Суперстан: "Ташты жарып чыккан гүл" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Ташты жарып чыккан гүл"

#1 Пользователь офлайн   ekyshka09   23 Май 2012 - 02:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 149
  • Катталган: 27 Август 11
  • Соңку аракети: 13 Дек 2016 19:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Чынара! Чынаара! Короодон кыйкырып жаткан бул унду тыншай калып,жазып жаткан калемин таштай салып,Чынар сыртка жоноду.
Аркы кочодо жашаган Сейдаалы атанын небереси Индира экен : - Апан биздикинен кетпей атат, сени келип апкетсин дешти деп чуркап кетти. Чынара барын тушунду, тушунбогондочу. Апасы, Сейдаалынын небересинин тушоо тою деп кеткен. Жакшы эле суранып атып жиберди эле го:- Суранам апа коп ичпей келчи, баары эле жакшынакай таркайт сиз эле которо албай каласыз. Мен уялам, мен чонойдум апаке ичпенизчи... деп жалдырап атып жиберди эле дагы укпаптыр да. Жаман акыбалда калды. Уйго кирип устуно жемпирин кийип, уйду бекитип чыкты. Жолдо карата деги бул аракты ким ойлоп тапты экен. Арагы жок эле жашаса болбойбу. Откондо тамагы ооруп,тошокто жатып калганда апасы компресс деп тамагына шыбап, бир чон кашык менен дары болот ич деп ичирип жиберген эле,тамагын куйкалап жибергенсип барып ашказаны ысып чыкканын эстеди. Ачуусун айт, ушуну анан кантип ичишет, деп танкалып койгон.Азыр да жолдо баратып ошол ачууну эмнеге ичишет, ичпейм деп эле койбойбу апам которо албасын билет да,эртен эми кечке соолуп ооруп жатат эмеспи,тук тушуно албайм да ушу деп келатып Сейдаалынын короосуна жеткенин байкабай калыптыр. Классташы Азамат тосуп чыкты: - Апан тиги чон тамда ,деп, корсотуп коюп огородко басып кетти.Намысынан беттери алоолонуп ысып чыкты,тиштенип уйго кирди. Эртен класска айтып барат эми -Чынарды апасы кечээ биздин тойдо мас болуп калып кетпей, дагы арак деп жатып аран Чынар алып кетпедиби. десе кээ бири боор ооруса кээ бири шылдындайт го деп ойлоруна бушайман тушуп ушкурунгонун байкабай калды. Ий-ий апам ай ченеп эле ичсениз кана,уят болдук.деп ойлонуп баратып Сейдаалы атанын кемпири Жамила апанын алдынан чыкканда селт этип чоочуп кетти. -Ии садага болойун Чынартай, кандайсын балакетин алайын,деп чекесинен ооп учурашты. Эмне классташындыкына келген жоксун, чуркап тушоо тойдон байге албайт белен, садага. Шаарда байкелери чон-чон байгелерди койушпадыбы дегенде уялып турган Чынарды коруп -Аа секетин кетейин уялып,бой жетип калдык дегиле. Тиги клапссташын да озгорду ботом корс-корс этип эле бир тиет чечек. Жамила экообуз бугун кичине ичтик той эмеспи,туура тушун бизди. Жамила байкуш аялдын арстаны да, кайратуулугун айт. Апанды жакшылап сыйла сенден башка таянары жок. Чынында карылыкка алдырып баратат окшойбуз, апан байкуш аракты деле которо албай калыптыр. Жур-журогой деп, ичкери кирди, артынан келаткан Чынар уй жасалгасына суктанып койду. Сейдаалынын балдары тын чыгып уйун-уй, жайын-жай кылып коюшту. Бактылуу адамдар экен.Жашында экоо тен жакшы эле мээнет тартышты балдары деп эми мына минтип балдарынан доолот коруп отурушат. Менин Асылтайым, Жаныбегим аман болгондо биз да ушинтип очор-бачар болуп бапырап той бербейт белек.Адам деген башына тушкон азаптын баарын которо алат тура.Жок дегенде бир уулум аман калса кана Ошо каргашалуу куну уйдон уч олук бир чыкпадыбы аттин. Могдуроп журогум тилинип жердин катуусунан гана турдум го чиркин. деп эртен менен апасы коз жашын жоолугунун учу менен арчып, дагы каниет, сен барсын жарыгым, сен деп жашап журбоймунбу, садагам же болбосо эчак эле атан,байкендердин жанына кетип калмакмын да, деп, Чынардын мойнунан жыттап ооп койгон болчу.

Билдирүүнү түзөткөн: ekyshka09: 23 Май 2012 - 02:54

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   ekyshka09   23 Май 2012 - 11:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 149
  • Катталган: 27 Август 11
  • Соңку аракети: 13 Дек 2016 19:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Сени тарбиялап,окутуп, куйоого берип анан мен да бапырап эле небере жыттап калат элем.Ээ Жараткан Алла Таалам ушул кызымдын омурун узун кыла кор, таалайын кем кыла корбо, деп кобуранып калганда Чынара - Мен куйоого тийбейм апа, мен сизди багам деп келип кучактап калды. -Ок,антип айтпайт кызым.Андан коро жакшы адамга туш келип,бактылуу болсом экен деп бак тиле,каралдым. Жаштын тилегин берет балам. Кыз бойго жеткенде барар жери куйоо,жарыгым, деп башынан сылап,чачынан шуу этип жыттап алды. -Апоу, атам кандай киши эле. Сиз тиленгенсизби, мен атам жонундо уккум келип атат. Канча ирет сурайын деп чыгынып анан эле сиздин журогунузду оорутуп аламбы деп тартынып сурабай калчумун.Мага кызык, баары, атам, байкелерим, мен анда кичине болуп калып коп нерсе эсимде жок. Эстеп калганым атамдын муруту аябай катуу беле мени опкулоп атканда турткулой берчу адатым бар болчу - Чачын сайды деп ал ансайын атакем кубалап басып жыгып кытыгылап ого бетер мурутун бетиме такап -аа менин чачым кызымды сайгылап аткан турбайбы деп опкулоп мына сага мына деп жыттагылап кубалашып ойноор элек. Ошондо атамдын бир башкача тер жыттанган жытын сагындым апа, азыр ошентип обом десе, муруту сайгыласа да, качмак эмесмин-деп апамды кучактадым. - Аа сербентайым атан сени ушинтип коп эркелетчу эле сербен-сербен этип жанын тынбаган шок кыз элен.Ушундай созулган кыз болгонунду атан да коргондо кана эми. Мен сени тентектигин учун коп урушаар элем ошондо атан сага болушуп -Коросун го, Сербентайым чонойгондо созулган сулуу кыз болот. Коп эле уруша бербечи кызымды.Кыз деген- конок эртен эле бой жетип, башка бироонун булоосуно жар болуп, эшигин аттайт. Анан башталат ошондо тугонбогон туйшугу. Атасынын уйундо кызым эркелеп-эркелеп алсын деп, так которуп мойнуна мингизип алчу. Сен создорун тушунуп-тушунбосон да жениш сен тарапта экенин сезгенсип кудундап, атандын кулагын чойгулап- Чу-чу, онго бас, солго бас деп атандын айласын кетирер элен. Эх атан бир керемет адам эле,кызым. Кумурскага да зыяны жок,боорукер, бир жумшак адам эле чиркин.Эсимде жаз келип курт-кумурскалар жаны чыгып баштаган кезде уйдун алдындагы тепкичтин алдынан кумурскалар пайда боло баштаптыр. Биз короого суу киргизип жаткан элек. Атан баягы кумурскаларды коруп калып, уйго кирип кеткен, бир убакта нандын майда кукумдорун апкелип багы уянын жанына себелеп кирди. Койсончу эмне кылганын уйго каптап кетет да десем:- Ээ кемпир бизге бул жон эле кукум болсо булар учун кышы менен жатышып ачка немелерге бир бутундой дунуйо да деп жылмайып койгон эле.Чурулдап барган Жаныбекке да,Асылбекке да" Балдарым кумурсканын да болсо уйун бузбагыла убал болот.Булардын да силердей ата-эне,бир туугандары бар уйу бузулса бир-бирин таппай ыйлашат десе экоо тен баштарын ийкеп "-Эми буларды багабыз ээ",-деп чурулдап калышчу. Корсо атан тарбия берчу экен.Атан экообуз аз, бирок саз жашадык,кызым.

Билдирүүнү түзөткөн: ekyshka09: 23 Май 2012 - 11:27

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   ekyshka09   23 Май 2012 - 12:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 149
  • Катталган: 27 Август 11
  • Соңку аракети: 13 Дек 2016 19:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Пешенеге эмнени жазып койсо ошону корот экенсин да.Чырактай жанып,ойносо оюнга,кулсо кулкуго тойбой турган балдарымдан, жан-жологум жаркылдап журчу атандан бир кундун ичинде эле айрылып жер кучактап кала бербедимби, каралдым. Мендей армандуу адам болбосун, олгондун оз шору деген чын экен да. Ошол каргашалуу куну эмнегедир журогум бир нерсени сезгенсип эмчегим зыркырап улам-улам эле озумон-озум эшикке кирип-чыгып бушайман боло бердим. Демейде атандар базардан келгенин сезбей калчумун -Оой уйдо киши барбы бизди тосуп алар,- деп бапырап кирип келишээр эле. Жумасына апарып эт тапшырып келчу атан,анда-санда уулдарын да ээрчитип алчу эмгекке бышып,акча кантип табыларын билишсин, мага жардам да болот экен, уурулар да кобойду, откондо Сапар деген киши бир туш уурдатып жиберди,азыр каникул учурунда жардам беришпегендечи деп. Мен да туура коруп уулдарымды атасына кошуп берчумун. Атан колхоздун эт чарбасынан чыккан эттерди апарып дунунон базарга тапшырып иштечу. Анын тушкон акчасынын торттон бир болугу кана атана тийчу. Ушундай машакат менен табылган акча тубубузго жетерин билсек кана.Бир- эки атана айтып деле коргом башка жумуш караштырсанчы деп. Убагында атан зоотехник болуп иштеп журуп кийин ал жумушу да жоюлуп ишсиз калды. Анан каргашалуу ушул жумушка кирген эле. Балдар чонойуп келатат мына быйыл Жаныбегим окууну бутот окутушубуз керек, кандай жумуш болбосун иштей беришим керек деп жанын уроп ошол олор жылы уйго да байыр албай жолдо эле болуп калды эле ыраматылык атан. Бала дегенде эт- журогун садага чабаар эле. Уулдарымды жакшы окуу жайларга окутсам, кийин турмуштары жакшы болот, ушуларды окутуп алсам эле анан кийин Серентайымды байкелери иштеп озулору эле окутуп алышмак,-десе байкелерин эдирендеп жарышып, " Ооба да, озубуз эле чон окуу жайга окутуп, силерди да багабыз"- деп калышар эле арман кун. Жаныбегим озгочо туйшукчул эле.Кобунчосу атан менен шаарга тан атпай туруп жоноп калчу. Мен окубай эле иштейинчи, атама жардам берем, Асылбекти окутабыз дегенде атан урушуп - Мен тируу турганда силерди окута албай эмне болуптурмун. Адам деген окуп билим алыш керек. Окуган адамдын келечеги кен болот, жашоого тушунугу да башкача болот,осуп-онот. Же эмне мендей болуп эт сасып омур бою эт ташыгыч болойун деген ойун барбы. Мен деген силерди бир мекемени жетектеп,костюм- шым кийип зынкыйып жургонунорду элестетем. Мен жетпеген бийиктиктерди силер багынтып, силердин жетишинерди каалайм. Балдарын эрезеге жеткирип, окутуп-чокутуу ата-эне милдети. Силердин милдет тырышып жакшы окуу, тиги Жоомартын баласындай болуп сайрандап журуп окуудан чыгып калбай деп, тиленчу эле атан байкуш. Ошол куну атан эки уулун салып алып, эртен базарга ээрчитип чыгып окууга кийим-кечектерин алып берейин окуулары жакындап калды деп жоноп калган...Аттин дуйно...

Билдирүүнү түзөткөн: ekyshka09: 23 Май 2012 - 14:25

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   ekyshka09   23 Май 2012 - 14:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 149
  • Катталган: 27 Август 11
  • Соңку аракети: 13 Дек 2016 19:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Жолдо баратышып Боомдон, тездик менен келаткан джип менен сузушуп ошол жерден беш адам жан бериптир. Кийин айтып журушту катуу сузушконунон машине лепешка сымал эле жалпайып калыптыр дешип. Ары- бери откондо ошол жерден токтоп дайым куран тушургондон башка аргам жок кызым. Суук кабарды угузушуп келгенде, чанырып, бетим тытып атып эстен таныптырмын. Доктур чакыртышып укол сайып атып эсиме келтиришиптир. Андан кийинки жашоом бир тозок болду го,канча жолу олом деп чуркап чыккан кундорум болду,анан уйдо бужуроп козунду жалдыратып калган сени эстеп эсимди жыяр элем.Айыл элинен кагылайын десен болот ар кими кирип акыбалыбызды сурап, курсагыбызды тойгузуп,кеп- кенештерин айтышып,колдоо корсотуп атышты. Ошентсе деле боксоргон жерим толбой жан дуйномдо бороон уруп,ушук журуп жатты. Ушунун баары туш болуп эле калса экен деп тиленгенимди айт. Аял киши алсыз болобу билбейм айтор арманымды арактан чыгарчу адат таап алдым. Адегенде жалгыз эле уйдон отуруп алып балдарымдын, атандын суротун мандайыма койуп алып суйлонуп да,ыйлап да,ичип да отура берчумун. Бизди кандай кунго таштап кеттинер, садагаларым, деп эле сыздай берер элем. Андайда сен молтуроп толгон каректерин менен мени карап унчукпай отура берчусун. Секет кетейин баладан башкача бир акылдуу жансын, атандын боорукерлиги сага откон окшойт жанда жок боорукерсин. Бала болсон да мени аяп мен уктап калгыча кутуп устумо тошогумду тепендеп которуп келип жаап, мени ушуп калат деп аяп турар элен. Эртен менен туруп устумдо жабылып турган тошончумду коруп жылмайып алчумун. Жылуу жатканым учун эмес жашоомду жылытаар жарыгым сенин бар экенин учун Жараткандын мунусуна да шугур дээр элем. Жакшы эле кайраттанып жашоого умтулуп жашайын сенин келечегин ойлойун деп озумо-озум убада берем да кайра эле бир-эки кундон кийин ботолкону кармап отурган болом. Андан кийин ичкич достор табылып башташты. Ошентип кундон-кунго сазга батып баратканымда ыраматылык чон атан келиптир. Бизден кабар алып келейин деп. Атандын жылдыгына жетпей чон апан каза болгон.Андан сон оорудан атандын эжекеси дуйно салды.Ошентип чон атандын да уйундо карангы тун тушуп кыйын болуп жатты. Ал убакта мен оз кайгым менен алышып аларды ойлоого чамам да жок болчу. Чон атан ооруп жаны эле айыкканын айыгары менен эле бизге жоногонун божурап атты. Менин кейпимди коруп жашообуздун кандай нукка бурулуп баратканын тушунсо керек. Кепти мындай деп баштады: Кемпирим да кетип,уулумдан да,кызымдан да, ажырап карыганда мага да кыйын болду.Ошолордун алдына мен кетпей,балдарыман топурак буйрурбай,мен бир шумшук Кудайдын каарына калган чал болдум го. Кана
куйчу, арагын барбы? Болсо чогуу ичели. Омуру ууртап корбогон ушу аракты да ичип коройун мен да. Ушул арак эле жашоону женилдетип жиберсе атан кору ичейин анда. Куй деп уну каргылдана суйлоду.Козунун кычыгында молтуроп жаш турган эле коздорун ирмеп жиберсе эле молт-молт жаштар куюлуп кетчудой сезилди ошондо. Уялганыман кирерге тешик таппай,намысыман муунуп турдум.

Билдирүүнү түзөткөн: ekyshka09: 23 Май 2012 - 19:59

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   ekyshka09   23 Май 2012 - 15:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 149
  • Катталган: 27 Август 11
  • Соңку аракети: 13 Дек 2016 19:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Садагам Жамийла, сени кызымдай кором, тигинтип бир кызымдан ажырадым.Карачы Чынаркемдин кебетесин,кыз бала го.Кызга эненин тарбиясы керек, болбосо мен апкетип калат элем.Эстуу жан элен го,ушул тырнактай кызын учун тырмышып,намыстанып жашасан боло.Осмонумдун тамыры тубу менен кыркылган жокко.Сен жонундо угуп алып оз козум менен коройунчу деп келгем же каттабай койдунар...Ушу аракты ичсем мына мен ичишим керек эле карыганда как баш болуп балдарымды жутуп деп кемшендеп ыйлай баштаганда жугуруп жетип кучактап калдым. Кечириниз ата мен мени кечириниз ата бул жалганда армандуу мен элемин го деген элем.Ичпейм экинчи ичпейм ата деп ыйлап жаттым. Ошондо чон атан келип туура жолго салып кетпегенинде кандай болмок эстегим келбейт. Ошол кундон баштап намыстанып озумду колго алып кайраттанып белимди бекем бууп сени бала бакчага берип жаныбыздагы коншу айылда жайгашкан пансионат-санаторийге алгач кир жуугуч прачечныйында иштеп андан сон сестра-хозяйка болдум. Тапканым экообузго кудайга шугур жетип жатты. Анда-санда шабашкабыз да бар эле. Сен окууга кирип окуучу болдун. Ошол сен биринчи класска барган жылдары таянып жургон чон атандан да ажырадык. Чон атан байкуш олорундо да бизди ойлоп тигил Тамчыдагы эки гектар жерин мага жаздырып койгон эле. Чакыртып жибергенинен барсам: - Аа Жамийла кел, келегой кызым. Мен атайы бир иш менен чакырттым эле. Осоорумон олоорум жакындап ,минтип ажалдын босогосунда отурам каралдым.Кандай жатасынар, эт-ашынар барбы? Чынартайым, чырпыгым чонойуп атабы? Окуусу кандай? - Жакшы, биз жакшыбыз ата, буйурса каникулда силердикине жиберейин деп атам. Чон атамды сагындым. чон атамдын козуларын сагындым. Упчу менен сут берип бакчубуз да деп- откон каникулда келгенин айтып тугонбойт. десем, чон атан борсулдап кулуп жатып, жотолу кармап сыйпалап тукургучун издеп ыкшып жотолуп чыкты. Банкага гезиттен ороп ичине салып койуптур кок какырык чубалтып какырып койуп, созун улады. Мен ,бул оорудан турбай калдым окшойт. Койунуз ата, антип айтпаныз, сизди тиги Тамчыдагы ооруканага апаралы. Баякыдай эле дарылап айыктырып койушат.Сиз бизге керексиз. Сиздин бар экенинизди сезип, жашоо, бизге канча дем, куч, кубат берет Сиздин акылыныз менен кенешиниз менен адам болуп жашап келе жатам атаке. десем. -Аа каралдым эстуу жансын.Бекем бол.Мен жашарымды жашадым ыраазымын жаштайынан жайрагандарды айтпайсынбы десен, деп, оор ушкурунуп алып тунжурап ойлонуп калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   ekyshka09   23 Май 2012 - 18:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 149
  • Катталган: 27 Август 11
  • Соңку аракети: 13 Дек 2016 19:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Ошентип чон атан силер кыйналып каласынар, деп бизге тигил азаптуу жерди берип калган мал жанын ,уй-жайын Арзымат небересине калтырган. Гулгаакы эжендин жалгыз уулу эмеспи. Олбогон жанга жаз келет дегендей биз жашообузду андан ары уланттык. Жакшы эле жашообуз уланып жатты.Баягы жерге жугору айдадык биринчи жылы дуркуроп тушум жакшы чыгып акчасы да жакшы болду анын акчасына эки трактор алдык мен чарба ишине кызыгып ушул жер менен алектенмей болдум. Жумуштан чыгып жер иштетип баштадым. Торт жыл катары менен жакшы акча таптык. Тигинтип уйду ондодук, ошентип эле жакшы жашай берет элек бирди-экиге улап. Анан эле жер талаш башталды. Колдун жээгиндеги жерлердин баасы асманга учуп жер кымбат боло баштады. Баягы ээн-ээн жаткан жерлердин ээлери пайда болуп а тугул ээси бар жерлер меники болчу сеники болчу болуп чырга айланып да атты. Ошондой кундордун биринде сельсовет келип эки гектар жерди ээлеп жатасынар бир уй-булого алты гана сотых жер берилиш керек экенин билесизби.Азыр ушундай жаны закон.Жердин оз улушунорду кестирип алып калып калганын айылдагы жаштарга таратып беришибиз керек.деп эле бакылдап кагаздарды апчыгып,апкелгиле жердин документтерин, кызыл китеби менен дегенде: -Ботом ал жер тээ качантан кайнатамдар иштетип жургон жер эмес беле.Кайнатам кийин бизге откоруп берген. Документалдуу турдо десем. Ошо апчык документтерди анан тушундуром деп шаштырып кирди. Кайсалактап баягы жерден документтерди апчыксам эле бирден барактамыш болуп туура эмес толтурулган эртен конторго кабинетиме келиниз ошол жерден суйлошобуз деп эле баякы документерди алып жоноп калды.Мен келесоодой болуп шалдайып туруп берипмин. Менин сабатсыздыгым ушунда билинди. Чынында мен ал документти окуп да коргон эмес элем.Чон атан баарын бутуруп койгон болчу мага баары бир сыяктуу жерге коп маани берген эмесмин акча таап баштаганга чейин.- Ээ копологум, сен атан жонундо айтып берчи десен мен узун жомокко тушуп алыпмын го. Журу чай ичели. - Анан ошентип жерибизди алдатып алдырып жибердикпи? Ооба,кагылайын менин жалгыз экенимден пайдаланып, сабатсыз экенимди,аркамдан туруп берер кишим жок алданып кала бердим. Уйун куйгур Саламат ал жерге ээ болуп бизге алты сотых жерин улуш кылып кесип берип койгон.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   ekyshka09   23 Май 2012 - 19:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 149
  • Катталган: 27 Август 11
  • Соңку аракети: 13 Дек 2016 19:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Ал жерди да кийин кара курсактын айынан сатып жибербедикпи. Жер менен кошо трактор,соколор да сатылды. Озумду таштап ал жерди иштетууго чамам да келбеди. Ээх жашоон менен куруп кал десе деп ушкурунуп алды. Онбогур Саламат бая жерди болуп-болуп сатып тынды. Ой жур кызым кун туш болуп кетет чай ичип алып бугун дем алышта тиги арпаны тазалап алалы.деп бугунку кун жакшы эле башталган. Анан эле тушто тигинтип тойго чакырып кетишкен.Эми минтип элдин аягында калыптыр. Ичпесе эле апаман алтын киши жок. Ошол жерди алданып алдырып жибергенден бери;ичкени да кобойду эмнегедир.Жер иштетип жургондо алаксып жакшы болчу экен да деп ойлонуп койду. Апасы торку уйдо тордун башында бир жене менен отурган экен. Аны кое бербей кыйнап аткан окшойт Чынарды коруп эле, суйунуп кетти: -Ии, мына апаке, кызыныз да келип калды, мен кетейин, уйдо бала чакам кутуп калды деп, шашып турайын деди эле ,апасы колунан силкип отургузуп колунан бекем кармап алды. -Отур мындай. Чынарын карап жоолугун ондомуш болуп,-;Аа кучугум мени издеп келдинби? Мен олмок белем каралдым, мына бу келин, жексур Саламаттын келини экен. Баякы биздин жерди алдап кеткен Саламат, жерди сатып ,сыр бербей кампайып журот. Олугунду коройун Кудай гана бардыр сага. Кемпирдин кенедей кызы менен тырмышып нан таап жеп жаткан жерине козун туштубу сенин. Сербендеген секелегим менин атан менен агаларын тируу болгондо ушинтип кор болот белек деп кемшендеп ыйлап жиберди. Эмелеки келин да кызыктай болуп -Апа ыйлабанызчы, мен чынында эч нерсе билбейт экем. Жаман болуптур, мен жолдошума айтып коройун.Турунуз, журунуз уйунузго баралы. Сиз ыйласаныз кызынызды журогу тушот го, деди эле апасы Чынарын карап бир козун жумуп алып - Аа кагылайын бул кызым ыйдын устундо чонойгон кыз. Ушул кызым деп темтендеп жер устундо басып журбоймунбу. О садаган кетейин келчи бир жыттап алайын, деп кулачын жайды эле жоолугу шыпырылып,ак баскан чачтарынан ого бетер аянычтуу корунуп кетти. Чынар кучактап алып опкулоп ,жоолугун ондоп салып -Апоу журучу уйго кетеличи,уят, элдин баары кетти,биз эле калдык,турунуз деп тыбырчылап атты.Ангыча Жамийла апа кирип келди.;- Кел Жамийла бата кылалы кызын кутуп калды.Аа кайран гана жалындай болуп жалбырттаган жаштык кезибизде апан экообуз колтукташкан дос элек. Экообуз тен атыбыз  Жамийла, кийимдерибизди да окшош кылып кийгенге аракет кылар элек. Оо анда артыбыздан чуркаган жигиттерди апан экообуздун; чаныбызда эле калышчу да деп кулуп койду. Бул Жамийла апа да кызуурак экен....

Билдирүүнү түзөткөн: ekyshka09: 24 Май 2012 - 02:40

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   ekyshka09   23 Май 2012 - 22:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 149
  • Катталган: 27 Август 11
  • Соңку аракети: 13 Дек 2016 19:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Апа журунуз эми кетели деп тургузайын десе илмендеп арык жаны алы келбейт. Тигил жене жардамдашып экоо эки жагынан суйоп короого чыгышты.Жамийла апа:- ээ Азамат,кайдасын? ! деп кыйкырды эле, -Мен биякта элемин деп мор тамдан баш багып чыга келди. Иий олдум деди Чынар.Азаматын чыкырбай эле койбойбу. Корунбой кетип калсак экен деп тилеп жатса... -Тур тиги Жамишти уйуно жеткиришип келчи. Жолдо да эмне болуп кетпесин. Эшик да карангы болуп кетиптир.Чынардын да алы келбейт.деди эле тез-тез басып келип унчукпастан апамдын колун ийнине тарта сала Чынарды карап- кана кеттикпи деди. Аргасы жок илкий басып коштошуп Чынар короодон чыкты. Кудай жалгап кочодо эл жок экен. Уйго киргизип апасынын бутун чечип жаткырып коюп чыкса Азамат кетип калыптыр. Эртен класска жаят го эми деп кыжаалаттана берип окуусун да тынгылукту окуй албай жаткан. Бир убакта эшиктен бироо ышкырып Чынар! деп кыйкырып калды.Кызык ышкырып эч ким келчу эмес ким болуп кетти? Эшикти ачып- Ким бул?- деп кыйкырды эле, -мен бул Азамат. -Азыр. Короонун эшиги бекилуу болчу ачса Азамат баштык которуп турат. Апам берип жиберди,апан устуканын унутуп калыптыр,деп баштыкты сунду. -Аа рахмат деп кирип баратып эстеп кетип Азамат!- деп кыйкырып жиберди. Ал бурулуп бери караганда, -Класска айтпай эле койчу ээ, десе Азамат кулумсуроп -Камсанаба,баары жакшы, -деп кетип калды.Илкий басып уйуно кирди. Эртеси тан атып апасы онтоп ордунан козголуп -Дагара, дагара кусам,дегенге аран жарады. Кусуп кайра жатты.Ысык чай берейин мен сабакка кетип калсам ошол бойдон ичпей жата бербесин деп -Апа мына бул суттолгон чайды ичип алынызчы,-деп апасынын башын жолоп чай сунду эле, -Каралдым менин апалаганынан айланып кетем го. Мени кечирип койчу экинчи минтип ичпейм,-деп чайды ууртап отурду. Муундары калчылдап бошоп турган.Ушул убакта чайдын ордуна жуз грамм болсо деп ойлоп оз ойунан чоочуп кетти апасы.Мен эмне болуп баратам... Ошентип кундор ото берди,айлар, жылдар алмашып баягы Чынар быйыл он бирди бутуп бутуруучу. Окуумду эн жакшы деген бааларга аяктады. Классташтары& nbsp; акыркы конгуроонун унун угуп салтанаттуу кечеде. Колдорунда сирень гулдоруно беттерин катып ыйлап да атышты.Алардын арасында Чынар да ыйлап жатат. Баардык классташ балдарынын ата-энелери, бир туугандары келишип куттуктап жатышты. Бир гана Чынарга эч ким келген жок. Ишенген апасы кечээ да кечке кызын окууну бутуп атат 5 менен деп ботолколош досторуна жууп берип бир топ ичишкен бугун онтоп тура албай жатса керек. Чынар кокурогуно толгон ызадан мууна ыйлап жатты. Атасы,агалары тируу болгондо эмне,... бугун келишип куттуктап ушундай кызы менен сыймыктанып кетишпейт беле... Эх десен эртен мени эмне кутуп турат? Келечеги кандай болот? Атакесинин тилегин эстеди, агалары жакшы окуу жайга отуп, жакшы кызматтарда иштеп анан озлору эле карындашын окууга откоруп алышмак. Канырыгы тутоп кетти... Эч кимден гул албай турганын байкаган Азамат колундагы сиренин Чынарга кармата салган.

Билдирүүнү түзөткөн: ekyshka09: 23 Май 2012 - 23:07

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   ekyshka09   23 Май 2012 - 23:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 149
  • Катталган: 27 Август 11
  • Соңку аракети: 13 Дек 2016 19:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Ошол сирень гулу менен бетин калкалап ыйлап да мунканып сыздап да жатты. Апасы коп иччу болгон, эми минтип, Чынардын башы катып отурат, таштап кетип калса апасынын тагдыры эмне болот? Кочолоп издеп журуп таап келген кундору да болчу кетип калса ошентип калып калса тонуп олуп калат го...Апасын жектей да албайт.Боору ооруйт. Куйутунон эле ичип кетпедиби байкушум,болбособу акыл десе акылдуу, сулуу десе сулуу менин апакем. Мен учун алтын башын азат кылып канча жуучуларды артка кайрыды. Балким ошондо ылайыктуусуна турмушка чыгып кетсе ичпей калат беле... Мени ойлоп мен учун турмушка чыкпай жаштыгын откоруп жиберсе мен кантип апамды таштап кетем. Жакшы эле айтым апа мени ойлобонуз орундуу адам болсо турмушка чыга бериниз деп.-Кой балам, сенин атандай эркек бир келет да бир кетет.Атандын тошогун эч кимге тебелетпейм. деп кагып койгон болчу ошол бойдон ал темага кайрылган эмес. Таяктын бир жак учунда апакеси,бир жак учунда журогу дегдеп окугусу келген жаркын келечек.Классташтар чуруу-чуу тушуп бака-шака.Сен каякка тапшырасын? -Билбейм уйдогулор юридикалык окуу жайга деп атышат мен болсо журналист болгум келет деди Улан. -А сенчи Сауле сен каякка тапшырасын? -Мед.училищеге го деп оозун чойуп жооп берди эле,Азамат, Сауле казан-аяк университетине эле тапшырат деди. баары кулуп жиберишти. Кезектешип сурап жатышып кезек Чынарга да келип жетти.Баарынан ушул суроодон коркуп турган. Сенчи Чынар сен кайсыл жерге тапшырасын? -Билбейм,али ойлоно элекмин. -Сенден кучтуу адис чыгат,баарыбыздын алдынкы окуучусу сен элен,окубасан болбойт,биз сага ишенебиз деп жаалап жатышты. Анан кезек башка классташына отуп кетти. Бугунку салтанаттуу кече да аяктап уйлоруно тарашты. Чынар шылкыйып ойлуу келаткан уйуно жетейин деп калганында бир белгисиз машине токтоп ичинен тапыр-тупур балдар тушо калып чак тушто эле Чынарды ала качып кетишти.Бул убакта бейкапар апасы мас абалында уктап жаткан...

Билдирүүнү түзөткөн: ekyshka09: 23 Май 2012 - 23:56

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   ekyshka09   24 Май 2012 - 02:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 149
  • Катталган: 27 Август 11
  • Соңку аракети: 13 Дек 2016 19:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

- Кое бергиле мени! Силер кимсинер! Кое бергиле, силер жанылышып алдынар! - Жок карындаш, карындаш дейм да, аяш биз жанылган жокпуз туптуура эле сизге келгенбиз.Улица- Сатылганова беш, кыздын аты Чынара бийкеч дегенде ичинде отургандар ыржаландап каткырып жиберишти.- Мен силерди тааныбайм,мени кое бергилечи, суранам, силерден.Уйдо апам сарсанаа болот,- деди эле дагы бироосу Кудагыйдан кам санаба, сенин колунду сурап, жакшылап сыйлап, еще бир жумалык дозасын таштап келдик Биз деле билебиз културь-мултурду деди эле жанакыдан да катуу каткырып жиберишти. Чынардын ызасы кайнап -Силерди адам экен деп жалынып жалбарып атса ит экенсинер,алсыз кызга алыбыз жетет дединерби акмактар десе.деп ыйлап жиберди.- ЭЙ антип катуу кетпе эртен чай берип атып уялып журбо, эй Тоха чылбырды колуна алып аяшты кой дечи.Эрке кыз го ээ бат эле аны Тоха тарбияга салып алат деп ыржаландап каткырып келе жатышты. Сен суйуно берсен .биздин айылда Тохага тийсем деп тун уйкусунан калып кутуп тургандар канча,ошолорду албай сени тандап сени алам деди- кайра каткырык. Жолдон тынбай ичип келишип, андан Чынардын апасы менен отуруп дагы ичишип, бир топ эле кызып калышкан бул балдар Талгат(Тоха), Искен,Рустам, Кадырлар эле. Талгат эки жолу уйлонуп ажырашкан,жумушу жок кангып бош жургон,кумар оюндарга берилип журуп бардык дунуйосунон кур-жалак калган,аракка да берилип бараткан бекерпоз. Атасы Бекиш уйлонтсок киши болуп кетээр деп умуттонуп эки жолу жанылышып кыздардын убалына калышкан сон кой деп калышкан. Бу жолу озу айтып- Мен уйлоном даяр болуп тургула келининерди кечинде апкелип калам, деп чыгып кеткенинде кемпири экоо бир-бирин тиктеп эле калышкан. Эми кандай болот? Ээленип ушуга тием деген ким болду экен? ал да бир азап болуп карыганда анысы дагы убайымга салбаса экен? деп кубуронду кемпири. Кой кемпир камыналы, онунан берип калгысы бардыр ЖАРАТКАНдын. Чакырт Куштарбекти келинчеги менен келип калсын Жамалбекке да айткыла. Ошентип тойдун камылгасы башталды. Талгатка бир женеси жолугуп -Бу сен ушинтип эле колоктоп журо бересинби, уйлонуп алсан боло дегенде,- Ой жене азыр мага тие турган кыз жок.Минтип оз жанымды бага албай сагаалап карган ата энемдин алдында отурам. Бир эмес, эки аял алып кетирдим. Озу мага эрден чыккан кыз же майып кыз же багар корору жок кыз эле тийбесе деп кулуп калды. Сени арстан экен деп журсо деп шанкылдап кулуп эрден чыккан аялды эмне кыласын, майып аялдын да эмне кереги бар минтип озун айткандай ата-энедин устундо жашап атсан. Сага тыпылдап ата-энендин оокатын кылып, сени суйуп, сыйлап жургон жаш кыз керек. Мен андай кызды таап койгом. Биздин айылда жашайт. Молтуроп сулуулугун айт, боорукер, кичипейил, чыдамкай. Энеси экоо эле. Энеси ичип коет. Жакшы эле ичип коет колундан сууруп кетчу эч кимиси жок.Атасы агалары каза болуп калган. Быйыл мектепти бутуп жатат жаш кыз озун каалагандай тарбияга салып аласын. Мына сага ушундай кыз керек. -Кайран женем ушу сен бир нерсени ойлонуп алып айтып жатасын го болбосо мага жанын ачычу эмес эле. - Ооба таптын бул жерде менин да кызыкчылыгым бар. Биздин кичуу инибиз ушул кызды жактырып калыптыр. Окууну бутоорум менен уйлонуп экообуз чогуу окуга жоносокпу. Анын окута турган эч кими жок. Ал абдан жакшы кыз мен аны суйом дептир. Экоо классташ. Кызыгы апамдар да макулдугун берип койуптур. Мен башка торкуну жакшы турган бир кызды коздоп жургом. -Оой женеке тушундум сизди деп кулуп калды. Кандай эле мага боор ооруп калды десе...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   ekyshka09   25 Май 2012 - 01:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 149
  • Катталган: 27 Август 11
  • Соңку аракети: 13 Дек 2016 19:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

-Келин келди, келин келди! болуп ызы-чуу эле тушуп калышты. Чынарды уккан киши болбоду, ал байкуш сыздап да, ыйлап да жатты. Аттин агаларым тируу болсо эмне? Минтип кор болбок эмесмин. Мени эчак бул жерден апкетип калышмак болчу. Артыман ким келет эми? Апамбы? Ал байкушум эмне кылып койгонун да билбей жатса керек. Апакем ай эми кандай айла кылам?. Мен жашмын али куйоону ойлой да элек элем. Талгатты да тааныбайм эч кандай сезимдер жок эле уйлоно берсе болобу? Ошентип ызы чууга салып жатып шайы оогондо Чынар тынчып калды. Артынан эч ким келген жок. Бир айылда дагы бир уй-було пайда болду. Кундор отуп жатты. Чынар такыр эле коно албай койду. Уйлонгон кундон баштап Талгат козу ачылбай мас болгону, мас болгон. Чынарды жаман создор менен согуп да жиберет.Конулу жок Чынарга жылуу суйлоп озуно имерип тарткандын ордуна атырылып бир тиет. Чынар чунчуп бутту. Барына коз жуумп басып кетип калгысы келет бирок коркот. Талгаттан коркот. Акыркы кундору эч себепсиз кол которуп да жиберчу болду. Апасы кызынын ала качып кетишкенин эртеси билди кызынын бактысына деп кайра эле ичмей ошентип коз ачылбай жатканына бир топ эле болуп калды. Талгат болсо кундо ичип кеч келет, кээде келбей да калат. Чынардын жашоосу тозокко айланды кеч кирип келатканда эле бужуроп бугун тынч эле уктап калса экен деп тиленет. Чынарга аз да болсо жарык берип кармап турган Талгаттын ата-энеси. Карыганда бул абышка-кемпирге оор болду. Экооно тен Чынар жагып, купулуна толгон. Кудайым боор ооруптур жакшы келинге туш болуптурбуз ээ кемпир деген суроосуна -Ушул кыздын убалына да калбаса экен. Бардык аялдары жакшы чыккан эле...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   ekyshka09   26 Май 2012 - 13:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 149
  • Катталган: 27 Август 11
  • Соңку аракети: 13 Дек 2016 19:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

 Ээ абышка баланы торойт экенсин,кыялын кошо торобойт турбайсынбы. .. Талгатымды ашыкча эркелетип алдыкпы... Ээ кудай ушу балама акыл эс бере кор деп тан аткандан кун батканга чейин тиленем. Уйлонсо кичине уйго байыр алып онолобу дедим эле аттин деп- ушкурунуп алды. Чынар мына ушул чукодой болгон карыларды ойлогондо ,коздорунон умуттору очпой, Чынардан : - Сен кетем дей корбо,балам ,кагылып- согулуп онолот,сен кетсен такыр эле болбой калат, балам биз турабыз,сага жардамымды берип турам,кагылайын, эстуу кыз экенсин.Талгатымды ондоп алчу озунсун. Нике кайып деген бар. Чыдамкай бол,жашсын ,билбегенинди сура... деп кайненеси бужуроп жалынып эле турат. Боорукер жаны эзилип эки кары учун кун кечирип келет. Апасынан кабар жок.Откондо классташ курбусу Салтанат келиптир. Апасы жонундо билгиси келерин айтса, элдер, чырактай кызын бир ящик аракка сатып жибериптир деп кеп кылып атышканын,апасы ошондон бери козу ачылбай ичип эле жургонун айтып зээнин кейитип кеткен эле. Дагы бир кызыгы классташы Азамат Чынарды жактырып жургонун,бутуруу кечесинде соз айтып,алып кетем,уйлонуп бактылуу болобуз,чогуу окуу жайга кетебиз, -деп жургондо мени ала качып кетип жаман болуп жургонун айтып берген. Ошондон бери бушайман апасын ойлоп сар санаа ичип журуп ден соолугун талкалап,каралбай калып олуп калбаса эле болду.Апам учун окуу жайга деле кайыл болуп барбай эле багайын деп журбодубу эле. Тагдырдын ушундай ачуу сыноолору да болобу.Минтип суйбогон адамга байланып отурам. Кызык Азаматтан эч кандай сезимдерин байкаган эмес элем го. Азаматты деле суйгон эмесмин да. Айырмасы Азамат ичпейт, кумар оюндарын ойнобойт, алдыга умтулуп келечегин ойлогон жаш жигит. Балким суйгон болсо жылуу мамилеси менен суйдуруп алмак. Деги суйуу кандай болду экен?. Апасынан тартынып журуп жигит жандамак тугул, суйуу жонундо ойлочу эмес. Эми минтип, арак сасып келип, уктап жаткан жеринен бырпыратып баса калып,, тоокчо уйпалап ишин бутуруп, ары карап жатып алып, конурук тартып кирген, бир да бир жылуу мамилеси жок адамга байланып отурат. Ошентип журуп арадан беш ай отуптур ушул беш ай Чынар учун беш жылдай эле болду. Суранып барып апасын коруп келейин десе куйоо сорой урушуп койгон. Аны деген жол жобоосу менен барат. Апан бизди чакырып алсын. Ага басып барбайсын.-деп. Акыркы кундору Чынар жаман туш коруп чоочуп ойгончу болду. Тундо да тушундо Чынардын мандайкы бир эле тиши калыптыр ал да шалкылдап бошоп аран турат. Чынар ыйлап жатыптыр жалгыз тишим да тушуп калса эмне болот. Кантип жашайм деп. Чоочуп тура калып колдору менен тиштерин сыйпалап жиберип- уух тушум тура деп койгон, бирок, негедир журогу опкоолжуп кызыктай болду. Эртен мененки чайын камдап берип жатып: - Апа тундо тушумдо тиштеримдин баары жок бир гана мандайкы тишим бар экен. Ал тишим да шалкылдап ана тушот,мына тушот болуп бошоп калыптыр, десем. -Тушко нелер гана кирбейт балакетин алайын, коп ойлонбо. Бугун андан коро апана барып келели,деп калды. -Талгат урушат го ,барсан бутунду сындырам,шарты менен барабыз деп койгон. - Балам апанда азыр шарт жок.Шартын карап отура берсек сен сагынып онунон азып баратасын апан да сагынган чыгаар. Эч кимге айтпай эле акырын барып келебиз. Талгат да билбей калат ансыз да кеч келип журот. Суйунгонунон Чынар козунон жаш алып апасын кучактап калды.- Рахмат сизге. Ошентип эртен мененки чайдан кийин камынып калышты. Апасына деп сандыктан кайненеси жоолук, чапан апчыкты. Чай,чамегин даярдап эми Талгатты эле кутуп калышты. Качан эми туруп тамагын ичип алып досторун коздой жонойт деп. Себеби кундо эле ушундай корунуш кайталанчу.  

Билдирүүнү түзөткөн: ekyshka09: 26 Май 2012 - 21:19

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   ekyshka09   28 Май 2012 - 00:36

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 149
  • Катталган: 27 Август 11
  • Соңку аракети: 13 Дек 2016 19:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Коздору шишиген Талгат туруп келип, суу сурады да, бир чон чыны менен тыным албастан жутуп жиберип, жуунганы сыртка чыкты. Чынар чай камдап чайга чакырды. - Апа пенсиянызды качан аласыз. Мага акча керек, карыз болуп калдым. - Дагы балакет баскыр картанды ойнодунбу, бу деги качан коесун. Элди ортосу болуп жашачу элен тамын,мал-жанындан бери соруп бутту го кумар деген,деп ушкурунду эле, -Башталдыбы дагы, келе чай берчи! -деп Чынарды олурая бир карап койду.- Суук тушуп, кыш да келет. Чынаркемдин бутуна жылуурак отук алып берсемби дедим эле. Келгени. устуно тыныраак эч нерсе алып бере элекпиз. - Эмне, келгени жыргабадым деп атабы? Сизди кыйнаса айтыныз, заматта эле алкаш апасыныкына жеткирип салам. Ха-ха-ха бул жерде жылуу жумшак курсагы тойуп жургонуно суйунуп журо берсин. Тиги апасындай болуп кангып ботолко издеп талаалабай ха-ха-хаа. Кулгондо алдынкы тиштерин туптору карайып, жуулбаганга сапсары болуп жагымсыз эле. - Бу сен кандайсын ыя деги бир акыл кирбес болду го. Башына келген ырыскынды которо албай, доолотуно мас болуп журуп, тапкан досторун кумарчы-бекерпоздор болду. Атан экообуз, кой балам, деп, журуп койдура албадык.Акыры тубу келип апандын пенсиясына кунун тушчу болду. Деги бир уялсан боло. Катын алсан-отун ал дейт, ой ботом алганын жакшынакай болуп кийинип журсо жаманбы. Элден деле намыстанып бутот экенсин, Чынаркем ойдо карап суйломок турсун тартынып чайын ырыстуу иче албайт. - Болду эми апа ушу Чынар келгени коп урушчу болдук. Мен кеттим.-деп чыгып кетти. Чынар мелтейип же козунон жаш чыкпай бир жерди тиктеп отура берди. Бул уйдо озун чоочун экенин,суйуу жок жашаш канчалык азап экенин,жаштыгы ушул тушунугу тайкы адамга кор болуп жатканына зээни кейип турду. Ар бир кыз кыялдангандай эле Чынардын да кыялында мырзасы бар эле. Ал эс тартып, бой жетип ,акылына киргени коп кыялданчу болгон. Кыялындагы мырзасы келип апасы экоону шаарга алып кетсе.Апам болуп чогуу жашасак. Апам да ичпей калмак.Баарыбыз эрчишип алып концерттерге барсак,апам байкуш концертке деле барып корбосо керек... ойлогон ойлорунун тубу жок бир жомок эле. Ал ойлорунун бири да аткарылбасын сезди.Себеби жолдошу кыялындагы мырзанын тескериси эле...Улутунуп алды. Апасыныкына барган боюнча келбей койойун деп чечти...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   ekyshka09   28 Май 2012 - 01:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 149
  • Катталган: 27 Август 11
  • Соңку аракети: 13 Дек 2016 19:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

-Балакетин алайын,Талгаттын создорун журогуно албай эле кой, каралдым.Акыры журуп акылына келээр... ух...кеткени жакшы болду эми. Тезирээк барып келе калалы, кийинип чыга кал... Чын эле кайненеси айткандай, устуно эмне киерин билбей копко ойлонуп туруп калды. Эки жака чыгып корбогонго билинчу эмес экен да. Анын устуно эшикте суук болуп калган. Эми эмне кылса... Кайненеси божондоп жетип келип -Аа каралдым,эмне кийеринди билбей турасынбы? Кандай кылсак экен? -Аа таптым баса сандыкта жаны тукаба чапан бар устуно кийгенге жарайт болуш керек, ал эми бутуна...Талгатка айтпай туруп эле эмки пенсиямды Чынарга отук алып бербесемби деп кейип жатты. -Мынабу чокойду корчу деп Талгаттын экинчи аялынан ,эски калып калган отукту таап чыкты. Чынар баарын коруп билип турса да баарына кайыл болуп кийди.Эптеп эле апасынын уйуно жетсе болду...Тезирээк эле апасын коргусу келип журогу туйлап жатты. Ошентип тушко маал Чынардын айлына кирип келишти. Бензининди куйуп берем жардам бер деп кайнисинен суранган,ал жок деген эмес. Мына эки уйдон кийин эле жетебиз. Журогу турсулдоп чыкты. Дарбазасы сынып кыйшыйып,ону очкон ар кайсы жери сыйрылып турган уйун коруп ичи ачышып турду...

Билдирүүнү түзөткөн: ekyshka09: 28 Май 2012 - 21:30

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   ekyshka09   28 Май 2012 - 21:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 149
  • Катталган: 27 Август 11
  • Соңку аракети: 13 Дек 2016 19:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Айлана жымжырт, Чынардын журогу опкоолжуп озун кызыктай сезип жатты. Короонун ичи иретсиз, жарым жыл ичинде ушунча да озгоробу деп тангалып турду. Кайненесинен уялып, тартына - кириниз деди. Экоо эрчише уйго киришти. Эшик ачык экен. -Апа, апаке кайдасыз? Апоу! - деп кыйкырган Чынарга эч ким жооп кылган жок. Экоо бир- бирин карап туруп калышты. Уйдун бардык болмолорун карап чыккан Чынар, - Апам жок экен, кайда кетип калган? Кызык, уй ачык, деп тан калып койду. Кошуна- колондукуна кеткен го, кутуп туралы деп кайненеси эски диванга отура кетти. Чынар уйдун бардык терезелерин ачып желдетип чыкты. Уй ичи самогон менен ным жыттанып кетиптир. Ушунчалык зээни кейип турду. Атамдар болуп чогуу жашап жаткан кез... Кандай сонун кундор откон экен да. Уйубуз кулпуруп ырыскы чачырап турчу эмес беле аттин.Айыл ичи суктанчу апамдын гулдоручу , бири калбай куурап, кагырап бутуптур.Апамдын даамдуу тамагычы, уй ичин буркуратып чыкчу андайда ойноп жургон жеринен чуркап келип кууруп аткан этинен жеп алып чуркап кетчу. Апасыныкындай кылып эч ким кызарта куурчу эмес. Эмичи минтип уй арак сасып, томсоруп турат. Ыйлагысы келип ары басып кетти . Ушунчалыкка тушуп кетет деп ойлогон эмес эле.

Билдирүүнү түзөткөн: ekyshka09: 28 Май 2012 - 22:28

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   ekyshka09   28 Май 2012 - 23:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 149
  • Катталган: 27 Август 11
  • Соңку аракети: 13 Дек 2016 19:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Чынар чай койду. Сен куйоого кеткенде берем деп даярдап койгон тошончулор, шырдак, килемдер жок. Сатып жиберген го деди. Бир убакта кобуранып суйлонгон апасы кирип келди: - Уйго ким келген? Бул кимдин бут кийимдери ыя? - деп кирип келип эле Чынарды коруп- Оо, балакетин алайын Сербентайым, садагам менин, менин Чынаркем келген тура, деп кучактап калды. Чынар коптон бери каткан сагынычын, бугун чыгара кучактап алып ыйлап жатты. - Апаке, мен сизди сагындым. Карып кетипсиз апаке, жакшы журосузбу? Жаным апа, сагындым сизди... Кагылайын балапаным, онбогон жанагы эргулдар мени алдап кетишиптир. Мага сени алып кетип баратабыз деп айтышкан эмес. Куттуктап келдик, досубуз коптон бери жактырып журот, таанышалы, суйлошолу деген эле создор болгон. Сени алып качкан куну эс учум очкончо ичиптирмин. Эртеси, анын эртеси, козум ачылбай эле ичип аттым. Мен эсиме келип акылымды жыйганда баары кеч эле. Сен мени кечире алсан, кечир ,кызым. Андан кийинки жашоом курусун, озумду жектеп, куноолоп ого бетер ачууга жакындап кеттим. Кочого басып чыга албай калдым, эл мени жапжаш кызын аракка сатып жибериптир деп эле кубур- шыбыр. Тиги Азамат классташын да келип урушуп кеткен. Кызыныздын келечегин ойлобогон кандай энесиз, кимге берип койгонунузду билесизби озу, эки аял алып кетирген озунон коп жаш улуу киши ал. Мен кеч угуп калдым. Кызыныздын колун сурайын деп жургон элем дебедиби. Апей ботом, мен узун жомокко кирип кетиптирмин го уйдо мейман бар дебейсинби деп кудагыйын эми байкап учурашып таанышышты. - Кудагый бизге айып этпениз, биз минтип чакырыгы жок эле, салтты бузуп келип калдык. Чынаркем сагындым дегенинен, эч кимге айтпай эле - дегиче оозунан созун жула - Кечиргиле мендей таалайы тайкы, акылы кем аялды кечиргиле. Чынаркемди жер каратып... Чакырып ала албадым ....намыстандым, жашоо шартымды коруп турасынар ушундай абалга жеттим Кудагый , мен аракты женбей эле арак мени женмек болду. Балдарымдан, жолдошумдан ажырап куйутумдон кантип ботолконун тубуно тушуп кеткенимди билбей калдым. Акыркы кундору Чынаркемдин атасы коп тушумо кирчу болду. Эки кундон бери ишенсенер ичпей карманып жатам. Силер келердин алдында, куран окуп, жыт чыгарып койбосомбу деп тиги кошунаныкынан май сурап келейин деп кеткем. Пенсия тийсе берем десем бербей койду, азыр озу элде пейил жоголгон окшойт. Ичкен адамга да азыр эч ким ишенбейт экен. Минтип мени кубанычка болоп кызымды корсотуп келгенине ыраазымын кудагый. Бугун силерди корбогонумдо ызаланып ичип да алмакмын, кызымды коруп аз да болсо жашоомо жарык берчум бар экенине тобоо деп кайраттанып жатам. Сербентайым келчи жыттап жыттап алайын... Апан арак ичип кангып кеткени менен сени ойлоп жууркан тошокторунду, шырдак, килемче, себинди синдимдикине каттырып койгом, уйго келген ичкич достордун козу тушуп тигини сат муну сатсан дей беришкенинен. .. Садагам мендей апан бар экенине жийиркенип жек коруп атасын го ээ... Мен мас болуп жатып калганымда суйоп- таяп келчу озун жок канча талаада калдым...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   ekyshka09   29 Май 2012 - 00:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 149
  • Катталган: 27 Август 11
  • Соңку аракети: 13 Дек 2016 19:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

- Антип айтпанызчы апакебай мен сизди жаныман артык кором. - Ооба, кудагый кой андай созунду. Кызына жакшы тарбия берипсин. Абышкам экообуз суйунуп журобуз. Ушундай кызды тарбиялап остургон сизге рахмат, биз ыраазы- Келиниздер, чайга,- деп Чынар чайга чакырды... - Кудагый биз уулума да айтпай эле келдик, эле, убактыбыз тар. Дагы али алдыда коп- коп жолугушабыз, эми уруксат этсен кетели деди эле Чынар апасын кучактап алып - Апа каалайсынбы, мен кетпейм, мен кетпей жанында калам. Мен ал уйго баргым келбейт, Апам менен Атамды кыя албай эле журом. Мени алып калчы апакебай. Экообуз мурдагыдай жыргап жашай беребиз, апоу, апаке, алтыным апаке - деп жалбарып жатты. - Кой , кызым тура гой мындай дегенин жарабайт. Барган жеринен багын ачылсын. Кудагый сен учун деп келип отурат. Ушундай жакшы адамдарга келин болупсун, каралдым. Мени алкаш деп кемсинтип озу келмек тугул, сени жибербей койсо эмне кылмак элек... Мындай жакшы адамдардын уулу дагы жакшы болуш керек. Кой балам жолуна туш. Очогундун отун очурбо балам, келип тур. Мен баш- аягымды жыйып алып сени чакырып алам, каралдым. Ансыз да сени уят кылып жургонум эле жетиштуу . Сар санаа болбо мен ичпейм. - деп бетинен ооп, кучактап жыттап алды. Чынар апасына айтса эле суйунуп алып калат, анан болду жыргап жашай беришет,- деген ойлору чачырап кетти. Апам да мени менен жашагысы келбейт.... Менин кимге керегим бар... Башын шылкыйтып машинеге тушту да жоноп кетишти. Ошондо кылчайып артын караганда : Суйууго, энелик мээримге толгон коздор ыйлап турганын, корбой да сезбей да кете берди . Бул эне баланын акыркы жолку жолугушуусу экенин экоо тен билишпеди... Аттин, дуйно...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   ekyshka09   29 Май 2012 - 00:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 149
  • Катталган: 27 Август 11
  • Соңку аракети: 13 Дек 2016 19:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Кундор ото берди. Талгат бир куну мас болуп келип :- Сен айылына мен жок барыпсын. Эмнеге айтпайсын ыя, аа билем тиги классташ чакырды да ээ. Сени алам деп жургон классташына арманынды айтайын деп бардынбы, эненди урайын! Эй эшек сен менин катынымсын уктунбу, сени мен озум билем. Мага айтпай бир нерсе кылчу болсон мына бу мээнди чыгара тебем деп башка тепти. Маска тенелбейин деп кир жууп отурган жеринен кулап тушту. Башы сыздап, коздору ымыр- чымыр боло тушту. Тиштенип чыдайын деди откондогудой болуп апалары угуп жетип келсе мас неме куч менен - Кийлигишпегилечи мен озум билем,- деп туртуп жибергенинде апасы жыгылып кеткен эле ...Эмне бардын мен жок айлына, жо эмне бардын деп мандайына туруп алып кыйкырып жатты.Бугун дагы утулуп калган Талгат, жинин Чынардан чыгарып жатты. Коздору кызарып :- Сен соо эмессин, эмне жашырып кетесин, мен сага бирди корсотпосом элеби? Тиги Искендерге уят кылдын, ал элдин баарына жаят, эненди деп эле сабап жатты. Тиштенип Чынар чыдагандан башка аргасы жок эле...
Уландысы бар...

Билдирүүнү түзөткөн: ekyshka09: 29 Май 2012 - 17:08

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   ekyshka09   29 Май 2012 - 22:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 149
  • Катталган: 27 Август 11
  • Соңку аракети: 13 Дек 2016 19:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Кунунку тиричилик менен алышып кундор отуп жатты. Чынар тагдырга моюн сунуп мандайга жазганымды коройун деп калган. Ошондой кундордун биринде Талгаттын, дагы бир досу келди. Экооно чайын берип койуп чыгып баратса, - Аяш, биз менен отурбайсызбы? Жакшылап таанышалы, менин атым Бек деп колун сунду. Ынгайсыздана Талгаттан жедеп жалтан болуп буткон окшойт жалт Талгатты карады эле: - Бизге чай куйуп бер, тамагын анан асасын. Бугун шаардан келген доскемди жакшылап сыйлайлы. - Оой Талгат дос аяшты катуу кызганат окшойсун ээ, же аяшыбыз абдан уялчаак окшойт. Жанатан бери сунган колумду сузуп мен турам... - Аяшын жаш эмеспи, уялып атса керек. Учурашпайсынбы! - деп Чынарга бурк этти. - Анда дагы бир жолу, жакшысызбы аяш, мен Бек, деди эле. Билинер билинбес калтыраган колдорун сунуп -Чынар, деп кыска гана жооп берип койду. - Бу досум озун аялдан жаман жолдуусун ээ. Бизди чуроктой аяштуу кылыпсын молодец,- деп койду. Ал досу кечинде кеч кетти. Ошентип кундор ото берди. Бир куну Талгат адатынча кеч келди, кызуу. - Эй, эненди, эмне жалдырайсын, чеч отукту. Чынар шыпылдап бара калып отугун чечейин деди эле, буту менен бир тепти. - Бу кандайча эле мен туубас катындарды алам ыя. Келгенине бир жыл болду... Бугун Искен дос уулду болду, ичтик. Эй бешинчи баласы. А мен кыркка чыгайын деп калдым бала жок. - деп темтендеп барып керебетке жыгылды. Чынар деле балалуу болгусу келчу, эмнегедир эле, ортодо бала болсо Талгат онолуп кетет беле деп жургон. ... Эртеси дагы Талгат кызуу келди. Бу жолу бирок эмнегедир башын жерге салып кирип кетти. Чынар чын журогунон аяп турду, мен жаман аялмын го... Тороп берсем, онолмок, жашообуз озгормок...- Чынар, Чынар,дейм- деп кыйкырып жатканынан кирип барса колуна тутам акча кармап отуруптур. Мына муну кордунбу, бул акча. Ме катып кой эртен менен шаарга чыгабыз. Сени доктурга апарам, текшерилип торойсун уктунбу? ... Шаарга да келишти. Эптеп бир батир таап, кийим- кечектерин калтырып койуп женеси берген дарек боюнча жекеменчик ооруканага жоношту. Ал жерден анализ тапшырышты. Экоо тен текшерилип экоо тен керектуу анализдерин беришти. Эки кундон кийин келмей болуп кетишти. Айылга кетпей кутмок болушту. Ош базарынын жанынан тапкан батирге Чынарды жеткирип коюп озу баягы Бек досунукуна кетти. Чынар дегдеп журуп коргусу келген шаар мына. Ызы- чуу, озгочо Ош базардын тегереги тынч эмес экен. Уктай албай жатты. ... Классташтары ушул жерде окуп студент болушуп журушот го... А мен мен болсо журом, кунумдук жашоого алданып... Эч максатсыз...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   ekyshka09   29 Май 2012 - 23:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 149
  • Катталган: 27 Август 11
  • Соңку аракети: 13 Дек 2016 19:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Талгат кеткен боюнча жок, эртеси кеч келди. Унуройуп кабагы ачылбайт. Кийин, бол , сени бул жерге таштап кете албайм. Аяшты да ала кел деп калган,Бек достукуна барабыз. Мейманга. ... Талгаттын уйу эки комнат экен. Жакшы жасалгаланыптыр. Жупуну кийинип кирип келген Чынарды - Оо аяш кел, досум сени шаар корсотом деп алып келдиби, бу дос ум жакшы коргон балана шаар корсотпо дечу беле Аа- хаа- ха деп каткырып жатышты. Тиги уйдо эле кала бербей мен жок эле келсе болмок, - деп ынгайсыздана диванга отура кетти. Дасторкондун устун жайнатып койуптур. Кечээ да ырыстуу деле тамак ичпегенгеби Чынар тамакка табити ачылып турса да тартынып аздан жемиш болуп отурду. Бир убакта эшик шынгырап дагы эки киши келди. Таанышып достор экенин билди. Жалан эркектердин арасында озун ынгайсыз сезгенинен тиги комнатага чыгып кетти. Бир убакта тигилер бака- шака тушуп карта ойноп башташты. Акча сайып Талгат бирде утуп, бирде утулуп оюндун кызыгына кирди. Чынар уйкусу келип уктап кетиптир. Эркектер абдан катуу ойноп жатышты. Бир убакта Кылыч дегени ортого БМВ машинасынын ачкычын тыштады эле баары жымжырт боло тушушту. Мындайды эч ким куткон эмес. Берки учоондо ал машиненин баасына чак келчу акча жок болчу. А тугул учоонукун кошкондо да жетмек эмес эле. Искен коздорун жымындатып - Кылыч эмне балээнин башын чыгарып турасын? Бизде мынча акча жок, деди эле. - Билем.- деп кыска жооп берип койду. Мойнундагы алтын чынжырчасын тегерете кармалап отуруп:- Аранарда бироонордун менин машинемдин ээси болуп калганга шансынар бар, мен эркекче утуп чыккан адамга ачкычты сразу карматам деди. - Ким, ал кайсы шансы бар, бактылуу адам. Сен жаман кызыктырдын го... - Ал ,Талгат деген жигит. Баары Талгатты карап калышты. - Менби, менин сенин машинене тен тайлаша турган эч нерсем жок. Эртенки жол киремди да уттуруп жиберип кантип кетеримди ойлоп отурам .Баары кулуп калышты. - Во, мына, зуулдап Бумер менен айылына кирип барсан жаманбы?...- Кантип жаман болсун. Мындай машинеден ким отказ кылсын дечи бирок, бирок ордуна эмнени сай деген турасын. - Тиги, катынынды... Бир тунго... -Эмнее, сен эмне деп келжиреп атасын!- деп ордунан обдулду эле Искен ийнинен басып отургузуп койду. - Бул оюн. Кааласан сунушту кабыл аласын, каалабасан эч ким сени кыйнабайт. Ойлон, он беш минут тыныгуу, эшикке чыгып тамеки тартып келели... Деп ордунан туруп чыгып кетти. Артынан тиги досу кошо чыкты. Башын мыкчып Талгат отурат. Искен чебелектеп мындай жагдай болуп кетет деп ойлогон эмес, эми Талгатты кондурууго отту. Себеби ич куйдуулук бар анан да мындай кызыктуу оюнду коргусу келуудо. Талгат барып Чынарды караса мемиреп бейкапар уктап жатыптыр. Эмне кылса, тобокелчиликке салып корсобу...? Утуп алса... Зуулдап айылга кирип баратканын, майда балдар чуулдап аркасынан кубалаган боюнча чанга корунбой калышканын, апасы энтендеп тушунбой тосуп чыкканын, жашоосу озгоруп каларын эстегенде жым дей эле тушту. Утулуп калсачы...???

Билдирүүнү түзөткөн: ekyshka09: 29 Май 2012 - 23:26

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 18 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 18, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 07 Авг 2025 05:01

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: