Салам Ерик мырза!!!
!!
Менин сизге суроолорум:
Менин сизге суроолорум:
- Жашоо сизге эмне тартууласа жон гана жылмайып коймоксуз?
- Ыйлап кордунуз беле?
- Жигиттер чын эле суйгону менен ажыраганда кыйналабы же кандай абалда болот айтып беринизчи?
- Душманыныз бар экенин билесизби?
- Сизди кандай нерсе коооп ойлонткон же ойлонтуп жатат?
- Эн биринчи маянаныз канча болгону жана ал акчага эмне алганыныз эсиниздеби?
- Сени суйом - деп сезимин ачык айткан кыздар болду беле жана аларга кандай коз караштасыз?
Салам Жакуся бийкеч.
1. Мен кутпогон нерсени белеке берсе жылмайып койсом керек эле, ушул жагына дагы кудайга шугур деп.
2. Ким гана ыйлабасын, анын да ар кандай себебтери болот эмеспи.
3. Негизи суйгонунон ажыраганда кыздар коп эсе моралдык, психологиялык жактан жапа чегет. Ал эми бала кызын чыныгы суйуп, гуйуп журуп ажыраса бала деле бир кыйла болот. Бала ойлонот, аркасынан чуркайт кармап калайын деп, бут кучун жумшайт. Ал эми балага ал кыз менен мамилеси не серьезный болуп жургон болсо, ага ажыроо сезилбейт деле болсо керек.
4. Кудай сактасын, душманым деле жок болсо керек и болбой эле койсунчу.
5. Мени кадимкидей эле маселелер коп ойлонтот, келечек кандай болот, мекенибиз онолобу, элдердин жашоо денгеели которулобу, ал эми озуму ойлонткон маселелер коп. Мисалы турмуш мен учун кандай болот, кайсыл жерге уй-салам, турмуш жарым кандай болот ушуга сыяктуу коп маселелер боюнча озумчо ойлоно берем.
6. Эн биринчи маянам беш мин сом болгон. Уйдогулорго шириндик алып, карыздарды толоп, анан калганын апама келип берген элем, тилеке каршы ага эч нерсе деле албай калганмын.
7. Сени суйом деп сезимин ачык айткан кыздар болгон эмес, себеби сурдуу болсом керек эле. Бирок айтпаса дагы анча мынча кыздар билдирип алышат эле. Сени суйом деп кыздардын биринчи сезимин билдиргенине туура коз карашта эмесмин. Балдар биринчи кадамды ташташ керек го.
Рахмат суроолоруна, оюмду тамга менен толук кандуу бере алдым деп ойлоймун.

Супер-Инфо
super.kg
видео



















