Суперстан: Акын-жазуучу Меңди Мамазаирова - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Акын-жазуучу Меңди Мамазаирова анын чыгармалары терең мааниге эээ

#1 Пользователь офлайн   solnyshko   13 Апрель 2012 - 12:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Меңди Мамазаирова адабий жанрдын баардык түрүндө бирдей мааниге иштеген көп кырдуу калемгерлердин тобуна кирет."Жерде жарака кетсе акындын жүрөгу аркылуу өтөт"деген аксиома так ушул акынга тиешелүүдөй. ..Анткени кийинки поэтикалык чыгармаларда көз жашындай ыйык эл,жер ,Ата журт,улутту улут кылган,эң аялуу эн-белги,салт санаалырыбызды, эң негизгиси рухубузду кантип ааламдашуу ааранынан арачалап калууну поэзиянын тили менен канкакшап ырдап келет.....Автордун жаңы поэтикалык жыйнагы окуган адамды мына ушуларды кайра,кайра ойлоого,ой-жүгүртүүгө үндөп турат....

Анда эмесе ар бир жазган ырларынан,поэмаларынан ыр сап түрүндө жазып силерге жеткирип турсам......

Билдирүүнү түзөткөн: solnyshko: 13 Апрель 2012 - 12:24

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   solnyshko   13 Апрель 2012 - 12:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

....Кең Ала-Тоом Кыргызга Эне-Атасың.. ..
Калкка бөлүп түбөлүк келатасың...
Жер жүзүндө расмий мамлекетим. ..
Улутумду тааныткан тек,атасын.. ..
Жер шаарынын дүйнөлүк бир картасында. ...
Кичине бир нокотсуң көзгө илешпес...
Дүбүртүңдө дүйнө ойгонгон Азияда....
өжөр элсиң ,эрегиште кегин бербес!


Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   solnyshko   13 Апрель 2012 - 12:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Кыжалат ыр...

Деңиз сымал терең болот эл деген....
Эч убакта жатка намыс бербеген
өзөктү өрттөп өздөн чыккан калпыс иш....
Көптөн бери башыбызга келбеген...
Руху күчтүү,уюткулуу эл деген....
Уюгу бек уулуу жылан кирбеген...
Бүгүн эмне?
нарксыз,ырксыз журт болдук...
Жүйөө сөзгө ,ынтымакка келбеген...
Оо,Ата журт,мтунжурайсың буулуга
Ок атылды ,күнөөсү жок уулуңа....
өчөштүккө ич тардыкка алдырып...
Наалат кетти бүтүндөй бир муунуңа...
Кесип өттүк адамдыктын ак жолун...
Бир колуңду кескиледи бир колуң....
Ууну чачты бир көзүңө бир көзүң...
Душман болдуң бир өзүңө бир өзүң....
Алтын элим,кара көзүм каралдым....
Акыл жүгүрт,акты- көктү аңдагын....
кыжалаттан ушул ырым жаралдың....
Алтын элим,акыйкаттан жанбагын! !!




Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   solnyshko   13 Апрель 2012 - 12:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Кыргыздын маңдайына сыйбаган,дүйнөлүк маанидеги чыгаан балбан,чоң инсан Раатбек Санатбаевге жазган ыры....

Кандай болду?
Ааламдык күрөштөрдө алдырбаган
Алдынан арыстан чыкса алдырбаган
Раатбек ,кантип гана арам окко....
Жүрөктү тосуп бердиң,аттиң арман.....
Арадан канча жылдар өтсө дагы...
Жаралбас сендей инсан.сендей балбан!
Шумкардын кош канатын кимдер жулду?
Тулпардын кош аягын кимдер бууду?
Дүйнөлүк мелдештерде жыгылбаган
Калдыкпы сактай албай намыс-уулду?
Кыргызда бүткүл эне чогулса да...
Раатбек,сендей шерди качан тууду?

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   solnyshko   13 Апрель 2012 - 13:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Дарак элем....

Дарак элем.....барик чачым сеңселген...
Бир өзүмө өзүм гана тең келген....
Мөмөлөрүм шагымды ийип мөлтүрөп...
Буруксуган, жүргөн жерге термелген...
Дарак элем...Бой келбетим суйсалган... .
Көргөн жандын көңүлүнө ай салган....
Базар эле.....уя толо булагы....
үч маал ээси тамырына суу куйган...
Ким ойлоптур,тагдырымдын чакмагы...
Ойрондойт деп бутагымды шагымды....
Жайнап турган жашыл өңүм кубарды...
Терс бурулуп тирүүлүтүн агымы....
Көрүп туруп менин мындай алымды....
Кээ бир Достор жамандыкка жамынды....
Көзү жанды огу менен атканы....
Таш ыргытты мөмөлөрүм какканы
Жан талашты бутагымды шагымды....
Кыркып-кесип, отун кылып жакканы...
Мезгил өттү....Сейректетип ыйымды....
Бирик-эсим,бутак колум жыйылды....
Мөмөлөрүм кайра жайнап түрлөнүп....
Көздөн аккан кандуу жашым тыйылды....

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   nazgul8076   13 Апрель 2012 - 14:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 514
  • Катталган: 11 Январь 12
  • Соңку аракети: 19 Июн 2013 12:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош шаары

Солнышко сонун журоктон чыккан ырлар экен. Окусан бир улутунуп алат экенсин. Азаматсын, дагы башка жакшы чыгармаларынан жазып тур, окуп чер жазалы.
Балам бактым-балам базарым!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   admin_media   13 Апрель 2012 - 15:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 746
  • Катталган: 22 Февраль 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:29
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:...

Тема "Адабият жана поэзия" бөлүмүнө жылдырылды!
SUPER.KG - МААЛЫМАТ-МААНАЙШАТ ПОРТАЛЫ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Evelet   13 Апрель 2012 - 19:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Slnysh, ар бир саптын сонунда коп чекиттер бар бекен ее? Ырлар жакшы жазылыптыр.
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   solnyshko   15 Апрель 2012 - 11:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

өзүнүн өмүрлүк жолдошу Жолон Мамытовго арнап жазган ыры...

Мен да сага буйрубапмын түбөлүк!

Мага эртелеп сен буйрубай калгандай..
Мен да сага буйрубапмын түбөлүк.
"Жалгыз кал!"-деп, Кудай каргап салгандай
Сенсиз күнүм бир тирилип ,бир өлүп...
Келатамын... ...
Кайгы менен муң зарды...
Арасынан сууруп чыгып жанымды.
Күйүп-күйүп, күйүт ырын көп жаздым.
Ырым менен дарылайм деп кайгымды...
Эл дүрбөгөн шооктордо,майрамда.
Эчен ирет шордоп турду бул жаным
Эм болбоду дос көзү да андайда...
өксүп,өксүп, өксүгөндөн ырдадым...
өксүгөндөн ырдадым да ыйладым....
Маңдайыма тийип турган Күн өлүп...
Мага өзүңдү түбөлүккө кыйбадың.
Мен да сага буйрубапмын түбөлүк!! !!!


Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   solnyshko   15 Апрель 2012 - 11:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Ыйласаң ыйлап,күлгөндө бирге күлдүм мен
Кошулуп сага опуртал өмүр сүрдүм мен....
Колуман түшүп кокустан сынып калат деп.
Күзгүдөй кылып,койнума катып жүрдүм мен....
Китептей сени...Кастарлап окуп билдим мен.
Бактым деп санап,башкача баалап сүйдүм мен.
Салааман кокус жылмышып түшүп калат деп.
Мончоктой кылып мойнума тагып жүрдүм мен.
Опуртал тагдыр акынга асти берилбе..
Оңой күн көрүп ойногон жокпуз өмүрдө.
Ортоңго салган оймогум сымал манчамдан...
Опоңой гана алдырып тындым өлүмгө...

Билдирүүнү түзөткөн: solnyshko: 15 Апрель 2012 - 11:44

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   solnyshko   15 Апрель 2012 - 11:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Сүйүнүп турам,көктөмдүн жыты буркурап
Таң менен кечте чымчыктар чакта чуркурап
Эрте жаз каары,
Эшикке чыгып кете албай...
Отурам ойлуу,терезе тиктеп ыр курап
Мынаке эми,жаз дагы кайтты сапардан.
Байчечек жайнап,
Башкача аңкып атаар таң...
Сен гана кайтпай,убара көзүм чарчады.
Тигиле берип....
Досторун жүрчү катардан...

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   solnyshko   15 Апрель 2012 - 11:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Караңгы.

Он сегиз миң аалам жүзүн гүлдөтүп...
Жаамысына жарык берген албан Күн...
Менин чымчым жүрөгүмө кетпестен
Нурун төгүп, кайып өтөт арман Күн.
Адампенде,жан- жаныбар баарына
Жашоо бердиң мээримиңди арнадың...
Менин тыйтым жүрөгүмдү жаарытпай
Кыйгач түшкөн Күн нуруңду каргадым!

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   solnyshko   15 Апрель 2012 - 11:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Кайдан келдим?
Эми кайда барамын?
Бул суроонун сыры кайда?
Айранмын....
Кымбыт жүзүн көрөр бекем бир кайра,
Кырк сегизде кетип калган кайрандын.
"Качандыр бир айланыштуу жол менен"
Балким акыр мен өзүңө кез келем?
Эки дүйнө табанынан издеймин
Же түбөлүк тунгуюкка кез келем.
Туулуунун маани-жайы эмнеде?
Чымын жанды түбөлүккө бербесе?
Эмне кылам үйөрлөнүп жар сүйүп,
Бала төрөп тукум улайм эмнеге?
Деймин дагы....
Кур санааны таштаймын.
Бул жарыкта калбагандай эч кайгым.
Тирүүлүккө баш айланткандай сүйүүдөй...
Арбалам да,кайра жашай баштаймын.

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   solnyshko   15 Апрель 2012 - 12:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Ажалга.
Жаштык десе жан алып.
Жалмаганың койбодуң.
Жанбиргеме тийбе-деп,
Жалынган менен болбодуң.
Жаалду тийсе Күн нуру
Жабыгып гүлдөй солбодуң.
өчүгүп алып өмүргө.
өлүмгө такыр тойбодуң.
Жүзүмдөн жылоом кете элек.
Саамайга күмүш толо элек..
Келинчек түрүм керилип.
Кербезден боюм чыга элек.
Жомогун угуп жашоонун.
Жүрөгүм туйлап бүтө элек
Көкүрөк менен ишиң жок
Көр ажал сенин жүзүң жок.

Билдирүүнү түзөткөн: solnyshko: 15 Апрель 2012 - 12:50

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   solnyshko   15 Апрель 2012 - 12:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Сен сүйгөндөй мени эч ким сүйө албас!
Ар кимге эле андай тагдыр кабылбас.
Убак өтүп,улам өтүп кадырың
Эми мага сендей дүйнө табылбас
Сен сүйгөндөй эч ким мени сүйө албас!
Ар кимге эле андай таалай табылбас.
Дүйүм мөмө,түсү түркүн жаз элең.
Сендей шаани табылбас.
Сен сүйгөндөй эч ким мени сүйө албас!
Ар кимге эле андай жазмыш кабылбас.
Маңдайыма жазылган бир бак элең.
Сендей дөөлөт эми мага табылбас.!

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   solnyshko   15 Апрель 2012 - 13:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Жалжал көз Меңдим дечү элең.
Ай,Күндөн дагы кызганып...
Жалжал көз Меңдиң жалдырайт.
Жамгырлап көздөн жаш тамып.
Каракөз Меңдим дечү элең.
Киши эмес чөптөн кызганып.
Каракөз Меңдиң карайлайт.
Каректен ысык жаш төгүп.
Аппагым Меңдим дечү элең.
Балаңдай кылып бөпөлөп.
Азапка жалгыз калтырбай.
Алып кетсең эмне жетелеп?

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   solnyshko   15 Апрель 2012 - 13:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

өмүрдүн кан жолунда бара жатып.
Илинет кулагыма тааныш үнүң.
кыялым алда кайда ала качып?
Алпарат түшкөн жерге сенин изиң.
Ал издер кар алдында калды нечен?
Жамгыр да жууп салды унуттуруп.
Болсом да кайгы-муңдан жаным керең.
Ал үнгө кулак төшөйм улутунуп....
Же чыгып чаалыкканда сапар жолго,
же такыр жадатканда бир өңчөйлүк.
"Шак"этип камчы тийген сымак жонго.
"Шаңк"этип үнүң келет бир өзгөчө.
Ойлоймун:адам үнү өлбөйбү -деп.
Кээ кезде чакырасың атымды айтып.
уйкуга кетем анан ыйлап жатып...

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   solnyshko   15 Апрель 2012 - 13:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

" Жолондун бул ааламдан өткөнүнө 7 же 8 жылга аяк баскан.Кийимдерин күнгө жайып жаткам.Күнүгө кийчү боз пиджагынын төш чөнтөгүн кагайын десем,тамекисинин күкүмү ал деле жүрөт күнү бүгүнкүдөй! "

Костюмуң колума алып
Жаяйын дедим Күнгө.
Мурдума "бур "дей түштү.
Чөнтөктө тамекиңдин.
Канча жыл ,канча мезгил?
өтсө да алигече.
Аттиң ай,кайран жаның....
Болбоптур тамекиче!

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   solnyshko   15 Апрель 2012 - 14:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Айдын нуру сүттөй аппак төгүлө...
Жаздыгыма ,уйку көрбөс көзүмө.
Кандай гана акыйкатсыз бул дүйнө!
Айдын нуру тийбей айдай бетиме..
Акын жатат батып батпай гөрүнө...
Жазгандары жалын болум сезимге.
Ыр дүйнөсү оргуп турган кезинде...
Кандай гана боору орубас бул дүйнө!
Жобуратып ырын төгүп уктабай...
Жолон жатат караңгы гөр ичинде....

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   solnyshko   15 Апрель 2012 - 15:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Жанымды жеп түгөтөт го бул кайгы.....

Жазгы саптар санааркатып келишти.
Жазде кеткен кайрылбастын муңундай.
Сай-сөөгүмдү бир какшатып өтүштү.
Соңку жааган сары кардын суугундай.
Жыйырма жыл,жыйырма эле минуттай.
Жарам оозу сакая элек турбуйба.
Жазда болгон ал шойкомду унутпай.
Жанымды жеп түгөтөт го бул кайгы.....
Жыйырма жылда өчтү деген үмүтүм.
Жыйырма жолу кайра баштан жаңырды.
Жыйырмага толгон кырчын-күйүтүм.
Жалын болуп жанып өттү жанымды.
Эскирбеген, кайра-кайра туулган.
Бул не сезим?
Көкүрөктөн өчпөгөн.
Оңот десем чүпүрөктөй жуулган.
Жүрөгүмө гүлүн ачып бүрдөгөн..
Түбөлүкпү?
Гөргө чейин кетпеген?
Жанымды жеп түгөтөт го бул кайгы.....

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 01:22

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: