
Ушинтип жүргөнүңөр эсиңердеби? Таң атпай, сүттү аягына чейин ичип-ичпей, сыртта бир өтө жогорку деңгээлдеги жумуш күтүп жаткансып, апаң кийиндирип жатса да, аны кошо шаштырып, кычыраган кыштын көк жылгаягы мына эрип кетчүдөй шашчумун. Кат-каттап жемпир, жылуу советтик колготки, чоң энең токуп берген жүн байпак, дагы бир шым. Анан пальто, апам анын топчуларын сыйкырлачу беле, кыскасы бекитип чыккандан кийин кайрадан ар бирин текшерип чыкчу. "Шамал кирет" деп...))) Анан моюн орогуч, үч-төрт жолу жыландай оролуп, анын артынан шапке... Вроде, даярсың. А жок! Кол каптааааар! Жеңимдин ичинен кол каптарды издемей. Анан аны колума тагып бермей. Баарыбызда эле ушундай болсо керек, кол капты жоготуп албасын деп резинага тиги коюшчу...))) Анан чуркаган бойдон ак кар, көк музга жөнөйсүң. Чарчаганды деги билбейсиң, сезбейсиң, күн кечкирди дегенде, аны бир ашата сөгүп алып, шелпейип үйгө кайтасың. Дагы ойносом болмок, ага чейин беш-алты саатты эске албай...)))
Балачак кандай жакшы?! Неге эстедим. Анткени, биздин үйүбүз бир кичинекей бала менен толукталды. Аты Амир. Бала деген менден каччу эле, ал менин жаныман өтүп баратып, колума келип, алып отур деди. Жаңы тили чыгыптыр. Алдымда кыбыр этпей отурду. Шок дейт, ширесин бердим. Сиңдимди дароо эже деп атап, ашканадан колуна баткан идиштерди ташып жатты. Баарыбыз ааламды унутуп, заматта Амирдин кулуна айландык. Үйгө канча жолу жаш бала келсе да, көп деле үңүлө түшө берчү эмеспиз. Бирок Амир башкача, тыпылдап, баарыбызга ширин тили менен булдуруктап, бир сыйра өбүшүп, укмуш эле болдук. Мени да өөп салбадыбы, ыңгайсыз калтырып...)))
Биринчи жолугушуубуз жакшы өттү. Эл болуп кетчү бала экен деп жаттык бир ооздон, жаттап алгансып.
Дем алыш күнү апамдын иштери менен базар жакка өтүп калып, кокусунан жаш балдардын оюнчуктар саткан катарына кирдик. Оюма заматта Амирчик келип, велосипедке көзүм түшүп калды. Баасын сурай баштасам, "азыр тепкенге эрте" деп өчүрүшпөдүбү. ..))) Мейли, анда бир жылдан кийин чогуу тебебиз... Велосипед кеп болуп калыптырбы, көк муштумдай боло жылгаяк да тебүүгө жетишебиз. Апам бизге баягыдай резина менен бириктирилген кол кап жасап берет. Бирок бирөөнү эмес, эки жуп деп сурайм, сөзсүз!

Супер-Инфо
super.kg
видео






















