Урматту форумчулар!
Бардык эле диндер адамды адеп-ахлакка,
ыймандуулукка,
ж.б.у.с. жакшы сапаттарга тарбиялайт.
Мен исламда ата-эненин орду канчалык өйдө экенин угуп, көрүп жүрөм. Менин кызыкканым,
башка диндер дагы ошондой сыйлайбы же кандай?
Исламда мындай дейт "Бейиш энелердин таманынын астында!".
Ата-энени кайсы дин көбүрөөк урматтайт? ата-эненерди канчалык жакшы көрөсүңөр?
#2 15 May 2012 - 17:03
Кайсы дин болбосун баары эле урматтоого чакырат. Анткени баардык диндердин максаты бир болгон. Заман откон сайын коом аларды бурмалап коюшкан. Ошондуктанакыркы Куран жана Пайгамбар Мухаммед с.а.в. коргозгон жолу акыркы дин болгондуктан,
Ислам динин пренциптери бизге туура келет.
#3 15 May 2012 - 18:16
Албетте Ислам дини да! Калган диндерде деле бар дечи бирок Ислам динине жетпейт
.
#4 15 May 2012 - 19:00
islam dini dep oiloimun,sebebi bashka dinder boiuncha maalymatym jok,okumushtuu bolgonumda baaryn aityp beret elem
shaste zdes kogda ya zdes
#5 15 May 2012 - 19:28
Менимче,
бардык динде ата-энени урматтоо деген жакшы иштерден деп таанылып, ал ишти кылууга үндөйт болушу керек. Ошол жана башка иштер аркылуу диндердин бири-биринен айырмасын биле албай "Диндин баары окшош" деген тариздеги ойдо жүргөндөр да чекеден чыгат.
Ислам дини, албетте, "ата-энени Кудайдан кийинки эле орунда урматта" дейт. Бирок, "бир гана ушунусу менен Ислам башка диндерден айырмаланат" деген адам жаңылышта болот. Ислам дининин башка диндерден болгон айырмасы бир гана нерседе - ал, Бир Кудайга, тагыраак айтканда, Аллахка гана сыйынууларды арноо, Аллахты гана Кудай деп таануу, бир гана Аллах ырыскы берет, бир гана Ал өлүм-өмүр берет жана бир гана Ал соттойт деген түшүнүк же жалпылап жана орусча айтканда айтканда, религия ЕДИНОБОЖИЯ (таухид). Мына дал ушул нерсе башка диндерден айырмалап турат. Ал эми "уурдаба" , "өлтүрбө" , "сойкулук кылба", "бирөөнүн акысын жебе", "адамдарга жакшылык кыл", "балдарга жакшы тарбия бер", "түз жүр" деген сөздөр бардык диндерде бар..

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#6 16 May 2012 - 08:06
Ислам дини эн жогору баалайт...
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#7 16 May 2012 - 16:25
Орустар көбүнчө ата-энеси карыганда жалгыз карабай тыштап коюшат го. Биз жакта көбүнчө орус кемпирлер жалгыз жашашат.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#8 16 May 2012 - 16:44
мен озум намаз окугандыктан айтмакмын албетте Ислам дини эн жогору баалайт.Бир эле мисал: ата энеге соз кайтарып,алардын конулун калтырганча 100 куноо арттырганын он делген.Мына ушул созго таянып айтаар элем ата энебизди сыйлайлы жана урматтайлы достор!!
!
#9 19 April 2016 - 10:50
Албетте ислам дини эн мыкты урматтайт ата-эне,бир тууган жана башкалар менен да жакшы мамиледе болууга чакырат.
Мындай окуя бар го бир кемпир оз баласын медресеге тапшырганы келет (каапыр кемпир) андан ошол жердеги ислам аалымдары,эмне учун баланызды мусулман кылгыныз келет? Дегенде.Себеби; мен каарыганда жалгыз жашагым келбейт мусулман адамдар каарыганда оз ата-энесин таштап кетбейт деп жооп берет го.Ошону сынарындай ислам дининде эн мыкты сыйлайт деп ойлойм ата-энени..

Супер-Инфо
super.kg
видео