18-июль 200Х-жыл. Айсулуу бугун 18 жашка толот. Эртеден бери буркурап ыйлай берип апасынын да журогун оорутту. Кыялында: "тилегиме жетип,туулган кунумо бир жакшы белек болсун",-деп озуно-озу ишенген болчу.. Эми минтип тилегин таш каап орундалбай калбадыбы. Дегеним,3-июлда Бишкекке "Кыргыз-Турк Манас" университетке экзамен тапшырганы атайы келген. Ага отпой калып,"Махмуд Гашкари атындагы Чыгыш" университетине катталып,жакында болчу тапшыруу экзаменге даярданып,алдын ала отуучу консультацияга да жазылып алган. Кунуго барат,кунуго 2-3 сабак боюнча консультация отот. Ар бирине акча толомой. Айсулуу ал жерден бат козго илинип,баарынан тыныраагы,сулуурагы экен,староста шайланды. Абитуриенттердин баары ага суктанышып,
жанына даап барып таанышып же суйлошо алчу эмес. Ошентип экзамен берээр кун келди,баардык экзамендерди тапшырып бутуп коюшуп абитуриенттер чогулуп аянтка бармай болушту. Бул куну Айсулуунун курбу кызы келип калып ал экоо озунчо жономой болду. Чогуу маршруттук такси кутуп турушту,аянтка барчу маршруттук такси келип баары жабыла чуркашты. -Жакшы баргыла!,-
деген Айсулуу кала берээрде Калыбек,дагы торт-бешоо келе калышып Айсулуу каршы болгонуна карабай курбу экоону жулкулдатып,
ал эмес Калыбек Айсулууну которуп жоноду. -Ээ сен концертсин го,сен жок биз кайда бармак элек,сага ишенип баарыбыз баратсак...-Ошо десен,-дешип баарысы каткырып кулуп Айсулууну жемелеп алышты. Кайран курак,эч кимди козго илбей,жашоо жалан гана алар учун жаралгандай,
бу жалган жашоодо акка жараша карасы,онго жараша сол жагы бар экенин ойлогулары да келбей тамашалашып бара жатышты. Алардын улуусу 21, ал эми калганы жалан уядан жаны талпынып,учууга камынып жаткан 17-18 жаштагы балапандар эле. Балапан дебей анан! Мектепти эми аяктап,ата-эненин дайым жанында болуп,эч нерседен капары жок,ар дайым аларга корунуп,эрке болуп жургон балапандар да,эми бир нече кун,айдан кийин куш болуп асманга бирде бийик бирде томон,бирде кыштын бурганагында,
бирде жайдын мээ кайнаткан ыссык кундорундо,
деги койчу бу жарык жашоонун далай сыноосунда алга карай учушат...Аянтка келип токтоп,ичинен 10-13той жаш кыз-жигиттер тушуп калышты. Баарысы шайыр. Бир гана ичинен Ариана коркконсуп,
ойлуу баратты.- Арианочка,че такая грустная? -Оой не знаю,боюсь. Кстати,а когда результат? -18-июля. Ошентип айланып копко журушту. -"Группалаштар"
,эми кандай кылабыз,кайда барабыз?! -Омеей эй,биз уже "группалаштар"
болуп калдыкбы ыя? -Мечтать не вредно! Я рада,молодец,
Бакыт! -Ээ койсонорчу,
результат чыга элек да? -Ой да ладно Назира, настроениени тушурбочу,итак чарчадык кундо даярданабыз деп! -Биз отпой калсак да группалаштар бойдон калабыз,ха-ха-
ха! -Ошо да,туура айтасын Максат! Эх жашоо,жаштык.
.. Пендени жаратаарын жаратып,канча кулку берсен ошол кулкунун ыйын чыгарып аласын бейм... Мына жыйынтык укчу кун келди. Бул кун Айсулуунун туулган куну эле,эрте менен туруп,жасанып барды,кире бериште экзамендин жыйынтыгы илинип туруптур,копко издеди,жок,ишенбей дагы 2-3 жолу издеди-жок!
Асты жагын караса отпой калгандардын тизмегинен озунун фамилиясы болгондо да баш жагына жазып коюптур. "Бли-и-ин"
, Айсулуунун кабагы чырт туйулду. "Апеей,Айсулуу отпой калыптырго?
","ооба эй,отпой калган турбайбы."
,"эй жанагы эле Айсулуубу,староста,
бою чачы узун","
ой ооба,ошол"
,"ниччего себе!".Кубур-
шыбырлар кулагына кадимкидей угулуп жатты. Дагы бир карады,Ариана,
дагы баягы "группалаштардын"
арасынан 2-3 эле отуптур. Шарт бурулду да,наржакта турушкан "группалаштарын"
кормоксонго салып алардан эртерээк качып кеткенче шашты. Алар чынында байкаган жок, кайрылып жоной бергенде аны тааныгандар учурашып жатышты. Сыр берген жок,жылмайып учурашып отуп кетип жатты. Мына анан уйго кирип-кирбей апасынын суроосуна жооп да бербей эртеден буркурап аткан себеби ушул эле... Уландысы бар!
Күлгүн курак.
#4 28 April 2012 - 13:04
Абдан кызыктуу экен, асманда учуп жургон убакты эстеп кеттим! Эч кимден коркпойсун,
дунуйону багындырам деген убак да.Неге отпой калды экен,куттурбой эрте жазчы!!!
!!
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#5 28 April 2012 - 13:15
Агасы таап койгон бир болмо батирде апасы экоо жашап жатты. Айсулуу кайсы окууга кирем эми деп башы ман, кичинесинен коп нерсеге шыктуу, зээндуу кыз. Мектепти да жалан бешке окуп,келечекте жакшы бир кесиптин ээси болууну самачу. 7-8-класс откоол курак болот эмеспи, тултундап,кичине бирдеме болсо озун эч кимге керексиздей сезип, кыялкеч болуп кандайдыр башкача болуп турган убагы эле. "Ата созу ок,эне созу бок" деген чын бейм,бир куну атасы тилдеп койду. Ошол кунду азыркыга чейин унутпайт. Ошондон баштап "аа демек мен адам болушум керек,жакшы окуп алдыга умтулуп",
деп ошол кундон тарта озгочо аракетчил болуп баштаган эле. Атасы да коп айтып калчу: "кызым жакшы оку, чон окуу жайда да жакшы окуп,жакшы жумушка иштесен сага куйоо болчу балдарды чекесинен чертип тиесин!"
,-деп коп айтаар эле. Мына эми жакшы да окуду, жакшы жумушка да иштеди,анан,
анан эмне болду? Калганын баары оз ирээти менен баяндап берем... Ошентип журуп окууга отту,контракттык негизде,Кудай колдоп жакшы кесип буюруптур,окуу башталганда эле Айсулуу козго илинип жалан "5" деген баага окуп баштады. Алгач баягы батирде жалгыз кун откоруп жатты. Агасы башка облуска иштеп кеткен эле, жалгыз деген менен коншу болмолордо озуно окшош эки кыз бир бала жана дагы студенттер бар,алар менен тез тил табышып суйлошуп,сейилдеп турушту. Бара бара айылдан алып келген акчасы тугонуп, эки кун кайнак суу ичип карандай эле ачка калды. Окууга болсо жоо барып келет. Мына агасы келчу кун келди:-Апей,
уйдо тамак-аш жокго,сен эмне жеп атасын? -Бар эле болчу,жана тугонуп калды! - Кой мен дуконго барып келейин. Айсулуу уялганынан жерге кирип кете жаздады,курсагы болсо ачка. Мына,студенттик кундордун башталышы. Бирде ач,бирде ток,кызыктуу кундор башталды. Жандан озгочо сулуу,сымбаттуу болуп чыга келди Айсулуу. Баары коз артат. Бирок Айсулуу окууга барат,келет,
окшош кундор. Айрыкча жаз келип айлана жашылданып баштаганда озгочо бир сезим келип,журогу кайдадыр бир жакка алып учат. Суйгусу келет,бирок кимди? Бир куну тээ Жибек Жолу кочосунон бир дарек издеп журуп бир бала менен таанышып калды. Деги эле Айсулууга суктанбаган жан жок эле, жолдон коруп эле таанышууну каалагандар коп болор эле, бирок ал алардын сунушун четке кагып басып кетчу. Бу жолу ал негедир макул болду,же жалгыздыктан тажаганбы. Анын устуно агасы да уйдон эч жакка чыгарбайт. Тиги бала менен суйлошуп ал эмес жолугуп да журду. Аты Урмат.Ошол жылы Айсулуу 3-курс окуп жаткан. Жаны жылда айылга барбай калып,жалгыз калды. Агасынын туугандардын уйуно бар дегенге конбой койгон эле. Аттин ошондо агасынын тилин алып тууганынын уйуно кетип калса болмок экен... Мындай болорун ким билди. Урмат менен жолукмай болду, ал такси менен келип,экоо копко айланып журушту. 12ге жакындап калды. Такси менен бир уйго барышты ,"аа бул уйу го",деп ойлоп койду. Бирок эшикти орус аял ачты ,тан калыштуу... Корсо ал кун-тун иштеген батир тура,аны чунак кыз кайдан билсин,мурун н-кийин укпаса же корбосо,ушу жашка чыгып... Уйго келди, "тошок деле булганган жок, а ич кийимчи? А-а-а, мен эмне кылдым? Олдум эми,бирок бул кыздык белгиге окшош эмес го? О Кудай мен не болбатам,онумбу же тушумбу. Бирок...жок,жок,
бул менин тушум,а эгер боюмда болуп калсачы? Жо-ок,ойлобо антип,Урмат айтты го,тийген жокмун ага деп. Ошондой да болмок беле,жок,жок болбойт... Эми баары бутту,бирок.
.. бул менин тушумбу же..." ...Кундор отуп жатты.Ушундай кундордун биринде ошол окуу жайдын корунуктуу кыздары менен таанышып калат, бойлору узун,сымбаттуу,
сулуу,баары тен алдынкы студент кыздардан эле. Айсулуу да так ошондой болгондуктан бат тил табышып,жакын курбулардан болуп кетти. Бешоо,кайда журбошсун,дайым элдин конул борборунда.
#6 28 April 2012 - 17:38
Алар келатканда "ваауу"
деген эле студенттер,
а тугул жаш мугалимдер да суктанып калаар эле. Жолго чыкса машинелерден жигиттер тушо калып,"девушки,
подвести вас,для вас бесплатное такси!"
-деп сулуулар учун баарына даяр эле. Ошондо да кылыктанып,
тиягы тигиндей,биягы мындай деп шанкылдашаар эле,ансайын жигиттердин шилекейи чууруп айды алып берип жибергилери бар. Бешоо ар кайсы облусттан, баары тен жакшы уйбулонун тартиптуу кыздары... Жалындаган жаштык - кулгун курак,мурок суусунун тамчысындай таза жан дуйно,тоо карагатындай капкара коздор, маралдай керилген тулку бой,тал чыбыктай ийилген кымча бел, кебездей буралган аппак ичке колдор, ак балтыр туптуз буттар , топчусу "тарс" узулуп кетчудой болгон бодоно тумшук кокурок, илеби жазгы гулундой ак куу моюн, жаныдан чыгып келе жаткан кун нурундай жаркыраган ажарлуу ак мандай,толуп турган тунку айдай сулуу аялзат илеби жалгыз бул кыздарга таандыктай.
Эх чиркин,бу жалган жашоодо кулгун курак бир келет да бир кетет тура. Жаштыктын чексиз жыргал кундору отуп жатты. "Баары сенин бут алдында" деп кыздарга ашык жигиттер да коп. Ичинен эн назик,жароокери Айсулуу...кайсы жерде кайсы отуруш,кочодо болбосун балдардын мыктысынын мыктысы Айсулууну тегеренип калчу. Курбулары чын-тамашалап ага ич куйдулонуп да калышаар эле,"ай ушу сенин бир балеен бар,илибой баланы имерип аласын", деп. Айсулуу маани бербейт,а тугул тажап кетет,кунуго белгисиз телефон чалуулар,суйуу смстер ал эмес коркутуулар-
сени ала качып кетсе не кыласын,айла жок отурасында ,дегендерден кадимкидей жинденет. Агасы болсо кундон кунго урушуп,тилдейт,
эч жакка чыкпа деп,ага болобу,биякта турмуш кундон-кунго кызыгына кирип баратканда.
.. Кундордун биринде курбулары менен турган, бироону козу чалды. "Кандай гана крассавчик,
карачы басканы,кийингени,
бою да узун,ваау!
" -Айсулуу тамшанып алды.-Ой он наш сосед,а эмне жагып калдыбы? -Оба... -Ой да ладно,ты че прям, он же так себе..лох эле эй,койчу жинди болбой?! -.... Аты ким? -Улан. -Тааныштырбайсынбы?
-Койчу ошону. -Тааныштырасынбы.
-Ой макул ой. Коп отпой курбу кызы Беназир уйдо жалгыз калып,Айсулуулар Жылдыздын уйундо чогуу отурушуп : -Кыздарики давайте,Беназирдикине кеттик,она одна дома! -Давайте! -Че,автостопом?
-Ой да ладно не переживай,это же для нас не проблема. - А кстати, тот твой сосед,Улан беле,магазиндин жанында турат,заодно Айсулуу менен тааныштырабыз,
она же вроде влюбилась? -Да ты че,ваау,это он да,а тачка у него какая? -"Тойота"
-Думаете он согласится?
-Еще как согласится.
Поехали. Мына ошентип Улан менен да таанышты. Корсо ал да биринчи коргондо эле муну жактырган тура. Ошол таанышкан куну Беназирдин уйундо отурушту. "Мынча сулуу,кайсы бир актрисага же ырчыга мынча окшош. Айшвария Рай! Точна озу,ар бир кыймылы,коз карашы,суйлогон создору,бийлегени,
басканы...уф-
ф,бирок жигити бар болуш керек,ушундай кыздын кантип эле жигити жок болсун? Тамырын бир тартып коруш керек кантсе да." Улан ушуларды ойлоп жатты кыялында.
#7 28 April 2012 - 20:43
так еле менин жашоому жазып жаткандай болуп кетти
Меня никогда не отталкивала бедность человека, другое дело, если бедны его душа и помыслы
#8 28 April 2012 - 22:38
Дуконго барышты,тизилип алышкан,Улан Айсулуунун жанында.Бир маалда Улан акырын Айсулуунун колун кармады,Айсулуу да ушуну эле кутуп жаткансып,колдору чырмала тушту,экоо эч кимге билгизбей жетелешип алышты. Мына армандуу суйуунун башталышы. Чиркин жашоо адамга ашыкча акыл да,сулуулук да берип сынайбы жараткан. Ошол акыл менен сулуулук болуп турса да "суйуу"
деген беш тамгадан турган нерсе акылдан айнытып,сулуулуктан да аша чаап кетет окшойбу... Бул убакта Урмат достору менен адатынча бильярд ойноп,сырадан ууртап баштан откон кеткендерин мактана айтып отурушту. -Ээ доске,баягуну уйго баратсам жапжаш бир кыз туруптур, "отурбайсызбы,
жеткирип коеюн" десем сразу макул болуп атпайбы,ненди-
и. -Ой азыр кыздарга коз кысып койсон эле оздору подход жазап башташат. Ар ким жазаган "эрдиктерин"
апыртып айтып мактанып отурушту. Урматтын оюна Айсулуу кылт тушту. "Эх кандай сонун кыз эле,бирок ошончо аракет кылып туруп ага тийбедим,чиркин,
дары берип,аны да атайы сатып алып,ушундай даярданып анан ...не болуп ...кызым эске тушподубу,андан да жузунон нур чачырап уктап жаткан куноосуз сулуу жанды аядым,кандайдыр тушунуксуз бир нерсе,аео сезим мени токтотуп жатты,тушунбодум.
Чиркин,уйлоно элек болсом эч кимге бербей озум алат элем. Эми баары кеч,ырас,озумду токтотуп ал байкуштун тагдырын талкалабаганым жакшы болуптур,ал да бироонун карындашы,кызы.
..бирок энсоомо жетпей калдым...уктап калыпмын,ал ойготподубу,
"мени жеткир", деп,"мен сага тийген жокмун ишен",деген соз гана оозуман чыкпадыбы. Же андан кийин даап телефон чала албадым,башка номур менен чалып,унун угуп кайра не дээримди билбей апкаарып суйлой албай калчымун,кийин номурун озгортуп салды,байланыш узулду,баса,
ал менин чалуумду кутту болду бекен,озу болсо чалчу эмес эле. А бирок ага тийбегеним танкалыштуу.
..жиндимин да,колумда турган кушту учуруп..."
-Эй Ури,кимди мечтать этип жатасын? Анча ойлонуп? -Катынын эстеп жатат да,"эмне деп шылтоо табам" деп,ха-ха-ха,
тамаша дос. Урмат тек гана жылмайып койду. Айсулуу уйуно келип,тошокто жатса да ойлонуп ооналактап уктай албайт. "Улан деле мени жакшы корот экен,хм,баары мен ойлогондой,
кетээрде деле мени кечкээ карап кеткиси келбегенсип турду го, подъездге чейин озу узатып келди..мен чындап суйуп калган окшойм,эч оюман кетпейт... Анын жары болуп калсам ээ,ак жоолук салынып.Бирок мен деген... Акмак,Урмат деген акмак,мени алдап...мен да башым айланып,эмне сокко мас болдумбу,озумду тушум сыяктуу болуп сезип жаттымго. Уктап калыпмын,ойгонсом Урмат жанымда...саат 2 ден отуп калыптыр,эки саат уктадымбы же не кылдым? Атып туруп тошокту караганымда таза эмес беле? Тиги болсо уктап жатпады беле,ох-х озумду ушундай алсыз,макоо сезгенимчи,
а тиги бир да соз айтпай "мен сага тийген жокмун" деп коет,калп эле,сволочь,
а мен ага ишенип коем дагы,оор басырыктуу,
токтоо бала деп. Ай-ай,бая агам айткандале таэжемдикине кетип калбай. Ох-х,болдучу ойлогум да келбейт,эш-шекти.
А Уланчы,андай эмеспи,бирок мен чындап жакшы коруп калдым.Рамисти деле мындай ойлочу эмесмин,ал болсо мени "суйот"
имиш. Болду уктайм. Апамды,атамды да сагындым,озгочо атамды. Майда барып келбесем,итак эле биринен тогузуна чейин майрам да..."
#9 28 April 2012 - 23:57
Рамис Жылдыздын кошунасы,ата-
теги ушу эле Чуйдон. Шаарда торолуп оскондуктон орусчаны так суйлойт,озу да Славян университетинде окуйт. Келбеттуу жигит болгондуктан анча-мынча кыздарды карабай да коет. Уйдун жалгыз баласы,беш жаштагы карындашы бар. Айсулууну бир коргондо жактырып калган эле,а Айсулуу муну байкачу туру жок. ...Эртеси майрам эле,саат 11 жолугушмай болду,Манас университетинин алдынан. Адаттагыдай Айсулуу кечигип келди,баары кутуп калыптыр,мына "жаны" да турат! "Оо модель го,басканы да ажайып,ах-х кандай сулуу кыз",Улан ичинен ушуну ойлоп Айсулууну сынай карап турду. Аялдамадагылар жаштарга суктана карап кала беришти... Жетип учурашып жабыла машинеге отурушту да шаардын сыртына чан уюлгуп жоноп кетишти. Конул ачышты,балык кармашты,кайыкта сузушту,деги койчу адамзаты ал эмес жаратылыш суктанаарлык кылып эсалып жатышты. Айсулуу менен Улан сейилдеп жакындан таанышууда.
Бири-бирин толук билип,мына кыз-жигит катары суйлошуп башташты. Эх чиркин,бул кундор Айсулуу учун чексиз бактылуу кундор эле. Улан менен чогуу откоргон мунотторду кылымга чейин жылдырбай сактап калса болмок беле... Мына ушул бактылуу муноттор убактылуу жана да армандуу болуп аяктаарын ким билиптир... Кундор ото берди. Бир куну Айсулуу коптон бери жолукпай жургон жакын курбусуна жолугуп,кафеде отуруп келууну чечишти. Бул убакта Айсулуунун телефону жок эле,Улан менен байланыша алган жок. Ахунбаев кочосу менен жоо чыгып,"Мухаббат"
(кийин Майами аталып калды) деген кафеге кирмей болушту. Жолдо баратса эле бир машинеден балдар бирдеме деп эле тийишип жатышты,Айсулуу ага конул бурбай,"иий ушу машинедегилер тажатты,дагы бир джентельмендер го" деп экоо бутпогон ушактар менен алек. Ушак эмей эмне! Баланча уйлонуптур,
тукунчо эрге тийиптир деген эле ушак да. Бир маалда баягы машине токтоп,ичинен эки бала тушту: Улан менен Рамис! -Ой карабайсын го сулуу кыз?! -Тааныган жокмун. -Коп тийишет окшойт э,машиналар,
аа баягынын бири да деп карабай кетип бараттын да ээ? -Кафеге баратканбыз,
курбу кызым жолугуп,биз менен жургуло. -Жок,экоон отура бергиле,канчада келип апкетейин? -Билбейм! -Саат 10до келип апкетем. Кайсы кафеде болосунар? -Интизарда. Кафеде отурушту,курбу кызы Айсулуунун кой-боюна болбой сыра алды. Бийлеп жатышты,бир маалда эшик жакты кокусунан карап жиберсе Улан,Рамис экоо карап турушуптур.
-Бас кеттик. -Эй кое тур эми,айда жылда бир жолуксак... Оо бир нече убакыттан кийин чыгышты,Улан сидение'ге жатып алыптыр,былтыйып козголоор туру жок. Аа таарынган экен деп ойлоп жатты Айсулуу. Бир дым дебей уйго жетишти,Рамис тушуп эшикти ачты,Улан болсо карап да койгон жок. -Пока! Айсулуу да мисирейип туруп чыгып кетти,подъездге жетип-жетпей буркурап ыйлап кирди...
#11 01 May 2012 - 22:11
Кундор ото берди,Улан бир кун келсе беш кун жок,ансайын журогу апкаарып Уланга болгон суйуусу кундон-кунго жалындап от болуп кучойт. Башка эч ким козуно корунбой,Уланга баарын арнагысы келип,бир гана Уланды самайт. Арнады,озун,
жан-дуйносун,
айтор баарын арнады.Бирок Улан куттургону куч алды. .. Бул убакта Улан жаны суйгону менен конул ачып ага озунчо жашоо керемет эле.. Чиркин, адамзат бу жалган жашоого жаралганы ыйлап тушот,омуру откучо ыйласын дегениби жарыкчылыктын.
. . Айсулуу тунт тарта баштады, курбулары менен эч жакка баргысы келбейт,барса да эч нерсеге кызыкпайт,ойлонгону-
ойлонгон. Сессия аяктап, Айсулуу эн кыйын деген предметтен тапшырды, мугалим "Экономика факультетинин"
деканы эле,абдан сурдуу аны менен бирге катуу адам эле. "Акча" да алчу эмес,тапшыра албаган студенттерди дайым кулатаар эле, Айсулуу да коркуп журуп, "эн жакшы" деген баага тапшырды. Факультет боюнча мугалим Айсулууну мактады,калган студенттерге улгу катарында да баса белгилей кетти,Айсулуунун кубанычында чек жок...бирок,сабактагы "эн жакшы" деген баа менен жеке жашоодогу "эн жакшы" деген баа эки башка тура... Уланга чалып кубанычын айткыча шашты,айтты,
тиги тек гана салкын куттуктап койду.. -Саат тогузда келесинби? -Келем... Саат 9:30 болду,жок,11 болду,жок. Бул убакта Улан жаны суйуусу менен эле... *** Бир куну Айсулуу,Улан,
Рамис, дагы кыздар-балдар сейил бакта эс алып журушту,Улан менен Айсулуунун суйуусу коз артаарлык. Бир гана Рамистин жузундо кандайдыр бир сыр бардай, ачуудан иче берди,иче берди. Жигиттин ызасында чек жок эле. "Мен сенден биринчи таанышкам,Айсулуушка менен,ушу сендей капкара нарындык сени ким карайт дейсин,машинен учунбу," ушуларды ойлоп ичинен ыза болуп жатты,бир да кыз минтип карабай койчу эмес,тескерисинче Рамис карабай койчу,албетте бул Рамис учун катуу сокку эле, эми бул суйуусун тебелеп жаткан экоону ичинен жек коруп,жузунон заар чачырап ачуудан бастыра берди. Ичиндеги бугун эч кимге айталбай жигит ачуусун ачуудан чыгарды... Элдин баары кетип Айсулуу,Улан,
Рамис учоо калды,Рамис буттан тура албай,суйлоого да чамасы келбей, журогу айланып кусуп кыйналып жатты."Уйго папамдарга мени билгизе корбогуло суранам" деп кайра-кайра суранганынан Улан озу менен алып калды. -Жаным,келчи кучагыма,мойнундан жыттайын. -Жинди болбочу,Рамисчи,
уят го. -Ал уктап жатат. -Мне жалко его,не мынча ичти экен. -Бир сыры барго... Интизар кафеси. Айсулуу менен курбусу кафеге баш багаар менен Улан менен Рамис ошол замат машинени эшиктин алдына токтотуп туруп калышкан. Рамис кирип чыгып улам Айсулуулардын ар бир кыймылын Уланга айтып,а тугул апыртып да келип жатты. -Ничего себе,сенин кызын подружкасы экоо пиво ичип,жыргап жатышатго,может и курят. Если бы моя девушка так вела бы себя,я бы сразу сказал бы "пока",
грамотно кинул бы. Смотри, они еще танцуют с парнями. Блин, сен кантип чыдап отурасын. Иди сам посмотри,ишенбесен.
Улан оо коптон кийин кирсе чын эле Айсулуулар болушунча чачырап бийлеп жатышыптыр.
Жини абдан келди,бий аянтчасында албетте,балдар-
кыздар коп эле,албетте сулуу кызга жандап бийлебей койбойт,анын устуно экоо эле болсо бержактагылар деле чогуу бийлеп жаткандай сезилет да. Чынында деле Айсулуулар жигиттер жандай калса мурчуюп нары карап экоо болушунча бийлеп жатышкан. Конулу кала тушту,Рамистин айткандары да намысына тийди. Рамис да ичинен ар нерсе ойлоп жатты: "Мда-а, мени карабай жаттын беле,эми менин артыман чуркагыдай кылам, силердин суйуунорду бир коз ирмемде очуруп коем. Эмне мен машинем жок деп жатасынбы же,ушулардын суйуусу отту мага."
#12 21 May 2012 - 10:27
мурок уландысы не болду же тугонуп калдыбы?аягына чыгарып коюн!
Турмуш- бул чоон мектеп!
#15 23 May 2012 - 08:16
Кызыгына келгенде бутуп калды, уландысын тез арада талап кылабыз!
кандайсынар?
#19 25 May 2012 - 00:31
Люди добрые,мен кайын журттамын, убакыт жок болтат,эми уландысън кичине убакыт болсо эле сразу шак ыргытам!
#20 01 June 2012 - 17:51
Омой ушул чыгарманы окуганымды кантип унутуп калдым,случайно кирип эстеп кеттим да,
жазчы эрте,кирбей журуп кирген жакшы экен бир жагынан,сразу баарын окуйт экенсин.
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...

Супер-Инфо
super.kg
видео















