Келиндин жугунгону-сыйбы же ............. ?
#61 20 May 2012 - 19:41
Жаны келин болуп барганда жугунуп уйго кируу, кайындарга жугунуу бул салт. Мен деле жаны келин болуп барганда, кайненем бул паланча болот жугун, бул тукунчо болот жугун десе, жугунуп, сый корсоткон элем. Кайнатаман 3 кун качтым. Анан учунчу кун дегенде, кухнядан чуркап чыгып келе жатып, кайнатамы сузуп алганмын. Ой деп эле, буйдалактап эмне кылаарымды билбей калсам эле, нары жактан кайненем сезгендей чыга калып, "Жугунуп кой балам" бул кайнатан болот" дегенде, ана жугунушпу, Кудай жалгасын дей берип, кайнатамын создору тугуноп калган.
Балам бактым-балам базарым!
#62 25 May 2012 - 13:47
Жугунуу-
бироолорго чоголоп беруу эмес,аял затынын улууларды ызаттоосу.Салам айтуунун эн бир илберинки мамилеси.Муну атам замандан бери элибиз колдонуп келген,колукту,
кайын журтунун босогосун аттаары менен,эшик-торду коруусу,ага таазим этуусу..Жугунуп учурашуу,албетте,
сый-урмат корсотуунун бийик белгиси...
Адамга адам кымбат болуш керек....
#63 25 May 2012 - 14:53
lira кечиресиз сиз озунуз кундо эрте менен жугунуп турасызбы? же келин боло элексизби?
#64 25 May 2012 - 15:05
lira кечиресиз сиз озунуз кундо эрте менен жугунуп турасызбы? же келин боло элексизби?
Келин боло элекмин,буюрса, аракет кылмакмын... ..
Адамга адам кымбат болуш керек....
#65 25 May 2012 - 15:21
мен жогоруда айтылгандардын копчулугуно кошулам, жаны келин болуп башка уйдун эшигин аттап киргенде жугунгон туура кайын журтка болгон урмат сый, бирок кундо эрте менен туруп жугунуш керек дегенди элестете да албайм.
#66 25 May 2012 - 15:29
мен жогоруда айтылгандардын копчулугуно кошулам, жаны келин болуп башка уйдун эшигин аттап киргенде жугунгон туура кайын журтка болгон урмат сый, бирок кундо эрте менен туруп жугунуш керек дегенди элестете да албайм.
Мен,кундо эрте менен туруп,жугунуш керек дегендей болбодум окшойт....дагы бир ирет,конул коюп окуп корунузчу... .
Адамга адам кымбат болуш керек....
#67 01 June 2012 - 07:00
'7777777EL' 04 Март 2012 - 15:11' Сольнушка эжебиздин ойуна кошулам жаны келин болуп келгенден кийин жугунуш керек ошол жетишет деп ойлойм.Ошто чындыгында ошондой.
Ош менен орустун салты окшош го, орустарда свадьбада низкий поклон деп жугунушот,анан болду жок. Колдо жугунгонду унутуп же байкабай калса,эртеси кайынэнесине соз жетет,келининди тарбиялайбай калгансынгоо деп. Мына сага ошондо кайынэненин каарына калган келиндин абалы,омур бою жугунгонду унутпайт.
Ош менен орустун салты окшош го, орустарда свадьбада низкий поклон деп жугунушот,анан болду жок. Колдо жугунгонду унутуп же байкабай калса,эртеси кайынэнесине соз жетет,келининди тарбиялайбай калгансынгоо деп. Мына сага ошондо кайынэненин каарына калган келиндин абалы,омур бою жугунгонду унутпайт.
#68 26 August 2012 - 12:36
Жугунуу бул келиндин зыйнаты адеби деп ойлойм. Куш уясында коргонун кылат: деген соз бар элибизде. Ошол келин тушкон жерине жугунуп сый корсотуу, кайындарына кичи пейилдик менен мамиле кылуусу бул торкундон алган тарбиясы. Жугунуу бул адеп ахлактын бир корунушу деп ойлойм.
#69 11 September 2012 - 13:11
Баткендик курбу кызым турмушка чыгып уйлонуу тоюн кафелердин биринде өткөрүштү. 200дон ашуун киши келген. Той бүткөнчө жок дегенде 50-60 киши сүйлөдү. Таң калганым ар бир сөз сүйлөөгө чыккан жек-жаатына курбум 3 жолу жугунупатты.
Ошол куну 150 дөн ашык ирет жугунгөн. Эртеси "белин оорубай элеби?" деп сураганга ал келбей калыптыр. Бирок алар тойдун эртесинен баштап эч кимге жугунушпойт экен, курбумдун айтуусуна караганда. Кээ бир аймактарда болсо кемпир болгончо улууларга жугуно беришет. Жугунгөн сайын улуулар бата тилеп турушат, биринин болсосо биринин батасы тиет. Менин оюмча бата алып коюштун зыянчылыгы деле жок. Анан өзуңө кыймыл болуп заряддалып турасын да.))))
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#70 14 September 2012 - 15:20
Сый дешет да негизи бирок кудайдан башкага жугунбош керек деген созду деле кооп айтышса болмок твдан. Айылда жашагандарга не завидую кете берет жугуно берет, тажашат эй.
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#71 16 September 2012 - 00:58
Жугунуу бул келиндин кайын журтуна болгон урматы!а Аллахка жугунуу бул жугунуу эмес,сажда кылуу...келиндин ниетине жараша болот! Эч кандай жаман жагы жок
#72 24 September 2012 - 15:49
Менин женем ата-энеме эртен менен жугунот, ал учурашканы.
Кээде 3-4 жолу жугунуп деле коет
Балам менин жашоомдогу эн чон-БАКЫТЫМ.
.
#73 25 November 2012 - 05:10
Салтыбызда шариятка каршы келген жөрөлгөлөр көп.Ал эми бул жерде жүгүнүү сыйынуу ниетинде эмес,кайын журтка болгон сый-урмат иретинде милдетин аткарып жатат.Бир жолу жүгүнүп коюш жетиштүү,ниеткеда байланыштуу болот.Мухаммад(с.
а.в)дын күйөө баласы Али(р.а) аялы Фатима(р.а)дан капа болуп калганда, аялы тавап(айланып)кыла баштаганда,
пайгамбарыбыз(с.
а.в) айтат:"Эгер Аллахтан башкага сажда кылганга уруксат бергенде,аялдарды күйөөлөрүнө сажда кылганга буюрат элем."деген хадиси бар.
Биздин келиндер да ашык 90° жүгүнүп салышат,албетте бул болбойт.30-40° ийилсе болот да
Биздин келиндер да ашык 90° жүгүнүп салышат,албетте бул болбойт.30-40° ийилсе болот да
#74 28 November 2012 - 17:11
сый, урмат дейбиз , бирок куранда жазылыптыр го кудайдан башка кишиге жугунбош керек кудай улук деп. негизи жугунгон жага бербейт мага, особбенно кочодо баратканда.
Жоодурап сага карар бир адам бар
Жалбарып журогунду сураган бар
Жамалын жашка толуп турса дагы
Дуйнодо сени суйгон бир адам бар!
Жалбарып журогунду сураган бар
Жамалын жашка толуп турса дагы
Дуйнодо сени суйгон бир адам бар!
#75 05 December 2012 - 15:00
Мен Колдун кызымын жана келинимин, бирок жолдошум экообуз Чуйдо жашайбыз. Кайната-кайненемдер конокко келгенде, жугунсом, кошуналарым шылдындап кулушот. Жугунгонум-
учурашканым десем, "тонкоюп"
( соз учун кечирим сурайм) учурашасынбы деп мазакташат.
Аларга жугунуу-келиндин ыймандуулугун,
улууну сыйлай билгенин корсотот, кайнатасына мандайынан чыгып, тасталандап "жаксынарбы"
дебей десем да тушунушпойт,
озунор кантип учурашасынар десем, кадимкидей эле саламдашып,
кайнаталарыбыз чекебизден обот дешет. Алардын жоругу-жолдо калсын дейм. Кыргызда качан эле кайната келип, келинин опчу эле,келин кайнатасы же кайнагасы болсун, алдынан чыгып, мандай-тескей жолукпаганга аракет кылып дасторкон устундо отурганда да бет мандайына отурбайт эмеспи. Негизи, мен келин болуп барган айылда гана мындай нерсе азыркыга чейин сакталган, ал эмес, улуу апаларыбыз жугунот. Билбейм, мага жагат, кыздарыма да, кийин келиндериме да ошону уйротом, бул эски салттын калдыгы же адамды басмырлоо эмес да, силер кандай ойлойсунар?
Жашоону оорлоштурган каада-салттарды тутунбай эле койгон жакшы. Бирок бир нерсени эске салсам, мага оор көрүнгөн салт, башкага жеңил көрүнүшү мүмкүн. Мындай учурда ар кимдин тандоо укугу бар дээр элем.
Эгер сага жүгүнгөн жакса жүгүнө бер кимге болсо да, а жакпаса жүгүнүп эмне. Андан көрө аддуши сыйлап алардын көөнүн алган туура го.
Өзүң бол
#76 05 December 2012 - 15:24
Мага да ушу кее бир урп адат салт дагы бирдемелер жакбайт.Ото эле ашыкчада.Келин кунуно 1000ирет жугунсун бирок ичинде ит олгон болсо жугунмок тургай бутунан опсо да баары бир пул.Айрыкча тойдо адамды маскара кылгансып жугун энкей колуну кокуроко койуп жугун олуп калбайсын деген создор отуп кетет да.Мен уйлонсом кечирип койсун жизнь жугунбой алган жарымда жугунбойт.Жэ жугунуу менен жашоон жыргап укмуш озгорулсо анда соз башка болмок.Жугунтуп анан бата берем десенер кете бергиле батанарга рахмат деш керек.Бата бергиси келген адам мандайында турса да берет мандайында турбаса да берсе болот
ОЗУМДУ ОЗУМ СУЙОМ
ДЕМЕК СЕНИ ДА СУЙО АЛАМ
ДЕМЕК СЕНИ ДА СУЙО АЛАМ
#77 07 December 2012 - 15:45
Kelindin jugungonu bul KYRGYZ elinde ilgerteden ele kele jatkan salt demek4imin. Jugunup koiso e4 nerse bolboit,bul ata enesine korsotkon urmat syiy.
Ozundun sozun ozuno dushman bolup kelet.
#78 08 December 2012 - 18:37
келиндин жугунгону физарядка,.
Тема боюнча айтсам, мага жугунгон жакпайт.
Тема боюнча айтсам, мага жугунгон жакпайт.
Журоктор ыйманга толсун.
#79 08 December 2012 - 21:03
сый, урмат дейбиз , бирок куранда жазылыптыр го кудайдан башка кишиге жугунбош керек кудай улук деп. негизи жугунгон жага бербейт мага, особбенно кочодо баратканда.
Бул жерде ниетине каралып жататпайбы, сен аларды кудай тутуп жүгүнбөй жатасында туурабы?Аллахка шек келтирбегенди гана кечирбейт.Ашыкча жүгүнө бергендерге мен да каршымын.Өзүнүн орду менен аткарсын.
#80 09 December 2012 - 04:02
Мен андай нерселерди биле бербейт экем,бирок келиндик милдети колуман келишинче жасашка аракет кылам.

Супер-Инфо
super.kg
видео




















