Эжемдин кызы бар, жакында буйруса 2 ге чыгат, тили жакшы чыга элек, бир нерсе деп ун чыгарса эле, окшош созду айтып жатат деп суйуно беребиз, менин атыма тили келбей Эи дейт. Азырынча бир-туугандарымдын балдарына ичим элжироо менен алекмин.......
..... келечекте мен да коп баланын энеси болуп, эркелетем деген умуттомун...
..........
Балакайлардын кылыгы
#21 16 April 2012 - 11:52
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#22 16 April 2012 - 22:19
Берекемдин кундон кунго кылыгы чыгып таттуу болуп баратат.1,4 жаш,атасы м-н тел.суйлошуп атсам,менден жулуп алып сразу "Ата!"
дейт,анан нары бери басып быдылдап суйлошот тел.м-н.Кичирээк 1 жашында мен "мама" деп айтчы десем "папа"дейт кечке сурадым,дагы эле "папа" дейт,анда куйоомдун суйунгонун айт.Кичине дон жерге отуруп калса эле"чу"
деп баштайт.Азыр биз папамдардын уйундо болгондуктан,
баягуну мамам койлорду токойдон эптеп айдап келип киргизип атса балам чыга калып колуна таяк кармап алып "чу"десе койлор уркуп качып,мамам каайра убара болуп эптеп киргизиптир.
Уйго келип,бу койлорду уркутконго жарап калыптыр деп бир кулот...берекеме ыйман,бакыт берсин жараткан
#23 17 April 2012 - 03:38
[quote name='Kredo' date='15 Апрель 2012 - 10:09' timestamp='1334462955'
post='681029'
]
Бирөөнүн балдарын эле йта берейин: - Апасынан сураптыр да бирөө , апа уйлардан кантип сүт чыгат деп, апасы-алар чөп жейт да анан сүт болот дептир . Анда кызы силер эмне чөп жебесеңер деле чыгат го десе, апасы мен тамак жесем чыгат да дейт. Анда кызы- атам тамак жесе деле эмне анда чыкпайт деп сураптыр да.
живой анекдот.
Бирөөнүн балдарын эле йта берейин: - Апасынан сураптыр да бирөө , апа уйлардан кантип сүт чыгат деп, апасы-алар чөп жейт да анан сүт болот дептир . Анда кызы силер эмне чөп жебесеңер деле чыгат го десе, апасы мен тамак жесем чыгат да дейт. Анда кызы- атам тамак жесе деле эмне анда чыкпайт деп сураптыр да.
живой анекдот.
.....
#24 18 April 2012 - 05:03
Менин балам да кичинекей.Бирок мен алыстаамын баламдан
.Өткөндө телефон чалсам "сүйүнчү мама өрүк гүлдөдү"-
дейт.Мен болсо ошол өрүк бышканда барам десем,анда өрүк бышты жеп салдык деп жатпайбы.
#25 18 April 2012 - 09:20
Сонун да элжиреп жатып каласын да жон эле.
Миң уккандан , бир көргөн артык !!!
#26 24 April 2012 - 21:29
Кече кечинде менин козум илинип кетиптир,сыйпаласам балам жок,жаныбызда мамам жаткан,конурук тартып атыптыр,а балам соксоюп мамамды карааап отуруптур..тан калып.
#27 24 April 2012 - 21:38
Менин балам да кичинекей.Бирок мен алыстаамын баламдан
.Өткөндө телефон чалсам "сүйүнчү мама өрүк гүлдөдү"-
дейт.Мен болсо ошол өрүк бышканда барам десем,анда өрүк бышты жеп салдык деп жатпайбы.
баланыз канча жашта,эркекпи, кимге калтырдыныз, мен да баламды калтырыш керек эле,бирок журогум ооруйт,эч кимге калтыргым келбейт,бирок ...кайненем биз алабыз,силерге бербейбиз,силерге жолобогудай кылам,байке- жене деп айттырабыз дейт,эми ушу туурабы,мен деле жалгыз балам болсо рахатын коруп,озум тарбия бергим келет да туурабы?
#28 25 April 2012 - 01:12
баланыз канча жашта,эркекпи,
кимге калтырдыныз,
мен да баламды калтырыш керек эле,бирок журогум ооруйт,эч кимге калтыргым келбейт,бирок ...кайненем биз алабыз,силерге бербейбиз,силерге жолобогудай кылам,байке-
жене деп айттырабыз дейт,эми ушу туурабы,мен деле жалгыз балам болсо рахатын коруп,озум тарбия бергим келет да туурабы?
Мен баламды 3 жашында калдырдым,кызым 4 жашында экөө эки жакта.Кайгырдым, ыйладым энебиз да жүрөк кыйнайт,айла жок ошолордун келечегин жакшылайбыз деп кеттим.Барсам чоңойуп калышыптыр 2 жылдан кийин бардым,баккандарды унутуп мени мамалап жүрүштү,чоң ата,тайенелерин карап да койгон жок,алар баккан эле эмгегибиз экен деп эле калды.Кетип жатканда үйрөтүп койгом тартиптүү болуп,жаман тил укпай мен келгиче кууланып жашап тургула деп.Бала да айтып салышыптыр, кууланбаса деле жакшы көрөбүз деп күлүштү.Бизден жакшы багышат коркпой эле таштай бериңиз,көнүп кетесиз ыйлап сыктап жатып.Эгер такыр сезимиңиз болбосо барбай эле койуңуз,мен деле айла жок эле таштагам.Бирок баланын жүрөгү энеде эле болот экен.Жеңе ,байке демек түгүл мени "апа"- деп айтыралбай койушту,мама дешет алтындарым. Анан да менин окатымды эч кимге тийгизишпейт экен,өткөндө кайненем бут кийимимди кийип жүрсө ыйлап жатып чечтирип алыптыр,сүлгүү таракка чейин аңдып турушат дейт мамамдыкы деп.Мен сизди абдан түшүнүп турам,мен дагы ошентип ойлогом өзүм багам тарбиялайм деп,ишене бериңиз алар абдан жакшы сизден да сонун карайт.Бала баарыбир сиздики,коркпоңуз, мен өттүм практикадан. Кайненеңиз такыр жүрөгүңүздү оорутуп салыптыр,ошентип тамашалай беришет чоңдор"макул" .деп алдап койуңуз,сиздики болот деп.
#29 25 April 2012 - 08:55
Мен баламды 3 жашында калдырдым,кызым 4 жашында экөө эки жакта.Кайгырдым,
ыйладым энебиз да жүрөк кыйнайт,айла жок ошолордун келечегин жакшылайбыз деп кеттим.Барсам чоңойуп калышыптыр 2 жылдан кийин бардым,баккандарды унутуп мени мамалап жүрүштү,чоң ата,тайенелерин карап да койгон жок,алар баккан эле эмгегибиз экен деп эле калды.Кетип жатканда үйрөтүп койгом тартиптүү болуп,жаман тил укпай мен келгиче кууланып жашап тургула деп.Бала да айтып салышыптыр,
кууланбаса деле жакшы көрөбүз деп күлүштү.Бизден жакшы багышат коркпой эле таштай бериңиз,көнүп кетесиз ыйлап сыктап жатып.Эгер такыр сезимиңиз болбосо барбай эле койуңуз,мен деле айла жок эле таштагам.Бирок баланын жүрөгү энеде эле болот экен.Жеңе ,байке демек түгүл мени "апа"- деп айтыралбай койушту,мама дешет алтындарым.
Анан да менин окатымды эч кимге тийгизишпейт экен,өткөндө кайненем бут кийимимди кийип жүрсө ыйлап жатып чечтирип алыптыр,сүлгүү таракка чейин аңдып турушат дейт мамамдыкы деп.Мен сизди абдан түшүнүп турам,мен дагы ошентип ойлогом өзүм багам тарбиялайм деп,ишене бериңиз алар абдан жакшы сизден да сонун карайт.Бала баарыбир сиздики,коркпоңуз,
мен өттүм практикадан.
Кайненеңиз такыр жүрөгүңүздү оорутуп салыптыр,ошентип тамашалай беришет чоңдор"макул"
.деп алдап койуңуз,сиздики болот деп.
менин балам 1,5 жашта,апам (кайненем) жанагинтип атса кантип тамаша деп ойлойсун? Уффф не кыларымды да билбей калдым. Кенешинизге рахмат,бактылуу болунуз!
#30 26 April 2012 - 05:28
менин балам 1,5 жашта,апам (кайненем) жанагинтип атса кантип тамаша деп ойлойсун? Уффф не кыларымды да билбей калдым. Кенешинизге рахмат,бактылуу болунуз!
Кокуууй сен менин эски жараларымды козгодуң да,сенден кийин мен да ойлонуп нерв болуп баштадым кетким келип.Балаң кичинекей экен кетпей эле кой таштап.3-4 жашта ээси кирип калат ошого чейин чыда.Анча сыгылсаң алып ал,же калып кал.А баса жолдошуң жөнүндө сурайм деп ал эмне дейт?
#32 26 April 2012 - 09:20
Мен шартка байланыштуу кызым менен телефондо суйлошуп журом азыр . "Атоо кандайсыз , мага кызыл акча берсениз анан суйлошом сиз менен " дейт . Ошентип ошентип айтып алып бирок баарын унутуп суйлошуп кирет мени менен коопко .
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#34 26 April 2012 - 10:03
Эн сонун даары да баланын жаны чыгып келе жаткан тили менен кылыктары ...
Жашоонун эн бактылуу адамы болуп каласын коз ирмем болсо да ошол учур ...
Жашоонун эн бактылуу адамы болуп каласын коз ирмем болсо да ошол учур ...
"Мен да, мен да ...Бактылуу болгум келет..."
#35 26 April 2012 - 10:34
Атаныз мене апаныз кызык го. Оз баласын ата-энесин апа-ата дедирбейбиз десе. Бул нерсе жапайчылык мени коз карашымда. Менин да эн улуу эжемди энемдер кичинесинде апамдан тартып алышкан экен. Апамды жене дечу. Азыр "жене" дешин билбей же "апа" дешин билбей журот. Анан апама да жакын эмес. Биз менен суйлошкондо да "апанар"
деп суйлойт. Атамды "аке" дейт эле. Бербеген эле жакшы го. Алар канчалык жакшы корбосун небересин, бала ата-энесинин колунда оскону дурус.
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#36 27 April 2012 - 12:12
Биз эки кыздан кийин уулдуу болуп азыр эркек баланын кылыктарына эзилип отурган чагыбыз. Балабыз 1жаш 8 ай болуп өнөрү чыгып машине, топ менен ойносо жыргап калабыз, кыздардыноюнчуктарын такыр карабайт, эртен менен жолдошум жумушка кетип баратып кунүгө ачып баласынын чочосун карап анан кетет эмгиче ишенип ишенбей анткени 10 жылдан кийин эркек балалуу болдук
#37 14 May 2012 - 23:03
баласын таштай албай жаткандар: коркпой эле таштай бергиле небере аябай ширин болот эн сонун эле карашат. мен да балдарымды таштап эле келгем суйлошуп турам. бир аз бутунарга туруп алып озунорго алып аласынар да. мен да балдарымды алдырып жатам. 1-баламды бергилечи деп,кийин кызымды да бала карайт деп. жашоо ушундай экен да алардын баккан эле убарасы экен. баарибир озубуздуку эле болот. баарынарга бакыт жана ийгилик.
#38 15 May 2012 - 15:58
Менин багып алган балдарым бар, учоо. Алардын тили чыкканда, алгач манжалардын аталышын уйротком, анан ата-апа, эже-ага ж.у.с. уйротком, анан саначубуз...
Ар бир пенде адашуучу
#39 26 May 2012 - 16:40
Ай журогум ооруп жатат, баламды калтырган жатам,журогум канап жатат,канап.
......................
........
#40 26 May 2012 - 20:05
Бала деген бакыт тура."балам балалуу болгондо билесин" дегендей,ата энемди эми тушунуп турам. Менин кызым бир жаш,бир ай болуп калды.онорлорун корсон,кишинин ичин эзет.озум жалгыз чонойтконго,
мага ото эле жакын.откондо,
иштебесем болбойт деп,айылга,мамамдарга алпарып таштай албай кайра,алып келдим. Жаным,баарын тушунот.мен кийинип баштасам,чыркырап ыйлап эле калат.андай маалда жанында отурсан,азыркы ыйлаганын унутуп.менин жанында отурганыма суйунуп,озунчо кынылдап,мени карап эки козун жумуп коет.(бул анын коз кысып алдаганы)ушундай замандаш,мейли эч нерсем жок болсо да,кызым жанымда болсун,деп.кайрадан уйдо,кучакташып отурмай.мына азырда балапаным ойгонуп,жарк этип кулуп,бытыйган колдору м'н мени кучактап жатат...

Супер-Инфо
super.kg
видео


















