Чайды кыпкызыл кылып демдеп ысык кылып ичкенден рахат алам өзүнчө. Бирок, акыркы кезде алган чайларым мага чота жакпай жатат. Же картайып баратамбы эч нерсе жакпай? )) Айтор, даамы сонун чай тандашып койгулачы, сураныч.
Чайкорлор чогулушу тандашып койгулачы
#2 03 April 2012 - 17:28
Чайды кыпкызыл кылып демдеп ысык кылып ичкенден рахат алам өзүнчө. Бирок, акыркы кезде алган чайларым мага чота жакпай жатат. Же картайып баратамбы эч нерсе жакпай? )) Айтор, даамы сонун чай тандашып койгулачы, сураныч.
Мендагы кыпкызыл жана ысык кылып ичкенди жакшы кором, демек мен дагы Чайкор болуп калат экенмин да
Ошко барып калсам коргошун деген кок чай запастап алып келип коём, кенен 1 жылга жетет.
#3 03 April 2012 - 17:36
Мен любой чайды иче берем. Аттары эле башкача болбосо баары эле окшоштой сезиле берет
. Мына кофени билем, кайсы чыныгы даамдуу, кайсы болсо пакетиктеги "кофе" экенин. Тандаганда эмне, Англиядан чыккан чайлар жакшы болот деп уккам (Англиядан чыгарылган,
өстүрүлгөн эмес).
```
#4 03 April 2012 - 17:17
Ахмад чай жакшы го! Бирок мен чайды таштап койгом, азыр карандай суу лимон менен ичем.
#5 03 April 2012 - 17:18
"АХМАД"
чайын ичпесин бул дуйного келбепсин.
Эн соонун чай алып ичип кор
Бирок мен колумдан да соонун чай демеделет.))))
Эн соонун чай алып ичип кор
Бирок мен колумдан да соонун чай демеделет.))))
Я живу, как умею. Ни о чем не жалею. Нахожу и теряю. И с нуля начинаю. Я бы Вам рассказала.
Да меня не спросили. Как порой предавали, даже те, кто любили. Только я не сдавалась. Я сквозь слезы смеялась. И чтоб там не случилось. Я собой оставалась
#6 03 April 2012 - 18:10
Мен дагы жакшы чыккан чай ичкенди жакшы кором. Чайды ысык демдеп, кайра-кайра иче берем. Чай ичпей койсом башым ооруй берет . Негизинен Англиянын чайлары эн жакшы, жакшы чыгат жана даамдуу. Мисалы: Harrods чайларын ичсениз, во
сонун.
Адам баласы оз бактысынын устаты!
#7 03 April 2012 - 18:23
Бирок мен колумдан да соонун чай демеделет.))))
Ушул тема ачылары менен эле "жарнама" экенин билгемин...))) Хе-хе!
Тема боюнча: кызыл чай ичпейм, мен көк чайдын фанатигимин.
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#8 03 April 2012 - 18:25
Мен да чайкормун. тамак ичип жатканда чай ичпесем тамагым аш болбойт. Чайсыз тамак ичсем, бир нерсе жетишпей жаткандай боло берет.
#9 03 April 2012 - 21:00
Үч жылдан бери турктөр менен кыпкызыл чай ичип атып, үйрөнмөк турсун кээде жок болсо баш ооручу болду. :-)
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
#10 03 April 2012 - 21:07
Бирок мен колумдан да соонун чай демеделет.))))
Ушул тема ачылары менен эле "жарнама"
экенин билгемин...))) Хе-хе!
Ошо, жарнамага ташталган кайырмак сымалданды да ))
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#11 03 April 2012 - 21:24
Жатаарда жаңы чай демдеп ичпесем ошол күнү жакшы түш көрө албайм )).
Үй-бүлөлүк адат болуп калды окшойт. Айылда да ушул көй, бул жакта да. Менин балдарым деле ошондой болот окшобойбу? ))
Үй-бүлөлүк адат болуп калды окшойт. Айылда да ушул көй, бул жакта да. Менин балдарым деле ошондой болот окшобойбу? ))
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#12 03 April 2012 - 22:21
Ахмад чайын ичип көрүңүз бирок сөзсүз Эмираттыкын алыңыз аябай даамдуу, чыны карарбайт көпкө чейин кызыл болуп турат, мен башка чай иче албай калдым
#13 03 April 2012 - 22:23
Үч жылдан бери турктөр менен кыпкызыл чай ичип атып, үйрөнмөк турсун кээде жок болсо баш ооручу болду. :-)
Турктор чынле мумкун болушунча капкара, жок кайпппкара ичишет чайды, бирок артынан "коюу чайдын ден соолукка зыяны бар" деп калышат... кичине эле саргартып туруп чайга окшош нерсе ичкен жагып баратат акыркы кундору...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#14 03 April 2012 - 22:36
Ахмад
чайын ичпесем менин жашоом токтоп калчудайгоо.
.
Ахмадты ичин советим жашоонуз Вишня болот
мени айтты дейсиз. Ииий анан дагын бир чай барле атын очкур унутуп жатам кашайгыр десе, эстегенде жазып отом.
Ахмадты ичин советим жашоонуз Вишня болот
Я помню каждую минуту своей жизни проведенной с тобой.
И хочу чтобы эти минуту повторились и никогда не кончались.
И хочу чтобы эти минуту повторились и никогда не кончались.
#15 04 April 2012 - 00:06
Турктор чынле мумкун болушунча капкара,
жок кайпппкара ичишет чайды, бирок артынан "коюу чайдын ден соолукка зыяны бар" деп калышат... кичине эле саргартып туруп чайга окшош нерсе ичкен жагып баратат акыркы кундору...
кайппкара дегени жакты
Бу, менин байкашымча, темирторду көрүп келгендер да ошондой кайпкара чай дегенде жата калышат да. Антейин десем, жумушта бир байке ал жакты көрбөй эле ошондой кайпкара чайды ичет. Биз кыпкызыл деген чайды ал "суу" деп коёт да, бир чыныга бир пакетик чайды кашык менен улам сыккылап жатып ичет. Таң каласың эээй. Аны көрүп отуруп бир чети табитиң да жоголот.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#16 04 April 2012 - 10:13
Мага чайды ысык кылып алып ичкен жагат. Бирок кыпкызыл кылып иче албайм.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#17 04 April 2012 - 10:14
Ысык чай мага күч кубат берет. Ысык кылып чай ичкен жагат.
Ак сөз, асыл ой, адал иш.
#18 04 April 2012 - 10:20
Оооо жаңы демделген, ыссык, кызыл чайды менин Апамда аябай жакшы көрөт.
Көк чайга тап-такыр көндүрө албай аткан кербезим. Анткени менда көк чайдын фанаткасымын.
Көк чайга тап-такыр көндүрө албай аткан кербезим. Анткени менда көк чайдын фанаткасымын.
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#19 04 April 2012 - 12:52
"TWININGS of London" -degen 4aidyn karasynda, kok 4aiyn da i4ip koruunu sunuwtaim.
#20 04 April 2012 - 13:20
Чарчаганда чай ичсен, чарчоону кандырат да............
Балам бактым-балам базарым!

Супер-Инфо
super.kg
видео
























