакырдым
калыс болуп берүүгө
Баш айланып турганда
жакшы сунуш киргиздиң
Рахматымды айтамын
Сага кимди кошсом деп
мен ойлонуп жатамын
Ликви акын бар эле
Жакында сага үйлөнгөн
тамашалап жатамын
Жакын алба көңүлгө
экөөңөр дагы айтышта
жуп болуп ырдап берсеңер
Эмки кезек силерде
ликвини көргөң айткыла
айтышка келип айтышсын
байгеси да бар дегиле
Баарыңарды күтобуз
тизмеге келип жазылып
Кетсеңер болот дагы эле
Купуяга жазгыла
Чиймелеп коем тизмеге
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#1707 24 March 2012 - 05:13
Ассалому алейкум
Акындардын баарына
Деликаны кутомун
Келбеди деп таарына
Атаандашым сен болуп
Айыл бизди кутушту
Келбесен мен аламын
Оздук кылып утушту
Андыктан тез келекой
Ырларынды иле кой
Айтыштагы ордунду
Канчалыгын биле кой
Орундалсын тилек ой
Акындыгын кыла кой
Айтышууга чакырсам
Куттурбостон келе кой
Акын айтыш дегени
Таланттуулар мекени
Айтпасам да билесин
Оной эмес экени
Айтышууга нечени
Келген создун чечени
Атаандашып биз дагы
Кызыталы кечени
Журилерим аманбы
Алгач айтам саламды
Дели келбей айтышка
Жалгызданып каламбы
Же коюлган байгени
Озум утуп аламбы
Же болбосо башкага
Айтамынбы санаамды
Отко куйуп жанамбы
Журилерге жагамбы
Супер акын медалын
Моюнума тагамбы
Анда созго тартайын
Жури Нарын агамды
Ким болсо да чакырып
Туш тарапка бакырып
Айтышууга ундоймун
Акындарды качырып
Онорумду ашырып
Билбегеним жашырып
Сапернигим ким болсо
Чакырайын шашырып
Журилердин катары
Кобоюшуп жатабы
Айдаш эже кошулуп
Асыл баасын айтабы
СССР деген акын да
Кирген эле жакында
Автор болуп айылга
Койсо болот баасын да
Ликви байке акындык
Онорунуз баалаймын
Жури болуп сиз дагы
Баа коюунуз каалаймын
Барс абабыз жок окшойт
Журиликти башкарган
Же болбосо айтканбы
Жури болсун жаштардан
Нарынбек агам баш болуп
Калыстар да шайланды
Айыл коркун ачкандар
Соз атасына айланды
Кантип тилек айтсам деп
Таппай калам айламды
Бирок чынчыл акындар
Орду ордуна жайланды.
Акындардын баарына
Деликаны кутомун
Келбеди деп таарына
Атаандашым сен болуп
Айыл бизди кутушту
Келбесен мен аламын
Оздук кылып утушту
Андыктан тез келекой
Ырларынды иле кой
Айтыштагы ордунду
Канчалыгын биле кой
Орундалсын тилек ой
Акындыгын кыла кой
Айтышууга чакырсам
Куттурбостон келе кой
Акын айтыш дегени
Таланттуулар мекени
Айтпасам да билесин
Оной эмес экени
Айтышууга нечени
Келген создун чечени
Атаандашып биз дагы
Кызыталы кечени
Журилерим аманбы
Алгач айтам саламды
Дели келбей айтышка
Жалгызданып каламбы
Же коюлган байгени
Озум утуп аламбы
Же болбосо башкага
Айтамынбы санаамды
Отко куйуп жанамбы
Журилерге жагамбы
Супер акын медалын
Моюнума тагамбы
Анда созго тартайын
Жури Нарын агамды
Ким болсо да чакырып
Туш тарапка бакырып
Айтышууга ундоймун
Акындарды качырып
Онорумду ашырып
Билбегеним жашырып
Сапернигим ким болсо
Чакырайын шашырып
Журилердин катары
Кобоюшуп жатабы
Айдаш эже кошулуп
Асыл баасын айтабы
СССР деген акын да
Кирген эле жакында
Автор болуп айылга
Койсо болот баасын да
Ликви байке акындык
Онорунуз баалаймын
Жури болуп сиз дагы
Баа коюунуз каалаймын
Барс абабыз жок окшойт
Журиликти башкарган
Же болбосо айтканбы
Жури болсун жаштардан
Нарынбек агам баш болуп
Калыстар да шайланды
Айыл коркун ачкандар
Соз атасына айланды
Кантип тилек айтсам деп
Таппай калам айламды
Бирок чынчыл акындар
Орду ордуна жайланды.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#1708 24 March 2012 - 14:38
Алик алдым Кайтпасым
Кучтүү сенин таскагың
Дели келбей айтышка
Чөкпөсүн сенин маанайың
Кимди сага кошсом деп
Баш оорутуп жатамын
Жаңы келген Луи бар
Сага шерик кылсамбы
Ликвини сага кошалбайм
Мөндүргө аны кошту элем
Эмки кезек берди ээлем
Кандай дейсиң Кайтпасым
Өз оюңду айтаарсың
Кучтүү сенин таскагың
Дели келбей айтышка
Чөкпөсүн сенин маанайың
Кимди сага кошсом деп
Баш оорутуп жатамын
Жаңы келген Луи бар
Сага шерик кылсамбы
Ликвини сага кошалбайм
Мөндүргө аны кошту элем
Эмки кезек берди ээлем
Кандай дейсиң Кайтпасым
Өз оюңду айтаарсың
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#1709 24 March 2012 - 18:58
Салам айтам жалпына,
Жашына да карына
Келип калдым мен дагы
Таншыган акындардын айлына
Оозекиден алдырбайм,
Жазганда ката кетипмин
Мойнума алам катамды,
Себеби катталган элем жаны эле
Супер kg сайтына,
Эми жазганды катырам
Менмин деген акынды
Айтышууга чакырам.
Таарынбасын журилер,
Салам айта кетейин
Таразадай тактыкты,
Каалаганча отойун
Кызытып анда тургула,
Кызыктуу маек кургула
Айтышаар акын табылса
Кезегимди кутойун.
Жашына да карына
Келип калдым мен дагы
Таншыган акындардын айлына
Оозекиден алдырбайм,
Жазганда ката кетипмин
Мойнума алам катамды,
Себеби катталган элем жаны эле
Супер kg сайтына,
Эми жазганды катырам
Менмин деген акынды
Айтышууга чакырам.
Таарынбасын журилер,
Салам айта кетейин
Таразадай тактыкты,
Каалаганча отойун
Кызытып анда тургула,
Кызыктуу маек кургула
Айтышаар акын табылса
Кезегимди кутойун.
#1710 24 March 2012 - 21:05
Алик алдым Кайтпасым
Кучтүү сенин таскагың
Дели келбей айтышка
Чөкпөсүн сенин маанайың
Кимди сага кошсом деп
Баш оорутуп жатамын
Жаңы келген Луи бар
Сага шерик кылсамбы
Ликвини сага кошалбайм
Мөндүргө аны кошту элем
Эмки кезек берди ээлем
Кандай дейсиң Кайтпасым
Өз оюңду айтаарсың
Кучтүү сенин таскагың
Дели келбей айтышка
Чөкпөсүн сенин маанайың
Кимди сага кошсом деп
Баш оорутуп жатамын
Жаңы келген Луи бар
Сага шерик кылсамбы
Ликвини сага кошалбайм
Мөндүргө аны кошту элем
Эмки кезек берди ээлем
Кандай дейсиң Кайтпасым
Өз оюңду айтаарсың
Ракмат байкем Нарынбек
Мени атапсыз акын деп
Айтышууда тандабайм
Акындыкка жакын деп
Чакырыныз мейлиге
Карайынчы пейилиге
Айтышайын ким болсо
Окшоштуруп Делиге
Кызмат кылсын элиге
Торолуп оскон жериге
Келе койсун куттурбой
Калдым бир аз зериге
Нарынбек байке чынында
Кайтпастыгым билесиз
Созунузго кыяша
Айтпастыгым билесиз
Айтышууга дайыма
Калтырбастан киресиз
Акындарды тандабай
Айтышканым билесиз
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#1711 24 March 2012 - 21:29
Мөндүр сулууга
Алик алдым сулуу кыз
Айтканында калет жок
айдашканы чакырдым
калыс болуп берүүгө
Баш айланып турганда
жакшы сунуш киргиздиң
Рахматымды айтамын
Сага кимди кошсом деп
мен ойлонуп жатамын
Ликви акын бар эле
Жакында сага үйлөнгөн
тамашалап жатамын
Жакын алба көңүлгө
экөөңөр дагы айтышта
жуп болуп ырдап берсеңер
Эмки кезек силерде
ликвини көргөң айткыла
айтышка келип айтышсын
байгеси да бар дегиле
Баарыңарды күтобуз
тизмеге келип жазылып
Кетсеңер болот дагы эле
Купуяга жазгыла
Чиймелеп коем тизмеге
Алик алдым сулуу кыз
Айтканында калет жок
айдашканы чакырдым
калыс болуп берүүгө
Баш айланып турганда
жакшы сунуш киргиздиң
Рахматымды айтамын
Сага кимди кошсом деп
мен ойлонуп жатамын
Ликви акын бар эле
Жакында сага үйлөнгөн
тамашалап жатамын
Жакын алба көңүлгө
экөөңөр дагы айтышта
жуп болуп ырдап берсеңер
Эмки кезек силерде
ликвини көргөң айткыла
айтышка келип айтышсын
байгеси да бар дегиле
Баарыңарды күтобуз
тизмеге келип жазылып
Кетсеңер болот дагы эле
Купуяга жазгыла
Чиймелеп коем тизмеге
НАРЫНБЕК аке мен сизден
Сураймын эми кечирим
Анткендигим себеби..
Жарышка тушуп айылда
Айтышчу оюм жок менин
Жон гана сиздин саамалык
Колдоп турсам дегеним
Аягына чыкканча
Колдоп тура беремин.
А бирок чекеде эле турбастан
Азыноолак болсо да
Жардамымды кылайын;
Женилгенге, женгенге
Баарына тегиз берилчу
Башчынын моору басылчу
"За участие" дипломду
(Кыдырып таап айылдан
Кадырлуу Барс авага
Койдурабыз да колду)
Алып чыгып сахнага
Узатып мен турайын
Бир даана балким букетпи
Атап алган гулунор
Куттуктап мен сунайын.
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
#1712 24 March 2012 - 23:30
Мөндүр сулууга
Мөндүр сулуу айтышта
ликви менен айтышса
Деп кыялданып алыпмын
Айтышпайм деп сулуу кыз
Неге четке чыктыңыз
Майра акын эжебиздей
айтышка чыкса деп жүргөм
Макул анда зордобойм
Колдоп турсаң болгону
дипломдорду даярдап
Мөөр бастырсаң болгону
Барс абамды чакыргам
Айтышты ачып берсе деп
Ошол бойдон дарек жок
такыр кирбей койдуго
калыс болот кирсе деп
мен күтүп жүрөмүн
Көп акындар көрүнбөй
Кирбей дагы коюшту
СССр менен Ликви
Барс абам ак сакал
Вайс деген байкем бар эле
Бурана иним көрүнбөйт
акындарым келгиле
Айтыш эми башталат
кызыкты көрүп кеткиле
Мөндүр сулуу айтышта
ликви менен айтышса
Деп кыялданып алыпмын
Айтышпайм деп сулуу кыз
Неге четке чыктыңыз
Майра акын эжебиздей
айтышка чыкса деп жүргөм
Макул анда зордобойм
Колдоп турсаң болгону
дипломдорду даярдап
Мөөр бастырсаң болгону
Барс абамды чакыргам
Айтышты ачып берсе деп
Ошол бойдон дарек жок
такыр кирбей койдуго
калыс болот кирсе деп
мен күтүп жүрөмүн
Көп акындар көрүнбөй
Кирбей дагы коюшту
СССр менен Ликви
Барс абам ак сакал
Вайс деген байкем бар эле
Бурана иним көрүнбөйт
акындарым келгиле
Айтыш эми башталат
кызыкты көрүп кеткиле
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#1714 25 March 2012 - 01:44
Салам жолдойм акындарга
Ат салышып жаткандарга
Ноорузду кандай тостуңар?
Бул майрам кандай керемет
Күн менен түн теңелип
Ар жылына бир келет
Ала-тоолук кыргызым,
Ачык болсун жылдызың!
Нарын байке ап бали
Жакшы жөрөлгө баштаптыр
Жарыштырып бир бирин
Байге да коюп жатыптыр
Калыс болсо болоюн
Кара кылды как жарып
Тийиштүү бааны коёюн
Өзүм деле кыйраткан
Төкмө акын эмесмин
Капталдан ким тийишсе
Сазайын колго беремин
Калыстык кылып ортодо
Айтышты сындай беремин
Кана эмесе акындар
Кайда гана кеттинңер
Ликви жана Дели иним,
Демон менен Кайтпас да
Мөндүр жана Бурана
Күч сынашып көргүлө
Чоң-кичи болбойт айтышта,
Чогоол болсоң айтышпа.
Даңкыбыз чыккан айтышта
Көөдөндөшүп тийишкен
Салтыбыз биздин айтыш да
Кана эмесе келгиле
Асыл сөздөн тергиле
Замир сага ырахмат
Демилгени колдодуң
Четте карап турбастан
Демөөрчү дагы болдуң
Бирок,Замир абайла
Сөз берипсиң башында
Бирдигиң сенин жок калып
Айдашка атка конуп калба
Ат салышып жаткандарга
Ноорузду кандай тостуңар?
Бул майрам кандай керемет
Күн менен түн теңелип
Ар жылына бир келет
Ала-тоолук кыргызым,
Ачык болсун жылдызың!
Нарын байке ап бали
Жакшы жөрөлгө баштаптыр
Жарыштырып бир бирин
Байге да коюп жатыптыр
Калыс болсо болоюн
Кара кылды как жарып
Тийиштүү бааны коёюн
Өзүм деле кыйраткан
Төкмө акын эмесмин
Капталдан ким тийишсе
Сазайын колго беремин
Калыстык кылып ортодо
Айтышты сындай беремин
Кана эмесе акындар
Кайда гана кеттинңер
Ликви жана Дели иним,
Демон менен Кайтпас да
Мөндүр жана Бурана
Күч сынашып көргүлө
Чоң-кичи болбойт айтышта,
Чогоол болсоң айтышпа.
Даңкыбыз чыккан айтышта
Көөдөндөшүп тийишкен
Салтыбыз биздин айтыш да
Кана эмесе келгиле
Асыл сөздөн тергиле
Замир сага ырахмат
Демилгени колдодуң
Четте карап турбастан
Демөөрчү дагы болдуң
Бирок,Замир абайла
Сөз берипсиң башында
Бирдигиң сенин жок калып
Айдашка атка конуп калба
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#1715 25 March 2012 - 01:51
Ой уктабас келипсиң
Бир тамга да басалбай
Колуңду чаап кетипсиң
Төксөң келгин узун төк
Маекте тынбай кутуруп
Ичиңде калган сырың көп!
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#1716 26 March 2012 - 00:47
Ой уктабас келипсиң
Бир тамга да басалбай
Колуңду чаап кетипсиң
Төксөң келгин узун төк
Маекте тынбай кутуруп
Ичиңде калган сырың көп!
Бир тамга да басалбай
Колуңду чаап кетипсиң
Төксөң келгин узун төк
Маекте тынбай кутуруп
Ичиңде калган сырың көп!
Элдер уктап жатканда,
Уйкудан качып келгенмин,
Таланттуулар көп экен,
Кол чаап колдоп бергенмин.
Баягы жылы эшекчен,
Айга да барып келгенмин
Айтышкандар көп экен
Алакан чаап тердедим...
Алтыным менин Айдашка,
Акындыкка алым аз.
Алты ооз сөздү жамашка
Көөнүм ток, бирок кардым ач.
(Чынын айтсам увактым аз)
Антсе да элден чет калбай
Азырынча болуп "пас"
Араңарда тымпыйып,
Алакан чаап турайын.
А балким мага тиет "баш",
Ойгонуп кетсе талантым ...
Күлүктөн кулүк чыкканда
Төрт аягы тыбырайт
Туяктары мокосо,
Ташбакадай кыбырайт..
Сүрөөн жок болсо акынга,
Сөз таба албай шыбырайт.
Адамдан акын чыкканда,
Тилинен гана чыгат "чаң".
Кол чаап коштоп турбасаң
Не дешин билбей болот "маң"...
Чапкыла катуу колдорду,
Ошондо кудай колдоду!
Айтышка чыккан акындар,
Ачылып кетсин жолдору!
#1717 26 March 2012 - 16:09
Ассалоому алейкум
Абалар, ага, инилер
Ата, тага, жезделер
Энелер, апа, эжелер
Карындаштар жеңелер
Күн менен түн теңелген
Жаңы жыл келди туулуп
Айлана чөйрө жашылдан
Көйнөк кийип кулпуруп
Жамгыр менен жуунуп
Көңүлдөр турат тааптаза
Кайгы капа куулуп
Жаз келгенде жымыңдап
Жан жаныбар кыймылдап
Жашоо кызып күн жылып
Жатканда ырлар чыкпаса
Качан чыгат суурулуп
Кеч келдим акын айлына
Учурунда куттук сөз
Айталбадым баарыңа
Кеч да болсо кайрылып
Куттук айтам жалпыңа
Нооруздан тийип шарапат
Өлкөдө болсун тынчылык
Элибиз дайым жыргасын
Өнүгүү болсун тыңчылык
Карөзгөй душман жоголсун
Жүргөн бизге кыпчылып
Айылда болсо түгөнбөй
Улана берсин ырчылык
Уруксат эми берсеңер
Кабар айтып кетейин
Анкарада Ноорузду
Майрамдалып өткөнүн
Сөз кылып мында берейин
Марттын жыйырма биринде
Чогулуп түрк элдери
Тарых музей алдында
Тартуулап элге өнөрүн
Көңүл ачып беришти
Кыргыз, Казак, Тажиги
Түркмөн, Татар, Афганы
Башкыр, Хакас, Азери
Тыва, Түркү, Чечени
Грузин, Уйгур, Өзбеги
Кытайдан дагы келиптир
Баарысы бирге бир ооздон
Достук, сүйүү, ырыскы
Жакшы ниет аруулук
Үрөөндөрүн себишти
Бийлеп ардап жатышса
Көңүл жибип кубанат
Тегеректин баарысы
Достугуна суктанат
Анан дагы эң башкы
Майрамдын көркүн шаңдантып
Ордо сахна группасы
Комуз үнүн шаңшытып
Ырчылар таңдай таңшытып
Нооруз баркын ачышты
Манастан айтып үзүндү
Күчөтүп турду бат баттан
Атуулдук намыс үмүттү
Гүлзада чыгып сахнага
Кыргыздын кызы боломун
Деп ырдаса баарыбыз
Колдоп турдук жабыла
Шатыра шатман чаап колду
Сагыныч менен кусаны
Унуткандай болдук го
Тегиз канып жалпынын
Бук болгон ошол моокуму
Мына ушул сыяктуу
Оюн зоок бизге тартуулап
Бүткөн соң ырчы бийчилер
Кетишти сапарын улап
А бирок ыр майрамда
Көңүл ачып жүрсөм да
Тез ойлоп айылды
Кирер күндү күткөм да
Майрам го болду ордунда
А бирок болбой сүмөлөк
Көңүл толбой калды да
Акын айыл тургуну
Силердей кандай жагдайлар
Ноорузга арнап не түркүн
Тамак аш жасадыңар?
Сурайын эң оболу
Сүмөлөк деги болдубу?
Жалпы жамаат ооз тийип
Сүмөлөкө тойдубу?
Же быйыл жеңе эжелер
Бышырбай аны койдубу?
Абалар, ага, инилер
Ата, тага, жезделер
Энелер, апа, эжелер
Карындаштар жеңелер
Күн менен түн теңелген
Жаңы жыл келди туулуп
Айлана чөйрө жашылдан
Көйнөк кийип кулпуруп
Жамгыр менен жуунуп
Көңүлдөр турат тааптаза
Кайгы капа куулуп
Жаз келгенде жымыңдап
Жан жаныбар кыймылдап
Жашоо кызып күн жылып
Жатканда ырлар чыкпаса
Качан чыгат суурулуп
Кеч келдим акын айлына
Учурунда куттук сөз
Айталбадым баарыңа
Кеч да болсо кайрылып
Куттук айтам жалпыңа
Нооруздан тийип шарапат
Өлкөдө болсун тынчылык
Элибиз дайым жыргасын
Өнүгүү болсун тыңчылык
Карөзгөй душман жоголсун
Жүргөн бизге кыпчылып
Айылда болсо түгөнбөй
Улана берсин ырчылык
Уруксат эми берсеңер
Кабар айтып кетейин
Анкарада Ноорузду
Майрамдалып өткөнүн
Сөз кылып мында берейин
Марттын жыйырма биринде
Чогулуп түрк элдери
Тарых музей алдында
Тартуулап элге өнөрүн
Көңүл ачып беришти
Кыргыз, Казак, Тажиги
Түркмөн, Татар, Афганы
Башкыр, Хакас, Азери
Тыва, Түркү, Чечени
Грузин, Уйгур, Өзбеги
Кытайдан дагы келиптир
Баарысы бирге бир ооздон
Достук, сүйүү, ырыскы
Жакшы ниет аруулук
Үрөөндөрүн себишти
Бийлеп ардап жатышса
Көңүл жибип кубанат
Тегеректин баарысы
Достугуна суктанат
Анан дагы эң башкы
Майрамдын көркүн шаңдантып
Ордо сахна группасы
Комуз үнүн шаңшытып
Ырчылар таңдай таңшытып
Нооруз баркын ачышты
Манастан айтып үзүндү
Күчөтүп турду бат баттан
Атуулдук намыс үмүттү
Гүлзада чыгып сахнага
Кыргыздын кызы боломун
Деп ырдаса баарыбыз
Колдоп турдук жабыла
Шатыра шатман чаап колду
Сагыныч менен кусаны
Унуткандай болдук го
Тегиз канып жалпынын
Бук болгон ошол моокуму
Мына ушул сыяктуу
Оюн зоок бизге тартуулап
Бүткөн соң ырчы бийчилер
Кетишти сапарын улап
А бирок ыр майрамда
Көңүл ачып жүрсөм да
Тез ойлоп айылды
Кирер күндү күткөм да
Майрам го болду ордунда
А бирок болбой сүмөлөк
Көңүл толбой калды да
Акын айыл тургуну
Силердей кандай жагдайлар
Ноорузга арнап не түркүн
Тамак аш жасадыңар?
Сурайын эң оболу
Сүмөлөк деги болдубу?
Жалпы жамаат ооз тийип
Сүмөлөкө тойдубу?
Же быйыл жеңе эжелер
Бышырбай аны койдубу?
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#1718 26 March 2012 - 16:32
Кол бошобой окуудан
Киралбай жүрдүм алыстап
Бүгүн кирсем баш багып
Нарын байкем жарышты
Баштаптыр го калыс таап
Жарышка түшчү акынды
Беттештирип коюптур
Жүгү жеңилдей түшкөн
Акындардын баарынын
Жалкоолугун жоюптур
Кылганы бул акемдин
Аябай сооп болуптур
Ушуну шылтап айылга
Жарышты эми көрөлү
Унутпай эстеп жүрөлү
Ичти кармап күлөлү
Деп ниет кылып келгендер
Айылга бүт толуптур
Жарыш баштап калкыма
Кызыктан таштап ашыга
Кайтпас жүрөт ээ чыгып
Кыргыздын улук салтына
Противнигин издептир
Жалгыздыкты тилдептир
Келбеди деп Делиге
Астейдил эле жиндептир
Үн коштоп бул жарышка
Иш болсун деп арышта
Нуура, нурка и Мөндүр
Келишиптир айтышка
Кебелбей басып акырын
Кирип келип Айдашка
Старт деп турган чагында
заМир дагы кеп улап
Ар жерден бир жулмалап
Байгеге бирдик болсун деп
Пикир айтып ырларын
Чатышып турган сырларын
Башын кашып тырмалап
Жазыптыр мында усталап
Анда эмесе кызыкты
Чогулуп бирге көрөлү
Акындардын айтышка
Баарыбыз көңүл бөлөлү
Кызык кайсы жамакчы
Алат экен мөөрөйдү?
Киралбай жүрдүм алыстап
Бүгүн кирсем баш багып
Нарын байкем жарышты
Баштаптыр го калыс таап
Жарышка түшчү акынды
Беттештирип коюптур
Жүгү жеңилдей түшкөн
Акындардын баарынын
Жалкоолугун жоюптур
Кылганы бул акемдин
Аябай сооп болуптур
Ушуну шылтап айылга
Жарышты эми көрөлү
Унутпай эстеп жүрөлү
Ичти кармап күлөлү
Деп ниет кылып келгендер
Айылга бүт толуптур
Жарыш баштап калкыма
Кызыктан таштап ашыга
Кайтпас жүрөт ээ чыгып
Кыргыздын улук салтына
Противнигин издептир
Жалгыздыкты тилдептир
Келбеди деп Делиге
Астейдил эле жиндептир
Үн коштоп бул жарышка
Иш болсун деп арышта
Нуура, нурка и Мөндүр
Келишиптир айтышка
Кебелбей басып акырын
Кирип келип Айдашка
Старт деп турган чагында
заМир дагы кеп улап
Ар жерден бир жулмалап
Байгеге бирдик болсун деп
Пикир айтып ырларын
Чатышып турган сырларын
Башын кашып тырмалап
Жазыптыр мында усталап
Анда эмесе кызыкты
Чогулуп бирге көрөлү
Акындардын айтышка
Баарыбыз көңүл бөлөлү
Кызык кайсы жамакчы
Алат экен мөөрөйдү?
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#1719 26 March 2012 - 21:42
Салам айттым баарына
Жашына да карына
Сапернигим табалбай
Издеп журом заарыга
Салам айтып айылга
Кундо эле киремин
Айтышууга акын жок
Кетеримди билемин
Нарын байке айтсаныз
Айтыш деги не болду
ЛУИ деген элениз
Ал да кайда жоголду
Убакыттын отконун
Журилерим билеби
Атаандаш жок жургонум
Коздоруно илеби
Деги акын айтышка
Сапернигим келеби
Чындыгында мелдеште
Атаандашын болбосо
Байге деген сеники
Эгер жури колдосо
Жашына да карына
Сапернигим табалбай
Издеп журом заарыга
Салам айтып айылга
Кундо эле киремин
Айтышууга акын жок
Кетеримди билемин
Нарын байке айтсаныз
Айтыш деги не болду
ЛУИ деген элениз
Ал да кайда жоголду
Убакыттын отконун
Журилерим билеби
Атаандаш жок жургонум
Коздоруно илеби
Деги акын айтышка
Сапернигим келеби
Чындыгында мелдеште
Атаандашын болбосо
Байге деген сеники
Эгер жури колдосо
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#1720 26 March 2012 - 22:26
Жюрилерге жар салган
Кайтпас белди бууп туруп
Жең пайчасын куп түрүп
Шерик таппай бушайман
Муң чогулуп досумда
Топтолуптур көп арман
Себепсиз эле байгеге
Ээ болуп да кеталбай
Күндөп түндөп изденип
Атаандашка жеталбай
Жалгыз калып жүргөнүн
Калыстардан жашырбай
Ырдап турган чагы экен
Жамандыкты ашырбай
Пейли кенээн Кайтпасбек
Кайрылыптыр калыска
Уккула деп баарыңар
Жүрсөңөр да алыста
Алгач келбей Делибек
Тар жолдо аны калтырды
Бирок Кайтпас зерикпей
Суранып Нарын акеден
Сопернигин таптырды
Луи айым болмокчу
Кайтпас менен айтышып
Кызык салып көрмөкчү
Деп кулагым чалды эле
Бул максат да ишке ашпай
Шериксиз калып Кайтпасбек
Жалгыз жүрөт го дале
Бир жерде нурка айтканын
Окуганмын жазганын
Ким болсоң да келгиниң
Айтышка жооп бергиниң
Деп жүргөнүн көргөнмүн
Ошондо бул айымга
Калеми курч экен деп
Жазгандарын окууга
Атайлап убак бөлгөнмүн
Эми сунуш айтайын
Маанисиз эле кыпчылбай
Абийир байда кайтайын
Макул көрсө Кайтпасбек
Айтыш курсун атактуу
Нурка менен жарашыктуу
Колдоого алса калыстар
Бул экөөнүн таймашын
Ишенип турам азыртан
Баалап туруп жеңгенди
Адашпай туруп аныктаар
Сыйлыгын берип акынга
Айылдын көркүн ачышаар
Таймаштын шылтоосу менен
Айлымда майрам уланаар
Көргөндүн баары кубанаар
Жалгызмын деп кайгырбай
Кайтпас эми баштагын
Нурка кызга вызовду
Айттырбай туруп таштагын
Кайтпас белди бууп туруп
Жең пайчасын куп түрүп
Шерик таппай бушайман
Муң чогулуп досумда
Топтолуптур көп арман
Себепсиз эле байгеге
Ээ болуп да кеталбай
Күндөп түндөп изденип
Атаандашка жеталбай
Жалгыз калып жүргөнүн
Калыстардан жашырбай
Ырдап турган чагы экен
Жамандыкты ашырбай
Пейли кенээн Кайтпасбек
Кайрылыптыр калыска
Уккула деп баарыңар
Жүрсөңөр да алыста
Алгач келбей Делибек
Тар жолдо аны калтырды
Бирок Кайтпас зерикпей
Суранып Нарын акеден
Сопернигин таптырды
Луи айым болмокчу
Кайтпас менен айтышып
Кызык салып көрмөкчү
Деп кулагым чалды эле
Бул максат да ишке ашпай
Шериксиз калып Кайтпасбек
Жалгыз жүрөт го дале
Бир жерде нурка айтканын
Окуганмын жазганын
Ким болсоң да келгиниң
Айтышка жооп бергиниң
Деп жүргөнүн көргөнмүн
Ошондо бул айымга
Калеми курч экен деп
Жазгандарын окууга
Атайлап убак бөлгөнмүн
Эми сунуш айтайын
Маанисиз эле кыпчылбай
Абийир байда кайтайын
Макул көрсө Кайтпасбек
Айтыш курсун атактуу
Нурка менен жарашыктуу
Колдоого алса калыстар
Бул экөөнүн таймашын
Ишенип турам азыртан
Баалап туруп жеңгенди
Адашпай туруп аныктаар
Сыйлыгын берип акынга
Айылдын көркүн ачышаар
Таймаштын шылтоосу менен
Айлымда майрам уланаар
Көргөндүн баары кубанаар
Жалгызмын деп кайгырбай
Кайтпас эми баштагын
Нурка кызга вызовду
Айттырбай туруп таштагын
Баркымды билгендердин эсиндемин...

Супер-Инфо
super.kg
видео
















