Суперстан: Атактуу акындарыбыздын сезим тамчылары - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Атактуу акындарыбыздын сезим тамчылары

#21 Пользователь офлайн   Takeshbek   26 Январь 2012 - 16:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 338
  • Катталган: 01 Февраль 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2014 00:38
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каякта жашасам ошол жак!!!!

ЖЕТИМГЕ КАЙРАТ
Жеңелериң жерге кир, — деп тилдесе,
Агаң кээде, ай жетим, — деп сүйлөсө,
От жанында улутунуп олтурсаң

Ойлоп-ойлоп ойго түшөм бир нече.

Ким турмушта жакшы жашайм дебеген
Ким турмушта ачуу-таттуу жебеген.
Он жыл мурун какшап, маарап бир улак

Өзүң окшоп жетим калды энеден.

Эмип кирсе эмчектерин түрткүлөп,
Көп эчкилер көмөлөтө сүзгүлөп,
Далай аял таяк менен сабады

Табактагы сүтүмдү уурдап ичти деп.

Жылдар өтүп, айлар суудай агылды

Жетим улак таңгалдырды айылды.

Эркеч болуп, короо-короо кой баштап
Койчумандын коңгуроосун тагынды.


Сен да бөбөк эр жетилип, толорсуң,
Ал улактай элдик жигит болорсуң.
Жетим кылбай жетилдирет заманаң

Жетимдикти чыгарып сал санаадан!

Б.Сарногоев
Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Delicacy   01 Март 2012 - 16:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 293
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 22 Мар 2016 21:54
  • Жынысы:Белгисиз

... Алдастуу акын болбой тамчы болсом,
Аскага суротунду чегээр элем...

деген ыр саптарын толук билгендер болсо жазып койгулачы сураныч.:менин жүрөгүм:
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   jonne   13 Май 2012 - 17:29

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 41
  • Катталган: 17 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 18 Сен 2021 15:17
  • Жынысы:Эркек

Накыл

Актан бүткөн амирди,
Эч бир пенде биле албайт.
Жетесизге кеп айтсаң,
Мойнун бурап тил албайт.

Саратан кетпей тоң болбойт,
Назардан калган чоң болбойт.
Эл менен эрсиң азамат,
Элсиз ишиң оң болбойт.

Кушту учурган пар болот,
Эрди учурган зар болот.
Жүкчүл төө нар болот.
Боло турган жигитте,
Намыс менен ар болот.

Атадан каргыш алгандар,
Акыры барып кар болот.
Өрдөк учса каз калбайт,
Жакшы адамдын белгиси,
Ортодон ушак сөз өтсө,
Билмексен болуп эске албайт.

Кеп сүйлөбө, ойлонбой,
Акыл чыкпайт толгонбой.
Акылман чыкса калкыңдан,
Алтындан чеп коргондой.
Өмүр өтөт, токтобойт,
Ар бир көргөн күндөрүң,
Бир-бирине окшобойт! .

Жаман кыздын сыягы:
Мокок болгон ороктой.
Баланча ишти кыл десең,
Буртуюп коёт тоготпой! ..
Айылдап кетет талпактап,
Эптеп көйнөк тиге албай
Этек-жеңи салпактап.
Ойку-кайкы кептери,
Тартиби жок жалжактап.
Өөдөсүнүп, керейет,
Өзүн койбой салмактап.

Жакшы кыздын сыягы:
Алтындан соккон жамбыдай,
Адеп менен сүйлөсө,
Ар адам тилин алгыдай.
Келбет, тулку келишкен,
Көркүнө көзүң каңгыдай.

Жаман болсо алганың,
Кутулбаган балаага,
Кудай салса калганың.
Жарасы бүтпөй жатканда,
Жаңырат жаңы жаңжалың.
«Булар эмне болгон» деп,
Беймаза болот балдарың.
Жарыбагыр, кургур деп,
Жадыңдан кетпейт арманың.

Эр кадырын бек тутат
Ыйманы бар ургаачы.
Айнектен артык таптаза
Кармаган казан, тулгасы.

Өйдөгө арык жүрө албайт,
Өксүгөн пенде күлө албайт.
Өлөөрүн адам биле албайт,
Өзү баш бала тил албайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Begimkyz   17 Май 2012 - 13:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 13 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 13 Фев 2024 19:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Οω- Μοsκβα

Менди Мамазаированын калемине таандык бул саптар, журогумо жетти.

Сүйүнүп турам,көктөмдүн жыты буркурап
Таң менен кечте чымчыктар чакта чуркурап
Эрте жаз каары,Эшикке чыгып кете албай...
Отурам ойлуу,терезе тиктеп ыр курап
Мынаке эми,жаз дагы кайтты сапардан.
Байчечек жайнап,Башкача аңкып атаар таң...
Сенн гана кайтпай,убара көзүм чарчады.
Тигиле берип....
Досторун жүрчү катардан... 
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Барс   17 Май 2012 - 14:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Просмотр сообщения Begimkyz (17 Май 2012 - 13:54) жазган:

Менди Мамазаированын калемине таандык бул саптар, журогумо жетти.

Сүйүнүп турам,көктөмдүн жыты буркурап
Таң менен кечте чымчыктар чакта чуркурап
Эрте жаз каары,Эшикке чыгып кете албай...
Отурам ойлуу,терезе тиктеп ыр курап
Мынаке эми,жаз дагы кайтты сапардан.
Байчечек жайнап,Башкача аңкып атаар таң...
Сенн гана кайтпай,убара көзүм чарчады.
Тигиле берип....
Досторун жүрчү катардан...


Меңдинин мыкты акын экени талашсыз. Анын ырларын сүйүп окуу менен башка окурмандарга да мүмкүнчүлүк түзгөнүңөр сооп иш. Бирок, сүйүктүү акыныңыздын ырларын катасыз жазсаңыз андан бетер адеми иш болор эле... Анткени, ката жазылган бир сөздөн ырдын мааниси бузулуп калат эмеспи!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   zhazira   17 Май 2012 - 15:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 881
  • Катталган: 31 Май 11
  • Соңку аракети: 30 Июн 2014 19:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Гамбург

Просмотр сообщения Delicacy (01 Март 2012 - 16:47) жазган:

... Алдастуу акын болбой тамчы болсом,
Аскага суротунду чегээр элем...

деген ыр саптарын толук билгендер болсо жазып койгулачы сураныч.:менин жүрөгүм:


Жан жеткис тилсимдеги журок болсом,
Эсепсиз узун омур бойоор элем.
Гулдогу сайрап турган булбул болсон,
Талпынып так жанына коноор элем.

Ойлонуп уктай албай жатканында,
Оюнду сайроо менен женер элем.
Алдастуу акын болбой тамчы болсом,
Аскага суротунду чегээр элем...
Бири кем арман дүйнө...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   zhazira   17 Май 2012 - 15:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 881
  • Катталган: 31 Май 11
  • Соңку аракети: 30 Июн 2014 19:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Гамбург

КЫРГЫЗ- ЫЙМАН

Кыргыз чегин курчап турган тоодо адеп!
Кыргыз жак деп суусап турган жоодо адеп!
Башкалар бүт «ба-а!» деп келсе дүйнөгө,
байкагыла, кыргыз туулат «ооба-а!» деп!

«Ооба-а!» деген сөздүн ошол деминен
орду менен мөңгүлөр да эриген!
Кандай арман — жерди таштап көз жумуу,
андан арман — кетүү кыргыз жеринен!

Конушун көр — коңшу турган айы бар,
комузун көр — жүрөк, жүрөк сабы бар.
Кырдан ойго, ойдон кырга зуу койчу
кыргызга бул кыйын заман багынаар.

Ооз ачылат, эрдигиңе, бир карап -
оорчулукту коштоп шаттуу ыр барат!
Илинсе эгер кыйшыгыраак, чалараак
илгичтеги кийим канча кыйналат?! ..

Кыйынчылык басса дагы жол болбой,
кыргыз-ыйман калбасын эч корголбой.
Кам көр ага — диванда жаш баланын
капталына төшөк-таянч койгондой…
Бири кем арман дүйнө...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   origami   29 Ноябрь 2013 - 00:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 337
  • Катталган: 13 Июнь 13
  • Соңку аракети: 27 Дек 2016 21:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

CҮЙҮҮ ТЕЛЕФОН
Шарт таанып менин суйлоп жатканымды,
Шарт уруп трубканы таштадыңбы.
Үйрүлүп турсам дагы дал ушундай,
Үстүмо таштайсын го асманыңды?

Чыдабай неге чалдым келесоомун,
Чынында сенден уккан жеме сонун.
Капыстан башка жеген иттей болуп,
Каңшылап жатат сүйүү телефонум.
К.КУЛТЕГИН.
Сени да ийген тура турмуш заары,
Бакыттын,азаптын да болот маалы.
Сыртынан сыр бербеген менен канча,
Бир арман менен жашайт жандын баары...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   bakai_k   24 Декабрь 2013 - 15:54

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 7
  • Катталган: 18 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 03 Май 2018 00:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Мен киммин, мен бир акын
жаман сары,
Колунда койкоңдогон калам
сабы.
Энекем эптеп төрөп койсо
керек Кыргызда көбөйсүн деп адам
саны. Китепте ырларымдын начары
көп,
Күйпөктөйм элге жетпей
жатабы деп.
Кез-кезде көк базарга бара
калам Соодагер наспай ороп сатабы
деп. Чынында чыгарманын чатагы
көп,
Жакшысын жаратуунун азабы
көп.
Кез-кезде айылга да бара
калам Кээ бирөө кесип, айрып
жатабы деп. Мен киммин, мен бир акын
жаман сары,
Колунда койкоңдогон калам
сабы.
Кылган иш, ырым менен
кубантсам дейм Кыргызды, кыргыз сүйгөн
замананы.
Байдылда Сарногоев. 20 кылымдагы кыргыз
поэзиясынын эң жаркын
жылдыздарынын бири,
белгилүү акын Байдылда
Сарногоевдин ырлар
жыйнагы. Байдылда Сарногоев Байдылда.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   origami   26 Декабрь 2013 - 02:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 337
  • Катталган: 13 Июнь 13
  • Соңку аракети: 27 Дек 2016 21:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Сени бир уурдап кетким келип журот!
-деп кулуп коп чаласын тамашага.
Качандыр акыл-эсти женип журок,
жаштык чак кайтып келсе гана сага?!

Кымбаттык жолун жээктеп кыйышпастык,
эркелеп кун нуруна бийик оскон
гулдой жон,жагымдуу биздин достук.
Мин артык кээ бир женил суйуулордон.

Козубуз козубузду корсо кулгон
Ортодо ишеничибиз сезилген тоо.
Мени бир уурдап кеткин келип жургон,
айтылып кала берчуу созундон оо!

Б.Чотурова.
Сени да ийген тура турмуш заары,
Бакыттын,азаптын да болот маалы.
Сыртынан сыр бербеген менен канча,
Бир арман менен жашайт жандын баары...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Jamalym   27 Декабрь 2013 - 02:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Мидин Алыбаевден ыр саптары.


Кээде буркоо, кээде жарк дейт кабагын,
Кантип сенин кыялынды табамын?
Мен озумду эр кокурок корсом да,
Ээрчип жургон колокондой санадын.
Журогумду куйкалайсын жалындай,
Журо албаймын кундо сени сагынбай.
Мээ сергитет менде жургон элесин,
Мелбиреген Ысык-Колдун танындай.
Козун укмуш ак чынында карагат,
Коп караба журогумду жаралап.
Коонун болсо бир белгинди билдиргин,
Киши жалдап суйо албаймын паралап.
Эч пайдасыз ээрчип журом эринбей,
Жооп берчи же жок дечи керилбей.
Кээ бир тушто беттен сылап коёсун,
Июльдагы кок конуштун желиндей.
Сурдоп кетем капыс жерден кабылсам,
Кечирип кой мен суйуумдон жанылсам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Jamalym   05 Январь 2014 - 05:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

"Озуно"
Жолон Мамытов


Эстуу жансын ичтен мени аяйсын,
Кызыгасын алдыртадан карайсын.
Жалынына куйо берип тугондум,
Билбей калдым эми эмнени каалайсын.

Алда жакшы,ичтен сызып суйушкон,
Жабык сырды жабык бойдон билишкен.
Жер устундо жургон менен экообуз,
Умутубуз жолугушат бийиктен.

Сырлары коп бул турмушка кошуп сыр,
Узун тундо мен озуно арнайм ыр.
Жолугушуп,жолду богоп алгандан,
Жабык бойдон кала берген жакшыдыр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   BORN.kg   15 Январь 2014 - 22:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 655
  • Катталган: 10 Февраль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2016 11:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кадамжай

АТАСЫ БАЙЛАРГА.

Айыкпай жүргөн жарасы,
Ак калпак элдин чаласы!
Алеша болуп чоңойгон,
Ар кошкон журттун арасы!
Арманым айтам, угуп кой,
Атасы байдын баласы!

Өткөндүн тийип эпкини,
Өзүңө кезек жеттиби?
«Сатамын» деген сары оору,
Сарыгып, башка тептиби?
Эми эле болгон окуя,
Эсиңден чыгып кеттиби?

Абаны тешкен ок элек,
Алообуз даяр чок элек.
Аламан түшүп удургуп,
Аянтта жүргөн топ элек.
Капырай, анда бириңдин,
Карааның көргөн жок элек.

Өлкөсүн көрүп сатылган,
Өлүмгө тике катылган,
Салгылаш үчүн келгендер,
Сап-сапка түшүп атылган.
Сарайдан качып сасыктар,
Сарылар жакка жашынган.

Атылган октон эселеп,
Айкөлдүн духу көкөлөп,
Ажалдуу жаштар Ак Үйгө
Апкелген болчу, жетелеп.
Айтылган Ата Бейитте
Антыңар эстен кете элек.

Талоонго түшкөн түн болду.
Табалап турган күн болду.
Өлгөндөр үчүн өч албай
Өрттөнүп жаным күл болду.
Кан ичме зөөкүр душманды
Качырып ийген ким болду?

Тактынын күчүн сездиңер,
Талашып жүрүп жеттиңер.
Мыкаачы жолун тосо албай
Мыйзамга шылтап кестиңер.
Үмүттүн отун өчүрүп
Үч жылдан артык эздиңер.

Башкача жолу жок сыңар
Башмыйзам күүсүн создуңар.
Жат элдин сөзүн былгыткан
Жандардын баарын коштуңар.
Кечээки чыккан жаштарга
Кеңешип койгон жоксуңар.

Жөөттөн арткан зил калды.
Жөөлөгөн орус тил калды.
«Жарандык экөө болот» деп
Жашынып кирген жин калды.
«Сатылсын» деген жол-жобо
Сакталуу бойдон тим калды.

Бийликке жеткен жаныңар,
Билинип калган алыңар.
Уурунун жолун кыя албай
Ууланган окшойт каныңар.
Бүгүн да турат элестеп
Бурулуп кеткен далыңар…

Тактабай сөзүң тантырап,
Тарыхты кирдиң аткылап.
«Орус» деп айкөл Манасты
Ой-тоону жүрдүң чапкылап.
Оозанаар кезде андайды
Окудуң бекен жакшылап?

Калкыңа көөнүң бош болду,
Кастарың кайтып дос болду.
Эмгиче дайны чыкпаган
Эскинин дарты козголду.
Ак менен кара билинбей
Азыркы заман боз болду.

Алтынды күтсөк жез келди,
Ачыла турган көз келди.
Андагы далай кылыгың
Айтыла турган сөз келди.
Кечирип жүргөн кең кыргыз
Кече албай турган кез келди.

Кулагын кесип, кан кактап,
Кумарга батып дардактап
Өчөшкөн кыргыз балдарын
Өлтүрүп турган таңгактап,
Уурунун кески башчысын
Узатып койдуң ардактап.

Оюнчук көрүп элиңди
Оодарып алба жериңди.
Бооруңду ачып башкага
Бошотуп койдуң белиңди,
Казакка берген сырыңды
Калганы билбейт дедиңби?

Кыргыздын мүлкү таланып
Кылактайт, өкмөт таранып.
Тагдырын көрбөйт, тарыхты
Таш күзгү кылып каранып.
Санаасы кайра баягы –
Сатсам деп турат жаланып.

Кесегиң менен майдаң бар,
Кезекке туруп сайган бар.
Эскинин түшсөң жолуна
Элиңе канча пайдаң бар?
Өлкөнү кайра сатсын деп
Өлбөсө керек кайрандар?

Эгемен журттун чатыры!
Эзелки тактын жакыны!
Эл-журтуң үмүт үзө элек.
Эсиңе келчи, акыры.
Жакшылап азыр жаппасаң
Жаман-жуман жерлериң
Жалжайып бара жатыры…

Ж.Касаболотов
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Aitunuk   21 Август 2014 - 21:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

КЫЯЛБЕК УРМАНБЕТОВ

КОҢГУРОО
— Ким аласа атамдан? Мен беремин!..
Карап турду баш чайкап калың эл-журт.


— Ким аласа атамдан? Мен беремин!..
Карап турду жаш чайкап калың эл-журт.


— Ким аласа атамдан? Мен беремин!..
«Карызы жок» дегендей дагы жымжырт.


Атам өлдү, өлмөк болчу акыры,
Арман кылып айтканда не датымы?
Кейигеним: ыр бермети азайып,
Кемий түштү кыргыздын бир акыны.


Барктай билген досторуна кубандым,
«Балам» деген жакшы сөзүн уга алдым.
«Атам өлдү, аны көргөн өлбөсүн!» —
Аятындай кайталаймын курандын.


Санабаймын жакынын да, алысын,
Карабаймын жашын дагы, карысын,
«Досумун» деп айткандардын баарына
Доо кыламын маркумдун бир карызын.


Атам өлдү, өлсүн кошо жамандык,
А силердин парызыңар адамдык:
Бар болгула, баардаштары атамдын!
Баарыңардын карызыңар — амандык.


— Ким бересе атама? Мен аламын:
Эсен болуп эстей жүр атамды да…
Коңгуроодой кагылып жатам мына!



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Jamalym   06 Сентябрь 2014 - 11:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Сүйүнчү, ата болдуң!

Төрөлүүдө -
Сен жыттанган ырларым!
Кубангандан…
Билесиңби, ыйладым!
Экөөбүзгө
окшош куюп койгондой -
Катар, бирок
кайчы өтүшкөн жолдордой!

Кудум сендей -
Жүрөгүнүн кагышы,
Сүйлөгөнү,
күлгөнү да, дабышы!
(Алда нелер удургууда ичимде,
Дагы калып
калган окшойт, ай ушу!)

Мына-мына,
Таптым да бир перизент!
О, Кудурет,
Экөө экен - эгиз, эх!
Эч кимде жок,
эч ким бербес бакытты,
Эми мага
мына ушулар беришет!

Жыттанышкан -
Жыргал, сүйүү жана арман,
Садагалар,
Сагынычтан жаралаган!
Жүрөгүмдөн ырдап,
ыйлап түшкөнгө,
Мага өмүрдүн
жыты келет алардан!

Башкаларга
жакпас, балким мүнөзү,
Ымыркайдын
жоктур анда күнөөсү?
Бири мынча
калбаат кагылайыным,
кудум мендей
романтик бирөөсү!
Ушакчылар
балким эми сөз кылаар:
"Ушу ырына окшобойт, - деп, - күйөөсү..."

Жыпар Исабаева.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   Jamalym   06 Сентябрь 2014 - 11:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Чоң эне

Бүктүшүп, ыйлап жатып сени эстедим...
Күз түшүп, көңүлүм жаз эмес менин!
Ансайын, эреркеймин, Энекебай,
Айланып, чебеленсе элестериң...

Санаалар тынч уйкумду бузат дагын,
Талаалар, тоолорду ашып учат жаным...
Мынакей - бала чагым, биздин айыл,
Анан да мени шаарга узатканың.

Ошондо, апакемдин көздөрү ай -
Ишеним, үмүт, мээрим толуп турган!
Күлүмүш болгон менен жүрөгүнүн,
учунда бир убайым конуп турган!

Колдору!.. Апакемдин колдору ай!
Нан жапкан, мал да баккан, очок жаккан!
Шуудурап туруучу эле алаканы,
Тынымсыз тарткан түйшүк, ысык-сууктан!

Уядан учуп чыгып ошол күнү,
Карааным карегиңден үзүлдү эле!
Жашоонун жалгандыгын апакебай,
Ал кезде кызың кайдан түшүндү эле?!.

Жарышып, мезгил деген күлүк менен,
Күлүк бол! - дечү элең күйүкпөгөн!
Кусалуу карачусуң эртеңиме,
Каректе мелт-калт толгон үмүт менен!

Жашоо - жол! Жашоо - турмуш, түмөндөгөн!
Кубаныч, кайгысы да түгөнбөгөн!
Бүгүн сен... жоксуң апа! А мен сендей -
Энемин, жөжөлөрүн түгөлдөгөн! ..

Жыпар Исабаева.

Билдирүүнү түзөткөн: Jamalym: 06 Сентябрь 2014 - 11:16

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   gulmira96   06 Сентябрь 2014 - 14:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 122
  • Катталган: 27 Июль 13
  • Соңку аракети: 10 Дек 2020 15:00

Сен адамсың, жарты эмес бир бүтүн,
Сезгин, тапкын бар бакыттын үлгүсүн.
Тумандан да көрсөк болот жарык нур,
Туура кармап бу турмуштун дүрбүсүн.
Калп дүйнөгө казык болуп не керек,
Калса калаар жакшы сөзүң бир күкүм.

Сен адамсың, акыл-эстүү жансың да,
Сенек болуп тирүүлүккө жанчылба.
Аздыр-көптүр кайгы үчүн кайыгып,
Адам деген дарегиңе камчы урба.
Үйүп алып көөдөнүңө боштукту,
Үмүтүңдү таштандыга калтырба.

Сен адамсың, жапыз болуп тепселбе,
Сезим өлүп калбаш керек эч сенде.
Таңгалдырып басып кеткин кулабай,
Тагдыр келип так жүрөккө тепкенде.
Көзүң барда ак дил менен жан үрө,
Көөдөнүңө “АДАМ” данын сепкенге.

Сен адамсың, кенен атта, тушалба,
Сен адамсың, так жебедей уч алга.
Келечегиң жатпаш керек оролуп,
Келечексиз кайгы, санаа, кусаңда.
Каалайм сага нур жолдорду адамзат,
Кана эмесе тагдырыңдан ут анда!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Belmonda   21 Октябрь 2014 - 23:09

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 17 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Ноя 2021 08:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Корунбойт экен

Просмотр сообщения gulmira96 (06 Сентябрь 2014 - 14:56) жазган:

Сен адамсың, жарты эмес бир бүтүн,
Сезгин, тапкын бар бакыттын үлгүсүн.
Тумандан да көрсөк болот жарык нур,
Туура кармап бу турмуштун дүрбүсүн.
Калп дүйнөгө казык болуп не керек,
Калса калаар жакшы сөзүң бир күкүм.

Сен адамсың, акыл-эстүү жансың да,
Сенек болуп тирүүлүккө жанчылба.
Аздыр-көптүр кайгы үчүн кайыгып,
Адам деген дарегиңе камчы урба.
Үйүп алып көөдөнүңө боштукту,
Үмүтүңдү таштандыга калтырба.

Сен адамсың, жапыз болуп тепселбе,
Сезим өлүп калбаш керек эч сенде.
Таңгалдырып басып кеткин кулабай,
Тагдыр келип так жүрөккө тепкенде.
Көзүң барда ак дил менен жан үрө,
Көөдөнүңө “АДАМ” данын сепкенге.

Сен адамсың, кенен атта, тушалба,
Сен адамсың, так жебедей уч алга.
Келечегиң жатпаш керек оролуп,
Келечексиз кайгы, санаа, кусаңда.
Каалайм сага нур жолдорду адамзат,
Кана эмесе тагдырыңдан ут анда!!!

Оохххх журогум иийй
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   Kgstar96   22 Март 2016 - 10:59

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 06 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 12 Июн 2020 22:15
  • Жынысы:Эркек

Суйгонумо гул беруунун ордуна.
Акчасыны берип койдум колуна.
Бекер эле соолуп калат гул деген.
Андан коро бирдик салсын счётуна.

Суйгонумду чакырбадым кафеге.
Чонтогумдо акчам ото аз эле.
Андан коро сейил бакка чакырып.
Бир лепешка алып бердим жана эле.

Олтурабыз лепешканы кемирип.
Анда санда кучакташып эзилип.
Суйушконго кереги не кафенин.
Кундо кирип кеткичекти семирип.

Чонтогумдун жукасына карабай.
Мени менен жургон кызды кара ай.
Мына ушундай эстуу кызга жолуккан.
Тагдырыма ыраазымын аябай.

Балли балли суйушкондор жашасын.
Чындап суйуп карабаган акчасын.
Раазы болуп бир лепешка ак сууга.
Эн негизи сезимдерди барктасын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   Kgstar96   22 Март 2016 - 11:06

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 06 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 12 Июн 2020 22:15
  • Жынысы:Эркек

*****

Ырларымдан жүрөгүңө өтөөр деп,
Ырга айлантып жазгандарым өтө көп.
Кызганууну көз жашыма чыгарып,
Жамгыр болуп,жаагам кээде нөшөрлөп.

Алыс кеттим,терең түшчүү кудуктай,
Өз жашоомду түптөйм эми жылып жай
Акылсыз кыз,тентек мени сүйгөн деп,
Кез-кез эстеп,жүрсөң болду унутпай...

Тагдырым деп көнгөм азыр чынында,
Жүрөктө эмес,атың калат ырымда...
Азын-оолак эстеп сени коём деп,
Убакыттан калгым келбейт чыгымга...

Берип кеткен азаптарды таратып,
Мага тийээр күн да чыкты таң атып.
Көөдөндөгү тилип кеткен жаратты,
Жүрөм азыр,башка жанга жаматып...

Көңүл бөлүп,мени деген адамга,
Калам эми,жаны ырларды жаратып...

Афто: Нуржан Уметалиева.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 8 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 8, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 16:50

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: