Азыркы жаштарыбыздын копчулук болугу "чет олкого барсам" деп аракет кылып калышкан. Менин айткым келгени чет олкого барса эле жыргал жашоо болуп калбайт. Албетте биринчи келгенде кыйынчылыктарга туш келесин. Бара-бара жакшы жашоого жетээрбиз, бирок бул да кумон... Ушул себептен Америкадагы кээ бир тааныштарымдан угуп калган баяндарынан жазсам, биздин жаштар ойлоноор.
ПыСы: Баян учунчу жак менен эмес, биринчи жак менен жазылат.
Саламатсыздарбы?
Менин атым Айдай. Биз уй-булодо 7 бир тууганбыз. Орто уй-булодо чонойдум. Биз чоноюп калганда атам башка аял алып алган. Бирок, биз жаш олгондуктан уйго келип жардам берип турчу. Ушинтип жашообуз уланып жатты. мен да мектепти бутуп, ЖОЖдордун бирине окууга отум. 2-курсту аяктан 3-курс болгондо туугандарымдын жардамы менен Америкага келдим (атамдын бир тууган карындашы). Мени чакырган эжем Американецке турмушка чыккандыктын уйундо 4 кун турдум да, менден 3 ай мурда келген эжемдин уйуно барып жашап калдым. Бул жакка келе жатканда акчам жок болгондуктан коп акча алып келген эмесмин. Кийин Москвадан бир тууган эжем 200 доллар салып жиберди. Аны да эжема берип койдум 20 кун жашаганыма уйундо. Жанымда болгону 24 доллар канган, озум башка штатка кетишим керек эле. А бул жерде 24 доллар эч нерсеге жетбейт экен же тилди билбейм кыйраткансып.
Башка штатка да бардым, уйлорду жыйноочу болуп жумушка орноштум. Бир кичинекей болмодо 2 кыз жатабыз. Мен жерге бир одеял салып, устумо да андан кичине жука одеял жабынып алам. Кыштын куну тонуп чыгасын туну менен. Бул жакка келгениме ушунчалык капа болом, бирок бир туугандарым,
ата-энем учун чыдашым керек эле. Жумушубуз чан менен байланышкан учун колдорум жарылып, тазалоочу буюмдарга аллергия боло баштадым. Бул жумушум эрте буткондуктон,
кечки жумуш да карай баштагам. Кечки жумушка уйго жакын жердеги тунку клубка ишдиш жуугуч болуп кирип алдым. Кундо эртен менен саат 7 де уйдон чыккан бойдон тунку 1де келем. Тапканым 100 доллар болот, буга ду Кудайга шугур кылам. Акчамды уномдойм деп тамак-аш аз алам. Ошентип журуп ашказаным "гастрит"
оорусу менен оорутуп алдым. Бир жолу ашказанды бузгандан кийин бат-баттан ооруй берет экен. Ооруган убакта акчамды аяп больницага барбайм, барайын эле дейм ото кындайт. Ушундай кыйналып жургондо туугандарым бир да жардам берген жок. Алардан сурагым да келбеген. Бир жардам корсотсо омур бою айтып журушот. 2 жыл ичинде кандай гана кыйынчылыктарды кордум, душманыма да тилебем мындай кыйналууну.
Идиш жууп иштегенде, чандан жарылган колдорум былжырап кетет. Кийин колдорум ооруй турган болуп калды. Ушундай кыйналгандан коро уй-буломдун жанында болгонум жакшы деп ойлонуп калдым. Буюрса жакында жаман болсо да Кыргызстаныма эле кетем.
Чет өлкөдө жашоо жыргал эмес! мигранттардын баяндары
#3 05 May 2012 - 12:17
Уландысы барбы???
Бул кыз жакында кетет Кыргызстанга. Уже билетин алып койгон.
Дагы башка уккандарымды жазам.
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#4 05 May 2012 - 16:24
мен да жакында барам кыргызстанга!
!москвада иштегим келбей калды!!бирок.
.........айла жок кайра келиш керек болуп атат иштеш керек
кыргызстанда иштейин десен иш жок болуш керек?
москвада деле иштесен жакшы баары жетиштуу бир гана ата енени сагынып ыйлаганым ыйлаган
Меня никогда не отталкивала бедность человека, другое дело, если бедны его душа и помыслы
#5 05 May 2012 - 17:23
мен да жакында барам кыргызстанга!
!москвада иштегим келбей калды!!бирок.
.........айла жок кайра келиш керек болуп атат иштеш керек
кыргызстанда иштейин десен иш жок болуш керек?
москвада деле иштесен жакшы баары жетиштуу бир гана ата енени сагынып ыйлаганым ыйлаган
Ар ким ар кандай Кыргызстанда жумуш жок дейсинер бар адам озу издениш керек деп ойлойм,башка улутун элдери ушу бизге келип иштеп жатышпайбы ,жашоосу бизден да бир кыйла жакшы жашап.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я НАЙДУ ЗАМЕНУ КАЖДОМУ!Зато тех кто остается Я ЛЮБЛЮ БОЛЬШЕ ЖИЗНИ!
#6 05 May 2012 - 19:27
Кайда барсан, Мамайдын кору дегендей ким эле жыргап атыптыр. Мен биринчи жолу Сахалинге келгенде эжекем тосуп алып кыйналуу деген эмне экенин билген жокмун. Бирок, далай эле кыйналып жургондорду коросун. Бироолордон угуп эле жанын тобокелге салгандар да жок эмес. Тосуп алчу кишилери жок вокзалда, аэропортто чемоданда отургандар бар.
#7 05 May 2012 - 19:41
Мен өзүмдүн эле таржымалымды айцам эч ким эч жакка чыкпай калат,андыктан элди чочутпай эле койгонду туура көрдүм.Баардык жерде кыйналуу бар баарына чыдап жеңе билиш керек.Мурда мен ыйлап эстесем,азыр жылмаю менен эстейм.Кыйынчылыкта жашоону түшүнүп,көзүң да ачылат экен.Мурда атa энеме эркелеген кичинекей кыз болсом,азыр чооооң кыз болдум.
.
#8 05 May 2012 - 20:50
Min ukkandan bir korgon jakwy....jakynda chet olkogo ketem buirusa. Anan al jaka bargandan kiyin kandai ekenin aityp koem men da.
"First think then speak."
#9 05 May 2012 - 23:31
Evii, juroktu tuwurbo altywka, men dal owol Amerikaga baruuga dayardanyp jurom....
))
#10 06 May 2012 - 00:18
Абдан аянычтуу экен.Мени Москвага бир тууган эжем алып келген.Кыйналуу дегенди билбегем.Чет жерде жүргөндөн кийин кыйналуу,сагынуу болот да.Кана эми Кыргызстанда жумуш болсо үйдө эле жатпайт белем.Кырыгзстанда канча адам жүрөт,жумушу жок.Ичкич болгон андан көп.Жаштар жумуш жоктугунан чет өлкөлөргө агылууда.Депутаттар жумуш берүү жагын ойлошсо болмок.Капчыгын ойлогондун ордуна.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#11 06 May 2012 - 00:46
Мен деле айла жоктон журом бул жакта озубуздо ушундай маяна болсо оз мекенибизде эле журбойт белек.Бироонун элинде бек болгуча оз жеринде кул болгонун жакшы.Оз уйун олон тошогун деп бекеринен айтылбаган экен
#12 06 May 2012 - 02:03
Америкага да барабы анан же озу айткандай тил билбесе .
Эми ар кимибиз мандайга жазганын коробуз дениздерчи бирок кыргызстанда барибир жашоо кыйын.
Иштейин десен жакшы жумуш жок поляга иштейин десен оз чыгымынан артпай кайра банкрот болуп жатсанболсо кана жумуштар болсо иштейтэлек Кыргызстанда эле жыргап.

Кыргыз тили кылымдарды карыткан,
Эчким аны очуралбайт тарыхтан .
Эчким аны очуралбайт тарыхтан .
#14 06 May 2012 - 07:46
Evii, juroktu tuwurbo altywka, men dal owol Amerikaga baruuga dayardanyp jurom....
))
Сен келе бер мен бармын го ))). Таанышы жоктор байкуштар кыйналат да.
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#15 06 May 2012 - 07:54
Мен деле айла жоктон журом бул жакта озубуздо ушундай маяна болсо оз мекенибизде эле журбойт белек.Бироонун элинде бек болгуча оз жеринде кул болгонун жакшы.Оз уйун олон тошогун деп бекеринен айтылбаган экен
Баарыбыз эле "айла жок" деп чет олкодо журот окшойбуз ээ?
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#16 06 May 2012 - 07:58
Америкага да барабы анан же озу айткандай тил билбесе .
Эми ар кимибиз мандайга жазганын коробуз дениздерчи бирок кыргызстанда барибир жашоо кыйын.
Иштейин десен жакшы жумуш жок поляга иштейин десен оз чыгымынан артпай кайра банкрот болуп жатсанболсо кана жумуштар болсо иштейтэлек Кыргызстанда эле жыргап.
Эми ар кимибиз мандайга жазганын коробуз дениздерчи бирок кыргызстанда барибир жашоо кыйын.
Иштейин десен жакшы жумуш жок поляга иштейин десен оз чыгымынан артпай кайра банкрот болуп жатсанболсо кана жумуштар болсо иштейтэлек Кыргызстанда эле жыргап.
Жыргаганынан келди дейсинби? Ал да "уй-буломо кичине болсо да жардам берсем" деген ой менен келген да. Болгондо да аталаш бир туугандарынын колуна келген. Алар да жардамдын ордуна кочону корсотуп коюшкан. Озу Кудай менен озундон башка эч кимге ишенбоо керек алыс жерде.
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#17 06 May 2012 - 21:08
Кыргызстанда деле иштесек болот!иштеген иштеп еле жатат болду мен буйруса Кыргызстанда еле иштеймин!
#18 06 May 2012 - 21:16
Кыргызстанда жакшы жумуш болсо кабар берип койгула... Чет жакта журо бербей кетейли...)
#19 06 May 2012 - 21:50
Оой алтышкалар,
келгиле оз жеринерге,чо-
он завод-фабрикаларды ачып Кыргызстанды да,озубузду да байыталы!
#20 06 May 2012 - 22:32
Америкага да барабы анан же озу айткандай тил билбесе .
Эми ар кимибиз мандайга жазганын коробуз дениздерчи бирок кыргызстанда барибир жашоо кыйын.
Иштейин десен жакшы жумуш жок поляга иштейин десен оз чыгымынан артпай кайра банкрот болуп жатсанболсо кана жумуштар болсо иштейтэлек Кыргызстанда эле жыргап.
Эми ар кимибиз мандайга жазганын коробуз дениздерчи бирок кыргызстанда барибир жашоо кыйын.
Иштейин десен жакшы жумуш жок поляга иштейин десен оз чыгымынан артпай кайра банкрот болуп жатсанболсо кана жумуштар болсо иштейтэлек Кыргызстанда эле жыргап.
Биз мекенде эле иштеп журбойлубу ,силер башка жака кетсенер башка жактан бизге келип иштеп жатышат мисалы эле кыйтайлыктар, чечен,уйгурларды корсон коооп кетишкен байып Кыргызстанда жашап эле биздин жерди бейиш деп коюшуп.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я НАЙДУ ЗАМЕНУ КАЖДОМУ!Зато тех кто остается Я ЛЮБЛЮ БОЛЬШЕ ЖИЗНИ!

Супер-Инфо
super.kg
видео