И темадан тышкары дагы бир нерсе жазгым келип кетти. Көрсө дүйнөдө жакшы адамдар толтура эле экен. Менин бөлөмдүн 5 жаштагы кызы төрөлгөндөн жүрөгү оорукчан эле. Мына жакында эле Кореяга барып, ийгиликтүү операция жасатып келди. Ал операцияга кеминде 50 миң доллардай акча керек эле, ага да жардамын аябаган адамдар жардам берди. Ошол 50 миң доллардын көп бөлүгүн кайдыгер карап тура албаган бир жөнөкөй эле, атам тааныбаган кореец төлөп берди. Мен ошол адамды тааныбасам да дагы деле таң да калып, ыраазычылыгымды билдирип да бүтө албай келем.
Көрсө Дүйнөдө жакшы адамдар бар үчүн дүйнө кармалып турган тура. Биз кимдир бирөөнө жардам берсек бизге да башка адамдар жардам берет экен. Жашоо бумеранг деп да бекеринен айтылбаса керек.
Ооба. Бул жакта деле корецтер кудайга ишенип, сооп издеген адамдар коп.

Супер-Инфо
super.kg
видео














