КАРЫЛАР МЕНЕН ӨСПҮРҮМДӨР ОРТОСУНДАГЫ БАЙЛАНЫШ ЖЕ КЫРГЫЗЫМДА ЖАҢЫ ШААР МЕНИН ФАНТАЗИЯМ БОЮНЧА КАНДАЙ БОЛООР ЭЛЕ?
Албетте,кыргыз жергеси көптөгөн кыйынчылыктарды баштан кечип,ар кандай кырдаал болбосун өнүгүүнү да,келечекти да ойлоп,оор турмуш менен кармашып келе жатканы баарыбызга маалым.Деги эле кыргыз элдин келечегин ойлобогон адам да жоктур.
Ошентсе да мен силер менен өзүмдүн жеке фантазиям менен бөлүшкүм келди,урматтуу окурмандар.
Эмесе анда жакшылап назарыңыздарды салып,окуп чыгып,кемчиликтер болсо же сиздерге кандай таасир калтырса да аягында сөзсүз комментарий калтырууңуздарды суранам.
Жылып-жылып жыл жаңырып,жаңы кылымдын он жылын артка таштадык.Илим-
билим аябягандай тез өнүгүп,адамзат заманбап технологиясы менен барган сайын тыгыз байланышка өттү.Ушундай бир мезгилде мен мындай ой жүгүртүүгө туш болдум.Балким ушундай нерсе да болуп калаар деп ойлоп кетем,жашоого оптимисттик көз караш менен карап.Эмесе назар салыңыз...
Колумдан баары келип,дүйнө мүлкүм(каражатым)жетиштүү болгондо.Кыргызстандын ыңгайлуу жеринен кичинекей шаар салуу менен баштаар элем.Албетте,
муну уккандар андай нерсе көнүмүш деп айтышы мүмкүн.Ошондуктан аягына чейин окуп чыгыңыздар деп суранаар элем.Ал шаардын ичинде эң бийик дегенде алты кабаттан турган турак үйлөр салынып,өспүрүмдөр бакчаларынан тартып,мектептер(1-
класстан 7-класска чейин гана)китепканалар,
ар түрдүү улуттук оюн-зоокторго арналган көңүл ачуучу борборлор,ар түрлүү таланттарга арналган кружоктор ж.б.у.с. нерселер менен заманбап технологиясы аркылуу жабдууланса,
интернет тармагында тиешелүү гана сайттар киргизилип,
калгандарына категориялык түрдө тыюу салынып,ал эмес ар бир жазылган сөздөр да тиешелүү адамдар аркылуу текшерүүдөн өткөндөн кийин гана сайттын баракчасына бекитилгенде кандай сонун болоор эле(мисалы сөгүнгөн же ката жазылган сөздөр чыгып калса,автоматтык түрдө текстти кетирбей турган программалар администрация тарабынан мүмкүндүк бербесе деген ой).Жана башка коомдук жерлерде дагы ушундай катуу чаралар көрүнүп,көчөдөн эч ким жөн гана басып жүрбөстөн ар кандай жакшы маалыматтарды билдирип туруучу мониторлор менен да камсыз болуп,Ар ким өзүнө тиешелүү жерлерде(ойногондор парктарга,бакчаларга барып,ырдагандар атайын актовый залдарда баардык технологиялар менен камсыз болуп,компьютерге кызыккандар интерклубдарда ж.б.у.с. болсо деген ой)болуп,көчөдөн ээн баскан адамдар болбосо.Ал эми карылар болсо,ар кандай өнөрлөрү менен алек болушуп,кол эмгек,зергерлик сыяктуу көптөгөн кызыктуу иштер менен шарды көрккө келтирип,өздөрүнун таланттарын көргөзмөлөргө коюп,ата-баба мурастарын,
каада-салттарды ошол өспүрүмдөргө айгинелеп,даңазалап турганын айткым келет.Эмнеге өспүрүм менен карылар?А калганыбызчы?
дегендей пикир туулду туурабы?)))Мен оюмду толук айтып бүтөйүн.Ал шаарда бала бакчанын тарбиячысынан тартып,баардык адистер даана ушул карыларыбыздан түзүлсө.Алар үчун дагы курорттук аймактар,санаторийлер жана 3 айда бир жолу боло турган медициналык көзөмөлдөр бекер өткөрүлүп,тиешелүү дары-дармектер бекер берилишин камсыз кылып,эмгекке алсыз карылар атайын борборлордо тиешелүү кароого алынса деген ойлорго келдим.Шаардын ичинде ден соолукка зыяндуу нерсенин бардыгына тыюу салынып,баардыгы электр булагы жана физикалык механизмдер менен жабдуулангандыктан шаардын ичинде автоунаанын жүрүүсүнө да түздөн-түз тыюу салынып,көчөлөрдө миниэлектробустар элди ташып,өз учурунда график(расписаниеси)менен камсыз кылса.Карылар үчүн дагы жаңы технологияларды пайдалануу шарттары менен малыматтарды алуучу борборлор иштеп турса.Ал эми калганыбыз ошол ата-эне,бала-
бакырабыздын келечеги үчүн тырышып эмгек кылып,аларды сагынган учурда гана эмес каалаган учурда барып,чектелген убактысы менен гана жолугуп,бир айда 3 күнгө үйүнө алып жүргөнгө жана бир жылда 3 айга чейин балдары,неберелеринин жанында болуусуна шарт түзүлсө.Келген балдары шаарды аралап жүрүүсүнө тыюу салынып,тиешелүү жерден алкоголдук текшерүүдөн жана кандай себептер менен келгени тууралуу кыскача маалыматтар жазылган баракчаларды толтуруп,мыйзам түрүндө автоунаасын шаардын сыртындагы үстү жабык авто токтотуучу жайга коюп,баарлашуучу паркка келип,ата-эне,
балдарын көрүп кетүүсүнө шарттар түзүлсө.Ал шаардын ичндеги жашоо шарттары жөнүндө үналгы,сыналгы,
гезит редакцияларында кеңири маалыматтар айтылып,шаарда жүрүүнүн жол-жобо,эрежелери менен шаардын сыртындагылар жакшылап таанышып,ошол шарттарды,мыйзам чегинде туура пайдаланышса.
Жана шаардын ичинде баардык жери көзөмөлдөөчү камералар менен камсыз болсо.Ал эми мыйзамды бузгандарга штраф салынуу менен гана чектелбестен.
Бир канча мөөнөткө шаардан четтетип,салуу жолдору да каралса.Мунун баарына эмне себеп?Эмен үчүн мындай бөлүп жатасың деген суроо да болбой койбостур.)))
Анда көңүл бургула.Биринчиден "балдар үйү"жана"
карылар үйү"сыяктуу жат көрүнүштөрдү болтурбоо максатында.
Экинчиден карылар менен өспүрүмдөр гана биринин тилин бири жакшы түшунушкөндүктөн,
карылардын арасында чоңойгон уул-кыздар келечекте жаман адам болбосуна ишенгенимдиктен.
Үчүнчүдөн ата-энеге баласынын сагынычы артып,алардын кадыр-баркынын жогору экенин сезип жүрсөк деп ойлодум.Ушундай болгондо гана төртүнчүдөн ата-эне менен өз балдары ыңгайлуу шарттарда каралып жатышса,балдары колдон-буттан туруп,кыргыз элимдин келечегине,
өнүгүп-өсүшүнө жана мындай шаарды кеңейтип,ошол шаардын сыртында чептен бекем болуп,көздүн карегиндей сактаар белек деп ойлогондуктан ушундай фантазиям жаралды урматтуу окурмандар.
Ал эми бешинчиден колдорунан иш келген карыларыбыз айлык үчүн иштешип,пенсиясын да алып жатышса,жашоого бел байлашып,демине дем,күчүнө күч кошулаар беле?!Эгерде кыргыз эл ушундай нерсени ишке ашырганда,башка мамлекеттер да жардамдарын беришип,кызыгуусу артып,алар дагы өспүрүм менен карылардан турган"Мурас шаары"курулушуна ишенгендиктен ушундай пикир пайда болду.
КЫРГЫЗЫМДА ЖАҢЫ ШААР МЕНИН ФАНТАЗИЯМ БОЮНЧА КАНДАЙ БОЛООР ЭЛЕ? Кыргыз элге кайрылуу
#3 17 May 2012 - 22:59
жакшы тилек жарым ырыс дегендей тилеген ой максатыныз аткарылып калса кана! Буюрса созсуз болот ишенели...!
#4 18 May 2012 - 00:19
Жомоктогудай го фантазиян,фантазиян чыныгы жашоого айлансын.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я НАЙДУ ЗАМЕНУ КАЖДОМУ!Зато тех кто остается Я ЛЮБЛЮ БОЛЬШЕ ЖИЗНИ!
#6 18 May 2012 - 00:37
Туура эмес болумго ачылган. Автор жаны катталганы учун эскетуу!
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#8 18 May 2012 - 01:24
6 кабатту үйлөр барбы өзү...?
Болобу? Мообу жерге түшүнбөй калдым, ошондо 7-классты бүтүп эле жогорку окуу жайга өтмөй да ээ...? Окууга өтпөй калганы 7-классты бүткөндөн кийин эле күйөөгө тие бермей,үйлөнө бермей... ( Кудай сактааа...)
Автоунааларга түздөн-түз тыюуу салынып,миниэлектробуздар дейсиңби...? А свет өчүп калса кантебиз анан? Жонуңа артып ташып жеткиресиңда ээ ошончо калкты жумушуна. Кары-картаңдар бала бакчада иштей алышпайт,күчүгүм.
Чарчашат,анан пикетке чыга башташат. "Биз сутка бою бирөөлөрдүн балдары менен отура албайбыз!
1-2 саат гана айылчылап,өз неберелерибизди эле ээрчитип жүргөнгө эле күч-кубатыбыз жетет. Иштебейбиз!
Чарчадык!
Ден-соолугубуз чыдабайт!
Биз бала-чаканын ызы-чуунусун каалабай калганбыз!
" деп... Ээн-эркин шаар аралап бош жүргөндөргө катуу тыюу салынса жаман экен.
Ымм... Катуу кыялданып салыпсың...
Кокус кыялдарың орундалып кала турган болсо,ошол шаарчаны Суусамыр жайлоосуна курчу ээ... Эшике ээн-эркин чыга албаган соң,үйдө отурмай болот да,терезени ачып кээде-кээде таза абадан дем алып
коюп туралы да.
#11 18 May 2012 - 14:56
#12 18 May 2012 - 18:55
Чиновниктер жебей,таза иштесе,эл болунбой биримдиктуу иштесе ошондой эле болмок.
Кыялдарын аткарылып калса,ошол шаарды Тоо-Ашуунун эн устуно салсан,,,тундук- туштук'' деген нерседен дагы биротоло кутулуп калалы.Тоо-Ашуудагы туннелди болсо метро кылып салабыз.
Кыялдарын аткарылып калса,ошол шаарды Тоо-Ашуунун эн устуно салсан,,,тундук- туштук'' деген нерседен дагы биротоло кутулуп калалы.Тоо-Ашуудагы туннелди болсо метро кылып салабыз.
#13 20 May 2012 - 19:43
ООООО фантазиянан ананай..... Тилегине жет, кана эмесе, биздин чондордун фантазиясы ошондой болуп иштеп кетип, ак иштеп ошол даражага жетсек.........
.
Балам бактым-балам базарым!
#14 31 May 2012 - 12:27
пхахахахаха Заааамирааааааа боорду тытып салдызгоооо.
)))
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#15 21 June 2012 - 17:22
Автор сонун нерселерди кыялданган экен. Башка шаарда журуп Кыргызстандын да ошолордон кем болбошун самап, ушунча жазганыныз учун данк!
Кыялдарынызга улай, Кыргызстаныбызда жомоктогудай шаарлар келечекте тургандыр. Эмгектин натыйжасында баарын курса болот. Кайсы бир мамлекетте 90 жаштан откон адамдар да созсуз иштегенге аракеттенишет экен. Уйундо каары адамдары жоктор аларды алып кетишет. Алардын тарбиясынын таасири балдарга жакшы тиерин айтышат. Дайым кыймылда болуу ден соолукка да пайдасын берет. Ал эми 7-класска чейин дегени да туура, бирок биздин мектептин программасы эмес башкача системада тузулсо. Ал эми окууну бутсо эле куйоого тийип кетуу деген тушунуктон арылып, ар ким уй було курууга калыптанып калган кезди тандоосу шарт. Машиналарды азайтканга да кошулам. 2, 3 адам баткан учуп журуучу машиналарды пайдалансак да жакшы болмок, анткени асман кенениреек го. Ары бери буйтаганга, жоо баратканды сузуп алам деген да проблема азайып
Кыялдарынызга улай, Кыргызстаныбызда жомоктогудай шаарлар келечекте тургандыр. Эмгектин натыйжасында баарын курса болот. Кайсы бир мамлекетте 90 жаштан откон адамдар да созсуз иштегенге аракеттенишет экен. Уйундо каары адамдары жоктор аларды алып кетишет. Алардын тарбиясынын таасири балдарга жакшы тиерин айтышат. Дайым кыймылда болуу ден соолукка да пайдасын берет. Ал эми 7-класска чейин дегени да туура, бирок биздин мектептин программасы эмес башкача системада тузулсо. Ал эми окууну бутсо эле куйоого тийип кетуу деген тушунуктон арылып, ар ким уй було курууга калыптанып калган кезди тандоосу шарт. Машиналарды азайтканга да кошулам. 2, 3 адам баткан учуп журуучу машиналарды пайдалансак да жакшы болмок, анткени асман кенениреек го. Ары бери буйтаганга, жоо баратканды сузуп алам деген да проблема азайып
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...

Супер-Инфо
super.kg
видео



















