1-май 2012-жыл
Спорт Ордосу
Казак ырчысы Кайрат Нуртастын концерти.
Концерт 1 саат кечигип башталды окшойт.
Залдын 100 пайызы тең толду көрүнөт. Көпчүлүгү кыздар.
Алпаруучусу Бакыт Байсариев.
Сахнанада эч кандай жасалга жок (залдын абалынан казактардан уялат экенсиң бери жакта отуруп алып)
Концерт көнүмүш адатка айлангандай кыздардын бийи менен башталды (бул адат уже көпчүлүктү тажатты го, башка бир нерсе ойлоп табышса болмок...).
Андан соң Бакыт Байсариев чыгып кыргызча да, орусча да сүйлөп концертти ачты (залда отургандардын 99 пайызы кыргыздар болгондуктан орусча сүйлөштүн кереги бар беле деген суроо туулду).
Андан соң Кайрат Нуртас сахнага чыкты. Сахнага чыгаары менен зал кыйкырык, кол чабуулар менен жарылган концерттин аягына чейин ошондой маанайда отурушту го...
Эми Кайрат Нуртас жөнүндө айта турган болсом, чыныгы сахна адамы экен. Жүзү аябай жакшынакай деле эмес, бирок жылдыздуу, таланттуу, ырларды берилүү менен аткарган, бийлейт десе бийлейт. Концертте ырдаган ырлардын көпчүлүгүн жандуу үн менен ырдады. Көрсө биздин залдарда деле жандуу ырдаса болот экен. Ырларынын баарын берилүү менен аткарганы аябай жакты. Сүйүнчү жерден сүйүнүп, кайгырчу жерден кайгырып, тамашалуу ырларында күлүп-жайнап.
Ал эми биздин ырчылар сахнага милдет кылып жаткансып чыгышат, бир эки ырды жаздырып алышып эле өзүлөрүн аябай жылдыз сезишет, и то жандуу да аткарышпайт.
Кайраттын дагы жаккан жагы, залда отургандар менен диалог түзө алганы. Элди аралап, алар менен чогу бийлеп, чогу ырдап. "Мама" атту ырын аткарып жатканда бир букет гүлдү көтөрүп түшүп залда отурган ак жоолукчан апага сунганы жакты. Ал эми дагы бир ырында залга чыгып бир кызды бийге тартты эле, ал да тартынбастан так секирип бийлеп жатты. Ал эми Кайраттын өзүнүн бийлегени баарынан сооонун. Бийлеген сайын залдагылар кыйкырып сүрөп турушту. Негизи эле сахнада өзүн алып жүргөндү аябай жакшы өздөштүрүптүр.
Биздин ырчылар сахнанын ортосуна турушат, типа ырдашат, элди аралабай калышсын, араласа жандуу ырдабаганы билинип калат да. Бийлегенди такыр айтпай эле койдум. Өзүлөрүн роботтой эле алып жүрүшөт. Биздин жаш ырчыларда залда отурган көрүүчүлөр менен эч кандай диалог жок. Конок катары биздин жаш белгилүү ырчылар да чыгып жатышты, алар менен айырма асман менен жердей. Кийин Мирбек Атабеков чыкты эле, Кайраттын өзүн сахнада алып жүргөнүн көрүп ардандыбы, ал дагы жандуу үн менен ырдап, кыймылдай баштады, бийлеп дегендей.
Кийинген киймин айтсам, Кайрат чыныгы сахна киймин кийип чыгып жатты. Ал эми биздин ырчылар сахна кийими менен көчө кийимин ажырата алышпайт. Биздикилер спорт кийими, күнүмдүк жашоодо кийилүүчү кийимдер менен ырдай беришет. Бул сахнаны сыйлабагандык же көрүүчүлөрдү сыйлабагандык.
Мисалы, концертте ырдаган биздин ырчыларды көчөдөн эле кармап алып келип, кыйнап ырдаткандай туюлду.
Ал эми алпаруучу Бакыт Байсариевдин орусча сүйлөгөну кыжырды келтирип жатты. "Золотой дракон" ресторанына 2 адамдык чакыруу билетти ойнотуш үчүн Бакыт сахнага чыгып орусча сүйлөп, орусча суроо берди эле, залдан бир кыз туура жообун кыйкырып калды. Залды аралап ал кызга барып Бакыт кайра эле орусча сүйлөп жатты, байкуш тигил кыз орусча жакшы түшүнбөйт экен, "ресторанга ким менен барасың?"
деген орусча узатылган суроого туура эмес жооп берип койсо зал дүң күлүп жиберди. Байсариев байкебиз улам күчөп, тигил кызды шылдыңдагансып улам орусча суроолорду берет. Залдагылар улам кулүшөт. Бул көрүнүш такыр жага бербеди. Жанымда отургандар кыжырланып да кетишти, атайын жасап жатат дешип.
Ошоооол... негизи эле биздин жаш ырчылар дагы өсүш керек экен. Биздикилердин ырлары аябай жакшы, жаман дебейм. Бирок ал менен эле чектелбей ар тараптуу болушса жакшы болмок.
- (2 )
-
- 1
- 2
Кайрат Нуртастын концертинен кийин
#2 04 May 2012 - 16:07
эээххххххх,барбай арманда калдыыыыыыыыыыыым,
неси болсо да жакшы отуптур,мунун озуле жакшы,баарынан да залдын толгону жакшы болуптур,биздикилер да ушундай консерт коюп берилип ырдашса жакшы болмок
#3 04 May 2012 - 16:37
fianit +1000!
Концерт аябай жакшы болду! Айрыкча кайрат мама деген ырында апага гул бергенде денем дуркуроп кетти! Барган да барбаган да арманда.
Концерт аябай жакшы болду! Айрыкча кайрат мама деген ырында апага гул бергенде денем дуркуроп кетти! Барган да барбаган да арманда.
#4 04 May 2012 - 16:58
Азамат ырчы! Биздин элге да ырларын тартуулап кеткенине конул кубанат чынында.
Ылайым чыгармалары элге сине берсин дейм.
Мен "атайын залдан" концерттерине кубо боло элекмин, бирок оз Мекениндеги Сырым Исабаев менен биргеликте берген концертин (заманбап технологиянын жардамында) коруп, мен да автор белгилеген озгочолукторун байкап, бир соз менен аны "чыныгы сахна адамы" дээр элем.
Мага озгочо "СЕН" деген ыры жагат, анан Туголбай Казаковдун "ЖАМГЫР ТОКТУ" аттуу ырын, жакшы аткарган, ушул ырларын угуудан тажабай келем.
Ылайым чыгармалары элге сине берсин дейм.
Мен "атайын залдан" концерттерине кубо боло элекмин, бирок оз Мекениндеги Сырым Исабаев менен биргеликте берген концертин (заманбап технологиянын жардамында) коруп, мен да автор белгилеген озгочолукторун байкап, бир соз менен аны "чыныгы сахна адамы" дээр элем.
Мага озгочо "СЕН" деген ыры жагат, анан Туголбай Казаковдун "ЖАМГЫР ТОКТУ" аттуу ырын, жакшы аткарган, ушул ырларын угуудан тажабай келем.
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
#6 04 May 2012 - 18:13
Кайрат Нуртастын ырларын бул жактан угуп, көрө аласыңар: http://www.super.kg/
...earch=1&x=0&
y=0
мурда Толик Сынчы бар эмес беле. Ошонун стилиндеги макала го
#7 04 May 2012 - 19:27
Кечиресинер,
ХАРИЗМА деген эмне?
Ким мага минус басса былчыйтам айтып коёюн :D
#8 04 May 2012 - 20:28
Эх,арманда отомго эми, абдан баргым келди эле...Бишкекте болбой гана калдым..
#9 04 May 2012 - 21:33
Kairat Nurtasty biz maktaganybyz menen kopchuluk Kazaktar any jamandashat ,antkeni kairat dele saxnada janduu unu menen yrdabagan yrlaryn korgonmun oozu kyimyldabai ele yry bashtalyp ketken .Baardyk yrchylarda dele katasy bolboit bolot .Maga jagat Kairattyn yrlary.
Jashoo keremet, erkemden bashka ne kerek
#11 04 May 2012 - 23:38
Биздин жылдыздардын арасынан да татыктуулары бар... Алардын ырлары жеке эле Борбордук Азияда эле эмес Кытайда СУАРда хит
Көп сын пикирлерге кошулам...
Эми биздин жылдыздар татыктуу жыйынтык чыгарса эле болду эле...
Клиптерин дагы саппатуу, маңыздуу кылып тартса жакшы болмок. (Кеп чет өлкөдө тартылуу эмес анын мазмуну, маңызы, манилүүлүгүндө профессионалдарга тартырса деген ой)
Көп сын пикирлерге кошулам...
Эми биздин жылдыздар татыктуу жыйынтык чыгарса эле болду эле...
Клиптерин дагы саппатуу, маңыздуу кылып тартса жакшы болмок. (Кеп чет өлкөдө тартылуу эмес анын мазмуну, маңызы, манилүүлүгүндө профессионалдарга тартырса деген ой)
"Ийилгенге ийилгин башын жерге тийгиче
Кекейгенге кекейгин төбөң көкө жеткиче"
Кекейгенге кекейгин төбөң көкө жеткиче"
#12 04 May 2012 - 23:58
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#13 05 May 2012 - 00:37
27-майда буйруса Кайрат Москвада концерт коет, насип этсе барып коруп келем. Анан мен да оюмду кенеирээк жаза кетем.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#14 05 May 2012 - 10:48
КЫРГЫЗ элинин конулун ачканы жакшы нерсе . Чындык ачуу болот . Чынында биздин ырчыларда сахнада озуну алып журуу шыгы жок . Таланттуу ырчыларыбыз оздоруну асмандагы жылдыз сезип алышкан . Сахнадан нан таап жеп жаткандан кийин бир аз бийлегенди жана бир аз жандуу ырдоону уйронуп коюшса . Эмне болсо да "Озундукун жаман деп озгону кайдан табасын " болбойлу. Умут кылып турайлы биздин ырчылардын ошол денгелге жетишини .
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#15 08 May 2012 - 14:32
Хм... Мен барып коргонум жок... Бирок еларна телеканалы аркылуу Астана шаарында болгон концертин кордум, аябай соонун болуптур... Бийлегеничи укмуш!
#17 28 May 2012 - 09:45
Эхххх барбай арманда калдым. Ырларынын баарын телефонго жуктодум. Таланттуу мырза алла таалам жаман коздон сактасын!
#18 28 May 2012 - 14:28
Чындыгында таланттуу жигит экен. Сахнада озуну алып журуусу, суйлогон создору орду менен жылдыздуу мырза корунду. Жандуу ырдады мага жакты. Бийлегени да укмуш экен. Ушул бойдон чыгармачылыгы уланса бул ырчы жигиттин омуру узун болот сахна жолунда. Москвадагы куйоормандарын кубантып кетти азамат!!
!
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#20 10 June 2012 - 00:57
Вааав сонун бийлейт да, ээхх маанайым которулот бийлегенин корсом
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео























