Жыртылбаса ле болду!
Бут кийимдер жөнүндө... Оюнуз,кенешиниз
#22 29 November 2011 - 14:03
"Мен да, мен да ...Бактылуу болгум келет..."
#23 29 November 2011 - 20:50
Бут кийимдин бутума ынгайлуусун тандайм . Канча кымбат болсо ошончо сапаты жакшы . Негизинен эле кийимдердин кымбаты сапаттуу болот.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#24 24 January 2012 - 18:35

Бут кийимиңиздеги жагымсыз жытты кетириңиз
Кайсы гана дүкөнгө барба кытайдын бут кийимдеринен башка бут кийимдерди чанда гана кезиктире аласың. Сапаты начар бут кийимдер бутту тез эле тердетип, ар кандай жагымсыз жыттарды чыгарып жиберет. Көп акча кетирип, сатып алган бут кийимди бир кийип ыргытып да жибере албайсың. Көптөр бут кийимдерин жууй берип, бат эле айрылып түшүп калат. Мындай жагымсыз жыттан арылуунун бир нече жолу бар.
• Бут кийимди бат-баттан желдетип туруу керек.
• Атайын жытты соруп, сиңирип алуучу батектерди салып алсаңыз жакшы.
• Бут кийим үчүн чыгарылган атайын дезодоранттар бар. Бут кийим сатуучу дүкөндөрдөн сатып алып, ичине сээп коёсуз. Бирок, эшикке чыгаарда эмес, түндө сээп койсоңуз, эртең менен жыты кетип калат.
• Эки жума бою бут кийимиңиздин ичин таза спирт менен сүртүп турсаңыз да жагымсыз жыты кетет.
• Кээ бирлер жытты кетириш үчүн уксусту колдонуп жүрүшөт. Жагымсыз жыт кетет, бирок, уксустун жыты калып калат. Андай учурда нащатырь спирти менен сүртсөңүз уксустун жыты кетет.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#25 26 January 2012 - 19:08
[quote name='Strateg'
date='24 Октябрь 2011 - 14:57' timestamp='1319446645'
post='564675'
]
Айыл га эң сонун, универсальный бут кийим Мындан өтөөрү жок ар кайсы жумушка.

Айыл га эң сонун, универсальный бут кийим Мындан өтөөрү жок ар кайсы жумушка.

#27 27 January 2012 - 18:09
Aikala Айылга эң сонун, универсальный бут кийим Мындан өтөөрү жок ар кайсы жумушка.
Туура айтасыз анан бул бут кийимдин түрлөрү да
Туура айтасыз анан бул бут кийимдин түрлөрү да
"Ийилгенге ийилгин башын жерге тийгиче
Кекейгенге кекейгин төбөң көкө жеткиче"
Кекейгенге кекейгин төбөң көкө жеткиче"
#29 17 February 2012 - 23:49

Бийик таканын айымдардын ден-соолугуна тийгизген зыяны:
Шыйрак менен таманды бириктирип турган шыйрак булчуңдары такай чыңалууда болгондуктан, бут тез-тез карышып турат.
Сөөккө ашыкча күч келгендиктен, ага туруштук бере албай жылышып кетет.
Адамда негизги күч үч чекитке - согончокко, буттун бармагынын жана чыпалагынын астына келет. Аял бийик такада турганда согончок көтөрүлүп калат да, эки чекитке күч келет. Эгер бут кийимдин учу кууш болсо, анда бармактын астындагы чекит гана аялдын салмагын жалгыз өзү көтөрүп турганга туура келет. Натыйжада, манжалар бул "кордукка" чыдай алышпай, түзүлүшүн өзгөртө башташат.
Ички органдарга да терс таасир тийгизет. Сырткы органдардын абалынын өзгөрүүсүнөн улам жыныс органдар системасынын иши начарлайт. Жамбаш сөөгүнүн айланасына кан жакшы келбегендиктен, аялдарда сексуалдык жашоого болгон муздактык келип чыгышы мүмкүн.
Тизе муундарына түшкөн ашыкча күч артрит оорусунун күчөшүнө алып келет.
Убакыттын өтүшү менен үчүнчү жана төртүнчү манжалардын да түзүлүшү бузулат - алар сыртка карай талпайып, кан тамырлары кеңейип, сезгенет.
Варикоз жана целлюлит өөрчүйт.
Буттун чоң манжасынын сөөгү өсүп, оркоюп чыгып калат да, ал операция жасамайынча мурунку калыбына келбейт.
Алдыңкы жана арткы омурткалар ортосундагы дискте тең салмактуулук сакталбагандыктан, арка белде күчтүү оору пайда болот. Ал эми омуртканын туура эмес абалынан улам муундарга кан жакшы келбейт да, мындан ой жүгүртүү процесси начарлайт дешет врачтар.
Бийик такадан таман да жабыркайт. Бара-бара анын түзүлүшү өзгөрүп, май тамандуулук пайда болот.
Бийик такалуу бут кийимди бир күндө 2-3 саат, бир жумада 2-3 жолу гана кийүү сунуш кылынат. Эгер болбой эле бир күн кечке бийик така менен жүрүүгө туура келсе, кечинде үйгө келген соң кан айланууну жакшыртуу үчүн бутуңузду укалап, эс алдырыңыз.
Жаш кыздарга бийик така сунуш кылынбайт. Адамдын скелети 20 жашына чейин калыпка салынат. Эгер өспүрүм кыз аны бийик така кийүү менен бузуп алса, аны калыбына келтирүүгө таптакыр мүмкүн эмес.
Бут кийимди сөзсүз түрдө буттун өлчөмүнө ылайык тандоо талап кылынат. Кыскан же болбосо тескерисинче, чоң бут кийим оорунун себепкери болот.
Такалуу бут кийимди көпкө кийип жүрүүдө таман түзүлүшүн өзгөртөт, булчуңдар башкача иштей баштайт. Андыктан, бийик такадан жалпак такага кескин түрдө өтүү бутуңузга зыян алып келиши мүмкүн. Алгач орточо бийиктиктеги бут кийим, анан жалпак такалуу бут кийимге бутуңузду көндүрүп, акырын-акырындан өтүңүз.
Таптакыр эле жалпак бут кийим да бийик такалуу бут кийимдей эле ден-соолукка зыян алып келет. Андыктан, эң жакшы вариант - такасы 2-5 см бийиктиктеги бут кийим.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#30 18 February 2012 - 13:40
Салам пайдалуу тема ачкан адамга рахмат жана бул жерден коптогон маалымат алдым форумчуларга ийгилик
#31 18 February 2012 - 20:38
Мага дайыма спротук бут кийимдер жагат болчу,эми болсо бийик такалу бут кийимдер жагып калыптыр зыянду болшуна карабастан,
Каблок кийсен стильный,узуун,
арык,жагымду коруносун.Мага кок анан кара,ар кандай гулду светеги бут киймдер жагат.Аларды жайда койноктор менен кийсен ии бары сени карайт да,эркегинен баштап кызан чеин суктаышыпкалышат айрыкча мын мындай басаношкаларды кийп алсанар.
Я живу, как умею. Ни о чем не жалею. Нахожу и теряю. И с нуля начинаю. Я бы Вам рассказала.
Да меня не спросили. Как порой предавали, даже те, кто любили. Только я не сдавалась. Я сквозь слезы смеялась. И чтоб там не случилось. Я собой оставалась
#32 04 March 2012 - 12:47
men ushundai elde jok but kiyimderdi taap,akcha toptop kiygendi jaktyram,kobuncho on line but kiyim izdeim
#33 04 March 2012 - 12:51
anan dagy toi koinoktor menen en baktyluu kundo kiychu but kiyimdin surottorun kollekcya kylyp algam bul azyrky mezgilge tuura kele turgan ayak kiyim
#34 22 March 2012 - 01:03
Бут кийим кысканда
Ар бир аял мындай учурга туш болушу мүмкүн: бут кийим сатып алды, үйүнө алып келип кийип көрсө эле, анысы кысат. Албетте, аны дароо алган жерине алпарып алмаштырып алса болот, бирок, мындай мүмкүнчүлүк дайым эле боло бербейт. Мындай учурга бир нече кеңештер бар:
Балдар кремин колдонсоңуз болот. Бут кийимиңиздин өйкөгөн жерине кремдин калың катмарын шыбап, 10-15 мүнөттөн кийин аарчып саласыз. Андан соң дагы бир катмар шыбап, аарчыбай эле таң атканча коюп коёсуз.
Булгаарыдан башка материалдардан жасалган бут кийимдерди кеңейтүүдө кадимки эле сыра жардамга келет. Ал үчүн бут кийимдин ичин сыра менен нымдап, бутуңузга байпак кийиңиз да, ным бут кийимди кийип үйдүн ичинде ары-бери баса бериңиз. Бир нече күн катары менен ушундай кылыңыз. Сыранын жыты акырындан учуп кетет.
Ал эми булгаарыдан жасалган бут кийимди кеңейтүүдө сыранын ордуна спирт колдонсоңуз болот. Бирок, спирт терини бузуп, бут кийимдин түсүн өзгөртүп жиберет, андыктан, ага аярлап мамиле жасап, көп эмес өлчөмдө колдонуу керек. Спирт бууланып кетмейинче бут кийимди көчөгө кийип чыкпай туруу керек, болбосо, бутуңузда боёктун изи калып калат.
Суу гезитти тар бут кийимдин ичине тыгып коюу ыкмасы - анчалык ишенимдүү ыкма эмес. Анткени, бут кийим кургаган соң кайра эле тарып кетет.

#36 23 March 2012 - 18:41
мен така кийбегениме 2 жылдан ашты. балеткадан башым жыкпайт. ой бутум чыкпайт)кышында угги.
бая куну бир тойго барам деп така кийип олуп кала жаздадым. о кыз болбой кара жерге кир деп койдум озумду.
ошо, кам коргонум жон эле шкафта турушат.
бая куну бир тойго барам деп така кийип олуп кала жаздадым. о кыз болбой кара жерге кир деп койдум озумду.
ошо, кам коргонум жон эле шкафта турушат.
.....
#37 02 April 2012 - 19:42
Men baardyk but kiyimderdi kiye berem ,but kiyim jindisimin uidogulor but kiyimden ui kurasynby ne dep tamawalawyp kalywat .
Кетким келбейт ата-энемдин жанынан.
Турмуш экен алыстаймын барынан.
Сагынычта өтөт дагы күндөрүм.
Кетип калсам ата-энемдин алдынан.
Турмуш экен алыстаймын барынан.
Сагынычта өтөт дагы күндөрүм.
Кетип калсам ата-энемдин алдынан.
#38 03 April 2012 - 11:33
Ынгайлуусуна,
жарашыктуусуна анан сапаттуусуна карайм........
Балам бактым-балам базарым!
#39 09 May 2012 - 16:46
Аялдарда эмне көп, бут кийим менен сумка көп. Чындыгында бут кийимди да өзүнчө аксессуар катары карасак болот. Түптүз болгон, көз жоосун алган буттарга көрк берген бут кийим эмеспи. Мына ушул бут кийимден дагы айымдардын кандай мүнөзгө ээ экенин тастыктасаңыз болот.

Платформа - мындай бут кийимди кийген бийкечтер бардык нерсенин көңүл чордонунда болууну самашат. Өздөрүн жогору баалап сүйгөндүктөн ичкен ашын жерге коюп болсо да келбетине жакшы көңүл бурушат. Бийик платформа кийген айымдар кандай чөйрөдө болбосун өздөрүн эркин алып жүрүшөт. Дал ушул сапатын мырзалар жогору баалашат. Көп учурда жеңил ойлуу көрүнгөнү менен өнөктөшүн көптөгөн сындан өткөзүп тандайт. Бир түн кумарга батып басып кетүү буларга таандык эмес.
Кайык сымал - бул түзүлүшкө ээ болгон бут кийимдин кожойкелери чыгармачылыкка жакын келишет. Улам жаңы нерселерди баштап, бийиктиктерди багындырууну самашканы менен көздөгөн максатына жете алышпайт. Анткени шашма болушат. Бирок, бош убактысын текке кетирбей өздөрү үчүн пайдалуу иштерди жасап алышат. Эркектер булардын назиктигин, сезимталдыгын баалашат.
Шалп этме (шлепка) - эгерде сүйүктүүңүз жайкысын бутунан түшүрбөй кийсе анда маданиятты сүйгөн айымга кезиктим деп биле бериңиз. Булар өздөрүн дайым тыкан, таза алып жүрүшөт. Чынчылдыкты туу туткандыктан бардыгын ачык айтууну эп көрүшөт.
Балетка (такасыз) - бут кийимдин мындай стилин тандаган селкилер мыкты үй кожойкелери боло алышат. Ар бир деталга көңүл буруп, кичине балдарды, үй жаныбарларын сүйүшөт. Жан дүйнөсүнүн түпкүрүндө романтикага жакын болушат. Мындай селкилерди мырзалар алсыз көрүп, канатына калкалап, эркелетип, белек-бечкек менен көңүлүн табышат.
Согончогу ачык- бут кийимдерди кийгендер тазалыкты, темирдей бекем тартипти сүйгөн айымдар. Аял затынын көбү кимдир бирөөнүн жүрөгүнө башын жөлөп, ыйлап муңун айткысы келсе булар тескерисинче күчтүү келишип, жанындагыга аска-зоо болуп бере алышат. Көпчүлүк учурда мындай мүнөзгө ээ аялдар эркектин милдетин аткарып калышат. Булардын багына чечкинсиз эркектер туш болот.
Спорттук - бут кийим - эгерде айымыңыз көп учурда спорттук бут кийимчен жүрсө демек, кандай кырдаал болбосун эркин болууну самайт деген бүтүм чыгарсаңыз болот. Көп күткөндү жактырышпайт. Мүнөзү ачык болгондуктан балт эткизип бетке айтып жаман көрүнүшөт. Жашоого реалдуу көз карашта карагандыктан барга көппөйт, жокко чөкпөйт.
Макас - бут кийимдин бул түрү айымдар арасында көп кийилбегени талашсыз. Бирок, айрымдардын гардеробунан кезиктирүүгө болот. Макас кийгендер бир мүнөз, жасакерленбеген айымдар десе болот. Бир гана эркектер менен эмес, аял заты менен да бат тил табышып кете алышат жана мыкты курбу боло алышат.
Кончу узун өтүктөр - бийликти колуна алып, башкарууну жактырган айымдар. Табышмактуу келишип, анча-мынчаларга көп ачылып, сырын айта беришпейт. Бирок, тилин таап алсаңыз ички дүйнөсүндө абдан алсыз болушат.
Кончу кыска өтүктөр (Полу сапожки) - негизинен бул бут кийимдин кожойкелеринде кыздарга караганда жигит достору көп болот. Эртеңкини, мурункуну ойлобостон бүгүнкү күн менен жашашат. Ар дайым көңүлү шат болуп жүрүшөт. Мырзалар менен оттой ысык, бурганактай мамиледе болууну самашат. Ал мамиле бир күнбү, бир айбы анчейин роль ойнобойт.
Бийик такалуу туфлилер - амбициясы күчтүү айымдарга таандык. Булар үчүн ийгилик жаратуу, карьералык өсүш негизги орунда турат. Анан да көп учурда эркек коллективинде иштешет. Эркектердин көбү мындай айымдардын жүрөгүнүн ачкычын издөө менен убараланышат.

#40 09 May 2012 - 18:20
Бул теманын ачылганына жарым жылдан ашыптыр корбой кайда журдум,абдан керектуу,жакшы кенештер жазылыптыр.
Рахмат Айдашка!
Тема боюнча,кыскасы арзан бут кийим кийбейм.
Тема боюнча,кыскасы арзан бут кийим кийбейм.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.

Супер-Инфо
super.kg
видео