Жолукканыбызга бир айдан ашты...азыр дагы деле жолугушуп жатабыз. Таанышканыбызда сенин ичинде мага карата жакшы ойлордун жок экендигин билчүмүн. Албетте сага ишенчү эмесмин.Азыр деле ишенбейм чынын айтсам.айтчы,
кантин ишенем мен сага,эгер сен буга чейин көөп адамдар менен жүргөнүңдү дагы көптөр менен бирге болгонуңду жана алар менен ашып кетсе бир айдай гана чогуу болгонунду.
..бир туруп сени жолуктурганыма сүйүнсөм бир туруп күйүнөм.сендей бузуку,жаман адамды сүйүп калганымды да билем.нечен жолу сенден кол үзүүнү чечтим.жадагалса бир жолу баарын бүтүрдүк.бирок ошол мүнөттөн баштап ичимде физикалык жактан бир органым ооругандай болуп сыздадым.кечээ күнү эле сенин үйүндө болуп ата-энен менен таанышып жадырап-жайнап сонун убакыт өткөргөнүбүздү эстеп ичим бышты,кыйкырып ыйлагым келди,бирок көздөн жөн гана эмне кылышты билбей калган адамдын көз жашы тамчылады...
кечке тирүү өлүктөй болуп жүрдүм,жумушта да жумушумду бирөө желкелеп алгандай жасап жүрдүм.маанайым көтөрүлбөдү.
айрым тааныштарга сенден кол үзгөнүмө аябай кубанычтамын,
өзүмдү укмуштуудай женил сезүүдөмүн деп жалган айтып аларды да өзүмдү да алдадым...сени сүйөрүмдү алда качан түшүнгөм а сенин мени сүйөм деген сөздөрүнө ишениш керекпи жокпу аны дагы билбейм...кечээ жолуктук.сенин алгачкы убактарда мени карап жан эргите жылмайган жагымдуу,сулуу көздөрүңдүң өзгөргөнүн жакын арада көрөөрүмдү боолголоп жаткам,өзүм да кичине даяр элем бирок мынчалык деңгээлде болот деп ойлобоптурмун.
сенин тикирейип теше тиктеген мупмуздак жашыл көздөрүңдү көргөндө башымдан ылдый бирөө муздак суу куюп жибергендей ичиркенип кеттим.бирок сыртымдан сыр бербедим.унчукпай тиктешпей жадагалса бири-бирибизди тааныбаган адамдардай сенин досторундун арасында олтурдук.сени менен олуттуу түрдө сүйлөшкүм келгенин айтсам "масмын,даяр эмесмин" деп кутулдуң.сенин ар күнү клубда болгонун аз келгенсип,ал жакта ар ким менен өбүшүп жүргөнүңдү өзүңдөн уктум.башында сени башка менен элестетип алып ичимде дүрбөлөң түшүп жүрсө азыр ага көнүп да баратам.андан сон сенин жакын досундун ашыгы менен үйгө жөнөдүк.силер дагы клубга барганы калдынар ал жерде.менин да ал жакка баргым келди сени менен болгум келди бирок киришке каражат жок болгондуктан бара албадым.андан тышкары сен "сен бүгүн клубга барбайсын"
деген катуу сөзүң менен ойлондурдуң.
аяшын менен чыктык кафеден.жолдо катар аябай сени өпкүм келгени үчүн аны менен өбүштүм.ооба,
туура эмес кылдым.негизи акыркы күндөрү ар бир жасаган кадамым туура эмес болуп жатканын билем.күнөөгө кекиртектен батканымды да билем.бирок баарына кайыл болуп баратканымды эчак эле сезгем.эмнеси болсо да сени менен бирге болууну каалап жүрө берем.сенин кечөөкү "сен мени жакын арада таштайсың мен муну сезип жатам"деген сөзүң менен биротоло кыялдарымды талкаладың.
мына буларды окуган ар бир адам бир ооздон биздин эмне үчүн дале чогуусунар деп сурашы анык.аны өзүм да билем.билбейм балким сени унутуп калаттырымын бирок азыр эмес,азыр бул мен үчүн таптакыр мүмкүн эмес. бир аз мурун сага сенден не болсо да баары бир кетпейм деген сыяктуу кабар жөнөттүм.билем сен окудуң,бирок адаттагыдай эле жооп бербедиң жооп бергиң да келбеген болсо керек.бир сөз менен айтканда мен азыр сенин артындан сүйрөлүп эле жүрөм.балким келечекте мени сындап сүйүп калаттыр,өзгөрөттүр,
туруктуу болоттур деген сокур үмүт менен сүйрөлүп жүрөм...билбейм качан бул дурацкий ритм бүтөт...негизи жакшылык менен бүтсө мен аябагандай бактылуу болмокмун...
Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#1522 20 April 2012 - 17:57
сени биринчи ирет коргонумдо маани бербедим,сенда мага карабадын,бирок сени кунуно тан эрте менен корор элем сенда мени.Экообуздун жан дуйнобуз башка башка.бирок негедир менин журогум негедир оз ордунда сокпой калчу.Сени коргусу келчу,суйлогонундо буткул дуйном шуулдап кетчу.Каректеринден жанып турган мееримге зар болчу.Ар бир айткан созун мен у.н бир омурго жеткидей. сенида озумдой ойлоп журупмун.Кечееги мен у.н айткан соз ушунчалык оор батты,сени мынчалык ташбоор экенин билбепмин.Билгенимде сага суйломок тургур карабайтда болчумун.Эгер сен озунду ушунчалык бийик сезсен адашасын.
#1523 20 April 2012 - 18:14
Суранам кыялдарым талкалаба,Турмушум жаш кезинде балталаба.Обоктоп ордуман турар кезде.Душманча жан дуйномду баса калба.Жан дуйном кун нуруна жылынар кезде.Булут болуп тийген кунду калкалаба.
#1524 20 April 2012 - 18:48
мына мен куткон кун да келип сени кордум.бул кунду канча куттум.канча ирет тушумо кирип,канча ирет атынды айтып оор ушкурунуп койуп журчум.саат сайын минут сайын коздорум караанынды издейт эле.кордум..
.эч озгорбопсун.
баягы ле бойдонсун.мени корсун деп улам улам жанымдан отуп аттын.кордум.
..бирок...ЭСИНДЕ БОЛСУН!!
!МЕН СЕНИ СУЙБОЙМ!!
!СЕН МЕН УЧУН ЖОККО ЭСЕСИН!!
!СЕНИ КАРАБАГАНГА КАРААНЫНДЫ ИЗДЕБЕГЕНГЕ АРАКЕТ КЫЛАМ!!!
ИШЕНИП КОЙ!!!
МЕН СЕНИ СУЙБОЙМ!!
!!!!!
!!!!!
!!!!!
!!!!!
!!!!!
!!!!!
!!!!!
!!!!
#1525 21 April 2012 - 01:40
..... Оюм ордунда эмес, чиелешкен суроолор устундо талкуу жургузуп журот. Кебетем жудоп, кадам шилтеп жумуштан чыктым. Озумо озум оор сезилем. Ызы чуу баскан кочодогу элдердин бутун гана тиктеп журуп барам.
Билесинби, мен канчалык жакшы созго, жылуу мамилеге, жакындан сырдашканга суусап турганымды. Жок! Сага баары бир эмеспи. Ар бир созунду журогумо алам. Кек сактап журот окшойм. Бир куну сени зарлатам. Издетем, саматам, кызгантам... .. Анда мен сен уктаткан жомок жашоодон ойгонуп алган болом....
Билесинби, мен канчалык жакшы созго, жылуу мамилеге, жакындан сырдашканга суусап турганымды. Жок! Сага баары бир эмеспи. Ар бир созунду журогумо алам. Кек сактап журот окшойм. Бир куну сени зарлатам. Издетем, саматам, кызгантам... .. Анда мен сен уктаткан жомок жашоодон ойгонуп алган болом....
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#1526 25 April 2012 - 17:12
Кулакта наушник, коздо кайдыгерлик,
кочодо шан, ичте мун. Кокурокто тушунуксуз оордук, журокто ээнсиреткен боштук. Ай жанырды... кана жамгыр? Ичинден тутоп атканда сырттын ысыгы да эзип жиберди...Ыйлагын келет эмне менен ыйлаарынды билбейсин, айткын келет эмнени айтасын. Кеткин келет кайда барасын. Калгын келет бирок калганындын бир мааниси барбы... Эмне керек сага? Жашачы!? Уктап, иштеп жон эле дем албачы!? Жылчык тапчы! Жылчы ордундан!
Сага ишенгендер бар, ишеничтерин актоого кучунду жумшачы. Сени карап бар болгонуна суйунгондор бар, жылмайчы ошол адамдарга. Сени тушунгону аркет кылгандар бар, ачылчы аларга. Сени куткон, козунду караган адамдардын аракетин баалачы! Кагып-силкип басып кеткен сайын, ичиндеги топтошкон умут нурунун улам бири очуп атканын сезип атасынбы? Карманчы!
? Ошол нурларды аячы! Акыры ошол нурлардан сезим, адамгерчилик,
суйуу болбоду дегенде бир кичинекей жакшы коруу сезими пайда болушу керек. Акыры бир нерсе пайда болушу керек, пайда болууга милдеттуу анткени очуп жок болуп кетсе куруп каласын... Аракет кылчы! Ичиндеги нурлардын очуп жок болуп кетишин каалабайм эч...
Кимге муктаж болсом, ошолор үчүн жашайм...
Кимге толук ишенсем, алар менен гана дос болом...
Ким мени бааласа, аларга чексиз ыраазымын...
Кимге толук ишенсем, алар менен гана дос болом...
Ким мени бааласа, аларга чексиз ыраазымын...
#1527 26 April 2012 - 06:07
... Кооз экен, сапсары ананда укмуштуудай тартылган кара точкалары өзүнчө эле сүрөтчүнүн колунан жаралгандай суктандырган назик, сүйкүмдүү көпөлөк...
Ойлорум чар жайыт болуп,жүзүмө жылмаюуу, суктануу пайда болду, үмүткө карай жол көрүндү, сербеңдеп,жеңил учуп келген жагымдуу көпөлөктүн конгонун көргөнүмдө. Чоочуткум келбеди, жон гана карап отура бердим.
Көпкө калбашын билсем да учуп кетишин каалабадым. ..
Көпкө турса болмок... Бирок ал эмнени күтмөк? Шамалдыбы? Жамгырдыбы? Кулак мээни жарган чагылгандыбы. ..?
Эмнени эле айтып жатам, ал жада калса акырын соккон желге да туруштук бере албай мына учуп жөнөдү. Көзүмдү андан албай, ордумдан так секирдим да артынан багыт алдым. Ойкуп-кайкып, илмеңдеп көзүмө бирде урунса, бирде жоготом. Кадамым тездеп, чуркап жөнөдүм. Дем алуум тездеп, кан тамырларым баттан сого баштады...
Канча жүгүргөнүмдү билбейм... Жоготуудан корктум... Кармай албасымды сезсем да караанын кое бергим келбеди...
Чарчадым. Таңдайым кургап, чекемден алда качан тер кеткен.
Тездикти кээде азайтсам, кээ көбөйтөм.
...Бутум оорлошуп, кадамым аздай баштады. Бул эмнеси? "Караанымды" кайда жоготтум? Алаңдап шашып калдым, айланадан издей баштадым "кооздукту" ...
Жок... Жок! Жо-ок! Жотуп алдымбы?!
Бутум неге шилтенбейт? Неге ордуман жылалбай атам? Тургандан пайда жок. Бирок кадам шилтенбейт. ..
Саз...
Кыймыл жок... Жада калса бир бутуму да көтөрө албай атам... Антсем оордук экинчи бутума түшүп, ал тереңдеп кирип жатат... Жандалбастап, тырмалаңдап атам, майнап чыкпай атат...
Коркуп атам! Кыймылдаган сайын эки бутум кыскарып барат... Кыймылсыз турсам сезип жатам канчалык тездик менен батып баратканымды. ...
Чырылдаган чымчыктардын гана үнү... Барбы башка да жандык?! Мелтиреген жаратылыш... Урдум үнсүз жаткан жашыл жаратылышыңды! Урдум үн катпаган тиги жалгыз талыңды! Неге керек мындайда мамык сымал көк асманда кайкыган булутун, чайыттай жаркыраган күнүң? Урдум "кооздугуңду" , түкүрдүм сенин караанына!
Денем ооруксунуп, тээ тиги талдын так тамырынан жарып чыккан булактын муздак суусу сөөгүмдү какшатып жиберди арман ай....
Белчемден баттым...
Кыйкырып корккондон ыйлаган үнүм жакшы чыкпай галды....
Өтөөр бекен бир да болсо жолоочу...? Келеер бекен бул тарапка, кезүү баккан ат үстүндө кароолчу...
Ойлорум чар жайыт болуп,жүзүмө жылмаюуу, суктануу пайда болду, үмүткө карай жол көрүндү, сербеңдеп,жеңил учуп келген жагымдуу көпөлөктүн конгонун көргөнүмдө. Чоочуткум келбеди, жон гана карап отура бердим.
Көпкө калбашын билсем да учуп кетишин каалабадым. ..
Көпкө турса болмок... Бирок ал эмнени күтмөк? Шамалдыбы? Жамгырдыбы? Кулак мээни жарган чагылгандыбы. ..?
Эмнени эле айтып жатам, ал жада калса акырын соккон желге да туруштук бере албай мына учуп жөнөдү. Көзүмдү андан албай, ордумдан так секирдим да артынан багыт алдым. Ойкуп-кайкып, илмеңдеп көзүмө бирде урунса, бирде жоготом. Кадамым тездеп, чуркап жөнөдүм. Дем алуум тездеп, кан тамырларым баттан сого баштады...
Канча жүгүргөнүмдү билбейм... Жоготуудан корктум... Кармай албасымды сезсем да караанын кое бергим келбеди...
Чарчадым. Таңдайым кургап, чекемден алда качан тер кеткен.
Тездикти кээде азайтсам, кээ көбөйтөм.
...Бутум оорлошуп, кадамым аздай баштады. Бул эмнеси? "Караанымды" кайда жоготтум? Алаңдап шашып калдым, айланадан издей баштадым "кооздукту" ...
Жок... Жок! Жо-ок! Жотуп алдымбы?!
Бутум неге шилтенбейт? Неге ордуман жылалбай атам? Тургандан пайда жок. Бирок кадам шилтенбейт. ..
Саз...
Кыймыл жок... Жада калса бир бутуму да көтөрө албай атам... Антсем оордук экинчи бутума түшүп, ал тереңдеп кирип жатат... Жандалбастап, тырмалаңдап атам, майнап чыкпай атат...
Коркуп атам! Кыймылдаган сайын эки бутум кыскарып барат... Кыймылсыз турсам сезип жатам канчалык тездик менен батып баратканымды. ...
Чырылдаган чымчыктардын гана үнү... Барбы башка да жандык?! Мелтиреген жаратылыш... Урдум үнсүз жаткан жашыл жаратылышыңды! Урдум үн катпаган тиги жалгыз талыңды! Неге керек мындайда мамык сымал көк асманда кайкыган булутун, чайыттай жаркыраган күнүң? Урдум "кооздугуңду" , түкүрдүм сенин караанына!
Денем ооруксунуп, тээ тиги талдын так тамырынан жарып чыккан булактын муздак суусу сөөгүмдү какшатып жиберди арман ай....
Белчемден баттым...
Кыйкырып корккондон ыйлаган үнүм жакшы чыкпай галды....
Өтөөр бекен бир да болсо жолоочу...? Келеер бекен бул тарапка, кезүү баккан ат үстүндө кароолчу...
#1528 26 April 2012 - 09:36
Буулугуп, тумчугуп кеттим. Барган сайын түшүнбөстүктөр күч алып, канчалык аракет кылсам да артка кетип жаткандай баары! Араң эле өзүмдү басып жүрөм, бир көз жашка алдырып алсам болду, өпкөм-өпкөмө батпай өксүп ыйлап ийчүдөймүн.
.. Жүрөгүм эзилди, кыйналдым, кыйынчылыктарга туруштук бере алчудай эмесмин, алсызмын...
#1529 27 April 2012 - 00:17
Эмне учун мындай болду? Эмне учун болгонун билсем да мойнума алгым келбейт окшойт. Бул жашоомдо сени гана кутуп, сени гана ойлоп, сени гана суйуп журчумун. Сен дагы мени суйоорун белгилуу болчу. Алгачкы суйуу, тун суйуу, ак суйуу эле. Сени ойлоп, кыялданып, сенин кылган мамиленди эстеп суйунуп журор элем. Кундор отуп, жашоо, башка чойро сени озгортуп салганбы же озун ошондой болдунбу билбейм. Бирок ошондо деле кутуп журо бердим, анткени кайрылып келишинди билчумун. Келдин, кайрадан башталды, бирок мында озгочо болчу, сени чындап суйоорумду сездим. Бирок куру кыялданып журуптурмун.
Тушунбойм, эмне учун мындай кылдын? Кайда кеттин? Жалган беле бут баары? Катардагы эле бир адам белен? Билесинби канча кыйналганым?
Эми баары бутту, кайрылып келсен дагы, мурункудай болбойт. Менин ак суйуумдун баркына жетпедин, сезимимди тепседин. Эч нерсе билбегендей суйлогонуно тан бердим. Сени унутуу мен учун оор, бирок унутсам бактылуу болот элем. Окуном мамилебиз нары же бери болбой калганына. Кыйнаба мени, оюмдан кетчи...суйгум келбейт сени,жек кором...
#1530 27 April 2012 - 10:28
Отуруп алып жашоого нааразы болосун. Эмнеге? Сен учун куйуп бышкан ата-энен бар, дайыма колдоп кетчу бир туугандарын бар, конулун котороор досторун бар. Элдин баары жумушун жактырып иштеп журот дейсинби, кудайга шугур дечи жумушун бар. Эмне мынча жалкоолоносун?
Окуунду калтырбай бутуп ал, ал сопсуз кереги тиет. Окшош кундордон тажадын, бирок алар да отот. Суйуу деп жургон нерсенден дайын деле жок го, аны не анча кутосун? Бир жыйынга келе албай,ошонун айынан арыктап да, жан дуйнон жабыркап бутту. Бир болбошунду билсен деле кутосун, ал татыктуу эмесин билсен деле ойлойсун. Айта албай калган нерселерин бар окшойсун. Шугур дечи, бекер куноокор болбочу. Жашоо озгорот, азыр болбосо кийин деле ата энеге жардам берип, керегин тиет буйруса. Эмитен озунду жараксыз сезбечи. Жалкоолукту алып салчы. Жашоого туз карачы. Кыймылда, отурбачы!
Оюндагыны бетке айт, жакпаганга жолобо, алдуурак болчу...
#1531 01 May 2012 - 00:35
Bilem janym seni sagynyp, jurgonumdu ozumdu kanchalyk alaksytpaiyn seni sagyna berem .Suioom seni jurogum menin jarymym jalgyz seni suiom ugup jatasynby .Jurogum kyinalyp ketti emne kylyshymdy da bilbei jurom .Sagyndym seni degen sozdordu kaira kaira aita beripda tajabaim jarymym .
Jashoo keremet, erkemden bashka ne kerek
#1532 01 May 2012 - 01:07
Жон гана сага ыраазымын, бул создорду канча жолу конулумдо кайталап сансыз барактарга жазып шамалга учурдум. Жакшы кором бирок суйуум экенине ишенбей кетем... Бул жонундо сага айтуу сени канжарсыз кескилеп кулунду дарыяга агызгаднай болот ко... Биринчи жон гана алаксычумун анан сени менен суйлошконго конуп алдым анан... анан болсо сага сенин камкоордугуна сенин жашоомдо бар экенине конуп алдым)))ойлосом дайыма жылмаям. Элдин баары сага суктанат менин жигитим болсочу дейт, мага да айтышат бактым тоодой экенин, билем бирок... Сенин жанында гана тынч алам сенин тамак жасаганынды коруп ар бир клеткамдын мембранасына чейин эзилип кетем, жашоомдун акырына чейин сен карап тамак деле ичпей дем деле албай отура берет элем. Менин манчыркаганыма карабай азабыма чыдап кетип калсам таап келип ыйласам коз жашымды ооп - Баары жакшы болот деп ишендиресин.
аябай ак конул таза бироололду озунон ойдо коргон ар бир адамга шанс берип. кайырчыларга акча берип жоо калып, ар кайсы досундун оокатын ташышып эле журосун. Адамдардын таза, аруу экенине ар дайым ишенесин)))) Мырзасын слишком благородный,
слишком справедливый,
слишком честный))) айта берсем жомоктой сезилет. Башкысы меникисин)) Менден айырмаланып эч жакка барбайсын, айтпай бироолор менен кетип калман да жок, башка бироону таап ал десем да болбойсун, мага байланып калгансын бул сенин эн башкы Кемчилигин.
.. Бирок мен сенин баркына жете албайм. Мен сага чексиз ыраазымын))) айттым беле? Сенин мен учун кылган жигитчилик кызматына, сенин сезимдерине тукуруп кете албайм, Оз кезинде менин сезимдеримди тебелеп кеткен адам болгон,ал учурда кандай боолорун эн жакшы билем. Сени андай азапка салганга укугум жок! Ал кезде сен менин жашоомдо пайда болуп, жолоп таяп калгансын, акырындан адамдарга ишенимимди кайтарып бергенсин, ар дайым жыйырма торт саат бою кузотто турчусун, сенин сезимдеринди билбей эстесем кандай кана кыйначуу экемин. Менин бутундой омурум кечирим суроого жетпейт, мен сага омурумдун акырына чейин Карыздармын!
Акчага айлантып да кереги жок эквивалент боло албайт. Мамамдын айтуусуна караганда мени ким албасын эртеси куну жеткирип келет-дейт: ))))) Менин жашоомдо болгонун учун кызматын жана эрдиктерин учун ар дайым сени менен болгонго даярмын.Бир кана коркокнум жылдар отуп бироого сезим пайда болуп сенин эмгегинди текке кетирип конулунду сыздатпасам экен. Ансыз деле сени андай суйоо албаганыма тушуноорунду айткан сайын жерге кирип кете жаздайм... Мунун баарын сага айтууга кудуретим жетпейт, айткан кундо да сенин кайгыга баткан мунайым коздоруно карай албайм. Кымбатым)))) ооба тан калба сага бул созду биринчи жолу айтып жатам мындан ары жоготуудан коркпой жашоодон канаат алып бактылуу жашасан болот, а мен ар дайым жанында болом жана бул нерсе озгорбойт деп Соз бере алам!))) Кымбатым
Слова только мешают понять друг друга...
Извини что из нас двоих счастлива только я. Я верю в то что когда то и ты сможешь победить то что у тебя ко мне....свою любовь, свою привязанность, свою боль, и тоже станешь счастливым, я тебе этого желаю)
Извини что из нас двоих счастлива только я. Я верю в то что когда то и ты сможешь победить то что у тебя ко мне....свою любовь, свою привязанность, свою боль, и тоже станешь счастливым, я тебе этого желаю)
#1533 01 May 2012 - 15:49
...... Айткан создорун журогумо туз куйду, ичим орттонуп буулугуп чыктым. Буга, мен куноолуу эмесмин го бул да болсо кудайдын бергени экен. Же ошону озумо тилеп алган бекем, кайсы адам озуно озу азап сурасын. Балким, сен ошол аркылуу мени бакытка болоорсун...
. Эмнеси болсо да мени менден болок жат адам тук тушунбойт, тушунсон да бир сен!!!
.... Ыйлап жибердим. Жоошутканга аракет кылганын сайын менин опком кооп ыйлайм.
.... Конулдун корунбогон жолдорунда, Комулуп жаттым сана ойлорунда... ..
.... Ыйлап жибердим. Жоошутканга аракет кылганын сайын менин опком кооп ыйлайм.
.... Конулдун корунбогон жолдорунда, Комулуп жаттым сана ойлорунда... ..
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#1534 02 May 2012 - 15:18
Сагындым сени.Жоктугуна ишенбей сагындым.Уктап жатып жаман туш коргондой ойгонсом баары баштагыдай болчудай сезилет.А бирок бул туш эмес,бул турмуштун ачуу чындыгы.Кайда журуп ,кандай жумуш кылбайын кааранындан кубат алчумун АТА.нэгэберген убадана турбадын мен сен келгенче жашайм кызым сен кабатыр болбо менден деп узаттпадын беле.Сагынып сагынып барып топурагынды кучактаймбы АТА.Билем ыйлай берип сени да,озумду да кыйнадым .Бирок козумдон аккан жашты тыйганы алым жетпейт.Мен сизди сагындым ата десем сени кудай сактасын кызым мен сени ар дайым журогумдо сактаймын эркетай деп кулуп койгон элен.Чалынсам жолонорум,ыйласам соороторум сен элен го АТА.Эми кимге жолоном.уйго кайтканда кучагына кирип ата мен сени аябай аябай сагындым деп айтам деп журчум.Эми кимди кучактап кимге айтам АТА.Коз жашымды корбосун деп жолго чыкканда коштошпой чыккан элем,сен да коз жашымды корбосун деп коштошпой кете бердинби.
жан дуйномду боштук ээлеп алды.Жаш баладай озум ыйлап озум соронуп журом
. сени кором барсам эле кучак жайып тосуп алат деп кыялданам.А бирок турмуштун ачуу чындыгы кендирди кесет.Кээде жинденем сага анчалык неге озуно жакын кылып эрке остурдун деп.Айтылбай канча соз калды.Кээде сен менен суйлошо берем .Коп эле капа кылчым сени.Баары бир кечирип койчусун.Мен таарынып суйлобой да койчум.Озум эне болуп калсам да жаш баладай эркелей берчим сага.Эркелетсен да,урушуп тилдесен да колдорум сен элен.Апама коз жашымды коргозгондон тартынам ансыз да туйшугу коп.Эч болбосо мен деп кыйналбасын деп айям.Апамдын да айтпаганы менен жолонору сен элен.Эми болсо сен жоксун АТА.Билем жок болсон да ар дайым жолоп колдоп турасын.Мен учун аз да ал АТА мен сенин унунду уккум келет баштагыдай суйлошкум келет.Билесинби унунду угам деп сенин номерине звонтете берем.Абонентин аппараты очурулгон кайра чалыныз десе ии дагын телефону очук да деп алып анан акылсыз телефону эмес журогу очук деп озумду тилдейм.унутам дейм унуттум дейм.Мына сен окуп билип кайра артка кайрылчуудай жазып салдым.Билем окубайсын да кайрылбайсын.
А бирок аз да болсо женилденип калдым сен менен сырдашкандай.
#1535 03 May 2012 - 01:18
Janym seni suiom sen menen suiloshkondo baardyk kaigy kapany unutam sen erkeletkeninde daiyma ushundai kundor tugonboso eken deim .Arabyz alys bolso sen janymda jurgondoi sezilet ,antkeni sen menin jarymymsyn,jurogumsun ,jalgyzymsyn,erkem menin .
Jashoo keremet, erkemden bashka ne kerek
#1536 03 May 2012 - 01:35
Ээндик эстеликтей турам катып/Телефон шынгыр какса турам атып/Унунду менден
мурда тыншоочудай/ Журогум алып учат закымданып/ Сен болбой телефондо суйлогон
ун/Чырактай очо турган улундоймун. Мына бугунку кун да отту
сенсиз дагы бир кунум отту АТА.Билесинби уйго кайтып баргым келбейт.Анткени уйго барганда сени таппай калам да.А уйдон алыста озумду озум алдап журо берем.Билем бул кылганым жаш баланын кылыгы бирок сенсиз алга жылыш мага аябай эле кыйын да.Ишенип таянып алганым сен элен.Апама айтсам ыйлайт дагын.Ансыз да кыйналды апам.Бир бирибизди аяп коз жашыбызды бекитебиз апам экообуз,а бирок менин кыйналганымы ал сезгендей анын кыйналганын мен да сезем.Ар дайым атамдын кызымын деп баардык сырымды да апама эмес сага айтчумун.Айтканынды кылчуу да эмесмин бирок сага айтып женилденип алчуумун да оз билгенимди кыла берчим анткени билчим баары бир кечиресин.Эсиндеби бир жолу ойноп кетип тундо келгем уйго
жинденип аябай тилдегинсин
дегем анда да.Негедир сени корбой калам деп эч ойлобогон экем.Сен туболук жашоочудай эле эркелеп журо берген экем.Сени ооруканада жатат деп угуп телефон чалгам унум буулугуп суйлой албай ыйлай бергем.Ата нэ болду неге ооруканадасыз десем ким айтты мен уйдомун деп алдадыныз мени.Неге ошондо айтпадыз неге ата.Узулгончо эстепсиз мени.Билеспи АТА мага сизди кантип угузушту.Сиз айтпагыла ал билбесин деген менен мага суйунчулошту ата.Эч нерседен кабарсыз уктап жатсам телофон чалышып энен эркек тороптур дегендей эле Кыргызстанда атан олуптур уктунбу деп айтышты.Чакырып келип башка чапкандай эле болду..Сага телефон чалсам очук экен апама чалып апа атамды чакырып койчу десем суйлой албай ыйлайт апам.Неген неге сен айтпадын апа мен барат элем го барам азыр да болсо деп бакырсам атан айткан угузбагыла келбесин деп келбе бир жолу менин да созумду угуп айтканымды кыл деп апам жалдырайт.Карышкырым менин дечин элен ата чын карышкыр эми болдум болгондо да адам корбогон жапайы карышкыр болдум.Эч кимге сыр бербей кулуп жургонум менен ичимден ыйлап ичимден сызам .Айлам кеткенде токойго барам мунумду карагай угуп коз жашымды карагай корот.Эркелетер коз жашымды аарчып соротор,жолонорум сен жоксун ата.Карагайга жолоном,коз жашымды шамал кургатат.Муздак шамалга козжашым тонсо адамдын мерездигине журогум тонот.Баягы эрке кызындын сытркы келбети эле калды ата жан дуйномдо боштондук орду толбос боштондук.Билем жашоо улана берет мен жашай берем.Бирок бир омур арманым болду го сизди корбой калганым,ичимде калганды айта албаганым.Коруп ыйлап узатсам мынчалык сени да кыйнабас элем.Аз калды ата мен жакында уйго кайтам.Сенсиз жашоо башталат.Мен жашайм албетте жашайм ата.Акыркы дем калганча сенин айткандарынды аткарып жашайм ата.Балдарды созсуз окутам сен айткандай элдин алды боло турган кылып чонойтом буйруса ата.Бирок да ошол неберелериндин эр жеткендеги сыйын коруп кетсениз кана ата.Неге ал кундоду сага буйрубады экен.Мен уулумду уйлогондо,кызымды турмушка узатканда батасын берет дечим элем .Буйрубады аны да жаратканым.
тан да атты ата.Дагын да болсо тынчынды алдым сенин.Болду эми ыйлабайм ата.Сен кыйналба .........
мурда тыншоочудай/ Журогум алып учат закымданып/ Сен болбой телефондо суйлогон
ун/Чырактай очо турган улундоймун. Мына бугунку кун да отту
#1537 08 May 2012 - 09:13
Эх журок соккон сон жашап келем ар бир кунду кечирип мына бугунку кунум да коздон аккан тамчылар менен башталды.Жумуштан алаксыйынбы десем да болбоду.Улам эстеп улутунуп койуп олтурам.Жашоо неге мынча улам бир сынак менен мени сынап келесин?4кундун жузу болду эч нерсеге конулум жок .Тун ичинде да уктап жатып ойгонуп кетип коз алдыма сенин элесин келет.Уйкудан тургум келбейт,уктап калсам эле баары унутулуп калчуудай, бирок андай нерсе болбойт .Эх ошондой болсо кана аттин уктап эле жата берет элем ойгонбостон.
Жанымды коерго жер таппайм ,эзилгенден эзилип келем.
принцесса
#1538 08 May 2012 - 13:42
Мага жардам беринчи? Сиздин чечиминиз менен кана ситуациядан чыгып кете алам.
#1539 08 May 2012 - 16:51
Эч кимден, эч качан экинчи мүмкүнчүлүк сурабайм. Бир жолу мага ишеним артпаган адамдан экинчи мүмкүнчүлүктү үмүт кылуу мен үчүн өзүмдү өзүм мазактоого тете. Жөн гана мага деген жол менен кете берем. Ал жол алдыга алып барабы же тескерисинче арткабы, эми анча деле мааниге ээ эмес. Баардык тапканымды жоготуп, артка кайтып келүүдөн коркпой калгам. Коркконум жакын адамдарымдын арасы сууй баштаганы. Мага аркасын салган көпчүлүктүн муздак далысын гана карап алып кыйкыра берүү. Жоо-ооо-ок бул жалгыздык эмес, бул кайдыгерлик.
Буга эмне себеп, мындай мамиле кайдан келип чыгып атат? Артка көз салып карайынчы. Балким, мен дагы аларга аркамды салгандырмын,
мен дагы алардан кайрылып кеткендирмин.
˙·٠•●♥●•٠·˙
Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙
#1540 08 May 2012 - 18:10
Жогорку диплом жок жаман экен. Мамлекеттик жумушка да оңой менен кире албайт экенсиң. Стажеровкадан өт дешет, бирок меники бир жылдан ашып кетти. Жок дегенде айлык төлөнсөчү. Акча короткондон башка эч пайдам жок болуп калды. Эртерээк жумушка кирип кетсем экен. Жумушка интернетке кенен кесир отурганым үчүн эле келчүү болуп калдым.
Ак ийилет, бирок сынбайт.

Супер-Инфо
super.kg
видео




















