Айдашка эже кайда жүрөт болду экен?
Чай жөнүндө бирдеке жазабы дедим эле.. Тарыхы, түрлөрү, демдөө жолдору дегендей. А то бул жактагылар көк чай, анан ак чай дешип жатышат ))
Чайкорлор чогулушу тандашып койгулачы
#22 06 April 2012 - 10:48
ай ме тамактан кийин суу деле ичип ала берем менин бир кесиптешим еки пакеткти кружкага салып алып капкара кылып ичет ичбесе башы ооруйт екен кантип ичишет ачуу болуп калатко кызыл кылып ичсе да бир жон
#23 11 April 2012 - 10:13
мага "кулпунaй"
даамы келген чай бар эле го, ошол жагат. Анан Бетанын чайлары да жакшы. Ысык чай ичип турбасам кадимкидей башым ооруйт. Чаңкаганда чай ичсем, чаңкоомду баспай эле, кайра өлө суусатат да....Ошон үчүн суусаганда муздак суу ичем, чарчаганда ычык чай ичем.
#24 15 April 2012 - 02:13
кайппкара дегени жакты
Бу, менин байкашымча, темирторду көрүп келгендер да ошондой кайпкара чай дегенде жата калышат да. Антейин десем, жумушта бир байке ал жакты көрбөй эле ошондой кайпкара чайды ичет. Биз кыпкызыл деген чайды ал "суу" деп коёт да, бир чыныга бир пакетик чайды кашык менен улам сыккылап жатып ичет. Таң каласың эээй. Аны көрүп отуруп бир чети табитиң да жоголот.
Мен деле Каййппкара кылып демдеп ичемгооо?
Я помню каждую минуту своей жизни проведенной с тобой.
И хочу чтобы эти минуту повторились и никогда не кончались.

#25 15 April 2012 - 17:18
Кара чай эмес кок чай болгондо,тандоонузга комоктошмок белем.. А кара чайдан алыстаганым 2-жылга аяк басып баратат.Деги эле капкара демделген чайдан ото алыс болчумун мурдатан.
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
#26 19 April 2012 - 19:08
Мен айылдын самооруна демделген айыл жыттанган сут кошуп алып ичкен чайды сагындым.Азыркы учурда бергамот же чабрец чобу кошулган чайларды жактырып сатып алам.Озгочо BASILUR фирмасынын чайлары жакшы
#27 24 April 2012 - 21:10
Чайкорлор чогулушунда,
ким кандай чай ичкендердин мүнөзү тууралуу интернет булактарынан тапканымды бөлүшө кетейин анда:

Сиздин жакшы көрүп ичкен чайыңыз...
Көк чай
Өтө токтоосуз. Эмоцияга оңой менен алдырбайсыз. Көп адамдар сизди ишенимдүү, туруктуу, жакшы дос боло алат деп эсептешет жана сиз менен достошууну самашат. Чай ичип жаткан идишиңиздин сүрөтүнө, анын эмнеден жасалган идиш экенине абдан көңүл бурасыз. Айтор, идиш тандай билүү сиз үчүн чоң мааниге ээ. Психологдор сизге шайыр, ачык-айрым жана көңүлдүү жашоо образын кабыл алууну, түнт мүнөзүңүздү өзгөртүүнү кеңеш кылышат.
Муздак чай (ice tea)
Өзүңүзгө-өзүңүз татыктуу болууга тырышасыз. Кандай абал болбосун, дайыма өзүңүздү башкара билесиз, сабырдуусуз. Алтургай адам чыдагыс ызы-чуунун, чыр-чатактын арасында да өзүңүздү токтоо, тынч кармай аласыз. Бирок качанкыга чейин ушинтип баарын ичиңизге сактап, ички ой-сезимдериңизди, эмоцияларыңызды сыртка чыгаруудан коркуп жүрө бересиз?
Жыпар жыттуу чай
Эмне үчүн жеке турмушуңуз ушунчалык көңүлсүз? Күн сайын жумуш, жумуш... Эч кандай көңүл ачуу, ойноп-күлүү жок. Көр оокаттан, иштен тажап кеткен күндөрүңүз аз эмес, мойнуңузга алыңызчы. Узак убакытка эс алуунун деле зарылчылыгы жок. Болгону, кез-кезде бир аз көңүл ача да билиңиз.
Сүттүү чай
Таптакыр камырaбайсыз. Ушундайыңыздан улам жашооңузда пайда болгон көйгөйлүү маселелерди өз учурунда чечпей, шашылбай жүрө бересиз. Качан гана баары жетээр чегине жетип, кандайдыр бир коркунучту пайда кылган кезде гана билек түрүнүп киришип калмай жайыңыз бар. Көпчүлүк учурларда жасабай турган ишти жасап, жасачу ишти жасабай койчу адаттын ээсисиз. Сизди бир нерсеге макул кылып көндүрүү көп күчтү талап кылат. Бир гана даамдуу тамак ичип кетүү үчүн конокко чакырганда гана баш тартпай дароо макул болушуңуз ыктымал. Жашооңузда, көз карашыңызда жаңы өзгөрүүлөрдүн, жаңылыктардын болуп турушун жактырасыз.
Карандай, өтө кызыл, таттуу
Эч кимдин колунан келбеген өтө жоопкерчиликтүү, оор жумуштардын баарын аткарууну дайыма сиз өз мойнуңузга жүктөп аласыз. Жасаган ишиңизди сапаттуу бүтүрөсүз. Башкалардын ишенимине кире аласыз жана ушул эле сапаттарды өзгөлөрдөн да талап кыласыз. Айрымдар сизди өзүнө өтө эле ишенген, башкарганды жактырган адам деп ойлошот. Ар дайым дос-тааныштарыңыздын көңүл борборунда жүрөсүз. Оптимист жана ак ниетсиз, эркиндикти жактырасыз.
Карандай, өтө кызыл,таттуу эмес
Өтө кыраакысыз. Эч ким байкабаган майда-бараттардын баарын сиз байкап, сиз көрөсүз. Көп учурларда башкалардын акылы жетпеген нерселерге сиздин акылыңыз жетип, алар жасай албаган иштерди сиз оңой эле жасайсыз. Иштеген жериңизде абдан баалуу кызматкерсиз. Шайыр, оптимист, жумушка тың, акылдуу, туруктуусуз, адамдар менен тез тил табыша аласыз. Ар бир адамдын өзүнө жараша туура мамиле кыла билесиз. Табиятыңыздан чыгармачыл жана кыялкечсиз. Өзгөлөрдүн да оюн угуп, кааласаңыз алардын айтканы менен деле болуп коёсуз. Себеби, сизде өз оюн бербеген көктүк жок. Өтө активдүү болгондуктан, бир күндө көп жумуш жасаганга жетише аласыз.Табият койнунда эс алуу, жай музыка угуу сизге болуп көрбөгөндөй ырахат тартуулайт. Үй-бүлө сиз үчүн биринчи орунда.
Карандай, өтө кызыл эмес, таттуу
Токтоо, анан да өтө ишенимдүүсүз. Сизге эч коркпостон ички сырды айтса болот, анткени, ичиңизге сыр сактай билесиз, аны сыртка чыгарбайсыз. Ызы-чууну жактыра бербегендиктен, үйдө отуруп тынч эс алууну сүйөсүз. Дал ушул себептен улам той-тамашаларга көп баргыңыз келбейт. Натыйжада, дос-тааныштарыңыз да аз. Интуицияңыз абдан күчтүү. Сезимге туруктуусуз. Андыктан, жылуу сезимдериңизди ар кимге эмес, эң жакын, эң кымбат адамдарыңызга арноо үчүн гана сактайсыз. Аябай аракетчилдигиңиз, эмгекчилдигиңиз сизди далай ийгиликтерге жеткирет.
Карандай, өтө кызыл эмес,таттуусу жок
Абдан таланттуу, жөндөмдүү, ар нерсени табит менен тандай билген, көбүнчө философиялык ой жүгүрткөн, дос-тааныштары көп адамсыз. Гезит-журналдарды, китептерди көп окуйсуз, акыл-кампаңыз кенен. Бирок ишти аягына чейин жакшылап ойлонбостон, терең акыл калчабастан эле баштай бересиз. Бул сизди кээде жаңылып калууга алып келет. Сиздеги чоң кемчилик - акчаны ыгы жок ашыкча корото берүү, сарамжалдуулуктун жоктугу. Бирок сизди да түшүнүүгө болот, себеби, акча коротуудан чоң ырахат аласыз. Той-тамашаларга, отуруш-кечелерге көп барганды жактыргандардансыз. Дайыма элдин көңүл борборунда болбосоңуз, ар кимден комплимент угуп турбасаңыз, өзүңүздү бир жери кем адамдай сезесиз. Кээде өзүмчүл да болуп кетесиз.

★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#28 24 April 2012 - 23:58
Күндө чай ичип жатып, анын канчалык пайдалуу экенин деле байкабаган чыгарбыз.
Белгилүү орус жазуучусу Лев Толстой: "Мен чайды көп ичишим керек, антпесем иштей албай калам",-деген экен.
6XVIII кылымда жашап өткөн аты-жөнү сакталбай калган тажик табыптын "Махзан-аль- Адвия" ("Дарылардын казынасы" ) деген китебинде: "Чай күчтү чыңдап, сергитет жана көңүлдү көтөрөт. Адамдардын ден соолугун, өзгөчө, ашказанды түрдүү оорулардан сактайт", -деп жазылат. Ал эми байыркы кытайлар чайды "жашоонун оту" деп аташкан. ХVII кылымда япон императорун караган врач чай жөнүндө күндөлүгүнө "Чай ичүү канды жана көздүн былжырлуу кабыкчасын тазалайт. Уйкусуроону качырып, булчуңдарды чыңдап, көк боор менен боордун иштешин жакшыртат" деген билдирүү таштап кеткен. Биринчиден, чай адамдын суусунун кандырат. Андыктан, ал саякатчы, геолог жана деңизде жүргөн адамдардын айрылышпас досу. Көптөгөн аскер бөлүктөрүндө чай "сөзсүз болчу азык-түлүктүн" тизмесине кирген. Бардык чайдын курамында 130га жакын зат бар. Алар орточо эсеп менен 10 топту түзүп, ошого карата анын сорту жана сапаты түзүлөт.
ЧАЙ КИМГЕ ПАЙДАЛУУ?
Чайдын кара, күрөң түстөгү түрүнүн - танин деген заты бар. Кургак түрүндө анын көлөмү 16 пайызга чейин жетет. Андан сырткары, кара чайдын курамын катехин заты да түзөт. Ал атеросклерозду дарылоодо жакшы жардам берет, о.э. жүрөгү оорукчандардын кан тамырларын кеңейтүүгө көмөк көрсөтөт. Кан басымы жогору жана башы ооругандарга да кара чайды көбүрөөк ичүү сунушталат. Медицинада айрыкча, боорду жана дем алуучу органдарды дарылоодо анын сырдуу касиеттери бар экени тастыкталган. "Эмнеге чыгыш эли жаш көрүнөт" деген суроону өзүңүзгө берип жүргөн чыгарсыз. Анткени, алар бул суусундукту туура ичүү эреже салтын илгертен сактап келет. Мисалы, чайдын В2 витамини терини ийкемдүү, жылмакай жана сулуу болгонго жардам берет. Ошондой эле, анда фтор аябай көп, ал тишти курттан сактайт. Бирок, ага шекерди кошпогондо гана натыйжасын байкаса болот.
"БИР ЧЫНЫ ЫРАХАТ, ЭКИ ЧЫНЫ СУУСУНУҢДУ КАНДЫРАТ, ҮЧ ЧЫНЫ ЧАЙДЫ АКМАКТАР ИЧЕТ"
Бул сөздү кытай даанышманы айткан экен. Байыртан эле чай адамдын нерв системасына таасир берери белгилүү. Чайды ичкенибизде, мээбизге көп кычкылтек барып, дем алуубуз жакшырат. Ал организмден уулуу заттарды да чыгарганга жардам берет. Бирок, бул бардык оң жактарын көрөм десеңиз, сизге чайдын ылайыктуу сорту жана талапка ылайык демдөө эрежелерин билишиңиз шарт (буга эмки сандарда токтолобуз). Эске тутуңуз, коюу чайды жатар алдында ичсеңиз, уйкуңуз качат. Ал эми жөнөкөй чайдан 10 эсе өтө коюу демдеп, аны ичсеңиз, дароо катуу уйкуга батасыз. Бирок, айрымдары чифирди (чайды сууга кошуп, кыпкызыл болгуча көпкө кайнатуу) ден-соолукка пайдалуу деп ойлошот, тилекке каршы, дарыгерлердин айтымында, бул туура эмес. Тескерисинче, ден-соолугуңузга чифир көбүрөөк зыян алып келет. Себеби, чай канчалык коюу болсо, ошончолук кан басымды жогорулатып, жүрөктүн согушу ылдамдайт.
БИЛЧҮ БЕЛЕҢИЗ…
Чай бадалдарынын бою түндүктө кичинекей, ал эми экваторго жакындаган сайын чоңураак болот.
Совет окумуштуусу Жемукадзе тарабынан чайлардын ичинен эң мыктысы делип, Кытайдагы жапайы өскөн чай бадалдарынын жалбырактарын атаган. Окумуштуу аны биохимиялык анализ менен тастыктап чыккан.
Чайдан алынган теин заты медицинада көп кан жоготкон адамдарга колдонулат. Ошондой эле, чайдын экстракттары оорутпай турган морфийдин ордуна да пайдаланыла берет.
Чайды хнага кошуп, чачты жууса, какачтын алдын алат. Ошондой эле, чачтын тамырын бекемдейт.
Кытай жана Бирмада атайын чайды сарымсак менен аралаштырып, приправа катарында тамакка кошот.
Балыктын жыты байкалбасын десеңиз, чай куюлган идишке сала туруңуз. Бир гана жыттан арылбай, балыктын этин чайдын жыты менен даамдуу кылат.
Чайдын демделгенден кийинкисин төгүп жибербей, күзгүнү аарчысаңыз, ал жаркырап калат.

#29 27 April 2012 - 08:49
Эч кандай айырмасын билбейм . Болушунча баасы кымбатырагын алсан ошол жакшы болсо керек . Андайлардын жыты да буркурайт го тим эле .
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#30 27 April 2012 - 13:11
Лимондуу чай адамдын кучун тезирээк калыбына келтирет жана суусунду кандырат***Ичилип буткон чайдын чамасын жыйнап кургатып,кирдеген кыска туктуу килем-паластарды тазалоого болот,аны нымдап килем бетине чачат да,тугуно каршы тарапка катуу шыпыргы менен шыпырат.***Чайдан майлуу бет учун лосьон даярдоого болот,демделген чайга минер.суудан кошуп,бирнече тамчы лимон манызынан тамызат да,эртен менен,кечинде суртуп турат.
#31 27 April 2012 - 13:18
Чайдын тутумунда кофеин,теобромин,
теофиллин ондуу заттар акыл-эмгекке он таасир тийгизип мээнин кантамырларын кенейтип, чарчоону азайтып баш ооруну басат.В1,В1,каротин (провитамин А,РР) витаминдери бар жана аминокислоталар углевод,орган.
кислота,пектин заттары,эфир майы,макро жана микроэлементтер (магний,марганец,
натрий,кальций,
фтор,йод,жез ал тургай алтын да бар).
#32 27 April 2012 - 13:22
Демдоо учун фарфор,фаянс чайнектери ынгайлуу,темир чайнектер чайдым даамын бузат.
#33 02 May 2012 - 17:07
Чай ичкенди жакшы көргөндөр үчүн:

Кайсынысы көбүрөөк пайдалуу:кара чайбы же көк чайбы?
Бир күндө канча жолу ичүү керек?
Кара чайды өтө кызыл кылбай, бир күндө 4-5 чыныдан ашык ичпеңиз. Ошондо ал ден соолугуңуз үчүн абдан пайдалуу. Андан ашса зыян. Себеби, чайдын кайсы сорту болбосун (алтургай көк чайда да), курамында көп өлчөмдөгү кофеин болот. Кофеинди көп кабыл алуу бир канча ооруларды пайда кылат. А эгер өтө кызыл кылып ичмейинче туралбасаңыз, бир күндө 2-3 гана чыны ичүү зарыл.
Ал эми көк чай ичүүнү бир күндө 4 чыныдан ашырбаңыз. Өлчөмүнөн көп ичүү пайдалуулугун жок кылат. Ошондой эле ашказан, он эки эли ичегиде жарасы барларга, жүрөк оорусу менен ооругандарга көк чай ичүүгө тыюу салынат!
Туура демдөө
Көпкө туруп калган кара чайды ичүүгө болбойт. Аны ар бир чай ичээрдин алдында ичкенге жеткидей аз өлчөмдө демдеңиз. Себеби, жаңы демделген кара чай 20 мүнөттөн кийин организмди ууландыруучу азыкка айлана баштайт.
Тамак менен ичпеңиз
Изилдөөлөргө таянсак, чайды тамак менен аралаштырбай өзүнчө ичүү зарыл. Антпесе тамактын сиңиши оорлойт. Ичкен-жегениңиз бир канча саатка чейин ашказаныңыздын капталына жабышып, топтолуп тура берет. Андыктан, тамактанууга 15 мүнөт калганда же тамактанып бүткөн соң 30 мүнөттөн кийин чай ичсеңиз туура болот.
Булардан тышкары...
Кара чай менен көк чайды төмөнкү максатта да колдонууга болот:
Терини жылмакай кылып, бырышты жазат. 20 г ун, жумуртканын сарысы, күчтүү демделген көк чайды аралаштырып бетиңизге, моюнуңузга текши сүйкөйсүз. 20 мүнөттөн кийин жууп саласыз.
Көздүн кызарганын таратат. Эгерде чарчоодон улам көздөрүңүз кызарып кетсе, кара чай жардамга келет. Ал үчүн 1 чай кашык кургак чайды 50 г кайнак сууга демдеп, 30 мүнөт тыныктырып коёсуз. Эми тундуруп, тунмасына марлини малып, аны кызарган көзгө 1-2 мүнөт басасыз. Андан кийин дагы бир жолу малып, кайталап басыңыз. Кааласаңыз марли колдонбостон, демделген кичинекей пакеттеги чайды деле көзүңүзгө бассаңыз болот.
Күнгө күйүүгө убактыңыз болбосо... Тилекке каршы, Көлгө барууга убактыңыз же шартыңыз болбой калды. Бирок денеңиздин күнгө күйүшүн каалап жатасыз дейли. Андай учурда кара чайды кайнак сууга 2-3 мүнөт кайнатып, муздаган соң аны менен бир канча күн эртең менен жана кечинде жуунуп турасыз.
Бырыштын алдын-алат. Кара чайды өтө кызыл кылбай демдеп, ага таза марлини салып суулаңыз да, бетиңизге 15-20 мүнөт жабыңыз. Муну аптада 2 жолу кайталоо керек. Баш-аягы 10-20 процедура кылсаңыз, натыйжасы байкалат.
Пакеттеги чай тишти талкалайт
Чай жасап чыгаруу процессинде чай жалбырактарын ысытып куурушат. Ал эми күйүп кеткендери, эң майда үбөлөнгөндөрү, чаңы калып калат. Дал ошол чаңын, калдыгын бекер таштабастан, чай өндүрүшүндө иштегендер пакеттеги чайларды чыгарышат. Анда эч кандай пайдалуу заттар жок жана демдегенде түсү сиз каалагандай жагымдуу түстө болбойт. Ушундан улам аларга боёктор жана жыт аңкыткычтар кошулат. Изилдөөлөргө караганда, чайдын бардык сортторунун арасынан пакеттеги чайлар (кара чай да, көк чай да) эң зыяндуу болуп эсептелет. Анын курамында фтор өтө эле көп. Демек, күндө пакеттеги чайды иче берсеңиз, организмиңиздеги фтор тез эле нормасынан ашып кетип, атүгүл ал сиз үчүн ууга айланат. Натыйжада, флюороз оорусуна чалдыгасыз. "Эгерде организмде фтор жетиштүү болсо, сөөк, тиш сапаттуу, бышык болот. Нормадан ашып кетсе, тескерисинче, тишиңиз саргарып, анда таш пайда болот жана сөөктөрүңүз өзүнөн-өзү сына баштайт. Мындан тышкары, бооруңуз да жабыркайт. Бирок эмне үчүн пакеттеги чайларда фтор көп болору азырынча илимде белгисиз.

#37 24 May 2012 - 04:30
Чайдын кыргызча аталышы кандай?
Чaйдын кыргызчaсы дa чaй,aйылдa шaaрдa бaaрдык жерде чaй деп aйтылaт.
все что ни делается все к лучшему :(
#38 24 May 2012 - 04:51
Чайкорлор чогулушунда,
ким кандай чай ичкендердин мүнөзү тууралуу интернет булактарынан тапканымды бөлүшө кетейин анда:

Сиздин жакшы көрүп ичкен чайыңыз...
Карандай, өтө кызыл эмес, таттуу
Токтоо, анан да өтө ишенимдүүсүз. Сизге эч коркпостон ички сырды айтса болот, анткени, ичиңизге сыр сактай билесиз, аны сыртка чыгарбайсыз. Ызы-чууну жактыра бербегендиктен, үйдө отуруп тынч эс алууну сүйөсүз. Дал ушул себептен улам той-тамашаларга көп баргыңыз келбейт. Натыйжада, дос-тааныштарыңыз да аз. Интуицияңыз абдан күчтүү. Сезимге туруктуусуз. Андыктан, жылуу сезимдериңизди ар кимге эмес, эң жакын, эң кымбат адамдарыңызга арноо үчүн гана сактайсыз. Аябай аракетчилдигиңиз, эмгекчилдигиңиз сизди далай ийгиликтерге жеткирет.

Сиздин жакшы көрүп ичкен чайыңыз...
Карандай, өтө кызыл эмес, таттуу
Токтоо, анан да өтө ишенимдүүсүз. Сизге эч коркпостон ички сырды айтса болот, анткени, ичиңизге сыр сактай билесиз, аны сыртка чыгарбайсыз. Ызы-чууну жактыра бербегендиктен, үйдө отуруп тынч эс алууну сүйөсүз. Дал ушул себептен улам той-тамашаларга көп баргыңыз келбейт. Натыйжада, дос-тааныштарыңыз да аз. Интуицияңыз абдан күчтүү. Сезимге туруктуусуз. Андыктан, жылуу сезимдериңизди ар кимге эмес, эң жакын, эң кымбат адамдарыңызга арноо үчүн гана сактайсыз. Аябай аракетчилдигиңиз, эмгекчилдигиңиз сизди далай ийгиликтерге жеткирет.
Эн туура айтылыптыр.
Айдашка азаматсын да озу,зерикпей жазганына рахмат.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#39 24 May 2012 - 04:57
Мен озу анча кызыл эмес таттуу чай ичем. Чайларды тандабайм,очокто кайнап,демделген чайды жакшы кором,очоктун чайы баары бир башкача да,ыш жыттанып турат,....эээххх сагындым айылдын ыш жыттанган чайын.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#40 24 May 2012 - 12:22
Мен кыпкызыл кылып иче албайм чайды, бирок ыпысык анча кызыл эмес чайды жакшы көрөм.
Ак сөз, асыл ой, адал иш.

Супер-Инфо
super.kg
видео