Жаным кызым, убакыт учкан куш сымал тез отот тура. Кечээ эле секелек кыз элен, бугун минтип бойго жетип, жыйырма бир жаштын тузун татып отурасын. Бул сенин жашооондо оз бактынды аныктай турган куракка келгенинди билдирет. Эми, жашоондун жаны баскычына кадам шилтеп, озунчо тутун булатасын. Андыктан айлана чойроно абал салып, ар нерсеге аяр мамиледе бол. Эгер эч ким коруп билбейт деп чекилик кылсан, анда озунду да, озгону да бактылуу кыла албайсын.
Коп жигиттер менен таанышып, ойноп кулуу силердин доорунарда балким кызыктуудур,
бирок, маани бербей жаштык мастык менен аша чаап кетсен бат эле сыймыгындан да, аьъбийиринден да айрыласын.
Башкалардын жашоосунан сабак алуу, башкалардын кетирген кемчиликтерин кайталабоого тырышуу адамдын бакытка карай багыт алышына оболго тузот. Жаштык курактын эн жаман жагы--- жаркын келечекке, бактылуулукка алып баруучу жолду андабай, акыйкатты коро албай откондукто.
Тилекке каршы, копчулук адамдар жаш кезиндеги жанылыштыгынын азбын омур бою тартышат.
Кызым, сенин бактылуу болушунду абдан каалаймын. Сага айтайын дегеним --омурлук жолдошунду тандоодо жанылыштык кетире корбо.
«Майдайына жазылганын коросун», бирок, ага сенин себепкер болорунду унутпа. Тандаган кишиндин мал мулкуно, байлыгына, мансап даражасына конул бурба. Бул маселеде конул бурушун керек болгон айрым жагдайларга кыскача токтолуп кетейин.
Эн оболу суйгон кишиндин жан дуйносу таза болгонуна конул бур. Жан дуйносу таза же таза эместиги анын журум турумунан, суйлогон создоунон, башкалар менен болгон мамилесинен дароо байкалат.
Анын адамдык даражасын сага жасаган жылуу мамилесинен эмес, башкаларга жасаган мамилесинен байка... Билим денгээлине,
ыйман ариетине маани бербесен, анда аны менен кошо карагылыктын торуна оз ыктыярын менен чалынган болосун. Конул бур кызым, кудайдан коркпогон киши ар кандай зоокурлукко барат. Озумдун турмуштук тажрыйбамдан алып айта турган болсом, омурлук жолдошун экоонордун ортонордо таза суйуу байлык, бийлик, жан кумары учун эмес, бир гана жараткандын ыраазычылыгы учун болуусу ото маанилуу. Мына ошондо гана бул дуйнонун утурумдук жыргалчылыгана эмес, бейиштеги жашоону да эске алып жашайсынар.
Ошондой эле, экоонордун тен максатынар жараткандын ыраазычылыгына жетуу болуусу зарыл.
Милдетинди так аткаруун учун мурунку жаман кондумдорундун жана секелектик кыялдарындан баш тартуун керектигин унутпа. Эгер буга кучун жетпесе турмушка чыгууга шашылба. Анткени, омурлук жарынды бактысыз кылууга акын жок, кызым, оболу сага айтаарым омурлук жолдошуна карай койколуп басканында кийген ак койногун сыяктуу, жан дуйнон да дагы апапак, таптаза болушу керек. Турмушка чыккандан кийин алдында жапжаны, таптакыр башкача жашоонун башталганын коросун. Мунун ары кызыктуу, ары сырдуу жактары да бар. Турмушка чыкканынды эч унутпашын керек болгон маанилуу жагдайлардын бири бул омурлук жолдошуна болгон жакындыгын,
кызым. Ал сенин, сен анын жашоосундагы эн жакынысын. Кайгырса кайгысына, кубанса кубанычына сен ортоктош болушун керек. Аны менен сыймыктанганынды дайыма белгилей жур. Аны суйоорунду ачык айтып, ага болгон суйуунду жылуу мамаиле менен билдирип жур. Анткени, уй булоодогу бакыт жашоо дал ушуга байланыштуу.
Жолдошун кечинде жумуштан чарчап келгенде жылмайып тосуп ал. Ал сени коргондо чарчаганын унутуп эс ала тушсун. Кээде озунчо ачууланышы мумкун, бул адамдын табиятындагы корунуш. Балким, ошол куну кунумдук маселелер аны сага капалуу корсотуп жаткандыр. Сенин эн чон милдетин уйундун босогосунан башталат, кызым. Жолдошундун ошол кунду кантип откоргондугун сага айтып женилдеп алышына мумкунчулук туз. Сенин мындай мамилен аны кубанычка болойт. Суйулгонун сезген эркек омурлук жарын дагы созсуз суйот, а тугул, суйуусу баштагыдан да артат.
Омурлук жолдошундун анча мынча кемчилдиктерине коз жумууда шалаакылык кылба кызым. Кемчилдиксиз пенде болбойт. Кечиримдуу бол. Маани беруучу жагдайлардын дагы бири сен маанилуу деп эсептебеген майда барат нерселер омурлук жарын учун ото маанилуу болушу мумкун, мына ошол маани берилбеген нерселер убакыттын отушу менен жашоондо чон окуялардын болушун шартташы ыктымал. Мындан улам, ар нерсеге оз убагында маани берип жолдошундун тушунугуно,
ойлоруна жараша мамиле кылуун зарыл.
Унутпа, эркектердин сезими бат озгорот. Аял заты катарында сен ага чыдай албайм деп ойлошун мумкун. А тугул, бул оюн сенин жолдошуна каршы чыгууна да туртку бериши ыктымал. Бирок, турмуш куруу акыр аягы билинбеген бир кайрымдуулук,
жоомарттык кылуу дегенди билдирерин эсинден чыгарба, кызым. Сен канчалык сабырдуу болуп, марттык кылсан омурлук жарын дагы сага берешендик кылууга аргасыз болот жана мына ушундайча уй булонордун ынтымак ырашкерлиги артып, пайдубалы бекемделет.
Азыр эскертуулорумдун эн маанилуусуно келдим. Бал саптарды бир канча жолу окуп, айтайын дегендеримди тушунгонго аракет кыл, кызым!
Азырынча жашсын тажрыйбан аз. Мындан улам кээ бир создорумдун торкунун тушунбой калышын мумкун. Катымды айрып, керексиз буюмдай ыргытып сала корбо, тескерисинче,
качан болсун тапкыдай жерге сары майдай сактап жур. Качандыр бмр тунгуюкка кептелип, жол таба албай карайлап калганынды ачып окуп, туура жолду тандап аларсын...
Эркектер жалпысынан назданган чырайы менен башкаларды озуно арбап алган аялзатын жактырышат.
Аларга суктанышканын эркекетер турдуучо билдиришет.
Бул эч качан сенин жарым жыланач кийинип журууго алып барбасын!
Женил ойлуукка алдырсан, эн чон жанылыштыгын ушул болот. Анткени, эч бир эркек жубайына башкалардын коз карашын каалабайт жана буга чыдай албайт. Сен жолдошундун каалоосуна баш ий, айлана чойрондун, ушакчылардын курмандыгы болбо! Омурлук жолдошун учун бардык шарт жагдайды тузо бил, аны ыраазы кылуунун жолдорун изде. Жолдошун издегени менен самаганын озунун уй булоосунон тапсын, конулу башкаларга болунот, козу сыртта калбасын. Жан кызым, сага созумдун акырында томонкулорду айткым келди.
Жашоодо эмнени эксен, ошонун тушумун гана жыйнайсын. Кыскасы бактылуу болгун келсе алгач омурлук жарынды бактылуу кылышын керек.
Жолун шыдыр, келечегин кен болсун кызым.... Кудай сени бул жалганда адаштырбасын!!!
Кыз абийири кымбат Абийирдуу атанын кызына жазган каты.
#2 07 May 2012 - 20:19
Кыздарга болгон акыл наасаттарынарды жаза кетсениздер болот замандаштар,
коп тукурсо кол болот дейт эмеспи. Жаман айтпай жакшы жок.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#5 07 May 2012 - 21:47
озуно бербегенден кийин, мин айтсан да пайдасыз
Жылуу жылуу суйлогонго жылан ийининен чыгыптыр деген макал бейчааки айтылбаса керек...
Эжени коруп синди осот, арабызда ак созун айтчуулар бар деп ойлойм.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#8 08 May 2012 - 13:03
Башкы коч кайда кетсе аягы да ошол жакка барат кыз абийри кымбатдеп илгертеден айтылган соз бар бактылуу болуштун бир себеби абийрин сактаганы
Келинди сынабай келген кезинди эсте.
#9 08 May 2012 - 15:10
Бегим кыз ушул насааттардын баарын сенин апан сага айткан деп билдим. Алтын создор,озундо эле алып калбай биз менен тен болушконун учун да сага чоон ыраазычылык!
18 жаштагы секелек кызды ушундай ойлор ойлонтоору жагымдуу!
Мен сени менен Москвада тааныштым,сени биринчи коргондо эле аябай жакшы кыз экен деп баа бердим. Бирок .....................
...........
эх!! коп чекиттин ордуна коп нерсе айткым келди,бирок акым жок
эх!! коп чекиттин ордуна коп нерсе айткым келди,бирок акым жок
Барпылыктар рулит))
#10 08 May 2012 - 15:29
Бул катта Эне, мааниси терен жакшы нассаттарын жазыптыр.
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#11 08 May 2012 - 16:04
Бегимкыз,бул создор aябaй aкылдуу aйтылгaн создор екен,бул создорду aйткaн aтaнa (aпaнa) рaxмaт,кaндaй aдaмдaр болду екен,ушунчaлык нaaсaтты aйтып,тaптaзa кыргызчa создор менен жaзылгaны мени тaн кaлтырбaй койгон жок..
сен дa ушул создордон улгу aлгaн,aдептуу кызсын деп ишенем...aнaн дa ушул нaaсaттaрды биз менен болушконун учун рaxмaт,чындыгындa aбдaн суйундум,иншaллax бул кaт жок дегенде aзыргa чейинки бейбaш жургон жaш кыздaр бaр болсо,окугaндa пaйдaсы тиер...
сен дa ушул создордон улгу aлгaн,aдептуу кызсын деп ишенем...aнaн дa ушул нaaсaттaрды биз менен болушконун учун рaxмaт,чындыгындa aбдaн суйундум,иншaллax бул кaт жок дегенде aзыргa чейинки бейбaш жургон жaш кыздaр бaр болсо,окугaндa пaйдaсы тиер...
все что ни делается все к лучшему :(
#12 08 May 2012 - 16:11
жaкшы жолго бaруу учун еч кaчaн кеч кaлбaйсын...бугунку кунго чейин жaмaн aдaттaрын бaр болсо,ертенден бaштaп жaмaн aдaттaрынды тaштaсaн болот,еч кaчaн ойлобо кеч болуп кaлды деп...
все что ни делается все к лучшему :(
#13 08 May 2012 - 16:23
эх кандай керемет создор ар бир эненин тилеги ушундай болот эмесби озубуз эне болсок да биз аларга бала секелек кыз боюнча калабыз апамды аябай сагынып кеттим куйоого тийсен бара да албай калат экенсин томондогу айтылгандай кайын журтум деп жатып оз жагын артта калат экен эх чиркин кыздарды ушундай кылып жараткан турбайбы баардык несеге бат кондуруп!
!
баардык кыздарга бакыт, энелик мээрим каалайт элем бардыгыбыз бактылуу болуга укугубуз бар
Алга жана алга!
#14 08 May 2012 - 17:09
Бегим кыз ушул насааттардын баарын сенин апан сага айткан деп билдим. Алтын создор,озундо эле алып калбай биз менен тен болушконун учун да сага чоон ыраазычылык!
18 жаштагы секелек кызды ушундай ойлор ойлонтоору жагымдуу!
Мен сени менен Москвада тааныштым,сени биринчи коргондо эле аябай жакшы кыз экен деп баа бердим. Бирок .....................
...........
эх!! коп чекиттин ордуна коп нерсе айткым келди,бирок акым жок

эх!! коп чекиттин ордуна коп нерсе айткым келди,бирок акым жок
Эже чынында коп чекиттин ордун тушунбодум, мумкун болсо жаза кетсениз.
Сиздерден сураныч флудабай озунордун насаатарынызды жаза кетсениздер
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#15 08 May 2012 - 18:11
Begimkyz баракелде!
Асыл создуу тема!
Бул создор ар бир аялзатынын бакыты ачкычына байланган гулдесте болсун.
"Аманат" тилегин аркалай журокторго орноп, жемиштуу келечек эгедерлигине копуро болоор деген ишенимдуу тилектемин! !!
Бул создор ар бир аялзатынын бакыты ачкычына байланган гулдесте болсун.
"Аманат" тилегин аркалай журокторго орноп, жемиштуу келечек эгедерлигине копуро болоор деген ишенимдуу тилектемин! !!
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
#16 10 May 2012 - 05:13
Эхх..кандай маанилуу,таасирдуу создор жазылган э,ушунчалык берилип окудум,азамат киши экен сонун создор менен тушундуруп жазыптыр. Бактылуу бол карындаш,эч качан адашпа турмушунда!
Бул сайтка атайын тема ачып жарыялаганын учун да ыраазычылык билдирип кетем,себеби канчалаган кыздарыбыз окуйт,баары окуп сактап алышат,пайдалуу кат экен негизи,ар бир адамга керектуу создор экен.Карындашыма да окутуп коеюн.Рахмат.
Бул сайтка атайын тема ачып жарыялаганын учун да ыраазычылык билдирип кетем,себеби канчалаган кыздарыбыз окуйт,баары окуп сактап алышат,пайдалуу кат экен негизи,ар бир адамга керектуу создор экен.Карындашыма да окутуп коеюн.Рахмат.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#19 10 May 2012 - 19:54
Рахмат баарынарга конул бурганынар учун.
Мен кыздын турмушка чыгууга чейинки болгон журумуно оз ой толгоомду жаздым, демек бул акыркы соз эмес. Айтайын дегеним турмушка чыккан эжекелер, же агалар сиздер да оз тажрыйбаныздар менен болушуп кетсениздер жакшы болмок.
Мен кыздын турмушка чыгууга чейинки болгон журумуно оз ой толгоомду жаздым, демек бул акыркы соз эмес. Айтайын дегеним турмушка чыккан эжекелер, же агалар сиздер да оз тажрыйбаныздар менен болушуп кетсениздер жакшы болмок.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#20 10 May 2012 - 20:40
Кыз абийири м.н тийиш керек деген туура..,мен 2кол 2бутумду которуп кошулам....))

Супер-Инфо
super.kg
видео





















