Суперстан: Ар дайым сүйүктүү болуш үчүн... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ар дайым сүйүктүү болуш үчүн... Эмне кылышыбыз керек?

#1 Пользователь офлайн   Suiuktuu   04 Ноябрь 2011 - 18:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 04 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 14 Ноя 2019 09:37

Суйлошкон жигитибиз же жолдошубуз ар дайым "суйуктуум" , "мен бактылуумун" , "сен менин жаным экенине Кудайга мин ирет ыраазымын" деп кайталап турса кандай жагымдуу. Мындай создорду ар дайым угуп турсак асманда учуп эле калат эмеспизби.

Суйлошкон жигитибиздин же жолдошубуздун ар убак конул чордонунда болуп, ар дайым суйуктуу болуш учун эмне кылыш керек? Кандай болуш керек? Озубузду кандай алып журушубуз керек?
Кыздар-кызгалдактар, эжелер, женелер ой болушсок сонун болмок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Aydashka   04 Ноябрь 2011 - 19:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Aялзаты oзубузду кандай алып журушубуз керек?
Ислам дини үй-бүлө күтүүнү убактылуу бир мезгил үчүн эмес, өмүр бою, жадагалса акыреттеги түбөлүктүү түгөнбөс жашоодо да чогуу болсо деген улуу максатта карайт. Мына ошол себептен динибиз келечекте курула турган үй-бүлө түзүмүн жана балдарды көңүл чордонуна жайгаштырып, үй-бүлө курууга алгачкы кадамдарды таштап жатканда жубайлар эмнелерге көңүл бурса жакшы болоорун кылдат аныктап, зарыл эрежелерди койгон. Эреженин эң башкысы, албетте, такыбаалык. Анткени жубайлардын бирөөсү гана ыйманы сус болуп, напсиге оңой жеңилип берсе, анын Ислам динине жатпаган иш-аракети, ыкшоолугу убакыттын өтүшү менен экинчи адамга, перзенттерге сөзсүз жугат. «Алма сабагынан алыс түшпөйт» деген турмуштук тажрыйба муну тастыктап келет.

Aялзатына Жараткан Алла адамзаттын урпагын сактоо, эл керегине жараган инсандарды өстүрүү деген орчундуу вазийпаларды жүктөгөн. Дегинкиси адамзат урпагын сактоо жана инсанды тарбиялоодон да ыйык милдет болбосо керек. Асыресе, Алла Тааланын аялзаттын табиятын жогоруда аталган милдеттерге ылайык кылып жаратканы да жөн жерден эместир. Аялзаты табияттын талабына жараша бала төрөп, аны тарбиялашы керек. Жакшы ниет менен турмуштун даңгыр жолуна кадам таштаган соң аялга эркек тарабынан бардык зарыл шарттар түзүлүп берилиши керек. Анткени Ислам дини кийим-кечек, тамак-аш жана турак-үй менен камсыз кылуу деген турмуштук негизги вазийпаны эркекке жүктөө менен аялзатынын келечегин, жашоо-турмушун кепилдикке алган. Жарык дүйнөгө келгенден кийин балапанына үйрүлгөн канаттуудай чарк айланып балага мээрин төгүп ак сүтүн берген да, торолуп, жетиле баштагандан тарта жугумдуу сөзү, үлгүлүү иш-аракети менен жакшы-жаманды айырмалаганды үйрөткөн да асыл энелер.

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Таллас   04 Ноябрь 2011 - 19:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения Suiuktuu (04 Ноябрь 2011 - 18:16) жазган:

Суйлошкон жигитибиз же жолдошубуз ар дайым "суйуктуум" , "мен бактылуумун" , "сен менин жаным экенине Кудайга мин ирет ыраазымын" деп кайталап турса кандай жагымдуу. Мындай создорду ар дайым угуп турсак асманда учуп эле калат эмеспизби.


"Жармы жалган, жармы чын: жарандарды көөнү үчүн" болсо делеби?



... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Aydashka   21 Ноябрь 2011 - 21:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Ар дайым cуйуктуу болууунун,үй- бүлө ичиндеги коммуникациянын алтын эрежелери:
1.Баарынан мурда өзүңүздү тааныңыз, сезимдериңизди айкын билиңиз.
2.Түгөйүңүздү түшүнүш үчүн аракет жасаңыз, анын сизди түшүнүүсүн күтпөңүз.
3.Баш кошконуңузду терең сезип, жаңы жоопкерчиликтерди мойнуңузга алганыңызды кабыл алышыңыз керек.
4.Түшүнбөстүк болгондо" атамын үйүнө кетем"же" башкасын алып алам" деп айтуу маселени такыр чечпейт.
Конструктивдүү болууга жана үй-бүлө ичиндеги мамилелерди күчтөндүрүүгө аракеттениңиз.
5.Бир маселе бар болсо, бир тарапка болуша турган “сотторду” шайлабаңыз.
Адамдарды эмес, окуянын өзүн чечмелей турган “адилеттүү сот” табыңыз.
6.Бирбириңизди жакындан тааныгандан кийин “түгөйүм менен качан, кантип сүйлөшө алам? “ деген суроого так жообуңуз болушу керек.
7.Эмнени каерде кантип айтышты жакшы билиңиз. Түгөйүңүздүн талуу жактарын эске алыңыз.
8.Орду келгенде кечирим сураганды билиңиз. Текебер болбоңуз.
9.Маселелерди топтобой утуркусун утуру чечип туруңуз. Түшүнбөстүк болгондо мурдагы бүткөн окуяны кайрадан козгобоңуз.
БАКТЫЛУУ БОЛУҢУЗДАР!

Прикрепленное изображение: post-19636-1269653768_thumb.jpg]Прикрепленное изображение: imgres.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 21 Ноябрь 2011 - 21:03

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Aikala   23 Декабрь 2011 - 20:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 585
  • Катталган: 01 Январь 11
  • Соңку аракети: 24 Сен 2018 23:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Aydashka (21 Ноябрь 2011 - 21:02) жазган:

Ар дайым cуйуктуу болууунун,үй- бүлө ичиндеги коммуникациянын алтын эрежелери:
1.Баарынан мурда өзүңүздү тааныңыз, сезимдериңизди айкын билиңиз.
2.Түгөйүңүздү түшүнүш үчүн аракет жасаңыз, анын сизди түшүнүүсүн күтпөңүз.
3.Баш кошконуңузду терең сезип, жаңы жоопкерчиликтерди мойнуңузга алганыңызды кабыл алышыңыз керек.
4.Түшүнбөстүк болгондо" атамын үйүнө кетем"же" башкасын алып алам" деп айтуу маселени такыр чечпейт.
Конструктивдүү болууга жана үй-бүлө ичиндеги мамилелерди күчтөндүрүүгө аракеттениңиз.
5.Бир маселе бар болсо, бир тарапка болуша турган “сотторду” шайлабаңыз.
Адамдарды эмес, окуянын өзүн чечмелей турган “адилеттүү сот” табыңыз.
6.Бирбириңизди жакындан тааныгандан кийин “түгөйүм менен качан, кантип сүйлөшө алам? “ деген суроого так жообуңуз болушу керек.
7.Эмнени каерде кантип айтышты жакшы билиңиз. Түгөйүңүздүн талуу жактарын эске алыңыз.
8.Орду келгенде кечирим сураганды билиңиз. Текебер болбоңуз.
9.Маселелерди топтобой утуркусун утуру чечип туруңуз. Түшүнбөстүк болгондо мурдагы бүткөн окуяны кайрадан козгобоңуз.
БАКТЫЛУУ БОЛУҢУЗДАР!

Прикрепленный файл post-Прикрепленный файл imgres.jpg


Туптуура жазылыптыр. Аял заты ушул эрежелерди кармаса эле уй булоо бактылуу болот.Аял заты амалкой болуш керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   supeeri   07 Апрель 2012 - 06:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 733
  • Катталган: 13 Январь 11
  • Соңку аракети: 24 Ноя 2020 05:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Даймы кулуп,мээримду болуп,жигитиниз же жолдошунузга туркутту,аларды тушунуп барына жетишип эч озунун кемчилидиг корсотпосо. Эркетерибиз биз менен сыймыктанып бизди дайыма суйууп ардактап жургонго аркет кылышат.
Я живу, как умею. Ни о чем не жалею. Нахожу и теряю. И с нуля начинаю. Я бы Вам рассказала. Да меня не спросили. Как порой предавали, даже те, кто любили. Только я не сдавалась. Я сквозь слезы смеялась. И чтоб там не случилось. Я собой оставалась
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Tentewka   07 Апрель 2012 - 17:15

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 780
  • Катталган: 24 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 27 Фев 2014 15:23
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения supeeri (07 Апрель 2012 - 06:12) жазган:

Даймы кулуп,мээримду болуп,жигитиниз же жолдошунузга туркутту ,аларды тушунуп барына жетишип эч озунун кемчилидиг корсотпосо. Эркетерибиз биз менен сыймыктанып бизди дайыма суйууп ардактап жургонго аркет кылышат.

"туркутту" мен да ушундай болгум келтат,бирок, ал эмне деген сөз?Сүрөт
Сүйүп сени жаркыным. Күйүп сага алтыным. Айтсам дагы арзыбайт. Бир сөз эмес алты миң.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Aleesia   19 Апрель 2012 - 00:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 11 Март 11
  • Соңку аракети: 08 Сен 2019 12:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Өзүмда билбейм

Jinine tiyishibiz kerek erkelep Сүрөт .
Jashoo keremet, erkemden bashka ne kerek
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Elit   26 Апрель 2012 - 10:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 256
  • Катталган: 18 Июль 10
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 16:14
  • Жынысы:Аялзаты

Жакшы аял жаман эркекти хан кылат, жакшы эркекти жок кылат демекчи баары аялдын колунда. Куйоонуздун кабак кашына карап мамиле кылыш керек. Жолдошунуз жумуштан келерде тамагын жасап, озунуз жасанып, таранып кулуп тосуп алсаныз кандай куйоого жакпайт.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Leanor   26 Апрель 2012 - 23:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 332
  • Катталган: 21 Июль 11
  • Соңку аракети: 09 Авг 2021 18:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Планета Земля

Просмотр сообщения supeeri (07 Апрель 2012 - 06:12) жазган:

Даймы кулуп,мээримду болуп,жигитиниз же жолдошунузга туркутту,аларды тушунуп барына жетишип эч озунун кемчилидиг корсотпосо. Эркетерибиз биз менен сыймыктанып бизди дайыма суйууп ардактап жургонго аркет кылышат.

Бул кыздын "ТУРКУТТУ" деген созуно олойун тушунбодум. ..%)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   aminali   27 Апрель 2012 - 07:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 020
  • Катталган: 06 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2023 15:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Italia,Sardegnia.

Болбогон нерсеге жинденбей сабырдуу болуп "жашоо керемет"- деп баарына тобоо кылыш керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Aydashka   27 Апрель 2012 - 10:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Просмотр сообщения Leanor (26 Апрель 2012 - 23:54) жазган:

Бул кыздын "ТУРКУТТУ" деген созуно олойун тушунбодум. ..%)

Leanor "ТУРКУТТУ" -"туруктуу" .
★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   maksatkyz   27 Апрель 2012 - 10:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 275
  • Катталган: 09 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 13 Апр 2017 12:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ммм...бул жактан жакшы кенештерди алчудай экенбиз, бойдок кыздар.Сүрөт Озум турмушка чыга элекмин, жигитим да жокСүрөт, ошондуктан алардын психологиясын беш колдой билем деп айтуудан алысмын,Сүрөт ошентсе деле оюмду болушо кетсем, менимче жигиттерге ар дайым суйуктуу болуп туруш учун кыз алгач озун тыкан алып журуш керек го, ошондой эле, жигиттинин алдында орду менен жана кырдаалга жараша суйлош керек деп ойлоймСүрөт, жигитинин мээсин оорута бербей...бирок ото эле акылман болуп кеткен деле болбойт, эмне кылышты уйротуп...Сүрөт Кыскасы ушундай менин оюм, кийин эле практика жузундо коргондон кийин эле толук жазбасам...
« Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз»

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Murok   27 Апрель 2012 - 11:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 776
  • Катталган: 10 Апрель 12
  • Соңку аракети: 03 Дек 2020 19:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Адам озун биринчи сыйлап,озуно кандай камкор болсо тугойуно да ошондой мамиле кылып,камкор болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Mariya   08 Май 2012 - 14:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 56
  • Катталган: 25 Май 11
  • Соңку аракети: 09 Янв 2016 22:58
  • Жынысы:Аялзаты

Ооба кызыктуу экен. Жана туурада айтылган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Begimkyz   08 Май 2012 - 22:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 13 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 13 Фев 2024 19:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Οω- Μοsκβα

Просмотр сообщения FIANIT (08 Май 2012 - 10:25) жазган:

Күйөөңүз эч качан башкага кетпеш үчүн...
"Чымчыктын да уясы бузулбасын" демекчи, ар бир эле адам өз очогун бузууну каалабайт. Тилекке каршы, кээде биздин каалообуздан тышкары үй-бүлө экиге бөлүнөт. Адистер буга көбүрөөк аялдар күнөөлүү деп эсептешет. Төмөнкү саналган сапаттар аялга үй-бүлөсүн сактап калууга жардам берет. Эгер бул эрежелерди бузбай сактап жүрсөңүз, туруктуу үй-бүлөлөрдүн санынын көбөйүшүнө бир аз болсо да өз салымыңызды кошкон болор элеңиз.
1. Дайыма таза болуңуз. Аялзатынан эч кандай жагымсыз жыт чыгып турбашы керек. Чачыңызды иреттеп, гигиенаны сактаңыз.
2. Күйөөңүздү ирээнжитип алууну каалабасаңыз, эч качан жыртык кийим кийбеңиз. Жыртылып калган колготкиңиздин тизесин тигип алсаңыз, бул маселе чечилди дегендик эмес. Эгер колготкиңиздин тигилген жерин жолдошуңуз көрсө, анда сөзсүз ирээнжүү пайда болот.
3. Жагымдуу жыттанып жүрүүгө аракет кылыңыз. Эркек аялды гүл катары кабыл алат. А гүлдүн жыты дайыма жагымдуу. Эркек гүлдөн тердин жытын сезбеш керек.
4. Жарашыктуу кийинүү - үй-бүлөлүк жашоодогу эң негизги нерселердин бири. Көпчүлүк аялдар көчөгө чыкканда жарашыктуу, кооз кийинишет да, күйөөсүнүн жанында эски кийимдерин кийип жүрө беришет. Бул чоң ката. Бул нерсе чогулуп-чогулуп отуруп аягында ирээнжүү сезимин пайда кылат. Натыйжада, бизге майда сезилген ушул нерсе да үй-бүлөнүн бузулушуна алып келет.
5. Эгерде ич кийимиңиз кир болсо, өзүңүздүн бир күндө беш маал сууга түшкөнүңүз эч нерсеге арзыбай калат. Мындан тышкары, ич кийимдериңизди күйөөңүздүн көзүнө көрсөтүп ар кайсы батарейкага жайбаңыз, эркекти катуу ирээнжитүүчү нерселердин бири ушул.
6. Күйөөңүздүн жанында чачыңызга бигуди коюп жүргөнүңүз, анын көзүнчө боёнгонуңуз туура эмес. Сиз муну менен жолдошуңузга аялдык сырларды ачып, өзүңүздүн табышмагыңыздын жандырмагын айтып берип койгон болосуз.
7. Ар бир аял ашкана сырларын, тамак жасоо искусствосун мыкты билүүгө тийиш. Ошону менен бирге күйөөсүнүн табитин жакшы билиши керек. Эркектин жүрөгүнө кеткен жол ашказан аркылуу өтөт. Бул эч айныксыз айтылган сөз.
8. Жуулбаган идиштерди тоо кылып үйбөңүз, үйүңүздү эч качан чачылган калыбында кармабаңыз. Мындай көрүнүштөр эркектерге жакпайт.
9. Эгер күйөөңүздүн сөзүн оңдоп, такай акыл үйрөтө берсеңиз, ал бара-бара чөгүп, өзүндөгү баалуулуктарды жогото баштайт. Андан көрө ал өзүн акылдуу, күчтүү, айкөл сезе тургандай кептерди айтыңыз. Эркектер өз аялы үчүн баатыр болбой калганда ичип, ойноп, ала жипти аттай башташат. Акылдуу аял коркок күйөөсүн деле кадимки баатырга айлантып коё алат. Аялынын өзүнө кандай мамиле жасаганын көргөн эркек эртеби-кечпи сөзсүз түрдө ага күчтүүлүгүн далилдегенге аракет кылат.
10. Эч качан күйөөңүздү башка менен салыштырбаңыз. Эгер салыштырсаңыз, сизге башка типтеги эркектер жагаарын күйөөңүз дароо сезет. Анан ал кимдир-бирөө үчүн мыкты болгусу келип, көңүлдөш издеп баштайт. Сизге бербеген белекти башкага берет, сизге жасабаган мамилени башкага жасайт, анткени, сизди кызыктыра албай калганын билет. Анан аягында күйөөңүз жеткен акмак болуп чыга келет. Сиз болсо буга өзүңүз күнөөлүү экениңизди эч качан моюнуңузга албайсыз.
Сауле Сулайманова

Кызыктуу экен... Сүрөт



Эн туура айтылган соз, ушул нерселерди эс сактап алуу керек рахмат сизге.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Aikala   13 Май 2012 - 22:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 585
  • Катталган: 01 Январь 11
  • Соңку аракети: 24 Сен 2018 23:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Elit (26 Апрель 2012 - 10:45) жазган:

Жакшы аял жаман эркекти хан кылат, жакшы эркекти жок кылат демекчи баары аялдын колунда. Куйоонуздун кабак кашына карап мамиле кылыш керек. Жолдошунуз жумуштан келерде тамагын жасап, озунуз жасанып, таранып кулуп тосуп алсаныз кандай куйоого жакпайт.




Ошону айтсаныз. :кош бол:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Aydashka   14 Май 2012 - 00:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Просмотр сообщения Elit (26 Апрель 2012 - 10:45) жазган:

Жакшы аял жаман эркекти хан кылат, жакшы эркекти жок кылат демекчи баары аялдын колунда. Куйоонуздун кабак кашына карап мамиле кылыш керек. Жолдошунуз жумуштан келерде тамагын жасап, озунуз жасанып, таранып кулуп тосуп алсаныз кандай куйоого жакпайт.

Туура айтасыз," менин үйүм - менин чебим" деген сөз көбүнчө эркектерге тиешелүү. Эркектер үчүн өз үйү коопсуз, тынч жай болууга тийиш. Үйүндө аны эч ким урушпаш керек, ал жерде ызы-чууларга, нааразычылыктарга туш келбеш керек. Үйдөн аларды кубаныч менен тосуп алуу зарыл.
Аял күйөөсүнүн мыктылыгын, акылдуулугун баса белгилеп, аны менен сыймыктанып туруусу зарыл. Эгер кемчилигин айтууга туура келсе, "мен сенин аракетиңди жогору баалайм, бирок дагы башкачараак болсо андан да жакшы болмок" деген сөз гана жетиштүү болот.

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   mili84   16 Май 2012 - 16:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 366
  • Катталган: 20 Апрель 12
  • Соңку аракети: 17 Мар 2014 10:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:неизвестно

ЭЭ баардагы туура жана да туура.Бирок ошонун колдоно билсек кана ээ?!
Жоодурап сага карар бир адам бар
Жалбарып журогунду сураган бар
Жамалын жашка толуп турса дагы
Дуйнодо сени суйгон бир адам бар!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Aydashka   16 Май 2012 - 18:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Айымдарга акыл кеп
Күйөөңүздү кыйын мезгилде колдоону билесизби?

Жолдошуңуз жумуштан кабагы салыңкы кайтса, демек, кызматында кыйынчылыктар пайда болгонун айттырбай түшүнүүгө болот. Кыйын кырдаалда мээси чарчап турган жолдошуңузду кантип жубатуунун жолун билесизби?
1. Маселени кабыргасынан коюштан мурда өзүнөн кандай кеп чыгарын күтө туруңуз. Сиздин берген суроолоруңузга кыска жооп берип ток этээрин сүйлөп жатса, демек, жумушундагы көйгөйлөрдү сиз менен талкуулагысы келген жок. Мындай учурда маңызданып кайра-кайра суроо жаадыруунун зарылдыгы жок. Муну өзүнүн иштерине кийлигиштиргиси келбей жатат деп түшүнүп,таарынууга шашылбаңыз. Балким сизди ашыкча санаага салгысы келбей жаткандыр.
2. Ар бир күйөө өзүн жаман сезип турганда ага чындап күйүп жатканын же жөн гана аялдык милдетти аткарымыш этип жатканыңызды дароо сезет. Эгер сизди анын жумушундагы кыйынчылыктар чындап кызыктырбаса, калп күйүп-бышуунун кереги деле жок. Балким сиз табиятыңыздан сөз менен жубатканга жоктурсуз. Андай учурда жөн гана мээримдүү, камкор көз карашыңыз менен "мен дайым сени мененмин" деген сезимиңизди жеткирип койгонуңуз жетиштүү.
3. Табиятынан кыйынчылыктарга бат сынган кайратсыз эркектер болот. Андай эркектин абалын эмоцияга бат алдырган аялдар эки эсе оорлотушу мүмкүн. "Эми кантебиз?" деген кыйпычыктаган суроолоруңуз менен жолдошуңузду жарга такап, жашоодон түңүлтөсүз. Жашоо бүтүп калбаган соң маселени ырбатпай, мындай кыйынчылыктар ар бир адамда болоорун эскертип, жөлөк болгондон өтөөрү жок.
4. Жолдошуңузга жардам берүү иретинде кызматкерлерин жамандап, өзүн мыкты көрсөтүү негизги катаңыз. Муну менен анын дымагын ого бетер жогорулатып, абалын оорлотосуз. Өзүн өзгөлөрдөн өйдө коюп кесиптештеринин арасында баркын төмөндөтүп алышы мүмкүн.
5. Өзүнүн абалын биринчи орунга койгон айымдын адаты, күйөөсү кечинде жумуштан келээри менен күндүз кечке бала менен чарчаганын бежиреп айтуу. А балким, алгач жолдошуңуз сырттан кандай маанай менен киргенин байкап көрөөрсүз? Анын абалы, чарчаганы сиздикинен оор экенин моюнга алуу керектир. Кабагыңызды түйүп, идиш-аякты калдыратаардан мурда бир үй-бүлөнү багып жаткан адамыңыздын акыбалы менен таанышып көрүңүз. Аны башка эркектерге салыштырып, башкалар кызматында кандай ийгиликтерди жаратып жатканын айтып басынтпаңыз. Жолдошуңуз ачык айтпаса да, кызматында кыйынчылыктар жаралса сөзсүз сизден жакшы мамиле күтөт. Иш күнүндөгү ийгиликсиз сааттарды сиздин жакшы сөздөрүңүз менен толуктагысы келээрин унутпаңыз.
Баласы бар айымдар жеке жашоосун кантип калыпка салса болот?
Кандайдыр бир себептер менен баласын атасыз өстүрүп жаткан айымдар бүгүнкү күндө өтө эле көп. Алардын айрымдары экинчи жолу бактысын сынап көрүүнү туура көрүшсө, көпчүлүгү баласы үчүн өз бактысын курмандыкка чалышат. Бул жаатта балага да оор тийбегидей, аял өзү да бакыттан куру калбагыдай жолдор бар:
- Болочоктогу жолдошуңуз менен мамилеңиз жаңыдан түптөлүп баштаса, анда аны балаңыз менен тааныштырууга шашылбаңыз. Жашооңузда пайда болгон адам канчалык деңгээлде ишеничтүү экенине көзүңүз жеткен соң гана кийинки кадамды жасоого болот.
- Тааныштыраардан мурда үйүңүздө жакын арада дагы бир адам пайда болоорун акырындан айтып, балаңыздын маанайын байкаңыз. Ал сизге да жакын адам керек экенин мойнуна алышы керек. Психологиялык даярдыгы мыкты калыптангандан кийин гана ээрчитип келүүгө бел байлаңыз.
- Ар бир жолугушууга баланы ээрчитип баруунун зарылдыгы жок. Сүйүктүүңүз менен болгон тыгыз байланышты балаңыз дайым эле туура кабыл ала бербейт. Анын үстүнө балаңыздын аял менен эркектин ортосундагы жакындыгын түшүнүүгө азырынча психологиясы даяр эмес. Ал адам жөнүндө уккан башка, ал эми анын кыймыл-аракетин, жок дегенде эле сиздин колуңуздан кармап отурганын көргөн башка иш.
- Балаңыздын пикирин эске алыңыз, бирок анын ою менен дайым эсептешүү мүмкүн эмес. Кээде апасын кызганган бала жөнү жок чыртылдап маанайы бузулуп, жакын адамыңыз менен кезигээрде кыялы кармашы мүмкүн. Алдап соолап, керектүү жерден катуу талапты да коё билиңиз.
- Сиздин түшүнүп алдаганыңызга болбой балаңыз ал адамды олуттуу кабыл албаса, демилгени сүйүктүүңүздүн өз колуна бериңиз. Балким, сиз таап айта албаган сөздөрдү ал айтып тентегиңизди кепке келтирет.
- Биринчи жолдошуңуздан биротоло кол үзүп, балаңызды катташтырбай тырышуунун кереги жок. Балаңыз ал ниетиңизди сезип эрегешиши мүмкүн. Жаңы "атасына" көнүп, мамилесин чыңдаганча, андан кийин деле өз атасы менен катышын үзбөгөнү оң.
- Эң негизгиси жаңы сүйгөнүңүз балага кандай мамиле жасап жатканына үстүртөн көз салыңыз. Ал тараптан орой мамиле, кол көтөрүү болгон жокпу, балага кысым көрсөткөн жокпу деген сактануу ашыкча болбойт. Себеби, экөөңүздүн мамилеңиздин чыңдалып кетишине бала түздөн-түз маанилүү роль ойнойт.
Урушуунун маданиятын билесизби?
"Эмне мага кыйкырасың? " деген фразадан башталган түгөйлөрдүн ортосундагы уруш-талаштын да өз эрежеси бар. Үй-бүлө болгон соң урушту түп-тамырынан бери жоюу мүмкүн эмес, бирок ортодогу сый мамилени сыйрып жоготпош үчүн кайым айтышуунун санын кыскартса болот.
1. Түгөйүңүзгө болгон таарынычты ичиңизге топтоп, сыртыңыздан сыр бербей жылмайып жүрө берүү сиздин негизги катаңыз. Мейли кичинекей таарыныч болсун, ылайыгын таап убагында айтып, чечишип алгандан өтөрү жок. Тымызын таарынып, тиш кайрап жүргүдөй жолдошуңуз сизге душман эмес да.
2. Уруштун себеби эмнеден чыкканын ойлонуп көрүңүз. Кээде болбогон майда нерсени ырбатып ийген учурлар арбын. Балким буга чейин андан чоң маселелерге деле көз жумуп жүргөндүрсүз. Кандай маселе жаралбасын, жолдошуңуз бир жакка шашып же маанайы жок болгон учурда сөз козгобоңуз. Кичинекей болбогон маселенин чоң урушка айланып кеткенинин себеби да ушунда.
3. "Азыр мен буга көрсөтөм" , "буларды айтам" деп ичиңизден ызырынып, урушка даярдануу андай деле зарыл эмес. Ошондон көрө "балким мен туура эмес кылып жаткандырмын, кай жеримен жаздым" деп өзүңүзгө суроо койсоңуз уруштун түйүнү чечилет.
4. Жолдошуңуз сүйлөп жатканда анын сөзүн бөлүп же андан катуу кыйкырсам жеңем деген оюңуз жаңылыштык. Көпчүлүк аялдар жолдошунун унчукпай калганын жеңилген катары кабыл алып кадимкидей кайраттанып калышат. А чынында ал теңелбей, акылдуулук менен жеңгенин ар ким эле мойнуна ала бербейт.
5. Урушту үйдөн чубап чыгып, туугандарды, досторду аралаштыргандан карманыңыз. Балдарыңыз, жакындарыңыз экөөңөрдүн "концертиңерге" күбө болбош керек. Жолдошуңуздун алсыз жагын айтып, мисалы урушка тиешеси жок болсо да "сенин апаң, сенин туугандарың" деп негизги темадан четтеп ошого басым жасасаңыз, анын көңүлүн суутуп алышыңыз мүмкүн.
6. Элдешүүгө биринчи кадам жасаганды намыс көрбөңүз. Көк беттик менен жеңгенден көрө жайдары мамиле менен үйдөгү "суук аба-ырайын" жөнгө салуу аял затына көбүрөөк мүнөздүү. Ошол ак көңүлдүгүңүздөн жазбай "мага эле керекпи" деген ойду алыс таштаган өзүңүзгө да, жолдошуңузга да жакшы.
Кайнененин тамырын кантип тартса болот?
Жашоодо кайнене-келиндин камыр-жумур болуп ынтымактуу жашапкеткен учурлары сейрек кездешет. Бирок кайненеңиз менен болгон мамилени бекемдөө сиздин колуңузда.
- Кайнене менен мамилени сый бойдон сактоонун бирден-бир жакшы жолу - андан бөлөк жашоо. Бирок бир үйдүн жалгыз же кичүү келини болсоңуз өмүр бою кйаненеңиздин көңүлүн алып, көзүн карап өтүүгө туура келет. Биринчи кезекте каалайсызбы жокпу, өз кызыкчылыгыңызды, көз карашыңызды чөнтөгүңүзгө ката туруңуз.
- Конокко камынып жатасыз, ошол учурда кайненеңиз чалып үй иштерине каралашып коюуну суранды. Баруудан өзүңүз деле баш тарта албайсыз го, бирок кийинчирээк бараарыңызды туура түшүндүрө билиңиз. Таарынтып албаш үчүн ылайыктуу сөздөрдү издегенден ээринбеңиз.
- Жолдошуңузду апасынын көзүнчө кемирип-кесип, кемчилдигин айтып даттанган туура эмес. Бул энесине да шек келтирип, аны сөзгө сындырганга барабар. Тескерисинче, уулунун кемчилдигин жашырсаңыз, кайнененин сизге ичи жылыйт. Баласынын кемчилдиктерин сиз баса белгилебесеңиз деле энесинен артык аны эч ким билбесе керек.
- Жолдошуңуз дем алыш күндөрдү апасы менен өткөргүсү келсе кабагыңызга кар жаадырбаңыз. Ошол учурдан пайдаланып кйаненеңиздин тамырын тартып, табити кандай, кайсы тамакты жакшы көрөт, тил табышыш үчүн кандай темаларды козгоо керек экенин аныктаңыз.
- Кээ бири үчүн кайнене окула элек китеп. Жаңы бүлөгө барганда өз эрежеңизди орнотконго ашыкпай, ошол үйдүн тартибине баш ийип жашаганды үйрөнүңүз. Бара-бара кызматыңыздын, сый мамилеңиздин аркасы менен кадыр-барк топтоп, сөзүңүз өтө турган кез да келет.

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 03:45

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: