Аркы кочодо жашаган Сейдаалы атанын небереси Индира экен : - Апан биздикинен кетпей атат, сени келип апкетсин дешти деп чуркап кетти. Чынара барын тушунду, тушунбогондочу. Апасы, Сейдаалынын небересинин тушоо тою деп кеткен. Жакшы эле суранып атып жиберди эле го:- Суранам апа коп ичпей келчи, баары эле жакшынакай таркайт сиз эле которо албай каласыз. Мен уялам, мен чонойдум апаке ичпенизчи... деп жалдырап атып жиберди эле дагы укпаптыр да. Жаман акыбалда калды. Уйго кирип устуно жемпирин кийип, уйду бекитип чыкты. Жолдо карата деги бул аракты ким ойлоп тапты экен. Арагы жок эле жашаса болбойбу. Откондо тамагы ооруп,тошокто жатып калганда апасы компресс деп тамагына шыбап, бир чон кашык менен дары болот ич деп ичирип жиберген эле,тамагын куйкалап жибергенсип барып ашказаны ысып чыкканын эстеди. Ачуусун айт, ушуну анан кантип ичишет, деп танкалып койгон.Азыр да жолдо баратып ошол ачууну эмнеге ичишет, ичпейм деп эле койбойбу апам которо албасын билет да,эртен эми кечке соолуп ооруп жатат эмеспи,тук тушуно албайм да ушу деп келатып Сейдаалынын короосуна жеткенин байкабай калыптыр. Классташы Азамат тосуп чыкты: - Апан тиги чон тамда ,деп, корсотуп коюп огородко басып кетти.Намысынан беттери алоолонуп ысып чыкты,тиштенип уйго кирди. Эртен класска айтып барат эми -Чынарды апасы кечээ биздин тойдо мас болуп калып кетпей, дагы арак деп жатып аран Чынар алып кетпедиби. десе кээ бири боор ооруса кээ бири шылдындайт го деп ойлоруна бушайман тушуп ушкурунгонун байкабай калды. Ий-ий апам ай ченеп эле ичсениз кана,уят болдук.деп ойлонуп баратып Сейдаалы атанын кемпири Жамила апанын алдынан чыкканда селт этип чоочуп кетти. -Ии садага болойун Чынартай, кандайсын балакетин алайын,деп чекесинен ооп учурашты. Эмне классташындыкына келген жоксун, чуркап тушоо тойдон байге албайт белен, садага. Шаарда байкелери чон-чон байгелерди койушпадыбы дегенде уялып турган Чынарды коруп -Аа секетин кетейин уялып,бой жетип калдык дегиле. Тиги клапссташын да озгорду ботом корс-корс этип эле бир тиет чечек. Жамила экообуз бугун кичине ичтик той эмеспи,туура тушун бизди. Жамила байкуш аялдын арстаны да, кайратуулугун айт. Апанды жакшылап сыйла сенден башка таянары жок. Чынында карылыкка алдырып баратат окшойбуз, апан байкуш аракты деле которо албай калыптыр. Жур-журогой деп, ичкери кирди, артынан келаткан Чынар уй жасалгасына суктанып койду. Сейдаалынын балдары тын чыгып уйун-уй, жайын-жай кылып коюшту. Бактылуу адамдар экен.Жашында экоо тен жакшы эле мээнет тартышты балдары деп эми мына минтип балдарынан доолот коруп отурушат. Менин Асылтайым, Жаныбегим аман болгондо биз да ушинтип очор-бачар болуп бапырап той бербейт белек.Адам деген башына тушкон азаптын баарын которо алат тура.Жок дегенде бир уулум аман калса кана Ошо каргашалуу куну уйдон уч олук бир чыкпадыбы аттин. Могдуроп журогум тилинип жердин катуусунан гана турдум го чиркин. деп эртен менен апасы коз жашын жоолугунун учу менен арчып, дагы каниет, сен барсын жарыгым, сен деп жашап журбоймунбу, садагам же болбосо эчак эле атан,байкендердин жанына кетип калмакмын да, деп, Чынардын мойнунан жыттап ооп койгон болчу.
Билдирүүнү түзөткөн: ekyshka09: 23 Май 2012 - 02:54