Саламатсыздарбы урматтуу Форумчулар!
Мындан 2 кун мурун КТРКнын жанылыгынан журокту кейиткен кабар коргозду...
Иффат Эсенкожоева башка балдардай эле мектепте билим алып келген. Окууну мыкты өздөштүргөн Иффат бийлегенди жана ырдаганды да өздөштүргөн.
Мына ушундай бактылуу күндөрдүн биринде ал 7 жашында сол колун башкара албай калса, бир жылдан кийин сол буту баспай калган. Окууну таштагысы келбеген жеткинчек сабакка балдак менен баарууга туура келген.
Көзүнүн жашын көлдөтүп, кызынын жанынан чыкпаган апасы Замира Шаршеева, жакында эле жоон ичегисинен операция болгон. Оор буюм көтөрүү мүмкүн эмес болгондуктан,
жубайы Жаныбек Эсенкожоев да жумушунан суранып кызын имерчиктейт.
Эки айдан бери Иффат ордунан тура албай калды. Бирок учурда анын акыл-эси жайында.
Замира Шаршеева,Иффат Эсенкожоеванын апасы:
“Биринчи эле дарыгерлерге кайрылганыбызда,
алар туура диагноз койгон болсо, менин кызым мынчалык кыйналбайт эле. Ар башка дарыгер ар кандай диагноз кое берип, жыйынтыгында түрдүү дарынын айынан кызымдын оорусу дагы күчөп кетти. ”
Бейтапканага жакын болушу үчүн, Ысык-Көл облусунан борборго көчүп келген. Бирок өз үйүндө эмес, батирде баш калкалайт. Эми дарыга эмес, жашоочу жайга да акча жок.
Жаныбек Эсенкожоев,
Иффат Эсенкожоеванын атасы:
“Ысык-Көл облусундагы Түп районундагы үйүмө дагы сатылат деп жазып койгонмун. Эми ошол үйүм сатылып кетсе дагы жакшы болмок. Кичине болсо дагы балама жардам.”.
Эдиана Эсенкожоева,
Иффат Эсенкожоеванын эжеси:
“Бул ооруну бир гана Москвада дарылоого болоорун, мен интернет аркылуу издеп таптым. Ошондой эле, ОРТ каналынын балдар ден-соолугуна арналган телеберүүсүнөн көрүп аракет кылып баштадык. Бирок дарылоочу жайды тапканыбыз менен акча жок болуп жатат”. ))
"Карбамазепин,
адаптол, клоназепам,
диозепам өндүү ушул эле дарылардын баасы 2 миң сомдун тегерегин чапчыйт. Бир мезгилде, мектептин алдыңкы окуучуларынын бири болгон Иффаттын оорусун убактылуу басуу үчүн, бул дарылар 1 жумага араң жетет."
Булчуң эттеринин бузулушу, муундундарды башкаруучу мээнин иштебей калышы миллион адамдан бирөө кездешет. Мындай оорунун алдын алуу өлкөдө жок болгондуктан,
Орусияда гана операция жасалат. Ал үчүн 1 миллион 300 миң рубль керек. Кайрымдуулук кылып кол сунган жарандар экрандагы дарекке кайрылсаңыздар болот.
Кыргызстан коммерциялык банкы аркылуу эсептик картасы: №1030120202018902 БИК 103001 ИНН 02712199110068 жана (0777) 38-26-23, (0778) 38-10-26, (0772) 94-36-66 номуруна коңгуроо кылып жардам берсеңиздер болот.
Оор операциядан кийин Иффат балдак менен басууга гана туура келет. Аны 9 жылда бир ирет жеткиликтүү дарылап туруу керек. Кызынын өмүрүн сактап калуу үчүн президент, саламаттык сактоо министрлигине жана жеке-ишкерлерге кайрылган. Бирок, азырынча эч кандай жылыш жок болуп жатат.
Мээрим Бакир кызы, Алтынхан Бабаев КБК.
Иффатка ким жардам берет? Отунуч, кайдыгер карабаныздар...
#1 13 April 2012 - 11:07
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#2 13 April 2012 - 14:23
Allah ar bir insanga den sooluk bersin. Iffatdyn da ooru jenilinen bolup aiygyp ketsin.
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#3 03 May 2012 - 09:26
Угушумча Бул кызыбызга жардам кылып борбордо концерт болгону жатат окшойт ...
"Мен да, мен да ...Бактылуу болгум келет..."
#4 03 May 2012 - 10:19
Ооба, 15-майда Кыргыз Улуттук Университети демилге которуп, ырчы, тамашоучулардын катышуусунда концерт уюштуруп жатыптыр.
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#5 03 May 2012 - 12:48
Биз кандай кылып жардам бере алабыз?
Ibi victoria,ubi Concordia.
Бактылуумун. ..
Бактылуумун. ..
#6 03 May 2012 - 13:20
"Мен да, мен да ...Бактылуу болгум келет..."
#7 11 May 2012 - 15:07
Концерт 14 -майда экен.
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#8 11 May 2012 - 22:55
Салам, ай абдан кайгылуу го . Тенирим озу колдосун ылайым. Айтып калат го ар бир инсан оз ырыскысы менен торолот деп. Жаш экен жаратканым дартын бергенден кийин дабасын кошо берсин. Кудайым озу сактап, асырап, бат айыгып кетсин деп тилеймин.
Мен бир гана Жараткан Аллахымды жана ата-энемди суйомун.
#9 14 May 2012 - 10:57
Демек концерт бүгүн экен да, Рози эже толук маалымат берип койбойсузбу. Колубуз бошогондор барып келели. Менин түшүнгөнүм боюнча ал концертке алган билеттин акчасы Иффатка жардам катары кетет да ээ?
Спорт ордосунда (Дворец спорта) бугун 14-май 18-30да кайрымдуулук концерти болот.
Теле менен гезит бетиндеги билдируулорго таянсам, тушкон каражат Иффаттын операциясынан берилет.
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#10 14 May 2012 - 11:26
Мен барам иним менен синдимди ээрчитип алып 

"Мен да, мен да ...Бактылуу болгум келет..."
#11 17 May 2012 - 10:19
Эки кун мурун Иффаттын эжеси Эдиана,
концерт жакшы отконун айтты.
Эдиана: "Негизи операцияга 1 миллион 300 миң рубль керек. Бирок азыркы учурда бул сумманын жарымы дагы жок. Мумкунчулук болгон жерлерге кайрылып жатам" деди.
Пы.Сы. Колдоо корсотом дегендерге, Иффаттын эжеси Эдиана Эсенкожоевага байланышсаныздар болот.
Телефон номери: 0772 94-36-66
Эдиана: "Негизи операцияга 1 миллион 300 миң рубль керек. Бирок азыркы учурда бул сумманын жарымы дагы жок. Мумкунчулук болгон жерлерге кайрылып жатам" деди.
Пы.Сы. Колдоо корсотом дегендерге, Иффаттын эжеси Эдиана Эсенкожоевага байланышсаныздар болот.
Телефон номери: 0772 94-36-66
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!

Супер-Инфо
super.kg
видео












