Суперстан: Сынак - ыр түрүндө куттуктоолор! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • > Суперстандын архиви
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Сынак - ыр түрүндө куттуктоолор! “Супер- Инфо” 10 жашта!

#1 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Май 2012 - 18:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Адегенде " Сынакка катышып, байгеге ээ болуңуз! " темасына баш багып келиңиз.


Сынактын үчүнчү бөлүгү, “Супер- Инфо” 10 жашта” деген аталышат атайын ыр түрүндө куттуктоо . Эч кандай чектөөлөр жок. Кааласаңыз 10 сап болсун, кааласаңыз андан да көп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   toktobay   07 Май 2012 - 18:53

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 23 Апрель 12
  • Соңку аракети: 24 Янв 2014 01:56

Супер инфо он жашта ушул жылы.

Жазылган бул гезитке жашоо сыры.

Ар бир кыргыз алып аны окуй берсин.

Супер инфо кыргызстанда жашай берсин 


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Aydashka   07 Май 2012 - 20:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Сүрөт
Супер инфо сени окуйм ар дайым
Окуп алып көтөрүлөт маанайым
Сен жок болсоң жашоом токтоп калгандай
Узун өмүр чексиз бакыт каалаймын

Кирбей калсам форум деген сайтына
Токтогонсуп жумуштарым алдыда
Жума сайын күтүп окуйм дайыма
Арттa калбай мен мезгилден шашыла

Куттуу болсун 10 жаш сенин курагың
Үзүлбөсүн элге болгон кызматың
Керек болсо чет өлкөнү багынтып
Өсүп турсун дайым сенин тиражың

Сүрөт
★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   za.MiR   08 Май 2012 - 02:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 718
  • Катталган: 01 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 30 Дек 2012 02:38
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бан

Супер инфо 10 жашта
Толсун жашын жуз жашка
Куттуктаймын Суперди
10 жашынар кут болсун
Калеминер курч болсун
Гезитиниздер коп болсун
Бир жумада бир эмес
Чыгып турсун кун сайын
Супер менен бир болуп
Мезгилден артта калбайбыз! !! :гезит:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Fekus   10 Май 2012 - 14:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 280
  • Катталган: 12 Август 11
  • Соңку аракети: 04 Дек 2020 15:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кечээ эле ыңаалаган сен элең,
Там-туң баскан тайтайлаган неме элең.
Эми мына жетилипсиң талпына,
Болсо экен дейм сени ээрчиген неберең.

_____________________________________________________________________________

Мезгилден артта калтырбаганың жакты да,
Жакшы дагы сен барсың “СУПЕР” бактыма.
Жүрүшүңдү ылдамдаттың күн санап,
Чарчабастан чымыркана, аптыга.
Чындыктын жибин сууруп чыркырата,
Так-секирип чаң сапырып салды да.
Текке кетпей ар шилтеген кадамың,
Досторуңдан озуп чыктың алдыга.
Курбуларга маарып келем сени менен,
Ар күнү баш багып мен сайтыңа.
Жашоонун жаңылыгын жар салган бир,
Керектүү гезит болгун калкыңа.
Дагы көккө көтөрүлсүн байрагың,
Үмүтүм зор.... үлгү болгун жалпыга!

_____________________ ____________________________ ______________________________

Жакшырдың бапестелип каралгандай,
Жамаатың үй төрүнөн жай алгандай.
Барагың баракталып саны арбыды,
Көлчүктөн чоң бир көлмө жаралгандай.
Үй-бүлөң аман болсо сени менен,
Шыгың бар тээ узакка баралгандай.

________________________________________________________________________________________


Узак жолуң улант.. жол жүр... чарчабай,
Кылым кечир жашылданган арчадай.
Ишенимдүү бек бол дайым азыркыдай,
Тагдырыңды тамашага калчабай.
Анан дагы түптөп сени келаткан,
Султановду кое албайм го атабай.
Канынан жаралган өз балдарына,
Керек жерде каар көрсөткөн атадай.
Эмгектенип бүчүрүңдү көктөттү,
Кеңсеңдеги арыз муңдан жадабай.

-________________________________________________________________________________________

Тамга тердим сага болгон сүйүүм менен,
Сыймыктанам биз сырдашчу үйүң менен.
10жылдагы ийгилиң жар салып,
Кыйкырсамбы дилден чыккан үнүм менен.
Чындан айтам кубанычта көөдөнүм,
Маанайым зор ырдачудай түрүм менен.
Майрамдап мен да тосойун туулган күндү,
Колго кармап кызыл-тазыл гүлүм менен.
Куттуктаймын алаканың бек кысып,
Сүйүктүүм “СУПЕР” туулган күнүң менен!!!!

Билдирүүнү түзөткөн: Fekus: 10 Май 2012 - 14:31

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   kaitpas   12 Май 2012 - 15:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

СУПЕР-инфо мезгилдердин сынагы
Бугун мына онго толгон курагы
Куттуктаймын туулган кунун кут болсун
Жуздон ашсын омур жолу убагы.

Артта калбай мезгилдерден ар дайым,
Чын журоктон узун омур каалаймын
Окурманын болуп мен да туболук
Жазгандарын окуп дайым баалаймын

СУПЕР-инфо торколуу той кут болсун
Кенсенерге бакыт консун,кут консун
Жарыялап жанылыктар ар дайым
Баскан жолун байсалдуу ачык болсун

Супер-инфо мезгил менен жарышып
Он жыл бою дуйно менен таанышып
Бугун мына откорорсун чон тойду
Куттуктаймын чын журоктон катышып
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   historic   12 Май 2012 - 16:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

"Супер Инфо" 10жашта!

Күндөп өсүп окурмандын эсеби.
Күндөр өтүп там-туң баскан кечээги.
Чырпык гезит бир кездеги тигилген.
Жылдар өтүп, чынар болгон кезеги.

Сапар тартып жаңы доордун көч менен.
Сабыр менен канча дайра кечпеген.
Алга сүрөп ошондогу эрктүүлүк.
Артта калды конкуренттер көптөгөн.

Шайыр болгун кайгы-капа билбеген.
Сага деген көңүлүм жок кирдеген.
Тыным албай жыла бергин алдыга.
Түнөк таап жүрөктөрдөн миңдеген.

Баш бакканда super.kg сайтына.
Байлап алган бир укмуштай жай тура.
Көтөрүлөт чөгүп турган көңүлүң.
Катталууну сунуш кылам жалпыга.

Кыйын-кезең күндөр калып жон-ташта.
Кызыктырган "Супер Инфо" 10 жашта.
Колду кызып узак сапар каалайлы.
Кана эмесе кылымдарга жол башта!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   admin_superstan   14 Май 2012 - 10:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Баракелде!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Fekus   14 Май 2012 - 15:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 280
  • Катталган: 12 Август 11
  • Соңку аракети: 04 Дек 2020 15:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Мен дагы жаздым эле жарыялай берсем болобу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   admin_superstan   14 Май 2012 - 16:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Просмотр сообщения Fekus (14 Май 2012 - 15:24) жазган:

Мен дагы жаздым эле жарыялай берсем болобу?

Албетте!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   kaitpas   16 Май 2012 - 19:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Дагы бир жолу туулган кунун кут болсун СУПЕР-инфо!

Супер-инфо окуганда ар дайым
Которулот чогуп турган маанайым
Ошондуктан кубанычта мен дайым
Чын журоктон узун омур каалаймын

Жазгандарын дайым окуп келемин
Башкалардан айырманды билемин
Он жыл жашап оркундодун, онуктун
Мындан ары омурлуу бол тилегим

Конок болуп сайтына да киргенмин
Азыр жаран билбегенди билгенмин
Ичимдеги ой-кыялым жарытып
Жазуучудай форумуна илгенмин

Алыскыны жакын кылып ар качан
Мезгил менен алга кадам таштаган
Жарыялап жакшы ойду, тилекти
Окурманды туура жолго баштаган

Супер-инфо куттуу болсун тоюнар
Орундалып,ишке ашсын оюнар
Келечекте бирге болуп эл менен
Жаны жолдо,жаны кадам коюнар.

Биз да болуп жанынарда ар дайым
Туу тутайын мен да колун кармайын
Чын журоктон каалоо кылып оюмду
Супер-инфо ыр турундо арнайын.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   historic   18 Май 2012 - 20:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

Супер-Инфого

Атаандаш буттан чалса да,
Ар кандай күнгө калса да.
Мен дебей дайым эл деди
Мезгилден калбай аркада.

Күткөн күн келди жанырып,
Күлкү-ыр келди агылып.
Ак таңдай СУПЕР ИНФОНУН,
Айлында бугун жаңылык.

Түбөлүк жолго камынып,
Түйшүктөн бүтүн арылып.
Оронуп турат шаттыка,
Он жаштын гулун тагынып!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Aydashka   19 Май 2012 - 00:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Ап,баракелде. Биздин акындар алга!Сүрөт
★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Likvidator   21 Май 2012 - 09:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Тамашалуу ыр . )))

С - Султанов акем ойлонуп
У - Укмуш гезит жазыптыр .
П - Президент болуп гезитке ,
Э - Эл камын ойлоп калыптыр .
Р - Республиканы багынтып ,

И - Ийгилик оту жаныптыр .
Н - Нукура КЫРГЫЗ тил учун ,
Ф - Фанат болуп алыптыр .
О - Окуучу санын кобойтуп ,
Г - Гений создон жазыптыр .
О - Ошол гезит бул жылы ,

О - Онго толуп калыптыр .
Н - Намыстуу чыгып бул гезит ,

Ж - Жыл наамын утуп алыптыр .
Ы - Ынтымактуу жамааты ,
Л - Легенда болуп калыптыр .
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Narynbek   22 Май 2012 - 23:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

Куттук айтып кетейин
Кутту болсун он жашың
Мезгилден артта калтырбай
окурмандын баарсын
Өзүмдүн эле үй-бүлөм
Талашып окуйт баарысы
Жума күндөн башталат
Сүйүктүү гезит алалы деп
Кыздарымдын жаңжалы
Сандарын ирет келтирип
Тизип коюп шкафка
Мейман келсе биздерге
Окуйт Супер албетте
Эми кайра кайтайын
Он жашка жашың толуптур
Жүзгө чыксын ылайым
Алгалай бер алдыга
Окурмандар көбөйүп
Сүйүктүү болуп жүрө бер
Гезиттерден озунуп
Сүйүктүү сайтка келгендер
Күн санап дагы көбөйсүн
Туулган күнүң куттуктап
Тост айткандар көбөйсүн
Ишиңерге ийгилик
саныңар дагы көбөйсүн
Супер болуп жүрө бер
Мезгилден дайым озунуп
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   historic   23 Май 2012 - 20:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

Просмотр сообщения historic (12 Май 2012 - 16:13) жазган:

"Супер Инфо" 10жашта!

Күндөп өсүп окурмандын эсеби.
Күндөр өтүп там-туң баскан кечээги.
Чырпык гезит бир кездеги тигилген.
Жылдар өтүп, чынар болгон кезеги.

Сапар тартып жаңы доордун көч менен.
Сабыр менен канча дайра кечпеген.
Алга сүрөп ошондогу эрктүүлүк.
Артта калды конкуренттер көптөгөн.

Шайыр болгун кайгы-капа билбеген.
Сага деген көңүлүм жок кирдеген.
Тыным албай жыла бергин алдыга.
Түнөк таап жүрөктөрдөн миңдеген.

Баш бакканда super.kg сайтына.
Байлап алган бир укмуштай жай тура.
Көтөрүлөт чөгүп турган көңүлүң.
Катталууну сунуш кылам жалпыга.

Кыйын-кезең күндөр калып жон-ташта.
Кызыктырган "Супер Инфо" 10 жашта.
Колду кызып узак сапар каалайлы.
Кана эмесе кылымдарга жол башта!

Мезгилдерден артта калбай ар дайым.
Сен да калба, мен да алга чамдайын.
Ээрчишип жаны доорго барууга.
Элим мемен мен суперди тандайын.

Тугонбосун, курчуй берсин калемин.
Тумондосун окурманын, данегин.
Калем курчуп тугонсо эгер сыясы.
Карап турбайт, арт жагында бар элин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   kaitpas   23 Май 2012 - 22:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Жашоонун жазып сырларын
Дуйнонун оор кырдалын
Жеткирип дайым эл учун
Кун туну иштеп тынбадын

Он жылдап эмгек кылганын
Айтайын алга жылганын
Ооруна чыдап турмуштун
Кыйналсан дагы сынбадын

Суперим бугун майрамын
Куттуктап омур каалаймын
Он жылдап баскан жолунду
Окуган сайын баалаймын

Куттуктап бугун турабыз
Окуйбуз конул бурабыз
Сайтына кирип ар дайым
Достошуп маек курабыз

Маанайды дайым которуп
Жазганын окуйт элибиз
Турмуштун таттуу,ачуусун
Тушунуп дайым келебиз

Ааламдын ар бир кызыгын
Озундон окуп билебиз
Жазышып талкуу кылышып
Сайтына дагы киребиз

Он жашка кадам таштадын
Суйуктуу болуп баштадын
Мекенин учун жан куйуп
Эн татаал жолду басканын

Жылдыздар менен таанышып
Кошулуп сен да ырдадын
Саясат менен салышып
Серепчи болуп сындадын

Куттуктап бугун баарыбыз
Келгиле достор ырдайлы
Откон кундорун бир эстеп
Баарыбыз бирге сырдайлы.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   elif   24 Май 2012 - 14:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 021
  • Катталган: 01 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 21 Янв 2019 03:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Туркия

Сaгынып узaктa жургонумдо
Сaргaрып оттой болуп куйгонумдо
Тaaныштым бироо менен бу дуйнодо
Aнын aты aкыйкaттуу Суперинфо

Aны окуп турдуу дуйного aттaнaм
Чыгыш-бaтыш, тундук-туштук aйлaнaм
Сулуулук,спорт, шоу дуйно,сaясaт
Бaaрынaн дa ысык джет кaбaр aлaм

Коктон коксоп ее боло aлбaй сезимге
Сaгынычым жолдодум оз елиме
Мaйрaмдык белек кылып жaны жылдa
Сaлaмымы жолдодум aтa-енеме

Бaaры бaр турдуу тустуу Супер дуйно
Aрбaлып тaртылaмын кундон кунго
Aрттa кaлбaй сен дa aндaн кaбaр aл
Коросун го орун aлaт aл журогундо

Куттуу болсун 10 жылдыгын Суперим
Сен менин жылдызым,кунум, aйым,перим
Омурун узун болуп кылым кaрыт
Бузулбaсын aр дaйым ушул кен пейилин
Прикрепленное изображение: Image2137.jpgjpg]
Прикрепленное изображение: Image2142.jpg
все что ни делается все к лучшему :(
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Tentewka   24 Май 2012 - 15:43

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 780
  • Катталган: 24 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 27 Фев 2014 15:23
  • Жынысы:Аялзаты

Мен дагы кыстырма кылып коёюнчу

Супер мына 10 жашта
Куттук айтам мен сага
Бириктирип элдерди
Алга умтул,садага

Жашың сенин ондо эле
артка таштап атаандаш
алдыга оздуң чын эле.
Ак жол каалайм ишиңе
Төгүлүп турсун береке

20 жана 30 жыл
бирге чогуу бололу
андан да ары буюрса
100жашка барып тололу

Жемишиң эми көрө бер
Маалыматты жеткирип
кызыктуу макалалар менен
Эл батасын ала бер

Сүйүп сени жаркыным. Күйүп сага алтыным. Айтсам дагы арзыбайт. Бир сөз эмес алты миң.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Барс   24 Май 2012 - 21:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

10 жылдык маарекесине даярданып жаткан «Супер-инфо» гезитине жана “Super . kg” сайтына куттук ыр.
Кылыч мырза сепкен гезит-үрөндөн,
«Супер- инфо» деген жаңы гүл өнгөн.
Артта калды канча гезит тираждан,
Мамбюжеттен «мамак» эмип үйрөнгөн.

Ал гезиттер чаңда калса сандалып,
«Супер-инфо» айдан-айга жанданып...
ММКда кадыр-баркы өсүүдө,
Калайык калк окуйт аны таң калып...

“Super.kg”- менин сүйгөн жайытым,
Кыргыз тилдүү порталдардын байысың.
Тең бөлүшкөн кубанычты, кайгыны,
Теңтуш, курбу,кары-жаштын жайысың.

Кылдат кармап бул доордун тамырын,
Күндөн-күнгө Эртең болуп жаңыргын.
Сенден дайым угуп турсун калайык,
Келечектин, болочоктун Шаң ырын!

Сен-гезитсиң маалыматтык маанайшат,
Сага баары Үмүт артып карашат.
Мезгил менен тең жарышып, озуп жүр,
Супер, сага ошол гана жарашат!

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 24 Май 2012 - 21:32

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстандын архиви
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 16 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 16, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Авг 2025 00:11

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: