Мурун тасмага тартылган актер-актрисаларды көрсөм суктанар элем, кандай сонун деп. Акыркы кезде ырчыларды "жаандан кийинки козу карындай жайнап кетишти" деп калдык, эми ырчы аттуулар кино тасмасына агылып бараткандай.
Ал ролду ойноп бере алабы-жокпу,
ал акыркы планда калгансыйт.
Бул кимдин кызыкчылыгы,
албетте, биринчи кезекте режиссердун пайдасына. Анткени аты чыккан жылдызды киного тартса эл көп келет дешет. Ал эми тасмада эмне роль, эмне максат, ал деле маанилүүдөй эмес, айрым тасмаларда.
Муну бизнес деп дешет экен, көрсө. Мен муну эмнеге айтып жатам? Жакында эле Нурбек Эгендин "Ээнсиреген үй" деген тасмасы жарыкка чыгып, саундтрегин Каныкей "Адаштым"
деген аталышта ырдап чыкты. Ошондогу башкы ролду аткарган кыздан абдан таасирлендим.
Мен чыныгы роль, образга кирген актриса деп айтар элем аны. Эч кандай жасалмалуулук жок. Ага салыштырганда бизде актриса деп аталып жүргөн кыздар эс алып калчудай экен.
Эми менин силерге кайрыларым,
урматтуу форумчулар,
толтура ырчылар толтура кино тартып, жайнап кетти тасмалар. Келгиле жылдыздардын тасмада аткарган ролунын сапаты тууралуу кеп козгойбуз. Бул жерде кайсы ырчы катышкан кайсы тасманы көрдү, кандай ой калды? Татыктуу аткарганбы-
жокпу, ошону айталы. Анде эмесе кеттик.
Ырчылар актер болуп кыйратабы? Ой бөлүшөбүз
#2 05 April 2012 - 12:53
Жакында эле "Сулуулар жана миллион" тасмасындагы Гүлжигит Калыков жана Айжана деген кыздын аткарган ролу жакты. Калганы тууралуу мындай ойдо эмесмин.
#3 05 April 2012 - 13:16
Биздин ырчылар бир тасмада 2 секуннд эпизоддук роль жаратышат. Кийин карасаң эле, өзүлөрүн "ырчы, актёр" деп чыга келишет. Же тескерисинче,
актёр болуп таанылышат,
бир ыр жазышат, анан боо-о-ооолду "ырчы" деген атка жармашып алышат.
Кыргыз кинолорунун эң чоң катачылыгы тасмаларга атайын актёрдук билими жок дөөрүктөрдү тарта бергени. Мейли эми, 1-2 кадрда көрүнүп, жок болуп кетчү кичинекей роль болсун, бирок оркойгон башкы ролду оңчулук ырдай албаган ырчы сөрөйлөргө кармата салышканы жиним кашайтат. Же тигилери кыйратып образга кирип беришсечи...
Айлап-жылдап атайын окуу жайларда күйүп-бышып жүргөн жаш актёрлор чыкпай жүргөнү өкүндүрөт. Ошондуктан мен кыргыз киносунан көзүмө көрүнүп, жаттап бүткөн ырчыларды эмес, жапжаңы, билимдүү жүздөрдү көргүм келет.

˙·٠•●♥●•٠·˙
Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙
#4 05 April 2012 - 15:35
Birok owo yr4ylardyn arasynda rolun jakwy atkargandar dele bar. Eger talanty bolso kino jaatynda dele onorun korsoto bersin da...
#5 05 April 2012 - 15:39
Жакында эле Нурбек Эгендин "Ээнсиреген үй" деген тасмасы жарыкка чыгып, саундтрегин Каныкей "Адаштым"
деген аталышта ырдап чыкты. Ошондогу башкы ролду аткарган кыздан абдан таасирлендим.
Мен чыныгы роль, образга кирген актриса деп айтар элем аны. Эч кандай жасалмалуулук жок. Ага салыштырганда бизде актриса деп аталып жүргөн кыздар эс алып калчудай экен.
толугу менен кошулам.
.....
#6 05 April 2012 - 17:56
Билими бар ырчылар кинодо рол аткара алат, себеби алар атайын актерлук сабактарды окушат да, А биздин ырчыларды айта албайм...
#7 05 April 2012 - 20:01
Актёр деген бул оңой кесип деп ким айтты? Роль жаратыш ар бир ырчынын колунан келеби? Таланты болгон күнү да актер болуш үчүн көп окуш керек. Азыркы 2-сорттогу "кинолорубузда"
ырчыларды көп тартып атканы, бул эптеп эле биздин жаштарды кызыктырыш,
фильмдин сапатына өтө терс таасирин берип атканы эч кимди кызыктырбайт.
Киного актерлор тартылса, ырчылар сахнада ырдаса.
```
#9 06 April 2012 - 00:16
Ырчынын ырчы эле болгону, актриса менен актердун актриса менен актер эле болгону жакшы го. Актер озунун ролун майын чыгарып, жеткиликтуу аткара билсе, ырчы обонун созуп, ырдаганды билсе жакшы болмок... Ар ким озунун кесибинин мыкты устасы болуш керек деп эсептейм. Мумкун оздорун бардык жактан сынап коргулору келип жатса, айла жок, сынай беришсин....
Балам бактым-балам базарым!
#10 06 April 2012 - 00:48
Мурун тасмага тартылган актер-актрисаларды көрсөм суктанар элем, кандай сонун деп. Акыркы кезде ырчыларды "жаандан кийинки козу карындай жайнап кетишти" деп калдык, эми ырчы аттуулар кино тасмасына агылып бараткандай.
Ал ролду ойноп бере алабы-жокпу,
ал акыркы планда калгансыйт.
Бул кимдин кызыкчылыгы,
албетте, биринчи кезекте режиссердун пайдасына. Анткени аты чыккан жылдызды киного тартса эл көп келет дешет. Ал эми тасмада эмне роль, эмне максат, ал деле маанилүүдөй эмес, айрым тасмаларда.
Муну бизнес деп дешет экен, көрсө. Мен муну эмнеге айтып жатам? Жакында эле Нурбек Эгендин "Ээнсиреген үй" деген тасмасы жарыкка чыгып, саундтрегин Каныкей "Адаштым"
деген аталышта ырдап чыкты. Ошондогу башкы ролду аткарган кыздан абдан таасирлендим.
Мен чыныгы роль, образга кирген актриса деп айтар элем аны. Эч кандай жасалмалуулук жок. Ага салыштырганда бизде актриса деп аталып жүргөн кыздар эс алып калчудай экен.
Эми менин силерге кайрыларым, урматтуу форумчулар, толтура ырчылар толтура кино тартып, жайнап кетти тасмалар. Келгиле жылдыздардын тасмада аткарган ролунын сапаты тууралуу кеп козгойбуз. Бул жерде кайсы ырчы катышкан кайсы тасманы көрдү, кандай ой калды? Татыктуу аткарганбы- жокпу, ошону айталы. Анде эмесе кеттик.

же актер, актрицалар ырчы болуп кыйратабы
#11 06 April 2012 - 11:12
Чымчык сойсо дагы касапчы сойсун деген соз бар го ээ.
Миң уккандан , бир көргөн артык !!!
#12 06 April 2012 - 13:04
Жылдыздарыбыз аткарган рольдор аз,эч кимди деле кобрбой калдымго мен Кайып булактан кийин.
Аткарса да билбейм мага жагат,анан жасалма суйлоп аткаралбаса сразу корбой коём,или ошол жылдызыбыздын ырларын укпай коём.
Аткарса да билбейм мага жагат,анан жасалма суйлоп аткаралбаса сразу корбой коём,или ошол жылдызыбыздын ырларын укпай коём.
Я живу, как умею. Ни о чем не жалею. Нахожу и теряю. И с нуля начинаю. Я бы Вам рассказала.
Да меня не спросили. Как порой предавали, даже те, кто любили. Только я не сдавалась. Я сквозь слезы смеялась. И чтоб там не случилось. Я собой оставалась
#13 06 April 2012 - 13:21
Maga Dostor degen kino abdan jakkan,yr4ylar u4un ele kordum 4ininda.
Aminali,мен дагы сиз коргон тасманы коргом.Эми чындыгында ал жактагы ролду биздин ырчылар АРАН -АРАН эле аткарып беришкен.Ал кинону эле эмес,азыркы ЭПТЕМЕЙ кинолорду жараткан режиссер,продюсерлер кыргыз кинематографиясынын тарыхына залал келтиргени зээн кейитерлик!
#14 06 April 2012 - 13:24
#15 06 April 2012 - 14:18
"Бир суроттун тарыхы" деген жаны тасма чыгыптыр. Анда, Тынай Алыбаев тартылыптыр.
Чындыгында ото жогорку денгээлде ойноп берген экен, жасалмасыз.
Кеп ырчы ойногонунда эмес, кеп ойной алгандыгында.
Иштин майын чыгара билгенинде болсо керек. Азыр, "Бодонону сойсо да касапчы сойсун"-деген макал бул заманга туура келбей калды. Себеби, андай кыла турган болсок, коп эле адамдарыбыз кесиби жок, же турмуштун ар кандай кырдаалынан улам оз кесиби менен эмес, башка кесипте иштеп журушот. Ал эми актерлук бул таптакыр башка. Эгерде колунан келсе баардык адам тартылса болот. Мен каршы эмесмин. Нурбек Эгендин "Ээнсиреген уй" тасмасындагы башкы ролдогу кыздын кесиби актриса эмес. Бирок образды эн сонун жеткизген. Ошол сынары, эгер ырчыларыбыз жеткиликтуу ойноп кете ала турган болсо, мен каршы деле эмесмин.
Тируулуктун озу чексиз бакыт....
#16 06 April 2012 - 14:30
Бир кинону көрдүм эле, Динара Акулова эжекебиз катышкан. Тасманын аталышын эстей албай атам "Кыж-жигит"
деген болуш керек. Динара апчебиз ой-да жасалма суйлөгөн да, рольго ваааще кирген эмес. Суйлөгөн сайын нервдер кадимкидей чыңалып кино көргөндөн рахат албай эле жиним кайнаган. Ар ким өз кесибин чеберчилик менен аткара билиш керек, ар жактан сынагым келет деп эле ар баштыкка башын тыга бергендери болбойт. Албетте сынасын эгер колунан келсе.
Анан Чынгыз Мырзаев катышкан кино бар го "Кандуу сүйүү". Көрүп алып боорум эзилгенче күлгөм. Айрыкча баш алып койгон жерине......... .... Чыкенин башын столдон чыгарып койгону даана эле билинип, кыскасы эччччч окшошпогон. Ошонун ордунда балким башка актер болсо жарашмак беле деген ой кетет.

#17 07 April 2012 - 12:32
" Талак " тасмасында Асель Турдалиева укмуш ойногон. Ушунчалык берилуу менен майын чыгара аткарган деп айтат элем. " Эгиздер тагдырында"
Гулянда нервди кыймылдатып суйлоптур го... Чынында эле жаш, актерлук билими бар актерлор менен иштешсе реж-лор.
#18 09 April 2012 - 14:49
"Кайып булак" тасмасында мага Семанын ролду аткарганы жаккан жок.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#20 09 April 2012 - 16:22
Быйыл сөзсүз күйөөгө тийем" тасмасында Бегимай Эсенгулова,
Non Stop дуэти ролду жакшы аткарышкан.
Ак сөз, асыл ой, адал иш.

Супер-Инфо
super.kg
видео